* * *
Сен жакта да жамгыр жаадыбы,
Алма, өрүк бүчүр алдыбы.
Оо, бир кезде өзүңдү сүйгөн,
Кырчын жигит эсте калдыбы.
Боз адырлар гүлгө толдубу,
Сен жакта азыр шамал болдубу.
Сени менен сүйлөшөм минтип,
Унутпадым сени көрдүңбү.
Сага дагы бырыш түштүбү,
Бирин-экин чачың агарып.
Мончок көзүң дале ошолдур,
Көргөн жанды күйүп каратып.
Бир дүйнөдө эки жактабыз,
Бир өмүрдө эки башкабыз.
Жакын, жакын жакы-ын аралык,
А бирок биз эки аскабыз.
Сен жакта азыр жамгыр жаадыбы..?
* * *
Чачылган ойлор, ишенип дале ишенбей,
Жоготкум келбей, жоругум келет түшүмдөй.
Кара жер алды канткенде сени койнуна,
Кайрылбас жакка кеттиңби досум бүтүндөй.
Укканда кабар өзөгүм күйдү дүрт этип.
Кечинде барсың, табалбай калдым түн өтүп.
Жулунуп келген ажалга моюн сундуңбу,
Жумдуңбу көздү өлчөнгөн өмүр түгөнүп.
Көп жакшы күнгө болгонсуң өзүң себепкер,
Ак көңүл досум, күйөрман досум, боорукер.
Отуздан ашпай жумулган сенин көзүңдө,
Канча ой-максат, канча арзуулар болду экен.
Узатып чыгып башына чейин көчөнүн,
Сезбегем анда акыркы жолу көргөнүм.
Ажал го деймин… а бирок досум өкүнтөт,
Жар сүйбөй сенин, балалуу болбой өлгөнүң.
Элесиң болот бир тууган, эне, досуңда,
Кызыл эт жүрөк акыркы ирет соккуча.
Дубамда сенсиң, батамда сенсиң… Эми дос,
көрүшүү калды сен жакка коңшу болгуча.
* * *
Бириң менин оң канатым,бириң сол,
Силерсиз мен бир чыракмын үлбүрөк.
Силер менен бакыт даамын сеземин,
Силерсиз мен журтта калган чүпүрөк.
Кылсам эгер берейин бүт сообуму.
Мен тартайын азап, кыйноо, ооруну.
Ата деген сөзүңөрдөн айланып,
Силер үчүн жаным курман болсунбу.
Жараткандан сурап алган белегим.
Айым кызым, уруу улаар балам бар.
Узак, узак уза-а-ак болсун өмүрлөр,
Силерди деп жүрөт жаман атаңар.
Эки сүйүү каалоосунун жемиши,
Бала көрүү – жаңы жашоо келиши.
Орун басар уулум, кызым ханышам,
Силер мага бул дүйнөнүн бейиши.
Бакытым кагылайын көзгө тартар.
Аталык сөзүм ушул сага айтар:
Мен сенин каалаганың орундатам,
Сен мага «Элдин уулу» болуп кайтар.
* * *
Канча айлар, өттү күндөр, сан жылдар,
Жан шерик жок сага салам айттырар.
Бир адам жок сенден кабар жеткизчү,
Бир дүйнөдө эки башка тагдырлар.
Канча карлар, канча жаады жамгырлар,
Гүлдөр соолуп, кайра толду адырлар.
Бир гана сен өчпөс болдуң жүрөктөн,
Кайсы жээкке агызса да агымдар.
* * *
Апа, азыр керек болду мээримиң,
Керек болду сенин жылуу колдоруң.
Апа, сендей эмес экен эч бир жан,
Сен жок жылдар көп кыйналдым, оңбодум.
Бүтүн эмес туш-тарабым бөлүктөй,
Апа, сенсиз бул жашоого көнүкпөй.
Апа, уулуң бир каткырып күлбөдү,
Апа, уулуң тирүү жүрүп өлүктөй.
Элимден эрте кеткен берендерим,
Силерге эркелегим келет менин.
Сураса уулум, кызым «Каякта?» – деп,
Алыс жакта,чоңойсоңор келет дедим.
Жаңы эле жашылданган дарак соолуп,
Жан дүйнөм жанчылууда ооруп, ооруп.
Жан досум кабыргамды кайыштырдың,
Капилет кырсыкка сен кабыл болуп.
* * *
Москва, түн, жалгыз турам, ыйлап турам.
Сен өзүң асыл элең ыйлай турган.
Оомийин дейм алаканым көтөрүлбөйт,
Оо, досум, сени өлүмгө кыйбай турам.
Достордон досум элең жөлөк туткан,
Адамдан башкача эле досум Мукан.
Өлдү деп башкаларга кантип айтам,
Өлүмгө жаш башыңды кыйбай турсам.
