ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНУН ЖАРАЛЫШЫ
Тарых таржымалы ажырыктын тамырындай кыйма-чийме жана жоо тийгендей кыйчалыш кыйын кезеңде кум үстүндө төрөлүп, таш боорунан бүчүр алып бүрдөгөн улуттук жазма адабиятыбыздын жаралышын, анын кынсыз кылыч мизинде калыптанышын изилдеген илимпоздор оң жакка барсаң башың алынат, сол тарапка бурулсаң өлүм күтөт, түптүз кетсең ажалыңдын жеткени дегендей жандырмагы жанкесел кылма, айтылганы баш тегеретме табышмакка кептелери айкын иш. Ал анткени жаңы жазма адабиятыбыз түгүл алфавитибиз жок кезде, кыргыз алиппебиз жазыла элек мезгилде, куду жомоктогу кут жетелеп келе калган кыдыр атадай жок жерден бар болуп, өзүнөн өзү жаралып жатпайбы. Түшүнгөн адамга, кубанчыңды куш канат кыла Кудай деген кишиге бул дагы бейиштен артык бакыт болчу. Чын-чынында кыргыз эли а кезде окуу-жазуу ишине, адабият дегенге, илим-билим сырына бир бутунан ажыраган карышкырдай ач эле. Ырас, сабатсыздыкты жоюу, билим берүү, окутуу маселеси мамлекеттин эң маанилүү милдети катары каралып, бул боюнча бир катар чечимдер кабыл алынганы менен адабиятка өзүнчө өзгөчөлөнгөн иш-чаралар көрүлгөн эмес, агартуу тармагынын тондуу баласындай болуп туруп эле өз алдынча Москва, Ташкент ураанын айтып келген. Ушуга чындап тобо кылыш керек, чынында кыргыз адабиятынын жаралышындай тили чыга электе эле Токтогулдай ырдап жиберген, булбулдай тынбай сайраган, телинди болуп телчиксе да башкалар менен теңата туруп намыс талашкан, өрт ичинде төрөлүп, кызыл чок чайнап, жанталаша жалында өскөн көркөм сөз өнөрү баягыл совет өлкөсүнүн элдеринин биринде да, ал тургай еврейлерде да болбосо керек. Анткени улуттук жазма адабият кандай болушу керек, башка элдердин көркөм сөз өнөрүнүн кайсыл үлгүлөрүн алууга болот? Өзүбүздүн оозеки чыгармачылыгыбыздын кай жактарын жазма маданиятыбызга кыйыштырып алабыз да, анан аны кантип өркүндөтүп, башкалар суктана турган деңгээлге жеткирип жиберебиз деген кыямат-кыял мүнөзү бар маселелерге баш оорутпай туруп эле Лев Толстой болобуз деп эпостон эпопеяны көздөй калем ала чуркаган экенбиз да. Бул көрүнүш, болгондо да чыгармачылык тайманбастык улуттук адабиятыбыздын калыптануу мезгили катары каралып жүргөн совет доорунун 20-жылдарына туура келет.
Ошо өткөн кылымдын 20-жылдарында жазма маданияттын жаңы доору – совет адабиятынын жаралыш жана калыптаныш тарыхы башталган эле. Мунун өзү социализмдин идеологиясын элге жеткирүүчү Пролеткульт деген уюмдун (Пролетардык маданий-агартуу уюму) ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланышта жүргүзүлгөн. Ошо Пролеткульттун иш-аракети 1918-жылдын сентябрь айындагы өткөн алгачкы конференциясында ырасмий түрдө белгиленет да, анын милдет-максатын, талабы менен жоопкерчилигин атайын съездде кароо маселеси коюлат. Натыйжада, 1920-жылдын 3–12-октябрында Бүткүл Россия Пролеткультунун 1-съезди болот. Пролетардык адабият менен маданият кандай болушу керек, алардын максат-милдети, совет мамлекетинин алдындагы жоопкерчилиги, багыты, идеясы, таалим-тарбиялык мааниси эмнелерге негизделиши керек деген маселелер каралып, анан жаңы адабият менен маданиятты башкаруунун жол-жобосу аныкталат. Башкача айтканда, советтик адабият менен маданияттын жаңы көркөм системасы, аны менен ар дайым бир болчу боору бирге жүрөктөш совет идеологиясынын өзгөрбөс концепциясы иштелип чыгат. Пролеткульт пролетар адабияты менен искусствосун тездик менен өнүктүрүү үчүн бир гана пролетариат диктатурасынын идеологиясына киндиктеш идеядагы көркөм чыгармалардын жаралышы талант ээлеринин милдети экендигин негизги критерий катары көрсөтөт. Ушундан улам эски буржуазиялык падышалык маданиятты түп-тамырынан бери жок кылып, анын ордуна кыска мезгилдин ичинде пролетардык жаңы адабият менен маданиятты жаратуу зарыл деп табылган. Мындай талап толук өкүм сүргөн мезгилде гана пролетариаттын өзүнүн маданияты, өзүнүн адабияты, өзүнүн искусствосу жана өзүнүн башкаруу идеологиясы ишке ашары ишенимдүү айтылган.
А бирок совет бийлиги чыгармачылыктын бардык тармагын бир уюмга бириктиргени менен аларды өз билгениндей өкүмдүк менен башкаруу мүмкүн эместигин, таланттуулардын ар бири мыйзамы да, президенти да жок эркин мамлекет экенин түшүнгөн соң, акыры бир күн бул уюм жалын чача өрт болуп, жанар тоо сымал жарыларын билип, буларды тармак-тармагы боюнча бириндетип, нокто салып жетелеп алма уюм кылуу зарыл деген чечимге келет. Анын үстүнө жанагыл жебирейил жалаңкычтай болгон Пролеткульт деген балакет өзүнүн 1-съездинен кийин эле эски тондун тигишиндей ыдырай баштайт. Алаканында турган айла-амалын табалбай калган бийлик башы чыгармачыл адамдарды бир короого киргизип алып башкарууга мүмкүн эмес экенине көзү жетип, адабий агымдардын ортосундагы өчөгүшкөн кармаштардын канжар мизин кармаган кан төгүлөр абалга жеткенинен улам уйку көрбөй, жүрөгү түшүп бүткөн соң, 1925-жылдын январь айында советтик акын-жазуучулардын өзүнчө бирикмесин түзөт. Алардын негизги уюткусу катары Россия пролетар жазуучуларынын ассоциациясын (РАПП) уюштурат. А бирок ар кандай адабий агымдардын карама-каршы, элдешер болсо эр атынан ажырар көз караштардын айынан, ошондой эле «биздин жазуучу» жана «биздин жазуучу эмес», «душман» жана «душман эмес» деген ачыктан-ачык бөлүнүп-жарылуучулуктан улам бийлик бул багытта дагы бир кадам жасоого барат.
1925-жылдын жазында, РКП(б) Борбордук Комитетинин өзүндө, адабий иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал чыгармачыл интеллигенциянын арасындагы өчөгүшкөн кырдаалды жоюунун жолдорун иштеп чыгат. Ушундан соң РКП(б) Борбордук Комитети 1925-жылдын 18-июнунда «Көркөм адабият боюнча партиянын саясаты» аталыштагы резолюцияны кабыл алат. Бул резолюция РАППтын тарыхый-саясый жана адабий программасы, азыркыча айтканда, уставы менен закону болуп калат. Андагы «Таптык коомдо бейтарап искусство жок жана анын болушу да мүмкүн эмес» деген аныктама-түшүнүк алардын жападан жалгыз урааны, жашоосу менен тагдыры катары кабыл алынат. Ушундай иш-аракеттердин акыры ВКП(б) БКнын 1932-жылдын 23-апрелиндеги «Көркөм адабий уюмдарды кайра куруу жөнүндө» деген кадимки тарыхый токтомунун чыгышына алып келет. Дал ушул токтомдун негизинде РАПП да, ВОАПП да жана башка адабий уюмдар, бирикмелер жоголуп, советтик жазуучулардын уюмун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
… Ооба, биздин КырАППтын (Кыргыз пролетар жазуучулар ассоциациясы) тагдыры деле ушундай болгон. Ич ара бөлүнүп-жарылуу, ич ара эреже-закон чыгаруу менен гана чектелген. Анткени ал ошо РАПП, ВОАПП дегендердин жолун жолдоо менен жазуучулар уюму кандай болушу керектиги түшүнүп-түшүнүлбөй түзүлгөн уюм болгон. Ошондуктан ушул жерде эки маалымат-фактыга сөз жок токтолуу зарылдыгы бар. Эскерме маалыматтарда, ырасмий булактарда Кыргызстан Жазуучулар союзунун уюшулушуна «Кызыл учкун» адабий ийрими менен КырАПП негиз болгон, «Кызыл учкун» кружок катары иштеген, ал андай милдетти аткара алмак эмес, а КырАПП өкмөт тарабынан уюштурулган, атайын чечим чыккан, ошондуктан ал Жазуучулар союзуна айландырылган деген пикирлер айтылат. Ушул маалыматтардан улам канжар мизиндей бир суроо туулат. Россиядагы, башка союздук республикалардагы, Орто Азиядагы САПП өңдөнгөн, анын составына түздөн-түз кирген пролетар жазуучуларынын уюмдары, бирикмелер ВКП(б) Борбордук Комитетинин атайын токтому менен (1932, 23.04) биротоло жоюлуп жатса, анын ордуна жазуучулардын жаңы союзун түзүү зарылдыгы белгиленип турса, анан Кыргызстандын КырАППы кайдан жүрүп ВКП(б) Борбордук Комитетине, анын токтомуна, андагы атайын өзүнчө пункт менен «жоюлсун» деп турган чечимге баш ийбей, кежирлене тескери басып, кайсыл Кыргызстан Жазуучулар союзун уюштуруп жатат? ВКП(б) БКнын токтомунун аталышынын өзү эле «Көркөм адабий уюмдарды кайра куруу жөнүндө» деп турбайбы! Эгер ушул маалымат тарыхый чындык болсо анда качан, кантип жүзөгө ашырылган?
Ырас, жогорудагы фактыларга, анан ошолордун негизинде айтылган ойлорго чеке түйүп, тил кайрып, каш түшүрө каяша кылбаса деле болот. Чынында алар маалыматтык гана мааниге ээ, а бирок ар кандай изилдөө ишине тарых чындыгын айтып берүүгө өбөлгө болот.
