КӨК ТЕҢИР
УЛУУ КӨК ТЕҢИРГЕ БАГЫШТАЛГАН УҢГУ-ДУВА
Улуу Көк Теңир Уңгу дувасы:
– Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир! Асман менен Жерди, агын суу менен көлдү, айбанаттар менен элди жараткан бир өзүңсүң!
Баарыга өмүр берген, бүгүнүбүз менен эртеңибизге кам көргөн да бир өзүңсүң.
Жарыктыкта жашоо берер Күн жараткан, түнкү көккө
Ай-Жылдыздарды чыгарып Түн жараткан да бир өзүңсүң.
Баарыбыздын дем аларыбызга аба, ичерибизге суу, тамак-аш насип кылган да бир өзүңсүң.
Пейилибизди түзөп ак жолго салган, жаманчылыктан коргоп сактап калган да бир өзүңсүң.
Баарыдан ыйык да, баарыдан бийик да, баарыдан улук да бир өзүңсүң.
Кудурети күчтүү улуу Көк Теңир улуулардын улуусу, бүткүл Аалам ээси, кыбыр эткен жан-жаныбарларга жан салган да өзү, тилегендин тилегин берген, каалаганын кабыл кылган, бол дегенин болтурган, ойлогонун орундаткан да бир Теңиримдин өзү.
Бардык нерсени жуп кылган, башыбызды кошуп Журт кылган да Теңиримдин өзү.
О, Көк Теңир, турсак оюбузда, жүрсөк жолубузда, жатсак жаныбызда биргесиң. Жабышкан жалаадан, көрүнбөс балаадан сакта!
Элге ырыскы, жерге түшүм, төлгө береке бер.
Элибизге ынтымак, Журтубузга тынчтык, мамлекетибизге күч-кубат бер.
Ушунда кол жайып турушкан пенделериңе узак өмүр, чың ден соолук, үй-бүлөлүк ынтымак, бакыт-таалай, иштеринде ийгилик бер! Ойлогон ойлоруна, тилеген тилектерине жеткире көр.
Пейилдерине кенендик, көңүлдөрүнө топук бер.
Билбей жасаган күнөөлөрү болсо кечир.
Элибиз аман, эл ичинде биз аман бололук!
О-омийин!
Түшүндүрмө: Улуу Көк Теңирге багышталган Уңгу дува эл чогулуп бата кылчу бардык жайларда айтыла турган негизги дува, ал биротоло өзгөрбөс, калыпка салынган катып калган өлүк дува эмес, кары менен жаштын, улуу менен кичүүнүн, эркек менен аялдын, бала менен кыздын ар кимисинин өз жөндөмүнө, тилегине, алган тарбия-таалимине, дува кылынчу шартка жараша узартылып же кыскартылып, кошумчаланып, жаңыланып айтыла бере турган жандуу дува .
Күндүн кайсы мезгилинде, кай тарапта болсо да: мейли күндүз, мейли-түндө; кайсыл жайда болсо да: мейли үйдө, мейли жолдо, мейли тоодо, мейли түздө Көк Теңирдин ар бир пендеси жүрөгүндө кыттай сактап жүргөн тилегин, аманатын ак тилектен Көк Теңирге багыштап дува кыла берсе, пейли таза пенденин тилеги кабыл болот… Көк Теңир тилегендин тилегин берет… Куранда да: «Аллах чыгыштын да, батыштын да ээси. Кай жакты карасаң Аллахтын жүзү ошол жакта. Чындыгында баарын камтыган, баарын билген Аллах» – деп айтылат эмеспи.
Эскертме: Көк Теңирге багышталган Уңгу дувага, дегеле бардык намаз дуваларга да, дайыма бирдей айтылчу обондуу ыргак керектелбейт. Ар ким өз жөндөмүнө, шартка ылайык үйдө же жолдо, тоодо же түздө жүргөндө үн чыгарып, болбосо ичинен кайталап айта берсе Көк Теңир угат, туят. Сөзсүз мындай обон, тигиндей шартта, бир үйдүн ичинде же чогулуп алып же мындай-тигиндей кийим кийип айтуу керек деген ченем жок. (Эл чогулуп Көк Теңирге кайрылып элдин жалпы дува кылуу шарты–Той, Түлөө же Курултай өткөргөн учурларда гана болгон, андай жерде Уңгу батаны элге-журтка таанымал, сөзгө чебер эл аксакалы берген, алар туурасында 8-бөлүмдө айтылат.) Жаратылышты ээрчип жашаган көчмөн эл үчүн андай зарылчылык болгон эмес. Анын үстүнө Көк Теңирдин (Жараткандын) жайы бүтүндөй Аалам, Көк Теңирди кандайдыр бир имараттын же үйдүн ичине батырууга болбойт. Биздин ата-бабалар Көк Теңирин атайын тигилген кийим же адам колу менен тургузулган жайдын (чиркөө, мечиттер же башка курулуштардын) ичинде эмес–жүрөктөрүндө, дилдеринде, пейилдеринде сакташкан. Жүрөктөн өткөн бекем жай жок!..
Тилегиңерди Көк Теңирим кабыл кылсын Жараткандын момун пенделери!…