3АЛКАР
(Эссе)
Айтматов …
А кишинин таржымалын, жазгандарын окубаган жан жок чыгар. Жакында 90 жылдык мааракесин белгилөө боюнча Өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы жарыяланды. Бул жалаң Айтматовго эле эмес жамы жазуучулар журтуна көрүлгөн камкордук катары кабыл алынууда. Кылымга жетпеген мезгилде ушунчалык бийик атакка татыктуу болуу, чынында, ар кимдин эле насибине жазылган эместир. Колунан көөрү, оозунан кеби төгүлгөн көркөм өнөрдүн ээлеринин аты көзү өткөндөн кийин көтөрүлөт деп келебиз кээде, а Айтматовдун кадыр-барк, кабары адеп калеми төшөлгөндөн тарта эле оозго алына баштаган.
Жалганда баары танапташ. Баары өз ара ыңгай-ыгына жараша жайгашкан. Биз, адамдар да ошолордун катарындабыз. Бул тастыктоону талап кылбаган чындык. Тагдырлашпыз. Чыгармачыл инсандардын сүрөттөөгө алган турмуштун өзөгү да мына ушунда.
Аалам кенен, эбегейсиз чоң мейкиндик. Анын негизин аныктап чыгуу азыр биздин колубуздан келбес, жөн гана божомол. Ошондуктан туулгандан тузун татып, суусун ичип, акыры топурагын жамынып түбөлүккө түнөк тапчу Жерибизди, ошо Жерибизден өткөн турмушубузду сөз кылганыбыз оңдур.
Тагдырына жазган таланттар мейли акын, мейли сүрөтчү, илимпоз болсун, чыгармаларына ылайык алакет, түйшүктөрүн ушул Жер энебиздин казына-кайрымынан алышат. Аны атайы өзүнчө «окуя» кылып олтурганда не, ал тээ атам замандан бери келаткан каада, келечекте көпчүлүккө өрнөк болуучу жөрөлгө. Баары өтөт, баары өзгөрөт. Мен жаңылык ачып аткан жерим жок. Кантсе да, ички ишенимимде кубулуш, табигый көрүнүштөр менен бир катар, мына мобу убакыт эч качан өзгөрүүгө учурабайт бейм? Ооба, ошондой го. Такай өз нугу менен өтө берет. Мен окумал, ойчул эмесмин. Жаратылышымда деле. Анча-мынча кепке аралашканым азыноолак окуганымдан улам болушу ыктымал. Чынында пенделик баарыбызда дебейин, көбүбүздө бар. Бирок түбү адамбыз.
Мен тоодо өскөм. Атам малчы болчу. Балдар жок. Жалгыз өзүм. Орто-Жондун өрөөн тарабындагы Күмбөз-Ташка жөлөнө учу-кыйыры бозомукка төнүп, мунарыктап жаткан Сары-Өзөн Чүйдүн талаасы, Фрунзеге көз чаптырып көпкө турчумун. Анан ары Көнөктүн төрү, Көк-Көлгө барчумун. Жедеп жалгыздыкка көнүп бүткөн жаным, жакага түшкөндө айылдын балдарына да кошула алчу эмесмин. Аларга коошпой окчунураак карманчумун. Ошо жөнөкөйлүк дейинби, же тек токтоо-момундук дейинби, ушу күнгө дейре билинер-билинбес мүнөзүмөн сезиле калганы өңгө эмес өзүмө табышмак.
Бул эле дейсизби, адамдык асыл касиеттерге ээ болуу үчүн эң алды максат, ниет керек. Анан аракет, аракет… изденүү.
Учурда заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөө аземи жүрүп жаткан кез.
Айтматов Чыңгыз… Бул ысым кыргыз үчүн ыйык да, улук. Адамзат асмандагы Алтын-Казык жылдызын кандай суктаныч, кубаныч менен караса дал ошондой демиң көкүрөгүңдү тээп, кандайдыр бир кызыктай боло түшөсүң? Эмне үчүн? Эмне үчүн… Ал ысымдын ээси элибиздин маңдайына бүткөн убай-урматы, ооматы, орошон адамы.
Дүйнөдө бийлиги бийик даражада турган абройлуу адамдар, иликтөөнүн чылбыр-тизгинин колдоруна алган ири илимпоздор дейсизби, а кишиге баары адеми адеп менен аты-жөнүн толук айтып кайрылышкан. А биз жөн гана Чыке деп келчүбүз.