Кыргызстан Жазуучулар союзунун уюшулушу жөнүндө сөз болгондо чын эле «Кызыл учкун» жөнүндө кеп кылуу сөзсүз зарыл. «Кызыл учкундун» жаралышы туурасында негизинен эки маалымат айтылып, жазылып жүрөт. «Кызыл учкун» Кыргыз педагогикалык техникумунда уюштурулган деген бир маалымат бар. Экинчиси, «Кызыл учкун» «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында негизделген деп айтылып, жазылып жүргөндүгү. Чын-чынында, бул маалыматтар адабиятыбыз менен маданиятыбыздын тарыхы үчүн учуктун дарысындай табылгыс маанилүү болсо да, ошол күндөн ушул күнгө чейин эмнегедир такталбай, кайсынысы кайсыл «Кызыл учкун» экени аныкталбай келет.
Эскерме жана жазма маалыматтарга караганда «Кызыл учкун» кружок деген аныктама менен Кыргыз педтехникумунун окутуучулары жана окуучуларынын өз алдынча демилгелери боюнча 1927-жылы уюштурулган. Биз дагы дал ушул маалыматты ушинтип жазып жүрөбүз. А чынында а кезде, 1927-жылы, Кыргыз педтехникуму, ошол кездеги аталышы менен айтканда, Кыргыз борбордук педагогиялык техникуму жок болчу. Бул окуу жайы 1928-жылы түзүлгөн. Түзүлгөн дегенибиздин жөнү бар, анткени 1925-жылы, октябрь айынын 25инде, Пишпекте азыркы Эркиндик бульвары менен андагы Демьян Бедный (бул көпчүлүк жанталаша жазып жүргөн айтылуу акын Демьян Бедный эмес, пиво жасаган адам, а кездеги кыргыздар аны пивочу Бедиш дешкен), кийинки Токтогул көчөсүнүн кесилишкен жеринде (Токтогул, 82-үй) Кыргыз агартуу институту ачылган. Бул окуу жайын кадимки Константин Кузьмич Юдахин деген кыргыздын бир тууган агасы Петр Кузьмич Юдахин Алма-Ата менен Ташкентте билим алып жатышкан кыргыз балдары окуудан чыгып каларда кыргыз өкмөтүнө кайра-кайра маселени кызыл чок кылып коюп жатып ачтырган. Кыргыз өкмөтү институтту ачуу жөнүндө 29-май күнү шашылыш чечим кабыл алган да, окуу иши 1-октябрдан кечиктирилбей жүргүзүлүшү белгиленген. Институттун имараты Чыр деген соодагер дунгандын жалпысынан сегиз бөлмөдөн турган, жалаң бышкан кыштан кыналган эки кабат үйү болгон. Ал институт 1928-жылы Кыргыз борбордук педтехникумга айландырылган. Ушундан улам «Кызыл учкунду» 1927-жылы Кыргыз педтехникумда уюшулган деп жүрөбүз. Ооба, бул өзү кыпкызыл тарыхый чындык. Ал эми «Кызыл учкун» «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында 1927-жылы уюшулган деген маалымат карандай калп, кимдир бирөөлөрдүн Кыргызстандагы Жазуучулар уюмунун негизин, андан улам өзүн мен уюштургам, мен жасагам деген башкаларды өзүнө баш ийдирип алууну, башкалардан өзүн жогору коюуну, өзүн өзү чыгармачыл уюмдун аталыгы катары көрсөтүүнү самагандык, анан ошону менен туура эмес болсо да тарыхта калуучулук, айтор, биринчи болуунун Кудай да айыктыра алгыс кыялкечтик оорусу. «Кызыл Кыргызстандагы» «Кызыл учкунду» тарыхтан издеп көрөлү.
Мындай учурда оозеки маалыматтарды эске алуу менен жаза басып жагалданып отурбай түз эле жазма булактарга кайрылганыбыз оң, анткендиги оозуна калмак жоолук тыгылган чындыктын, болгондо да карегинен от күйүп, көздөрүнөн муң агып жалдырап турган тарыхый чындыктын тагдырын сактап кала алабыз. А. Токомбаев, М. Токобаев, К. Жантөшев, М. Абдукаримов, К. Маликов, С. Сасыкбаев, З. Бектенов, М. Дөгдүров ж.б. ал мезгилге кайрылган, педтехникумда окуган замандаштарын эскерген жана түздөн-түз «Кызыл учкун» жөнүндө жазган макалаларында бул туурасында негизинен бир гана чындык айтылат. «Кызыл учкун» Кыргыз педтехникумунда уюшулгандыгын, өздөрү ага мүчө болуп жүрүшкөндүгүн, кандай иштерди аткарышкандыгын жазышкан. А бирок «Кызыл учкун» «Кызыл Кыргызстандын» редакциясында уюшулган деген маалымат далдалынан айрылып, эски бөздөй жыртылып бүтсө да ырасмий, илимий, ал тургай энциклопедияларга чейин Шаршендин ырындай кайра-кайра жазылып келет. Адегенде «Кызыл Кыргызстанды» тактап алалы.
«Кызыл Кыргызстан» кадимки «Эркин Тоонун» кийинки аталышы. Ал качан минтип аталды эле? Эгер «Эркин Тоо» менен «Кызыл Кыргызстан» гезитинин паспортунун жанында турган, кара тамгалар менен бадырайта жазылган жазуулар чын болсо, анда «Эркин Тоо» «Кызыл Кыргызстан» деген аталыш менен, ооба, 1927-жылдын 16-ноябрынан баштап чыга баштаган да, 1956-жылдын 2-февралындагы саны «Советтик Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. Калганы түшүнүктүү. Бул жагы айкын болгону менен тигил «Кызыл учкун» тарапта кызыл чеке талаш бар. Ал талаш азыр эле биз келтирген маалыматтардан улам такталат. Ал анткени а кездеги жазындагы жаш камыштай бой тарта баштаган жазма адабиятыбыздын, ошол көркөм сөз өнөрүнөн жаралчу адабият дегендин азабын тагдыр кылам дегендердин башын бириктирген уюм-бирикме, ийрим-кружок таржымалын улуттук маданиятыбыздын ыйык тарыхы экендигине, андай билинбеген, капысынан жарадар болгон жолборстой жанын тиштеген маалыматтар кыргыз илиминин жылдызын жандырарына маани берилбей калган учурлар көп. Саргайган кагаздардагы маалымат-фактыларга эмес, эртеңки күнү туура эмес болуп калса эмне болот деп ойлонбогон, санаа чекпеген кадыр-барктуулардын айткан жазгандарына маани беребиз, тарыхыбыздын такалуу чындыгы катары кабыл алабыз. Бул биздин ыймандуулугубуз эмес, бул биздин адептүүлүгүбүз да эмес, бул биздин көз карамалыгыбыз, бул биздин кечирип коюңуздар, кулчулук аң-сезимибиз. Башкача айта албайт экенбиз, башкача айтууга тил барганы менен кыргыз намысы жол бербейт экен. Анткени асманы бир болсо да, жери да жалгыз турса да эки башка асман алдында, эки бөлөк жер үстүндө жашаган «чындыктар» бар. Аны асманы да, жери да бир адамдар жасашат. А бирок алар да ар нерсеге өтө жөндөмдүү, керек болсо таланттуу да болушат. Эми биз дал ошондой лабиринтке, чын-жалганын Жараткан өзү биле албай калган ажырыктын тамырындай чаташкан маалыматтарга кааласак да, каалабасак да келдик окшойт. Жаңылсак ак чөп башта деп, тобокел кылып тарых чындыгын издеп көрөлү. Адегенде «Кыргыз совет энциклопедиясына» кайрылалы. Анткени бул эмгек такталган, салыштырыла аныкталган, адис окумуштуулардын талкуусунан өткөн эмгек эмеспи.
«КСЭнин» «Кызыл учкун» жөнүндөгү маалыматында (1978, 3-т., 547-б.) эч кандай талаш жок, 1927-жыл, педтехникум деп жазылып эле турат. Ал эми ушул эле энциклопедиянын 596-бетиндеги «Кыргызстан жазуучулар союзу» аталышындагы макалада: «1927-ж., «Кызыл Кыргызстан» (баса белгилеген – С.С.) газетасынын редакциясында кыргыз жазуучуларынын тунгуч адабий бирикмеси – «Кызыл учкун» түзүлгөн. Анын негизинде 1930-ж. Кырг-н пролетар жазуучуларынын ассоциациясы, 1934-ж. Кырг-н жазуучуларынын 1-съезди уюшулган» деген маалымат бар. Ал эми ушул «КСЭнин» Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети менен Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомунун негизинде басылган «Киргизская Советская Социалистическая Республика» (1982) аталыштагы энциклопедиялык бир томдугунда дагы бир асмандан түшкөн «чындык» бар. Дал ошол төрөлгөн күнү кум санатып көзүңдү тешме маалыматтын атайын орусчасын келтирели деп жатабыз. Анткени кыргыздар кыргызча айтылган сөзгө, кыргызча жазылган текстке көп ишене беришпейт, а орус тилинде айтылса, орус тилинде жазылган болсо, анда селт эте түшүшүп, кадимкидей маани берип ойлонушат. Адегенде ошол керектүү маалыматтар айтылган жерин толугу менен келтирели. «Большое значение для развития литературы имело постановление ЦК РКП(б) от 18 мая 1925 «О политике партии в области художественной литературы», где чётко определялось отношение к различным группам писателей и от партийно-советских органов требовалось «обратить усиленное внимание на развитие национальной литературы в многочисленных республиках и областях нашего Союза». На основании этого постановления Исполком Киргизской Автономной Республики принял в 1927 решение о создании Ассоциации пролетарских писателей (Кирг. АПП). При педагогич. техникуме во Фрунзе в 1927 по инициативе газеты «Кызыл Кыргызстан» был организован литературный кружок «Кызыл учкун» («Красная искра»), сыгравший положительную роль в борьбе против реакционных тенденций».
Көрүнүп тургандай, КырАППтын уюштурулганы, анын эмненин, кандай чечим-документтин негизинде, эмне үчүн түзүлгөнү ачык, даана жазылып жатат. 1927-жыл деген дата бизге тааныш, ага ыңгайы келгенде кайрылабыз, ал эми «Кызыл Кыргызстан» гезитинин демилгеси менен «Кызыл учкун» адабий кружогу Кыргыз педтехникумунда уюштурулган дегени жалпысынан чындыкка жакын. А бирок ушул чындыкка жакын маалыматты ар ким ар кандай жазып жүрөт. Буга айрым таасирдүү жана ал мезгилде атка минер болуп калган адамдарыбыздын жазгандары түздөн-түз себеп болгон да, башкалар тарабынан ал маалымат тарых чындыгы катары кайра-кайра белгилене берген. Ушундай кырдаалдан улам анын чын-жалганы ошол оюна келгендей ойноктогон мезгилден бери жана да кантип эле кадыр-барктуу адамдар калп айтсын деген ишенимдин айынан бир такталбай келет. Эгер андай болсо, келчү кезге келдик окшойт. Келген болсок анда Аалы Токомбаевден баштайлы.
