КАЙЫРСЫЗ СЫЗЫЛГАН ЫР САПТАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Кандай эл болбосун кылымдардын бир кыйырында аяктууга жол бербей, ооздууга сөз бербей, өзүнүн ким экенин өзгөлөргө көргөзөр бир келкели келет экен. Эптеп-септеп башын токмок, каруусун казык кылып өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн суун ичип, кырдаал бычак мизиндей кылтылдап, колдон жулдуруп, коюндан алдырып турганда Үркүндүн үшкүрүк тоңдурган кандуу капшабы каптап, туяктан така, тондон жака кеткен кыйын кезеңден аман калып, «Жаңы өкмөт, жаңы журт СССР келген соң», эми ээрге эркин минебиз дегенде, астыңкы эрди менен жерди, үстүңкү эрди менен көктү шыпырган, чаар баш, чаар ичеги башынан басташып ит жыгылыш келаткан «Бай-кедей», «Кулак-чунак» репрессиясы башталган эле. Калптан камыр жууруп, куру сөздөн куурдак кууруган куу капталдар, ошондой эле оозу менен орок оруп, буту менен машак терген шылуундар, муз үстүнө от жаккан эпчилдер, балээлүү жерге бармагын батырып, өгүз кара күчү барлар ортого от жагып, ансыз да алдан тайып, акылы алты, эси эки болгон элди ого бетер нарылатып ор түбүнө түртүшкөн. Элде: «Актын агы билинбейт, Болбосо түстүн карасы, Бай менен кедей бирикпейт, Күн менен түндөй арасы» деген накыл кеп ошондон калгандай. Ошондой кырды бычак болуп, бирине биринин сиркеси суу көтөрбөй, кыртышы жер сүйбөй, эзелден этинен эт кесишип эрегишип келген эл бачым эле майкөл, сүткөл болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып кетишмек беле?! Сары сүргүн, кызыл кыргын кайра башталып, кайрадан жажалуу да жаралуу, кооптуу да коогалуу күн келип, кайрадан эл заардай ачуу мүшкүлгө учураган. Жанга баткан жакырчылык жан башына кайра келип, кайрадан казан тулгадан түшкөн. Сүйрүсүнө сүт, ийрисине эт толбогон элдин кылчайнаш кармашынын тараза ташы бирде нары, бирде бери ооп, бир эл бирин бири эсинен тандырып, бирин бири мөгдөтө берген. Бири-бирине жасаган ат басыгы, куш канаты жетпеген жек көрүүгө жык толгон кутумдугу бири-бирине жөлөк-таяк болбой араң турган ажырымды ого бетер ажыраткан. Аёосуз тап күрөшү күчсүзүнүн күлүн көккө сапырган. Ташың төмөн кулай баштаса, көккө жеткен мартабаң бир күндүк деген чын экен. Жырткычка окшоп айыгышкан кармаштын айынан түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз жаактай айрылып, бөкөндөй бөлүнүп, бир тобу Украинага, дагы бир тобу Оренбург тарапка жер оогон.
Жаңы эле этек-жең жайылып, очоктон от күйүп, кайра казан асылып, мертинген эл бир бирине мээр төгүп, жыртыгы бүтөлүп, жылдызы жайнай баштаган. Көктөн тилегени жерден табылып, колхоз, совхоз уюшулуп, эртеңи айдан ачык, күндөн жарык Социалисттик Республика болуп, көптөгөн эл-журт менен баталашса бата тең, аталашса ата тең даражага жетип, бүгүнкүмө – каниет, эртеңкиме – тобо деп тоо томкоруп жол салып, кол жоорутуп, бел оорутуп канал казып, ашырбай да кемитпей, апыртпай да учурбай айтканда экиден эмес жетиден норма аткарып, эл эңсеген жакшылык күндү жан-дили менен жакындатып келаткан.
…Кырсыкты кайдан деп болбойт, асмандан учуп түшпөй, же жерден тешип чыкпай телегей тегизделип, жашоо эгизделип баратканда капыстан Улуу Ата Мекендик согуш башталды. Жер титиреп, чагылган чартылдап, асман-жер астын-үстүн болуп кеткенсиген.
Ошондо кайран СССР сен орус, мен кыргыз, ал татар дебей бир муштум болуп түйүлүп, бир тилек болуп биригип калган экен. Улуу Сталиндин улут саясатынын үлгүсү болгон, мал сактабай ар сактаган Совет Адамы – өзүнүн кандай адам экенин жана ким экенин ушул алааматта дүйнөгө таасындап таанытты. Бул дүнүйө дүйнө болуп жаралганы ой ойлобос, акыл чендебес кандуу алааматты баштаган кара жемсөө кан тырмак, дидары суук, заары күч фашисттердин үрбөй келип капкан дөбөттөй капилет баштаган согушу СССРдин сөөгүнөн түтүн чыгарып, каңырыгын түтөткөн. Уясына эки жылан бир киргендей жүрөгү канап, жүлүнү сыздаган элдин кылым тешкен кыйкырыгы отко салган чучуктай Кудайга угулгандай туюлган. Эл-жерин коргоп, чымын жанын курмандыкка чалууга даяр турган ар бир кыргыз уул, кыздын «тизе бүгүп жашаганча, тик туруп өлгөнүм артык» деген ата каны, эне сүтү менен тең бүткөн өзгөчө бир өзгөрүлбөс мүнөзү, кайталангыс касиети бүткөн бойго от дүргүткөн. Бул касиет Улуу Манастын эл-жерин коргогон эрдигин алдей ыры менен тең угуп, эне сүтү менен тең эмген: «Жолдон болсун изибиз, Жоодон болсун ишибиз, Көктө болсун жаныбыз, Көөкөрдө болсун каныбыз» – деген антка айланып, муундан муунду баатырлыкка шердентип келген. Кыргыз баласы ээрге эрте отуруп эс-акылга киргени, «Малым жанымдын садагасы, жаным арымдын садагасы» деген ата мурас эреже, уңгулуу нуска менен эрезеге жетип, «болбойт» десе бороонго, кыскан сайын кыраанга айланып, айтканынан кайтпаска үйрөткөн атадан балага калган ата мурас ыйык жол болчу ал жол. Ошол канга – сүлүк, жанга – бүлүк түшүргөн Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Улуу Сталин каргылданган үнү менен улуу Совет элине кайрылганда жумурай журт, айрыкча балакатка жете элек, балтыр эти толо элек, ээгине мурут коно элек жаштар түрүлүп чыгышкан түгөнүшөр жоого. Кээ бирлери жаңы үйлөнгөн агаларына келген Аскер комиссариатынын чакыруу кагаздарын өздөрү алып, кулак угуп, көз көрбөгөн: «Канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен», кылчайнаш кыяматка «кың» дебей ажалды ооздоруна тиштеген бойдон майданга аттанышкан.
Улуу С. Экзюпери: «Когда насилственная смерть первыми умирает поэты», – деп бекеринен айтпаган экен. Анан калса жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөрү да турган чындык окшобойбу. Ошол согуш кызыл тилдин учу, акылдын күчү менен бүтпөй кайра тажаалданып катуулап күйгөндө, «кыйындан кыйын кылданган, кылчайнашып кырданган» топко эл намысы, калк үлгүсү болуп төрөлүп, төбөсү журтка көрүнгөн кыргыз акындары биринчилерден болуп: «Жоо кайдалаган»… Майданында чеби болгон, сайранында коргону болгон ак калпактуу Ала-Тоо менен коштошуп, учу-кыйыры жок улуу маршка, жан кылычтын мизи, найзанын учунда турганда «эрмин деп атка мингени, эр кийимин кийгени» дегендердин алдындагы улуу жортуулду акылы ашып, таланты ташып турган кыргыз акын-жазуучулары биринчилерден болуп баштаган. Алар Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев, Узакбай Абдукаимов, Темиркул Үмөталиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Жунай Мавлянов, Абдулхай Алдашев, Түмөнбай Байзаков, Талант Байгабылов, Мамат Жакыпов, Исраил Сулайманов, Кусейин Эсенкожоев, Жума Жамгырчиев, Жалий Бейшекеев, Жекшен Ашуубаев сыяктуу кыргыз совет адабиятынын баштоочуларынын жоон тобу эле. Бул ысымдар кыргыз эли үчүн ыйык ысымдар. Бул ысымдар аталганда ар бир кыргыз өз атасынын атын уккандай сыймыктанып, төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп угат. Алардын өмүрү өзүн күйгүзүп түн жарытып элге жаккан чырак сыяктуу эле. Алар Кыргыз совет адабиятынын кышына кыш, ташына таш коюп, түптөлүшүнө зор салым кошуп, социалисттик түзүлүштүн өзгөчөлүгүн жар салып, күн менен түндү унутуп, күжүрмөндүк менен иштеп жаткан. Согуштун добулбасы кагылганда биринчилерден болуп от күйүп, ок учкан барса-келбеске жөнөшкөн. Ит жеңгенин талайт болуп фашисттик желдеттер улам араанын ажыдаардай ачып, Ленинградды блокадалап ачарчылык менен муунтуп келатканда, Сталинградда үйлөр кулап, таш күйүп замбиректер «заңкылдап», ракеталар жаркылдап, асман асмандыгынан түшүп кетпей, жер жердигинен эрип кетпей, өлүү нары, тирүү бери тарткан кылчайнашта – окту ок деп билбеген, чокту чок деп туйбаган жоо жүрөк акындарыбыз душманга уу болгон, досторуна туу болгон ырларды жазышкан. Ажал огу тандабайт экен, беш жыл бою бел чечпей тозокко топ-тобу менен кеткендер кийин топ-тобунан бөлүнүп, көбү колу-бутунан ажырап, жарым жан болуп, аңгыраган айылдарга бирин-сериндеп келишти. Келбегендери киндик каны тамган ак карлуу Ала-Тоосун соңку ирет көздөрүнө элестетип, ошол элести муздап бараткан көкүрөгүнө басып: «Жашасын Сталин!», «Жашасын СССР!» деген жер жаңырткан ураанын караан, жолдош тутуп окко учушту. Алардын көркөмдүк даремети бийик, идеялык дүрмөтү алысты мээлеген даана, так ыр, поэма, аңгеме ж.б. чыгармалары окуган сайын жаңырып, окуган сайын оор ой, армандуу санаага салып, окуган сайын табабызды кандырып, ташыбызды тегеретип тура турган биздин илгери үмүтүбүз, ибаратыбыз, тарыхый таберигибиз эле. Ошол чыгармалар тарыхтын, согуштун жандуу күбөсү, бетке тута турган адам билбес, түшкө кирбес окуяларга бай, түйшүк, түтүн жыттанган чыгармалар, биздин тутунган туткабыз, таянар аса-мусабыз. Ошол акын-жазуучулардын кан күйгөн кармашта эл эркиндиги, журт амандыгы үчүн март жашап ак өткөн акындардын ак кагазга калтырып кеткен ак куу канат керээз ырлары бизге дайым аруу, дайым муңдуу угулат. Ал ырлар бизге ата ордуна ата, ага ордуна ага болуп дүйнө таанытып, жол көрсөткөн ырлар. Алтынды дат баспагандай эле, акын канына малып жазылган ырлардын өңү өчпөйт, жылуулугу кетпейт. Жүрөк канды дүргүтүп, көкүрөккө от бүтүргөн андай ырлардын өмүрү узун болот; андай ырларды канча өгөсөң да өңүнөн өчпөйт, андай ырлар муундун муңун мойнуна көтөрүп кылым кыдырып жашай берет. Ал ырлар ээсинин эң акыркы деми менен акыркы ырына шыбырап айткан эң акыркы керээзи, элине калтырган айтпай айткан аманаты. Биз ошол улуу акындардын жан адамга угузбай айткан керээз ырларын керээздей урматтап, кийинки муунга муңбас, тозбос мурас катары табериктей алдыкпы?!
