КЫРГЫЗ АЯЛДАР ПОЭЗИЯСЫ КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН
Кыргыз аялдар поэзиясы ХХ кылымдагы кыргыз профессионал адабиятынын маанилүү жана бараандуу бир бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде кыргыз адабияты өзүнүн өнүгүш тарыхында кайсы бир ийгиликтерге, бийиктиктерге жетишкен деп эсептесек, анда ал ийгиликтерге кошкон аялзатынын өзүнчө салымы болгондугу талашсыз. Албетте, кеп мында адабиятка гендерлик көз караштан мамиле кылып, «эркектер жараткан адабият» же «аялдар жараткан адабият» деп ажырым коюуда эмес. Болгону заман шартынан тышкары этникалык менталитет менен адеп-ахлактын таасири өтө күчтүү фактор болгон кыргыз коомунда алсыз жыныстын өкүлдөрү өздөрүндөгү чыгармачылык башталышты кандайча ишке ашырып, андан аркы процессте ал башталыш кандайча улантылып кеткендигин ачып берүү зарылдыгы бар.
Аялзатынан чыккан калемгерлердин адабият майданына кошулушу – бул өзүнчө тарых. Кыргыз адабиятынын алгачкы учурунда, 50-жылдарга чейин акын аялзатынын ичинен окурмандарга бир гана Н.Жетикашкаеванын ысымы жакшы белгилүү болгон. Кийинчерээк, 50-жылдардын ортосунан тартып, совет доорунун 60–80-жылдары, андан кийин убакыттын өтүшү менен алардын саны арбып жүрүп отурган. 2008-жылы жарык көргөн «Кыргыз жазуучуларынын справочнигине» алфавит тартибинде көз чаптырсак, С.Абдыкадырова (1935), С.Абдыкеримова (1919–1988), М.Абылкасымова (1936), Т.Адышева (1920–1984), С.Акматбекова (1949), М.Буларкиева (1937), А.Дегенбаева (1941), Д.Жамансартова (1939), Н.Жетикашкаева (1918–1952), Н.Жүндүбаева (1917–2003), Т.Закирова (1948), Р.Карагулова (1946), Ш.Келдибекова (1949), М.Мамазаирова (1943), Ш.Мамбетаипова (1936–1995), Г.Момунова (1937), А.Момунтаева (1951), Р.Мукашева (1949), М.Осмонкулова (1955), К.Сариева (1051), З.Сооронбаева (1924), А.Темирова (1960), А.Тыналиева (1946), Ж.Тынымсеитова (1929–1975), А.Узакова (1951), Ф.Абдалова (1960), Ү.Маматова (1951), Ч.Унурова (1949), А.Чойбекова (1947), Б.Чотурова (1955), Г.Шакирова (1955) деген 31 акын киргизилген. Ырас, бул катарда Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрү болгон акындар, котормочулар С.Луговая (1941) менен С.Суслова (С.Токомбаева) (1949) дагы бар.
Ал эми жогорку тизмеге кирбей калган, б.а., Жазуучулар союзунун катарында турбаган, адабиятка кеч келгендиги үчүн Союзга өтө элек болгондуктан справочникке кирбей калган же чыгармачыл Союзга кеч өткөн, же болбосо дегеле өтүүнү максат кылбаган ондогон акындарыбыз бар. А.Бегимкулова, К.Бекназарова, З.Жамангулова, А.Уйлубаева, Ж.Акунова, Б.Медетова, Б.Сарыгулова, Р.Жекшенова, Д.Маанаева, Б.Сейитбекова, С.Бегимкулова, Р.Алыбаева, Н.Ногойбаева, Ж.Исабаева, Э.Ажыканова, Ж.Арыкова, В.Бөлөкбаева, Н.Осмонова, А.Базарбаева, Ч.Субакожоева, А.Көкөева, А.Бакирова сыяктуу акын кыздардын алды ыр китептерин чыгарып, калгандарынын чыгармалары мезгилдүү басма сөздөрдө жарык көрүп, окурман журтчулугу тарабынан ар түрдүү маанайда кабыл алынган.