А. Токомбаев бул маселеге атайын кайрылып, эки макала жазган. Алгачкысы «Кызыл учкундун» төрөлүшү» («Л.жаш», 1957, 17.10. «КМ», 1967, 22.09) аталган макала. Ошол макаладан окуйлу: «Улуу Лениндин дүйнөдөн кайтканына үч жыл толгонуна байланыштуу Кыргыз педагогикалык техникумунун алдына жаңыдан уюштурулган биринчи адабий ийримибизди «Кызыл учкун» атадык. Бул кружокко лениндик «Учкун» газетасынын атын коюуда чоң идея, чоң саясий маани бар экендигин айтпасак да белгилүү. «Кызыл учкун» адегенде эле кружок эмес, адабий уюм укугунда жашады.
«Кызыл учкундун» негизги күчтөрү (Молдогазы, Мукамбет, Айткулу төртөөбүздөн башкалары) окуучулар эле.
«Кызыл учкун» уюму 1927-жылы ноябрь айында, Кыргыз педтехникумунун имаратында, адабият менен искусствого шыктуу бардык окуучулардын катышуучулары менен уюшулду. Алардын бардыгы комсомол менен пионер жашындагы окуучулар жана жаш кызматчылар боло турган. Бул жыйналышта «Кызыл учкундун» жетекчилиги менин үлүшүмө тийди», – деп өзүнүн жетекчи болушунун себебин түшүндүрөт да: «…Кыргызстанда тарыхый биринчи адабий ийрим «Кызыл учкун» так ушул үйдө (Педтехникумдун имаратын айтып жатат – С.С.) 1927-жылы 5-ноябрда уюштурулган», – деп анын жылын да, айын да так көрсөтүп жазат.
Ушул макалада эске ала турган дагы бир жагдай бар. Кадимки Мукай Элебаев да убагында «Кызыл учкундун» мүчөсү болгондугу, «советтик кыргыз адабиятынын тунгуч ветерандарынан» экендиги бир топ акын-жазуучулардын тизмеси менен бирге айтылат. Ал эми ушул «кой санакта» Узакбай Абдукаимовдун аты аталбайт. Кыязы, ал кезекте У. Абдукаимов А. Токомбаев санап жаткан «комсомол, пионер жашындагы окуучулардын» катарына жете албай оюнкараак октябряттардын арасында болсо керек. Биз бул эки калемгерге атайын токтолуп жатабыз, анткени алардын «Кызыл учкундун» уюшулушуна, алгачкы жыйналышта эле анын жетекчилиги А. Токомбаевдин үлүшүнө тийишине түздөн-түз карама-каршы тиешеси бар башка да маалымат бар экендигинен, ага учуру келип, көз жайнаган кезде кайрылалы деп турабыз.
А. Токомбаевдин бул маселеге тикеден-тике тиешеси бар экинчи макаласы «Революциядан төрөлгөн адабият» («Ала-Тоо», 1967, № 11) деп аталат. Маалымат-фактылык жактан алганда негизинен биринчи макаладагы чындыктар сакталып, зарылдыгына жараша толукталып, жаңыланып, такталып, айтор, тарыхый баалуулугу артышы керек эле. Тилекке каршы, андай көрүнүштү, андай жаңыланууну көрө албайбыз. Тескерисинче, А. Токомбаев өзүнүн «Кызыл учкундун төрөлүшү» аталыштагы макаласындагы «5-ноябрда уюштурулган» деген маалымат-фактысын Тазбаймат болуп унутуп туруп, январь айында уюшулган деп жазат. А бирок автор өзүнүн ушул эки «чындыгына» тең акаарат айтсаң ажал алып кетчүдөй былкылдаткыс саясий негиз берет. Биринчиси – Октябрь революциясы, муну айтпаса да түшүнүп жатабыз, ал эми экинчисинин саясий негизин биринчи макаласында эле: «Улуу Лениндин дүйнөдөн кайтканына үч жыл толушуна байланыштуу», – деп бекемдеп койгон. Мунун өзү тарыхый стратегия, ар кимдин акыл-эсинен жарала бербеген тарыхый табышмак. Ал эми фактылардын өзгөртүлүп, мурда башка күндүн, айдын берилиши, кийин дагы башкача болуп кубулуп кетиши дал ошол тарыхый стратегия менен, дал ошол тарыхый табышмак менен түздөн-түз байланышта. Мунун бурулуш-буруусуз байланышта экендиги жогоруда айтылгандай адат азгырындай болгон саясий буктурмаларга байланыштуу. Дал ушундай ала салма азыткы ойлордун айынан жасалма тарых жасалган, ал жасалма маалымат колго түшкөн албарстыдай жалынсаң да түбөлүк чындык болуп, түбөлүк чындыктын тарыхы болуп бере албайт. Тарых тарыхты, чындык чындыкты табат. Ошол жасалма тарыхтын айрым маалыматтарына кайрылып көрөлү.
А. Токомбаев «Революциядан төрөлгөн адабият» аталыштагы макаласында «Кызыл учкундун» кандайча уюшулганын мындайча жазат: «1927-жылдын январь айында (баса белгилеген – С.С.) уюштуруу жыйналышы болуп (педтехникумдун имаратында), биринчи адабий бирикме уюшулду.
…Бирикмебизге наам берүү маселеси биринчи эле уюштуруу жыйналышында коюлду. Буга чейин ырлары жарыялангандардын саны үчөө-төртөө боло турган, бирок келечектүү күчтөрдүн аз эместигин кереге газетага чыккан, үлбүрөгөн жаш балыр чыгармалар айкындап турар эле. Тактап айтканда, ырлары чыккан М. Элебаев, Ж. Жамгырчиев, М. Токобаев жана башкалар өзүбүздү профессионал акын деп эсептөөчү эмеспиз.
…Бул аталган курдаштардын ичинен тажрыйбалуу сыяктанганы мен болуум керек, анткени «Ленин тууралуу» деген китепченин автору болуп калгам, аздыр-көптүр уюштуруу ийкем менен бирге кызматымдын өзү эле жоопкерчиликке түртүүгө тийиш эле, («Эркин Тоого») редактор элем, ошондон улам ийримдин жетекчилиги менин үлүшүмө тийди». Бизге зарыл маалыматтар ушулар.
Алдын-ала А. Токомбаевди мүмкүн болушунча жакшы билген адамдардын жана залкар калемгерлерди урматтаган окурмандардын бири катары улуулуктун татаал жолунда ошол татаалдыкты ого бетер татаалданткан, миң түйүндүү кубулуштар болорун, анан ошол акыл-эсти азезилдей азгырган кубулмалар анда да болгонун, а балким, анын жаңылыштыгыдыр, бийлик, саясат, а мүмкүн, өз тагдырындай көргөн идеология кийлигишкендир, айтор, ал кишиде жаздым кетүүлөр болуп келгенин биз дагы моюндай туралы. Ошону менен бирге анын адамдык тагдыр-турмушу менен чыгармачылык талантына таандык ажыратууга мүмкүн болбогон, эне-баладай кыямат-кайымда да кыйышпас бир касиетине баш ийе таазим кылууга милдеттүүбүз. Ал документтик жана тарыхый маалыматтарга өзгөчө маани бере билүүчү тактыгы жана оозеки айтылгандарга караганда жазма булактарга басым койгондугу менен тең курбу калемдештеринен айырмаланып турчу. Ооба, Жараткан да жаңылат экен дегендей А. Токомбаевде да жана бизде да ката кетүүлөр бар. Анын макалаларында сокур түндү тиктеген терезеде күйгөн шамдай балбылдаган эки факты айтылып жатат. Дагы бир жолу тактап коёлу, биринчи макалада «Кызыл учкунду» 1927-жылдын 5-ноябрында уюштурулгандыгын жазат. Бул макала 1957-жылы сентябрь айында жарык көргөн. Арадан тупатуура санагандай он жыл өткөн соң, 1967-жылы кайрадан ушул маселеге кайрылып, экинчи макаласын жазып жатат. Анда эмнегедир «Кызыл учкун» 1927-жылдын 5-ноябрында эмес, январь айында уюшулганын саясий негиз менен бекемдеп берет. Эгерде автордун пейили 5-ноябрга бурула турган болсо анда да көк болоттой саясий идеологиялык негиз турат. Эч нерсе кыла албайсың, мунусу да туура, анысы да туура, куду Мамайдын көрүндөй. А бирок «Кыргыз совет энциклопедиясындагыдай» «Ормон опуза» маалымат эмес. Анткен менен бул макалада А. Токомбаев кыргыз жазма адабиятын негиздөөгө тикесинен тик туруп кызмат кылган жазуучуларыбызга кандайдыр бир деңгээлде тенденциялуу мамиле кылгандыгы, айрымдарына кеч күздүн кечки желиндей сыдырым көз карашын жасагандыгы тарыхтын кара тагындай эле билинип турат. Бул – бир. Экинчиден, алар саясий репрессиянын курмандыгы болгондор эле. Ал мезгилге, ал тарыхка эч нерсе дей албайбыз, өрт өчкөн менен токой жок, бар болгон күнү келсе да ал токойдон булбул куш такыр сайрабайт. Бир мезгилде «Кызыл учкундан» учуп чыккан акын-жазуучулар кийин жазма адабиятыбызды негиздегендер болушканын, ветерандар экендигин айтып келип, алардын тизмесин кең пейилдик менен келтирет да, анан: «…А мугалим жана маданий кызматкерлерден Карачев Сыдык, Тыныстанов Касым, Тойчинов Ыбрай, Кененсарин Бөрүбай, Курманов Султан, Шабданов Абаскан жана башкалар өздөрүн бирикменин кыйыр мүчөлөрү эсептешчү», – деп коёт. Мунун түпкү маанисин түшүнүп эле турабыз, а бирок кыл жылдыргыс фактыны айтып коёлу. Сыдык Карачев кыргыз элинин биринчи профессионал журналисти, «Эркин Тоону» ушул киши чыгарып, ушул киши «Эркин Тоо» кылган. А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» деген белгилүү ырын ушул С. Карачев казактардын «Ак жол» гезитинин редакциясынан алып келип, «Эркин Тоонун» биринчи санына чыгарган. Касым Тыныстанов ал убакта Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссары, кийин кыргыздын биринчи профессору болгон. Ы. Тойчинов Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун төрагасынын орун басары кызматын аткарган. Эмне дейли, бул адамдар Аалыкеме мугалим, маданий кызматкер, өздөрүн «Кызыл учкундун» «кыйыр мүчөлөрү» санагандар болуп жатпайбы. Дагы бир фактыны эске алалы, А. Токомбаевдин өмүр баяндарында анын САКУну 1927-жылы аяктаганы жазылып жүрөт. А «Кызыл учкунду» январь айында жетектеп жатат. Бул – бир, экинчи маалыматка токтололу. Ал эми акын өзүнүн «Ленин тууралуу» аталган жыйнагы качан жарык көргөнү жөнүндө 1937-жылдын 2-февралында ВКП(б) Кыргыз обкомунун бюросуна жазган каты бар. Анда: «Сборник этот был издан Истпартом Средазбюро ЦК ВКП(б) в начале 1927 года», – деп көрсөтөт. Жылдын башында болсо январда жарык көрүп калганбы деген бир ишендирип, бир ишендирбес ой келе калат. Мейли, эми бардыгына көз жумалы да, «аздыр-көптүр уюштуруу ийкем менен бирге кызматымдын өзү эле жоопкерчиликке түртүүгө тийиш эле, («Эркин Тоого») редактор элем» дегенине келели, январь айын унутпайлы. САКУну аяктагандан кийин Чүй кантондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп эки-үч күн эле иштеген болуп калабы? Айтор, бул баш катырманын так жообун табыш үчүн бир баштын күчү жете албайт.
