ӨМҮР ӨТӨТ БИЛИНБЕЙ
(Эссе)
1984-жылдан Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим, ошол эле учурда Кыргызстан театр ишмерлер союзунда чыгармачылык боюнча секретарь болуп иштегеними айткам. Институтта белгилүү театр изилдөөчү, искусство илимдеринин кандидаты Жүкүн Иманкулов сабак берчү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди изилдеген докторлук диссертациясын жактоонун аракетинде жүргөн кези. Жүкүн Иманкулович экөөбүз жолуккан жерде театр, драматургия, режиссура, артисттер жөнүндө пикирлеше кетмей жакын санаалаштыгыбыз бар эле. Менин пьесаларым боюнча коюлган спектаклдерди талдап, макалаларын жарыялаган. Аларды сүйлөшчүбүз.
1988-жылдын апрели. Күн жылуу. Жүкүн Иманкулович экөөбүз институттан чыгып, жөө бастык. Жолдо баратып, жыл аягында Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдык юбилейин демейдеги бири-биринен айырмасы жок шаблон мааракелерге окшоштурбай кызыктуу, өзгөчө өткөрсөк деген тилек айтып, Чыкемин чыгармалары боюнча кайсы өлкөлөрдө спектаклдер коюлганын сурадым. Жүкүн байкенин билбегени жок экен: кайсы өлкөнүн кайсы театрында кайсы режиссер эмнени, кандай койгонун, сүрөтчүсү ким, кирди-чыкты «майда» ролдон башкы каарманга чейин аткарган артисттердин аты-жөнүн ийне-жибин калтырбай саймедиреп, оозуму ачырган. Өтө мыкты спектаклдер деп Якутияда А. Борисов койгон «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттү», Вильнюс жаштар театрында Э. Некрошюс койгон «Кылым карытар бир күндү» атаган. Якуттардын спектакли СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Сыйлыкка якуттарды грузиндер көрсөткөн. Жүкүн байке Москванын, Казакстандын, Ленинграддын, Германия, Украина, Польша, Болгария, Өзбекстан, Тажикстандын театрларында ийгиликтүү коюлган спектаклдерди санап өттү. Кыргыз театрларынын бардыгында режиссерлор Ж. Абдыкадыров, Б. Ибраев, М. Назаралиев, В. Пази, А. Абдыкалыков, Э. Токтогулов, А. Дыйканбаев, Т. Сатаровдор Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын бир эмес, бир нече ирет сахналаштырганын көрүп-билип жүргөнбүз. Ош кыргыз драма театрында И. Рыскулов даярдап койгон «Ак кеме», «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» спектаклдери актерлук ансамблдин жуурулушкан жагымдуулугу жагынан, режиссерлук ойдун терең жана философиялуулугу жагынан болобу, бардык жагынан бийик деңгээлдеги, стили жаңы, профессионал чыгармалар болчу. Калый Молдобасановдун «Саманчынын жолу» балет-ораториясы совет музыка дүйнөсүндөгү жаңылык, зор окуя болгонуна сыймыктанып жүргөн чагыбыз. Балетмейстр Уран Сарбагышевдин хореографиялык фантазиясынын байлыгы, Толгонайдын ролундагы Айсулуу Токомбаева менен Рейна Чокоеванын таланты бий аркылуу көрүүчүнү согуштун каардуу азап-тозогуна алып кирип, күйүт менен үмүттү, жоготуу менен кайратты жүрөккө жеткире баяндаганы кыргыз балет өнөрүнүн салтанаты болду. Төртөө тең СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары наамына татып, мекендештерин кубантты.
Жогорудагыларды маалымат иретинде гана айтканым жок. Элибиздин, мекенибиздин атын дүйнөгө жагымдуу угузган кыргыз жазуучусунун чыгармалары өзүбүзгө гана эмес, төгөрөктүн төрт бурчуна жетип, союздук республикалардын бардыгында, чет өлкөлөрдүн театрларында байма-бай коюлуп жатканы, албетте, улутубуз үчүн чоң сыймык. Бирок ошого эле корстон болбой Чыкемин чар тараптагы мыкты спектаклдерин катыштырып, театр фестивалын өткөрсөк, Айтматовдун 60 жылдык мааракеси өзгөчө оригиналдуу да, барктуу да болуп, элибиздин кадыры кошо көтөрүлмөк деп кыялдандык.
Фестивалда дагы бир олуттуу маани бар эле. Ал мындай. Айтматовдун атагын көрө албагандар болду бизде. Алар элден эмес, жазуучулардан чыкты.
1958-жылы Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы (он күндүк) өттү. Андагы талкууда борбордун белгилүү сынчылары, дөө-шаа адабиятчылар «кыргыз совет адабиятынын негиздөөчүсү» деген статусту ээлеп жүргөн жазуучубуз баштаган аттуу-баштууларды «элес албай» адабиятка кечээ эле аралашкан Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын кенен-кесири сөзгө алып, талантын «көкөлөтө» мактагандары аттуу-баштууларыбыздын баарын болбосо да, далайынын куйкасын куруштуруп, түйшүккө салган. Мактоону Айтматовго ыраа көрбөдү алар. Айрыкча, «Жамийла» повести жарык көрүп, аны Луи Арагон француз тилине которуп, даңазалуу баа бергени аттуу-баштууларыбыз Айтматовду идеясы калпыс, улуттук үрп-адатты, салтты урматтабаган, совет адабиятынын талабына жат көз караштагы автор деп айыптаганга чейин барышты. Айтматовду адабияттын төрүнө өткөрбөөнүн эле далалаты дешке болбостур муну?! Албетте, бу жагы да бар дечи. Кайсы жыл экени эсимде жок. Болжолу 1962 же 1963-жыл болушу мүмкүн. Азыр «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана» редакциялары турган имаратта Фрунзе шаарынын партия комитети иштечү. Анын жыйындар залында эки күн бою кыргыз жазуучуларынын чогулушу өткөн. Чогулушка Москвадан Лениндик сыйлыктын лауреаты, белорус акыны Петрус Бровка жетектеген он жазуучу катышкан. Жыйын «Кыргыз адабиятынын абалы» деп аталганы менен, чындыгында, Чыңгыз Айтматовдун эле айланасында сөз жүргөн. Айтматов а кезде «Правда» гезитинин өз кабарчысы болчу. Москвадан келген жазуучулар, маселен, эсимде калгандар Василий Аксенов, Эдуар Шим, Петрус Бровка, айтор, сүйлөгөндөр бири калбай Айтматовдун талантын, чыгармачылыгын абдан жогору баалаган. Ошолордун көзүнчө А. Токомбаев: «Айтматов жазуучу эмес, бар болгону журналист» – десе, Н. Байтемиров сөөмөйүн бурамадай өөдө-төмөн соймоңдото: «Бейшеналиев идет вверх, Айтматов идет вниз», – деп табалап сүйлөгөн. Байтемиров кийин Айтматов менен жакын мамиледе болуп, Токомбаев менен саламдашпай калган. Себеби мага түшүнүксүз.
Жыйналышты Борбордук партия комитети уюштурганбы, Жазуучулар союзунун жетекчилигиби – кимиси уюштурганын билбейм, андай-андай менен ишибиз деле болчу эмес жаш чагыбызда. Жазуучулардын пленуму, конференциясы, чыгармачылык жыйыны болот десе, бара берчүбүз. Ошол жыйында Ашым Жакыпбеков, Мар Байжиев үчөөбүз Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бетин», «Жамийласын», деги эле көз карашындагы, чыгармачылыктагы прогрессивдүү өзгөчөлүктү, позициясын жактап сүйлөп, укуругу узун бийликтин каарына калганбыз. Биз курактуу дагы эки кесиптешибиз Айтматовду чын ниеттеринен жактап сүйлөгөн болчу. Кыйла жыл өтүп, Айтматовдун атагы мурдагыдан да асмандап турган учурда, «жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» дешкенби, Айтматовду каралаган макалаларды жазып жиберишти. Буларды «кайсы кара теке сүздү» деп отуруп калдык. Чыкемин аларга каяша шекилдүү жооп кайырбаганы туура болду.
Жыйында Кеңешбек Асаналиев, Камбаралы Бобулов да Айтматовду жактап сүйлөгөн. Кеңешбек Асаналиев айтканынан кайра тартпаган өжөр, билими терең адабиятчы эле. Айтматовдун «кесепетинен» өмүрүнүн көбүн жумушка орношо албай кыйналса да, кыйналганын билгизбей, «Чыңгыз, мени колдоп кой» деген сымал доомат артып догурунбай намыстуу жашады. Камбаралы Бобуловду Айтматов өз ордуна «Правда» гезитинин кабарчысына орноштуруп, сактап калды. Чыкеми ошол жыйналышта бизден улуу жазуучулардан Олжобай Орозбаев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуевдер колдогон.
Сын болбосо – өсүш жок. Кара кылды как жарган калыс, адилет, адамгерчиликтүү, а түгүл, сөзсүз, профессионал сынга адабият да, театр да, айтор, көркөм өнөр бүт тейден сүрөткерлери менен бирге дайым муктаж. Жазуучунун душманы жазуучу эмес, ошону түшүнгөндөн түшүнбөгөнүбүз көп. Жазуучунун душманы – анын ич тарлыгы, көрө албастыгы, таланттууларга бут тоскон карасанатайлыгы, муну да түшүнмөксөн болобуз кашайып.
Жүкүн байке экөөбүз сүйлөшүп баратып, ушуларды да эстеп өттүк.
Фестиваль оюбуздан чыкпады. Ыгы келген жерде бу маселени мен козгой турган болдум.
Кыргыз ССР Маданият министерствосунун коллегиясына Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгынын урматына театр фестивалын өткөрүү жөнүндө сунуш киргиздим. «Идея абдан жакшы, бирок фестиваль өткөрүш үчүн көп акча, чоң каражат керек, андай каражат жок» деген жооп алдым.
Чынын айтсам, башка жоопту күткөн деле эмесмин. Юбилейди, эч болбогондо, Чыкемин чыгармаларындагы каармандарды катыштырган театрлаштырган жүрүш менен баштагыдай бололу деген максатта «Адам аты» деген сценарий жазып койдум. Фестивалга каражат табылбасы Маданият министерствосунун коллегиясында айтылса деле, эмнегедир фестиваль өтчүдөй сезим көңүлүмөн чыкпады.