* * *
Албетте, аялдар поэзиясынын эң бышып жеткен, өз алдынча көркөм кубулушка айланган жылдары 60–70-жылдар болду. Аялдар поэзиясынын бул мезгилдеги жанданышын адабиятчы К.Артыкбаев: «60–70-жылдардагы салттуу формада жазылган кыргыз поэзиясынын поэтикалык изденүүлөрү менен көркөмдүк табылгалары жөнүндө кеп козгогондо анын тутумунан эч качан ажыралбай турган дагы бир олуттуу фактыларды аттап өтүүгө болбос эле. Бул – ал жылдары күчтүү өнүккөн кыргыз аялдар поэзиясы. 50-жылдарга чейинки кыргыз поэзиясынын айдыңында жалгыз Н.Жетикашкаевадан башка кыргыз аялдарынан чыккан көрүнүктүү акын жок эле. 50-жылдардын экинчи жарымынан тарта кыргыз поэзиясынын картасы кескин өзгөрө баштады. Аялдардан чыккан акындарыбыз атайы күн мурун акылдашып, макулдашып алгансышып, 60-жылдардын башынан тарта поэтикалык изденүү чөйрөсүнө өзүнчө бир чоң топ түрүндө келип киришти…» – деп мүнөздөйт. Ошого эле үндөш ойду адабиятчы, кыргыз поэзиясын тереңдетип изилдеген О.Ибраимов да айтат: «Кыргыз поэзиясы жетимишинчи жылдарда да бир өзгөчөлүк менен көзгө түшөт, ал – кыздар поэзиясы».
Суроолор туулат: кырк-элүү жыл ичинде мынчалык көп сандаган, ондогон жоон топ акын кыздарды адабий аренага алып чыккан кайсы тарыхый жана маданий-социалдык өбөлгөлөр болду? Дегеле аялдар поэзиясы деген эмне? Анын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүн болгон типологиялык, стилдик-тематикалык өзгөчөлүктөрү кайсы? Адабиятка алар кандайча жана кандай профессионалдык даярдык жана чыгармачылык дымак менен келишти? Эмнени үйрөнүп, эмнени беришти? Алардын ыр дүйнөсүндөгү орду жана добушу эмнеси менен айырмаланат? Кимди туурап, кимден үйрөнүштү? Кайсы адабий багытты тутунушту? Көркөмдүк табити, деңгээлдери кандай болду? Кимисинин сапары узак болду, кимисинин добушу кандай чыкты? Алардын чыгармачылыгында кандай идеялык, стилдик өзгөчөлүктөр байкалды? Дегеле кыргыз аялдар поэзиясынын профессионалдык адабият катары тарыхый өнүгүшү, баскан жолу, берген реалдуу чыгармачылык түшүмү кандай? Кыргыз аялдар поэзиясынын генезиси кайда барып такалат? Аялдар поэзиясын эркектердикинен айырмалап турган өзгөчөлүктөр кайсы? Бул өңдөнгөн ондогон суроолорго жооп табуу, акын кыздардын чыгармачылыгын системалуу иликтөөгө алуу эбак бышып жетилген маанилүү маселе. Муну биз «Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү» деп аталган докторлук диссертациябызда ишке ашырдык деп эсептейбиз. Иш 2012-жылы корголгон.
* * *
Кыргыз адабияты кылымдар бою негизинен оозеки түрдө жашап келгендиги жакшы белгилүү. Бир акын чыгарган ырды кийинки муундагылар дагы толуктап же өзгөртүп ырдап, эзелки автор дээрлик дайым унутулуп келгендиктен, оозеки чыгармачылыктын салттуу ыгына, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жаралган туундулар негизинен азыркы фольклор изилдөөчүлөр аныктаган түркүмдөргө сыят. Ошондуктан: «Өнөр алды – кызыл тил» – деп эне тил катуу баркталган. Эркектерге салыштырмалуу эрки кыйла чектелгендиктен, кыз-келиндер өздөрүнүн талантын жетиштүү даражада ачыкка чыгара алган эмес. «Эрк», атүгүл чыгармачыл илхам – «эргүү» – «эр күүсү, эрдик күү, эр деми» да «эркекке» уңгулаш болгону, жүүнү бош, жалтак, сөзүндө тура албаган эркектерди катын деп акаарат кылган адат да ушуга байланышкан.