Кызыгы кыздай азгырган «Кызыл учкундун» тарыхы боюнча Мукамбет Дөгдүров дал ошол 1927-жылы А. Токомбаев менен канжыгага баш байлап, эрөөлгө десе кыл чайнап жол талашып турган а кездеги сынчы, башка маалыматты айтат. Ал 1928-жылдын 19-июлундагы «Кызыл Кыргызстанга» жарыяланган «Жазуучуларыбыз тууралуу» макаласында «биздин жаш жазуучуларыбыздын үлгү ала турган орус адабияты (орус адабиятынын ичинде пролетариат адабияты)», – деп келип, биздеги бай-манап адабиятынын өкүлдөрүнө ыкыс көрсөтөт (С. Карачевге), батрак-дыйкандардын пролетар жазуучуларына жүз үйрүү менен жылуу мамиле кылат. Көрүнүп тургандай бай-манап адабияты деген балакет жана батрак-дыйкандардын пролетар жазуучулары аталган эки дене, бир жүрөк жакындар чыкты. Сабыр кыла туралы, дагы бир жыландын башы көрүндү. Арадан жыл өткөн соң М. Дөгдүров кайрадан дал ушул маселеге «Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабиятыбыз тууралуу» («КК», 1929, 13-ноябрь) аталыштагы макаласы менен кайрылат да, анда түз эле «Кыргызстандын батрак-дыйкандарынын өзгөрүшчүл кызыл жазуучулары уюмун уюштуруу зарыл» экендигин эки-үч мертебе кайталап баса белгилейт. Ал биринчи макаласында да жазуучулардын башын кошкон уюмду уюштуруу керектиги жөнүндө сөз болгону, бул ишти аткаруу үчүн жазуучулардын бюросу шайлангандыгына токтолот да, анан анын ошол бойдон иш-аракетинен дайын жок жер жуткандай ың-жыңсыз жоголуп кеткенине кадимкидей тынчсызданат. Жаш жазуучулардын «башын кошуп уюштуруп, алардын ортосунда тарбиялуу иштер жүргүзүү керек эле.
Бул туурасында 1927-жылы жазга жуук, жазуучуларыбыздын 1-(биринчи) уюштуруу жыйналышы болуп, бюро шайлап, убакты менен баш кошуп, чогулуп турмак болуп тараган элек. Бирок 28-жылдын жазына дейре ошондо шайланган бюролордун эмне кылып жүргөнү, кайда экени билинбей, эч байланыш чыкпай келди.
Быйыл, 28-жыл жазга маал, «Кызыл Кыргызстан» башкармасынын алдында кайтадан акын-жазуучулардын башын кошууга жыйналыш чакырылып, бюро шайланып, кружок уюштуруп, 3–4 жолу жыйналыш болуп, адабият агымдары, адабият түрлөрү тууралуу докладдар жасалып, жаш жазуучулар арасында бир топ пикир алышуулар болду.
… Жаз чыккандан кийин баягы кружоктун дагы дайны жоголду».
Көрүнүп тургандай жазуучулар уюмун түзүү жөнүндө кандай аракеттер болгону айтылып жатат. Бизге андагы эки маалымат керек. Биринчиси, 1927-жылдын жазга жуук маалы, экинчиси, 1928-жылдын дагы жазга маал убагы. Жазга жуук дегени менен ал кайсыл кружок да, кайсыл бюро? Жанагыл «Кыргыз совет энциклопедиясындагы» «Кызыл Кыргызстандын» редакциясында уюшулган «Кызыл учкунбу» же КырАППпы? А балким, А. Токомбаев жазып жаткан «Кызыл учкундур?» Болушу мүмкүн, бул мезгилде Аалыкебиз өзү жазып жаткандай редактор болуп калган. Айтор, так маалымат архив деген жерде Алмамбеттин арманындай түнөрө түнөп жатса керек.
Бул маселеге башка акын-жазуучулар да кайрылышкан, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышкан, кыргыз жазуучулары өзүнчө чыгармачыл уюм боло алабы деген проблеманын тегерегинде кадимкидей талкуу мүнөздөгү бир канча макалалар жарык көргөн. Аларда жазуучулардын уюму жөнүндө сөз болгону менен биз карайлап, чак түштө чырак кармап издеп жаткан «Кызыл учкун» анан кырдан чыга калып мейкин талаа меники дегендей болгон КырАППтын дайын-дарегинен да аздыр-көптүр кабар алса болот. Биз ошол үмүт менен кумурсканын изиндей кеп табылып калабы деп 30-жылдардын аркы-берки жагындагы айрым макалаларга кайрылып жатабыз. Ошондой макалалардын негизгилеринин бири – Молдогазы Токобаевдин «Кыргыз акын-жазуучулары өзүнчө уюм боло алабы?» деген макаласы. Макала «Кызыл Кыргызстан» гезитинин 1930-жылдын 30-июлдагы санына «Кеңешүү иретинде» деген эскертме менен жарыяланган. Азыркыча айтканда, андагы көтөрүлгөн маселе талкуу иретинде коюлган. Анткени 1927-жылдан бери «Кызыл учкун», андан соң КырАПП негизделгенден баштап эле азыркы адабият кандай болушу керек, бай-манап жана пролетар адабияты, чыгармачыл уюм, жазуучу маселеси талкууланып келе жаткан. М. Токобаевдин аталган макаласынын айрым жерлерин окуп көрөлү: «Кызыл учкун» уюму тамырын анык бекитип, канатын кыргыз өлкөсү жөн-жайына жиберген закондуу уюм эмес. «Кызыл учкун» кыргыз партиясынын мамысы болгон кыргыз обкомунун жолбашчылыгы менен курулган жок. Аны жазуучулардын жалпы союздук бюросу да бекиткен жок. «Кызыл учкун» уюму Фрунзедеги жаш акын-жазуучулардын өз кызыгы менен уюшулган гана жазуучулардын убактылуу тобу».
Бир-эки ооз сөз, Фрунзедеги орус жазуучуларынын уюму жөнүндө. «Бул уюм кандай уюм, кокустан жанагы уютку ушул болуп жүрбөсүн? Жок, бул уюм кыргыз уюму жана уютку эмес. Бул уюмду Москва бекиткени менен кыргыз өкмөтү билген жок. Кыргыз партиясы орус жазуучуларына эрк берип, кыргыз жазуучуларына мүмкүндүк бербей калтырган жок. …Ошондуктан ал уюм туура уюшкан эмес. Ошондуктан сөздүн кыскасы, бул уюм өзүнчө (КырАПП) болуп турууга акысы жок. Кыргыз өлкөсүндө бир гана КырАПП болуу керек. Жана бул уюмду «озунган бөрк алат» кылыш үркөрдөй кылып уюштура койгон күлүк азаматтар менен партия алдында сүйлөшүү керек», – деп келип, адабият, жазуучулар уюму жана жазуучулардын өздөрү жөнүндө бир кыйла сунуш-пикирлерди жазат. Ошолордун ичинен өзгөчө көңүл бура турганы ошондо эле эмес, азыр да жол боюнда жетим кыздай саргая ыйлап, тамырларын күн жеген как жер жыландай соруп, уюл таштар тиш салып турган жалгыз талдай бир маселеси бар. Ал жазуучулар менен жазуучулар уюмун бюджетке киргизүү жагы жана бул боюнча Кыргыз өкмөтү тез арада чечим чыгарышын талап кылуу. Дагы бир көңүл бурчу маселе КырАППты жоюп, анын убагында туура эмес уюшулганын Москвага билдирүү жана орус, кыргыз жазуучуларынын өзүнчө альманахын чыгарып туруу сунушун учурдагы зарыл иш катары коёт.
Бул М. Токобаевдин кыргыз адабияты, акын-жазуучулардын иши жөнүндөгү алгачкы макаласы. А бирок маселенин коюлушу, аны кантип чечүүнүн жолу бир кыйла профессионалдык деңгээлде чечмеленген. Мунун негизи катары М. Токобаевдин буга чейин комсомолдук, партиялык-советтик кызматтарда иштегени, экинчиден, анын ошол мезгилде (1929–1931) Москвадагы Коммунисттик университеттен билим алып жатканы, үчүнчүдөн, орус жазуучуларынын ал кездеги абалын, бөлүнүп-жарылуучулуктун өчпөс өрт болуп турушун, аларды ар кандай агымдарга, топторго, ал тургай РАППка чыгармачыл адамдар тарабынан, бийликтин өзүнөн кандай мамиле болуп жатканын, жаңы союзду уюштуруу идеяларын Москва тараптан жакшы эле билип калгандыгы, ошондуктан маселени туура коюп, анын оң чечилиши үчүн эмнелерди эске алуу зарыл экендиги жөнүндөгү сунуштарды айтууга негиз болгон.
М. Токобаев аталган макаласында көңүлгө ала турган эки маселеге атайын басым жасап жатат. «Кызыл учкунду» Фрунзедеги жаш акын-жазуучулардын өз алдынча, өздөрүнүн кызыкчылыгы менен гана уюштурулган уюму, ал закондуу эмес деп айтылып-жазылып жүргөндөй анын Кыргыз педтехникумунун окуучуларынын өз демилгелери менен негизделип, белгилүү чөйрөдө гана иштеп жаткандыгына атайын токтолуп отурат. Ошол эле учурда анын кыргыз обкомунун жетекчилиги менен мамлекеттик уюм катарында түзүлбөгөндүгүн ачык көрсөтүүдө. Экинчиден, КырАПП орус жазуучуларынын уюму, кыргыз уюму эмес, аны Москва бекиткени менен кыргыз өкмөтү тааныган жок деп так кесе айтууда. Ушундан улам анын Кыргызстандын КырАППы болуп турууга акысы жок экендигине, Кыргыз өлкөсүндө бир гана КырАПП болушу зарылдыгына атайын басым коюп, өз билгенин жасаган шылуундар менен партия алдында сүйлөшүү керектигине тынчсыздана токтолуп жатат. Эми Кыргыл чалдай КырАППтын кыяматы башталды.
