Өткөрсөк дейм
Жаңы жылда эшик «тырс-тырс» чертилет,
Отурду элек майрамдоого элчилеп.
«Ден соолукмун, дарбазаңды ачып кой,
Өзүңөргө коёюн, – дейт, – энчилеп».
Ага удаа келди күлүп барчылык,
Толгон-токой белек-бечкек артынып.
Өлчөп алдым өзгөлөргө калсын деп,
Өзүмө бүт ыйгаруудан тартынып.
«Бейпилдикмин, – деди бирөө артынан, –
Нени аяйын азып турган калкыңан.
Мен келгенде этек-жеңин түрүнүп,
Бүт ырыскы эрчип келет артыман».
Келгендери курсант кылып үйүмдү,
Кудуңдашып бүт үй-бүлөм сүйүндү.
Бапырадык колдо барын көргөзүп,
Жайып салып түр тамак-аш, дүйүмдү.
Кут кондуруп, кенен ачып төрүмдү,
Меймандар маа бир өзгөчө көрүндү.
Алар менен жалгыз ушул жылды эмес,
Өткөрсөк дейм бүтүндөй бир өмүрдү.
Келер жолду унутпа
Кетем дейсиң бир өлкөгө – алыска,
Болбогон соң түз мамиле, калыс баа.
Бакыт жөнүн кимдер болжоп биле алмак,
Барбы-жокпу, жакында же алыста.
Мейлиң дүйнө чар тарабын кезип өт,
Мейлиң дүйнө азаптарын сезип өт.
Жакшы адамдар аз болсо да кезигер,
А жамандар бардык жерден кезигет.
Арткан милдет аткарылар, өтөлөр,
Адамсың да калыс, таза, өтө мөл.
Жамандары көңүлүңдү чөгөрсө,
Жакшылары көңүлүңдү көтөрөр.
Алыс жерде биз билбеген жөнү көп,
Адам жүдөйт, чыйралат да, жөнүгөт.
Ойлой берип алыс калган Мекенди,
Көз жашыңды көлдөтөрсүң көп ирет.
Алыс жайга анык болсо барарың,
Жоготууң бар, бардыр мүмкүн табарың.
Сагындырып мында калган бир адам,
Ойлодуңбу көз жашыңдын тамарын.
Чоочун жердин көрүп аптап, салкынын,
Баалап анан кемчилигин, артыгын.
Барар жолдун жөнүн канча билсең да,
Келер жолду унутпай жүр, алтыным!
Жаңылдым
Асман тиреп, тоо жөлөп, шаты кийип,
Кайда жүрсөң тууган жер аты бийик.
Ушу бүгүн жаңылып, мен ит болдум,
Тууган жерде жеримди сатып ийип.
Кенен туруп күтүүсүз тарыласың,
Шарың токтоп кунарсыз агыласың.
Чал болоруң чукулдап калган менен
Чала-чарпыт бир иштен жаңыласың.
Айылда жер толушпу – кемиш беле,
Кыйын эмес болуучу келиш деле.
«Кулунусуң сен дагы айылдын» – деп,
Айылдаштар үлүштөп беришти эле.
Милдетинен кутулуп моюндагы,
Же бир тилек көңүлдө, оюндабы.
Кенен талаа келберсип жатуучу эле,
Жайыкты ээлеп чоң алыш боюндагы.
Тегиз чыккан эгиндер өтөк ийип,
Дыйкандардын шаңы артып өтө бийик.
Токтояндын сыдырым жели жүрсө,
Көгүш толкун жөнөлчү көтөрүлүп.
Эгинзарды суктанып карачу элем,
Алтын түскө келсе деп самачу элем.
Кээ түндөрү көк майсаң чөбүн искеп,
Жымыңдаган жылдызды саначу элем.
Турмуш көрүп түйшүктүн кызыгынан,
Чеке тердеп, тартылып, кызып улам.
Эл сыяктуу эгинди күр сапырып,
Сузуп калгам түшүмдүн кызылынан.
Шуудур кагып этекте камыш беле,
Шылдыр кагып суу жүргөн алыш деле.
Капталдагы бейитте ата-энем,
Боор толгоп көздөрүн салышчу эле.
Азгырыкка алданып чатыш улам,
Баткан күндөн, ак таңдын атышынан.
Айылым алыс, жакындан жер алам деп,
Куураган ой келди не капысынан ?!
Сагын, сагынт, байланыш, эңсе бийик,
Тууган жердин кадыры келсе бийик.
Кан тамырым үзүлүп кеткенсиди ай,
Бир капталым калгансып эңшерилип.
Айыл тартат, үзө албайм күдөрүмдү,
Алыс жуукта, же жакын жүрөмүнбү.
Жайык талаам түшүмө күндө кирип,
Эзчү болду жанымды, жүрөгүмдү.
Тагдыр дейби, не дейбиз жолукканды,
Коогалаң ой күтүүсүз толукталды.
Өкүнүчкө бастырып, өзөктү өрттөп,
Өмүр менен өтчүдөй болуп калды.
Кеткен күнүң улам көздү күйгүзөт
Агарган чач кайра экинчи карарбайт,
Карыккан көз кайра балбал жана албайт.
Өмүр деген шунча кымбат нерсе экен,
Адам пенде кетсе кайра жаралбайт.
Арам оокат болгон менен бай кылбайт,
Адал эмгек азбы-көппү тайгылбайт.
Жаштык деген колго турбас нерсе экен,
Бир кеткен соң сыздасаң да кайрылбайт.