Ошого карабастан, социалдык теңсиздик, илгерки үй-бүлөлүк, патриархалдык коомдук мамилелердин шартында Бурулчадай баарын тобокелге салып, керек болсо салт-санаадагы уят-сыйытка, өлүмгө да тике караган курч келиндер чыккан. Аялдардын атынан ырдалуучу секетпай, күйгөн, арман ж.б.у.с. ырларын кыз-келиндер, апалар өздөрү чыгарган деп айтууга толук негиз бар. Бизге жеткен «Кыз менен жигиттин айтышы», «Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы» сыяктуу чыгармалар ак жоолукчандардын дарамети эркектердикинен эч калышпастыгын күбөлөп турат. Айрыкча «Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы» мазмунунун тереңдиги, көркөм элестүүлүгү, фантазиясынын байлыгы, батылдыгы, баатырдыгы жагынан да Сократтын акылман усулуна шайкеш келээрин адабиятчы С.Байгазиев белгилеген. Жомокторундагы Жээренче, Акыл Карачач акыл-эстүү гана болбостон, кыйытып образдуу кеп айткан, метафоралуу ой жүгүртө билген. Демек, кыргыз сөз өнөрү аялзатында да болгон. Кыргыз адабияты Октябрь революциясынан кийин эле пайда боло калган эмес, анын тамыры тереңде, байыркы замандарда. Кыргыз аялдарынын чыгармачылыгынын башатында бешик ыры, кошок, каргыш, алкыш жанрлары өзгөчө орунду ээлеген, анын тарыхый башаты эски доорлорго барып такалат. Акбермет Карагул кызы, Ак Шербет, Бурулча, Курманжан датка сыяктуу инсандардын ырлары ар түрдүүчө жолдор менен бизге жеткен.
Ырас, ХХ кылымдын 10–20-жылдарында башталган биздин төл жазма адабиятыбызда кыздар дээрлик жок, көбүнесе жигиттер. Алардын катарында бир гана З. Лепесова деген аялдын ысымы кезигет. Бирок анын жазгандарын кыргыз басылмаларынын эч биринен учурата алганыбыз жок. Анын болгону эки строфа ыры жана ага карата талдоо адабиятчы А. Эркебаевдин «Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары» китебинде учурайт. Канткен менен ага замандаш А. Токомбаев, К. Тыныстанов, М. Токобаев, М. Элебаев, Ж. Жамгырчиев, К. Маликов сыяктуу акын-жазуучулардын аялдар теңдигин көксөгөн ыр, поэмалары өз кезегинде кыргыз аял затынын илим-билимге умтулуусун шарттаган, ага түрткү берген. Алгачкы жазуучу А. Айтбаева, алгачкы журналист К. Кыдырбаева, биринчи актриса А. Карасаева, кыргыз совет адабиятчысы, сынчы Б. Керимжанова чыгып, анан аларга куйрук улаш карлыгач акын кыз Н. Жетикашкаеванын адабият шарданына кошулушу – кыргыз аялдар поэзиясынын тарыхый өнүгүшүнүн алгачкы кадамы. Ал тарых андан кийин кандайча уланды?
Акын кыздардын ар биринин адабиятка кирүү жолу, андагы изденүүлөрү, акындык тагдырлары ар түрдүү. Алардын бардыгында тең негизинен коомдук темалар орун алса да, окурманга байкалып-байкалбаган ар биринин арман-өксүгү же ченебеген бактысы бар экендиги байкалбай койбойт. Н. Жетикашкаева совет доорунун жыргалчылыгын жан эбиле ырдай берип, жадагалса ааламдагы Ай менен Күндү, теребелдеги бак-дарактарды, жаратылышты унутуп койгон. Бул бир жагынан акындын чындап эле дүйнөнү эргип кабылдаган бактысы болсо, бирок ошол картинанын арткы жагындагы айныгыс чындыктын – акындын баласыздык арманы менен эрте өлөрүн сезип, тынчсызданган ырларынын бизге жетпей калгандыгы соцреализм деген түшүнүктүн биз азыр түшүнүп жаткан залакасы болушу толук мүмкүн. Мунун өзү кыздар поэзиясынын көмүскөдө калган «актай барагы» катары көрүнөт.