Бул суроого жооп берерден мурун ошол учурдагы адабиятыбыздын абалы жөнүндө азыраак айта кетейин. 1940-жылы адегенде латынь алфавити менен кыргыз тилинде «Советтик адабият жана искусство» деген аталышта адабий журнал 4510 нускада борбор калаабыздан чыгып, кийинчерээк орус тамгасы менен кыргыз тилинде «Советтик Кыргызстан» аттуу адабий журналы жогоркудай нускада жарык көрүп турган. Бул журналдар кыргыз элинин адабий жана маданий деңгээлинин өсүшүнө, улут болуп калыптанышына ат көтөргүс эмгек сиңирген. Бул журналдарга акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары, ошондой эле, адабият жана тарых жөнүндөгү көптөгөн дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү кыргызча которулуп басылган. Котормо ааламга ачылган терезе. Жаш кыргыз адабиятынын өкүлдөрү ошолордон оозанып, тегеректегилерге караганда тез жетилген. Азыр ал журналдардын барагы алтындан артык бааланып окулуп келет. Ошол адабий журналдар элүүнчү жылдардан кийин «Ала-Тоо» журналы аталып каны жерге тамбай, 20–30 миңден ашык нускада басылчу, азыр «Эркиндик», «демократия» келгени ошол журналдардын бири да чыкпай калды…
Эмки сөз ошол Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кан күйгөн майданга аттанган Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков жана башкалардын жогоруда аты аталган адабий журналдарга жарыяланган ырлары жана алар майданда каза болгондон кийин чыккан ыр жыйнактарындагы орду толгус кемчиликтер жана ойго келбес айырмачылыктар жөнүндө сөз учугун улайын.
1990-жылы изги илимпоз, адабиятчы Омор Сооронов түзүп, баш сөзүн жазып Мукай Элебаевдин «Жарыяланбаган чыгармалар» аттуу китебин «Адабият» басмасынан жарыкка чыгарган. Бул китеп улуу акынга байланышкан көпчүлүк билбеген, чыркырап ошол кездеги чындыкты айткан, ойго келбестей кайгылуу окуяларды камтыган фактылардын арбындыгы менен көбүбүздүн көзүбүздү ачкан. Мына бир мисал. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, 1941-жылдын 7-июлунда акын Мукай Элебаев ошол учурдагы «Ленинчил жаш» гезитинин редактору М. Дөгдүровго жаңы эле жазган «Улуу марш» деген ырын алпарат. Мына ошол ыр:
«Эрин кулдап, күңдөй жумшап бүлөсүн,
Отуз жылдар аккан тердин киресин
Тартып алсам деген кара ниеттин
Кордугуна кантип чыдап бересиң?
Кыйын-кыстоо миң жорукка белчеден,
Жедеп бышып, көнгөн элим эзелден.
Күн жоголуп, өлмөйүнчө бул дүйнө
Баш урунуп багынбайбыз эч кимден.
Ачууланган большевиктик замбирек,
Сүрдүү бетин жоого салды күркүрөп.
Эки дүйнө деңгээлдешкен майданда
Чыдай албайт жердин жүзү титиреп.
Жаш-кары жок – түп көтөрө жабыла
Аянбаган кыйын жоону бет ала,
Жердин жүзүн каптагандай калың сел
Көтөрүлдү чын кармашар майданга.
Эмгек этип ырысы мол жеринде,
Жазыгы жок жаткан тыныч элиме.
Өзү келип катылышкан жоо менен
Чын оюнду салышалы, келгиле!
Улуу марш, улуу сынга
Сал барын, эч аянба.
Эр жигит эми келди
Сыналчу зор майданга».
Анан мындай диалог башталат.
– «Жеңебиз!», «Душман жеңилет!» дегендей кылып келтирбейсиңерби? – дейт редактор.
– «Жеңебиз!» деген сөз мага кыйын учурап, алым жетпей отурганым жок. Аны менсиз да өзүңөр күнүнө миң ирет айтып отурбайсыңарбы? «Жеңиш» деген сөздүн өзү болбогон менен алдыкында бул маани жокпу? – дейт акын.
Мына акындын «1941-жылдын 13-июлунда жазган күндөлүгү: «Ленинчил жаштын» 12-июнундагы санына жарыяланган менин ырымды «Сал барыңды» – «Жумша баарын», «Күчтүүнү» – «Күчкө», «Салышалыны» – «Башташалы» кылып оңдоп, ырдын ыраңын бузуп чыгарыптыр. Редакцияга барып сүрүштүрүп көрсөм, аларды редактор эмес секретарь «оңдоптур». Адабияттын кабарын укпаган бир бала».
Ал эми акындын 1943-жылдын март айында жарыкка чыккан «Улуу марш» аттуу ыр жыйнагында ушул ырдын кээ бир сөздөрү өзгөргөн, кээ бир саптары оңдолгон, мына ошол вариант.
УЛУУ МАРШ
Эрин кулдап, күңдөй жумшап бүлөсүн,
Нечен жылдар аккан тердин мөмөсүн,
Тартып алсам деген кара ниеттин,
Кордугуна кантип тирүү көнөсүң?
Улуу марш, улуу сынга,
Сал барын, эч аянба!
Эр жигит эми келди,
Сыналчу зор майданга!
Кыйын кыстоо – миң жорукка белчеден,
Жедеп бышып, көнгөн элим эзелден.
Теңдеши жок кандай күчтүү болсо да,
Баш урунуп, багынбайбыз эч кимден.
Ачууланган большевиктик замбирек,
Сүрдүү бетин жоого салды күркүрөп.
Эки дүйнө деңгээлдешкен майданда
Чыдай албайт жердин жүзү титиреп.
Жаш-кары жок – түп көтөрө жабыла
Аянбаган кыйын жоону бет ала,
Дүйнө жүзүн каптагандай калың сел
Көтөрүлдү чын кармашар майданга.
Эмгек этип ырысы мол жеринде,
Жазыгы жок жаткан тыныч элиме.
Өзү келип катылышкан жоо менен
Чын оюнду салышалы келгиле!
Улуу марш, улуу сынга
Сал барын, эч аянба.
Эр жигит эми келди
Сыналчу зор майданга».
Акындын майданга жөнөшүн 1943-жылдын ноябры деп билсек (Жогорку «Күндөлүгүнөн» улам айтып жатам), анда «Улуу маршты» редактор Ж. Бөкөнбаев менен бирге автор өзү оңдошу мүмкүн. Себеби ырдын биринчи түрмөгүндөгү экинчи саптагы «Отуз жылдар аккан тердин киресин» деген сөздү «мөмөсүн» деген сөзгө, «отуз жылдар» деген сөздү «нечен жылдар» менен «кантип чыдап бересиң?» – деген сапты «кантип тирүү көнөсүң?» – деген сап менен алмаштырганы ырдын пайдасына чечилген сыяктуу. Түрмөктөгү саптар түшүнүктүү, ошону менен бирге мааниси тереңдеп, угумдуу болуп ыраңына чыккандай сезилет. Экинчи түрмөктөгү түп нускадагы:
«Күн жоголуп, өлмөйүнчө бул дүйнө
Баш урунуп багынбайбыз эч кимден»
деген эки саптын жогоркусу: «Күн жоголуп, өлмөйүнчө бул дүйнө» деген алтын баа ажайып сабы: «Теңдеши жок кандай күчтүү болсо да» – деп келегейленип, оңдолбой эле ойрону чыккан. Чылпагын алам деп көзүн олуп алгандай элес калтырат.
Ушул жерден «редактор Ж. Бөкөнбаев менен бирге автор өзү оңдошу мүмкүн» деген оюмду өзүм кайра алдым. Анткени акын кыргыз поэзиясында айтылмак турсун шоораты да угулбаган ууз жыт укмуш сапты, айлап-жылдап азаптын этин жеп жүрүп тапкан сапты, ой келди оңой-олтоң оңдогонго макул болмок эмес. Анткени бул эки сап кыргыз поэзиясында Ай менен Күндөй түбөлүк жаркырап турарын акын кереметинде туйган.
Ал эми акындын 1953-жылы «Кыргызмамбастан» чыккан «Тандалган ырлар» жыйнагында (редактору К. Маликов, Т. Үмөталиев түзүп, баш сөзүн жазган) бул ырдын бизге тааныш үчүнчү түрмөктөгү төртүнчү сапты: «Баш урунуп, багынбайбыз эч кимден» деген баатырдай баш көтөрүп турган сабын, «Коркпойбуз да, жалтанбайбыз эч кимден» – деп, маанисин басайтып, маңызын азайтып өзгөрткөн. Өз ордунда кебелбей турган салабаттуу сап көркүнөн кетип, айтайын деген салмактуу оюнан ажырап, жеңил-желпи кезиттин сөзүнө окшоп калган. «Көлөмгө жараша көлөкө түшөт» дегендей редактор менен түзүүчүнүн оңдогону бүтүлүү буюмду артык кылам деп тыртык кылгандай туюлат. Төртүнчү түрмөктөгү:
«Ачууланган большевиктик замбирек,
Сүрдүү бетин жоого салды күркүрөп.
