Бейтаанышка
Бейтааныш кабатырсың кайгы жандай,
Кайгы жеп, капа кылган бирөө бардай.
Байкачы, айланаңа көзүң салчы,
Тирүүлүк ана жүрөт сени жандай…
Мүңкүрөбө байкуш бир жамандардай,
Айласыз көңүл чөккөн алсыздардай.
Байкасаң жакшыга да, жаманга да,
Күн нуру текши төгөт эл тандабай…
Көнөктөп жаан төгүлөт, ансыз көлдө,
Тамчы суу жок кунарсыз кумдуу чөлдө,
Кыймылсыз алар жатат айласы жок,
Сен адам кыймылдуусуң моюн бербе…
Сенде акыл, сенде мүнөз баатырлардай,
Капалыкты айдап сал көңүл суутпай.
Бүгүнкү күн бербесе эртең берет,
Бейтааныш башты көтөр моюн сунбай!
Жалган айтып…
Калп айттым, билип туруп калп айттым,
Айлам жок, «жакшылыкка» деп айттым.
Чынын айтпай же унчукпай, тим калбай,
Жамандыгын бирөөнүн алып кайттым.
«Жамандыкты каалаган чындыктан, – дейт, –
Жакшылыкты каалаган жалган артык».
Бабалардын даанышмандык сөзүн тутуп,
Калпты, мен, чындыктан көрдүм артык.
Ооба, жаман, жалгандыктын арты жаман,
Коомго кирди, адат болду, илдет заман…
Жаман адат бийлик жаатын чырмаган,
Болсо экен, так ушундан эл аман.
Шыр кетебиз, мүдүрүлбөйт тилибиз,
Калпты айдатат, бийлик менен коңшубуз.
Билсек дагы, күндө чындык миң курман,
Жалгандыктан чыгалы деп койбойбуз.
Сүйбөйм калпты,.. мен ушуга таң калам,
Көп ичинде мен да угуп тим калам…
Мындай илдет чырмап алса өзүңдү,
Башың менен жерге кетсе туура кадам.
Ичи кенен күз
Күздү күтөм салкындуу күнү менен,
Жайгарган жайдын күнүн, ысык деген.
Суук эмес, ысык эмес салкыны бар,
Жазылат жагымынан сенин денең.
Күздү сүйөм берекелүү ичи кенен,
Түшүмү мол калкка деп, белендеген.
Кечикпей мезгилинде кайтып келет,
Жыл сайын жыйнап ал деп, түшүм менен.
Саргайып жалбырагы, талаа түсү,
Токпейил тартып турат алтын жүзү.
Жел жүрсө толкуп турган буудай бышып,
Түшүмү мол, …жетишпейт адам күчү.
Күз айтат: – Эмгекчиге койнум кенен,
Кыш камын көрүп койгон, жазга белен.
Аянбайм мээнет кылсаң терди төгүп,
Сен үчүн мен да дайым камдуу келем.
Баатырдын уулу
(2010-жылдагы апрель окуясынын 7 жылдыгына)
Ээрчишет эне-бала ысык күндө,
Эне жаш, бала да жаш жетегинде.
Ак үйдүн маңдайында эстелик бар,
Чегилген кара ташта узун тизме.
Келишти кара ташка, окуйт тизме,
Жаш эненин кылгырат жаш көзүндө.
Баланын атасынын аты да бар,
Окко учкан токсон эрдин тизмесинде.
– Мына, атам! – Бала окуйт таап атасын,
Жакында эле тааныган «а» тамгасын.
Тапканына кубанып кудуңдаса,
Эне дагы кубаттайт өөп баласын.
Бирок кеткис кайгы бар жаш энеде,
Ушул бала ал кезекте курсакта эле…
Мектебине барууга жашы келип,
Мында ээрчитип энеси келген эле…
Жаш болсо да түшүнөт бала энесин,
Кудуңдабай бөлүштү кайгы элесин.
Кабак чытып тизмелерге карап койду,
Өтө эле көп, окуп бүтпөс тизмесин…
Эне тартат колунан жаш баласын,
Кеттик деген ишарат салып башын.
Буркурап ыйлап ийбей өзүн тыйган,
Үнсүз-сөзсүз алыстайт, аарчып жашын.
Атылган ок, тартылган жебе артында…
Жаа тартат тигинде кыз, күчтүү бир кыз,
Жаасындай солкулдаган кайталангыс.
Жебе учат ажал болуп кайберенге,
Жаа тарткан болсо дагы назик бир кыз.
Кимге ажал, кимге курсант жаа тартыш?
Кайберенге ажалды кайдан аңдыш?..
Кийикти атып алган кыз сүйүнөт,
Кан төгүлүп кийикке келип жазмыш.
Табият жаратуучу, жашоо дейбиз,
Табылбас кереметин биз билебиз.
Тирүүлүккө кубанып жүргөн менен,
Тебелеп бар жандыкты атып жейбиз.
Жаа тартылса жебеси тийип таамай,
Жаачынын мергендигин бар мактамай.
Жан берип бута болгон жандык байкуш,
Жан кыйын, өлүп барат онтой, сыздай.
Оо, кайдан бизге жетсин кайгы жагы,
Оголе жеңил айтыш: жетти ажалы.
Оңой го маашырлануу мергенчиге,
Ойлончу кайберендин кимге убалы?!
Шашылган балалык,
шаштырган карылык
Чоң дүйнө чакырган,
чоңдорго кызыккан,
Шашылган балалык
жеталбай ашыккан.
Кыз жандайт боз бала,
кызыгат жаш бала,
Шаштырбайт баланы
мезгил да маалкаткан.
Күн өтөт, жыл өтөт,
жигитсиң бакыйган,
Үй-бүлө, эр бүлө,
…маңдайга жазылган.
Түйшүк көп моюнда
убакыт эсте жок,
Кызыктуу өткөнсүйт
чоң дүйнө азгырган.
Ай өтөт, жыл өтөт,
тез эле улгайган,
Байкалбай топтолгон
ак чачың буралган.
Артыңда жаш балдар
эстетет ордуңду,
Ылдамдайт убакыт,
токтобой агылган.
Шашылган балалык,
шаштырган карылык,
Өмүрүң ушундай
чамалап айтарлык.
Замандаш эске түй:
мезгилиң кайрымсыз,
Шашылган балалык,
шаштырган карылык.
«Жалган» заман
Азына жыргал, көбүнө куурал,
Бузулган заман, …ыркырайт шамал.
Дал-далынан кеткен – жылаңач коом,
Бүтөлбөйт жыртык. Жашооң катаал?!
Ыркырайт шамал, бузулган заман,
Коом бузулуп бүлүктү салган.
Учайын деп, учалбай калган,
Жан дүйнө тарып, камалып алган.
Чириген коом, чиренген заман,
«Таза коом» – дейт, бүт ичи жалган.
Бардыгы акча, башканы кой,
Адамы да сатылып калган…
Чалчактайт элит, жалжактайт кээси…
Көрсөтсө өзүн өлкөнүн ээси…
Бөксөсү толбос элибиздин,
Убада менен толтурат кээси…
Чыгайын дейм, чыгалбай калгам,
Чөгөрүп заман, чыланып барам…
Тазалык кайда, таза элим кайда?
Ишенгиң келет бу заман «жалган».