Жарыктык Чоңкой энем айтчу эле: «Бексултандын колдогону бар, жолдуу», – деп. Бала чагымда муну жөн эле бир кеп көрүп, Чоңкой энеми эркелете «шылдыңдап» күлчүмүн. Жашым өөдөлөгөн сайын ал сөздүн мааниси бардай сезилет мага. Бекер айтпаса керек дейм. Бу саам ушу божомолум туура келгенсиди. СССР Маданият министерствосунун Көркөм кеңешине чакырылдым. 1979-жылдан бери Кеңештин мүчөсү болчумун. А жерде СССР Театр ишмерлер союзунун председатели, атактуу театр жана кино актеру Кирилл Лавровго жолугуп учураштым. Кыргызстан театр ишмерлер союзундагы ишиме байланыштуу мен ага баш ийчүмүн. Лавров ал-жайыбызды сурап, аркы-беркини бир аз сүйлөштүк. Мен: «Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдык юбилейине театр фестивалын өткөрөлү деген оюбуз бар эле, бирок акчабыз жок отурабыз» – десем, Кирилл Юрьевич:
– Айтматовдун чыгармалары боюнча фестивалбы, же?.. – деп тактап сурады.
– Ооба, Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган спектаклдердин фестивалы. – Жүкүн Иманкуловдон уккан спектаклдердин бир тобун, өзүм көргөндөй, санап жибердим эле, Михаил Ульянов да жаныбызда болчу, Лавров экөө бирдей тең жарыша кубанып:
– Прекрасно! Замечательно! – деди.
Көрсө, мен атаган спектаклдерди алар көргөн экен.
– Акчаны мен берем! – деди Лавров.
Фестивалга жардамдашарын РСФСР Театр ишмерлер союзунун председатели Михаил Ульянов да айтты. Менимче, РСФСРдин карамагындагы театрлардын фестивалга келим-кетим, тиги-бу чыгымын Ульянов жетектеген Театр ишмерлер союзу көтөрдү окшойт.
Маданият министерствосундагы көркөм кеңештин жыйналышы аяктаганда, Кирилл Юрьевич Лавров мени өзү жетектеген СССР Театр ишмерлер союзуна ээрчитип барды. Анда иштеген үч эксперт кызга тааныштырды да, бир да өтүнүчүн калтырбай акча-тыйынына чейин оң чечкиле деген тапшырмасын берди. Кыздар менен оңой эле тил табыштык. Фестивалды Фрунзе шаарында «Айтматов жана театр» деген мааниде бүткүл союздук статуста өткөрүүнү макулдаштык.
Мен Фрунзеге келерим менен фестивалды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түздүк. Жетекчилигине белгилүү театр ишмери Шеримбек Шаршеев дайындалды. Ал Жүкүн Иманкуловдон зарыл маалыматтарды алып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын койгон Советтер Союзундагы, чет өлкөлөрдөгү театрларга чакырууларды, фестиваль жөнүндө түшүндүрмөнү жөнөтүү, дагы башка уюштуруу иштерди тейлештирүү жагын колго алды.
Сентябрь айынын ортосунда СССР Театр ишмерлер союзундагы үч эксперт кыз Москвадан келип, уюштуруу, реклама жумуштарыбызга колкабыш кыла баштады.
Фестивалдын штаб-квартирасы «Ысык-Көл» мейманканасында орношкон. А жерде 1988-жылдын 25-октябрында фестивалга келген театрлардын өкүлдөрү, журналисттер менен пресс-конференция өткөрүп, фестивалдын графиги менен тааныштырдык, расписаниесин, программасын тараттык. Чыкем өзү катышып отурду. Пресс-конференцияга байланыштуу анча-мынча кабар, андагы сүрөтүбүз «Советтик Кыргызстан» гезитинин 27-октябрдагы санына жарыяланган. Расмий чиновниктерден Партиянын Борбордук Комитетинин бөлүм башчысы Р. Абдысаматова карамагындагы кызматкерлери А. Токтосартов, К. Акматов үчөө гана катышып, жетекчи аттуулардан эч ким келген эмес. Мүмкүн, жоопкерчилиги оор деңгээлдеги фестивалды өткөрүү «кантип ушулардын колунан келсин, бөөдө уят болбойлу» деп, бизге ишенбегенден сактанышкандыр? Сактанса-сактанбаса да болор иш болду, келчүлөр келип, фестиваль жолго чыкты.
Пресс-конференциянын эртеси театр изилдөөчүлөр, сынчылар, окумуштуулар, советтик жана чет өлкөлүк журналисттер, адистер, режиссерлор, драматургдар, жазуучулар, көрүүчүлөр менен Чыңгыз Айтматовдун эки саатка созулган кызыктуу жолугушуусу болду. Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залы жык толду. Биринен бири бүйүр кызыткан суроо-жооптор! Чыкемин интеллекти, билиминин, ой жоруусунун тереңдиги моокумуму кандырган. Анын адам жөнүндөгү, адамдын жашоодогу орду жана милдети жөнүндөгү, адабият менен искусствонун ролу жөнүндөгү, бийлик менен жарандардын ортосундагы мамиле жөнүндөгү, байлык, кедейчилик жөнүндөгү, пейил, ниет, ыйман жөнүндөгү мурда эч ким айтпаган же айта албаган, бирок көпчүлүктүн көңүлүндө жүргөн социалдык курч философиялуу, публицистикалык, гуманитардык, экологиялык проблемаларды жалпы адамзаттык масштабга жеткире чечиле маек курганынан модератор (алып баруучу) милдет аткарып отуруп, чексиз ырахат алган элем. Ырахатка баарыбыз батканбыз ошондо. Жолугушуудагылар Чыкеми кетиргилери келбей отуруп алганда, кийинки программага үлгүрбөй каларыбызды какшап атып, жыйынды араң жапкам.
Ошо күнү түштөн кийин саат бештерде филармониянын маңдайындагы эстеликтердеги Манас, Бакай, Каныкейдин, атактуу манасчылардын духун караан тутуп, кыргыздын айтылуу төкмө акындары Чыңгызды, Чыңгыздын чыгармачылыгын ырга кошуп шаңшыса, жарашыктуу кийинген кыз-келиндер көйкөлө бийлеп, Айтматовдун каармандарын катыштырып театрлаштырылган жүрүштү азыркы Чүй проспекти менен шаардын борборун көздөй узатышты: арабада Жамийла менен Дүйшөн, Гүлсары атын чайпалтып Танабай, Каранарда Эдигей, биринчи мугалим Дүйшөн окуучу балдар менен баратты. Театр каармандарынын катарында көрөрмандар да бар эле.
Жүрүш Кыргыз драма театрына жакындаганда, андан Айтматовдун каармандары келаткандарды боорсок, нан, суусундук менен тосуп чыгып, анан өздөрү да жүрүшкө кошулуп, орус драмтеатрына бет алды. Жүрүш андан ары Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына жетип, а ченде күтүп турган Чыңгыз Айтматовдун өзүнө урмат көрсөтүп, Чыкемин баштоосунда театрга кирди. Зал толтура дүркүрөгөн кол чабуулар узакка созулду.
Оркестр ойноп, «Саманчынын жолу» балет-оратория бүткүлсоюздук «Айтматов жана театр» фестивалынын чыгармачылык программасын баштады.
Токтогул Сатылганов атындагы филармониядан Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы «Саманчынын жолуна» чейинки театрлаштырылган жүрүш «Адам аты» деген менин сценарийимин негизинде уюштурулган. Филармониянын, Кырдрам, Орусдрамдын, Опера-балет театрынын алдындагы эпизоддордун ар бирин өз-өзүнчө даярдап, жүрүшкө кошулуу жөрөлгөсүн жөнгө салган режиссерлору болгон. Эпизоддордун кыска мөөнөттө өтүп кетерине карабастан жоопкерчилик сезим, чыгармачылык намыс аларда жогору болгону ыраазы кылган бизди. Ушуга мисал. Опера-балеттин алдындагы эпизодду Мээр Ахунбаев даярдаган. Залда орун жок, тышта жардап тургандар режиссердун көздөгөнүн бузуп ээ-жаа бербей, жүрүштөгүлөргө аралашып кеткенде, Ахунбаев чый-пыйы чыгып: «Товарищи! Соблюдайте дисциплину! Вы нарушаете мероприятие!» – десе, гезитке: «Ахунбаев праздник дегендин ордуна мероприятие деп, фестивалдын баркын түшүрдү» деген сын жазылган.
Фестивалдын баркы андан түшкөн эмес. Фрунзедеги театрлардын бири калбай эки жума бою спектакль көрсөтүп, шаар калкына, меймандарга майрам тартуулап турду. «Ысык-Көлдүн» ресторанга ылайыкталган тегерек залын бошоттуруп алганбыз. Ошо жерде спектаклдерди талдоо, чыгармачылык пикирлешүү фестиваль аяктаганча күн-түн өксүбөдү. Ырдап, бийлеп дегендей көңүл ачуу да болду анда. «Айтматов жана театр» фестивалы сүрөткерлер менен сүрөткерлерди тааныштырды. Элдер менен элдерди, театрлар менен театрларды, маданият менен маданиятты, көз караштар менен көз караштарды жакындаштырып, көркөм өнөрдүн өнүгүшүнө ченебегендей дем берди. Фестивалдын катышуучулары ара-чолодо өнөр жай ишканаларда, окуу жайларда, колхоз-совхоздордо эстен чыккыс жолугушууларда болуп, кыргыз элинин жайыл дасторкон, жаркылдаган меймандостугуна кумарланды. Элде эстетикалык дымак көтөрүлдү. Көңүл эргиген күндөрдү өткөргөнбүз.
Чет өлкөлөрдөн катышкан театрларды эске алсак, фестивалдын статусу «бүткүлсоюздук» дегендин ордуна «эл аралык» деген даражага туура келмек. Кеп анда деле эмес, сапаттуу мазмунунда. Чыгармачыл изденүүсү, табылгасы көрүүчүнүн эстетикалык моокумун кандырбаган ортосаар спектакль фестивалда болгон жок десем жаңылбайм. Реалисттик ыкмада болобу, авангарддык деген сымал шарттуу формада коюлабы, спектаклдеги окуя, тагдыр, мүнөздөр, актердук ансамбль драматургияны бузбай сахналык каражаттары көркөм ойдун философиясына, эстетикасына жооп берип турса, көрүүчү сырткы формасына карабай спектаклди жактыра берерине күбө болгонбуз. Мыкты спектаклдердин баарын санап отурбайын. Якуттардын А. Борисов койгон «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» спектакли, Э. Некрошюстун Вильнюс жаштар театрындагы «Кылым карытар бир күнү» чынында эле Жүкүн Иманкулович айтканчалык бар экен, фестивалдын көркүн ачты бул спектаклдер. Кыскасы, «Айтматов жана театр» фестивалындай руханий майрам мурда болгон-болбогону эсибизде жок дегендей суктануулар айтылган эле.
Фестивалдан кийин атагы ааламга кеткен Айтматовдой таланттууларды көрө албаган пендечилигибизден арыла алдыкпы же «уйга жүгөн саларбы, үйрөнгөн адат каларбы» болуп өмүрдү өткөрүп келатабызбы?!