Эки дүйнө деңгээлдешкен майданда
Чыдай албайт жердин жүзү титиреп», –
деген түрмөктүн экинчи сабындагы «Сүрдүү бетин жоого салды күркүрөп» деген сапты түп нускасындай «жоого салды» дебей, «жоого бурду» деп, үчүнчү саптагы «Эки дүйнө деңгээлдешкен майданда» деген сапты, «Эки дүйнө чеңгелдешкен майданда» деп, «Чыдай албайт жердин жүзү титиреп» деген сапты оңдоп, «Чыдай албай жердин жүзү титиреп…» деп үч чекит койгон.
Акындын «Улуу марш» ырлар жыйнагы 1943-жылы 3100 нуска менен «Кырмамбастан» жарыкка чыккан. Ошол жыйнактагы «Энеме» деген ыры ошол эле жылдагы «Советтик Кыргызстан» адабий журналынын № 3 санына жарыяланган.
ЭНЕМЕ
(Боецтин каты)
«Согушка кеткен берекем,
Түшүмдөн кетпейт көлөкөң», –
Деп түшүрбөй ар дайым,
Жебестен сактап май-сайын,
Жүргөндүр байкуш энекем!
Желбиреп эскен атыр жел,
(эскен – өзгөртүүсүз алынды)
Чоңойткон тааныш адыр, бел,
Чабуулдан тынып жатканда,
Замбирек үнүн басканда,
Эсиңе түшөт кайран жер.
Бул калайман жогунда,
Дүнүйөң түгөл алдыңда.
Жер безенип, гүл жайнап,
Сан кубултуп куш сайрап.
Турбады беле багыңда…
Бийлик, күч келсе колунан,
Мүшкүлдү салар бул душман.
Элиме кирип береке,
Арманым болбос энеке,
Кутулсак бетпак ушундан.
Сындырым нанды беришип,
Бопорос түбүн бөлүшүп.
Тарткан күн эртең унтулар,
Беш тыйын болуп нарк, базар,
Дүнүйө жайнап келишип…
Таң калып бүткүл адамзат,
Биз көрсөткөн бу кайрат:
Токсон кылым алмашып,
Топон суу жерди басса да,
Унтулбас, өлбөс эч увак.
Айчылык жерде жүр балаң,
Айтып кой элге көп салам.
Аз калды жоонун аягы,
Кечиксем бар ай наяты,
Жаркырап бир күн мен барам.
Акындын ушул ыры 1953-жылы «Кыргызмамбастан» чыккан «Тандалган ырлар» жыйнагындагы (басмага даярдаган Т.Үмөталиев, редактору К. Маликов) 7 түрмөк ырдын жогоруда мен баса белгилеген түрмөгү бүт бойдон алынып салынган. Кан күйгөн согуш турмушун таасын чагылдырган ок-дары, тер, кан, үмүт жыттанган жана жаңы ойлорду жаңыча уйкаш менен жазууга албан аракет жумшагандыгы даана билинип турат. Бул ырдан «май-сайын жебей «балам» деп сактап, санаасын самандай сапырып саргая күткөн энени, өскөн жеринен алыстап, «Чоңойткон тааныш адыр, бел, чабуулдан тынып жатканда, замбирек үнүн басканда», эсине түшүрүп, «бул калайман жогундагы» турмушун эскерип, «Арманым болбос энеке, кутулсак бетпак ушундан» дейт да, «Таң калып бүткүл адамзат, Биз көрсөткөн бул кайрат, Токсон кылым алмашып, топон суу жерди басса да, Унтулбас, өлбөс эч увак» деген зор пафос, ажайып ишеним менен аяктайт. Улуу совет элинин «бул кайратына», дүйнөдө теңдеши жок экенине, өз өлкөсүнүн кубатына, эл биримдигинин күчүнө баскынчынын күчү жетпестигин салтанаттайт. «Айчылык жерде жүр балаң, айтып кой элге көп салам» деп, анан да эң негизгиси «Жаркырап бир күн мен барам» – деп кайратынан кайтпаган, жоо жеңип барарына бекем ишенген элдик ишенимди жар салат.
Бирок жогоруда мен баса белгилеп мисалга тарткан түрмөктөгү «Сындырым нанды беришип, бопорос түбүн бөлүшүп, тарткан күн эртең унтулар…» деген саптан ар качандан бир качан, ар дайымдан бир дайым, кылдан кыйкым таап, жумурткадан кыр издеген редактор: «Советтик Армиянын жоокери нан бөлүшсө бөлүшөт, бирок бопорос түбүн бөлүшпөйт» деген чолок тыянак, жылма жыйынтык чыгарып алып салган сыяктанат… Чындыгында, ажал жанды колдон талашкан алаамат күндүн адам чыдагыс азабын ушул түрмөк көтөрүп тургандай туюлат. Эгерде биринчи дүйнөлүк жана Ата Мекендик Улуу согушта жазылган орус акындарынын ырларын окуган адам болсо «бопорос» менен «арак» орус жоокери үчүн (жалаң гана алар үчүн эмес) эң керектүү, эң зарыл нерсе экенин түшүнмөк. Андай болгондо согуш турмушун таамай, так көрсөткөн бул түрмөк ыр ордунан козголмок да эмес.
Ушул ырдагы «Арманым болбос энеке» деген саптагы «арманым» деген сөз «арманы» деп, «Кутулсак ушул бетпактан» деген сапты, «Кутулсак бетпак ушундан» деп, «май-сайын» деген сөз «ак майын» болуп өзгөргөн. Кыргыз «май-сай» деп эле айтат, «ак май» деген башка түшүнүктү берет. Андан дагы бир ырды эркин оңдогуч акындын «наяты» деген сөзүнө «бар болгону» деп түшүндүрмө бериптир. Мындай өзүм билемдик менен келген кошумча түп нускада жок.
Акындын «Алыста калган жарга» деген 7 саптан турган 10 түрмөк ыры 1941-жылы «Советтик адабият жана искусство» журналынын № 12 санына жарыяланган. 1947-жылы (басмага даярдаган Ташым Байжиев) «Кырмамбастан» жарык көргөн «Ырлар жыйнагында» 10 түрмөк ырдын:
«Жүрөктүн калбай карызы,
Ортого салдык бар сырды,
Кайратың калың, эсиң бар,
Эп көрдүң айткан шартымды:
Эр тууган бизди замана,
Бышактап көзгө жаш алган,
Биз эмес кылар бул салтты» –
деген түрмөгү, ал эми 1953-жылдагы «Тандалган ырлар» жыйнагында (редактору – К. Маликов):
«Акыркы кездеш ошол түн,
Таң ата сапар кетер күн.
Эзилишип түн тосуп,
Эки жаш сырын чечер күн.
Мен капталдап барганда,
Дегендей кылып «мен мында»
Тааныш үн берип жөтөлдүң.
Карарган тоонун тушуна,
Ай кылкылдап ашарда.
Аянышпас жан шерик,
Асылкеч барсың жанымда.
Магдырап аткан таңга жуук,
Болгонун мезгил унутуп,
Артылып колдор моюнга» –
деген дагы эки түрмөк ыры, үстүңкү менен кошкондо 3 түрмөк 21 сап ыры көк итти көп ит талагандай ой келди кыскартылган.
Андан тышкары 7-түрмөктөгү «Түбөлүк закон менде тек:» деген сабы: «бизге тек» делинип, «Таанытпай күчтүн атасын» деген сапты «Таңшытпай күчтүн атасын» деп, «Адамда болбойт бул тартыш» деген сап, «Мындай болбос эч тартыш» делинип, «Сүрүнө даап жан баргыз» деген сап, «Жанына даап жан баргыз» болуп, «Каптаган калың тумандай, Кайтарып жоону сайганбыз» деген сап: «Каптаган калың душманды, Кайра серпип салганбыз» делинип, «Мөрөйүн жеңип келермин!» деген сап, «Жоону жеңип келермин!» делинип чакчелекейин чыгарып чалды-куйду оңдолгон.
Акындын «Ажырашканга» деген 6 сап менен жазылган 6 түрмөк ыры «Советтик Кыргызстан» журналынын 1943-жылдын январь айындагы санына жарыяланган. Мына ошол ырдын түп нускасы.
АЖЫРАШКАНГА
Дүнүйө капар, көңүл бош
Бир гана балкып жүрөгүм,
Экинчи кайтып оролбос
Жайдын бир эркин, тыныч түн…
Экөөбүз болгон ошол кез
Өмүрдө таттуу мүнөтүм!
Келечек күндүн шарттарын
Болбодуң айтсам шондо көп,
Ажырап бүгүн калганым
Жакшыбы селки кайгы жеп?
Жазыксыз жардын убалын,
Ойлодуңбу мейли деп.
Кыйынга салып кыраңдан,
Кеттиңби жолдон жаңылтып?
О, дариха, бир дооран
Өттүң го жаман сагынтып,
Ушундай болсо натийжа
Биз дагы быштык, кагылдык.
Көрбөсөм да качантан,
Көңүлдөн кетпейт мүнөзүң.
Иликтеп, сурап алыстан,
Түшүмдө келип жүрөсүң.
Дем кылчумун өзүңдү,
Жолунда кыйын күрөштүн.
Күтпөгөн жерден ажырап,
Өз жолуң тартып жөнүңө,
Бирге жүргөн жан ынак,
Кайдасың селки бу күндө?
Өлбөсөм көрүп бир калган,
Айтармын кепти түбүндө.
Турмуштун терең сырына,
Түшүндүм жетип эми чын.
Күйгөн менен качанда,
Күлкүсү болор кайгынын.
Тагдырдын катуу сындарын,
Көргөнбүз өтүп көп кылым.
Акындын ушул ыры 1943-жылы «Кырмамбастан» чыккан «Улуу марш» ыр жыйнагында (редактору Ж. Бөкөнбаев) ырдын аты «Көңүлдөн кетпейт» деп өзгөртүлгөн, редактор өзгөртүп эле тим болбой, түп нускадагы:
«Турмуштун терең сырына,
Түшүндүм жетип эми чын.
Күйгөн менен качанда,
Күлкүсү болор кайгынын.
Тагдырдын катуу сындарын,
Көргөнбүз өтүп көп кылым» –
деген түрмөгү баш оту менен жоголгон. Ал эми 1953-жылы жарыкка чыккан акындын «Тандалган ырлар» жыйнагында (ред. К. Маликов) ушул ырдын жогоруда баса белгиленген түрмөктөрүн алып салып, 6 түрмөк ырдан баш-аягы 4 гана түрмөккө китептен орун берген.
