Редакциядан:
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө салтанаттуу белгиленди: жазуучунун чыгармалары көптөгөн тилдерге которулду; эстеликтери тургузулду; ысмы институттарга, мектептерге, китепканаларга, көчөлөргө коюлду; кинофильмдер жана телекөрсөтүүлөр өттү; илимий жыйындар уюшулду.
Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы жөнүндө маалыматтар Кыргызстандын, чет өлкөлөрдүн басма сөздөрүндө кеңири чагылдырылды.
Журнал өткөн жылдагы Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы жөнүндөгү айрым чакан кабарларды окурманга тартуулады.
* * *
Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эстелик Москва шаарында ачылды. Эстеликтин ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты жана куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Президент кыргыз жана орус адабиятынын классиги Ч. Айтматовдун дүйнөлүк маданий алкакта гуманист, ойчул, мамлекет жана коомдук ишмер, мыкты дипломат экендигин белгиледи. Анын чыгармалары 176 тилге которулуп, Шекспир менен Толстойдон кийинки эле орунду ээлеп калды.
Москвадагы Элдердин Достугу атындагы Орусия университетинде Ч. Айтматов атындагы аудиториянын ачылыш аземи болуп өттү. Буга Москвадагы кыргыз диаспораларынын Координациялык Кеңешинин «Мекеним – Ала-Тоо», «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмдарынын жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин ардагерлер Кеңешинин өкүлдөрү катышты.
* * *
Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата кыргыз сүрөтчүсү А. Турсункуловдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. Сүрөт көргөзмөгө алтымыштан ашуун эмгек коюлган. Көргөзмөдө Кыргызстандан туристтик дараметин даңазалаган видеобаяндама көрсөтүлүп турат.
* * *
Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилиги Британдык парламентинин колдоосу аркасында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара Улуу Британиянын Парламентинин имаратында болуп өттү. Ага Улуу Британиянын Парламентинин Жамааттар жана Лорддор палаталарынын мүчөлөрү толук катышышты. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси Г. Искакова сөз сүйлөдү. Элчи Ч. Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндө, жазуучунун мааракесине карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.
Иш-чарада Улуу Британия Парламентинин Жамааттар Палатасынын мүчөсү, Бүткүл партиялык парламенттик «Улуу Британия жана Кыргызстан» кызматташтык тобунун төрагасы, депутат Боб Стюарт чыгып сүйлөп, Ч. Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө кенен баян тартуулады.
Атайын ушул иш-чарага катышмакка Кыргызстандан Лондонго келишкен кыргыз актерлору британиялык актерлор менен биригип, Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасына коюлган кыскача спектаклди көрөрмандарга тартуулашты.
* * *
Катар мамлекетинин Маданият жана спорт министрлигинин колдоосунда өтүп жаткан Эл аралык китептер көргөзмөсүндө улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары көрсөтүлдү. Бул көргөзмөдө улуу жазуучунун дүйнөнүн көптөгөн тилине, анын ичинде кыргыз, орус, түрк, англис, казак, немис, француз ж.б. тилдерине которулган китептери коюлду.
* * *
Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата чоң салтанат аземдери Өзбек Республикасында да болуп өттү.
Ташкент шаардык кеңешинин депутаттары Юнусабад районундагы Бодомзор көчөсүнө улуу жазуучу Ч. Айтматовдун атын беришти. Көчөгө жазуучунун эстелиги коюлду. Ошондой эле айыл жеринде залкар жазуучунун атындагы мектептерде эстелиги тургузулду. Өзбекстандагы салтанаттарга Кыргыз Республикасынын маданият, адабият өкүлдөрү катышышты.