МЭЭНЕТКЕЧ ИЛИМПОЗ
(Профессор Лайли Үкүбаеванын чыгармачылык бейнесине сүртүмдөр)
Адатта биз кайсы бир белгилүү өнөр ээси тууралуу кеп кылганда аны ошол өнөрдүн сересине алып чыккан башаттарга сереп салмайыбыз бар. Дээринде болбосо жана аны бир топ маанилүү факторлор (эмгек кылып тынымсыз изденүү, устаттардан таалим алуу ж.б.) коштобосо, ал мынчалык даражага жетпейт эле дейбиз. Мунубуз деле туура. Ошол сыңары кыргыз элине, айрыкча адабият күйөрмандарына аттын кашкасындай таанымал Лайли Үкүбаева тууралуу сөз кылардан мурда мен да анын адабиятчы-сынчылык, адабиятчы-изилдөөчүлүк таланты кайдан башталды деген суроо коюп, анын тээ илгертеден – 15–16 жашынан бери ыр да, проза да жаза келгенин өзүмчө «ачылыш» катары кабыл эттим. Анын мындай «өнөрлөрүн» «кудай акы» мурда билбептирмин. Аны адабиятчы-илимпоз деп эле жүргөм. Саны жана көлөмү жагынан да чектелүү ырларын окуп чыккан соң «акын делип сын жазгандар кыйынбы, же сынчы болуп ыр жазгандар кыйынбы» деген талашы көп, бирок майнабы аз маселени кыйгап өтө албай, башынан башкалардай бир жагына ооп, мээнет кылса Л.Үкүбаевадан мыкты жазуучу, мыкты журналист, а балким, алардан да мыкты акын чыкмак экен деп калдым. Айтылгандай, анын азганактай ырлары менен прозалык чыгармалары (кабарлар, очерктер, эскерүүлөр, проблемалуу макалалар, аңгемелер, эсселер, маектер ж.б.) атайын көшөрүп, көжөлүп дегендей жазылбай ички муктаждыктан жана көңүл-маанайдын кайсы бир маал-шарттарынан улам шилтене калган, жазыла калган өңдөнөт. Антпесе:
Мезгил деген шам чырак,
Күйөт, өчөт тез эле.
Кызыл шайы көйнөкчөн
Кыздар элек кечээ эле.
Сабап өткөн жамгырдын
Шаасы кетет тез эле.
Жашыл торко жаштыктын
Жалыны өчөр кез беле! (1, 168-б.),
же болбосо бул саптардан дээрлик жарым кылым мурда, анын 19 жашында жазылган:
Жек көрүүгө жарабаган жүрөгүң,
Жаанын огу парча-парча тешкенби?
Жылмаюуңду, жан эргиткен сөзүңдү,
Жаздын жели жула качып кеткенби ? –
деген ыр түрмөктөрү эч бир кыйналып-кысталуусуз, күчтөөсүз эле жүрөктүн өзүнөн агылып чыккандай көрүнбөйт эле. Мындай саптар, менимче, ошол алмадай жүрөгүндө акындык дарамет-дүйнөсү бар адамдардын калеминен гана жаралат. Анын ырларынын тематикасы өтө кеңири болбогону менен окуй келгенде ал байкала бербейт, алар өзүбүздүн эле кечээки жана бүгүнкү турмушубуз тууралуу белгилүү поэтикалык талаптарга жооп берген чыгармалардай кабылданат. Пейили бузулган замана менен адамдарга жан кейиткен ырлар окурмандын да каршылык сезимин ойготуп, ойго салат.
Кошоматтын бекемделип сепили,
Такта олтурат тантырактар кечээги…(2. 58-б.)
Көшөкөрлүк көк түтүнүн буралтып,
Каптап барат караңгылап асманды.
Капырай ай, кандай болот замана,
Күндүн көзүн жабаарына аз калды.
Чындык өлүп, чыгып жаны тынабы?
Чыгаан атуул элибизден чыгабы? (2. 58-б.)
Киши эместер «киши» болуп жүрүшөт,
Киши эместер кишилерге күлүшөт.
Киши эместер чоң үстөлдү кучактап,
Кишилерге тишин кайрап үрүшөт.
Киши эместер тагдыр чечип отурат,
Киши эмеске киши эмеси кошулат.
Киши эместер каптап кетсе өлкөнү,
Кишилери не болот дейм чочулап. (2. 62-б.)
1999–2004-жылдар аралыгында жазылган кыска, бирок сыйымдуу бул саптардан кыргыз коомуна, жакшысына караганда жаманы басымдуу болуп бараткан адамдарга, андагы көңүл иренжиткен терс көрүнүштөргө кайдыгер карай албаган, анын эртеңкисин ойлоп сарсанаа болгон акынды көрөбүз.
Балалык, эне, бала, тууган жер, коомдук көйгөйлөр, адамдык мамилелердеги өөдө-төмөндүктөр жана албетте махабат тууралуу Л.Үкүбаеванын ырларында караңгы-жарыгы аралаш турмуштун анык илеби бар, өмүр бою тыным албаган сезим-туюмдун, өмүр бою соолубаган ой-санаанын, адам өмүрү менен бирге жок болчу көңүл ыргактарынын нукура чынчылдыгы бар. Алар ушунусу менен кызык. Алар – акын кайсы бир жагын жымсалдап, кайсы бир жагынын чет-бучкагын гана чыгарган, көбүнесе аларды өзгөчө көркөмдөп, шөкөттөп жиберүүгө умтулбай эле жарыяланган чыгармалар болсо да, ошол сезим-туюмдун көркөм реалдуулугу менен жакын сезилип, окурмандын көңүл маанайына төп келип калат. Алар кайсы бир маалда, кайсы бир куракта өз өмүрүнүн кечээкиси менен бүгүнкүсүнө, өз элинин турмуш-тиричилигине, өзүн курчаган адамдардын жана өзүнүн кимдигине дамамат ой калчай келген сергек, сезимтал, ойчул адамдын жарыя кылып айтпаса да, жазбай коё албаган ойлору сыяктанат.