Фестивалдын чыгымын көтөрүп, демилгебизди колдоп берген Кирилл Юрьевич Лавровго миң мертебе ыраазыбыз.
Бу сыяктуу театр фестивалды салтка айлантып, дайым өткөрүп туралы деген жакшы сунуш, пикирлер айтылган болчу. Айткан оңой, бирок айтканды аткарыш оңой эмес экен. «Айтматов жана театр» фестивалы аяктаган соң сегиз жылдан кийин гана «Чехов жана театр» фестивалы уюштурулуп, ошондон бери Россияда өтүп келатат. Демек, Чыкебиздин атын алып башталган театр майрамынын жашоосу үзүлбөй үлгү катары уланды деген кеп бул.
Бүткүлсоюздук «Айтматов жана театр» фестивалы филармонияда салтанаттуу жабылмак. Ошол күнү Өкмөт башчынын кабылдамасынан мага телефон чалып: «Апас Жумагулович сизди жабылуу салтанаты башталарына жарым саат калганда филармониядан күтөт», – деди. Демек, «фестивалды ийгиликтүү өткөргөнүбүзгө бийлик ынанган экен» деген ойдо болдум.
Чыңгыз Айтматов жөнүндө сөз кенен айтылган жок. Дагынкысы дагы бар.
* * *
Кыргыз байыркы калкпыз. Кылымдарды карыткан бай тарыхыбыз бар. Байыркылыгыбызда талаш жок азыр. Мындан ары да тек-насилибиз унутулбай кыргыз көчү байсалдуу уланса экен деген тилегибиз чоң. Тилек өзүнөн өзү ишке ашпайт. Байлыгы ашып-ташкан ач көз зор өлкөлөрдүн алкымына жутулуп кетпес үчүн, бүт ааламды курчап бараткан азыркы доордун бороон-чапкынында жок болуп кетпес үчүн биздей космоско ракета учурбаган, атом бомба чыгарбаган саны аз калктын коргонуп калар куралы бардыр? Албетте, бар. Ар кандай табышмактын жандырмагы бар да. Болбой койбойт. Ал курал – эне тилибиз!
Калкыбызды байыркы доордо эле кыргыз деген ат менен жарыкчылыкка тилибиз тааныткан. Тил болбосо адам менен айбандын, адал менен арамдын айырмасы кантип аныкталмак? Тил болбосо күн менен түндүн кооздугу кантип сүрөттөлмөк? Тил болбосо ашыктык отун эмнеге теңемекпиз? Азаттык ыры тил болбосо ырдалат беле? Тил болбосо санжыра, тарыхыбыз урпактарга кандайча жетмек? Тил болбосо Манас баатыр баянын кантип жаратып, кантип айтмакпыз? Дегеним, тилибиз барда кыргыз бар!
Тил гана руханий дөөлөттөрүбүздү, салт, наркыбызды маданият жана жүрүм-турум маданияттуулугубузду көркүнө чыгарып, дүйнө элдерине жагымдуу да, кызыктуу да көрсөтүп, кыргыздын баркын көтөрөт. Ошондо бороон-чапкындан соо калышыбыз мүмкүн.
Улуу эпосубуз «Манаста» тил «сөз» деп айтылат. Төрт-беш сап мисал келтирейин:
Арбын жомок, толгон Сөз,
Ат көтөргүс болгон Сөз.
Арсыздарга токтолбой,
Азамат эрге конгон Сөз.
Белес, белден, бороондон
Беш удургуп өткөн Сөз.
Баласына атасы
Мурас кылып кеткен Сөз.
Жазуу жок кезде эне тилди көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп келген ата-бабабыздын ыйык мурасына, кийинки кыргыздар, жоопкерчилигибиз кандай?
Кыргыз тилинин тагдыры тайкы абалда калган заманды баштан өткөргөн учурубуз болгон. 1958-жылы университетти бүтүп, медицина институтунда кыргыз тил мугалими болдум. Орус тилдүү он сегиз группага сабак берчүмүн. Андагы студенттердин тең жарымдайы кыргызча билчү, түшүнчү, сүйлөчү. Дагы бир кыйласы кыргызча түшүнүп, сүйлөгөндөн уялчу. Кыргызча билбегендер көп деле эмес болчу. Ошо бойдон кыргызча окутуп кете бергенибизде кыргызстандыктар эмгиче жапа тырмак кыргызча сүйлөп калмак. 1961-жылы кыргыз тил сабагы орус мектептерде, техникум, институттарда окутулбай тыйылып калган соң кыргызча чала билгендерди мындай коёлу, таза сүйлөгөндөр да тез эле кыргызчаны унутуп сүйлөбөй, сүйлөсө да аз сүйлөп калышкан. Жалаң кыргыз отурган жыйналыштарды орусча өткөрүп дердеңдегенбиз. Илгери мектептеги, университеттеги комсомол жыйналыштарынын чечимин кыргызча чыгарчубуз. Арыздар, өмүр баяныбыз, «иш кагаздар» бардыгы кыргызча жазылчу. Анан баары орусчага өтүп, кыргызча кандай жазышка акылыбыз жетпей эне тилибиздин келечеги бүдөмүктөп байкуш болуп баратканда «перестройканын» шарапаты менен кыргыз тилин мамлекеттик тил даражасына көтөрүү жөнүндө сөз козголуп, күндөн күнгө күчөй берди.
1989-жылы жайында Ак үйдүн биринчи кабатындагы залга мамлекеттик тил закону боюнча комиссияны чогултушту. Окумуштуулардан, чыгармачыл союздардан, юристтерден, коомдук ишмерлерден, кыскасы, бардык тармактардан куралган комиссияда 60 киши экенбиз. Залга кире берерде каттоодон (регистрация) өткөрүп, колубузга закондун орусча долбоорун карматышкан. Кыргызча жазылбаптыр.
Төрагабыз Медеткан Шеримкулов жыйынды ачты. Мамлекеттик тилдин маанисине бир аз токтолду да:
– Урматтуу жолдоштор, мамлекеттик тил законунун колуңарда турган долбоорун колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм, – деди.
Өңгөнү билбейм, «колдоп бергиле» дегени мага кызык угулду. Таңыркай түштүм, талкуулатпай эле «колдоп бергиле» дегени эмнеси, же закон бекитүүнүн жол-жобосу ушундайбы?
Мен жеке эмес экем, мага окшоп таңыркагандар четтен чыкты.
– «Колдоп бергиле» дегениңиз кандай? Окубай кантип колдойбуз? – десек, Шеримкулов орусча-кыргызчалап, академик Бүбүйна Орузбаева жетектеген «рабочая группа» түзүлгөнүн, законду алар үч жолу оңдоп-түздөп ийине жеткире иштеп чыкканын мээбизге куйса да «түшүнүгүбүз» жетпеди. «Рабочая группанын» иштеп чыкканына макулбуз деп, «түшүнүгү» жеткендер да болду. Тил тагдыры – эл тагдыры. Аны дүңүнөн үстүртөн чече салып басып кетсек, кайсы кудайга жагат?! Же эл тагдырын тил-пили менен кошуп туруп, урганым жок дегендер барбы арабызда?! Кантип эле ошондой болсун?! Мүмкүн, «аки-чүкүгө» аралашкыбыз келбегендерди илээндилик, кайдыгерлик мойнубуздан байлап, жетелеп алгандыр?! Балким, кыргыз тилинин мамлекеттик тил даражасына көтөрүлгөнүн каалабай, закон чийки кабыл алынса, иштебей жата берерин билген олуялар да бардыр арабызда?! Кыскасы, Шеримкуловдун «колдоп бергиле» деген өтүнүчүн колдогондор менен колдобогондор бир топ кыжылдаштык. «Окуп чыгалы. Таанышалы» дегендер көптүк кылдык.
– Комиссияны кол көтөртүп алып, таратып жибериш үчүн эле түздүңөр беле?! – дегенибиз Шеримкуловго таасир эттиби же өзү эле түшүндүбү, бир жума окуп келмей болдук.
Бир жумадан кийин Ак үйгө кайра чогулдук.
Закон даяр эмес экен. Бу боюнча кабыл алынса, кыргыз тили «мамлекеттик» деген атка ээ болгону менен өнүкпөй эле тушалып калмак. Ысыктын күнүндө долбоорду талкуулап, бир айга жакын тирештик. Жаман-жакшы көрүштүк. Талкууда катуу чырылдашкандардын катарында болдум. Студент кезимде мени жакшы көргөн орус агайларым саламыма алик албай калгандары эсимен чыкпайт. Закондун долбооруна оңдоп-түзөтүүлөр көп болду. Айрыкча сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырган «и» жана «или» баштан аяк орун алыптыр. Ошого байланыштуу мындай пикир айткам: «Если в Законе сохранить связки «и», «или», то киргизский язык не будет действовать. Будет действовать тот язык, который до сих пор активно функционировал. А у нас активно функционирующим является русский язык. В результате так называемый «государственный» киргизский язык останется всего лишь бумажным тигром». Чоң-кичинеси болуп, он алты сунушум өткөн, кагаз-кугаздарымын арасында жүрсө керек. Бирөөнү мисал келтире өтөйүн. Канчанчы статья экени эсимде жок, анда мындай жазылган: «На территории Киргизской ССР сессии, съезды, конференции, пленумы, собрания проводятся на государственном или русском языках». Аны мен мындайча оңдоп сунуштагам: «На территории Киргизской ССР сессии, съезды, конференции, пленумы, собрания проводятся на государственном языке. (Точка.) При необходимости обеспечивается синхронный перевод на русский язык». Бу сунушуму комиссия жактырган.
Ачуу-таттуу, өөдө-төмөн, жөндүү-жөнсүз талаш-тартышты канча бир күн катары менен чыдап угуу оңой эместир. Медеткан Шеримкулов көтөрүмдүүлүк менен чыдады. Адеп келгендегисиндей чапчаңдык кылбай талкууну оор басырыктуу башкарган эле.