«Келечек күндүн шарттарын
Болбодуң айтсаң шондо көп,
Ажырап бүгүн калганым
Жакшыбы селки кайгы жеп?
Жазыксыз жардын убалын,
Ойлодуңбу мейли деп».
Акындын көңүлдөн чыкпас, көкүрөктөн өчпөс ырларынын кебете-кешпирин кетирип, кулпурган куйрук, жалын кескилеп, күлүктүн бакайын чапкандай ырдын бакайын чапкан. Эң кызыгы кескиленген «Ажырашканга» деген бул ырдагы:
«Кыйынга салып кыраңдан,
Кеттиңби жолдон жаңылтып?
О, дариха, бир дооран
Өттүң го жаман сагынтып,
Ушундай болсо натийжа
Биз дагы быштык, кагылдык» –
деген керемет түрмөктүн аягындагы «Биз дагы быштык, кагылдык» деген саптын «башын» айланткан. Лирикалык герой мекени үчүн окко учуп, отко түшүп, бардык сыноого кабылып бышканын, көрбөгөндү көрүп кагылып, согулганын айтып жатат. Ал эми «сыйкырчы» түзүүчү, редактор сары алтын саптын салмагын түшүрүп: «Бир өзүңдөн кагылдык» деп оңдоп, ырдын касиетин качырып, маани-маңызына доо кетирген. Акындын ырында лирикалык герой Мекени жөнүндө айтып жатат, ал эми «бир өзүңдөн» деген сөздү кошуп оңдогондо жеке сүйүүсүнөн ажырагандай мааниге өтүп кеткен.
Акындын журналдан алынып китепке чыккан ушул ырындагы: «Дем кылчумун өзүңдү» деген сабын «Өзүмө тоодой дем элең» деп, «Кеттиңби жолдон жаңылып?» деген сабын «Кеттиңби жолду жаңылтып» деп, «Жайдын бир эркин тыныч түн…» деген сабын «Жайдын бир эркин тынч түн…» деп оюна эмне келсе ошону ойдолото берген. Окуган сайын алсырап жиниң келип, окуган сайын ооруйсуң. Кыргыз ырларынын көркү болуп турган ушул ырлардын кашын оңдоймун деп көзүн чукугандай кылыптыр.
Ага кийимин кыскартып ини, эже кийимин кыскартып сиңди кийгенин көп эле көргөнмүн, бирок бала болуп башыма жүн чыкканы ырды кыскартып, жаңы тема коюп бир ырды эки ырга айланткан «сыйкырчыны» көрбөптүрмүн.
Илгеркилер: «Ак кагазга түшкөнгө айбалтанын мизи өтпөйт», – дечү экен. Эл-жеринин эркиндиги үчүн о дүйнө кеткен акындын артында калган алтындан артык мурас китебинин сүйлөмүн эмес тамгасын, тамгасын эмес үтүрүн оңдоо чоң күнөө экенин акындын каламдаш замандаштары унутуп калганбы?..
Ырлардын түрмөктөрү эмне үчүн, кайсы кемчилиги үчүн кыскартылганын эч ким билбейт. Буга ким күнөөлүү? Кудайдын кудурети менен ак баракка же анын бетиндеги бажырайган тамгаларга тил бүтүп калса эмне?!
Бул ыр «Ажырашканга» деген ырдын «боюнан» түшкөн ыр. «Боюнан» түшсө да өзгөрүлгөн өз аты бар да. Мына ошол ыр.
КӨҢҮЛДӨН КЕТПЕЙТ
Дүйнө капар, көңүл бош,
Бир гана балкып жүрөгүм,
Экинчи кайтып оролбос,
Жайдын бир эркин, тыныч түн…
Экөөбүз болгон ушул кез,
Өмүрдө таттуу мүнөтүм.
Күтпөгөн жерден ажырап,
Өз жолуң тартып жөнүнө,
Бирге жүргөн жан ынак,
Кайдасың, селки, бу күндө?
Өлбөсөм көрүп, бир калган –
Айтармын кепти түбүндө.
Кыйынга салып кыраңдан,
Кеттиңби жолдон жаңылтып?
О, дариха, бир дооран
Өттүң го жаман сагынтып,
Ушундай болсо натыйжа
Биз дагы быштык, кагылдык.
Көрбөсөм да качантан,
Көңүлдөн кетпейт мүнөзүң!
Иликтеп сурап алыстан,
Түшүмдө келип жүрөсүң.
Өзүмө тоодой дем элең,
Жолунда кыйын күрөштүн.
Кыраакы туюм, тунук эс акын Мукай Элебаев Улуу Ата Мекендик согуш башталганда мурдагыдай ыр саптарын сындырып, же болбосо урунттуу саптарын улам кайталаган «жаңычыл» формадагы, ар кыл муундагы ыр жазган эмес. Жаңы заман менен тең жаралган комсомол шаан-шөкөт, таң-тамашаны чагылдырган форма кызыл кан суудай агып, ок нөшөрдөй төгүлүп, жер силкинип тоо кулаган алаамат согушту согуштай сүрөттөп чагылдырып берерине туюму тунук акын Мукай анчалык ишенбеген сыяктуу. Жанын оозуна тиштеп, окко төшүн тоскон жүрөгүндө жалы бар баатыр замандаштарынын образын турмушка жакын, так чагылта турган форма издеген. Көп кыргыз акындары согуш жөнүндө ар кыл формада, ар кыл муундагы ырларды жазышкан. Көбү фольклорго кайрылышкан. «Душманды көзгө атабыз, кандарын суудай чачабыз» дегендей ырлар пайда болгон жана алар өз убагында макталган.
Билим деңгээли бийик, адабий түшүнүгү терең Мукай акын кан күйгөн согуштагы кыргыз жоокеринин образын, эл-жерин даңктап көрсөткөн эрдиктерин таасын, так чагылдыра турган форма деп Улуу «Манасты» төрөгөн, кыргыз менен Теңирден тең жаралган жети, сегиз муун өлчөмүндөгү элдик форманы пайдаланган. 1943-жылы жарыкка чыккан «Улуу марш» ыр жыйнагында акын кайгы кара казандай көмкөрүлгөн жаасы катуу айыгышкан салгылаштарды ушул форма менен нары ийкем, нары көркөм иштеп, форманын ачылбаган мүмкүнчүлүгүн ачкан. Ыгы келсе да, ыгы келбесе да пайдалана берип барк, баасынан тайган фольклордук салыштыруулар акындын жогоруда аты аталган жыйнагында жокко эсе. Акын фольклордук баатырлардын зор бедел, улуу урматка эгедер образдарына да кайрылбайт. Кыргыз совет жоокеринин өз сырдашары бар – ал энеси, боору эзилип ичи чок болгондо күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан ооруктагы тиреги – жары болгон. Эң негизгиси атасынын ээрге мингенден «жоо кайдалаган» жолборс кайраты, жети атасы үйрөтүп муундан муунга мурасталып келаткан карт тарыхына кайрылат. Мисалы, «Энеси менен коштошуу» деген ырындагы:
«Кайгырбагын энеке,
Жаман жакшы баарына,
Байыртан балаң бышты го
Көрүшөрбүз бир күнү,
Германдан кайтып эсен-соо.
Эзелтен мыкты биздин эл,
Душманды белес ашырбайт.
Ыйык жерди булгатып,
Фашисттин жаман өтүгүн,
Ала-Тоого бастырбайт.
Улуу майдан сынамак,
Эл сактаган эч күчүн.
Ушундайда тек жаткан
Эр жигит артык өлүшүң;
Айыгышкан душмандын,
Тескери сойбой терисин»
деген, же «Алыста калган жарга» ырында:
«Майданга салбай өнөрүн,
Шүк жатыш эрге чоң өлүм!
Найзалашып ок атып,
Намызым бербей өлөрмүн!
Жаш сулуу, жарың сагынба!
Аман болсом калкыма,
Мөрөйүн, жеңип келермин!»
Же «Ажырашканга» ырында:
«Күйгөн менен качанда,
Күлкүсү болор кайгынын.
Тагдырдын катуу сындарын,
Көргөнбүз өтүп көп кылым…» –
деген ырларын дагы бир сыйра окучу… Мен «Улуу марш» ыр жыйнагынын чет-четин гана айттым. Кызыгы, жыйнак 16 гана ырдан турат. Бирок ошол он алты ыр жазылышы, жаңы уйкаштык менен жаңы ойлорду так, чебер берүүнүн өзүнчө бир бийиктигин көрсөткөн 16 жылдыздай азыр да жайнап турат. Жер тепкилеп жеңил-желпи «ураалаган» ыр эмес сап таппайсың. Эл четинде үзөңгүдөн жан берген эрендердин кандуу үшкүрүгү, жер жарган бомба үнү, эчкирген бала, эсинен танган эненин бойбоздогон зары, жамгырдай жааган октун ышкырыгы – профессионал, классик акындын сырдуу жана сыйкырлуу ырларынан азыр да кулакка угулуп, көзгө көрүнүп тургандай сезилет.
Акындын «Энеси менен коштошуп» деп аталган ыры «Советтик адабият жана искусство» журналынын 1941-жылдагы № 8 санына жарыяланган. Акындын 1943-жылы жарык көргөн «Улуу марш» ырлар жыйнагында ырдын аты «Энеси менен коштошуу» деп оңдолгон. Ал эми акындын 1947-жылы жарык көргөн «Ырлар жыйнагында» (Ташым Байжиев түзүп, басмага даярдаган), мен баса белгилеген ыр түрмөктөрү кыскартылган.
«Каршылашып, беттешип,
Кармаша турган кыйын жоо;
Эр жигиттин кайраты,
Чын көрүнгөн ошондо.
Кайгырбагын энеке,
Жаман-жакшы баарына,
Байыртан балаң бышты го.
Көрүшөрбүз бир күнү,
Германдан кайтып эсен-соо.
Гитлерге түшкөн күн курусун:
Башыңдан тартып мал кетет,
Желеден кыйып, агытып,
Бир уйдан өөдө жетелеп,
Чылбырына жармашсаң,
Балдардын эсин чыгарып,
Чыңыртып уруп, тепкилеп.
Бозоюнан ажырап,
Боздогон муңдуу жар кетет.
Ырысы мындай төгүлгөн
Ысык-Көлдөн сан кетет.