Жалбырактар жүгүрөт, секиришет,
Муздак шамал артынан түшүп алган.
Суук желге чыйрыгам денем үшүп,
Жалбырагы жаштыктын түшүп калган…(2. 159-б.)
Жана да:
Келиндүү болуп өзүм да,
Кайнене атка конгону.
Кызымдай көрсөм келинди
Келиним кыздай болбоду. (2. 163-б.)
Же болбосо:
Биз өчөрбүз, бул дүйнөдөн өтөөрбүз,
Пырга айланып асманга учуп кетербиз.
Жер айланып, күн кеч кирип, ай чыгаар,
А дүнүйө ишин өтөөр эсепсиз… (2. 159-б.)
деген өңдүү саптарда басмырт өкүнүч, арман, кубаныч жана шаттык аралашып кетип, лирикалык каармандын жагымдуу поэтикалык образы көз алдыбызга келет. Л.Үкүбаеваны мен муну менен өзгөчө новатор акын кылайын деген ниетим жок. Болгону, турмуштун кыйма-чийме жолунда көп кездешип, кубанычы да, көйгөйү да аралаш келген, аялзатынын жаштыгынан, андан кийин акылы толгон, баарына көзү жеткен курагынан бери коюн-колтук алыша келген сезим-туюмдарынын кыска, бирок маңыздуу ыр саптарына сыйдырылганына назар салып отурам. Мындан тышкары мен окумуштуу Л.Үкүбаеванын нукура адамдык жүзүнүн, аялзат-энеликтин түркүн кырларын ымандай сыры көрүнүп турган мына ушул аталган чыгармаларынан анын илимий чыгармаларына караганда алда канча ачык көрүп, түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алганымды белгилеп кетейин дедим. Мындай чыгармаларды дээринде художниктик-сүрөткердик үрөнү жок адамдар жазышы кыйын. Бирок:
Саат санап өмүрдү
Мезгил алга шаштырат.
Сыйда кундуз чачымды,
Сырдап жатат ак бубак (2. 16-б.)
деген Л.Үкүбаева акын, жазуучу эмес, адабиятчы-сынчы болуп кетти.
Ошентип, илимпоз-адабиятчылыктын башаты жогортодо мен учкай сөз кылган Л.Үкүбаеванын акындык жана жазуучулук шык-жөндөмүнөн, дегеле андагы көркөм сөзгө болгон көрөңгө-уюткунун тереңдигинен агылып чыгары ачык.
Поэзиясынан тышкары дагы да аз, бирок саз жазылган, убагында жогору бааланып, далай талкууларга эбеп-себеп болгон «Көз караш» (2008), «Доорлор жаңырганда» (2018) аттуу макалалар жана маектер топтомдору Л.Үкүбаеванын канчалык кызыкчылык чөйрөсү жана кругозору кенен, ар маселеге ынтызарлыгы терең инсан экендигин айгинелейт. Эң негизгиси, ал кандай гана көрүнүш маселе болбосун, ага кайдыгер карай албайт. Кайдыгерлик деген «балакет» коомду жөргөмүштүн желесиндей ороп, жөө тумандай чулгап турган заманда, ачык айтып, ак сүйлөгөн адамдардын катары сээлдеп кеткен заманда Л.Үкүбаева төңкөрүш жасап, бардыгын орду-ордуна коюп салбаса да, ар түркүн коомдук-саясий, социалдык-маданий маселелер боюнча көз карашын ачык айтып, терс көрүнүштөргө күйгүлтүккө түшүп турат. Анын макалаларынын, маектеринин көбү ырларындай эле чынчылдыгы, маселенин тек-жайын мыкты түшүнүп, ар тараптуу талдап, алгылыктуу сунуштарды коё билүүсү жана аргументтүүлүгү менен айырмаланат. Алардагы дагы бир сапат – кыскалыгы, узун сөздүүлүк менен тажатмалыктан алыс туруп, өтө сабаттуу, көркөм тил менен жазылышы болуп эсептелет.
Кыскасы, Л.Үкүбаева, акын, жазуучу, журналист да эмес, элге адабиятчы-илимпоз катары таанылды. Балким, ал бүгүнкү күндөрдөгү айрым илимпоздорго окшоп филологиялык, педагогикалык, коомдук илимдердин түркүн тармак-багыттары боюнча чубалжыган эсепсиз макалаларды жана да аңгемелер менен эсселерди, жол очерктери менен эскермелерди жайнатып жазып, китеп артынан китеп чыгарса деле болмок. Бул анын колунан келмек. Бирок Л.Үкүбаева анткен жок, антсе биз бүгүн аны «универсал, укмуш» адис катары мүнөздөп, акын, журналист, сынчы, адабиятчы, жазуучу, фольклорист, тилчи, методист, коомдук ишмер ж.б. деп, тигинисин да, мунусунда мактамыш болуп отурмакпыз. Бирок эч бир жагынан көзгө толумдуу натыйжа чыкпаган мындай «энциклопедизмдин» кимге кереги, кандай кажети бар эле? Биздин каарманыбыз Л.Үкүбаева мындай көп кырдуулуктун орунсуздугун башында эле эң сонун түшүнүп, өмүрүндө болгон мээнетинин көбүн куштун эки канатындай айкалыша жүргөн оор ишке – жаш адистерди окутуп-тарбиялоо менен адабиятчылыкка сарп кылып, бүгүн анын акыбетин көрүп отурат. Билгенге – ушунун өзү эле оңой иш эмес, түшүнгөнгө – бир адам өмүрү үчүн бир жерден көзгө көрүнөрлүк, оозго аларлык майнап чыгаруунун өзү эле жетиштүү. Бүгүнкү жана кечээки кыргыз адабияттаануусун Л.Үкүбаевасыз элестетүү мүмкүн эмес дегенден өткөн урмат-сый болбос!