Комиссия иштеп бүткөндө, Мамлекеттик тил законунун долбоорун Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясы жактырганда гана күчүнө кирет. Комиссия мүчөлөрү сессияга чакырылат дешти. Чыдамсыздык менен сессияны күттүк. Бирок эмнегедир сессиянын болор-коёру белгисиз созулуп кетти. Мамлекеттик тил законунун долбоору Жогорку Советтин Президиуму тарабынан сессиянын күн тартибине киргизилбегендиктен сессия чакырылбай жатканын кулагыбыз чалды. Көрсө, сессияга тил маселесин жолотпоо ошол кездеги кыргыз бийлигинде чоң кызматтарды ээлеген орус төбөлдөрдүн шымалана киришкен айла-амалы экен, чын-бышыгын кийин билдик.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели Акматов Таштанбек анда. Орун басары Гусев Константин Борисович болчу. Мамлекеттик тил законун Жогорку Советтин күн тартибине киргиздирбөө милдетин Гусев өзүнө алат. Ал Акматовду кайра-кайра коркутуп, көргүлүктү көрүп каларын далай эскертет. Гусевдин таянган тоосу бийик болгондуктан кыргыз жетекчилерибиз ага батынып айбат көрсөтө албай, Таштанбек Акматовду «өзүңүз билиңиз» дегенчелик кылышат. «Көргүлүктү көрсөтсө, көп болсо кызматтан түшүртөр, кызмат атаман калган энчи беле. Көнгөн малымы бага берем», – деп, Жогорку Советтин Президиумунун чечимин чыгарып, Мамлекеттик тил законун сессиянын күн тартибине киргизип, Закондун закондуу жактырылышына жол ачкан Таштанбек Акматов болгонун элдин баары биле бербес?
Акматовдун ошондогу эрдиги болбогондо, Мамлекеттик тил закону кабыл алынат беле, жок беле, же Жогорку Советтин (кийин Кеңештин) сессиясында талкууланбай чексиз мөөнөт жата берет беле, бир Кудай өзү билет.
Мамлекеттик тил законун кабыл алган Жогорку Советтин сессиясына комиссия мүчөлөрү катышканбыз. Дүйнөдөгү эң бактылуу элдей сүйүнгөнбүз ошондо! Төбөбүз көккө жеткенче сыймыктанганбыз ошондо! Тилибиздин баркы көкөлөп, көздөгөн үмүт-тилегибиз тез эле ишке ашчудай кыялданганбыз ошондо!
Тилекке каршы, андай болбоду. Мамлекеттик тил законун колдомок түгүл, ага каршы чыккандар орус тилдүүлөрдөн эле эмес, кыргыздардан да тыйылбаганда Кыргыз Республикасынын Президенти 2004-жылы Жогорку Кеңешке Мыйзамдын айрым беренелери өтө жумшартылган жаңы долбоорун сунуштаган экен, Жогорку Кеңештин сессиясына филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаева, филология илимдеринин доктору Токтосун Ахматов, кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков, мен – төртөөбүз чакырылдык. Бизди талкууга катыштырабыз деп коюп, катыштырышкан жок. Мыйзамдын бул варианты деле орус тилдүү жарандарыбызды мурдагыдай эле тынчсыздандырса, айрым кыргыз депутаттарга да жакпаптыр. Алардын максаты Мамлекеттик тил мыйзамына Президент вето коюп салса деген ниет экени байкалып калды. Ошондо жазылган «Кыргыз тили ушунчалык эле жараксыз тилби?» деген макаламы («Кыргызстан маданияты», № 3, март, 2004) анча-мынча кыскартып, жарыялап коюуну эп көрдүм.
«Элдин эл экенин билгизип да, сактап да жүргөн бирден бир кудуреттүү белги улуттун тили экенинде талаш жоктой. Буга баары эле макул болгонсуйт. Айрыкча парламентке шайланууну ак эткенден так этип эңсегендердин бири калбай кыргыз тилинин «мамлекеттик тил болушуна» каршы эместигин сүйлөп чыкты. Минтип чын дилинен айткандар болду. Кайсы бирлеринин оозунан бул сөз араң эле чыгып, калп айтылганы байкалып турду. Андайлардын ой жоруу логикасына ишенсек, кыргыз тили жараксыз, жакыр тил деген түшүнүккө моюн сунууга тийишпиз. Мисал келтирейин. Сессияда ооз жүзүндө «кыргыз тили мамлекеттик тил болууга акылуу» демиш болгону менен, иш жүзүндө алардын айткан аргументи теңирден тескери: «кыргыз тили илимдин тили эмес, техниканын тили эмес, дипломатиянын тили эмес, бизнестин тили эмес» делинип, кыргыз тилинин байкуштугу баса белгиленип, а түгүл, «эч качан андай тил боло албастыгын» көрүп-билип койгонсуган «көзү ачыктар» да чыкты. Эгерде тилибиз чын эле алигилер айткандай, «илим, техника» жана башканын тили боло албаса, демек, бүгүнкү жашообузга анын тиешеси аз, жараксыз тил дегенди билгизет! Демек, Кыргызстандын элдерин байланыштырышка кыргыз тилинин чамасы жетпейт дегендик бул! Кыргыз улутундагыларга гана анча-мынча кереги тийбесе, башкаларга эч кереги жок, диалект сымал гана утурумдук а-бу дештин деңгээлиндеги бирдеме дегендик бул! Демек, көңүл улаган гана жоошутма мыйзам сөрөй дегенди билгизет бул!
Болуптур, кыргыз тили жараксыз эле болсун дейли. Анда эмне англис, француз, немис, орус, дагы башка тилдер жаралгандан эле «илимдин, техниканын, аны-мунунун тили» делинип, метрикесин жаздыра түшүппү?! Андай даяр тил болушу мүмкүн да эмес. Кандай гана тил болбосун «илимдин, техниканын тили» деген деңгээлге өнүгүп, өсүп жетилет. Ан үчүн кам көрүлөт, шарт түзүлөт. Шартты бөлөк жактан бирөөлөр келип түзүп бербейт, ал ар элдин өз колундагы, эркиндеги, ар-намысындагы, аракетиндеги, сезиминдеги жумуш. Андай шарттарга окуу куралдарын, китептерди чыгара турган, сабаттуу тың мугалимдерди даярдап жана аларга жакшы айлык төлөп берээр, тилди тез үйрөнүү курстарды ачып жана аларды жабдуу сыяктуу чараларга жумшалчу акча, каражат гана кирбейт. Андай шартка мамлекеттик тилдин юридикалык укуктары, окуп-өздөштүрүүнүн жолдору, жашоо-тиричилигибизде тилдин колдонулушу жана калктын ага муктаждыгы ачык, так, түз баяндалган расмий нормативдик документтер кошулат. Ушу сыяктуу шарттар жолго коюлганда, кажы-кужу чыкпас эле. Бул абал жасалма уу-дууну көздөгөн саясатчыларга гана керек болбосо, карапайым калкка (орус, кыргызына карабай) түк да кереги жок.
Азыр биз 1989-жылы Мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алуунун алдындагы абалды кайра баштап жаткандайбыз.
Тилди өнүктүрүүдө орчундуу да, таасирдүү да, жемиштүү да шарттардын бири – мамлекеттик тилдин улуттар аралык (эл аралык дегеним жок) тил укугуна мыйзам жүзүндө ээ болушунда. Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу өлкөдө улуттар аралык тилдин же тилдердин болору зарыл. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңешке сунушталган мыйзамдын долбоорунда мындай укук орус жана кыргыз тилдерине берилген. Ушундан да «башка улуттардын кызыкчылыгына доо келтирчү» мокочону көрө койгондор болду. Андай экен, эмне үчүн кыргыз улутунун, кыргыз тилинин кызыкчылыгын ойлобойбуз? Чын-чынында, бул долбоор кыргыздын улуттук менталитетинде жакшы тамагын өзү ичип-жебей кудайы конокко сактаган меймандостук пейил-ниетинде жазылган сыпайы, жумшак долбоор. Ошого карабастан депутаттар ал статьяны өткөрбөй, кыргыз тилинин улуттар аралык тил болушуна каршы чыгып жатат.
Эгерде мамлекеттик тил өз мамлекетинде улуттар аралык тил укугуна ээ боло албаса, анда анын эмнеси мамлекеттик?! Андай тил эзели өнүкпөйт, өспөйт, эч качан «илимдин, техниканын тили» болуу деңгээлине көтөрүлө албайт, жарым жандуу, жарты сандуу чалажан бечара бойдон кала берет да, расмий тилдин көлөкөсүнөн чыга албайт. Кыргызстандын аймагында улуттар аралык тил орус тили гана болуш керек деген ураан астында чабуулга аттанган депутаттарыбыз ушуну түшүнбөйт деп ойлобойм. Менимче, сопсонун эле түшүнөт, бирок алар баягы эле совет доорундагы таламды талашып жатат. Ал доордогу бир улутту башка улуттардан өөдөсүнтүп, бир тилди башка тилдерден жогору койгон идеологиялык илдеттен кутула электин, же кутулгусу келбегендиктин кесепети бул. Ал кесепет советтик түзүлүштү жаманатты кылып, жоготуп тынды го! Азыр заман башка, түп-тамырынан бери өзгөрдү. Орус тили бүгүн шериктеш өлкөлөрдүн гана ортосундагы улуттар аралык тил болушу мүмкүн. Ал эми шериктеш өлкөлөрдүн баарында эле баркталышы биздегидей жакшы эмес. Прибалтика өлкөлөрүн мындай коёлу, Украинада «жетекчи кызматтагылар мекемеде орусча сүйлөсө, кызматынан бошотулат» деген мыйзам кабыл алынгандыгын жакында Москва кабарлады. Анын жанында биздин мыйзамдын долбоору кимге кандай кыянаттык кылып жибериптир?! Эгерде кыргыз тили Кыргызстанда улуттар аралык тилдин статусуна ээ болсо, анда аны жакшылап үйрөнүүнүн «азабын» тартып, жан кыйнагандан кантип коркпойбуз! Ыкшоолук, жалкоолук деген балээ, үйрөнгөн ит адатыбыз желкеден басып турса, жан кыйнап башыбыз шишиппи?! Көнгөн эле орус тилинде кылдырай бергенибиз жөн деген түшүнүктө ишибизди илгерилетпей келатабыз. 1989-жылдагы мыйзамдын жарытылуу жылбай келаткандагы себеби да ушу.
Кыргызстанда орус тилине каршы кыргыз жок. Бирок кыргыз тилин кемсинте берсек, мыйзамдуу укуктарына чектөө салсак, каршы болчулар чыгышы да мүмкүн. Андайга жол берип, өчөштүрүүнүн кажети эмне? Орус тили аркылуу өсүп-өндүк, дүйнөлүк маданият менен мамиле түздүк, жаңы өнөр, жаңы кесиптерди үйрөндүк. Деги эле орус тили, орус маданияты кыргыз элинин тагдырында таасири зор улуу байлык. Бирок ошондон улам расмий тил менен мамлекеттик тилди бири-бирине каршылаштырып, улуттук тилибиздин өз укугун, өз ордун кемсинтүүгө, аны арткы катарга жылдырышка акыбыз жок. Бул сөз ир алды депутаттарга тиешелүү, анткени алардын мыйзамды, андагы мерчемдүү статьяларды жактырган, жактырбаганына жараша тилибиз же ары, же бери болот. Өнөт, же өнбөйт. Кудай бизди жалкоолуктан арылтса эле иш оңунда болгон турат. Ал эми кыргызча тил үйрөнүүдөн корккон жалкоолукка «киргиздер» да чалдыккан, ошондой эле орус тилдүү башка улуттардын өкүлдөрү да чалдыккан. Алардын тегирменине сууну совет доорундагы шовинисттик талаптан жүрөгү үшүгөн комчиновниктер куюп берүүдө.
