Салижан
I
Жыйындарда трибунага тура калып,
бакылдап радиодон,
экрандан, китептин барагынан,
гезиттин оромунан чыга калып,
кызылдай отко айланып,
кыпкызыл чокко айланып,
тоң моюн кыргызымды көргөнүндө
топону тоско айланып,
жакшыны жалындатып,
жаманды тороймун деп
кыйшайган кыргызымды
кыйшайтпай оңоймун деп,
бакырып барга айланып,
баш чайкап жокко айланып,
өмүрүн өз элине сайып коюп,
өзү үчүн өмүр сааты бошко айланып,
өңгөгө бапыраңдап
өзүнө сараң эле,
кыргыздын бактысына жаралган бир
кыйышпас агам эле.
Өчөйгөн кыргыз көрсө
өрттөнүп, күйүп дагы,
муңканып муңун айтып,
муштумун түйүп дагы,
үлпүлдөп жаткандардын
үй ичин үч көтөрүп,
тырайып жаткандарды
«тургун!» деп түп көтөрүп,
өңгөнү козгоп, коштоп
тим болалбай,
түнүнөн күн жасайм деп
түн болалбай,
өзү да төө көтөргүс жүк көтөрүп,
өңгөнүн көтөрө албас өңүн көрүп,
өңгө үчүн,
өзү үчүн да бүт көтөрүп,
өчөйгөн кыргызымды өөдө жөлөп,
өз жанын тарталбайт деп тилдеп турган,
өр таяп тырмалаңдап сүйрөп турган,
каны бир кайран агам,
жаны бир жандос агам жалындаган,
шор күтүп шордуу башка арылбаган,
кокуйду козголтпостон коого жыгып,
бузукту буйтатпастан бурдап турган,
оңойм деп ойго түшүп,
тоого чыгып,
оңолбос кыргызымды оңду-солду
ойрону чыкканчакты сындап турган.
«Жылт» эткен жылыш көрсө кыргызыман,
жини сууп,
жаны көлкүп жыргап турган,
купшуңдап күлкү төгүп чакалаган,
куудул жан эле Сакем ха-халаган.
Шаң эле, шайыр эле, өткүр эле,
айтылуу аңыз кеби
«…дептир…» эле,
жакшыга чымын-куюн чимирилип,
жаманга токтоп калган мезгил эле.
Тор эле тосуп салаар киргилиңди,
шер эле колдоп кетээр дилгириңди,
шумкар эле шуулдап көккө чыккан,
тулпар эле дуулдап жерде сызган,
арыбас акын эле,
тартынбас батыл эле,
талантты талдап уккан,
эстүүнү эргип уккан,
элде жок асыл эле.
Жетимиш жыл
мөмөсүн төгүп турган,
жетимиш жыл
жалбырагы саргайбаган жашыл эле,
ченде жок чалкар эле,
бою пас, ою бийик
ой-тооңду бир аттаган залкар эле.
Учуп келип Москвадан,
Стамбулдан,
Кашкардан,
өңгө элдин өскөнүнөн үлгү айтып,
калың элге калем менен чаң салган,
өспөгөн жагыбызга өкүт кылып,
өнөкөт жалкообузга тырчыр эле,
бузулган заманыңды кокуйлаткан
буура сан булчуң эле,
чын тийбес заманыңды чычалаткан,
чекеге чыккан чыйкан – чынчыл эле.
Карабай агыңарга, караңарга
акылы ашып турчу,
таланты ташып турчу араңарда
булбул эле,
дулдул эле,
ченелүү өмүрүндө чексиз ишти
чийнедей сүйрөп алган кургур эле.
Досун да, душманын да
теске салаар,
добулбас уруп турган добуш эле,
жалпынын иши десе күйүп-жанаар
жакынга жан тартпаган орус эле.
Өмүрдө өмүр күтпөй өчөңдөгөн
өткөөлсүз тоскоолдордон өтөм деген,
түбү бек түгөнбөгөн түрк эле го,
чеги бек чегинбеген чечен эле.
Каршысын кашайгыдай «каңк!» муштаган,
каары күч кас-душманга катаал эле,
айланып асманыңда алп куштардай
алчусун алып жыккан татар эле.
