Атемир кандын көз жашы
(Поэма)
«Өлтүрсөң өлөрүм бар,
Өлбөчү өнөрүм бар.
Астырсаң денем калар,
Ырларым оттой жанар».
(Токтогул)
Асырап жакшысын да, жаманын да,
Жердеги өтмүш бир заманында.
Не күндөр баштан кечкен пендесинин,
Бул жерлер күбө турат таманыңда.
Дүркүрөп бирде толуп, бирде кыйрап,
Тирүүлүк бирде күлүп, бирде ыйлап.
Гүл заман, зар замандар келип кетип,
Пендесин турган өңдүү дале сыйлап.
Тирүүнүн алат баарын бирин койбой,
Канзада, кандар өткөн көзү тойбой.
Жер жүзүн багындырган өкүмдарлар,
Мапаасыз дүйнө экенин кийин ойлой.
Баары кеч жасарымды жасадым деп,
Өлүмгө баш ийерде бушайман жеп.
Тагында өткөндөрдүн баарын эстеп,
Табалбай айдаластайт жакшы бир кеп.
Темирдин заманы деп сүрдүм доор,
Баары өттү, бүттү баары ооруйт боор.
Бир гана өзүмдү түк кечиргис иш,
Мен үчүн аны эстөө өтө оор.
Чагатай бабам сүрүп өткөн кандык,
«Элчиге, ырчыга өлүм жок» – деп жазган жардык.
Бардыгын унуткарды, көз бүтүрдү,
Бийликтин мыйзамдарын буздук, тандык.
Өмүрдүн соңу минтип келерини,
Пендеси билбейт тура өлөрүнү.
Төбөң көккө жетсе да бир күн минтип,
Сапар алды бул күндү көрөрүңдү.
Суроо салып өзүмө жанып, күйүп,
Көкүрөктө бардыгы, алгам түйүп.
Аттиң арман Токтогул досум кечир,
Акмырзаны экөөбүз калдык сүйүп.
Баары өттү, жигиттик курагыбыз,
Кожо Илгарда болчу эле турагыбыз.
Кербен тартып алыстан атаң менен,
Келсең шаңга бөлөнчү убагыбыз.
Аяш атам Сейдалы, атам Торгой,
Сапар жолдон калтырчу такыр койбой.
Ырдай коюп бир жолу той үстүндө,
Кайра-кайра ырдаткан такыр болбой.
Ошол күндөн аталдың ырчы жигит,
Кыз-жигиттер калышкан арзып сүйүп.
Кербен тартып келишиң шаңдуу эле,
Алоо оттой жанчусуң жанып, күйүп.
Нөшөр болуп жамгырдай төгүлгөнүң,
Сүттөй жарык айга окшоп көрүнгөнүң.
Ырчы жигит жан жолдош курбуң элем,
Эч бир күнгө алмашкыс өмүрдөгүм.
Барк бааңа жетпеди бийлик деген,
Ырчылыгың жанда жок жетпей ченем.
Эки ашыкка аралжы болгонум чын,
Бийлигиме чиренип кетти менин.
Көкүрөктү токтотуп калсаң кана,
Мен да сүйүп от болгом күйүп жана.
Арга издеп кыздардан танда дедим,
Оор тийди бул сөзүм курбум сага.
Билем менде кемчилдик бутум аксак,
А сендечи ырың бар турсаң жаңшап.
Кан тагына келбесем алмаксың сен,
А мен болсо калмакмын боздоп, какшап.
Өткүрлүгүм көзүмдө, сөзүмдөбү,
Билалбайсың сен кимсиң өзүң деги.
Бардыгыны эскерип, эстеп жатам,
Жаштык жалын өткүрлүк кезимдеги.
Бир жараса ушу деп улуулар да,
Так талашып чабышып кыйындар да.
Чагатайдын тукуму дешкен чыгар,
Торгой атам топ жарган жыйындарда.
Сыдырата эстетип түгөл баарын,
Ичтен тына сыздатат намыс арың.
Канча жолу жаңыртпа төшөгүңдү,
Көз жарганы кымбат го, асыл жарың.
Түгөп барат ичер суу, көрөр күнүң,
Түркүк боло алдыкпы айтчы кимиң?
Кулагымда жаңырат азыр дагы,
Ырчы досум Токтогул, сенин үнүң.
Тик багалбай жүзүңө тайсалдагам,
Ырдап турсаң доопту айталбагам.