Жогорудагы кыйма-чийме маалыматтардан улам эки «Кызыл учкун» болгонбу деген окурманга ой салып койгон эле. Педтехникумда бирөө, экинчиси «Кызыл Кыргызстанда». Эми окурманды отко кактап ойноткон КырАПП да экөө болуп кетти. Ушундай башаламан маалыматтардан улам ар кандай аныктамалар айтылып, ар кандай фактылар тарыхый чындык катары жазылып жүрөт. Жазылганда да илимий эмгектерден энциклопедиябызга чейин ырасмий документ менен ырасталган маалымат болуп кайра-кайра кайталанууда. Кайрадан «Кыргыз совет энциклопедиясынын» «Киргизская Советская Социалистическая Республика» аталыштагы энциклопедиялык бир томдукка кайрылалы. Анда биз жогоруда келтирген 1927-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитети КырАППты уюштуруу боюнча чечим чыгарган, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин демилгеси менен редакцияда «Кызыл учкун» кружогу түзүлгөн деген маалыматтан кийин дагы бир жолдошу жомок «жаңылык» айтылат. «Организационно разобщённые кирг. литераторы (писатели киргизы) объединялись в кружке «Кызыл учкун», русские – в Ассоциации пролетарских писателей Киргизии; существовали самостоятельные дунганская и узбекская секции», – деп жазылат. Молдогазы Токобаев дал ушул фактыдан, дал ушул турмушта болгон көрүнүштөн улам Кыргызстанга эки КырАППтын кереги жок деп жазып, ал КырАППты жоюп, Москвага билдирүү зарыл деген кынынан суурулган канжар мизиндей маселени коюп жатат. Ал мезгил 30-жыл болчу. Эгер ушул ырасмий саналган илимий эмгектердеги маалыматтарга таянсак, анда «Кызыл учкундан» КырАПП, КырАППтан Кыргызстан Жазуучулар союзу жаралган деген акыйкатка келебиз. Келебиз эле эмес, жогоруда шилтеме келтиргендей «КСЭнин» 3-томундагы «Кыргызстан жазуучулар союзу» аталган макала-маалыматта (596-б.) ошентип эле кашкайта жазылып турат. Ошондуктан бул жолу документи бар чындыктан документи жок эскерме макалаларга көбүрөөк ишенүүгө туура келет. Мамасалы Абдукаримов да ошол тарыхтын күбөсү болгон, ал жөнүндө макалалар, эскерүүлөр жазган жазуучуларыбыздын бири эле. Ал өзүнүн «Октябрь таңы» аттуу документалдуу повестинде минтип жазат: «…Өзүбүзгө абдан тааныш жана эң жакын кеңешчи болуп калган Сыдык Карачев инпроско келип, адабият уюму ачылды. Бул сунушту өтө кубанычтуулук менен кабыл алып, ошол эле күнү Мукай Элебаевдин башчылыгы астында биринчи адабий ийримди уюштурдук». Бул жерде А. Токомбаевдин аты аталбайт, А. Токомбаев мугалим жана маданий кызматкерлердин катарына кошуп, «өздөрүн бирикменин кыйыр мүчөлөрү эсептегендер» деп атаган С. Карачев «Кызыл Кыргызстандан атайы келип жатат. Аны М. Абдукаримов «абдан тааныш жана эң жакын кеңешчи» деп сыймык менен урматтап жазууда. Ал тургай бул ийрим ошол С. Карачевдин сунушу менен болгону, аны алар өтө кубануу менен кабыл алышканы, М. Элебаевди жетекчи кылышканы ачык эле айтылууда. Ооба, бул жөнүндө «Эркин Тоого» атайын кабар да жарыяланган, ийримдин максаты окурмандарга түшүндүрүлгөн.
Эми кандай кылабыз? «Кызыл учкун» жөнүндөгү кызыл-тазыл чындыктын кайсынысына ишенебиз? Бир ойго маани берсек болот. Ийримди уюштуруу ишине, анын жетекчилигине А. Токомбаевдин кандайдыр бир тиешеси болсо, анда М. Абдукаримов сөзсүз түрдө ага маани бермек, бермек түгүл ага сыймыктануу менен атайын токтолмок. Демек, А. Токомбаевдин макалаларындагы маалыматтарга кылыч кезебей кылдат мамиле кылуу керек, авторго туура түшүнүү зарыл.
1928-жылдын 26-мартындагы «Кызыл Кыргызстан» гезитине «Кызыл учкунга» байланыштуу жарыя жарыяланган. Анда 29-мартта, бейшемби күнү, саат беште, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин башкармасында кыргыз акын-жазуучуларынын ийриминин уюмдаштыруу жыйналышы болору айтылып, ага бир топ адамдардын сөзсүз катышуусу зарыл экендиги атайын уюштуруу комиссиясынын атынан эскертилген. Алар булар экен: Касым Тыныстан уулу, Баялы Исаке уулу, Калим Рахматуллин уулу, Токчоро Жолдош уулу, Ырыскул Бостек уулу, Урманбет Убутай уулу, Ажыйман Шабдан уулу, Базаркул Данияр уулу, Мураталы уулу, Жамгырчы уулу, Абдыкерим уулу, Малик уулу, Байсал уулу, Сасыкбай уулу, Байымбек уулу, Таана кызы Мискина, Түмөнбай кызы Айша, Боталы Тыныстан уулу, Ташым Байжы уулу, Танин Ахат, Курман кызы, Мурат уулу, Аалы уулу, Бейше уулу, Жакиш уулу, Жапар Жусуп уулу, Абайылда уулу, Зияш Бектен уулу, Медер уулу, Кененсары уулу, Кекен уулу, Ногойбай уулу, Бектурсун уулу.
Тарых чындыгынын көзү эми көрүндү окшойт. Мурдагы маалыматтарды, Лениндин дүйнөдөн өткөнүнө, Улуу Октябрга байланыштырыла айтылгандарды ошол мезгилдин саясатынын тарых чындыгына, тарых турмушуна болгон кийлигишүүсү катары гана карап койгон оң болор. Анын үстүнө ошол макалалардын жазылган жылдары (1957, 1967) эле кандайдыр бир өтүнүчтүн, Октябрга байланыштуу кеп-сөздүн болгонун айтып турбайбы. Ошентсе да бул тарыхый маалыматтардын жазылып калышына, жазма адабиятыбыздын, Жазуучулар союзунун жаралышына Октябрь революциясынын жеңишинин, совет бийлигинин түздөн-түз тиешеси бар. Экинчиден, ошол совет бийлигинин камкордугу менен кайра төрөлүп, совет бийлигинин тагдыр-турмушу, өмүр күнү катары кабыл алган акын-жазуучуларыбыздын алгачкы муунуна, кыргыз жазма адабиятын жараткандарга туура түшүнүп, алардын көз караштарын ошол мезгилдин саясаты менен байланыштыра караганыбыз туура болот го. Ал мезгил канчалык татаал болгону менен алардын адамдык да, чыгармачылык да бактысы экенин унутпашыбыз керек. Ошол бактысын, ошол тагдырын алып кетишти, а эгер алар бул заманды көргөндө чыдай алышмак эмес. Ооба, алар Жараткандын өз убагында жаратып, өз мезгилинде алып кеткени үчүн да аябагандай бактылуу.
20-жылдардын экинчи жарымынан кийин, айрыкча 30-жылдардын башында, жалпы совет адабиятында кырдаал оор болгон. Ар кандай топтордун, ар кандай көз караштардагы адабий агымдардын ортосундагы келишпестик, совет адабияты кандай болушу керек деген кун кууганга тете элдешкис талаш акыры бийликтин чечкиндүү кийлигишүүсүнө алып келет. Натыйжада, ВКП(б) Борбордук Комитети 1932-жылдын 23-апрелинде «Көркөм адабий уюмдарын кайра куруу жөнүндө» деген тарыхый токтомун кабыл алган. Ушундан улам бардык союздук республикаларда жазуучулар ассоциацияларынын ишин кайрадан учур талабына ылайык партиянын саясатына шайкеш уюштуруп, жаңы негизде түзүп чыгуу зарылдыгы жаралат. Дал ушул зарылдыктан улам совет адабиятындагы, идеология фронтундагы өрт чыкчудай болгон абал кан менен гана өччү кызыл жалынга айланган. А бизде болсо ошол 1932-жылдын 4-мартында ВКП(б) Кыргыз областтык комитети «Кыргыз адабияты жөнүндө» деген токтомду кабыл алат. Анда кыргыз совет адабиятына жат, улутчул, буржуазиялык идеяга берилген ар кандай адабий топтордун, айрыкча эски заманды жетпей калган махабатындай көксөгөн бай-манап адабиятынын өкүлдөрүнүн тымызын жүргүзгөн иш-аракеттерине токтоосуз жана аёосуз бөгөт жасап, ачык чабуул жасоо керектиги зарыл экендиги кызыл кан ичер маселе иретинде коюлган.
