Өгөй ата тууралуу баллада
Атам өлүп, жаш төккөн бир жыл өтүп,
алыскы бир айылга бардык көчүп.
Калды аталап, үкөм ал үйдүн ээсин,
кетти апам да ал жакка бачым көнүп.
Өгөй адам – мугалим мектептеги,
өтө момун, сөөк-саактуу бой, келбети.
– Ата! – дешке түк эле оозум барбай,
арман артып өтөт күн кербендери.
Алтыдамын. Катырам оюн жагын,
аткарылат айтканым, оюмдагым.
– Алып кетем! – деп атам келүүчүдөй,
айыл жактын караймын жолун дайым.
– Базарды бир айланып келели! – деп,
берди сатып мага кооз велосипед.
Койгон болчу өз атам алып бербей,
какшап, ыйлап жалынсам эчен ирет.
Өз атам көп шоктонсом койчу сабап,
– Өнүп-өс! – деп күлөт бул ширин карап.
– Бөтөн кыштак. Бирөөлөр тиет! – дейби,
балдар менен ойносом байкоого алат.
Жер чукулайт, мал карайт, сабак – анан,
жан экен түк жумуштан тажабаган.
Калса калат аш-тойдон, асти калбайт
күнгөйдөгү мечиттен, жаназадан.
Ал кишиде бала жок экен өзү,
апам экинчи эринен төрөбөдү.
Жан кишиге сезилбейт өгөйлүгүм,
– Жетим! – дешпейт балдар да көчөдөгү.
Апамдын түк көрбөймүн муңайганын,
ал адамдын көп байкайм кубанганын.
Өз атамды сагынып ыйлап алам,
өгөйлүгү оркоюп турат дайым.
– Эрге тийбей, жөн эле жүрбөйбү! – деп,
эзилемин апамды ичтен тилдеп.
Качып кетсем дейм, бирок жолду билбейм,
кыштактан же туугандар келбейт издеп.
Арасында бир күнү өрүк бактын,
апамды өөп жатканын көрүп калдым.
– Өлтүрсөм! – деп ойлодум ошондо аны,
өзүм дагы келди шарт өлүп калгым.
Апам кызык, урушпайт, кыт-кыт күлөт,
– Ай, болду эми, түндө, – дейт. – Кой, жинди! – деп.
Бурч жагында таңыркайм чөмөлөнүн,
– Булар түндө не кылат? Ой, ким билет?
Эмне, ойлойбу – булар жаш билишпейт, – деп,
Экөө бирге мончого кирип кетет.
Кызыл ити кыңшылайт кызганычтын,
көңүлүмдү ичип-жейт, ириңдетет.
– Балам! – десе жактырбай шыпшынамын,
бир чечилип сүйлөшпөй, былтыямын.
Студент болдум, алыскы шаарга, мага
салып турду ай сайын пенсиясын.
Айылдагы мугалим – пенсионер,
арка болду калаада мен сүйөнөр.
…Сүйүүгө анан кабылдым, махабат, эх,
сыйкыр экен сагынтаар, элжиретээр.
Кызык, сезбей жүргөмүн башта неге?
Кусамын бир күн көрбөй калсам эле.
Өбүшсөк биз, апамды өгөй киши
өпкөндүгү элестейт анда деле…
Бото көзүм, жаныңан алыс жылбай,
бир жүрсөк деп кудайдан тилейм тынбай.
Өлүм бизди бөлбөсүн эртелетип,
өстүрөлү балдарды жетим кылбай!
Отуз жашка чыкпастан жесир калган,
койкоңдотуп эки эркек жетим баккан,
таалай, өмүр тилеймин апама да, –
таманынын астында бейиш жаткан.
– Эрге тийип!.. – деп сөгөр элем башта,
– Эң бир туура кылган! – дейм эми аяйм да.
Муктаж экен эркекке бир ургаачы,
муктаж экен бир эркек бир аялга.
Үйлөндүм мен, бапырап той өткөрдү,
ушул чалдай жоомарт жан жок өңдөндү.
– Бул күндү атам көрбөдү! – деп муңкандым,
Бир күн капыс мендеги ой өзгөрдү.
…Кеткен саарлап апам бир жакка дагы,
Келгем иштен. Чал мени байкабады.
Жаман кызым чычыптыр жайнамазга,
жүргөн экен өзү жууп, чайкап аны.
– Ата! – дедим ошондо ич эзилип,
ал таң кала карады бир эңилип.
Күн чыккандай нур чайып турду жүзүн,
– Кечириңиз! – дедим мен тизе бүгүп.
– Ата! – дедим өөп бет, сакалынан,
Апам чыкты өрүкзар арасынан.
– Ата де! – деп айттыра албай жүргөн,
ал көз жашын тыялбайт карап улам.
Жүрөгүмдөн төгүлүп ага мээрим,
жыйырма төрт жылдан соң – Ата! – дедим.
Өз атамдан дагы артык өгөй атам,
өпкөнсүймүн бетин өз атакемин!..
Өз адамга айланды өгөй адам,
өз атама айланды өгөй атам.
Андан озуп төргө өтпөй калдым эми,
– Акылыңа келдиң! – деп, өбөт апам.
Ай өтүп бир бакырчаак уулдуу болдум,
Ал балама пейили жугуп-консун! –
алдым дагы өзүнүн макулдугун,
Балама өгөй атамдын ысмын койдум…