С.Абдыкеримованын өңчөй жылуу маанайлуу ырларын көзөп өткөн баласыздык арманын Жеңижоктун окшош аталыштагы ыры менен салыштырып талдаганга болот.
«Отуздан жашым өткөнчө,
Ойлодум бала көрөм деп,
Баланын көрбөй дидаарын,
Бул бойдон кантип өлөм деп.
Кыялым бала ойнотуп,
Кубанып далай сүйүндүм.
Ашкан соң кырктын бешинен,
Амалсыз анан түңүлдүм.
Түңүлүп үмүт үзүлдү,
Туткактап муң-зар ичимди.
Ындыным өчүп үшкүрүп,
Ысык жаш жууду жүзүмдү.
Чымын-чиркей, чымчыкта,
Чырмалып жүрөт миң даана.
Эрмексиз нечен мендейди,
Ээрчисе кантет бир бала.
Эмчегим ийип дирилдеп,
Эне болуп көрбөдүм.
Жалындап күйүп жүрөгүм,
Же, баласыз күнгө көнбөдүм.
… Асман-жерди көтөрүп,
Ааламды баккан нур дүйнө.
Телегейин тең көрүп,
Тегиздик кылдың сен кимге?
Көңүлсүз сүйлөп көнгөндөн,
Кекилик жакшы тордогу.
Кокоюп жалгыз жүргөндөн,
Куу арча жакшы тоодогу».
Бул ырды Жеңижоктун «Балам жок» деген айтылуу ырынан төмөн турат деп ким айта алат? Акыркы эки куплеттеги салыштыруу кимдин дагы болбосун жүрөгүн титирете турган, акындын өзүнүн көкүрөгүн тешип, сызылып чыккан арманы эмей эмне? Бул арман Жеңижокто төмөнкүдөй берилет:
«Аргымак жалы кайрылса,
Тармал эмей эмине?
Артында бала калбаса,
Арман эмей эмине?
Кайрылышта мүрзөмдү,
Кайрылып барып ким көрөт,
Кайгырып жашын ким төгөт?
Бурулушта мүрзөмдү,
Бурулуп барып ким көрөт?
Буркурап жашын ким төгөт?
Ак куурайда муун жок,
Аркамда калган уул жок.
Көк куурайда муун жок,
Көтөрүп баккан уул жок».
Тышынан бир окуган адамга ыргагы, кайрыгы бирдей бул ырлар бир эле муңду муңдап жаткандай көрүнөт. Ичине үңүлө келгенде биринчи ырда бала жоктуктун арманы деталдаштырылып, анын аялзаты тарабынан айтылып жатканы акыркы саптарынан айкын болот. Жеңижоктун ырындагы арман адатта артында тукум улаар туяк калтырууну милдет туткан эркек адамдын арманын чагылтат. Акын аял үчүн көргөн баласы уул болот беле, кыз болот беле, айырмасы жок. Дегинкиси эмчеги дирилдеп ийип, бала эмизип, энелик ырахатты көрбөгөнүн арман кылат. Ал эми Жеңижокто кыз эмес, артында калган уул жок экендиги баса көрсөтүлүп жатат. Кыргыз дүйнө таанымындагы тукум улоо түшүнүгү, милдети билинбей эле Жеңижок акындын подсознаниесинде орун алган. Ал аялзатына караганда өзүнөн кийин тукум калтыруу милдетин энелик ырахаттан тереңирээк мааниде чагылтат. Башкача айтканда, энелик ырахат менен эркектик милдет бул жерде бет алышат. Ал эми баласыздыкты куу арчага, экинчи мисалда муунсуз көк куурайга салыштыруудагы ойлоо, кабылдоо, ойду берүү окшоштугу аял же эркек адам тарабынан айтылып жаткан арман жөнүн эмес, кыргыз дүйнө таанымындагы жалпы образдык системанын үлгүсүн көрсөтөт.
