Кеч күз
Жымжырт, доошсуз, мелтиреген өлүк түн.
Мезгил чайпап, мелт-калт сыртта караңгы.
Күздүн жели жүрөт көчө тазалап,
Ийнедей суук көзөп турат таманды.
Тарбайган тал жөргөмүштөй өңү суук
Татымы жок минуталар агылат.
Ышкырыктай ырды созуп терезе,
Ыңаалаган ырайы суук туш-тарап.
Түндүн ыры супсак, суздук негедир,
Суру качкан табигаттын жүзүнөн.
Аяз камап койгон түнүн кеч күздүн,
Бир бут менен турат тооктор үшүгөн.
Түшүмө кирдиң неге?
Түнтүрөөк мүнөзүңдө,
Адатыңча жай басып, ойго батып…
…Бир өзүңдө
Сырың бар айтуучудай, айтпачудай,
Түшүмө кирдиң неге?
Балким, сен мени эстеп,
Бир жүрчү «Достук» багын араладың.
Миң сырдуу кайыңдардын күүсүн угуп,
Бир сырдуу жүрөгүңдү жараладың.
Олтурам жасап алып ойдон кеме,
Үн-сөз жок таарынычың түшүндүрүп,
Түшүмө кирдиң неге?..
Көздөрүңдүн сакчысы көкүл чачпы?
Бүгүн сени көралбадым жакындан,
Издеп жүрдүм жоодур көзүң акылман.
А сен мени жүрөгүңө түнөтпөй,
Өйдө дээрсиң байлар чала акындан.
Окуучулар кирген суудай ташылып,
Сен турупсуң көкүлүңө жашынып.
Көрүп туруп ак куу сымал өзүңдү,
Издеп жаттым жоодур көзүң ашыгып.
Жүрөгүмө көкүл чачың катылып,
Жоодур көзүң дал өзүмдөн жашырып,
Ыза кылды жүрөгүмдү жаралап,
Жебе менен калбырлады качырып.
Суктандырар сулуулукту Айга окшош,
Алган белең көздөрүңө батырып.
Сен ыр оку, а мен тыңшап турайын
Мен ыр жазсам көркөмүңө суктанып,
Бийлеп жүрөк беш мүнөткө сонуркайт.
Тоодон урган атыр желиң жарышса,
Кылым артта изиң менен тең чуркайт.
Бугум ичте, а калемим али жаш,
Чарчайт алсыз, көп кыр жолду баса элек.
Алыкул деп тамшанат да суктанат,
Бирок анын бир тамчысын жаза элек.
Андан көрө кереметтүү Тер-Жайлак,
Сенден бир ооз макулдугун сурайын.
Айлуу түндө аруу сүйүү жөнүндө,
Сен ыр оку, а мен тыңшап турайын.
Куса
Азыр кыш. Эшик суук. Күн да кыска.
Сезимде жөргөмүштүн торлору бар.
Буулугат күйбөй калган отун болуп
Быкшыган сасык ойдун морлору бар.
Көк сүттөй каймагы жок табактагы,
Быйыл кыш ак кары жок алаптады.
Өтүктөр жыртылганча муз тепчү элек,
Кубаныч, күлкүлөр жок адаттагы.
Сезимдер жайдакталып үшүк урган,
Жакшы ойлор такыр соолуп, болгон курман.
Жаз айым гүлүң сунуп кирип келчи,
Тирилтчи сезимдерди сээп нурдан.
Күтөмүн. Келчи эртерээк, үшүп турам.
Сени ойлоп түпсүз ойго түшүп турам.
Сен келсең, сени жандап баскым келет,
Үшүгөн көңүлүмдү ачкым келет.
…Азыр кыш. Эшик суук. Күн да кыска.
Сезимде жөргөмүштүн торлору бар.
Буулугат күйбөй калган отун болуп,
Быкшыган сасык ойдун морлору бар.
Балалыкты сагынуу
Кеч күүгүмдө үзүмү бир өмүрдүн,
Эске түшөт кооздук сунган тар көчө.
Толкуп, толкуп, дүйнөм толуп толукшуп
Эстейм аттиң, ээн калып ар кечте.
Эстейм баарын, эстейм оюн-күлкүнү,
Эгерим бир ойго чөгүп жүрбөгөн.
Секелектин көкүлүнө мас болуп,
Мен жыйырмага чыгарымды билбегем.
Көз алдымдан учуп таттуу балалык,
Бирге келет элеси тар көчөнүн.
Шам чырактан жанган ар бир терезе
Элес албай турчу күндүн өтөрүн.
Август түнү
Келчи ушул түнү сагындым, абдан сагындым.
Талпынган сезим тынчтыгын алды жанымдын.
Татынам менин, өзүңсүз күндөр жокко эсе,
Өзүм да жоктой таба албай турам дайыным.
Келчи ушул түнү жалгызмын, өзүм жалгызмын.
Көркөмүн тоонун, ала кел жытын жалбыздын.
Чегиртке күүсү жалгыздык ырын кыңылдап
Суйкайган таңга агылат түнү августтун.
Күтөмүн уйку кирпиктен алып тарткыча,
Күтөмүн көктөн ай нуру тегиз баткыча.
Маанисиз турган өзүмдү аяйм негедир,
Термелем үнсүз, көңүлдү эзип бир куса.