* * *
Кандай гана илим болбосун, ага башбагууну чечкен адам өзүнө чейинки ошол тармактын өнүгүү багыттары, изилденген жана изилдене элек жактары, оорчулуктары сыяктуу маалыматтарды алып, ой элегинен өткөрөт да, «кылар иши», «айтар сөзү» бар-жоктугуна, болсо канчалык экендигине көзү жеткенден кийин гана ага киришүүгө бел байлайт. Илимдин ички мыйзамченемдүүлүгү, аны андан ары кыймылдатчу аракеттердин логикасы ушундай. Болбосо, туш келди аракеттер канчалык тырышсаң да алгылыктуу натыйжаларга алып келбейт да, илимдин чаржайыт өнүгүшүнө же анын сенек абалга келишине жол ачат. Ошол сыңары, Л.Үкүбаева адабиятчы, болгондо да айтматовтаануучу болууга бел байлаган XX кылымдын 70-жылдарынын башында Ч.Айтматовдун даңканы таш жарып, ал тууралуу жазбаган «мен» деген адабиятчы-сынчылар деле калбагандай көрүнгөн. Алардын ичинде кыргызы, орусу, французу, казагы, немиси, түркү, татары ж.б. деген толгон улуттун өкүлдөрү бар эле, атактуулары да көп болчу. Алардын «күргүштөгөн көчүнө» кошулуп, Ч.Айтматов тууралуу «өз сөзүмдү айтууга дараметим жетет» деген дымактын өзү эле тоо арасында өскөн кыз үчүн эрдикке тете, бирок опурталдуу иш болчу. Опурталдуу дегеним – Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эптеп кандидаттык диссертация жактап, же элден калбай бирин-экин макала жарыялап, ошонусу менен көрөңгөсү түгөнгөн учурлар көп болсо, экинчи жагынан ал кездеги Союзга жана дүйнөгө аты чыккан адабиятчылардын да катары калың эле. Демек, Ч.Айтматов жөнүндө алардан ашып түшпөсөң да, кем жазбаш керектигин ошол тоолук кыздын жакшы түшүнгөнүн анын төмөнкү сөздөрүнөн көрөбүз: «Чынын айтсам, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча теманы аларын алып алып, өзүмчө абдан сарсанаа болдум, апкаарыдым. Мен киммин да, Ч.Айтматов ким? Дүйнөлүк атакка ээ болуп, чыгармачылыктын пигине жетип турган таланттын чыгармачылыгына «тиш салуу» мага окшогон жаш, илим жолун жаңы гана баштаган, илимий-теориялык даярдыгынын деле чамасы чакталуу… бир карапайым кыргыз кызынын колунан келер бекен..? Уктабай калдым» (1. 23–24-бб.). Минтип илимдин баркын жана жоопкерчилигин терең сезген, ыймандуу адам гана айта алат. Тилекке жараша, Л.Үкүбаева Ч.Айтматов тууралуу айтар салмактуу сөзү арбын адис болуп чыгып, бир убакта өзү апкаарыган улуу жазуучунун алкоосуна татыды, бир даарынан өзү сүрдөгөн, устат туткан, бир даары менен калемдеш болгон белгилүү айтматовтаануучулардын (Б.Ашымбаев, К.Асаналиев, Г.Гачев, В.Левченко, Б.Панкин, Л,Лебедева, М.Борбугулов, В.Коркин, В.Якименко, К.Бобулов, А.Акматалиев, В.Воронов, А.Садыков, К.Ибраимов, О.Ибраимов, А.Эркебаев ж.б.) катарынан орун алды. Бирок ага жетүү жеңил-желпи, оңой-олтоң иш эмес эле. Дегеле арыдан-бери жасала калган иштердин тамыры бош, өмүрү кыска болгон сыяктуу илимде андан беш-бетер оорчулуктар бар экенин, чакан эле изилдөө далай түйшүк менен жараларын, бир шилтеп фундаменталдуу эмгек жазыла койбосун түшүнгөн нукура илимпоз катары Л.Үкүбаева да чакан макаладан тарта монографиялык эмгектерине дейре өтө кылдаттык жана чоң жоопкерчилик менен мамиле жасай келген. Эмгектердин саны, көлөмү эмес, сапаты ал үчүн башкы чен-өлчөм экендигин аларга назар салган адам байкабай койбойт.
Адабияттын бир гана жанрына, канчалык атактуу болбосун бир гана акын-жазуучуга биротоло байланып калган адабиятчы-сынчы болбойт. Байыркы орус адабиятын, «Игордун кошууну жөнүндө сөздү» көшөрүп, өмүр бою изилдеген Д.Лихачёвдой эле өмүрүнүн көбүн Шекспирди же Пушкинди, Л.Толстойду же М.Ауэзовду изилдөөгө арнаган адабиятчылар башка толгон-токой адабий-тарыхый, теориялык, биографиялык материалдар боюнча эмгектер жаза келишкен. Ошентсе да, таланттуу адабиятчы-илимпоздордун көбүндө бир адабий багыт-тема магистралдуу орунга ээ боло келгени көп кездешет. Ушул көз караштан алганда Л.Үкүбаева үчүн улуу жазуучунун чыгармачылыгы накта турмуштук-илимий тагдыр болуп калганы таңгалыштуу деле эмес.