Карасын карап туруп киргил тартып,
тазасын таамай тиктеп тунган эле,
мээнетсиз миң күнүнөн бир күнү артык
мээнеткеч бел чечпеген дуңган эле.
Жаңычыл, жаак бербес «тапчыл» эле,
еврей, казак, немис, башкыр эле,
дүрбөгөн дөңбаштарга кошулбаган
акылдуу адам сүйгөн азчыл эле!
Жымыңдап көктө жанган жылдыз эле,
туура ишти беттеп алса бургус эле,
жибиген күндөрүндө дуулдатып
жылкы айдап келаткандай кыргыз эле.
Багы жок кыргызыма бараан эле,
бакылдап сүйлөп турган караан эле,
бүт дүйнөнүн улутун бойго тарткан
башы бүтүн бир залкар Адам эле.
II
Адам эле бир залкар тим жатпаган,
айласыз азгырыкка үн катпаган,
чырымтал чындык үчүн отко түшүп,
кылайган кыйшык үчүн чыр баштаган.
Тетирге телинбеген торук эле,
тетирди темселеткен жорук эле,
кыргызым өзүң менен кемтиги жок,
кыргызым өзүң менен толук эле.
Эх, чиркин, өтөт экен өрттөй курак,
эх, чиркин, өтөт экен чөптөй сулап,
өткөндүн баарын кайрыш мүмкүн эмес,
эх, арман! Салижаным жетпей турат!
Чыдабас ишти көрсө чырдап тураар,
ынабас ишти көрсө ыйлап тураар,
ылайык ишти көрсө ырдап тураар,
кыйшаңын көрсө күйүп күчөп тураар,
кылыгын көрсө күйбөй түтөп тураар
кыргыз жок бир өзүңдөй батыл, баатыр,
мейли алгын майдасыбы же бир чоңун,
бардыгы жер караган кокуй момун,
кургуйга баратса да кайран кыргыз
аларга баары жакшы, баары сонун.
Сөз кылсам бүгүн мына көз көргөнүн,
кыргыздар артын көздөй өзгөргөнүн,
он жылда макоолорду көбөйтүшүп,
он жылда акылдуулар бөксөргөнүн.
Кыргыздар баштагыдан ылдыйлаган,
кыргыздан коңшу элдер кул жыйнаган,
кыргызың кырсык чыгып кыргызыңа
кыргызың кыргыз сатып пул жыйнаган.
Көбөйдү пайдасы жок сараң байлар,
көбөйдү айласы жок алсыз кулдар,
жаман деп жүрсөң өзүң жашаган кез,
ал кезиң азыркыдан экен жыргал.
Жолун таап же бир күзүң, же бир кышың,
капыстан келээр деген үмүт узун,
кыргыздын астын-үстүн, ичи-тышын
ошондо карап чыгып «дүрт!» этмексиң,
билимсиз кыргыздарды көргөн үчүн
бир күн да мында турбай мүрт кетмексиң.
…Жыйындарда трибунага тура калып,
бакылдап радиодон, экрандан,
китептин барагынан,
гезиттин оромунан чыга калып,
кайран Сакем кирген суудай күпүлдөгөн,
ой айтып кыргызыма күтүлбөгөн,
мээге чаап туруучу эле кайран Сакем
мээси жок маңыроону түшүнбөгөн.
Кыргыздын келээр кези келбей турат,
кыргыздын өтөөр кези өтпөй турат,
көзүн жуумп алгандарды көзгө саяр,
кыргызга көздүү Сакем жетпей турат!
Кыргызга намыс Сакем жетпей турат!
Кыргызга калыс Сакем жетпей турат!
Кыргызга чалкар Сакем жетпей турат!
Кыргызга залкар Сакем жетпей турат!
Эх, арман, Сакеси жок кыргыз азыр
эх, арман, кыргыз азыр өспөй турат!
КАПАРОВ Нуралы – 1957-жылы Кемин районундагы Теңирменти айылында туулган. 1980-жылы КМУнун журналистика факультетин бүткөн. «Ленинчил жаш » жаштар газетасында, «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер болуп иштеген. Учурда «Кыргызстан маданиятынын» башкы редактору.Үч ырлар жыйнагынын, бир нече аңгеме, очерктердин автору.