Энем ким?
Бизден эми чыкпай калды Курманжан,
Деп ойлонуп жүргөн элем курган жан.
Жаңылыпмын бүгүн көрдүм ал кызды,
Акыл сезим сөзү менен чеп курган,
Көрсө менин энем тура Курманжан.
Бизден эми чыкпайт дегем кыз Сайкал,
Кечээ көрдүм жөпжөнөкөй турат ал.
Багындырып бүт дүйнөнүн элдерин,
Сыры менен бизге сепил курат ал,
Көрсө менин энем тура кыз Сайкал.
Жаралбайт го бизден эми Каныкей,
Деп жүргөнмүн ана, ана, анакей.
Жаңылыпмын издеп аны жүрүпмүн,
Көрсө мына энем тура Каныкей,
Таптым мына – сенсиң апа – Каныкей.
Дале болсо жүрөм сага эркелей,
Канча жылы кетсем дагы жоголуп.
Күтө албастыр мени эч ким энемдей,
Ошон үчүн менин энем, сенин энең – Каныкей!
Сенин сүйүүң
Билемин сен да мени сүйүп жүрдүң,
Сыр кылып жүрөгүңө түйүп жүрдүң.
А менчи, сезим сокур, жүрөгүм таш,
Сени эмес башка кызды сүйүптүрмүн.
Жооп бербей ак сүйүүңө күлүптүрмүн,
Жүгүрүп сүйбөгөнгө жүрүптүрмүн .
Гүл кармап акыркы коңгуроодо,
Сен болсо, мени күтүп жүрүптүрсүң.
Ооба, билем дале мени сүйөрүңдү,
Мен болдум го бүтпөс жараң, күйөрүңбү.
Байкоосуздан жолуксам жалт эттирет,
Бир башкача көздөрүң чачкан нуру.
Илхом жокто
Кээде жазам мен ырларды ойлонбой,
Бул ырларды мурда жазып койгондой .
Кээде калам такыр эле бош болуп,
Баш ордуна ашкабакты койгондой .
Кээде болом мен акылман жазуучу,
Акындаймын дастандарды айтуучу.
Кээде турам башым тырмап үңкүйүп,
Тил уккандай мугалимден окуучу.
Кетпесин деп кээде менден чекилик,
Кээде калам мен өзүмдөн бекинип.
Ачуулуумун кээде такыр баш бербес,
Калат менден баары качып бекинип.
Боорукермин кайгы тартып турганга,
Арка-жөлөк болсом деймин алсызга.
Акмактарга мен чегинбес аска-зоо,
Кемсинтишип тийип турса намыска .
Кыздын сыры
Көрдүм кечте ыйлап турган жаш кызды,
Билбейм неге жапжаш туруп муң басты .
Колдон келсе берсемби деп мен жардам,
Чоң кыз десем, терс бурулуп ал басты.
Карап турдум ал кыз узап кеткенче,
Капалантты жаш кызды ким эмнеге ?
Деген суроо өйкөп туруп жүрөктү,
Мен да бастым, үй тарапка кеч эле.
Келе жаттым, ойго түшүп өзүмчө,
Кыздын ыйы кетпей турду көңүлдө.
Кайгы-капа билбей жашап өтсөкчү,
Кайра артка кайрылбаган өмүрдө.
Ал кыз келет, күндө ушул бакчага,
Мен да барам, кечте басып ал бакка.
Мезгил болжоп, алгандайбыз экөөбүз,
Жолукканга, бир маал келип бул жакка.
Олтурат да ал кыз ыйлайт мунканып,
А мен турам, тээ нарыда көз салып.
Батына албайм, жакын барып суроодон,
Карындашым, не болду деп сөз катып.
Бир күн бардым, карындашым айтчы кеп?
Эмне болдуң? Кандай жардам берем деп.
Жалт карады, жашка толо көз менен,
Бара бериң, тийбейт сиздин пайдаң дейт.
Ооба, бирок сулуу абдан капалуу,
Жашка толуп, каректерде муңкануу.
Берилбеген суроо турду ичинде,
Мага неге көңүл буруп калды бу?
Бир топ болду, бара албадым бакчага,
Балким, ыйлап басылгандыр ал кыз да.
Балким, жүрөт дале төгүп көз жашын,
Бакыт кушу, балким, келди шагына.
Балким, бир күн жолугарбыз экөөбүз,
Балким, күлүп учурашып өтөрбүз.
Бажырайып жайнап турса кабагы,
Балким, бир күн сырын тартып көрөрбүз.
Бирок эгер күлүп турса көздөрү,
Сурабайм го, козгобостон өткөндү.
Эски жараат, кереги не ырбатып,
Муңга салып бажырайган көздөрдү.
Иш деп жүрүп, өткөрүпмүн бир топ күн,
Убакыттын, байкабапмын өткөнүн.
Бүгүн барып, ал бакчага кайрадан,
Олтурганын, ал селкинин мен көрдүм.
Өтө бердим, жай гана мен жанынан,
Жете келди, – байке, – деп ал артыман.
Кечириңиз, капалантып койсом мен,
Көрүнбөйсүз, көптөн бери байкасам.
Сырдуу кыздын басылгансыйт көз жашы,
Сереп салсам турат, бирок капасы.
Сүйүүбү деп, болжоп койдум бактысыз,
Жаш селкинин жүрөктөгү кайгысы.
Кечириңиз, катуу тийсем өткөндө,
Олдоксонмун, эрке болуп өскөнгө.
Абалымды сурап менин койгонсуз,
Ыйлап жатсам, өпкөм батпай өпкөмө.
Убактыңыз, болсо эгер айтайын,
Жүрөгүмдө жүргөн менин убайым.
Жок десеңиз, капа болбойм агатай,
Жолдон калбай, үйгө анда кайтайын.
Деди дагы карап калды жоодурап,
Кетүүчүдөй шарт бурулуп жол улап.
Кулак сенде айта бергин карындаш,
Жүр басалы, – дедим аны колтуктап.
Мына билдим, ыйдын сырын бекилген,
Кыз жашында, чоң кемчилик кетирген.
Алданыптыр сүйүү деген балээге,
Абийир, намыс, сакталбаган кемиген.
Алданыптыр, сүйүү деген немеге,
Аборт кылып, алдырыптыр жаш неме .
Андан бери айлар жылга алмашып,
Убакыт да зымырайт го тез эле .
Он гүлүмдүн, бири менин ачылып,
Турмуш куруп, жакшы жигит табылып .
Он жыл болду, жашайбыз биз бактылуу,
Бирок жүрөм, бала жытын сагынып .
Үч жыл болду, күйөөм жүрөт сурданып,
Кабагы да ачылбастан кубарып.
Элдин баары эркелетип балдарын,
Жүрүшөт дейт ырдап күлүп, кубанып.
Катамды айтпай бир кездеги жашырып,
Оңдой албай бүгүн жүрөм муң басып…