Кыргыз адабиятынын алтын доору болгон 60–70-жылдары катары калың окурмандар ар бир жаңы чыгарманы, китепти сыясын кургатпай окуп, уу-дуу кеп кыла келишсе, аны жандай жүргөн адабий-сын изилдөөлөр да чоң кызыкчылык жаратчу, алардын тегерегиндеги коомдук талкуу, кептер көнүмүш болуп, адабиятчы-илимпоздор менен сынчылар акын-жазуучулардай эле белгилүү болушчу. К.Асаналиев, К.Бобулов, К.Артыкбаев, С.Жигитов, К.Укаев, М.Борбугулов, А.Садыков, Ш.Үмөталиев, Б.Маленов, С.Карымшаков, Ж.Абдраимов, Т.Аскаров, К.Даутов жана аларга удаалаш адабий сынга келишкен А.Эркебаев, К.Ибраимов, К.Байжигитов, О.Ибраимов, К.Эдилбаев, С.Байгазиев, Ү.Касыбеков, Б.Шамшиев, С.Тиллебаев өңдүү сынчыларды билбеген адабият күйөрманы жок эле. Ошентсе да орус тилдүү адабиятчы-сынчыларга караганда кыргыз илимпоз-сынчылары Ч.Айтматов тууралуу бир аз кечирээк жана бир кыйла ыкшоороок сөз башташты да, ал сөз кийинчерээк (70–80-жылдарда) гана өзгөчө күч алды. Л.Үкүбаева кыргыз айтматовтаануучуларынын мына ошол экинчи толкунуна кирген бирин-серин аялзатынын өкүлү болгону менен бара-бара тигилерден тизгин талашкандай даражага жетип, бир катар олуттуу эмгектерди жаратты. Бирок ал Ч.Айтматовдун сынчысы эмес изилдөөчүсү катары көп иштер аткарды (сынчылык менен изилдөөчүлүк эриш-аркак, үзөңгүлөш болгону менен айырмасы чоң экенин эске ала кетели – К.А.), б.а., жогортодо саналган жана саналбаган айтматовтаануучуларды кайталоодон качып, көмүскөдө калган же үстүрт сыпатталган тигил же бул маселенин мезгилдик-мейкиндик чен-өлчөмүн, теориялык-методологиялык багыт-негиздемелерин, адабий-эстетикалык критерийлерин өздүк позициясына жараша (ал эми адабий сын менен адабияттаанууда бардыгына бирдей милдеттүү көз караштар системасы жок – К.А.) кеңейтип, тереңдетүү зарылдыгын эртелеп түшүндү, анын баарын кучагына батыра албасын, ал бир кишинин колунан келбесин билип, өз түшүнүгүндө зарыл, балким, өтө маанилүү деген жактарын үңүлө изилдөөгө өттү. Алар кайсылар эле? Көптөгөн эмгектеринде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына тикелей байланышта турган проблемалардын баарына текши назар салбай койгондо деле Л.Үкүбаеванын айтматовизилдөөчүлүк эмгектеринин бири-бирине бекем чырмалышкан эки багыты ачык көрүнөт. Ал экөө тең диссертация формасына салынган: бири – кандидаттык (Ч.Айтматовдун каармандардын мүнөзүн түзүү чеберчилиги), бири – докторлук диссертация (Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жана элдик эстетика маселеси). Мунун да өз логикасы, өз себеп-шарттары бар эле.
«Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү» аттуу эки жолу (1984, 2008) басылып чыккан монография Л.Үкүбаеванын тырмак алды көлөмдүү эмгеги болгону менен улуу жазуучунун алгачкы аңгемелеринен тарта «Гүлсарат» повестине чейинки чыгармаларындагы сюжет жана образ маселелерин ырааттуу жана ынанымдуу талдоого алган олуттуу изилдөө катары ЖОЖдордон тарта мектеп мугалимдерине дейре окуу китебиндей кызмат өтөп келди. Кийин да Л.Үкүбаева залкар жазуучунун мурунку, кийинки чыгармалары тууралуу далай изилдөөлөрдү жазып, аларды «Художественное мастерство раннего творчества Чингиза Айтматова» (1999), «Чыңгыз Айтматов жана фольклор» (2001), «Чыңгыз Айтматовдун адабий-эстетикалык көз карашы» (2000), «Чыңгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз» (2004, орусчасы 2017), «Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр» (2006), «Чыңгыз Айтматов жана кыргыз адабияты» (2012), «Чыңгыз Айтматов жана азыркы адабий процесс» (2013), кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде бир китеп болуп чыккан «Чыңгыз Айтматов» (2017) сыяктуу китептерине жайгаштырды. Булардын ичинен «Чыңгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз» жана «Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр» аттуу фундаменталдуу эмгектери 2010-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду.
Дегинкиси, жоон топ адистер менден алда канча мурда эле Л.Үкүбаеванын Ч.Айтматов жөнүндөгү жана башка эмгектери тууралуу шексиз ийгиликтери менен кимде болбосун боло келчү айрым талаштуу жактарын кеңири жана далилдүү жаза келишкенин эске алып, алар менин ишимди кыйла жеңилдетип койгонун айта кетпесем болбос. Ошентсе да, алардын көз караштарындагы урунттуу учурларга назар сала кетүү зарылдыгы бар.