Орус тили менен кыргыз тили Кыргызстандын аймагында улуттар аралык тил катары кабыл алынган күндө деле, качан болбосун, кайда болбосун көбүрөөк сүйлөнүп, көбүрөөк колдонулуп жүргөн активдүү тил орус тили болгондуктан, ал дале болсо кыргыз тилинен артта калышы мүмкүн эмес. Дагы далай жыл алдыда жүрө берет.
Орус тили бизде расмий тил. Бирок эмдигиче мамлекеттик тил менен расмий тилдин статустары, укуктары мыйзам түрүндө ачык айтылган эмес. Натыйжада, расмий тил мыйзамдаштырылгандан бери орус тили мамлекеттик тилди четке сүрүп салгандыгы бештен белгилүү. Анткени расмий тилдин укугу мамлекеттик тилдин укугунан жогору дегендей түшүнүк менен жашай баштадык. Иш кагаздарын айтпай эле коёюн (алар 1961-жылдан бери орусча жазылып келатат), жөнөкөй эле жыйналыштар, арабызда бир орус отурбаса деле, орусча өтчү болду. Ушундай кырдаалга көнө түшкөндүктөнбү, же башкабы, айтор, тил мыйзамынын (жаңы) долбоору Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында адеп талкууланган учурда эле, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, жанданышына өбөлгө түзөр статьяларды айрым депутаттар жактырбай «мунуңар Конституцияга каршы, расмий тилдин укугун чектеп салат» дегендей доомат айткандары бекеринен эмес. Мамлекеттик тил менен расмий тилдин укуктарынын даана эместигинен болуп жатат бул. Болбосо, мамлекеттик тилдин улуттар аралык тил болушуна кашайып каршы чыгышка эмне себеп, кандай логика бар?
Мамлекеттик тил менен расмий тилдин статустары жөнүндөгү документти, менимче, тил комиссиясы иштеп чыгып, даярдап берүүсү тийиш деген ойдомун. Ошондуктан тил комиссиясына суроом бар: расмий тилдин жанында мамлекеттик тилди эмнеге теңесек болот? Чамасы, ал Англия королевасынын абалындагыдай абалдагы огожо неме го, же расмий укуктары да кенен, тил катары жолу ачык, улуттук сыймык болушу керекпи? Эгерде расмий укуктарга да ээ болсо, анда курултай, сессия, конференция, пленум сыяктуу өзүбүздөгү жыйналыштар гана эмес, чет өлкөлөрдүн расмий делегаттарын куттуктоолор, алар менен сүйлөшүүлөр да мамлекеттик тилде өтүшү зарыл. Айталык, Ирандын, Франциянын, Бразилиянын жетекчилери, же ар кандай деңгээлдеги делегациялары бизге келди дейли, же биздикилер аякка барды дейли, кыскасы, кандай болсо деле, аларга орусча кайрылган менен кыргызча кайрылгандын эч айырмасы жок, анткени алар орусча да, кыргызча да түшүнбөйт. Тилмеч аркылуу мамиле түзүлөт. Ошондуктан мамлекеттик тилде сүйлөсө, кыргызчадан башка тилдерге, башка тилдерден кыргызчага которо билген, бир нече тилде түш жоруган тилмеч жигиттерибиз, кыздарыбыз, кудайга шүгүр, жетиштүү азыр. Жогорку Кеңештин сессиясында дагы бир кызыктай бечел ой айтылды: «Чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө кайрылганда, а дегенде кыргызча бир-эки сөз айтып туруп, анан орус тилине өтүп кетсе, эне тилибиз бар экенин чет өлкөлүктөр билип калат эле» деген. Бул пикирди туура десек, анда баягы эле бечаралыгыбызды моюнга алгандык болуп калат.
Ушул жерде бир мисал келтирүүнү ылайык көрдүм. 1968-жылы Индия океанында Науру деген тырмактай арал эркин өлкө болуп жарыяланды. Ошондо анын аянты 20 гана чарчы чакырым, элинин саны араң 1200 киши экен. Науру Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кабыл алынды, асемине эки кишисин ээрчитип, республиканын жетекчиси үчөө барды. «Науру» деген элдин аты экен, ал элдин «науру» деген өз тили бар экен. Жетекчиси англис, немис, француз тилдерин мыкты билсе да, Бириккен Улуттар Уюмунда науру тилин билген бир да адам жоктугуна карабастан, трибунадан расмий сөзүн эне тилинде сүйлөгөн болчу. Эне тилин, демек, өзүн сактап келаткан намыстуу кымындай элди мен ичимден дайыма урматтайм, адамдарынын өңү, мүнөзү, кыял-жоругу кандай экенин көрүп-билбесем да сыйлайм.
«Кыргыз тилинин азыркы абалында өп-чаптык жайы болуп атканы ырас. Бирок ошондон улам аны жараксыз, келечеги жок тил катары эсептегенибиз, бери болгондо, ойлонбой айтылган ээрчиме пикир. Тилекке каршы, кыргыз тилинин өнүгүшү 1961-жылдан баштап, кан буугандай токтотулган. Жөнөкөй арыздан тарта илимий диссертацияларга чейин кыргызча жазылбай калган. Ошондон кийин жашоо-тиричиликте эне тилибизге муктаждык болбой, өзүбүздүн кыргыздардан эне тилинде сүйлөбөгөн «киргиздерибиз» көбөйдү. Эми «кыргызча билбейт» деп аларды жемелейбиз. Алардын күнөөсү эмес да бул. Тилибизге муктаждыктын жоктугунан ушул абалга жеттик. Тили орусча чыгып, орусча бала бакчада чоңоюп, мектепти, университетти орусча бүтүрүп, кийинки жылдардын ичинде ар-намысына келип, кыргызча тың сүйлөп кеткен ини-карындаштарыбыз да аз эмес. Демек, ышынбай, жалкоолукту жеңип, аракет кылса эле берекет болот экен да. Англис, француз, немис, кытай, жапан дагы башка тилдерге муктаж болгон үчүн кыргыз жаштары айттырбай эле ал тилдерди өз алдынча үйрөнүп алып жатпайбы. Кыргыз тилине да муктаж болуп, тез аранын ичинде үйрөнмөк түгүл, кыргызча таптаза сүйлөп, китеп жазган америкалыктар, голландиялыктар, венгриялыктар, жапандар бар мен билгенден. Ал эми Кыргызстандын аймагында кыргыз тилине муктажсыздыкты кыргыздар өзүбүз түзүп жатабыз.
Кыргыз тилине көңүлү чаппаган жердештерибиз бетине кармаган дагы бир аргументинде: «Жүрө-жүрө дүйнө жүзүндө 3–4 гана тил калат», – дейт. Калса калар, аны кийинки доорлор көрсөтөт. 3–4 тилден башкасы чукул аранын ичинде эле кырылып түгөнө койбос. Тилибиздин өлөр күнүн күтпөй, өмүрүн тилейли, өмүрү үчүн шарт түзөлү.
Эне тилибиз ата-бабадан калган ыйык Мурас! Тил жоголсо, эл жоголот. Руханий байлыгын кастарлагандын ордуна дүнүйөкордукка ооп кеткен эл бирди көрөт. Ал эми руханий байлыкты сактачу асыл сандык – тил экенин унутпасак!..»
Жогорку Кеңештин 2004-жылдын жазындагы сессиясында мамлекеттик тилди кемсинткен депутаттардын куу чечендигине каршы алиги макаламы «Бишкек таймс» гезитине тапшырып коюп, «Манас» эпосуна байланыштуу маанилүү маселе боюнча Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артышка жөнөп кеткем. Мен аяктан келгенче макаланы «Кыргызстан маданияты» жумалыгы да көчүрүп басыптыр. Нуралы Капаров жетектеген жумалыктын редакциясы макаланы Жогорку Кеңешке жеткирип берген экен, кыргыз тилинин мамлекеттик болушун жактырбаган депутаттардын баарына болбосо да макала айрымдарына таасир эткен көрүнөт. Буга мисал. Кыргыз тилин «илимдин тили эмес, техниканын тили эмес, дипломатиянын тили эмес, бизнестин тили эмес» деген депутат агабыз жолугуп: «Сессияда ойлонбой айтып коюпмун, айып көрбө. Макалада айткандарың сессияда эске алынды», – деп жаңылыштыгын мойнуна алганына ичим жылыган. Кемчиликти моюнга алуу оңой иш эмес. Ал эстүүнүн эстүүсүнүн гана колунан келген кеменгерлик. Көбүбүз антпейбиз. Жанталашып актанмай, а түгүл, «эмне кыз эмне кыздын бетин тытат» демекчи, күнөөнү бөлөктөргө оодара салмай адаттан кутулбадык ко, чиркин! Кемчилигин жашырбаган эл ынтымактуу да, келечектүү да болот. Өз кемчилигин өзү «мазактап», жагымдуу анегдот чыгарган элдин кемип кеткенин көрө элекпиз. Андай эл еврейлер.
1989-жылы мамлекеттик тил закону кабыл алынган күндөн тилчилер, жазуучулар, адабиятчылар, окумуштуулар, карапайым калк, кыскасы, мекенчил кыргыздар эне тилибиздин намысын тынбай талашып, жазып да, айтып да кан-какшап келатат. Толгон токой иш-чара өткөнсүдү, өтүп да жатат. Бирок тилибизди моокум кандыра өркүндөтүп салдык деп мактана албайбыз. Орус тилдүү жарандарыбызды кыргызча сүйлөтөбүз деп жан үрөгөнүбүздүн жыйынтыгы жокко эсе. Күнөө өзүбүздө экенин билер бекенбиз? Билсек да билгибиз келбей күнөөнү башка жактан издеген жосунубуз жолдо калсын! Үйдө, көчөдө, жумушта, айтор, көрүнгөн жерде кыргыз кыргыз менен кыргызча сүйлөшпөй орусча сүйлөшкүлө, кыргызча сүйлөшсөңөр сазайыңарды окутабыз деп бирөө бизди коркутуп атабы?! Өз тилибизди өзүбүз үйрөнгөнгө мойнубуз жар бербеген илээндиликтен качан арылабыз?! Качан намыстанып, качан арыбызга келебиз?! Чет мамлекеттерде аэропорткобу, мейманканагабы, таксигеби, кайдадыр телефон чалсаң, өз тилинде жооп угасың. Тилин түшүнбөсөң, кайсы тилди, айталык, англис, француз, немис, орус тилдеринен билгениңи сурап, өтүнүчүңү канагаттандырат. Бизде болсо министрликтерде отурган кыргыздан тарта таксинин диспетчериндеги кыргызга чейин дароо эле трубкага орусча шаңшыйт. Бу жоругубузга расмий тил күнөөлүү имиш. Кудайды карасак боло! Мейли дейли, расмий тилди алып ыргытсак эле таңдайыбыздан чаң чыкканча булбулдай сайрап, кыргыз тилинин баркын бийик жайга жеткире салабызбы!