Өмүр менен өлүмдүн,
Экөөнүн бири бул сапар;
Не муңайып күн батып,
Не түбөлүк таң атар…
Тагдырды бир жол чечүүчү,
Зор майдан ушул алышар.
Кесири жок, кечикпей,
Сүйүнчүлөп жеңишти,
Кызыл туу биздин жаркылдар!
Кайда болсо карашар,
Колхозуң жанга күйүмдүү.
Кетесиң деп далайга,
Кеп урбаган үйүңдү.
Азыр ойлор мезгил жок,
Мынабу чечпей түйүндү.
Замандын арткан милдетин,
Эр жигит башка көтөрмөк,
Эт чыңалып, көз канып,
Эр майданда жетилмек.
Советтен тууган кыраандар,
Сан алаамат келсе да,
Кимге мөрөй кетирмек?
Эзелтен мыкты биздин эл,
Душманды белес ашырбайт.
Ыйык жерди булгатып,
Фашисттин жаман өтүгүн,
Ала-Тоого бастырбайт,
Касташканын бүтүрбөй,
Кайнаган ачуу басылбайт.
Эгинин быйыл эрте алсын,
Калгандарга салам айт.
Адамдын черин тараткан,
Атырдай эскен жели бар,
Көлгө жүзүн каранган,
Текебер аска бели бар,
Асмандаган Ала-Тоо:
Баласын сурап, сагынар,
Өткөндөрдөн кур калбай
«Барбы» деп «теги бир кабар?..»
Кам жебегин Ала-Тоо:
Ленин биздин бабабыз,
Улуу орус агабыз.
Сталинди биз ээрчип,
Жеңиш күнгө барабыз.
Мен эмес жоодон басынар,
Сен эмес жаткан баш урар!
Эр туулмак эл үчүн,
Ансыз келип эмине,
Бул дүйнөдө жүрүштүн?
Улуу майдан сынамак,
Эл сактаган эч күчүн.
Ушундайда тек жаткан
Эр жигит артык өлүшүң;
Айыгышкан душмандын,
Тескери сойбой терисин.
Эрегиштим аябай,
Эми мен, ошону менен жумушум!
5-август, 1941-жыл.
Ал эми акындын 1953-жылы «Кырмамбастан» чыккан «Тандалган ырлар» жыйнагында (13050 нускада басылган):
«Өмүр менен өлүмдүн,
Экөөнүн бири бул сапар;
Не муңайып күн батып,
Не түбөлүк таң атар…» –
деген сегиз сап ырдын так ушул баа жетпес бактылуу түрмөгү чийилген. «Не муңайып күн батып, не түбөлүк таң атар…», өмүрү кылтылдап кыл учунда турган тагдырына муюбай, өмүрдөн өлүм жакын экенин сезсе да, «Фашисттин жаман өтүгүн, Ала-Тоого бастырбайт, Басташканын бүтүрбөй, Кайнаган ачуу басылбайт» – деп, өзү алааматта жүрсө да ач кыйкырык айбатынан кайтпайт.
«Кам жебегин Ала-Тоо:
Мен эмес жоодон басынар,
Сен эмес жатка баш урар!» –
деген көктөн жерге, жерден көккө угулчудай кыйкырып: «Мен эмес жоодон басынар, Сен эмес жатка баш урар», – деп Ала-Тоону жаңыртат. Бул ыр эли үчүн жүрөгүн окко тоскон жоокерлердин жалтанбас кайратын көңүлдүн торко элегинен миң бир жолу өткөрүп, миң бир жолу жүрөгүнөн сызылткан, катуу мүшкүл, чоң кордукка чыдаган мерез мезгил мертинте албас акындын өзүндөй эр жүрөк ырлардын үлгүсү эле. Ушул ырдын «Кам жебегин Ала-Тоо:» деген сабынан кийин, 1953-жылы жарыкка чыккан «Тандалмасында» мен баса белгилеген:
«Ленин биздин бабабыз,
Улуу орус агабыз.
Сталинди биз ээрчип,
Жеңиш күнгө барабыз», –
деген түпнускада жок ушул дейди түрмөктү дагы бир жыла баскан тышы тууган, ичи арам кыябын таап кыпчый салыптыр. Куу тумшуктардын кылганы куйкаңды куруштуруп, күйбөгөн жериңди күл кылат экен. «Бөтөлкө сууну бөлө ичкен, бөлүнбөйбүз деп ичкен» калемдештин калемдешке жасаган жардамыбы же «ийне өткөн жерден шоона өтөт» деп көзү барда унчукпай, көзү өткөндөн кийин өчпөгөн өчүн алып, ырларынын багын басып, шагын сындырганыбы? Мындай маанисиз, кунары качкан сандырак саптарды Мукай Элебаев өңү эмес түшүндө да жазган эмес.
Ар бир жазылган ыр ошол акындын кайгысы, кубанычы, б. а., жүрөгүнүн кардиограммасы, жүлүндү аралап кайыптан бүткөндөй болгон ажайып ырларды авторунун көзү өтүп кеткенден кийин алардын чыгармаларын каалагандай калчап, каалагандай өзгөртүүгө болбойт. Дүйнө элинде андай тажрыйба болгон эмес жана болбойт дагы.
Илгери орус прозасынын айы десе айы, күнү десе күнү болгон эки улуу жазуучу И.С. Тургенов менен Л.Н. Толстой күлкүсү күнгө угулган жаштык күндөрүндө жанкурбу достордон болот. Көп окуп, көп жазып, жазгандарынын каны жерге тамбай колдон колго өтүп окулуп, атак-даңкы таш жарып бараткан күндөрдүн бир күнүндө оюндан от чыгып кетет. Тиш кычырайт, көз чанактан чыга кызарат. Ак сөөк дворянинде ажылдашмай, кажылдашмай деген жок да… Бирин бири эртеси дуэлге чакырат. Баатыр мактанса бир октук кылбай чебелектеген достору ортого түшөт. Ары кетет, бери кетет, дүйнөнү беш тегеретет, акыры элдештирет. Бири нары, бири бери кетип, эки сырттан бири-бирине кол сунушпай, бирин бири көрүшпөй калышат. Жакшынын өзү таарынса да боору таарынбайт эмеспи, алыстан көз кырын салышып чыккан чыгармаларын окуп жүрүшөт.
1843-жылы Франциянын атагы алыска кеткен ырчысы Полина Виардо Петербургга гастролго келип концерт берет. Француз тилин суудай билген Иван Сергеевич Тургенев жүлүндөн кирип жүрөктү эзген ырчынын керемет үнүнө, келишкен келбет көркүнө ашык болуп калат. Ал жөнүндө ырчыга билдирет. Ага арнап жазган ырларын окуп берет. Арзып калган ашыктыгын айтат. Эреркеген эки жүрөк ошентип бирин бири табат. И. С. Тургеневдин атактуу ырчыга арнап жазган күндөлүктөрү бүгүнкү күндө да окуганды ойго салган, орошон чыгарма экенин улуу орус эли белгилеп жүрүшөт. Ошентип италиялык улуу ырчы менен орустун улуу жазуучусу бир түтүн булатып, дүйнөлүк маданияттын очогу Парижде жашап калышат.
Күндөрдүн бир күнүндө Иван Сергеевич китеп дүкөнүнө кирип калат. Караса Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» деген даңктуу романы француз тилине которулуп сатыкка коюлуптур. Сүйүнүп сатып алып, сүйүнүп үйүнө келип окуй баштайт. Бирок сүйүнүчү узакка созулбайт. Китепти окуп бүтпөй эле: «Бул «Согуш жана тынчтык» эмес, бул Лев Николаевич Толстой эмес. Бул сорпонун сорпосу… Мен француздарга Толстойдун ким экенин, «Согуш жана тынчтык» деген кандай роман экенин көрсөтөм…» – деп аялына айтат да, «Согуш жана тынчтыкты» күн менен түндү унутуп, өзү которот. Ошол котормо ошол күндөн ушул күнгө чейин Францияда улам басылып келет жана француз эли романдын дааналыгын, бийик деңгээлин ушул котормо аркылуу билишкенин жашырышпайт.
Мына, улут болуп уюган элдин уулунун бир кезде көңүлү үч көчкөн журттай калган, душман көрүнгөн улутташына жасаган мамилеси. Мындай улуу ишти улут болуп калыптанган жана жеке мамиледен, улуттук ар-намысты бийик туткан гана Адам жасай алат. Жүз карашпай жүрсө да улуттук ар-намыска көлөкө түшөр кыйын кырдаалда жүрөгү түтпөйт, намысы чыдабайт. Кийинкилерге өрнөк болчу уккан жан ыраазы болор, ушундай асыл иштерге жарайт. Бул бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган улутташ, урукташ экенин түшүнгөн азаматтардын ата кесибине айланышы керек жана ал муундан муунга табериктей тартууланып мурасталышы эң зарыл милдеттин милдети. Эл улут болуп уюганда гана тил менен түйүлгөн иш тиш менен чечилбесин туят, андай эл эң негизгиси улутташы менен сүзүшкөндөн көрө сүйүшкөн, тебишкенден көрө эришкен жакшы экенин билип, кан-жанына сиңирип, кийинкилерге үйрөтөт.
Асманды ала булут, кыйырды кара туман каптаган кыйын кезең аласапыран согуштун заары күч алааматында окту тоотпой ок тийген жерине ырын басып айыгып, эл-журтун улуу Жеңишке үндөп, шумкар канат шумдук ырларды жазган улуу Мукай. Ал ырлар ар бир атуулмун деген кыргыздын жүрөгүндө тумар болуп жүрө турган ырлар эле. Акындын ок-дары, үмүт жыттанган ырларынын ар бир сабында намыстын, эрдиктин оту күйгөн «Согуштан кат» деген ыры бар. Ал «Советтик адабият жана искусство» журналынын 1941, № 10 санына жарыяланган жана акындын 1943-жылы жарыкка чыккан «Улуу марш» жыйнагына кирген.
СОГУШТАН КАТ
Иш кыйын бул жак сурасаң,
Уйку, чарчоону унуткам.
Кайра киргем согушка,
Сакайып соңку бир жарам.
Бар кайратты салуучу,
Зор милдет арткан заманам.
Касташкан жоону бүтүрбөй,
Кай бетим менен мен барам?
Бут чечпей, тынбай бир айча,
Согушуп жаткам майданда,
Кай күнү – билбейм сыйлыкка,
Чакырган экен Москва.
Кечинде келгем ашыгып,
Түн ката кайтам мен кайра.