* * *
Л.Үкүбаеванын айтматовтаануучулук эмгектери тууралуу көп адистер жазышты. Айтылгандай, ар кимдин жеке көз карашында талаштуу делип, бирок бардыгы үчүн сөзсүз «талаштуу» болууга милдеттүү деп эсептеле бербеген учурларды айтпаган күндө, анын изилдөөлөрү Ч.Айтматовдун көп кырдуу чыгармачылыгын эстетикалык жактан аңдап-билип, интерпретациялоодогу өз алдынчалыгы жогору жаңы сөз экендиги байма-бай айтылып келди. Белгилүү адабиятчы М.Жумаев Л.Үкүбаеванын «Чыңгыз Айтматов жана фольклор» аттуу изилдөөсү тууралуу сөз кыла келип, анын жетишкендигин жазуучунун чыгармаларындагы «жомоктуулук» менен реалдуулуктун карым-катышы полифондуу көрүнүш катары анын эстетикасына кайталангыс түр-түспөл берип тургандыгын … жеткилең ачып бергендигинен көрсө (3, 11-б.), профессор С.Искендерова Ч.Айтматовдой улуу сүрөткердин көркөм дөөлөттөрүн ар тараптуу илимий иликтөө үчүн «терең илимий-теориялык даярдык, интеллектуалдык жактан бийиктик, ички рухий байлык талап кылынарын», Л.Үкүбаева болсо, ушундай касиеттерге эгедер илимпоз экендигин белгилейт да, өз пикирин аталган эмгекти кеңири талдоо менен бекемдейт (3,13–19-бб.). Арийне, Л.Үкүбаеванын эмгектерине пикир айткандардын дээрлик бардыгы айтматовтаануучу гана эмес, кыргыз жана совет адабияты, дүйнөлүк адабият тарыхы менен өткөндөгү жана учурдагы алкагы кенен адабий процесстен маалымат-билими жетиштүү илимпоздор таризинде (ар кимиси, албетте, ар кандай деңгээлде) көрүнүшөт да, ошого жараша маселенин түркүн жагдайларына басым жасашат. Л.Үкүбаеванын аталган эмгектери конкреттүү аталышка ээ болгону менен, козголгон жана өзөктүү жактары өз чечилишине жеткирилген, же ар кандай проблемалардын тутумунда кыскача сөз боло кеткен маселелердин чөйрөсү кыйла кеңири. Ошондуктан, адистер да өз позициясынын призмасынан проблемалардын бир жагына айрыкча назар салып, көркөм жана илимий көп түстүү материалдарды мисал тартышы, автор менен полемикага түшүүсү да табигый көрүнүш. Каралган маселе боюнча башка бир илимпоздордун көз караштары кандай эле деп, аны бекемдөө же жокко чыгаруу ыкмалары да кеңири колдонулуп, алардын көбү Л.Үкүбаеванын пайдасына чечилгенин жыш кездештиребиз. Алсак, академик А.Акматалиев окумуштуунун аталган жана башка бир топ эмгектерин жалпы кыргыз адабияты менен аны изилдөөлөрдүн контекстине тикелей байланышта карай келип, Л.Үкүбаеванын Г.Гачевдин Данияр менен Жамийланын образдарынын улуттук жана жалпы адамзаттык негиздери тууралуу концепциясына, В.Станиславлева менен П.Глинкиндин көз караштарына киргизилген түзөтүүлөрү туура экендигин билдирип: «Изилдөөчү буларды тигил же бул адабиятчыдан кемчилик табуу же өзүн жогору коюу максатында айтып жатпагандыгы түшүнүктүү иш», – деп жазат (3. 28-б.).
Адистер Л.Үкүбаеванын «Чыңгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз» аттуу изилдөөсүн дээрлик бир ооздон фундаменталдуу эмгек катары баалашты. Аталышында эле ачык берилгендей анда жазуучунун эстетикалык көз карашы жана андан келип чыгып, чыгармаларында көркөм реализациядан өткөрүлгөн улуттук фольклордун мааниси, ролу, орду иликтенет. Автор өзү Ч.Айтматов фольклорго башкалардан өзгөчө, философиялык мамиле жасай турганын айта келип: «Жазуучунун чеберчилиги фольклордук эстетика менен реалисттик искусствонун бөтөнчө бир гармониясын түзөт дейсиз, айрым бир учурда фольклор кайдан башталып, реалдуу сюжет кайдан бүтөрүн окуучусуна таптакыр эле таптырбай салат», – дейт да (4. 12-б.), мына ушул феномендин көркөм-эстетикалык маңызын ачып берүүнү максат кылат. Көп жылдык мээнет жана нукура илимпоздук жигер менен жазылган бул эмгекти айтматовтаануучулардын дарханы К.Асаналиев адатынча эле терең, өздүк көз караштарынын дагы бир жактарын ачыктоого себеп-негиз кылып, Ч.Айтматов жаштайынан эле кыргыз адабиятын «улуттук чектелүүнүн аймагынан алып чыгуу, анын асыл-нарк мартабасын дүйнөлүк көркөм үлгүлөрдүн бийиктигине көтөрүү» деген глобалдык чечимге келген жазуучу болгондугун, натыйжада ал кыргыз фольклоруна башкаларга окшобогон «концептуалдуу көз карашын иштеп чыккандыгын» жана бул маселелерге Л.Үкүбаева кеңири жана терең адабий анализ жүргүзгөндүгүн баса белгилеп, анын эмгегине «кыргыз адабий илиминде фольклоризм маселесин изилдөөдө жаңы сөз, жаңы ачылга» деген баа берет (4. 9–10-бб.). Ал эми белсемдүү адабиятчы С.Алахан Л.Үкүбаева кеңири фактылык материалды талдоонун өздүк ыкмасына ээ болгон, билим менен инсандык натурасы шайкеш келген илимпоз экендигин айта келип, аталган эмгекти кеңири талдап, айрым «тактоолор» киргизет да, аны «жалпы улуттук айтматовтаануубузда да өзгөчө орду бар изилдөө болуп эсептелет» деген тыянак чыгарат (5,127–132-бб.). Адабиятчы А.Медетов да аны «бул багыттагы бараандуу эмгек» десе (4,71-б.), профессор А.Садыков Л.Үкүбаеванын эмгектерине бир нече жолу кайрылып, талдоого алынган проблемалардын чегин улам кеңейтип, өз пикирин улам тереңдетип жүрүп отурат. Ал Л.Үкүбаеваны Ч.Айтматовдун чыгармаларынын поэтикасын изилдөөгө чыйыр салган илимпоз деп эсептеп, анын «Ч.Айтматовдун адабий-эстетикалык көз карашы», «Чыңгыз Айтматов жана фольклор» деген изилдөөлөрүндө: «Эки маанилүү проблеманы көтөргөн» – деп, иш жүзүндө Л.Үкүбаевага арналган илимий очеркин «Айтматовдун адабий-эстетикалык көз карашы», «Айтматовдун оозеки чыгармачылыкка мамилеси», «Ыкмадан концепцияга», «Фольклордун автордук идеялык-эстетикалык концепцияны берүүдөгү ролу», «Фольклордун сюжет куруудагы ролу» деген бөлүмчөлөргө ажыратып, анын көз карашынын ирдүүлөрүн да, майда-бараттарын да көз жаздымында калтырбай тыкыр анализдеп, ар бири боюнча тыянактарды чыгарат. Л.Үкүбаеваны айтматовтаануу илиминин залкар өкүлү деп эсептешинин өзү эле А.Садыков анын эмгектерине канчалык жогору баа бере тургандыгын тастыктап турат (6,180–206-бб.).