Кыргыз сөздүн ушул «ке» мүчөсүнө өзгөчө сый, маанай каткан. Ата-ке, эне-ке, эже-ке. А атагы улук адамдарынын аттарына улап айткандары канча.
Чыкем, мына жаңкы «ке» жалгам мүчөнүн мисалы… Жөнүнчө Чыңгыз деп койгондон көрө, сылык-сыпаа угула түшкөндөй.
Чыке…
Чыңгыз Айтматов бизге замандаш. Жамандык, жакшылыкты чогуу көрүп, чогуу кубанычка батып, өлүм-өксүктүн азабын бирге тарткан. Жашоодогу жапа чеккендик биринен сала бири куйрук улаш келген мүшкүлдүү күндөрүбүз «эки жерде эки – төрт» дегендей эле болгон. Биз тарыхый кыйын, оор мезгилде жашадык. XX кылым. Кыянаттык кырга чыгып, адилеттик, боштондуктун алдын тороп турган кыялы кырс кылым болгон.
Адабиятка эс тарткандан жакын элем. Ал турсун атам каза тапканда аны жоктоп кошок жазганым бар. «Ары жокко айла жок», аны мындай коюңуз, кээде комузга кошулуп бирдемени «жамактап» да ийчүмүн. Эми кайсы жамак дейсиз, баягы балалык боёо кыял да. № 5 … институтта жүрчүдө деле дем алыш күндөрү Ленинкага барып кыргыз гезит-журналдарын алып окучумун. Көбүнчө көркөм чыгармаларды. А кийинчерээк орус, европа басылмаларын барактай баштабадыкпы.
Москвадан келип, тоолуу жергебиздин дал ортосунан орун алган кипкичинекей Ак-Көл деген кенде иштеп калдым. Москва, анан Ак-Көл. Эми элестетип аткан чыгарсыз… Асман менен жердей да айырмасы. Чынын айтуу керек, көпкө көнө албай жүрдүм. Иш. Эрмегим тоо этектей өскөн бак арасы, көзгө сүйкүм көгүлтүр көлдүн жээги. Китеп, райондук, республикалык гезиттер бүт кенчилерге тапшырма берилчү бөлмөнүн катарында эле. Алдын ала дайындаган жумуштар баарына тааныш. Бат эле жөнөп кетишет кенчилер.
Кайсы бир күнү адатымча алиги бөлмөгө кирип адеп республикалык басылмаларды караштыра баштадым.
«Советская Киргизия». Негизинен, расмий кабарлар басылат эмеспи. Жок, биерде бир, адабий го, чоң «баяндама» жүрөт. Баш жагында Чингиз Айтматов деген ысым. Мурда укпагам, окубагам. Кызык. Ии, адабий чыгарма экен.
Бул менин өмүрүмдөгү өңгөлөргө окшобогон өзгөчө «белги» болдубу дейм… Менин ал киши менен алгач таанышканым ошо. Сыртынан. Кийин, акыркы ирет кол алышкыча, бир тууган ага-ини катары жакын мамиледе болуп калдым. Адатта пайгамбар жашын ала сүйлөйбүз го, мисалы мен 62 эмес, өмүрдүн кеч күзүнө келип калган пендемин, калп айтуу жарабайт, жарашпайт. Асманда Кудай туру. Ага баары дайын, баары көрүнөө. Андыктан ар нерсени өз аты-затын бузбай, туурасын айтуу кажет. Чыкемдин чыгармаларын баарыбыз окуганбыз. Аларда жазылган окуя, табигый-коомдук кубулуш, көрүнүштөр кандай сүрөттөлгөн? Баары татына, так… Деги Кудай Таалам түпкүлүгү адамдык асыл касиет – акыл-ой, адилдикти берген экен. Нечен-нечен сөзү жетип өзү барып-көрбөгөн жерлерге Айтматов Чыңгыз, Ала-Тоолук кыргыз деген атак-даңкы, бүгүнкү эле күндүн урааны дейсизби, жок, ал түбөлүккө калуучу ыйык ысым, урпактарыбыздын урмат-сыйы, зыйнаты.
Табият, таалим бир жагы. Алыс же жакын адамыңбы, ага кара кылды как жарган калыстык, адилет баа берүү – ата-бабанын асыл наркы. Аны береке чачым белек катары бекем кармоо ар кимибиздин милдетибиз.
Ириде: жакын, катарлаш жүрүү, чын ыкластан пикир алышуу, сырымдат ой бөлүшүү… Анан да ынаным. Менимче, канчалык жан-алакетке түшпө, буларсыз оюң опо болуп бербейт. Ооматын көрбөйсүң.