Мына эми арман күн коштоп келет,
Эрким жетпей өлүмдөн кайтарбагам.
Ок тешпеди жүрөктү ырың тешти,
Курч кылычым мокоду, ырың кести.
Өкүмдарлык бийлигим тизе бүгүп,
Атемир кан жеңилди, бүттү дешти.
Ошондо да өкүмүм күчкө салып,
Ортодогу достукту кеттим чанып.
Дар астында шаңшыган ырларыңа,
Терс бурулуп кеткемин күйүп-жанып.
Кайткан экен ооматым бекер болуп,
Турган кезде экөөбүз ашып, толуп.
Бизге арача түшалар аталар жок,
Кайран ырчым гүл элең калдың соолуп.
Ашыктыктын айынын айыбы жок,
Сүйдүк, күйдүк экөөбүз жаштыкта шок.
Өзүбүздү багыштап Акмырзага,
Жайрап салды өзүңдү кыянат ок.
Кан элем го ырайымым болбогон,
А неге мен көңүл чаппай толгоном.
Көрсө мени көлөкөдөй ээрчиген,
Ырчы досум, Токтогулум, сен экенсин ойлогон.
Канча элди багындырдым, караттым,
Үлкөн калаа Самаркандды жараттым.
Балким, сени сүйгөн чыгар Акмырза,
Ара жолдо жүрөктөрдү канаттым.
Ырларыңа өкүмдарлык алмашкыс,
Адам экем досчулукка жарамсыз.
Азыр баарын сыдырата эстесем,
Өкүт, арман туз куйгандай жүрөк тыз.
Жыйнадым бүт өнөлүүнү, баарыны,
Сыйлачу элем акылманды, карыны.
Адамдыкка сыйбай турган иш кылгам,
Арзып жүргөн ырчы достун жарыны.
Ырчы болдуң гүл сейилдүү багымда,
Ырларыңды муюп уктум тагымда.
Көрсө баары ашыгыңа арналып,
Кыпчак сазда ырдачусуң ханумдардын жанында.
Кийин мага ушакташты хануманы, ырчыны,
Соо эмес деп кетириңиз, туруп алды ушуну.
Бирок муну мен да билем айла жок,
Кантип жазам көкүрөктүн арзып турган кушуну.
Мен да тарткам ашыктыктын азабын,
Аны кантип башкарамын, жазамын.
Балким, бийлик бүтүргөндүр көзүмдү,
Сүйгөнүм чын, баш ийбеген жүрөк күбө тазамын.
Деген менен дагы бири өкүмдар,
Бирин коюп, бирин алсаң асыл жар.
Бирок баарын тапса болот четинен,
Өнөрлүүнү таба албайсың бирөө ал.
Ырчым кечир, арбагыңа жалынам,
Мына түштүм өкүмдарлык тагымдан.
Кадырыңа кийин жетип өкүттө,
Эми минтип байкуш боло өткөн күндү сагынам.
Сенин үнүң Самарканддын көркү эле,
Жигиттиктин күйүп турган өртү эле.
Регистан аянтында ырдасаң,
Таажы ордуна өкүмдардын бөркү эле.
Темир түшүп тагынан эң баштагы,
Башындагы таажысын ал таштады.
Байкуш кейпте илкий басып майып бут,
Өкүмдүктүн дайыны жок, көз жаштады.
Каалгалар ачылып ордо башчы,
Не болгонун түшүнбөй калды, шашты.
Өкүмдардан мындайды көрбөгөн түк,
Ишене албай калдактайт көрүп жашты.
«Өкүмдарым» дегенче сүйөп, таяп,
Боло калып колтукка жөлөк, таяк.
Мындайлыкты күтпөгөн ордо башчы,
Өкүмдарлык сүр калбай кетти аяп.
«Табып» – деди сакчыга колун жаңсап,
«Мен жакшымын, жок, койгун» басты аксап.
Ордо башчы таажыны кийиң десе,
Кармап туруп кайра эле койду таштап.
Шашкалактап таап да келип калды,
Көргөн көзү ишенбей Темир канбы.
Бүжүрөтүп карылык акыр минтип,
Байкатпастан акырын алат жанды.
Ордо ичи заматта дабыр-дубур,
Шыпшыныша карашат күбүр-шыбыр.
Чоң байбиче Акмырза келе калып,
Өкүмдарды жалдырай басты кыбыр.
«Коркпо баары жакшы» – деп жалдырады,
Ханумасы жалбара ал сурады.