Ошентип, сын-пикирлердин дээрлик бардыгында Л.Үкүбаеванын эмгектериндеги кандайдыр бир принципиалдуу кемчиликтер, каралган маселелерди иликтөөдөгү орчундуу жаза басуулар, теориялык билимдин жетишсиздиги же көркөм-адабий материалдарды талдоодогу тайыздыктар тууралуу сөз болбойт. Себеби алар жок, ал эми жок нерсени бар кылуу эч кимдин оюна келбейт. Мен атайын кеңири сыпаттоо кажетин көрбөй турган Л.Үкүбаеванын кандидаттык жана докторлук диссертациялары жөнүндө жазышкан окумуштуулардын катары калың. Алардын ичинде илимий жетекчи, консультант жана расмий оппонент болушкан А.Власенко, А.Садыков, Р.Баимов, К.Асаналиев, З.Кабдолов, З.Ахметов, М.Борбугулов өңдүү профессорлор менен академиктер, П.Мирза-ахмедова, М.Расули, Л.Каюмов, М.Алимов, М.Аминова, Х.Алимджанова, Д.Камбарова, А.Кызласова, Е.Неживой, У.Гимадиев, И.Лайлиева, Ж.Шериев, Б.Усубалиев, С.Байгазиев, П.Ирисов сыяктуу Россия жана Орто Азия республикаларынын белсемдүү адабиятчылары бар. Алардын ар бири жеке пикир айтып, Л.Үкүбаеванын диссертациялык эмгектерин ар башка методологиялык өңүттөн талдоого алышса да, жапырт жогору баа беришкенин көрөбүз. Аларды профессор М.Борбугуловдун Л.Үкүбаева «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына жаңыча көркөм-эстетикалык позициядан мамиле жасоонун үлгүсүн көрсөткөн, ар бир проблемага оригиналдуу, өздүк концепциясы бар илимпоз» (3,184–197-бб.) деген сөздөрү менен жалпылап койсок болот.
* * *
Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы кардиналдуу жана «түбөлүктүү» илимий тема болуп калганы менен Л.Үкүбаева улуу жазуучу өсүп-өнүп, даңкын чыгарган кыргыз адабиятынын орчундуу проблемаларын айланып өтө алган жок. Антишке мүмкүн да эмес эле. Жогорку окуу жайында филолог адистерге тынымсыз сабак берип, тигил же бул материал кыргыз адабияттаануусунда канчалык иликтене келгенин өз көзү менен көргөн адабиятчы-педагог катары ага Токтораалы Талканбаев, Ысак Шайбеков жана Абылкасым Жутакеевдин өмүр жолу менен чыгармачылыктарын бирдикте карап, кайра иликтеп чыгууга туура келди. Булар боюнча тактап, толуктап, тереңдете турган көп жагдайлар бар болчу. Ошон үчүн адегенде «XVII–XIX кылымдардагы кыргыз элинин маданияты» (1992) аттуу иликтөөсүндө бир катар тарыхый маалыматтарга назар салып, ошол доордогу кыргыз элинин элдик илим-билим түшүнүктөрү, материалдык жана рухий маданияты, башка элдер менен болгон маданий карым-катыштары маселелерин иликтөөгө алат да, аталган жазгыч акындар тууралуу өз-өзүнчө жазылган макалаларында (1992) алардын чыгармачылыгын ыраатка келтирип, талдап, бир топ маселелердин чен-өлчөмүн кеңейтип, аларды караштырууну бир беткейликтен арылтат. Кийин «Жазгыч акындардын чыгармачылыгы» аттуу окуу куралы катары жарык көргөн (1995) Л.Үкүбаеванын бул китебин ушул тармак боюнча белсемдүү адистердин бири, филология илимдеринин доктору А.Турдугулов аналитикалык ойлорго каныктырылган, жаңыча жана өтө керектүү эмгек катары баалады (7, 46–55-бб.). Булардын баары 2017-жылы жазылган «Молдо Кылыч» деген көлөмдүү макаласы менен бирдикте жазгыч акындар тууралуу иликтөөлөрдүн адабияттаануунун заманбап талаптарына төп келген өзүнчө бир циклин түзүп, илимпоз өзү жазгандай алардын «индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн, адабий-көркөм дүйнөбүзгө кошкон салымдарын баалоодо гана зарыл, маанилүү болбостон, ошол эле мезгилде фольклордон көркөм сөз өнөрүнүн жазма түрүнө, профессионал адабиятка, реалисттик сүрөттөөгө чейинки татаал өнүгүү жол басып өтүшүн так, таасын элестетүүдө да зор мааниге ээ» болуп калды (8,8-б.). Аталган циклге окумуштуунун соңку эмгектеринин бири «Жазгыч акындар жана Осмонаалы Сыдык уулyн» (2015) да кошууга болот. Анда буга чейин агартуучу, санжырачы жана тарыхчы катары сыпатталып келген Осмонаалы Сыдык уулунун «Муктасар тарих Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадмания» (1913, 1914-жылдары Уфада чыгарылган) китептериндеги адабий мурасты кыргыз адабияттаануусунда алгач ирет кеңири адабий алкакта иликтеп: «Осмонаалы Сыдыков кыргыз жазма профессионал адабиятыбыздын көз жарып калыптануусунун башатында турган жазгыч акындарыбыздын күжүрмөн гвардиясына кирүүгө толук татыктуу акын, жазуучу» деген тыянак чыгарат (8, 157-б.). О.Сыдыков буга дейре жазгыч акындарга кошулбай келгенин эске алсак, бул тыянак жаңы экени талашсыз жана аны Л.Үкүбаева кыйла кенен жана терең талдап, далилдеп берген.