Алгачкы түшүнүк… Адам, адамзат. Анан… «кадамы карыбас, адымы арыбас» тарых! Канча мезгил, канча заман. Дүңүнөн үзүл-кесил кабардарбыз. Бирок кайсынысы качан, так бышыктай албайбыз. Үстүртөн түкшүмөлгө сала өзүнчө тыянак чыгара берген иштин ийи жок.
Ооба, көптөр өттү. Асыресе утурумдук тирликке карап, коом өнүгүү жолу менен өр тарта берди. Диалектика. Ошого тете өз арабыздан өжөр мүнөз, акыл калчам адамдар чыга баштады. Арасында: атомдон Ай, жылдыздарга дейре жылоо тарткан жашоо жагдайы, ой тереңине илимдин изин чалган акылгөйлөр, Ата Журт, элинин эрки үчүн башын сайган Баатырлар. Ак таңдай акын, Эл Башчылар? Андай эрендер ар элде болмогу. Айталы: Кун-цзы (Кытай), Леонардо Да Винчи (Италия), кечээги эле Ататүрк . Булар эле бекен, бери калгандары канча. Бир карашка алар бизге өзүбүздүн эле кандаштар катары көрүнүп кетишет. Мисалы, Конфуций… Анын биздин заманга чейинки 551–479-жылдарда жазган «Лунь юй» – «Аңгемелешүү жана ой бөлүшүү» аттуу эмгеги бүгүн эле басылып чыккан өз китебибиздей окулуп атпайбы. Же Леонардо улуу чебердик менен тартылган сүрөттөрүн тизмелеп олтурбай, алиги «Джакондасын» эле көрөйлүчү. Сөз жок, ал – Керемет! Суктаныч! Сыпаттап олтуруу – убакыттын убалына калуу. Жээк сала агарып келаткан таңды көр да, таберик таланттан бүткөн «Джаконда» – «Мона Лизаны» көр! Таң калуу, суктануу кандай керемет экенин чындап ошондо сезесиз.
Таң калуу… андай даанышман инсандарга ал аздык кылар. Алардын аттарын, керездерин, жан дүйнөңдүн тереңине сактап, Кудайдын куттуу күнү намазга жыгылгандай таазим этип туруу парз.
Жалпысынан жашоодо бу ой-тилек олуттуу орунду ээлери дайын. Бөтөн эл, бөлөк жерде, калыстыкка келсек, бир аз айырмачылыктардын болуусу мүмкүн. Албетте, албетте. Анын себебин айтпасак деле ачык эмеспи…
Анда эми бу өңүттө бизде, кыргызда кандай? Кандай болмок, түп маанисинде башкалардай эле. Ошентсе да айрым күдүк санам орчун ойлор бар. Алар өткөн чак, тарыхыбызга байланышат. Тиги же бу турмуштук түзүлүш илимий, маданий… деңгээлдин баскычына барып такалат. Ириде – утур-учурга танапташ жазуу-сызуунун жоктугу. Сабатсыздык. Кагаз бетинде калбаса кайдагы маалымат, кайдагы далил. Жазуу – билим. Жазуучулук – кесип. Азыр эл текши сабаттуу. Буюрса чыгышаар эми эли күткөн билеселүү Билермандар!
Өзүңүз көрүп турасыз, мен адеп жалпы сөздөн баштагам. Олут ойлорумду майдалабай Чыкемдин чыгармачылыгына мүнөздүү кенен сөз кылууга аракеттендим. «Ар ким алына жараша» – дейт… Айтор, баеки аракет…
Ооба, алгач Чыкемдин аты менен гезит аркылуу таанышкам. Айтматов… И, чыны мурда мындай жазуучуну уккан да эмесмин, окуган да эмесмин. Анан көбүнесе орусча жазат турбайбы. Улам кийинки чыгармасын окуган сайын кызык артуум күч ала берди. Көргүм келди. Көзмө-көз олтуруп сүйлөшкүм келди. Ар жок, кайсы алыма десеңиз. Күтүү күмөндүү, бирок күдөр үзбөгөн жакшы белем. Ошо башкага эмес, өзүңө купуя ички мүдөөң оңтоюна чыгып калса, ал өзүнчө баа жеткис Бакыт тура…
Жолуктум Чыкеме.
