Дүйнө кезет кыргызым
Саякаттын сыйкырына багынып,
Сонун фотоаппаратты тагынып
Шарип досум кайтты кече Мисирден
Өзгөндөгү кичи айылын сагынып…
Бүгүн көрдүм врач Сонун эжени,
Мейман кылган француздар мекени…
«Алты күндө зериктим, – дейт Парижде,
Кандай жакшы Ошубуз бар экени!»
Келе жатсам учак менен борбордон,
Ырчы Асан орун алды сол колдон.
Ал сүйлөдү: «Нью-Йорк кетсин айланып
Өзүбүздүн кичи Базар-Коргондон!»
Бүгүн жүрөт дүйнө кезип кыргызым,
Билдирип да, билип да чоң Жер жүзүн.
Ар кандай куш жерге келип конгондой
Таап келет таамай Мекен-жылдызын!
Мен үчүн жок бул жагдайда сыр-санаа,
Асыл сөздү айтат жүрөк, ыр гана…
Кыргыздар бар дүйнөнүн көп жеринде,
Кыргызстан – бул дүйнөдө бир гана!
Базардагы окуя
Бүгүн шашке маалы
Жүргөндө базар кылып,
Бир иш кенен дүйнөнү
Койду мага тар кылып!..
Топту жарып карасам
Жалбыз сатат бир аял.
Сенде, Жазым, кандай ой,
Бул келинде не кыял!..
Муздап кетти бүт денем,
Жүрөгүмө батты ок…
Жыттуу жалбыздарыңды
Сатып жатты, бети жок…
Качан тегин пул табуу
Болот бизге арам, жат?
Ушул күнгө калдыңбы
Атагат адамзат?!
Түшүнүп ал
Күн турганда чокуда
Тоону тиктей карагын.
Бир тарабы көлөкө,
Күнөстүү бир тарабы…
Ал жерде суу берешен,
Дагы канча кар турат.
Талааларда, чөлдөрдө
«Суу!» деген муң чарк урат.
Түшүн, неге бирдей эмес
Адамдар Жер жүзүндө?
Теңсиздик бар жараткан
Табияттын өзүндө!..
Чабалекейлер келгенде
О, балдарым! Бошоткула үй төрүн,
Мейманды тос, сүйүнчү да бергиле!
Эстеп мында өткөн жакшы күндөрүн
Чабалекейлер кайра келди, көргүлө!
Рахат кызым, терезени ача сал,
Уяларын көрүшүп бир жыргашсын.
Биз сагынган, мээрим толо, сезимтал
Күү, ырларын бүгүн баштап ырдашсын.
Акыбети, эстүүлүгү бул маал
Ойго түшүп кургап кетти көмөкөй…
Кээ бир тууган, кээ бир достон жакшы ал –
Жоктоп келет куш болсо да жөнөкөй!
Дүйнө, аман жашасын…
Энем айткан бир күнү:
– Билип койгун, берекем.
Жерибиздин астында
Бир чоң өгүз бар экен…
Билсең, эки мүйүздө
Турат экен Жерибиз.
Тынч жашоонуу үйрөнүү
Керек тура эми биз!..
– Эне, айтчы, не болот
Чарчаганда мүйүзү?
– Биринен башкасына
Өтөт экен жер жүзү…
– Эмне болот талып ал
Жерди салса ыргытып?
– Тообо де! Андай болсо
Кетет, балам, Жер житип!..
Бирөөлөрдөн уккан чын
Бул нерсени чоң энем.
Ишенбегем бул сөзгө,
Анда кыйла чоң элем.
Эске салды бул калпты
Бүгүнкү дүйнө ажары…
Кирпиктеги аманат
Жашка окшоп Жер шары…
Дүйнө аман жашасын
Күдөр үзбө эч бизден.
Корккун Жердин үстүндө
Жүргөн кээ бир өгүздөн!..
Россиядан кат
Бүгүн да бул жүрөгүмө сагынч толуп,
Көз алдыма келди тоолор, жашыл шибер…
Карындашым, ушул катты окуп болуп,
Мага айыл жөнүндө кат жазып жибер!
Жазып койгун күндүн кандай ысыганын,
Анын нурун мен сагынган шибер эмсин.
Катта келген жылуулуктан ысык каным
Тамырымды дагы жарып жибербесин…
Жазгын, канча тойлор өттү кыштан бери,
Канча бөбөк төрөлдү жазды тосуп…
Ырдалууда Рысбайдын кандай ыры,
Не деген ырлар жазды Колдош досум?
Дагы жазгын, кыздар чачын тал-тал өрүп,
Жүрүшөбү осмо коюп каштарына?
Китеп менен бир эли кат кошо берип,
Ой салабы жигиттердин баштарына?
Жазып койгун, көрөсүңбү Сүйүмканды,
Дүйшөсүнүн оозундабы сүйүү гимни?
Ушул жазда кайсы кыз сүйүп калды,
Мажнун деп жүрөсүңөр азыр кимди?
Кат бүтөрдө жазып койгун бир ооз кеп,
Бул суроону башка ойго туурабастан:
Ал кайсы кыз мени сенден сурайт эң көп,
Жактырып жүргөн кыз ким сурабастан?!
М…ге ачык кат
Селки, келчи, чын сөздөрдү сүйлөйлү,
Чыным айтсам жүрөгүң тыз күйбөйбү?
Сүйүү улуу, кудуретине баш ийип,
Бирок айтчы, акылга баш ийбейби?
Селки, келчи, чын сөздөрдү сүйлөйлү.
Дагы мени жолугууга чакырсаң,
Чыгып жайкы аскер үйү-чатырдан.
Аялзатка урматым чоң болгондон,
Сага гүлдөр терип берем адырдан –
Дагы мени жолугууга чакырсаң…
Сага сөздүн ток этерин сүйлөсөм,
Сүйбөйм сени!.. Капа болбо, күйбө сен.
Сени сүйөт белем… эгер мурда мен
Ошумдун бир кара көзүн сүйбөсөм,
Сага сөздүн ток этерин сүйлөсөм!..