Л.Үкүбаеванын чыгармачылыгындагы дагы бир ирдүү салааны профессионал кыргыз адабиятынын, атап айтканда, М.Элебаев, А.Осмонов, Э.Ибраев, Н.Жүндүбаева, С.Жусуев, Ж.Мукамбаев, К.Артыкбаев, Б.Абакиров, Д.Казакбаев, К.Даутов, К.Асаналиев, С.Байгазиев, С.Кайыпов, К.Байжигитов сындуу акын-жазуучулар, сынчы-адабиятчылар, тилчилер, фольклористтер тууралуу иликтөөлөрү, илимий-көркөм очерктери «Чыңгыз Айтматовдун адабий-мурасы» (2012) деген жаңы иликтөөсү жана «Азыркы кыргыз прозасынын өнүгүшүнүн негизги тенденциялары» (1988), «60-жылдардагы кыргыз прозасы» (1994), «Кыргыз прозасынын кийинки он жылдыктагы арымы» (1995) аттуу өткөн кылымдын 60–80-жылдардагы кыргыз прозасынын күрдөөлдүү бир доорун бир бүтүндүктө караштырган макалалар топтому түзөт. Булар жөнсалды эмес, Л.Үкүбаеванын нукура илимпоздугун, көркөм сөз өнөрүнүн үлгүлөрүн, илимий эмгектерди талдап-баалоодогу иш билгилигин, теориялык даярдыктын тереңдигин дагы бир ирет тастыктаган, адабий кругозору өтө терең адис экендигин айгинелеген салмактуу изилдөөлөр болуп саналат. Аларда каралган маселелерди «Кыргыз адабияты эгемендүүлүк жылдарында» (2011) деген макала логикалык-мазмундук жактан улап, толуктап турат. Алар автордун бир катар башка эмгектери менен кошо сыясы кургап бүтө элек «Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн маселелери» (2019) деген китептеринде топтоштурулган.
«Ч.Айтматовдун адабий мурасында» (2012) Л.Үкүбаева улуу жазуучунун котормочулук өнөрүнө, кыргыз этномаданияты жана ааламдашуу тууралуу баалуу ойлоруна, автобиографиялык маалымат-фактыларды өз чыгармаларына сиңире билүү чеберчилигине, алардагы гуманисттик идеяларга жана «Тоолор кулаганда» романынын поэтикасына сереп салат, жазуучунун «тереңдиктери менен бийиктиктеринин» дагы бир кырларын ачып берүүгө басым коёт, б.а., Ч.Айтматов тууралуу өзүнүн «бүтпөс» сөзүн башкача өңүттө улантат, мурда үстүрт айтылган ойлорун кеңейтип тереңдетет, жаңыча ой-толгоолорун ортого салат. Биз булардан залкар жазуучу адабиятчы үчүн чынында эле бүтпөгөн, дайыма көңүл чордонунда, жүрөктүн толтосунда орун алып, дамамат түйшөлтө келген тема экендигин көрсөк болот. Ал эми кыргыз адабиятынын, айрыкча кыргыз прозасынын проблемалары тууралуу Л.Үкүбаеванын макалалар циклдери анын учурдагы адабий процессти, анын өнүгүш тенденцияларындагы алгылыктуу жана өксүк көрүнүштөрдү мыкты билген жана жогорку деңгээлде талдап өз ойлорун, өз концепция-позициясын кынтыксыз далилдер менен бекемдей билген илимпоз экендигин күбөлөйт. Биз аларга макул болуп кубатташыбыз, же «жок, андай эмес, мындай» деп талашка түшүүбүз ыктымал. Себеби адабий сын, адабий талдоо дегенибиздин өзүлөрү да мына ошондой «талаштардан» турат. Кеп анда эмес. Кеп Л.Үкүбаеванын М.Элебаевдин адабий мурасы же Э.Ибраевдин поэзиясыбы, С.Жусуевдин акындык чеберчилиги же кыргыз адабиятындагы аялдардын образы маселесиби, К.Тыныстановдун «Жаңыл мырзасынын» жаңычылдыгы же Н.Байтемировдун «Сонундар дүйнөсү» романы болобу – коюлган маселенин ичтейине сүңгүп кирип, аны тиешеси бар башка жагдайлардын тутумунда карап, окурманды өз көз карашына «ишендире» билгендигинде турат. Адабиятчы-сынчынын адистик дарамети, аналитикалык ой жүгүртүүнүн зиректиги жана көркөм-эстетикалык сезим-туюмунун тунуктугу жогору экендиги мына ушундай учурларда айрыкча таасын көрүнөт.