60-жылдары кыргыз адабияты профессионалдык жактан кадимкидей жетилип, өзүнүн Ч. Айтматов сыяктуу өкүлү союздук аренада ат салышып, бир топ такшалып калды. ХХ кылымдын ойчулу Л.Н. Гумилевдун илимий концепциясынан алганда, «пассионардуулук» дооруна келип кирген элибиз бардык жагынан алга жылып, дүйнөлүк маданиятка да салым кошо баштады. Маселен, кыргыз адабияты кыртышында өзү жаралган этностун аз сандуу экендигин байкаткан жок. Биосферанын бирден бир тилкеси катары этностун жаралуу, көтөрүлүү, алсыроо, өлүү тагдыры бар экени ырас болсо, анда Л.Н. Гумилевдун дал ошол концепциясындагы маданий көтөрүлүү фазасы кыргыз кыйырында 60–70-жылдарга туура келди. Бул мезгил тилкесиндеги адабий муун эң ириде аракетчилдиги, изденүүчүлдүгү, натыйжада, тапкычтык жаңычылдыгы менен кылым тарыхында калды. Көрө билүүсү сезим туйгулардан, турмуштук көрүнүштөрдөн, күнүмдүк адам тирлигинен тартып космостук, ааламдык ой жүгүртүүлөргө өсүп жетип, батыштын батыштай, чыгыштын чыгыштай тажрыйба-сабагын өздөрүнө сиңирди, жаңычылдыкка умтулду. Бул жаңычылдык поэзияда формалык дагы, мазмундук дагы изденүүлөргө байланыштуу. Э. Межелайтистин 1959-жылы чыккан «У подножья звезд» ырлар жыйнагы менен «Адам» поэмасы, Ю. Марцинкявичюстун «Публицистикалык поэмасы» (1961) башка деңгээлди кабарлады. Алар колдонгон верлибр, ак ыр Р. Рыскулов, С. Эралиев, О. Султанов, С. Тургунбаев өңдүү кыргыз акындарынын, алардын ичинде М.Абылкасымованын ырларынан, айрыкча «Эстелик сүйлөйт» поэмасынан көрүндү. Аталган поэмага таасирленип, а тургай С. Жусуев «Тирүүлөргө» поэмасын жаратты. Союздагы кыздардын ичинен жалгыз Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болуп, мунун өзү кечээ эле жаңы кадам шилтеген кыргыз адабиятынын, анын ичинде кыргыз аялдар поэзиясынын бир топ деңгээлге көтөрүлүп калгандыгын тастыктады.
70-жылдары акын кыздардын ыр китептеринде буга чейинки тандап алган темалары тереңдетилип, байытылып, түгөлдөнүп жүрүп отурду. Алар эми өзүн адабияттын кишиси катары, ырларын анын бөлүнгүс бир бөлүгү катары эсептеп, ишенимдүү чыгармачылык кылып изденишти. Бул мезгил тилкесин өзгөчөлөгөн көрүнүш С. Акматбекованын «Жамгыр» (1970) аттуу алгачкы китебине байланыштуу болду. С. Акматбекованы кечээги акындардан эмнеси айырмалайт? Бул кечээ да, бүгүн да кызыгууну туудурган суроо. Көрсө, дал ошол «Жамгырдан» кийин кыргыз адабиятында интимдүү лирика, сыр жашырбастык орун ала баштаган экен. С. Акматбекова тууралуу убагында көп сөздөр айтылган. Акындын интеллектуалдык даярдыгын, эстетикалык дүйнө кабылдоосун жогору баалаган А. Эркебаевдин, «Сезимди сергиткен жамгыр» деп жылуу пикир айткан К. Эшимбековдун, акындын ырларын астейдил талдоого алган И. Жумабаев менен Б. Усубалиевдин жана, албетте, акынды аёосуз сынга алган О. Ибраимовдун жазгандарын окурмандар жакшы билет. Эгерде Акматбековага чейин бүткүл акын аялзатынын чыгармачылыгына «аялдардын поэзиясы», орусча айтканда, «поэзия женщин» катары мамиле болгон болсо, С. Акматбековадан тартып кийинки акындарга адабиятта «аялдык поэзия» («женская поэзия») деген өңүттөн мамиле жасоо болгондугун байкоого болот. Акматбековага чейинки акындарга коом, турмуш, эмгек, жаратылыш, бала темасы тааныш болсо, Акматбековадан кийин адабиятка кадам койгон акындарда аял жана эркек темасы башкача өңүттөн карала баштагандай. Жыйынтыгында, дүйнөнүн биз санап өткөн көрүнүштөрү дагы аялдык көз менен каралып баштайт. Акындын таасириндегилер күйөөсүнө болгон таарынычын, жетпей калган сүйүүлөрүн, таштап кеткен кымбат адамдарын эстешти.