Ырас, Кыргызстанда орус тили расмий тил катары мыйзамдаштырылган алгачкы учурда мамлекеттик тил анын көлөкөсүндө калганы чындык. Азыр, кудайга шүгүр, андай эмес. Расмий тил мамлекеттик тилге жолтоо болгон жери жок азыр. Өңгөсүн айтпаганда да мыйзамдар мамлекеттик тилде жазылышы керек деген талап орундалбай расмий тилде жазылып, кыргызчага так которулбай чаташуулар болуп жатканына расмий тил эмес, кыргызчаны жакшылап үйрөнбөгөн кыргыз депутаттардын, мыйзам даярдаган кыргыз адистердин илээндилиги себеп экени жалганбы?! Ушундан улам кыргыз тилинин тагдыры, баркы, тазалыгы кыргыздардын өз колунда деген оюмду дагы кайталап, мамлекеттик тилдин статусуна расмий тилдин статусун кошо мыйзамдаштыруу жөндүү болорун айтмакмын.
* * *
Жогоруда мамлекеттик тилге тиешелүү сөз козголгондуктан 1989-жылдан 2004-жылга өтүп кеттим эле, эми «Перестройканын» дооруна кайра тартканым орундуу болгудай. Анткени Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутаттарды шайлоо тарыхта биринчи жолу альтернативдүү (бир орунга бир нече талапкер катышкан) тартипте өтөрү 1989-жылдын аягында белгилүү болду. Аны ооруканада жүрөгүмү дарылатып жатып уктум.
Ооруканага Казат Акматов келди. Жазуучулар союзунун пленуму болгонун айтты. Пленумда 1980-жылы өтчү шайлоодо депутаттыкка талапкер катары он чакты жазуучу катышары чечилиптир. Казат баарынын атын атады. Ичинде мен да бар экем. Талапкерлерди колдоо тобу да түзүлүп, жетекчисине Акматов дайындалыптыр.
– Регистрациянын бүтөрүнө беш күн калды. Бүгүн-эртеңден барып катталып коюңуз, – деди Казат мага.
Жүрөктүн мандеминен кооптондум, «жөн эле коёюнчу» дейин деп, анткеним жок. Шайлоого кызыктым. Экинчиден, депутат болуп калсам, ажеп эмес, текебер кылбайын дегендей пендечилигиме азгырылдым.
– Каякка барып катталам? – дедим.
– Центризбиркомдун председатели Маркел Ибраевди билесизби? – деди Казат.
– Билбейм. Билсең, ээрчитип бар, – дедим.
Эртесинин эртеси болсо керек эле, Маркел Ибраев Борбордук партия комитетинин экинчи кабатындагы бөлмөдө жалгыз отурат экен, ак чач, жашы менден кичүүдөй көрүндү. Ага келерден мурда Панфилов районундагы Күрпүлдөк шайлоо округуна Борбордук партия комитетинин бюро мүчөсү, Кыргыз ССРинин Элдик көзөмөлдөө комитетинин (Комитет народного контроля) председатели Кондаков Виктор Кондратьевич жалгыз катталганын билип алгам, ошол округга катталууну өтүнгөн арызымы Борбордук шайлоо комиссиясынын председатели Ибраев Маркелдин алдына койдум.
Ибраев арызымы окудубу-окубадыбы билбейм, безге сайдыргандай:
– Болбойт! – деп арызымы серпип таштады.
– Эмнеге «болбойт?» – дедим.
– Башка жаз! Буга каттабайм! – деп кесе айтты Ибраев.
– Мындан башкага катталбайм! – дедим мен.
– Аны сенден сурабайм! – деди председатель.
– Анда мен сени гезитке жазам, «центризбиркомдун председатели Ибраев деген неме жеткен бюрократ, өз билген намазын окуп, демократиянын жолуна, перестройканын саясатына каршы иш жүргүзүп жатат. Мындай куу чирен жетектеген шайлоого катышпайм» деп жазам да шайлоого катышпасымы жарыялайм. Көрөрмүн анан ушу кызматта калганыңды! – дедим эле, Маркел Ибраев:
– Кыянаттык кылып атасың, кыйнабачы, – деп мокой түшкөнсүдү.
– Сендей зыянкеч бюрократты көрмөксөн болуп койсом, мага убал жок, – дедим. Кыйнайын деген оюмда жок эле, сестенгенин көрбөсөм, мүмкүн, минтип омуроолобос белем?
– Айланайын, Күрпүлдөктү тим койчу, унутчу аны! – деди Ибраев.
– Күрпүлдөк деген аты мага аябай жагат, кантип унутам! – десем, Маркел айтканыман кайтпасыма көзү жетти окшойт:
– Ал округга ЦКнын бюро мүчөсү катталып калды эле… – деп чынын айтып жиберди. Бюро мүчөсү депутатка өтпөй калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын председатели ЦКнын каарына калары турган иш. Биз болсо «Перестройка» берген «эркиндикке» ишенип алганбыз.
– Чоңдор катталган округда шайлоонун биз билбеген ымыян-чымыян секреттери толтура да, ошо секреттерди билип алган кызык мага. Ошон үчүн Күрпүлдөктү тандадым, – дедим.
– Кандай кудай урган кежир элең! – деди Маркел аргасы кетип.
– Ооба, ошондой кудай урган кежирмин, – деп компойдум.
Маркел экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү Казат күлүп угуп турду.
– Мен үчүн шайлоо оюн, – дедим Маркелге. – Сен үчүн бери болгондо беш жыл сонун айлык. Гезитке сындап салсам, эмне болоруңу элестетип көр. – Кетип баратып, эшиктин алдынан артыма кылчайдым. – Беш жыл сонун айлык аларыңы унутпа… – Анан чыгып кеттим.
Эки күн өттү беле, өткөн жок беле, Маркел Ибраев үйгө телефон чалды:
– Жан койбогон эме экенсиң, каттадым. Арызың канагаттандырылды, – деп. Үнү көңүлдүү угулду.
Депутатка талапкер деген документти Ибраев Маркелден барып алдым.
– Округга тез-тез барып, шайлоочулар менен жолугушуп тур, – деди ал.
Жол алыс. Машинем жок кез анда. Ага-ини, курбу-курдаш, күйөө балдар дегендей санаалаштарым машиненин жоктугун билгизбеди. Кыргыз намыстуу калк. Бирок намыстын эки түрү бар бизде. Бири – улуттук ар-намыс. Экинчиси – кур намыс деген балээ. Санаалаштарыма кайсынысы дем берди экен? Кур намыска кор болбосок экен деп жараткандан тиледим.
Күрпүлдөк Панфилов районуна карайт. Жаңы жылдан кийин районго бардым. Шайлоо кампаниясын ким тейлээрин сураштырсам, райком партиянын үчүнчү секретары Вера Үсөновадан сура дешти.
Үчүнчүнүн кабинетин издеп барып башбаксам, дунган кебетеленген, кореянкага деле окшош, отуз-отуз бештер курактагы, бою кичинекей келин үч-төрт киши менен бөлмөнүн ортосунда бака-шака, отурбай бирдеме талкуулап атышкансыйт. Тамагымы жасап, дабыш салсам, эч ким көңүл бурбаганда ичкери кирдим. Дунган кебетеленген келинди Вера Үсөнова дейин десем, парткызматкерге түк окшобойт, тиши ооруп атканбы, жаагын ээгинен төбөсүнө жоолук менен таңып да алыптыр.
Угуза катуу саламдаштым эле, келин ары карап турган калыбында колун жактырбагандай серпип:
– Анан, бош эмесмин! – деди. Чамасы, «анан» кел дегени го? Үчүнчү секретары ушу экенин түшүндүм. Мага эмне чунаңдайт, санаасы ордунда болбосо керек? Ушундай ойлодум.
– Шайлоо боюнча келдим эле… – десем, тиги келин кылчайып мени бир карап алды да:
– И, куураган жаным! Сиз белеңиз?! – деп шашып калды. Жанымдагыларды саат үчкө дейре десе керек эле, таратып ийип: – Жүрүңүз! – деди.
Панфилов райкомунун биринчи секретары Көкөев Кеңешбекке ээрчитип барды. Көкөев мени менен жакшы сүйлөштү. «Атанын тагдырын» мактап, үй-бүлөсү менен барып көргөнүн айтты. Чыгармачылыгыма, ой-максатыма ийгилик тиледи. Вера Үсөнова мени айылдагыларга жолуктуруп келейин десе: «Ошентиңиз, албетте, барыңыз!» – деп Вера Үсөнованын демилгесин дароо жактырып, мага ак жол каалады. Анын айткандары көңүл улаган амал экенин анда ойлогон да эмесмин, кийин билдим. Күрпүлдөк шайлоо округунда Кондаков экөөбүз элебиз десем, мени жекелешсин дешкен көрүнөт, дагы бир Агулов деген орус лейтенантты Борбордук шайлоо комиссиясы кошуп койгонун Панфиловго барганда билдим. Үчөөбүз жөнүндө кененирээк кийин айтам.
Күрпүлдөктү мурда көргөн эмесмин. Чоң айыл экен. Кыргызстанды кыдырып, концерт койгон төкмө акындар Күрпүлдөктү өсүп-өнгөн, ынтымактуу эли бар кыштак экенин мактап ырдаганы бала чагыман эсимде. Жолугушууга келчүлөр чогулганча Вера Үсөнова кыштакты көрсөтүп чыгайын деди. Мектебин, клубун, тартиптүү салынган көчөлөрүн, короо-жайларын көрүп, акындар бекер мактабаганын сездим.
Менден жаш, жылдыздуу жигит бизди күтүп туруптур. Вера Үсөнова экөөбүздү тааныштырды. Сельсеветтин председатели, менин ишенимдүү адамым Базарбай ушу экен. Көргөндө эле көңүлүмө толду ал. Спорт залга аксакалдарды чогултуп койгонун айтты.
Үчөөбүз ичке кирдик. Отуз чакты киши отуруптур. Учураштык. Вера Үсөнова баарын жакшы тааныйт экен, жадырап-жайнап, ал-жай сурашып келип:
– Депутатыңарды алып келдим, – деди тамаша аралаштыра шайыр сүйлөп. Вера Үсөнованын тың, бышык, ак ниет кызматкерлигине кийин кол койдум.