Жаңылбасам 1963-жыл болуш керек?.. Москвада жаш жазуучулардын Бүткүлсоюздук Кеңешмеси өткөн. Бир күнү институттун ректору Г. А. Сухомлинов чакыртып калбаспы. Жаңы эле лекциям башталганы жаткан. Шашыла кирип бардым:
– Ты, что пишешь что ли? – деди ал дароо эле.
– Да, немного…
– «Немного». Ишь… И наверное неплохо. Иди в Союз писателей. Сам председатель ищет.
– Георгий Акимович, сейчас у меня…
– Лекция? Как его… пусть заведующий прочтет.
Мурдагы тизмеге мени да кошуп коюуну суранышыптыр быяктан… Ошентип жаш жазуучулардын Союздук чоң жыйынына катышып калдым. Биринчи ирет Чыкеме так ошо жерден жолуктум. Мурда сүрөтүн көрүп жүрчүмүн. Байкалар-байкалбас кичине улгайыңкы тарта түшкөндөй. Анан өзү олбурлуу киши эмес беле. Токтоо, калбаат. Биз, бейиши болгур Төкөм экөөбүз болчубуз. Чакан бөлмө. Чыкем жалгыз экен. Эми экөө мурдатан тааныш да, Чыкем мени карап калды… Төкөм:
– Бу иниңиз Өскөн. Өскөн Даникеев деген… Өгүнкү жаштар Кеңешмесинде өзүңүз бир топ жакшы айтпадыңыз беле жанагы жаңы повести жөнүндө.
– Ии, ооба, ооба. Чыны жакшы жазылган. Элдин баары мактап атышпадыбы… Ке, бери өтпөйсүңөрбү. Отургула. Аа, Өскөн иним ушу де? Өңү да өзүнө жарашып…
– Кызылын айтасыз го? Кыргыз «Кызылдуу жигит» – деп коёт…
– Ооба, ооба. Анда жүйөлүү терең ой бар. Жарыктык чоң апам ушундай каймана маанидеги эски сөздөрдү көп айтар эле. – Чыкем жылуу жылмайып койду. – Кээ бир абышка, энелердин эс-тутумдары укмуштай э? Сөзгө кыйын. Жөн эле философ, «нукура» философтор…
Улуу адам менен адеп жолугушуум нак ушундайча болгон. Анын ар бир ирмеми көз алдымда. «Шырп эткен шыбышы» кулак учунда. Ошол күн, ошол күнкү дилимдеги ойго дитимди коюп, кең-кесири баарлашуу менин өмүрүмдөгү эзели унутулгус учур. Ар ким өзүнүн турмушундагы кем-карчын мойнуна алганы эп. Алыска барбай мына өзүмдү эле алайын. Чыкем жа-ай кеп салып олтурат. Орто арада Төкөм аралаша калат. А бечара мен… мен бая көөнүмө жат техникалык терминдерди тескеп, теңдемелерди чыгарып кирмек белем. Олтурам кээ-кээде башымды ийкемиш болуп.
Акырындап адабиятка баш бага баштаган соң ага көбүрөөк көңүл буруу керек экен. Аксиома. Алган билимим инженер, тоо-кен инженери. Туура, алды өз адистигим боюнча кенде, өндүрүштө иштедим. Андан администрациялык кызматка өттүм. А кезде Эл чарба Совети деген бар эле. Ошол Советке Кыргыз ССР көмүр өнөр жайы боюнча ага инженер-экономист болуп бардым. Ал уюм көпкө турган жок, жоюлуп кетти. Мен борборубуздагы Политехникалык институтка чакырылып, он-он беш жылча катардагы ассистент.., профессорлук кызматтарда болдум.
1977-жылы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөн соң биротоло чыгармачыл ишмерликке өтүп кеттим.
Бул жөн гана окурмандар үчүн айтылган кыскача маалымат. Чыкем менен ошондогу жакындан таанышуу, андан кийинки мезгил арасында жылуу мамиледе болуу менин жеке тагдырыма тийгизген таасирин таразалай албайм. Ташы жетпейт таразанын. Өтө бийик. Өлчөмгө келбейт.