* * *
Мен сени жакшы көрөм жаркылдагым,
Мендик бол башка адамга тартылбагын.
Жүрөккө эң бир жакын сонун муза,
Тилекте каарманысың канча ырлардын.
Мен сенин аяп сүйөм көздөрүңдү,
Билбеймин сездиңби же сезбедиңби?
Эстесем миң кубанам, миң кубанам,
Сен жүргөн бул өмүргө келгенимди.
Жазымсың, берекелүү күзүм дагы,
Багымдын шагы ийилген, жүзүм багы.
Мен сени кече катуу сүйгөн элем,
Андан да катуу сүйдүм бүгүн дагы.
Кадалган эки карек сенде калды,
Каралдым сага окшош элде барбы?
Сен менен өткөрүп ээ коюу түндү,
Сен менен тосуп алсам келген таңды.
* * *
Тыйылбай көз жаш жоготкон күндөн сени биз,
Тирилте албай түңүлүп калган кезибиз.
Чырагым, апа, чыйралтып мени турмушка,
Жөлөгүм болуп жашасаң болмок жетимиш.
Көрсөм деп жүрүп балдарым көрбөй шаштыңыз.
Ыйлабай кантем, кыстап бир турса шарт турмуш.
Мээримдүү апам, мээримиң сенин сагындым,
Арманым болбой жашасаң болмок алтымыш.
Кыйналдым, апа, түмөндөп кетти түйшүгүм,
Түшүмө кирип алдейлеп кетчи күчүгүң.
Уулума насаат
Адам бол акылды жыйнаган,
Абийирди баарынан бийик кой.
Урууңдан уурулук чыкпаган,
Кулунум ушуну билип кой.
Мээнет кыл жалкоолук жарытпас,
Өткүр бол душмандан жалтанбай.
Эркексиң, эркекче жашоо кыл,
Күн чыккан тарапка кактанбай.
Кумарды иш дебе эп көрүп,
Эринчээк аталба кеп болуп.
Элиңдин түйшүгү сеники,
Керекпи, жан бергин чеп болуп.
Айкөл бол, кулунум айкөл бол,
Зыяның тийгизбе ташка да.
Тирүүлүк ар жолго жетелейт,
Тизе чөкпө Кудайдан башкага.
Чөйрөңдү тазала,таза бол,
Жети атаң баспаган жаман жол.
Мен сага түбөлүк эмесмин,
Мен жокто адам бол, адам бол.
* * *
Күлкүгө суусап, күйүткө чыдап өттү күн.
Кирпиктер билер, көз жаштын аккан көптүгүн
Жанымды чаптым эжеме апа болом деп,
Болбосун өксүк, билбесин апа жоктугун.
Болсом да бала илмейген кара бокмурун,
Калтырдым баарын, калтырдым эрке, шоктугум.
Белимди буудум агама ата болом деп,
Ооруса ооруп, билгизбей ата жоктугун.
Тартайын азап, тартайын мейли көргөнчө,
Чөгөйүн мен, чөгөйүн канча чөккөнчө.
Жашыба эжем, өксүбө агам, мен бармын,
Ата-энең менмин өмүрдөн көзүм өткөнчө.
* * *
Жамгыр дедим башка өлкөнүн жамгырын,
Башка өлкөдө уктап таңды атырдым.
Максатымды тушады да бу заман,
Алыс жакка айдап келди тагдырым.
Төрт кыргызга кошо мен да чачылдым,
Башка болду жем жей турган акырым.
Күн-түн дебей элге иштээр кезимде,
Өзгө журтка күч-кубатты калтырдым.
Мекен десем кан жүгүрүп жүзүмө,
Ар бир сайы, ар бир ташы уккансыйт.
Боз топурак калса дагы жамынып,
Жолду карап апам күтүп тургансыйт.
* * *
Досторум, кадырман досторум,
Канча жыл бир болду жолдорум.
Силер бар кажыбас кайратым,
Калдайган кубаттуу тоолорум.
Досторум, кыйышпас досторум,
Кыйналсам сунушкан кош колун.
Бириңе бириңди тукурбай,
Мен дагы эркекче дос болдум.
Акчага алданып сатпадым,
Бар болсо бекитип катпадым.
Мүшкүл иш түшкөндө башыңа,
Тик турдум бекинип жатпадым.
Ашыңды сурабай жебедим.
Ал жакшы, бул жаман дебедим.
Сүйүндүм өлгөнүм келгендей,
Силерге тийгенде керегим.
Кимиңдин баркыңа жетпедим?
Оор күндө жүз буруп кетпедим.
Байыңды колтуктап, башкаңды
Бар кет деп баш этек теппедим.
Ийгилик көрсөңөр кубандым,
Ич күйүп бутумду тосподум.
Атамдан асыл бир тарбиям,
Эркекмин, эркекче дос болдум.