Ошол кыяматтын жолундай болгон «Кыргыз адабияты жөнүндөгү» токтомдун резолюциясында койнуна канжар каткан, жыландын ичинде да жылан болорун көргөзгөн, чакканы кайтпас чаяндай бир жагдай бар эле. Аталган резолюцияга Сталиндин «Пролетарская правда» журналынын редакциясына атайын жазган катынын кара курттун уусу кошулган саясий концепциясы киргизилген болчу. Дал ушул концепцияны – пролетар адабиятынын социалисттик идеологиясы, партиялык эреже-закону болушу керек, ал тап душманы менен, эң биринчи кезекте адабияттын ичиндеги жат идеялар менен күрөшүшү керек деген башкы саясий идеологияны партиянын көркөм сөз өнөрү жаатына болгон жетекчилигинин жаңы милдети жана советтик жазуучулар менен адабияттын алдындагы жоопкерчилиги жөнүндөгү талаптарды түздөн-түз ВКП(б) Кыргыз областтык комитетине, кыргыз калемгерлерине тикеден-тике тиешелүү экендигин баса белгилеп, эскичил көрүнүштөрдү токтоосуз жок кылуу керектигин сот өкүмүндөй кабыл алганбыз. Ушундай түз таасирден улам Сталиндин ал катындагы өлкөнүн саясий-идеологиялык турмушунун кынсыз кылыч байланган абалына, адабияттагы эрөөл таймашка чакырган элдешкис кырдаалдарга, буржуазиячыл-улутчул идеялардын өчпөс өрт болушуна байланыштуу партиянын бул тараптагы чалгынчылык кыраакылыгын күчөтүү зарылдыгы эң биринчи кезекте кыргыз адабиятына таандык экендиги белгиленген. Ушундан улам ошол резолюцияда көркөм адабияттагы көзгө сайма идеологиялык күрөштүн эң негизги мааниси, максат-милдети «Алаш Ордонун» контрреволюциялык улутчул идеяларын кыргыз адабиятына алып кирүүгө (К. Тыныстанов), пролетариаттын жана анын авангардынын кызыкчылыктарына каршы багытталган бай-манаптык идеологияны чагылдырууга (С. Карачев, Ш. Көкөнов, Б. Кененсариев ж.б.) эл чыгармачылыгы дегенди («Манас» эпосунун чакан формалары ж.б.д.у.с.) басып чыгарууда алар талаптагыдай маркстик-лениндик талдоого алынбагандыгына каршы аракеттенүүдө тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ушул токтомдо жана анын чагарак куйрук чаяндай болгон резолюциясындагы милдет-тапшырмаларга ылайык күндөн күн өткөрбөй ошол замат, ошол эле март айынын башында КырАППтын конференциясы чакырылат. Бул мезгилде КырАППты Аалы Токомбаев жетектеп, аны Кыргыз кеңеш жазуучуларынын уюмуна айландыруу иши колго алына баштаган. Конференциянын чагылгандай тез чакырылышына ошол Токомбаевдин жеке демилгеси, ВКП(б) Кыргыз обкому себеп болгон. Ошондой болсо да бир жагдайды пенделик ой жүгүртүүгө азык болчу тарыхтын өз сөзүн, тигил же бул маалыматтарынын, окуя-фактыларынын себеп-негизин аныктоого алып баруучу, чын-жалганына жеткире алуучу жолдун нугун, ошол чааралекей мезгилдин ачык сөзүн айта кетели.
Архив кагаздарынын арасында Калим Рахматуллиндин 1937-жылдын 9-февралында ВКП(б) Кыробкомуна жазган каты бар. Кат К. Тыныстанов менен А. Токомбаевдин ортосундагы канжар миз болуп калган мамилеге, асыресе, Аалыкенин «Ленин тууралуу» аталган ырлар жыйнагынын тегерегиндеги чоң казатка байланыштуу Кыробкомдун атайын тапшыруусу боюнча жазылган. Анда А. Токомбаев менен К. Тыныстановдун кырдуу бычак мамилесин, «Ленин тууралуу» ырлар жыйнактын жарык көрүш жана андан кийинки тагдырын, өзүнүн ага болгон мамилесин айтып келип, «Кыргыз адабияты жөнүндөгү» токтомдун жогоруда биз шилтеме келтирген резолюциясындагы маалыматтарга тиешелүү, алардын себеп-таржымалын ачып берүүчү жагдайлар бар. Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн түп нусканын ошол жеринен кененирээк шилтеме алалы: «Тыныстанов должен признаться, что, во-первых, он вкупе с другими националистами тормозил выпуск сборника, хотя в то же время без всякой задержки печатались «Алаш Ордынские» стихи и проза Тыныстанова и другие. Можно было исправить ошибки автора и выпустить сборник. Этого он не сделал. Во-вторых, после выхода он очень горячо взялся и забраковал сборник «О Ленине», тогда как его сборник об Алаше и о национализме не был забракован, и он об этом молчал. Сборник Тыныстанова был забракован два года позже Токомбаевского. В-третьих, и это самое главное, он всячески зачислить Аалы к контрреволюционерам, к байско-манапским писателям.
Приведу факты:
1. Вплоть до 31 года Тыныстанов критиковал исключительно Токомбаева, говоря, что он писал контрреволюционные стихи о Ленине. Одновременно не критиковал никого из тех байско-манапских писателей, контрреволюционные произведения которых печатались без задержки.
2. Он этого требовал и на комиссии Киробкома ВКП(б), кажется в…, когда я, Тыныстанов, Тойчинов, Исеев и Джаманкулов были выделены для составления резолюции о киргизской литературе. Там стоял вопрос, кого причислить к советским и кого к байско-манапским. Тыныстанов призвал, чтобы отметить извращение ленинизма со стороны Токомбаева, а сборник, как контрреволюционную вещь, изъять. Я соглашался с ним, что сборник можно изъять, но не как контрреволюционную вещь. Тоже я возражал против включения имени Аалы в число байско-манапских писателей, извращающих ленинизм. Тыныстановская установка не прошла, хотя бы он об этом выступил и на бюро, где была принята резолюция».
Кандайынан кантип түшүнсөк?.. Аталган резолюцияда К. Тыныстанов «Алаш Ордонун контрреволюциялык улутчул идеяларын кыргыз адабиятына алып кирген», – деп айтылып жатпайбы. Эгер К. Рахматуллин жазгандай ошол резолюцияны даярдоого катышкан топтун ичинде Тыныстанов бар болсо, анда ал өзүн кыргыз адабиятына жат, контрреволюциялык идеяларды алып келген деп жазып жатабы? Өзүнүн жазуучулук жана илимпоздук тагдырын арнаган «Манас» эпосуна, кадимки С. Карачевге, «Академиялык кечелеринин» бир автору Шарип Көкөновго, Бөрү Кененсариевге каршы чыгып калдыбы? Деги ошондо К. Тыныстановдун дени-карды соо болду бекен? Өзүнө өзү каршы чыгуубу? Өзүнө өзү ок атуубу? Эмне үчүн? Кыргыздардын тарых табышмагы дал ушерде. Кыргыздардын андай тарых табышмагын кыргыздардын өзү эмес, кыйын чыкма бүт кытайың эки жолу төрөлүп, эки жолу көз жумган менен таба албайт да, ошол бойдон бир кытайың жаралбайт. Ошентсе да кыргызча ойлонуп көрөлү.
К. Рахматуллиндин каты 1937-жылдын 9-февралында жазылып жатат. К. Тыныстановдун күнү-түн тийген күнү ыйлаган баланын көзүндөй жалдырап да, балбылдап да батып бараткан мезгил А. Токомбаевдин абалы деле айы жаңырбай жаткан адамдын турмушундай болуп калган. А бирок аны өзүнөн башка жаш адам, айрыкча К. Тыныстанов биле элек эле. Ошол үчүн К. Рахматуллин тамырына балта мизи тийип турган К. Тыныстановду омуроолоп жатабы деп да кетесиң. Мүмкүн, резолюцияга аны даярдагандардан кийин толуктоолор, тактоолор, оңдоолор киргизилгендир? Ошол ишти жасагандардын арасында балким эмес, сөзсүз А. Токомбаев болгондур, сөзсүз Ы. Тойчунов да жүргөндүр, оңдогонго ошолордун колу тийгендир деп өзүңдөн өзүң шекшинип да жибересиң. Анткени резолюцияда өздөрүн «Кызыл учкундун» кыйыр мүчөлөрү эсептегендердин аттары бай-манап идеологиясын секетпай кылып ырдагандар ооздуктала саналып жатпайбы. Экинчиден, ал мезгилде 1932-жылы, КырАППты А. Токомбаев толук жетектеп калган. Ага чейин анын жооптуу секретары Ыбрай Тойчунов болгон. Жогоруда айтылган КырАППтын конференциясында А. Токомбаев «Көркөм адабиятты большевиктештиребиз» деген аталышта доклад жасаган. Кыргыз адабиятындагы кызыл кыргындын кылым азабындай болгон кара жолтой кыймылы дал ушул докладдан башталган. Анткени А. Токомбаев кыргыз адабиятынын саясий-идеологиялык багытын, милдет-максатын карекке сая көргөзүп, улутчул, байчыл жана Алаш Ордочул жазуучулардын иш-аракеттерине аёосуз чабуул коюу керектигине, алардын бетин ачуу зарылдыгына, өзгөчө эргип токтолгон. Негизи ошол ВКП(б) Кыргыз областтык комитетинин «Кыргыз адабияты жөнүндө» деген токтому, анын бука моюн, буура сан резолюциясы жана А. Токомбаевдин аталган доклады күүгүм талаш күтүүсүз соккон, арты бурганак бороонго айланар, ызгаары далыны тешип, өпкөгө өткөн шамалдай эле. Экинчиден, эрте, анан шашылыш көрүлгөн иш-чара болуп калды. Мындай абалдын жаралышына, биринчиден, ошол мезгилдеги кырдаал себеп болсо, экинчиден, экиге бөлүнгөн, бар-жогу билинбеген КырАППтын жана КырАППчылардын арасындагы карама-каршы көз караштардын күчөшү түрткү болгон. А. Токомбаев барчу жерге барып маселе коюп, масилеттешип жүрүп КырАППтын журналын – «Чабуулду» (кийинки «Ала-Тоо») ачтырып, «Чабуулдун милдети» аталыштагы баш макала жазып, анын биринчи санын (1931, сентябрь) өзү жооптуу редактор болуп чыгарып да жиберген эле. Ж. Бөкөнбаев, Ы. Тойчунов, А. Токомбаев журналдын редколлегия мүчөлөрү болгон.
Россиядагы абал мындан да татаалдашып, карама-каршы көз караштардын кармашы кан түтөгөн деңгээлге жеткен кезде, 1932-жылдын 23-апрелинде, ВКП(б) Борбордук Комитети «Көркөм адабий уюмдарын кайра куруу жөнүндөгү» тарыхый токтомун кабыл алат. Ушундан улам бардык союздук республикаларда жазуучулар ассоциацияларынын ишин кайрадан талапка ылайык уюштуруп, кайра түзүп чыгуу зарылдыгы жаралат. Кыргызстандын партиялык уюму бул токтомду жетекчиликке алуу менен бирге ошол эле 1932-жылдын 16-июлунда мурдагы, 4-марттагы «Кыргыз адабияты жөнүндө» деген токтомуна жаңы толуктоолорду киргизип, кыйраганы турган КырАППты жоюп, аны Кыргызстан кеңеш жазуучулар союзу деп атап, кайрадан уюштуруу тууралуу чечим чыгарат. КырАППчылар, пролетар жазуучулары дегендин ордуна «кеңеш жазуучулары», «Кеңеш жазуучулар союзу» деген сөз айтыла баштайт.