Мен илгертен келаткан, бир карашта ийги көрүнгөн иш, имиштерге анча ишене бербеген кишимин. Биринчи кезекте Логика. Кызыгың кур, Чыкем менен канча мезгил аземи алакада жүрдүм, бирок инсан катары жакшы билем деп айтуудан айбыгам. Анткени ал бир караганга карапайым көрүнгөнү менен тегин адамдардан эмес экени белгилүү го! Жашоодо, арийне, ар нерсенин жөн-жайы өзүнчө. Азбы-көппү, чынында ар нерсени өзүнө жараша сөз кылуу орундуу. Балким, бирөөлөр: Бу киши (убагында маалим болуп иштеген тура) өзүнүн адабиятчы агайын оозго алгандан баштап жалаң жактоо, мактоодон алыстай албай жатат. Эми, Айтматов деле пенде да. Бу кандай? Же башкалардын баарын мажүрөө, мажес көрүп атканыбы», – дешээр. Мен агайымды атайы асманга чыгара мактайын деп аткан ниетим жок. Чыкем ага муктаж эмес. Ал андан жаа бою качкан, жат көргөн…
Чыкем жашоонун кай жагына кандай караарын эч-эч ким айта албас. Жанараак Мейкиндикти иле тарта кеткен элем. Мейкиндик мындайында эми, Жарыкчылыктын белгилүү бир аймагы да. Ал өз алдынча мамлекет же айрым-айрым администрацияларга бөлүнгөн ээлик жер дейли. Элинин этникалык өзгөчөлүгү: тарых, тил, табияты башка-башка. Баарынан те байыртадан келаткан үрп-адат, маданият, саясый-социалдык түзүлүш, экономикалык, эл аралык абалы түмөн түркүн. Ырасында булар жөнүндөгү бүгүнкү маалыматтар басма сөз, эфир толкундары боюнча убагында берилип турат. Чыкем көркөм сөз алардын көч башы экенин эске алып, көңүлдү көбүрөөк адабиятка, адабият көйгөйлөрүнө бурсак деген ойдо жүргөндүр. Арийне, анын анык-төгүнү, азыркы абалына алыбыздын келишинче баамыбызды берип окурмандарга, айрыкча адам катары акыл төшөп келаткан балдарыбызга багыт берип дегендей. «Кыска сөз – нуска». Кыскасы, кыргыз адабияты азыр өткөн замандардагыдай, көбүнесе төкмө акындардын жамактары, жаакта жок чечендердин чебер кептерин эмес, отурса-турса ойдон чыкпай кыйноого салган кыялдан жаралган. Бул жазма адабият.
Жазма адабият, илгерки бир кездерди эскере кетпегенде, бизде негизинен өткөн кылымда башталбадыбы. Баары эсибизде. Ушул кыска мөөнөттүн ичинде ал белгилүү ийгиликке жетишти. Ан үчүн башталышында үзүрлүү эмгектенген эже, агайларыбызга ыракматыбызды айтышыбыз абзел. Алар татыктуу ага. Коллективдештирүү, Ата Мекендик согуш, алардан кийинки эл чарбасын калыбына келтирүү мезгили, кандай катаал жылдар эле. Эл баарына чыдады. Чыдамдын, каармандыктын үлгүсүн бүт дүйнөгө көрсөттү. Ага кимдер жөлөк-тирек, үндөөчү болушту? Баары-баары, алардын ичинде, албетте, жазуучулар, көркөм өнөр өкүлдөрү.
Ал учурда адабият өзгөчө өтөлгөгө ээ эле. Ошо кез, ошондогу оор шартка үндөш канчалаган поэзия, прозалык чыгармалар жарык көрбөгөн! Кантсе да, адабиятыбыз анчалык алкоо-мактаарлык абалда эмес болчу. Бирок 60-жылдары кыргыз көркөм сөз өнөрү, деңгээлин айтам, көтөрүлө түшкөндөй көрүнүп калды. Кай себептен? Себеби – партия, Совет өкмөтүнүн саясаты саал жумшара тарта баштаган. Анан коом, коомдун талабы да баштагыдай эмес эле. Бизде адатынча араан агыткандар болбоду. Диссиденттикке жеткен жокпуз. Анда биз абалтан бери келаткан ариетти бузуп алмакпыз. Адабият эмес, андан өрнөк алган баалуулуктун баарынан кол жууп калмакпыз. Кудайыма, кутман журтума миң мертебе ыраазылык билдиргим келет. Дал убагында сабырдуулук кылышкан экен. «Туурамчы балдарды» туура жолго салганга үлгүрүп калышкан экен.