Эрте менен тагына өзү узаткан,
Көргөн көзгө ишенбей турду баары.
Анан эле өкүмдар колун жаңсап:
«Калтыргыла, кеткиле бизди таштап».
Айта турган сөз барбы ханумага,
Кандай кайгы кысты экен көзүн жаштап.
Жыла чыгып кетишти баары бирден,
«Кеп, сөз чыгып кетпесин кулак түргөн.
Ордо башчы баарына жооптуусуң,
Эч ким бизди укпасын кебибизден».
«Өкүмдарым, камтама болбоң менден,
Өмүр бою кызматта болуп келгем», –
Деди дагы жүгүнө чыгып кетти,
Арты менен каадалуу турган жерден.
Көз ачып көргөн баштагы,
Кыз кезди, жигит жаш чагы.
Кантсе да кандын сүрү бар,
Далай жыл кетти жаш дагы.
Бардыгын салып ичине,
Жолугат дайым түшүндө.
Өкүмдар неге көз жаштайт,
Эстеди кимди түшүндө.
Ырчыга кылган өкүмүң,
Арбагы койбой кечирим.
Мени да кел деп чакырат,
Акмырза ханум, эсилин.
Деп ичинде өкүмдарга түшүнбөй,
Өткөндөрүн эстедиби сыдырата бүтүндөй.
Каны забал, кан жөткүрткөн согуштар,
Жүрчү элең го күндө кылчу ишиңдей.
Эми минтип эңшерилип эзилип,
Баарын эстеп, өткөндөргө кезигип.
Баарынан да ырчың турса маңдайда,
Кайра дагы жолукчудай сезилип.
Ырчың эле, досуң эле баштагы,
Ырдап турса эрип кетчү таш дагы.
Эгер достук урматталса жүрөктө,
Досуң үчүн тартууланмак баш дагы.
Бирок ага алсыз болду өтүмүң,
Токтогулга жеткирбедиң эсилин.
Куйкаланып бетке айткан ырына,
Ичиң күйүп дарга тартты өкүмүң.
Мына эми карылыкка баш коюп,
Көрдүң баарын бийлигиңе көз тоюп.
Азиз каның өнөрлүүгө өч белем,
Албадыбы Толубайдын көздү оюп.
Өнөрлүүлөр, көтөрдү эле баркыңды,
Ырга кошуп көкөлөттү даңкыңды.
Бирок бийлик көз бүтүрүп чаннатты,
Ойлонбодуң, карабадың артыңды.
Ханум дагы эстеп турду бардыгын,
Мына эми бүтүп барат кандыгың.
Ашык болдуң экөөңөрдө айып жок,
Бирок айкөл болалбадың тардыгың.
Өкүмдары илкий басты так жакка,
«Ханум» – деди кылчак карай үн ката.
«Өкүмдарым, ооруп турат окшойсуз», –
Деди дагы жөлөй калды арт жакта.
«Мен жакшымын, урматыңыз сый болсун,
Башыңызга бак-дөөлөттүү бак консун.
Баштан келген өмүр шерик байбичем,
Кандыгыма эшик ачкан ак жолсуң.
Бирок мени кыйнап келет бир сезим,
Ырчы экөөбүз сүйүп калган бир өзүң.
Өрт элең го, гүл элең го ошондо
Күйүктүргөн, мергенчилик кыз кезиң.
Баары өттү жаштык жалын чагыбыз,
Мына турат, деле күчтүү өкүмдарлык тагыбыз.
Эл караттым, жер караттым, жасарымды жасадым,
Бирок азыр баарын кечип минтип турат каныңыз.
Мезгилинде мен ким элем кан Темир,
Бири калбай башты ийе титирешчү кан, эмир.
Арман дүйнө, кам сүт эмген пендесине не дейсиң,
Өлбөстүктүн дарысы жок өтөт тура бул өмүр».
«Өкүмдарым, эми бизде кайсы күн,
Баары өттү түркүк болчу айтың ким?
Өткөн күнгө мен да сиздей эзилем,
Түн терметип кайра баштан кезигем.
Бул турмушта кимдер мүргүп жаңылбайт,
Бизге окшоп асиреттүү ашыктыкка кабылбайт.
Коюң эми мен да, сиз да Токтогулга баш уруп,
Койсок жакшы ырчы эми табылбайт».
Десе ханум көкүрөктөн көз жаш кыла буулуп,
«Жеттим окшойт түбүнө, куруп калсын сулуулук».