* * *
Л.Үкүбаева өмүр бою жогорку окуу жайларында (Улуттук университет, БГУ, Кыргыз-Түрк Манас университети) студенттерге сабак берип, бир катар жетекчилик иштерди аркалап келет. Студенттерге сабак берүү деген да далай мээнетти, педагогдук чеберчилик, этика менен катар илимпоздукту дамамат өркүндөтүүнү, өзүңдү дайым ошол даражага ылайык кармай билүүнү талап эткен оор иш экенин көңүлгө алсак, эмне үчүн анын Ч.Айтматовду эле эмес, бүткүл кыргыз адабияты менен бирге башка элдердин да адабиятын жакшы билгендиги түшүнүктүү болуп калат. Адабият жалгыз адамдан турбайт, анын оозеки чыгармачылыктан бүгүнкүгө дейре баскан оош-кыйыш жолу, эволюциясы, тагдыр-таланты ар түркүн өкүлдөрү болот, аларды билбеген адам кантип адабиятчы-педагог болот деген баарына түшүнүктүү, бирок түйшүгү түмөн иштер аны өмүр бою коштоп келип, Л.Үкүбаева бул жагынан да көптөрдүн кыялындагы бийиктиктерге жетти. Жүздөгөн (миңдеген) студенттердин, магистранттардын жана аспиранттардын сүйүктүү, адамгерчилиги бийик, нарктуу-барктуу жана күжүрмөн эжейи, устаты болуп калды. Бекер жеринен анын студенттеринин бири, кыргыз поэзиясына өзгөчө бир жигер менен келип кирип, аттиң дедиртип, дүйнөдөн эрте өтүп кеткен акын Барчынбек Бугубаев:
Далай жылдар дарс окуган жүздөгөн,
Даанышмандын даңгыр жолун түптөгөн.
Дабандарды илим менен аштыңыз,
Дастан жазып, таазим этем сизге мен, –
деп эжейинин сабагын сагынганын айта келип, «жер шарынын бардык гүлүн» ага белек кылгысы келбесе керек.
Анын жетекчилиги менен А.Кадырманбетова, А.Сарыгүл, Н.Казакова, Д.Андашев, М.Сыдыкбаева, Г.Жамал, М.Келдибай кызы, Ч.Сасыкулова, Г.Сатаева сыяктуу кыргызстандык, түркиялык, кытайлык адистер илимдин кандидаттары, С.Искендерова илимдин доктору болуп калышты. Дагы да беш адис (Х.Ашлар, З.Кулбаракова, К.Гөз, С.Кырвели, Д.Йылмаз) PhD доктор болушса, ондон ашык жаш адистер магистрлик диссертацияларын жакташты. АКШ, Түркия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө (өз республикабызды айтпаганда) өткөрүлгөн ондогон конференция, симпозиумдарга катышып, баяндама жасап, андайдын далайын өзү да уюштуруп, өткөрүп келди. Ч.Айтматов тууралуу түрк окумуштууларынын макалаларын кыргыз тилине котортуп, 1-китебин жарыялоого да жетекчилик кылды (2017). Кыскасы, башкаларга байкала бербеген, сыртынан билинбегени менен «деңиздей турмуш үстүндө» (Б.Бугубаев) чайпалбай, төгүлбөй, түйшүгүнүн учу-кыйыры көрүнбөгөн жол басып, студенттерди окутуп-тарбиялап, өзүнүн төрт баласын да эрезеге жеткирип, илимий-педагогдук иштердин оор арабасын да чаалыктым-чарчадым дебей айдап (сүйрөп) келе жаткан Л.Үкүбаева тууралуу айтсак, сөз оңой менен бүтчүдөй эмес. Турмуштун караңгысына караганда жарыгын, адамдардын арамына караганда ак пейилдүүсүн көбүрөөк көргүсү келип, элдин эртеңкиси да ошондой жарык, бейпил, ырыс-кешиктүү болсо, ал эми эл башкаргандар менен ошол элдин эртеңкиси болчу жаштар акылгөй, ыйман-ынсаптуу, эмгекчил, адептүү, илим-билимдүү болушса, бул жарык дүйнөдөгү «кыйын» деген элдерден ашсак ашып, арты кем калбасак экен деген тилек менен келаткан адабиятчы адистердин жана аялзатынын мыктыларынын бири, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын чыгармачылык бейнеси кыскача айта келгенде мына ушундай. Жыйынтыгында, кыргыз филологиясында аялзатынан чыккан залкар окумуштуулар Б.Керимжанова менен Б.Орузбаеванын, Ч.Жолдошева менен Р.Кыдырбаеванын катарында Л.Үкүбаеванын да жылдызы жанып турат десем болот.
Postscriptum: Булар менин өздүк баа-ченемим жана мен аны эч кимге таңуулабай турганым түшүнүктүү болуш керек. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КРдин Улуттук Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү, бир катар Ата Мекендик жана чет өлкөлүк басылмалардын редколлегия мүчөсү, КР ЖАКтын эксперти, кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген Кеңештин мүчөсү, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги Лайли Үкүбаеванын көптөгөн сыйлыктарын тизмелегеним жок. Анын административдик-жетекчилик иштерине да токтолгон жокмун. Мунумду окурман туура түшүнөт деген ойдомун.