Ушул жерде тарыхый жактан алганда өтө маанилүү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун түзүлүшүнө түздөн-түз жол ачкан жана чыгармачыл уюмдун уюшулушуна негиз болгон, өкмөт менен партиянын чечимдеринин кабыл алынышына бирден бир өбөлгө түзгөн, а бирок анча байкалбай жүргөн бир иш-чара бар. Бул 1932-жылы өткөрүлгөн кыргыз совет жазуучуларынын биринчи конференциясы аталыштагы иш-чара. Чын-чынында Кыргыз кеңеш жазуучулар союзун түзүү боюнча кагазга түшүрүлгөн чечим дал ушул конференцияда кабыл алынат жана ал жалпы жазуучулардын макулдашылган ой-пикири катары өкмөткө сунушталат. Кыязы Россиядагы, айрыкча Москва менен Ленинграддагы, Жазуучулар союзу мамлекеттик да, партиялык да эмес коомдук, өз алдынчалуулукка эгедер эркин уюм болушу зарыл деген талаштын тыянагына таянуу менен ушундай жолго барышкан окшойт. Ушундан улам биз айтып, биз жазып жүргөн Кыргызстан Жазуучулар союзун түзүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын төрагалыгына Аалы Токомбаев шайланат. Жогоруда биз атаган ВКП(б) Кыргыз областтык комитетинин 1932-жылдын 16-июлдагы КырАППты жоюп, аны Кыргызстан кеңеш жазуучулар союзу деп атап, кайрадан уюштуруу жөнүндө чечим чыгарганы да ушул иш-чарага байланыштуу болсо керек. Иш төмөнтөн, жазуучулардын өзүнөн башталып, жогору жакка коюлган маселенин жолу менен чечилген окшойт.
1933-жылдын 29-июль күнү Кыргызстан кеңеш жазуучулары менен адабият окурмандарынын атайын чакырылган чогулушу болот. Бул жыйында А. Токомбаев «Адабият жат идеядан тазалансын!» аталыштагы доклад жасайт. Докладдардын аталыштарынан эле (1932-жылдагы КырАППтын конференциясындагы доклад «Көркөм адабиятты большевиктештиребиз» деп аталган), алардын мазмуну жөнүндө маалымат алса болот. Анда адегенде эле РАППтын «адабияттын жолун тар көздөшүп, өздөрүнчө гана бир тап болуп» алгандыгы сындала айтылып келип, анан мындай маалыматтарды билдирет: «Ушул жылдын сентябрь айында жалпы союздук кеңеш жазуучуларынын 1-съезди болот. Биздин Кыргызстандын кеңеш жазуучуларынын 1-съезди 25-августта өтүшү керек. Эмесе, 25-августтагы боло турган съездге дейре төмөнкү даярдыктарды көрүүбүз зарыл:
1. Сын маселесин көрсөтүп, съездге дейре бир катар: Элебай уулу, Токобай уулу акындарыбыздын бетин ачып, чыгармалары жөнүндө баяндамалар болуу керек.
2. Аз убакыттын ичинде (съездге дейре) Кыргызстан мамлекеттик театры үчүн бир канча пьесалар жыйнообуз керек. Өткөндөгү тапшырмаларыбызды тыянактап, театрларга иш жүзүндө жардамдарыбызды көрсөтүүбүз зарыл» ж.б.
А. Токомбаевдин аталган доклады төмөндөгүдөй буйрук-ураан менен аяктайт: «Кыскасы, биз съездге негиздүү жеңиштер менен барууга тийишпиз. Революцияга каршы улутчул-байчыл Алаш Ордочул тамырын адабияттан соолтууга тийишпиз. Ага, биз, адабиятчылардын күчү жетерине мен эч кандай шек кылбаймын. Биз аны иштөөгө милдеттүүбүз!»
Бул ошол мезгилдин өктөм жана буйрукчул үнү. Бул А. Токомбаевдин өзүнүн да, кызмат абалынын да түздөн-түз милдети. Экинчиден, анын КырАППтын жетекчилигине, андан Кыргызстан кеңеш жазуучулар союзун уюштуруу комитетинин төрагалыгына келиши да ал каалайбы, каалабайбы, дал ушул милдеттерди жасоого жана кыл үстүнөн кыйшайбай туруп аткарууга байланыштуу болчу. Ушундан улам бир нерсени эске алуубуз керек. ВКП(б) Кыргыз обкому 1932-жылдын 16-июлунда КырАППты жоюп, аны Кыргызстан кеңеш жазуучулар союзу деп атап, кайрадан уюштуруу жөнүндө чечим чыгарып жатат. Кыргызстан Жазуучулар союзу жөнүндөгү ырасмий документ ушул күнү кабыл алынган. Ошол үчүн А. Токомбаев Кыргызстан жазуучуларынын биринчи съездин ушул жылдын 25-августунда өтүшү керек деп жатат. Бир азга жетип-жетпеген убакыт калды, жазуучулардын катарын улутчул-байчыл Алаш Ордонун адамдарынан тазалап алышыбыз зарыл деген маселени канжар миз кылып тигинен коюп отурат.
Эскерте кетели, жазуучулардын биринчи съездин аткаруу жөнүндө дагы бир маанилүү маалымат бар. ВКП(б)нын Кыргыз обкому 1933-жылдын 5-майында «Кыргызстандагы совет адабиятынын маселелери» аталыштагы токтом кабыл алат. Анда жазуучулар уюмун кайра түзүү, чыгармачыл уюмдун негизин бекемдөө, жазуучулардын биринчи съездин өткөрүү маселесине көңүл бурулат. Ошондой эле советтик жаңы жазуучуларды өстүрүү жана аларды социализмди куруу идеясына тарбиялоо, адабий бирикмелердин, чыгармачыл уюмдардын саясий-идеялык иштерин ар тараптан өркүндөтүү, алардын материалдык муктаждыктарын жоюу керектиги жөнүндө чечим кабыл алынат да, жазуучулардын съездин 5-июндан кечиктирбей өткөрүү талабы коюлган. Анткени ошол мезгилде бардык республикаларда, Кавказ, Орто Азия аймактарында жазуучулар союзунун уюштуруу бюролору иштей баштаган. Мисалы, Советтик жазуучулар союзунун Орто Азия бюросунун жетекчилиги Алексеев, Трегуб, Маджиди А. Токомбаевдин чыгармачылыгынын он жылдык юбилейине (1933, июнь) Ташкенттен атайын делегация катары келип жатпайбы. 1933-жылы Жазуучулар союзунун биринчи съездинин өтпөй калышына АППчылардын катарын тазалоо иштеринин аягына чыгуу татаалдашып да, саясатташып да кетип, анан ушундан улам 1934-жылга жылдырылган да, тазалоо ишине тездетилген жаңы темп, укук берилип, ага ар тараптан жол ачылган. Өзүбүздүн Орто Азия аймагынан бир-эки мисал айталы.
Советтик жазуучулардын Орто Азия бюросунун ишинде да олуттуу татаалдыктар пайда болгон. Орто Азия жана Казакстанда жазуучулардын катарын тазалоого жаңы багыт, жаңы темп берилген кезде айрым калемгерлер менен бирге кээ бир мамлекеттик бийликтегилер «эл душманы» катары ачыкка чыгат. Маселен, Өзбекстанда большевик жетекчилерин жок кылуу аркылуу бийликти алуу аракеттерин көргөндөрдүн өзүнчө кылмыштуу деп шектелген чоң тобу аныкталган. Бизге жеткен, совет мезгилиндеги советтик мүнөздөгү маалыматтарга караганда капсалаң камдаган бул топту Касымов деген жетектеген. Ал жаңы адабиятка тийип-качар тиешеси бар, а негизи абалтан бери келе жаткан өзбек элинин көркөм сөз өнөрүн туу туткан адам экен. Бул топко өзбек акын-жазуучулары, маданият ишмерлери да кирген. Алардын түпкү максаты өзбек жерине өзбек бийлигин орнотуу болгон.
Ал эми Түркмөнстандагы абал мындан башкача жолго түшкөн. Өздөрүнүн жазуучулар союзунун кандай болушун ошол кездин көз карашы менен алганда накта буржуазиялык, накта улутчулдук мүнөздө жазышкан да, эски түркмөн адабиятын азыркы советтик түркмөн көркөм сөз өнөрүнө түздөн-түз негиз кылып алышкан. Ушундан улам өткөн заманды ырдоо, эскини көксөгөндүк күч алып, мурунку доорду, мурунку адабиятты, мурунку баатырларды, элди эзип башкаргандарды улут сыймыгы, элдин тарыхы кылып жазуу кадимкидей күч алган. Муну жаштарды патриоттуулукка үндөө, эрдикке тарбиялоо катары кабыл алышкан.
Биздеги абалдын кандай экенин канткен менен А. Токомбаевдин жогоруда айткан «Адабият жат идеядан тазалансын!» деген докладынан улам жакшы эле байкоого болот. Анда Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Жумадыл Түлөкабылов, Орозакун Лепесов, Байсерке Калпаков, Бөрү Кененсариев, Шарип Көкөнов, анан Касымалы Баялинов, Мукай Элебаев, Молдогазы Токобаев өңдүүлөр эскичил, бай-манапчыл катары сындалат. Оозеки адабиятыбыздын өкүлдөрүнүн чыгармаларына, ал тургай «Манас», «Семетей», «Курманбек» эпосторуна чейин аёосуз курч сокку урулат. Ошол тарыхта калган тарыхый докладдын айрым жерлерин окуп көрөлү: «…Касымдын китеби менен кошо «Семетей», «Боогачынын сүйүүсү», «Курманбек» сыяктуу китептер чыкты. Албетте, бул китептер да биздин адабият эмес. Боогачынын сүйүүсүндөй сүйүүнүн бизге кереги жок. Бизге жаңыча эмгекти, ишти, техниканы сүйгөн жаңыча сүйүүчүлүк керек. Бул китептерди чыгарууда Касым активдүү катышкан болчу.
Эми Касымдын кийинки жылдардагы ишине келелик. …Өткөн жылы эле «Академия кечесинин» автору болуп алып, «Манасты» өз учурунда пролетариат театрынын сахнасына сүйрөп чыкты. «Манасты» өз учурунда аксакалдыкты токмок кылып алып, ошол кездеги кыргыз кедейлерине алым салып, ат кылып минип, оюна көнбөсө чаап алган акмакчылык кылыктарын көрсөтүүнү унутуп коюп, Манасты «Баатырым» деп мактап, жакшы, сүйкүмдүү кылып сахнага чыгарды».