70-жылдары «Делбе өңдөнүп келет чуркагым, Достук, сүйүү өткөн жол менен», – деп кыргыз поэзиясына дагы бир кызыктуу акын Р. Карагулова баш бакты. Адабиятта өзүнчө багыт катары калыптана албаса дагы, символизм менен натурализм чыгармаларына сиңишип жолуккан импрессионизмдин элементтери С. Акматбекова менен Р. Карагуловадан байкалды. Кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн биз буга чейин агым, багыттарга ажырымдап карабагандан кийин, бул маселе талаштуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок С. Акматбекова менен Р. Карагулованын поэзиясын төл поэзиядан айырмалап турган көрүнүш – импрессионист сүрөтчүлөрдүкү сыяктуу алардын жазгандарында эч кандай кескин контурлардын жоктугу, палитраларынын ачыктыгы, турмуштук кадимки эле көрүнүштөр чагылдырылгандыгына байланыштуу, б.а., алардын ырларын окуп жаткан окурман баланча ыр жаратылыш, же сүйүү, же өмүр жөнүндө деп бөлүп карай албайт. Ырларында ойлор өтмө катар жуурулушкан, «таза байкоого» артыкчылык берилип, алар искусстводогу идея, жалпылоолордон, бүткөн жыйынтыктуу көрүнүштөрдөн баш тартышат. Ага караганда ар бир көз ирмемдик абалдарын, көз ирмемдик тышкы көрүнүштөрдү ырга салышат. Бул бир жагынан алардын дүйнө кабылдоодогу өзгөчө сезимталдыгына, экинчи жагынан дүйнөлүк адабияттан алган таасирлерине байланыштуу.
80-жылдарды адабиятта кризис алдындагы доор катары мүнөздөөгө болот. Бул жылдардын поэзиясындагы новаторлук (жаңычылдык) тенденциялар ириде кыргыз аялдар поэзиясында интимдүүлүктүн тереңдеши, өтө жарк эткен глобалдуу темалар эмес, адам дүйнөсүнүн көп тараптуу жактарынын чагылдырылышы менен түшүндүрүлөт. Аталган мезгил тилкеси кыргыз адабиятынын тарыхында кала турган өз ысымдарын жаратты. «Жылт» эткен жаңылык болсо, ал ойлор дал интимдүү маселелерге байланыштуу айтылды. Сезим гаммасы акырындап өтө жылаңачтыкка баш бура баштады. Коом эмес, адам сөзгө алынышы керектиги жөнүндөгү ойлор өз жактоочуларын тапты. Акын аялзатынын жаратмандыгы кыргыз адабияттаануусу менен сынында атайын сөзгө алынып, ал тургай С. Акматбекова менен Р. Карагулованын чыгармачылыгына байланыштуу айтылган кескин ойлуу изилдөөлөр (О. Ибраимов) окурман журтчулугунун көңүлүн буруп, жалпы эле ырды кабылдоонун, талдоонун жаңы, «ырайымсыз» үлгүсүн көрсөткөндөй болду. Ал сындардан кийин аял акындардын бардыгы боюн түзөп, алды-артын карап, ал эми катуу сын уккан эки акын чыныгы изденүүгө бел байлашты. Анын жыйынтыгы алардын кийинки ыр китептеринен байкалды. Аялдар поэзиясы активдеше баштады.