Анда өкүмдар: «А, байбиче, ортобузда сен кыйналып,
Тирешти го эки тарап өкүмдарлык, улуулук».
Орго салдым, дарга тартып өлтүрдүм,
Канча жолу айттым, дедим, кечирдим.
Самарканддын өртү эле, гүл сарайдын көркү эле,
Зордоп-кордоп акыр түбү ырчы үнүн өчүрдүм.
Жок, ал өлбөптүр, эл оозунда, ырында,
Жашап жатат мына менде, көкүрөктө чынында.
Ошон үчүн кан өлсө да, ырчы өлбөйт,
Деген кептин чындыгы да ушунда.
Кечир ханум, кечир ырчым, өнөрманым Токтогул,
Баарын эстеп топук кыла көз жаш кыла эстедим.
Мына бүгүн тактан түшүп о жаштыкта,
Жөпжөнөкөй жапжаш жигит окшодум.
Мына ханум, аз да болсо жеңилдедим,
Үчөөбүздүн көкүрөктөн бери чыкпас сыр эле.
Ашыктыктын газалдарын сага арнаган,
Ырчы досум Токтогулдун арман кылган ыры эле.
Азыр сизди калтырып, Отрарга аттанам,
Сизден башка түк билбесин башка адам.
Кабатырда такыр ылкак болбоңуз,
Мына кандык, баары түгөл, эсен турат ордоңуз».
Отрарга не аттанды, билип билбей дайыны,
Айымдардын байбичеси, ашыктыктын айымы.
Сыркоо тартып, ооруп туруп кандай болот дедиби,
Шашкалактап таап таппай айта турган кебини.
«Бүгүн эмес, эртеңкиге алыңызчы тыныгып»,
Анда өкүмдар айымына жайдары жүз бурулуп.
«Өнөрмандар калаасында мени күтүп жаткандай,
Ал жерде да ырчылар бар ырын төккөн ак таңдай».
Деди дагы сырт тарапка алаканын шак койду,
Сыркоолугун билдирбеске улам түздөйт тик бойду.
«Отрарда жумушум бар коштоп барсын жигиттер,
Жорго жүрүш аттар болсун, шашты алат күлүктөр».
Деди дагы чыгып кетти аксай басып ордодон,
Башта мындай жүз көрүшө дидарлашуу болбогон.
Аяп кетти өкүмдарын кан зайыбы ханыша,
Амандыгын тилеп калды жолдош боло жанына.
«Өкүмдарым, неге минтип Отрарга жол алды»,
Ордо башчы жооп таппай « же көз жашта сыр барбы?»
Бир жайында отуралбай иш үстүндө жүрчү эле,
Кантсе дагы оор санаа эзгилеген бул жанды.
Аппак шаар Отрарга кимдер арзып барбаган,
Акындары ырын арнап калаа даңкын жардаган.
Аянттарда саз наваасы, керней-сурнай тартылып,
Ырын төгүп ырчылары өнөрлөрүн арнаган.
Аалымдардын уясы деп дак урушуп жетпеген,
Кербенчилер бул шаардан кыя өтүп кетпеген.
Мезгилинде Монгол каны Темучин,
Билимкана, шаар көркүн түптүз кылып өрттөгөн.
Мына эми дүркүрөдү баштан аяк бурулуп,
Аппак шаар гүлгө айланды билимдүүлүк, улуулук.
Мезгилинде Темир кан да ушу жерден дарс окуп,
Өкүмдардын көз астында азыр кайра курулуп.
Аалымдары кеңеш курса Атемир кан башында,
Тамга таанып билим алган о бала кез жашында.
Кан табити аалымдарды, өнөрмандар баарысын,
Урмат кыла сыйлап турчу бере салып ашын да.
Ырчы досу Токтогулду жаштык жалын кезинде,
Акындардын жарышына апкелгени эсинде.
Күргүштөгөн угармандар таш майданга ыкшалып,
Жамгыр боло төгүлгөн ыр калган экен сезимде.
Далай акын сабак алып устат кылып алышкан,
Сапар деген жигит менен ырдап жүрүп таанышкан.
Той-тамаша жыйындарга кат кабарды жөнөтүп,
Токтогулду алдырышчу Бужун жактан, алыстан.
Орду калды ырын ырдап Сапары,
Көкүрөктүү акындардын арбып барат катары.
Өзү өлсө да, ыры өлбөй шакирт даңктап устатын,
«Сапар ырчы, Сапар ырчы» элге тарап атагы.