Узак сүйлөп, ал жайды,
Убакыт эмес турууга.
Кектүү, кандуу күн батыш,
Биз жүргөн жерлер эң алыс.
Өзөн дебей, суу дебей,
Өнүп, өскөн айлымдай,
Ой-чуңкуру бүт тааныш.
Баягы кеткен балдарың,
Баарыбыз түгөл аманбыз.
Айгышкан кыйын душманды,
Бир жаңсыл кылып барабыз.
Ар дайым бизди колдогон,
Асыл бүткөн эр жүрөк.
Жатка башың ийгенче,
Туубаган артык бу көрөк.
Далай жолу душманды,
Учураттык кыргынга,
Өлүгүн тоодой дөбөлөп.
Кулак бышып, көз канып,
Күндө көргөн жай турмуш,
Күркүрөп аткан замбирек.
Бир жагы түштүк, бир жак түн,
Аскерди көрсөң, сан, түмөн,
Асман менен алышып,
Сапырылган мухид тең.
Аянышпай көшөрүп,
Алдыңда душман тирешкен.
Эр сүрүм менен айкырып,
Бир эмес жоого сан киргем.
«Жалгызым» деп энеке,
Жакында күтпө мени сен.
Серпишкен жоону басынтып,
Албай койчу биз бекен!
Бул улуу замандын улуу акынынын Улуу Ата Мекендик согуштагы Ыр-Күндөлүгү. Эл-жерим деп он эки мүшкүл миң санаа тартып, калем-кагазын жанчөнтөгүнө салып, автоматын ийнине асынып, эки жылып бир басып кандуу жаш жутуп, кар жамынып, муз төшөнүп көкшилти болуп арыктап жүрүп, сөөгүнөн түтүн чыгып, каңырыгы түтөп отуруп жазган муңмузасы.
«Иш кыйын бул жак сурасаң,
Уйку, чарчоону унуткам.
Кайра киргем согушка,
Сакайып соңку бир жарам», –
деп согуштун ажал сунуп, жан сураган ачуу чындыгын жылмалап жашырбай, боёгун өчүрбөй жазган бул ырды көкүрөктү күйгүзүп, көздөн жаш кылгыртпай окууга мүмкүн эмес. Ырдын ар бир сабынан, анын ар бир чекит, үтүрүнөн боюнда каны, жүрөгүндө жалы бар акын-жоокердин ок атып, от кечкен кылчайнаш учурундагы үмүткө толгон ой-толгоолору көз алдыга тартылат. «Баягы кеткен балдарың баарыбыз түгөл аманбыз, айгышкан кыйын душманды, бир жаңсыл кылып барабыз» деген көкжалдык ишеними жана саматкан ой, саамыккан тилеги окуганды ойго салат.
Акындын Мекенге болгон зор сүйүүсү, мезгилдин жан чыдабас сыноосуна чыдаган атуулдук кайраты – ошол ырлардан азыр да өзгөчө бир сыйкыр жылуулуктун деми уруп, окуганды күнү бүгүн кадимкидей толкутуп турат. «Иш кыйын бул жак сурасаң…» деген саптан карөзгөйлөнүп капыстан баштаган немецтик-фашисттик армиянын алгачкы ийгилиги, ченемсиз күчтөн чегинип бараткан совет элинин карегинен кан тамган кайгы-касирети сезилет. Чынында «Иш кыйын…» эле. Душман алкымдап келип калган. Колу сынса карысына таңып, сакайып-сакайбай кайра майданга сан кирип, сан чыгып «өлбөгөн жерде калам деп, Берлинге чейин барам» деп, «замандын оор милдетин» аркалаган жалпы совет элинин намыска түтөгөн жалтанбас образы жатат бул ырда. Ошон үчүн акын: «Касташкан жоону бүтүрбөй, кай бетим менен мен барам?» – деп ар бир совет жоокери айтчу сөздү айтып жатат. Душман нары, совет бери тарткан кан майданда ырп этер ал-күчтөн айрылып, анан да:
«Бут чечпей, тынбай бир айча,
Согушуп жаткам майданда,
Кай күнү – билбейм сыйлыкка,
Чакырган экен Москва.
Кечинде келгем ашыгып,
Түн ката кайтам мен кайра.
Узак сүйлөп, ал жайды,
Убакыт эмес турууга», –
деп жыйынтыктайт. Ушул түрмөктөн согуштун көз ирмеми, жоокердин эрдиги бааланганы, сыйлыкты төш кагып жар салбай, кадыресе кабыл алганы, баарын айтып отурууга убакыттын жоктугу, алдыда кармаш күтүп турганы кыскача баяндалат. Ошону менен бирге кан күйүп, от чыккан үрөйдү учурган согуштун панорамасы көз алдыга көрүнө түшөт..
Ит – ырысы, куш – куту, акын – тагдыры менен деп айтылат элде. Улуу Мукай акындын жүрөгү болоттон бүткөндөй болсо да, тагдыры таштан бүткөндөй катуу экен. Эселек кезинде эне-атасын «ээсине» берип, көрүнгөндүн колунда көрүнгөн эшикти сагалап, анын оту менен кирип, күлү менен чыгып, жердин бели ийилген жетимдиктин азабын көрүп бой жетет. Балдар үйүнөн баар табат. Зээндүү бала СССРдин мээримине бөлөнүп билим алып, жараткан эгем жар болгон жан экен, акыры атпай журттун атактуу акыны болот. Эне ордуна эне, ата ордуна ата болгон СССРди «энем» жана «атам» деп түшүнөт.
Акындын турмушу күйгөнгө кайгыны үйгөн болуп турганда кабак астынан караган чаар ичеги досторунун тымызын жасаган кылыгы жогорудагы «Күндөлүгүндө» 1941-жылдын 13-июлунда: «Ушунда бирөөлөр (ким экенин билбейм, биздин чөйрөдөн болуу керек) менин үстүмөн НКГБга материал бериптир. Угуп отурсам түшүмө кирбеген жоруктар. Менин жалгыз билерим: ишим ак, көчөдө тентип калганымда багып киши кылган Совет өкмөтүн ошолордон он эсе жакшы көрбөсөм – өлөрүмө көрүнгөнү эмеспи», – деп жазганы менин айтканымды толуктап турат.
Акындын ырлары жана өмүр баяны менен таанышкан окуучу дили таза, зили асыл Мукайдын атасы Элебай башынан токмок, кабыргасынан тепки кетпеген томояк экенин билет. Кырк жамаачы тон кийген, көшөгөсү көгөрбөгөн, көрөңгөсү жаңырбаган атасы Элебай канчалык башын токмок, каруусун казык кылса да, сөзүнүн эми болбой, өтүгүнөн жамаачы кетпей эрте эле көз жумган. Мукайдын чыгармаларын жана күндөлүгүн окуган адам анын эрте томолой жетим калганын билет, жетим болсо да жер карабаган «дарт» десе «балээ» деген кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбой жемин жедирбей тик караган ардуу жетим болот. Кайсы айыл болбосун сындырым нан үчүн үзүлгөндү улап, сынган табактарын кадап, бүлүнгөндү бүтөгөн колу жөндөм, өзү эпчил болуп чоңоёт… «Элебайдын Мукайы аман болсо киши болот…» деген үмүт арттырган сөз аралайт айылда…
Кийин педтехникумду бүтүп, жаңы уюшулган Кыргыз драма студиясында иштеген учурунда (ал убакта окуган кыргыз кыздары жок) М. Элебаев аялдардын ролун кемелине келтире аткаргандыгы жөнүндө белгилүү замандаштары А. Боталиев, К. Күмүшалиев, Р. Шүкүрбековдун эскермелери анын талантынын дагы бир кырын ачып турат. Жараткан эгем талант деген улуу касиетти бирине кочуштап, бирине табактап берет окшойт, ал эми Мукеме келгенде: «Бунун көрбөгөнү көр болду…» – деп боору ооруп чакалап бергендей туюлат.
Чынында анын мекенден башка таянары, СССРден башка кол сунары жок эле. Ошон үчүн ал согуш учурундагы дээрлик көпчүлүк ырында ушул ырындагыдай:
«Жалгызым» – деп энеке,
Жакында күтпө мени сен.
Серпишкен жоону басынтып,
Албай кайтчу биз бекен?! –
деп жүрөгүндө жүргөн антын «Энесине», «Мекенине» кайталап жүргөн. Акындын «Элим» дегени «энем» деген, «Энем» дегени «элим» дегендей маани, туюмга сиңип кеткен.
Акындын жогоруда айтылган «Күндөлүгүндө» 1944-жылдын 26-февралында жазган кызык маалымат бар. «Кат жазууга кагаз жок. Үйдө экенде чымын учса чыдачу эмес элем. Эми күрү-гүү, чуру-чуу түшүп жатканда кадимкидей ыр жазам. Төрт-беш ыр, бир поэма жаздым. Ушул ырлардай жакшы ыр жазып көргөн эмесмин», – дейт акын. Ата-эне баласына сынчы, а чыгармачыл инсандар өз чыгармаларына сынчы. Жараткан жасаган жасатында, Алла Таалам бүтүргөн бүтүмүндө Мукай акында теке сүзүш, текебер мүнөз болгон эмес экен. Бүтүмү бийик болсо да кыйынсынбай, мыктысынбай эл менен эл болуп, жерге жакын болуп жашаптыр. Көрбөгөнү көр болуп жетилсе да тубаса тунук таланты менен кайсы жанрда жазбасын туу көтөрүп алдыда жүрүптүр. Ата Мекендик Улуу согуш учурундагы кыргыз поэзиясын саресеп салып окуган кишиге Мукайдан ашкан акындын карааны көрүнбөйт. Жарыктык бир да ырын орусча котортпоптур. Эгер котортсо анын сары алтындай салмактуу ырлары мейли оюнун тереңдиги менен болсун, мейли жаңычыл көркөмдүгү жагынан болсун, орус акындарынын ырлары менен тепетең марш тээп, теңата өмүр сүрмөк экен.
Илимпоз О. Сооронов түзгөн «Күндөлүктө» чыңырган чындыкты айткан дагы бир чымчым макалага көңүлүңөрдү бурайын.