Дегеле ошо жылдары идея, мейли социалдык маселелер, маданият тармактары ай, күн сайын дебейин, өтө тез өзгөрүп турчу. Калыбы, зарылчылыктын кезеги келип калса керек го. Башканы коюп ушу адабиятты эле алалычы. Жалпы багыт, темалар… ЦКнын тиешелүү Бөлүмдөрү жоюлуп кеткен сыяктуу. Баштагы кылчактоо, тартынуу жокко эсе. А түгүл диалог түзүмү да бөлөкчө болуп бараткандай. Кадим турмуштагыдай табигый, жүйөлүү. Жасалмалуулук анча сезилбейт. Айтор, кызык.
Азыр ойлосом, боордош адабияттарда кандай болгонун билбейм, бизде өңгөлөрдүкүнө окшой бербеген өзүнчө шарт түзүлө баштаган экен. Өзүбүз аны байкабасак да керек. Көпчүлүктүн көксөөсү, көрсөм деген тилеги – тубаса. Тилек бир гана жакшылыкка арналат. Ошол көпчүлүк элдин ак тилек, ниети менен коомубузда нукура кыргыз журтунун мүнөзүнө төп келген учур түзүлүптүр. Ошол шарт – учурдун шарданасы менен бардык башка багыттарга ык арта, адабиятыбыз жаңыча адым таштаган. Көч башында – кой санам. Чыкем, Чыкемдин таасири.
Аны далилдөөнүн зарылчылыгы жок. Ага ошо туштагы көркөм сөз үлгүлөрү күбө. Ооба, сөздүн ачыгы жакшы, мунун бирден бир себепкери Чыкем. Жараткан Жалгандагы бар дөөлөттүн баарын кош колдоп ушу Чыкеме белек кылып берген экен. Жарашчу беле ал Чыкеме? Жарашпай анан! Чыкеме баары жарашчу. Баары куп келчү.
60-жылдары кыргыз адабиятынын арымы, ырасында ырааттуу болгон. Элдин көзү көрөгөч, баары айдан ачык болуп эле турбайбы. Биерде, Чыкемдин «көркөм сөзү» гана эмес, башкысы ошо көркөмдүктү карманып, кандай ойлорду жүзөгө ашыруу озипасы. Мына ушу жагдай боюнча анын өрнөгү өзгөчө баалуу.
Бериптир… Аларды мүлдө көңүлгө алуу кайда. Аныгында адабият, маданияттын бардык тармактарына, а турсун экономикалык-финансылык жагдайларга таасирин тийгизет. 60–70-жылдардагы басма сөздон башка киноискусство, музыка, сүрөт дегеле коомдук деңгээлибиз кандай эле? Баары Чыкемдин атына байланыш. Ага жалпы эл, өкмөт көңүл бөлчү. Айтпаса, кай бирде Совет бийлиги, анын айрым уюмдарына адилеттик дегенди эстен чыгарып, жөндөн-жөн эле курулай жалааларды жаба беребиз. Аэй, келечек алдында уят деген болуш керек да, ыя? О кездеги өкмөт, эми, партия – коммунисттер партиясы кенендик эле кылган. Чыкемдин ар бир эмгегин өзүнө тете жогору баалап, урмат көрсөтүп турган. Аны танууга болбойт. Орден, атагы бийик наамдар, баарыдан көңүл… Чыкем Союзда эле эмес, бүткүл дүйнө элдеринин оозуна алынып калган…
Чыкемдин Жарыкчылыкка калтырган керээзин айтып бүтүү мүмкүн эмес. А ал киши боюнча ой андан бетер сан жеткис, арбын. Өзүнчө аалам. Айтматов Ааламы…
Өткөн, бүгүнкү – жыйырманчы кылым Чыкемдин кылымы, Чыкемдин заманы деген атакка алып келгени айгине! А кишинин бийик интеллекти, акыл жүгүртүү айдыңынын кеңдиги адамды таң калтырат. Алар туурасында көп жазылган. Айтылгандан жазылган, жазылгандан айтылгандар көп.
Менимче, бул башталышы гана. Демейде баарын билгендейсиң, бирок билбейсиң. Биз өткөндөгүлөрдү билебиз, окуганбыз, укканбыз. А келечек… кенен.
Келечектин дареги сыр катым. Ырасында Чыкемдин өзү сырдана сыйкыр. Турган турпаты, ички купуя туюму менен баа жеткис бир бөтөнчө жаралган жан. Ал киши адамдын мээрмандык парзынын Руху, жашоонун көй даарым Көсөмү. Ага арналган ыр, алкоолор, же айталы, атайы жазылган бараандуу баян, изилдөөлөр азар түмөн. Алардын ичинен Чыкемдин өмүр жолу, ишмерлигин илимий-көркөм талдоого алган кадыры-калыс калемдешибиз Самсак Станалиевдин «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» аттуу романы өзүнчө, обочо орунда турат. Олуттуу чыгарма. Чыкемдин бейнесине арзырлык санаты терең санжыргалуу чыгарма.