Шаар башчы тосуп алды көргөн көзү ишенбей,
Салтанаттуу келчү эле мунусу не түш өңдөй.
Чабарманы келчү эле күйүп жанып чапкылап,
Өкүмдары жайдары жүз башкача өң бүткөндөй.
Түшүп, түшпөй «ырчыларың чогулт» деди башчыга,
Аттан шагдам түшчү эле мунусунда куюлуп.
Гүлбакчада даяр турчу өкүмдарым келет деп,
Заматта эле ырчылары, келди баары жыйылып.
Баары карайт күлсө экен деп өкүмдардын жүзүнү,
Калбагандай алдындагы дүр дүйнөнүн кызыгы.
Колун жаңсап «ырдасынчы Сапар деген ырчыңар,
Баары мактайт эл оозунда ырчылардын түзүгү».
Сапар ырчы чыкты ортого баары карайт жарданып,
Кыпчак сазын күүгө салып ыр төгүүгө камданып.
А дегенде өкүмдарын мактап кирди бүтүндөй,
Ырчы, акын сөрүлөрдө карап калды таңданып.
Бирок канда кубануу жок колун калды көтөрүп,
«Мени коюп Токтогулдун газалына, арманына өтөлүк».
Десе баары жымжырт боло Сапар күүсүн өзгөрттү,
Тамак башын түзөй коюп кечиримдүү жөтөлүп.
Устатынын газалдарын ырдачу эмес жыйында,
Дарга тарткан өкүмдарга ырдап турса кыйын да.
Бирок кандын көздөгөнү не болду,
Нан тепкилик кылбаймынбы ызат кылган сыйында?
Не кыларын башта билбей жал-жал карап сүрдөнүп,
Акырындап төгүп кирди буркан шаркан күүлөнүп.
Көздү жума башын чайкай төрдө угуп отурган,
Өкүмдары жан-жагыны сыйпалана ким бирөөнү изденип.
Уккандарды ойго салды каны жаал кылбады,
Кээ бирөөсү шыпшыныша ичтен өксөп ыйлады.
Кудум эле Токтогулу маңдай туруп ырдагандай,
Ичтен өксөп күйүп-жанып баш көтөрбөй сыздады.
Кыпчак саздын тамбур үнү узак сыздап басылбай,
Шыпшыныша уккандарды ойго салды, «асыл ай».
Өкүмдардын минтип арзып күтпөгөндөй келиши,
Дайын болду Атемирдин отурушу жашылдай.
Сапар ырчы узак ырдап устатыны даңктады,
Ашыктыктын газалдарын ырдагандан кайтпады.
Акырында Темир туруп айткан сөзү шу болду,
«Кан өлсө да, ырчы өлбөйт» – деп башка сөздү айтпады.
Дагы кандай сөз айтат деп ээрчий басып карады,
Устатынын ырын ырдап бир соопко жарады.
Отургандар өкүмдарга алкыш айта кубанып,
Гүл бакчаны калтырышып үй-үйүнө тарады.
Шаар башчы жапалактап жамажайы жыйылбай,
Жанжагына өтө калып мактоо сөзү тыйылбай.
«Токтот» – деди колун жаңсай «мени жаткыр тезинен»,
Жыгыларда жанжигиттер кармай калды кыйындай.
«Не болду?» – деп шаар башчы «чакыргыла табыпты»
«Каным сизге не болду?» – деп айла кетип камыкты.
Бир гана сөз өкүмдардан бери чыкты шыбырай,
Колун жаңсап: «Кана ырчы, Сапар ырчы» –
сөз айталбай кыбырай.
«Каным, нени айтмакчысыз?» – ырчы Сапар жанында,
«Ырчы жигит ырыңды угуп кетип жатат каның да.
Өтүнөрүм Самаркандга кан өттү деп сен угуз,
Биз бололу Токтогулум экөөбүз, ырларыңдын сабында.
Кийин-кийин ырга айланды өкүмдардын Отрарга келгени,
Ырын угуп Токтогулдун ырчыларды көргөнү.
Анан минтип Сапар ырчы Самаркандга угузуп,
Эл оозунда Сапар ай деп аталганы элдеги.
Эл оозунда Сапар айда Шейшембинин күнүндө,
Идиш сынбай, той тополор өтпөчү эле биринде.
Азалуу ай, шейшемби күн калды баары унутта,
Бир гана ыр өлбөй келет ырчылардын дилинде.