«Мекен үчүн» деген китеп бүтүн кыргыз жазуучуларынын согуш жөнүнөн жазган ырлары менен чыкмак. Мен согуштан бери он бир ыр, эки аңгеме жазган экемин, Шивазанын буйругу боюнча (Анда Ясыр Шиваза Жазуучулар союзунда секретарь болуп иштечү – О.С.) шол жыйнакка төрт ыр бергенмин. Жыйнак чыккандан кийин карасам, менден бирөө да жок. Бул жыйнактын редактору Аалы болуп, Шиваза, Кубанычбек – үчөөнүн колунан өткөн экен. «Мунуңар эмне?» – деп алды менен Аалыдан сурасам, ал: – Сенин ырыңан мага берген жок, – деди.
Анан Кубанычбекке келип: – Маселе ушундай… ушунчадан бирөө чыкпаптыр, бул жорукка кандай дейсиң? – десем ал: – Бул акмакчылык гана эмес, чочкочулук. Мен сенин ырларыңдан колума тийген экөөнө кол коюп жибергем, – деп копиясын көрсөттү. Андан Шивазага барып айтсам: – Ой, мен жибергемин, – деп, а дагы азармандан-безарман болуп коё берди. Ушуну менен биздин арыз-арман да бүттү». Мына… Бир жутум сууну бөлүшкөн, бир бирин «жандай» көрүшкөндөрдүн жоругу?! Оо, Кудаанын кудурети «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» деген туура турбайбы дейсиң…
Ушул эле күндөлүгүндө: «Ырды мындай коёлу, ушул революциялык овондорду кыргызда биринчи мен чыгардым десем жалган болор, беш хордун ырын овону менен чыгарып, барлык жерлерде айтылар эле. Ушуга карабай, менин ырларымды, овондорумду грамафонный записке атайы жаздырбай койгон акмактар эмне тапты экен! Күйөмүн!» – дейт түтөп. Мына ушул Мукайдын өзү жазып калтырган сөз, жогоруда мен келтирген мисалдарды айныксыз далилдеп, бекемдеп турат.
«Ыйыктын этегин кармаган суу болбойт» – дейт элде. Мукай акын үчүн ыйыктын ыйыгы мекени эле. Алаамат согуштун жан чыдагыс азабын кан кечип жүрүп сезген акын эл күчү мертинбей турганын, чептен эрдин күчү бек экенин даңазалаган ырларын табына келтирип, ийине жеткире берген. Көңүлүңдө көктөлүп, тулкуңда тунуп, жашоонун өңүн өчүрбөй, мезгилге кетилбей жүргөн ал ырлар кан күйгөн, тарыхтын жандуу күбөсү, өлбөстүктүн мөөрү басылган эсепсиз эрдиктердин далили эле. Мүмкүн, акын кээде алдан тайып алсырап, «элим, жерим» дегенде көзүнөн жашы кылгырып турганда, окопто же жертөлөдө өзүнүн ак куу канат ырларын окуп, күү уккандай тамылжып, башына күн туугандай табылгасына кубангандыр… Окуган жанга кубаныч тартуулаган, улуу поэзиянын даамын таттырган, акындын ички туюмун чагылдырган ыр «Ала-Тоого кат» деп аталат. Ал ыр 1942-жылы «Советтик Кыргызстан» журналынын № 8-санына жарыяланган.
АЛА-ТООГО КАТ
Арт жагымды карасам,
Айчылык алыс жер калды;
Бейли кенен, колу март,
Берекем, жыргал эл калды.
Калкылдап, сүзүп кайгысыз,
Каз, өрдөк жүргөн көл калды.
Айланайын Ала-Тоо,
Алтыным сендей жер барбы?!
Узакка кеткен балаңдан,
Угарсың кийин кабарды.
Жаман чиркин биз эмес,
Жаш алчу көзгө шолоктоп,
Оюубуз менен кезинде,
Ойнодук, күлдүк арман жок.
Өзгөрүп өткөн-кеткенди,
Сүйлөрсүң кийин жомоктоп,
Ачылсын багың, аман бол,
Алыска кеттик биз болсок.
Ырыстуу сенин бооруңда,
Ышкын терип ыр ырдап,
Көрүнбөй чөптөн башыбыз,
Көпөлөк улап, кубалап,
Ысылап кетсек кашка суу,
Чабак уруп салкындап,
Санаасыз, ойсуз бир кезде,
Балалык өттү зуулдап.
Эл кайтарып, эр жетип,
Майданда жүрөм мен эбак.
Каардансам катуулап,
Кайратым ашкан сел мен тең,
Жүрөгүмдүн байлыгы,
Жүз мамлекет эл мен тең,
Кылган иш менен көргөнүм,
Кырк кылым жүргөн эр мен тең.
Жер бетине келгени,
Басынып көрдүм мен кимден?
«Келеби, жокпу ким билет,
Кетти» – деп жарым муңайба.
Турмуштун сырын көп окуп,
Бышпадык беле мындайга?
Акылдын, шарттын баарын тең,
Айтпадым беле мен сага?
Табигаттын күчүнө
Тапшырдым сени садага!
Ачуусу менен Ысык-Көл,
Алышып катуу жел менен.
«Душманыңды басынтып,
Багым чоң кайра бир келсең» –
Деп карт бабам Ала-Тоо,
Кетерде сүйүп бетимден,
Кокту дебей, кыр дебей,
Кушубак болуп баары тең.
Узатып салган күндөрүң,
Унутайын кантип мен!
Береги жол:
Ааламда болбос эч качан,
Алышар чындап зор майдан,
Душманды жеңип түбөлүк,
Ала-Тоого мен кайтсам;
Балыкчыга келгенде,
Пароход минип узасам.
Сагынган дос, жар, кошулуп,
Тамаша менен баратсам.
Салкын ава, жайкы түн,
Башыбызды куттуктап,
Көл үстүндө таң атсаң…!
10-июль 1942-жыл.
Акындын 1943-жылы чыккан «Улуу марш» жана 1947-жылы жарык көргөн «Ырлар жыйнагында» бул ыр толугу менен басылган. Бирок 1953-жылы чыккан «Тандалган ырлар» жыйнагында ушул ырдын жогоруда мен баса белгилеген эки түрмөгү түп орду менен кыскартылыптыр. Б.а., 66 сап ырдын 16 сабы жөндөн-жөн чийилген. Бул кыскартуу акындын 1974-жылы жана андан кийинки кайра басылган жыйнактарында да ошондой кыскартылган бойдон басылып кеткен. Мындай өзүм билемдик адамкерчиликке да, «илимпоздукка» да жатпайт. Акын кайдыгерликтин, ал гана эмес көралбастыктын курмандыгы болгон, азыр биз муну мезгилдин күнөөсү десек да, жогоруда мен мисалдап көрсөткөн чындыкты кайра ордуна коюуга милдеттүүбүз. Акындын ушул ырында:
«Жүрөгүмдүн байлыгы,
Жүз мамлекет эл мен тең,
Кылган иш менен көргөнүм,
Кырк кылым жүргөн эр мен тең.
Жер бетине келгени,
Басынып көрдүм мен кимден?» –
деп жоо жүрөк акын өзүнө өзү суроо бергени бар. Ооба, улуу акын басташкан баскынчы душмандан басынган жок. Анткени анын бүтүргөн иши «Кырк кылым жүргөн эр мен тең» эле.
«Жер бетине келгени, Басынып көрдүм мен кимден?» – деп өзү туура белгилегендей Кудайдан корккону гана болбосо, эч кимге эңкейген эмес, бала болуп башына жүн чыкканы бирөөгө басынбаган. Баатыр элдин баатыр акыны өз элин жоодон сактайм деп, ырларынан ок жасап атып, каруудан кан кечкен капсалаң кагылышта баатырларча курман болгон. Жакшы акындын өзү өлгөн менен анын жазганы өлбөйт. Күн сайын Күн нурун ааламга чачкандай акындын өлбөс-өчпөс ырлары да ошол күн нурундай туулган жерин нурга бөлөп жылытып, жакшылыкка үмүт байлатып, кылым кыдырган элибиздин көөнөрбөс мурасына айланды. Куш – куту, акын – тагдыры менен жаралары турмуш чындыгы. Мөмөлүү даракка таштын көп тиери да баарыга маалым. Кандай заман болбосун чыңырган чындыкты тайманбай кемелине келтирип кемитпей да ашырбай түз айтуу чанда бир акындын тагдырына туш келген Бакыт экенин замандаштарынын баары эле түшүнө берген эмес. Бирок тагдырдын өз табышмагы болот экен. Көп таяк жесе да тизе бүкпөй тажаал тагдырына тик караган көк жал акындын чыгармачылыгын көптөгөн замандаштары жогору баалашкан.
Айтылуу акын Темиркул Үмөталиев жогоруда сөз кылган 1953-жылы чыккан тандалмасына баш сөз жазып, улуу Мукай жөнүндө: «Ал өзүнүн ырларынын кылычтай өткүр, октой учкул сөздөрүн социализм өлкөсүнүн ички душмандары болгон бай-манаптарга каршы кандай түз аткан болсо, совет мамлекетинин тыштан келген душмандары болгон фашисттик каракчыларга каршы автоматтын окторун да ошондой таамай аткан жоокер эле», – деп майдандаш курбусу катары жанга жагымдуу жакшы пикирин айткан. Мукай Элебаевдин 1931-жылы чыккан М. Элебаевдин «Ырлар жыйнагына» «Кириш сөз» жазып, редактору болгон Жусуп Турусбеков: «Кийинки күндөрдө Мукай өстү. Өсүш жалаң гана мазмун жактан эмес, түр жана кооздук жагынан да болду. Анын чыгармалары Ленин партиясынын улуу жолу, пролетариат үстөмдүгү менен байланышта өстү», – деп агынан жарылып акындык дил менен байкаган баамы бүгүнкү күндүн чындыгына айланганы кимди болбосун кубандырат.
Ал эми акындын 1947-жылы чыккан «Ырлар жыйнагына» ушул жыйнактын редактору болуп баш сөз жазган Ташым Байжиев бир топ салмактуу ойлорун айтып келип: «Мукайдын чыгармаларына толук талдоо алиге чейин боло элек. Акындын бардык чыгармаларына илимий изилдөө иштери да колго алынса жакшы болор эле», – деп айтканы да кызыктуу.
Мен бул макаламда бирөөнүн кемчилигин көзгө сайып көрсөтөйүн деген ойдон алысмын. Бирок ошол эле учурда көзү өтүп кеткен, болгондо да кан майданда каза болгон калемдешинин артында калган мурасын каалагандай кыскартып, каалагандай кошуп, багар-көрөрү жок томолой жетимге мамиле жасагандай мамиле болгонуна ичим ооруду. Адабиятчы Ташым Байжиев агабыз айткан калыс ойду ушу күнгө чейин жайнаган филолог окумуштуулар улантканды мындай кой, ойлоп да коюша элек.