Жазма адабияттын жаратылышы башкараак. Ага жараша калемгердин да кесиптик даярдыгы башкачараак болушу абзел: билими, тажрыйбасы… аларды бир аз сөзгө алгансыдык окшоду. А Чыкем нака чыгармачылык менен бирге жеке өз кызматы: жетекчилик, дипломаттык, коомдук милдеттерди да аткарып жүргөнү маалым: депутат, мамлекеттик жогорку органдардын мүчөсү. Карап туруп таң каласың. Кантип үлгүргөн ушунун баарына.
Анан бая «Ысык-Көл» форуму.
Форум 1986-жылы октябрь айында өткөн. Анын ишине дүйнө элдеринин туу туткан адамдары катышкан. Алар өз региондору гана эмес, бүт жер жүзүнүн өкүлү катары ар кими өз сөздөрүндө мурдагыдай аймактык кызыгдардыкка алдырбай жалпы планеталык келечек, цивилизация жаатына көңүл бурушкан.
Бул эл аралык жыйынды уюштуруу боюнча Чыкемдин кажыбас кайраты, мээнети теңдешсиз. Ал аны өткөрүү демилгесинен баштап, бир ошонун камылгасы менен болгон. Форум, аныгын айтканда, Чыкеме коюлган элеси өчкүс Эстелик.
Ээ, аңгемебиз барган сайын арбыгандан арбып бараткан өңдүү. Эми ойдо жүргөн оомат озуйпалар көп жолугат эмеспи. Оңтою келип турганда эске ала кеткенибиз жакшыдыр. Жаратылыш жагы өзүнчө, негизинен, тарых биринчи кезекте адам баласынын катышуусу менен жаралат. Демек, башкы каарман адамдын өзү, өзүнүн өтөгөн ишмерлиги. Талаш жок, баары өзгөрдү. Өзгөрбөгөн өз убагында орун алган окуялар, аларга катышкан каармандардын аты-жөнү калгандай. Улуттары ар башка, а арасында кимдер гана жок дейсиз. «А» десе таңдайынан бал тамган акындар, Ата Журтунун ар-намысы, азаттыгы үчүн баарына кечил баатырлар! Алар жөнүндө айтылган улуу таржымал, уламыштар ушу күнгө дейре дилибизде. Алар өздөрүнүн гана эмес, «өзгөлөр» деп саналган тайпалардын да узунду кечке көп кылчу керээзи. Алар көөнө чиймелерде көрсөтүлгөн. Бир эле эл дейсизби, баарыбызга ылым санам энчи атка айланган инсандар. Өзүнчө жер-суу, шаарлар эле эмес, кээ мамлекеттер да аталып кеткен. Ал түгүл Жер бетиндеги «чеги чексиз» Түндүк, Түштүк материктердин экөөнө тең флоренциялык Америго Веспуччи аттуу деңиз саякатчысынын ысымы ыйгарылган. Америка деп. Оо, мындай кызыктар аз эмес. Качантан бери уланып келаткан тарыхыбызда урмат-сыйга ээ болгон Улуу адамдарыбыздын тизмеги ушу бүгүн да узарып барат, анын ичинде «ийне менен кен казган» илимпоздор, чыгармачыл чыгаандар, айтор, тирдикте кай көйгөй көкүрөктө жүрсө, ошо боюнча колу эле эмес, ою менен күнү-күн, түнү-түн күрөш жүргүзүп жаткан жарандар бар.
Ким кайда, эмне менен алектенип жатат – аларды аныктоого да чамабыз жетпес. А көрөкчө… өткөндөн өрнөк алар мүмкүнчүлүк анчалык эмес экенин акыры түшүнөт окшодук. Иликтей турган маселелердин масштабы, туюп эле турбайбызбы, алда канча кенен. Шашканда эмне. Зарыл болгон архивдик, методикалык материалдар табылып чыкса, ошо жүрөктө жүргөн маселелер максатка ылайык деңгээлде чечилип калар.