Куураган тал кайра бүрдөп көгөрбөйт,
Суу куйбаса көл да соолуп төмөндөйт.
Ата-эненин баркын-баасын билбеген,
Кадыр күтүп, калк сыйына бөлөнбөйт.
Бакыт бир кез мелт-калт болуп төгүлбөйт,
Бакыт бир кез издесең да көрүнбөйт.
Аккан дайра миң тарамдап бөлүнүп,
Кээде атайы бурсаң дагы бөлүнбөйт.
Жакшы ой дайым келе бербейт башыңа,
Жакшы турмуш турбайт дайым чачыла.
Ажал келсе бар-жогуңду эске алып,
Карап койбойт карыңа да, жашыңа.
Бүт сулууну ала албайсың сүйгүзүп,
Бүт түйшүктү ала албайсың үйгүзүп.
Келер күнүң улам кызык көрүнөт,
Кеткен күнүң улам көздү күйгүзүп.
Базар турмуш же эт саткан келинге
Соода жүрүп сом түшсө эсебиңе,
Күн токтобойт бүгүн не, кечеги не.
Мөлтүрөгөн жүзүмдөй ушул өңдүн,
Эт деп жүрүп чыгарсың этегине.
Бул жашоодо зарылдык, кумар белем,
Кеңеш айтсам, агаңды угар белең?
Эт ордуна жашылча, жемиш сатсаң,
Жемиш өңдүү жашарып турар белең.
Кийим сатсаң же көркөм, түркүмдөгөн,
Көзгө толуп, колдорго сүртүлбөгөн.
Кирген-чыккан адамдар жыргар беле,
Жылуу жүзүң, жылмаюуң, күлкүң менен.
Же гүл сатсаң ачылган бажырайып,
Түркүн түстө: кызыл, ак, жашыл агып.
Селкисине жигиттер арнар беле,
Гүл жытындай жыпарын татып алып.
Базар турмуш аздыр, же кыйла дагын,
Сен бир окшоп жакыным, кыйбаганым.
Керемет жүз кедери кетеби деп,
Көргөн сайын эзилип кыйналамын.
… Соода жүрүп сом түшсө эсебиңе,
Күн токтобойт бүгүн не, кечеги не.
Мөлтүрөгөн жүзүмдөй ушул өңдүн,
Эт деп жүрүп чыгарсың этегине.
Балалык
Балалык өттү айылда,
Бала элем жармач бүлөдө.
Ай нурун төкчү кайыңга,
Үлбүрөп таңда күн өбө.
Чеги жок сындуу дүйнөнүн,
Бейкапар күндөр узады.
Ченемсиз каалап сүйгөмүн,
Керемет дүйнө, музаны.
Аялуу карап малга да,
Сабалган же бир союлган.
Санаага салчу анда да,
Сарыккан суулар моюлдан.
Керемет болуп кетчү күн,
Кыялым ташып кыяндай.
Буулугуп кээде кетчүмүн,
Көзүмдүн жашын тыя албай.
Кошулуп топко тез эле,
Түшчүдөй болуп жарышка.
Өскүлөң, тынчсыз кез эле,
Умтулуп турчум алыска.
Белгисиз бир күч азгырып,
Делөөрүп дайым турчу элем.
Баштагы ой недир жазгырып,
Чатакка жакын, курч элем.
Таңында туруп сөгүлчү,
Таңыркай карайм – агат кар.
Көзүмө ысык көрүнчү,
Көгөргөн чексиз тараптар.
Жыбылжып ырдын шоораты,
Жүрөктү эчен жибиткен.
Күттүргөн акын – ооба чын,
Жүдөңкү ушул жигиттен.
Тагдырды болжоп болобу,
Батпайын бекер күнөөгө.
Турмуштун болбой коногу,
Жанымды салдым бүдөөгө.
Күчүк жөнүндө ыр
Сары күчүк сереңдеген
Шыйпаңдайсың, жалайсың.
Кыңшылаган үнүң да жок,
Неге муңдуу карайсың.
Борс-борс үрүп кана электе,
Балалыктын ойнуна.
Чүнчүп, ойлуу тунжурайсың,
Башың катып койнуңа.
Ачка эмессиң, жайың жылуу,
Неден жаның күймөлдү.
Санаам тынбай сапырылган,
Сездиң бекен дүйнөмдү.
Башка иттерден запкы көрүп,
Кыйнадыбы жаныңды.
Же адамдын тилин билбей,
Айталбайсың аныңды.
Жай турмуштун жолу башка,
Жандан өтөт көйгөйү.
Кичинесиң, өзүңдү ойло,
Не кыласың өзгөнү?!
* * *
Муздак шамал чыйрыктырып денемди,
Муздак ойлор кармаса да кишендей.
Мени сүйгөн өңдүү сүйүп бирөөнү
жана мендей көрөрүңө ишенбейм.
Көк деңиздин кеңдигинде бүлбүлдөп,
Горизонтко кирген өңдүү жел кеме.
Карааныңды карегимден жашырып,
Кайтып кеттиң кут төгүлгөн жергеңе.
Акыл-эсти укпас кездин соңунда,
Бул дүйнөгө келген менен жакындап.
Бузбаш үчүн бир «өлкөнүн» тынчтыгын,
Калдың менин жана сенин жатыңда.
Көнбөсөк да жазганына тагдырдын,
Кирдүү көңүл бирде түнт да, бирде шок.
«Аман бол, – деп, – айланайын алыстык!» –
сагынуудан бөлөк бизде айла жок.