Улууларды урматташ байыртан келаткан салтыбыз. Элибиздеги адептүүлүктүн, кичүүлөрдү адептүүлүккө тарбиялоонун жол-жобосу бул. Жолугушууму аксакалдардан баштаткандарын жакшылыкка жорудум. Шайлоодо өтсөм да, өтпөсөм да карыяларга жаманатты болбосом экен деген ниетте ичимен тобо кылдым. Келме келтирдим. Аксакалдар өмүр баянымы сурады. Кыскача айтып бердим. Анан суроо-жоопторго өттүк.
Аксакалдардын суроолорун суроо десек да, ой жорутуу десек да болчудай: жашоо-тиричилигибиздеги оор түйшүктүн, көйгөйлүү чындыктын төркүнүн алар билип кыйыткандарына таңыркаган деле жокмун, аң-сезимдин жетилгенине ыраазы болдум. Ушундай карыяларыбызга кудай кубат берип, жүрө-жүрө майдаланып кетпесек экен деп тиледим. Мен да чындыктан тайсалдабай билгенимди билгендей, түшүнгөнүмдү түшүнгөндөй түз сүйлөдүм. Кезек-кезек тамаша да кошулуп кетип жатты.
Кыскартып айтканда, Күрпүлдөктүн карыялары мага жакты. Мен да аларга жаккандай болдум.
– Уулум, тилегиң жакшы, оюң жакшы экен. Сага чейин Кондакка убада кылып койдук эле. Эми өзүңө добуш беребиз. Бизден кам санаба, уулум, – деди баятан бери унчукпай отурган салабаттуу карыя.
А киши айылдын кадыр-барктуу молдосу экен. Эч ким анын сөзүн эки кылбайт, – деди Вера Үсөнова жолугушуудан тарап баратканыбызда.
Кийин далай жолугушуулар уюштурушту. Вера Үсөнова уюштургандар бар. Шайлоо округу уюштургандарга Агулов экөөбүз катышып жүрдүк. Кондаков бизге кошулбайт, өзүнчө жолугушуптур, аны райондун чоңдору жандап жүрүптүр дегенди угуп калабыз. Кондаковдун кандай киши экенин элестете албадым, мурда-кийин көрбөсөм керек? Лейтенант Агулов дайым аскер-деңиз флотунун кийимин кийип жүрөт. Алардын аскер бөлүгү Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы деңиз түгүл кичинекей көлү жок ээн талаага жайгашыптыр. Деңиз жоокерлеринин кургакты ээлеп турганын көргөн да, уккан да эмесмин, жолугушууга барганда түшүндүм. Учтары асман тиреп, бири-бирине туташтырылган бийик-бийик антенналарды күндүр-түндүр куралчан аскерлер кайтарат экен. Көрсө, тээ-тетиги эле жер түбүндөгү Тынч океанында, Индия океанындагы советтик согуш кораблдерди Түндүк муз океанындагы согуш кораблдери менен байланыштырып турарын укканда, техниканын өскөнүнө аябай таң калгам.
Агулов экөөбүз адабият жөнүндө, жазуучулар жөнүндө сүйлөшүп калчубуз. Китепти көп окуган, оор басырыктуу орус жигити. Жолугушууларда мен аны атаандашымдай жерибей: «Агулов экөөбүздүн бирибизди колдосоңор жаңылбайсыңар. Же муну, же мени шайлагыла», – дечүмүн. Шайлоочуларга бу айтканым жага бербей калат.
Бир күнү ишенимдүү адамым Базарбай Күрпүлдөктөн шаарга телефон чалды:
– Бексултан Жакиевич, келбесеңиз болбой калды… – деп.
– Эмне болуп кетти? – десем, Базарбай:
– Чалдар алжып атат! – дебеспи.
– Эмне болуп? – десем:
– Келсеңиз, билесиз… – деди. Ачууланганын сездим.
Эртеси Күрпүлдөккө барып, Базарбайга жолуктум.
– Сизди шайлайбыз деген молдонун үйүнө Кондаков, Көкөев баштаган биздин төбөлдөр кой союп барыптыр. Бир топ абышканы кемпирлери менен кошо чакыртып алып сыйлашыптыр. Кемпирлердин башына Кондаков өз колу менен жоолук салыптыр. Көптөн бери чай, кант көрбөгөн байкуштарга бир пачкеден чай, бир коробкадан рафинат таратып «жыргатыптыр»… – Базарбайдын какшык аралаш «кабарына» күлкүм келди.
– Мунун баарын кантип билип алдың? – дедим.
– Кондаковдун Кубан деген доверенный лицосу бар, чарбада парторг. Молдонукунда ал да болуптур, ошондон уктум, – деди Базарбай.
– Кубаныңар Кондаковго чыккынчылык кылган турбайбы. Же бизге жан тартканыбы? – дедим.
– Жо-ок, – деди Базарбай. – Бийликтегилерге мени бөөдө жаман көрүнбөсүн деп мага тууганчылык кылгандагысы. «Аксакалдардан кол жуудуңар, Кондаковду ута албай калдыңар» – деп мага боор ооруганы… Ушундай, Бексултан Жакиевич, «ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма» дегендей аксакалдардын жосуну курусун… Центризбиркомго жазсакпы?
– Эмне деп?
– Ушундай-ушундай… чай-чамек, сорпо-шилең менен шайлоочуларды сатып алып жатышат, законду бузуп жатышат дейбиз да! – деди Базарбай.
– Убара болбойлу, майнап чыкпайт, – дедим.
– Баса, – Базарбай күлүп жиберди. – Чалдар сорпо-шилеңге алданбасын байкаганбы, Кондаков аларга кошулуп, насывай тартып жиберсе, аксакалдарыңыз элжиреп кетип: «Жакшы орус экен, кыргызча сүйлөйт экен. Насывайыбызга да жийкирген жок. Берки бала жаш тура, кийин шайланып алар» – деп чалдарды кудай уруп салды. Эми эмне кылабыз?
Буга эмне дейм? Эчтеме дей албадым. Дегим да келбеди. Базарбайдын куулук-шумдукту билбеген тазалыгы дем бергендей болду мага.
Ровно кыштагындагы орус мектеп жолугушууга чакырган эле, ошоякка жөнөп кеттим. Мектептин тарбия бөлүм башчысы Райымбек деген кыргыз жигит мугалимдерди тез эле чогулта койду. Жолугушуу кызык өттү. Кайра келатсам, көчөдө бир топ киши туруптур. Кышында айыл жеринде иш жок, эриккенден уккан-билгендерин, тамаша-чын, болгон-болбогон имиштерге чейин эрмектешип күн өткөрмөй жер-жерлердин көбүндө кездешет. Машинеден түшүп, топтошкондор менен учурашып турсам, жаныбыздагы короодон баягы мага «добуш берчү» аксакалдарымын бирөө чыгып: «А-а, депутат балам, жакшысыңбы? Кир, кирип үйдөн нан ооз тийип чык», – деди. Үйүнө кирдик. Жерге салынган дасторкондун четинде үч киши арак ичип отуруптур. Мага да арак куюлганынан «иччү эмес элем» десем, отургандардын бирөө:
– Кыргыз болуп туруп, ичпегениң кызык экен, – деп какшыктады.
– Ошо кыргыз болгонум үчүн ичпейм, – десем, унчукпай калды.
– Депутат балам, сүйлөй отур, кандай жаңылыгың бар? – деди үй ээси.
– Жаңылык силерде экен го. Убададан танса, ыйман качат дечү эле. Чоңдор өл десе – өлүп, тирил десе – тирилчүлөр турбайсыңарбы. Кондаков асмайыбызды тартты деп силер ага белимчи болуп баштапсыңар. Көшөкөрлөнгөнүңөр курусун. Кондаков чочко жейт, силер да чочко жейсиңерби эми? Ит жеген кореецке күнүңөр түшпөгөнүнө шүгүр. Кореецке күнүңөр түшсө, итти деле жеп ийчүлөрдөн окшобойсуңарбы десем, мени нан ооз тийгизгени чакырып кирген үй ээси:
– Кой, кагылайын, минтип бирөөгө угуза көрбө, элге шермендебизди чыгарасың! Мен бүгүн эле абышкаларды кайра өзүңө оодарам! – деп тызылдап жиберди.
– Оодарасызбы, оодарбайсызбы өз эркиңиз. Силерден көңүлүм калды. Аман тургула. – Чыгып кеттим.
Кийин шайлоо кампаниясы аяктабыраак баратканда, Кондаковду кимиси көндүргөнүн билбейм, мүмкүн, Борбордук шайлоо комиссиясы, же райком партия көндүргөндүр, Агулов экөөбүзгө кошулуп, жолугушууга катышмай болгонун шайлоо округунан кабарлашты.
Күрпүлдөктөгү спорт залга жолугушууга келгендер жык толду. Отургандан турганы көп. Сыртта кычыраган кыштын суугу.
Шайлоочулардын бет маңдайындагы президиум столдо депутатка талапкерлер, алардын ишенимдүү адамдары гана отурууга акылуу. Бийлик өкүлдөрүнө андай укук берилген эмес. Тыюу салынган. Азыр деле ошондой болсо керек. 1980-жылы үч талапкер биргелешип биринчи жолу өткөргөн жолугушуубузда райком партиянын биринчи секретары, райисполкомдун председатели, райондун элдик көзөмөл комитетинин жетекчиси Кыргыз ССР элдик көзөмөл комитетинин председатели, Кыргызстан Борбордук партия комитетинин бюро мүчөсү Кондаковдун чачпагын көтөрүп алгансып, күпүйө-күпүйө кийген тондору менен президиумга чыгып отурду. Агулов экөөбүз президиумдагы скамейканын четине көчүк бастык. Ишенимдүү адамдарыбызга орун берүү эч кимисинин оюна да кирбеген окшойт.
Талапкерлерге улуулаштыра сөз берилгендиктен Кондаков баштап сүйлөдү. Эмнегедир, орус шайлоочулар залда жоктой көрүндү. Кондаков кыргызча жакшы билет экен. Ток этер жерин айтсам, ал «шайласаңар баарыңы жыргатам» дегендей убадасын аябады.
Баягыда мени колдойбуз деген аксакалдарым элдин арасында мени тик карай албай көзүмөн көздөрүн ала качканын байкап отурдум. Күнөөлөрүн сезген экен деген ойдо ичимен шүгүрчүлүк кылдым. Балким, бул кыялымдагы эле жаңылыштыгымдыр, мага берген убадасын карыялар эбак эле унуткандыр? Андай болушу да мүмкүн. Кандай болгон күндө да күрпүлдөктүк аксакалдар оюман чыкпаган табышмак сыяктанат.
