* * *
…И-и-ий,
Үмүтүмө үкү тагып
Үлпүлдөп!..
Сүттөй деңиз
Сөз салганда гүл сүйлөп…
Кара жерим кирпик кагып
Үргүлөп,
Көк асманым аңтарылат
Миң күндөп,
Бул өмүрүм
Сүйүү!..
Сүйүү,
Сүйү-ү-ү-лөп…
Сүй,
Өмүрдү!
Сүйүнчүлөп,
күлмүңдөп.
Э-эй, жарыктык!
Кудуреттин куту көп!
Көк асманды,
Кара жерди
Жети өп!
О,Теңир ай,
Ичим жалын,
Тышым өрт…
Качан келет?
Качан келет жазым көк?!
* * *
Ай-ай,
…Айланайын!
Ак Падышам,
Хан Төрөм!
Өзүң барда –
Миң төрөлүп,
миң өлөм…
Мендик сезим
Асманда – буу,
Суу өзөн…
…ду-у,
Эттирип
Баштан ылдый
Гүл төгөм…
…Хан Султан ай,
Увазирим
Хан Төрөм!..
Көккө жетсин жүрөгүң да
Нур төбөң,
Көкөлөткөн
Махабатты о, өлөң!..
Жылдыз агат,
Нурун чачат
Сүйүүдө мас бүт көчөм…
…Айланайын!
Ак Падышам,
Хан Төрөм!
Өзүң үчүн
Бирде жанып,
Бир өчөм.
Мен «Периште»,
Сен «шайтансың»
Ой, тобо!
Ой ичинде сүйүү сүзөт
Жок өлчөм…
О-о, дүнүйө аппак сүйүү
Сүт төгөм!
Кереметсиң өмүр чиркин,
Сен көркөм!