Советтер Союзунун жоюлушу Кыргызстан үчүн коомдук-саясий, маданий жактан опурталдуу болду. Бир кездеги окурмандардын сүйүктүү гезит-журналына айланган «Кыргызстан маданияты» менен «Ала-Тоонун» чыгышы сээлдеп, бара-бара токтоп, 1990-жылдардагы коомдук турмуш, андагы оорчулук элди бир топ абдыратып койду. Он жылдап бир сап бирдеме жазбаган акындар болду. Мисалы, М. Абылкасымованын «Ата Журт дайым көңүлдө» (1987) жана «Үшүк» (2001) китептеринин ортосундагы он төрт жыл эмнени айтат?
«Үшүк» китебинин алгачкы бетинде «1990–2001-жыл арасы» деген эскертүү берилгенине караганда, чакан китепке кирген чыгармалар аталган мезгил аралыгындагы акындык эргүүнүн болгон жемиши. Акын менен маектешкенибизде Союз таркагандан соң жүрөгүн боштук ээлеп, эч нерсеге ишенбей калганын айтат. Албетте, бүткүл өмүр-тагдырын, жашоосун, келечегин, бактысын бир партия менен камыр-жумур бирдикте көргөн, советтик коомдун жакшылыгын, өз Ата Журтунун ийгиликтерин ырга салып жашоосун көрктөгөн, калемдештеринин сүйүүсүнө да, арзуусуна да татыган баркы бийик Эл акыны үчүн ошол бийиктигин жоготуп алуу оңойбу? Албетте, Союз тарагандан кийин М. Абылкасымованын кадыры төмөндөй түшкөн жок, ошентсе да бул жаңылыкты Союздун кучагынан жаңы чыккан акын чаар ичегилик кылып кубаттап жибере албайт эле. Көп жылдык боштук жана көңүл дартын акын «Атаке баатыр» пьесасын жазуу менен айыктырган. Дегеле постсоветтик адабиятта кеңири орун алган тарыхый темаларга кайрылуу, өтүп кеткен эл, уруу баатырларын даңазалоо тенденциясы акындын чыгармачылыгынан дагы байкалат. «Үшүк» китебинде орун алган «Атаке баатыр жөнүндө баян», «Аталар жана Ата Журт», «Түлкү баатыр», «Тоголок Молдо чоң атам», «Курманжан датканын арманы» аттуу поэмага тете мазмундагы ырлары муну тастыктайт.
* * *
К. Сариеванын «Асмансыз жылдар» аттуу китеби эң ириде таамай аталышы менен окурмандарынын, адабий журтчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Анткени китеп жарык көргөн мезгил эл А. Акаевдин башкаруусунан чындап тажаган кез болчу. Г. Момунова, М. Мамазаирова, А. Бегимкулова, Г. Шакирова сыяктуу акындардын граждандык, Б. Карагулова, М. Тураеванын интимдик, бул мезгилде адабиятка кадам койгон талапкерлердин С. Акматбекова менен Р. Карагулованын таасириндеги сыр жашырбастык орун алган ырлары ж.б. аталган мезгилдин адабий картинасын түзөт. Чыгармачылыкка анчейин шарт жок деген менен 90-жылдары ыр китептердин чыгышы сээлдеген жок. Эң жашоого жөндөмдүү жанр катары ырлар жазылып, китептер жарык көрүп жатты. Аялдар поэзиясындагы 70-жылдардын медитативдик поэзиясынын таасиринде башталган муңайымдуулук менен көңүл чөгөттүк өңдөнгөн маанайлар өлкө эгемендикти алган жылдары чындап өз өнүгүүсүн улантты. Бир кездеги жок жерден санаачылдыкка баткан назик, чыгармачыл калемгерлер эми совет өлкөсүнүн тутумунан бөлүнүп, эсеңгиреп турган өз кичи мекенинин маанай-туюмун жан дүйнөсү менен туйбаганга аргасы жок эле.