Бүгүнкү күн – бүгүнкү. Эртең ал – тарых: Жаңы тарых, Эски тарых, Байыркы тарых. Эми булардын ар бирине эмне үчүн мындай, эмнеге андай эмес деп, анализ жасап олтурмак белек… Тоб-бо, карасаңыз «анализ» деп, а эмне үчүн кыргызча «талдоо» же «иликтөө» дебедим? Деги эмнени алба дээрлик баарында тактык тайкы. Бул тил жагы. Келечекте буга да кезек келип жетер. Жо-ок, келип деле калды окшойт…
Тарыхты эл, элден чыккан эрендер «жасайт». Айтылса керек эле өөдөдө. Биерде эрендер деп эр-азамат, эр жүрөк баатырлар гана адамзаттын берки, алкак жаатындагы акыл-эс, өнөр ээлери аталып жатканы. Ким болбойлу, кайсы улуттан болбойлу, алар баарыбыздын асмандата алып жүргөн асабабыз. Айтып кеткен акыл-насааттары, аманат-мээнеттери кемибес кенч, дөөлөт. Биз алардын аракет, тирүүлүктөгү үлгү-үзүрлөрүн үзбөй кармап калсак, адамдык асыл милдетибизди ардак менен асырап алган болор элек.
Сөз өткөн тарых, тарыхыбыздагы өзгөчө зээн тереңинде турган ата-бабаларыбыз жөнүндө баратпайбы. Мурда анча баам албай жүрүппүз. Көрсө, көлөмү – Көл, огеле орчун маселе турбайбы… эми азыр азыноолак өз өйүзүбүз тарапка өтсөк? Албетте, Аристотель, Герцен сындуу гениалдуу инсандар бизде болгон эмес. Тарыхыбызда ага андай шарт түзүлгөн да эмес. Ооба, бая айткандай, белгилүү-белгилүү бир убакыт өтүп, илимде жаңы ачылыштар жасалып такталып калар. Балким, ошондо…
Эл болгондон кийин эртеби-кечпи эс-акыл, көркөм өнөрдүн, заманынын Залкарлары да чыгат. Атагы Ааламга тарайт. Кудай алдында курумду мойнума сала кулдук урам! Мына биздин, өзүбүздүн эле Айтматов… Ким ал Айтматов? Ысымына ык тартып ылымсынып кетпейин, ырасын айтсам: Ал азыркы замандын Залкары, Адамзат урпагынын Даанасы.
Анан… Э! Эселектикке алдырбайын. Ызаат, ыманым менен болоюн. Дүйнөдө ыйыктын ыйыгы – ыйман. Жараткан ыймандан айыргылык кылбасын. Акыркы илебиң чыга бергенде да: «Ыйманың жолдош болсун» – дейт экенбиз… Ымандай сырым, жогоруда мен кол ийрисине тарткандык кылбадым. Атын айгайлабаганым менен баянымдын башынан бери Чыкем менен бирге болуп, бирге баарлашкандардагы адабият, дегеле жашоодогу жалпы-жайык болмуштарды кайрадан дагы бир жолу кыскача козгоп алууга бел байладым. Өзүңүз көрүп атасыз, биерде майда-барат маек макалалар эмес, келки-келки кеңири маселелерди да толугураак сөзгө алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Анткени а кишинин көзү тирүүсүндө эле атпай кыргыз журту эмес, дүйнөлүк басылмаларда жетишерлик өлчөмдө жарыяланып келген. Биз да асыресе аларга артыкча басым койгон жокпуз. Андай макала, баяндамалар чыга бермекчи… Ага Чыкемдин чыгармачылыгы түгөнбөгөн түбөлүк азык.
Биерде биз жашоо, адам, мээнет, ага катар адабият, маданият, алардын азыркы адымы, өткөндөн калган көйгөйдү сөз кылгансыдык. Булардын бел-белесин мүлдө сыдыргы салым кылуу, балким, мүмкүн эместир. Деген менен аракет, аракеттен танбас керек го! Айтылган ойлор, баамдар, а тургай баяндоо сыпатыбыз кандай, өзүңүздөр өзүңүздөрчө сынга келерсиздер.
Бизде Дүйнө жүзүндө дүң болгон, касиети сыйкыр кандай кереметтерибиз бар? Баары бар! Кыл чокусу кыял сымал Көккө баткан Ала-Тообуз, көркү көз тайдырган Ысык-Көл эчен кылым эркиндик үчүн күрөшүп, мына эми-эми өз ээлигине жеткен кыргыз эли, азыркы, алдыңкы кылымдарда дайыны даркан Айкөлүбүз Айтматов ЧЫҢГЫЗЫБЫЗдын даңаза-даңкы бар.