Орто жолдон асмандан учуп түшпөй, жерди жарып чыкпай «демократия» деген желмогуз пайда болуп, көөнөрбөс көркөм дөөлөт «адабият» деген алтынга бергис асылзатыбызды аңга түшүрдү. Сыртынан караганда бүгүнкү күндө биздин өлкөдө илимдин бардык түрүнөн илимдин кандидаты, а түгүл доктору дегендер өтө эле көп. Таш ыргытсаң эле ошолордун башына тие турган болуп калды, бирок алар эл арасында, илимпоздор арасында дээрлик көбү илимпоз деген улуу атка татыбастыгы мектептин окуучуларына чейин белгилүү. Акын-жазуучулардын чыгармаларын ар 10–20 жылда бир хронологиялык үлгүдөгү илимий изилдөө иштери токтотулган. Жарым жартылайы, эптеп-септеп чыгарган китептери илимий обзор деп айтканга татыбайт.
Эң өкүнүчтүү нерсе 50 жылдан бери согушка барган жана барбаган классик акын-жазуучуларыбыздын биринин да китеби Өкмөт эсебинен чыккан жок. Балдары чоң кызматта тургандар же кайсы бир мааракесинде уруулаштары биригип бирин-экин китеп чыгарышты. Мындай мамилени маданиятка көңүл буруу деп атоого болбойт. Эл бүгүн өнөрдөн алыстап кетти, адабият сыяктуу эле сүрөт, музыка, театр өнөрү да «өлбө жаным өлбө» деп күн кечирүүдө.
Акыркы 27 жыл ичинде Ак үй, Көк үйдө адабият жөнүндө бир да жолу сөз болбоду. Ошондой эле М. Элебаев, Ж. Турусбеков, Т. Үмөталиев, М. Алыбаев, Р. Шүкүрбеков, С. Эралиев, С. Жусуев ж.б. акын-жазуучулардын чыгармалары бүгүнкү күндүн адабий бийиктиги менен изилдөөгө алына элек. Булар сыяктуу акын-жазуучуларды өз учурундагы изилдөөчүлөр бир гана «саясий идеологиялык» негиз менен чечмелеген сындары бүгүнкү окуучулардын купулуна толбой калды. Андагы турмуш чындыгы «Акындар Кудайдын эркеси» деген улуу сөз бүгүнкү «демократия» заманында өз маанисин жоготпошу керек эле. Анткени «адам жанынын инженери» жазуучулар барк-баасын жоготсо, ал эл эмне болорун эстүү делген эл башчылары эртерээк сезиши – бүгүнкү күндүн эртеңкиге калтырбай турган улуу вазийпасы экенин түшүнүшү зарыл.
«КАЙДА КАЧАТ?!»
Жусуп Турусбековдун «Кайда качат?!» деген ыры «Советтик адабият жана искусство» журналынын № 11 санына 1941-жылы жарык көргөн.
«Биз, орустар, кыргыздар, моңголдор айдаган орустун танкалары менен күрөшүп жүргөн биздин танкисттер менен сүйлөшүп турдук. Алар: бул азияттардын көп учурларда өрттөнүп жаткан танкалардагы өрттү өчүрүп, кайта отуруп алышып, биз менен тайманбай кармашканы биздин кишилердин жанын күйгүздү».
Немец Ефрейтору Езделфриддин үйүнө жазган катынан. Бул кат окко учкандан кийин жанынан табылган. «Сов.Киргизия» 9-август 41-жыл.
Кыргызды жан алгычтар далай эзген,
Заардуу тил, ажал огу көкөй кескен.
Элдиктен чыга жаздап калган кезек,
Бат эле чыга коёт кантип эстен!
Бүтүндөй көр оозуна барып калган,
Туш-тушту курчап турган азап, арман,
Келгин(!) деп орус эли колун берип,
Куткарган аман, эсен ошол алдан.
«Кыргызым кайраты бар уулум…» – деп,
Өстүрдү, эр жеткирди бизди алдейлеп,
Фашизм өлкөбүзгө колун сунду,
Баатырлар! Эне сүтүн актар кезек!
Актоодо кан майданда салгылашып,
Кубалап мыкаачыны алыстатып,
Алптардан, үрөйү учуп офицерлер,
Жүрүшөт кара жанын ала качып.
Алдастап барган сайын жүрөгү үшүп,
Чүнчүшүп минутуна өлүм күтүп,
Алдыңкы көрөр күнү караңгылап,
Болушту үй-бүлөдөн үмүт үзүп.
«Кордукту көрсөтүштү азияттар,
Өлбөсөк көрүшөбүз, кудай сактаар…»
Берлиндин почтасына батпай кетти,
Ушундай саргарышып жазган каттар!
Мыкаачы ушул алын билсе дагы,
Ашынып, туталанып кайнап каны,
Бүтүндөй ажыдаарлык уусун жыйнап,
Ышкырып бизге кирип турган чагы.
Ышкырба(!) жүрөгүңдүн түшөрү анык,
Апаптап, сага жалгыз өлүм табып.
Дүйнөгө тутка болгон большевизм,
Таалайдын шам чырагын жагары анык.
Асманда болот канат кызыл шумкар,
Жер бетин жайнап чыкты чоюн тулпар.
Буларды башкаргандар арасында,
Силерге чыйкан болгон азият бар.
Барынын күчөчү толгон бууракандап,
Качырып кирди мына казганактап,
Кээ бири танка менен талкаласа,
Кээ бири көктө жүрөк бомбу таштап.
«Жеңишке!.. Алдыга!..» – деп улуу Сталин,
Каптатып ир алдыда бара жатат.
Канакей корголорго жери барбы,
Фашизм көрдөн башка кайда качат?
Акындын 1950- жана 1957-жылы чыккан «Чыгармалар» жана «Ленин жолу» ыр жыйнагында мен жогоруда баса белгилеген ырдын түрмөктөрү жөндөн-жөн эле кыскартылып басылган. Баягы эле өнөкөт, эки түрмөк ыр эмне үчүн кыскарганын жан билбейт. Не болсо да редактор же түзүүчүнүн колунан келди го деп ойлойсуң. Акындын кийинки жылдары чыккан тандалмаларында да бул өнөкөт дайыма кайталанат. 1957-жылы жана 1972-жылы чыккан «Жусуп», «Чыгармалар» аттуу тандалмасында: «Жеңишке!.. Алдыга!..» – деп улуу Сталин, Каптатып ир алдыда бара жатат…» деген кош сапты түгөйүнөн айрылган балапандай серейтип коюп коюптур. Согуш жылдарындагы ырлардын же каттардын аягындагы «Сталин», «Согушуп жаткан армия» деген адрести сыр кылып жазган сөздөрдү ырлардан алып салуу тарыхты терең түшүнбөгөндүк, тарыхты Н. Хрущев сыяктуу бурмалагандык, коньюнктурага жол бергендик. Эгерде ошондо Сталин болбосо биз (СССРди айтып жатам) жеңишке жетет белек, өнүгүп өсөт белек?! Тарыхтын жүрүшүн өзгөртүүгө салым кошкондордун улуулугу замандар алмашкандан кийин, кылымдардын бир кылымында өз ордун табарын унутпашыбыз керек.
Акын Жусуп Турусбековдун «Каракчынын трагедиясы» аттуу чакан поэмасы алгач 1942-жылы «Советтик Кыргызстан» журналынын № 1 санына жарыяланган. 1950-жылы «Кыргызмамбастан» чыккан «Ленин жолу» ыр жыйнагына ушул чакан поэма басылган. 6 сап ыр менен жазылган поэманын 4-түрмөгүндөгү эки саптан кийин: «Бу күндө Рейндик катын, балдар» деген сап басылбай калган. Ошондой эле 11 түрмөктөн: «Алдыда улуу Рейн акпаганда, табият өлүү өңдүү жан-жактагы» деген саптар да «өзүнөн өзү» эле түшүп калган.
Бул поэма жогоруда аты аталган журналга жарыяланганда поэманын алдында улуу немец акыны Г. Гейненин:
«Злоба и глупость буянили здесь
На площадях, как звери;
Их выводок даже сейчас узнаешь
По озлоблению в вере…» («Германия»)
деген бир түрмөк ыры эпиграф болуп турган поэмага.
Бирок бул ыр жана эпиграфтар ок учуп, бомба жарылган кандуу кармашта акындын төш чөнтөгүндө көкүрөгүн жылытып жүргөн касиет эле. Акынга ырдын улуу кудурети дем берип, кайратына кайрат кошуп, ач ажал, бөөдө өлүмдөн сактап курдаш, сырдаш болуп жүргөнүнө карабай китепти түзгөндөр маани бербей, акындын жыйнактарынан эпиграф, арноолорду керексиз буюмдай алып салышкан. Ажалдан буйтап аман келген жоокер-акындын ар бир каты жана ар бир сөзү биз үчүн, урпактар үчүн куну чыкпас, алтынга бербес ыйык делинген тумардай эле. Анткени ал кат, ал ырлар ошол жоокер же акындын акыркы жолу көз ымдашкан сөзү, соңку ысык илеби, акыркы аманаты, керээзи экенин эсинен чыгарбаш керек эле. 1957-жылы акындын өмүрлүк жубайы Күлсүн эже түзгөн «Тандалмалар» жыйнагында акындын чыккан жыйнактарынын аттары жазылбаса да, чыккан жылдары өзүнчө бөлүнүп ырааты менен көрсөтүлгөн жана ал жыйнакка сынчы Өмүркул Жакишев калыс, жакшы макала жазган. Менин оюмча, бул жыйнак басма ишин дурус билген адамдардын колунан чыккандай сезилет.
Акындын 1953-жылы жарыкка чыккан «Тандалган чыгармалар» ырлар жыйнагында жогоруда аты аталган «Каракчынын трагедиясы» аттуу поэмасы басылган. Поэма 6 саптан 11 муун менен жазылган баш-аягы 192 саптан турат, бирок таң калыштуусу ушул поэманын аягынан 9 түрмөгү (ар бири 6 саптан 54 сап) жөн эле алынып салынган. Эмне үчүн? Редактордун купулуна толбой калганбы же кагаз тартыш болгонбу?.. Эч ким билбейт, жок дегенде китептин аягына себебин түшүндүрүп жазып коюшса, кийинки муун үчүн жакшы болот эле го?!