«Ырларым, жол тарткыла,
Ак таңдай жарылганы,
Каржалган ой-сезимдин,
Канына малынганы.
Калкымдын кайратына,
Канаттай тагылганы.
Турмуштун жүрөгүнө,
Туу болуп сайылганы!..»
Бул ыр 90-жылдары адабиятка келген талапкер С. Касымалиевага таандык. Светкүл өзүнүн дүйнө кабылдоосу аркылуу эл ичинде, өлкөдө, жалпы жер бетинде, ааламда болуп жаткан процесстерге өз алдынча баа берүүгө аракеттенет, өзү жашаган доор, замандын добушун кагаз бетине түшүрүп калганга далалаттанат. Акындын дагы башка ырлары жаңы эле эгемендик алган кыргыз адамынын дүйнөсүндөгү болуп жаткан башаламандыкты, чаржайыттыкты, депрессияны, кризисти чагылтат. Ырлардын мазмуну гана тургай стилдик жагынан ички, тышкы тартиби дагы, күтүүсүз эркиндикке чыгып, өзүнүн алапайын таппай турган адамдын дүйнөсүнө коошуп тургандай. Кризистик доор деп аталган бул мезгилде орто муун акындары К. Сариева, Б. Чотурова, Ф. Абдалова, Г. Шакирова, Т. Закирова, Ж. Акунова ж.б. дагы өз доорунун элесин элестүү чагылдырган ырларды жараткан. Айырмасы, жаш акындардын ырларына көбүнесе абстракттуулук мүнөздүү болсо, улуу акындарда конкреттүүлүк орун алып, алар доор кризисинин себеп-жөнүн туя билишет. А. Темированын «Тандалмалар» (2003) китеби кыргыз аялдар поэзиясынын дагы бир кырын көрсөтөт. Дүйнөнү метафоралуу, символисттик, сюрреалисттик жана магиялык реализмде кабылдоо, ошол эле учурда интеллектуалдуу ойлору, дүйнөнү өзүндө туруп эмес, түпкүрүнө үңүлүп масштабдуу кароо анын поэзиясына стилдик өзгөчөлүгү менен келгендей.
Бүгүнкү күндө көзү өтүп кеткен Т. Адышева эжени кошпогондо Кыргыз эл акындарынын катарында М. Абылкасымова, Г. Момунова, С. Акматбекова, М. Мамазаирова, мындан тышкары ондогон маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өкмөттүк, коомдук сыйлыктардын ээлери бар. Поэзияга айкалыштырып алардын көбү проза, драма жанрларында калемин сынап келишет. З. Сооронбаеванын «Чоочун киши», «Астра гүлү» сыяктуу чыгармалары акындын көзү өткөндөн кийин дагы маанисин жоготпогондугу, же болбосо З. Пасаңова, Т.Шайдуллаеванын прозаларынын, А. Темированын пьесаларынын ырдай кабылданган өзгөчө эстетикасы аялдар жаратмандыгы кайсы доор, мезгил болбосун жемиштүү болгондугун кабарлайт.
Жыйынтыктап келгенде, кыргыз адабиятынын алкагында «кыргыз аялдар поэзиясы» деген түшүнүктүн орун алышы орундуу. Тамыры элдик оозеки чыгармачылыктан өнүм алган аялдар поэзиясынын өкүлдөрү ыр жазуудан поэма жазуу, тышкы дүйнө көрүнүштөрүн сүрөттөөдөн адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөө деңгээлдерине өсүп жетишти. Аялдар поэзиясынын алгачкы өкүлдөрүнүн чыгармачылыгындагы көркөмдүк-эстетикалык, философиялык мотивдер, идеялык-стилдик көрүнүштөр кийинки поэзиядан өз өнүгүүсүн тапты.