Кезек мага жеткенде, ордуман туруп саламдаштым:
– Урматтуу туугандар, жакында шайлоо. Кыргызстандын Жогорку Советин шайлайбыз. Чоңдорду көргөндө, тизебиз бүгүлүп, белибиз ийилип, чөгөлөй калмайыбызды эстесем, Виктор Кондратьевич эле шайланары бештен белгилүү. Агулов экөөбүз жөн эле жүрөбүз. Виктор Кондратьевичтин отурган тагы бийик, кыргызча да сүйлөйт, асмай тартып ийип, карыяларыбызды бейишке чыгарды, – дегенимде, Кондаков: «О, шайтан» – деп күлүп жиберди эле, чыйрала түшүп, андан ары сөзүмү уладым. – Эр болсок, Виктор Кондратьевичти шайлабай көрөлүчү! Жанында жүргөн дөө-шаалары эле эмне, каптап келаткан эле танктар Москваны карай! Агулов экөөбүз турабыз эки паршивый гранатты кармап! – дедим эле, элге аябай жакты. А түгүл Кондаков да столго оонай калып каткырды. Баарынан да менин аксакалдарымын көзү жайнап, күлгөн күлкүлөрү шаңдуу, тынбай кол чапкандары көңүлүмү көтөрдү. Эми шайлоодо жеңбесем да мейли деп кубандым.
Агулов кыска эле сүйлөгөндөй болду. Эл көп, спорт залдан тыгылыша чыгып баратканыбызда, бирөө карууман кармады. Карасам, аксакалдардын кадыр-барктуу лидери айылдын молдосу экен:
– Таңкелерди эң сонун айттың, – деп артына бир кылчайып алды да, Кондаков менен Көкөевге атайы эле угуза: – Мына, келатышпайбы. Эми өзүңдү накта колдойбуз! – деди.
Шайлоонун жыйынтыгында мен биринчи, Кондаков экинчи болуп кийинки турга өттүк.
Өзү курактуу эки лейтенантты ээрчитип, бир күнү Агулов мага келип жолукту:
– Аскер бөлүк биринчи турда бүт мага добуш берген. Командующийибиз (кол башчы) башка жакка которулмай болду. Ошо себептенби, шайлоого кийлигишкен эмес, азыр деле кийлигишпейт болсо керек. Он жети лейтенант барбыз, карамагыбыздагы солдаттарды кошуп, сизге добуш берели деп макулдаштык, – деди.
– Мен эмне кылайын? – Соодалашып пайда өндүргөнү келишкен экен деп шектендим. Антпептир.
– Эчтеке кылбаңыз. Сизди колдоорубузду эле айтканы келдик, – деди Агулов. Жаман ойлогонума бетим чымырады.
Экинчи турда утулуп калдым. Шайлоо участокторундагы бюллетендерди санай келгенде таң каларлык окуя болду. Аскер бөлүгүнөн мен он жети гана добуш алыпмын. Демек, он жети лейтенант мени колдоп, бир дагы солдат колдогон эмес экен да? Кызык? Себеби эмнеде экенине башым катты. Шайлоонун «көксөөсү» сууп бараткан кезде Күрпүлдөктөн Базарбай телефон чалып, Агуловдун «жолуксам болот эле» дегенин айтты. Жолукса жолугайын, «кызыктын» сырын билип алганымча жокпу деген ойдо Күрпүлдөккө бардым. Базарбай сельсеветинде иштеп отуруптур. Сагынышып калгандай аркы-беркини эскердик. «Бексултан Жакиевич, шайланып калсаңыз жакшы болмок. Өтпөй калганыңызды угузганда, шайлоонун жыйынтыгын уктабай күтүп турган күйөрмандарыңыз өңгүрөп ыйлаган», – деди Базарбай. Аны уккам, апыртмабы деп оңтойсузданып жүргөм: «О, койчу?!» – десем, Базарбай: «Эмнеге калп айтмак элем, чын», – деди. «Анда аябай ыраазымын, ал шайланганыма тете», – дедим. «Жаңы төрөлгөн жети эркек баланын атын Бексултан койгондору деле жөндөн-жөн эместир», – деди. «Ооба, билем. Райымбек келинчеги экөө жеңесинин уулун этек алдынан асырап алып, атын Бексултан коюп, жентек бергенде, шаардан аялымы ала келип, жентегине катышканбыз», – десем, Базарбай: «Мен да бар эмес белем», – деп мени уялтты. «Ооба, ооба! Кечирип кой», – деп шашып кеттим. «Вера Үсөнованын эмгеги зор. Куугунтукташпаса болду», – деди Базарбай. «Ошентиши да мүмкүнбү?» – десем, Базарбай: «Эсиңиздеби, шайлоочулар сиздин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» деген оюнуңузду кайра-кайра суранып, бизде коюла турган болгондо, райондон бирөөлөр келип, клубубузду кулпулап кеткен? Үсөнова кулпуну жулдуруп туруп оюнду көрсөттүрбөдү беле. Андайды чоңдор унутпай калсын! Оюн башталар алдында Сабира Күмүшалиева эже көшөгөнүн алдына чыгып, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайды» панфиловдуктар сураса, Бексултан «күн жылыганда алып келели, азыр кыш, көйнөкчөн ойногон артистердин өпкөсүнө суук өтөт» дегенине көнбөй келип калдык. Артистерге суук өтпөйт! Кыштын кыраан чилдесинде көйнөкчөн, жайдын ысыгында тончон ойной беребиз. Ошон үчүн артиспиз! Кесибибиз ошондой» дегенин түк унутпайм. Түшүнгөн кишиге өрнөк болчу насаат сөз бул. Артистер жети-сегиз күн кыдырып көрсөткөн «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайыңыз» да бизге сизди тууган кылып кеткен. Сизди өткөрө албаганыбызга өксүп калдык. Кондаковго насвай тарттырган аксакалдарыңыз да өкүттө» – деди Базарбай. Ал чечилип сүйлөдү. Ыраазы болуп уктум. Мени Агулов көргүсү келбейле Базарбай өзү айтчусун айтып калганы чакырган го деген ойдо болдум. Шайлоодон кийин денемдиби, ой-санаамдыбы салмактанткан оорчулукту сезгендей деле болгон жок элем, Базарбайдын айткандары мени өзүмө билинбеген оор абалдан жеңилдетип салгансыды.
Бу саам да божомолуман жаңылыпмын. Агуловдун мени менен жолугушайын дегени чын экен, келип калды. Жылуу-жумшак учурашсак да, эмнегедир көңүлү пас сыяктуудай көрүндү мага. Унчугушпай калдык. Агулов оңтойсуздана:
– Сиз экөөбүз эле… өзүбүзчө сүйлөшсөк… – деп Базарбайды карап койду.
– Базарбайдан сыр жашырбайм, айта бер, – десем Агулов унчукпады.
– Мен бара турайын, сүйлөшүп алгыла, – деп Базарбай чыгып кетти.
– Сиздин алдыңызда өзүмү калпычы сезип, уктай албай калдым. Кол башчыбыз биринчи турда шайлоого кийлигишкен эмес, экинчи турда кийлигишмек түгүл законго сыйбаган иш кылды. Солдаттардын ар бирин карап туруп, Кондаковго добуш бердирди. Кол башчыбыз башка жакка которулмак эле, которулбай калган го десек, которулуп кетти… Убадабызды аткара албаганыбыздын жөн-жайы ушундай. Лейтенанттар пешка болуп калдык… Башка айтарым жок, мен эми кайтайын, – деди Агулов.
– Силерде күнөө жок. Аны мен он жети добушту укканда эле билгем. Бирок кандай детектив болуп кеткенине акылым жеткен эмес. Эми сен анча-мынча четин ачтың. Бирок кол башчыңар эмне себептен шайлоого башында кайдыгер болсо, бүтөрдө жан далбастап закон бузганы түшүнүксүз табышмак. Жандырмагы табылбай эле калат ко мунун? – дедим.
Агуловго ыракматымы айтып коштоштук.
Кийин Базарбай шаарга келип, мага жолукту.
– Аскер бөлүктөгү табышмактын жандырмагын Кондаковдун ишенимдүү адамы Кубан тууганым айтып салды, – деп күлдү.
– О, койчу?! – таңыркай түштүм.
– Кондаков экөө барып, башчысына япон видео-магнитофон тартуулаптыр… – деди Базарбай.
Ишене берген жокмун.
– Кондаков райкомдун биринчисин ээрчитпей майда парторг менен барганы кандай? Окшошпойт ко? – десем, Базарбай:
– Чоңдор чоңдордон коркот да… Паралап атса… – деди.
«Чоңдор чоңдордон коркот да» дегенине ынанганым менен япон видео-магнитофон бериптир дегенге ишене албадым. Кубан эле мактанып койсо керек дедим оюмда.
Бу саам да божомолдон жаңылыпмын. Кыргыз керек-жарак коомуна (Кирпотребсоюз дешчү) үч япон видео-магнитофон келип, бирөө шайлоо учурунда Кондаковго «буюрганы» кийин белгилүү болду.
Детективдин табышмагы ушундай чечилген.
Шайлоодо көптү көрдүм, көптү билдим, биздеги системанын түшүнүксүз жактары аз эмесин түшүнгөндөй болдук. Анын баарын териштирип отурбайын. Горбачев өзү байкабай баштап алган «Перестройкасынын» түбүнө өзү, Лигачев өңдөнгөн шылуун жан-жөкөрлөрү жетти. Тоталитардык режимдин сабагына каныккан саясатчылар ал системадан ажыраса, өлүп калчудан бетер жан далбастап, теңирден тетири иш жүргүзүп, СССРдин да шорун катырды да чийки коомго туш кылды элди. Шайлоо 80-жылы башталган альтернативдүү жолдон адашпай батыштын «демократиясын» сөзмө-сөз көчүргөндөн сактанып, улуттук салт-санаанын жаңыча жашоого ылайыкталган менталитетинде өнүксө, багытыбыз туура болмок деген ойдомун. Атка минерлерибиз өз керт баштарынын мүдөөсүнө тууралап, шайлоону улам башка нукка бура берип, партиялык деген балээге өткөнү оңбодук. Өңгөсүн айтпайын, бизде министрлердин ордун партиялар бөлүштүрүп, менчиктеп алышканы көздү жуумп алып, батышты туураганыбыз эмей эмне! Батыштын кайсы өлкөсүн албайлы, бир министрдин ордуна ар бир партиясынан даярдыгы жетиштүү он беш-жыйырма профессионал талапкер четтен чыгат. А биздечи? Парламенттеги беш коалициядан жараган бир талапкер чыгышы күмөн. Белимчиден бетер батышты туурабай өзүбүзчө өнүккөндү качан үйрөнөбүз? Жок дегенде, улуттук салт-санаа, дөөлөттөрү менен кийинки доордогу цивилизацияны эриш-аркак өнүктүргөн япон өлкөсүнөн өрнөк алсак кана, атаганат!..
(Уландысы бар)