Капырай, бул доклад качан жазылып, качан окулганына карабастан азыр окусаң азыр да ал мезгилдин, ал мезгилдеги А. Токомбаевдин бет бактырбас, сөз айттырбас каары селт эттире сезилип турат. Душманыңа ыраа көрбөс кыйын кезең эле. А бирок ушундай жалаңдаган канжар миз өткөөл кырдаалда жазуучулар уюмуна билимдүү, сабырдуу, өткөн-кеткендин сабагын ойлогон кең пейил адам керек эле. А бул кезде, 1933-жылдын аркы-берки жагында, Аалыкенин ооматы оттой жанган, кемелине келген, жылдызы чак түштө чыгып, күнү-түн күнү тийип турган мезгил болчу. Анткени Аалыкебиз ал кезде республиканын жетекчилеринин ишенимине толук кирип, жазуучулардын жол башында турган бирдин бири болуп калган. Ушундай кырдаалдан улам ал ошол кезде ВКП(б) Кыргыз областтык комитетинин, анын секретариатынын, бюро мүчөлөрүнүн иш-аракетин, адабият боюнча кабыл алган токтомдорун да ачык сынга алган. Бирок убагында эмес, Кыргыз обкомунун жетекчилиги алмашкандан кийин, жаңы жетекчиликке, айрыкча биринчи секретарга болгон мамилесин, анын туура жол менен иш баштаганын билдирүү максатында айтылган, жазылган пендечилик аралашкан сын эле. Мунун айкын мисалы катары А. Токомбаевдин тегеренме тетиги темасында жаткан «Жаңы жолбашчылыкка жаңы темп» («КК». 1933. 24-дек.) макаласын тайсалдабай атоого болот. Макала түз эле мындай сүйлөмдөр менен башталат: «Коммунисттик партия уюмунун абалы жайында эместиги адабият майданында да чоң таасир болгону шексиз. Ал абалдын таасири айрыкча тыныстановчулук менен күрөшүүдө ачык көрүндү. Буга «Манасты» макулдап, ОК секретариатынын чыгарган токтому анык далил». Буга чейин ВКП(б) Кыргыз обкомунун биринчи секретары Владимир Осипович Шахрай деген болгон. 1933-жылы анын ордуна Владимир Петрович Шубриков келген. Партиялык областтык уюмунун мурдагы жетекчилиги тыныстановчулар менен күрөшүүдө тоскоолдук кылып келгенин, жаңы жетекчилик жаңы жол менен иштей баштаганын, жазуучулар уюмуна жакшы жардамды берип жаткандыгын жазып жатат. Эмне үчүн?
Аалы Токомбаев табиятынан күлө караган бийликтин кылычын чапкан адамы да, адамы болуп туруп анын кынсыз кылычы да болуп берген. Ошондуктан ага дил тозогуна түшсө дагы баш ийүүнү каалагандар да, кызмат кылууну трагедиянын тырмагында илинип турган тагдырынын бактысы катары санагандар да А. Токомбаевсиз өз алдынча иш жасай алышкан эмес. Мындан да тагыраак жана образдуураак айтканда, алар иш түгүл өз алдыларынча кенен-кесир дем алып, кенен-кесир каалагандай уктай да алышпай калышкан. Чынында ошондой болгон, 30–40-жылдары, балким, андан кийин да, Токомбаевдей бийлик искусствосунун тилин билген, бийлик карышкыры менен саясат түлкүсүнүн түшүн өңүндө көргөн ишиндей жоруй алган, жаралгандан кара күчтүн кудурети колдогондой таасир берген улуу актер-жазуучуну кыргыз адабиятынын тарыхынан таба албайбыз. Ошондуктан аны кыргыз адабиятынын (оозеки, жазма) жол баштаган лидери катары кароо туура эмес, ал ошол мезгилдеги белгилүү бир топтун гана, алдын ала белгилүү максат-милдетке кумарлана бет алган, ата-тегин билсе дагы билгиси келбеген жаңы адамдын, ата-энесиз жылаңач жетим пролетариат адабиятынын лидери, бийлик буйругун аткаруучу, керек болсо энесиз төрөлгөн жаңы сөз өнөрүнүн, кыргыз социалисттик реализминин атасы болгон. Ушундай кырдаалдан улам ошо 30-жылдары кыргыз жазуучуларынын ошол тобу саясий идеологиянын өз алдынча ой-жүгүртө албаган, акыл-эс эркиндигинен ажыраган белимчи калемгерлерине айланган. Кыргызстан Жазуучулар союзунун уюшулушу менен, биринчи съезддин өтүшү менен, Союзга жетекчи болуп шайланышы аркылуу А. Токомбаевдин жазуучулар уюмундагы аталык кадыр-баркы ого бетер артып, мурдагыдан да болуп көрбөгөндөй күчөдү.
Ооба, коомдо жашап туруп, коом турмушунан сырткары болууга мүмкүн эмес, а бирок коомдун саясий идеологиясына баш көтөрө алгыс кул болуп берүүгө да мүмкүн эмес. Анткени жазуучу жаратуучу, ал ошол коомдо жашап туруп ар дайым адам жөнүндө, адамдын тагдыр-турмушу жөнүндө эркин жана жаңыча ойлонот. Дагы бир жолу айталы, ал адам жана адамдын тагдыр-турмушу аркылуу ошол адамдын коомдогу жана коомдук ордун жаратат. Ошол үчүн жазуучу өзүнүн чыгармалары аркылуу коомдук-саясий ишмер болушу керек эмес жана андан андай милдетти, андай талапты талап кылууга болбойт. А. Токомбаевдин жана анын тегерегиндеги жазуучулар тобунун 30-жылдардагы тагдыры, ой-санаасы мына ушундай болгон. Жаңы коомду, жаңы адабиятты, жаңы системаны курса болот экен, а жаңы адабиятты, тарыхы, салты, классикалык үлгүлөрү жок адабиятты жаратууга, аны кандайдыр бир эрежелерге баш ийдирүү жолу менен жасоого эч мүмкүн эмес экен. Ушундай кырдаалдардан улам, 1933-жылы Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгынын он жылдыгы мамлекеттик деңгээлде, Советтик жазуучулар союзунун Орто Азия бюросунун масштабында белгиленген. Бул кыргыз адабиятынын тарыхында бир гана жолу болгон, бир гана Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгына арналган биринчи жана акыркы юбилейлик салтанат эле. Ушул тарыхый мааниге ээ болгон иш-чарага байланыштуу 1933-жылдын 16-апрелинде «Кызыл Кыргызстан» гезитине «Адабият майданындагы кызматына май айында 10 жыл толот» деген аталыштагы расмий макала жарыяланат. Акындын чыгармачылыгынын он жылдык салтанатын республикалык деңгээлде белгилөө үчүн Өкмөттүн токтому чыгат. ВКП(б) Кыргыз обкому, Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиуму, Советтик жазуучулар союзунун Орто Азия бюросу пролетариаттын кыргыздардан чыккан биринчи жазуучусу катары куттукташат. «Кызыл Кыргызстандын» 6-июндагы саны А. Токомбаевге толук арналат.
Ушул жерден кыргыз тарыхында жылдыздын сыныгындай болуп кала берген бир документтеги маданияттуулуктун сылык-сыпаалыгынын бир үзүндүсүн окурмандарга тартуулайлы. Ал документ «Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун пролетар жазуучусу жол. Токомбаев Аалынын он жылдык юбилейи жөнүндөгү» токтому. Анда Аалы Токомбаевдин кыргыз адабиятынын негизделишине, жаш жазуучулардын өсүшүнө, республиканын коомдук-саясий турмушуна кошкон зор салымы айтылып келип, акынды сыйлоо жөнүндө мындайча чечим чыккан экен:
«Высоко оценивая всю творческую писательскую деятельность, отмечая выдающиеся заслуги т. Токомбаева в создании пролетарской художественной литературы в Киргизской социалистической республике президиум ЦИК Кирг. АССР постановляет:
1. Наградить т. Токомбаева Али Почетной грамотой Киргизского правительства.
2. Выделить пять тысяч рублей тов. Токомбаеву на расширение домашней библиотеки.
3. Удовлетворить просьбу колхозников и ходатайство Араванбуринского раисполкома о присвоении школе колхозной молодежи имени пролетарского писателя Токомбаева Али».
Маданияттуулуктун сылык-сыпаалыгы деп залкарыбыздын өздүк китепкана деп, жок, өздүк да дебейт, үйүндөгү дегени, ошого китеп сатып алсын дегени.
Бул юбилейдин саясий мааниси да бар эле. Совет өлкөсү үчүн, бийлик саясаты үчүн тагдырын сая иштегендерди, «эл душмандарына» каршы тургандарды мамлекет ар дайым сый-урматка бөлөйт деген эскертме жылмайып турган. Айтор, Октябрдын нуруна бөлөнгөн кыргыз жазуучулары мындай салтанатты буга чейин көрүшкөн эмес. Ага арнап ыр жазбаган, макала жарыялабаган С. Карачев, М. Элебаев сындуу эки-үч эле калемгер калган. А бирок С. Карачев найза жеген Курманбектей кыйналып жүрүп кийинки жылы, бул салтанаттын алдында эмес, башка, жалпы кыргыз жазуучуларынын салтанатынын алдында, 1934-жылдын так 21-апрелинде, съезд эртең болот деген күнү, Аалыкенин алдына тизесин бүгүп, эски курун мойнуна салып, кечирим суроо өтүнүчүн «Советская Киргизия» гезитине берген «Съездге кубаныч менен барамын» деген интервьюсунда билдирген, көз карашын өзгөртүүгө бет бурганын айткан. Ал эми А. Токомбаев тарабынан буржуазиялык-улутчул, эски заманды көксөгөн бай-манап адабиятынын өкүлү, алашчылар катары айыпталган акын-жазуучулар күнөөлөрүн моюндарына алышып, айрымдары басма сөз аркылуу андан кечирим да сурашкан. Маселен кадимки Касым Тыныстанов кайра-кайра «эл душманы» аталып турганына, 1933-жылы мурдагы КырАППтын мүчөлүгүнөн чыгарылгандыгына карабастан А. Токомбаевдин он жылдык салтанатына карата өзүнүн күнөөлүү экендигин мойнуна алып, 1933-жылы орус, анан кыргыз тилинде «Баскан жолум, менин чыгармачылыгым, менин жүзүм» деген макала жазган. Бул макала алгач 3-июнда «Советская Киргизияга», 9-июнда «Кызыл Кыргызстанга» жарыяланган. К. Тыныстанов бул макаласында кечирим суроо менен бирге А. Токомбаевди кыргыз пролетар адабиятынын биринчи акыны, жол баштоочусу жана устаты деп баалаган. Бул бир чети 1933-жылдын 29-март күнкү Кыргыз обкомунун бюросунун «өз күнөөсүн басма сөз аркылуу билдирсин жана кечирим сурасын» деген чечиминин негизинде болсо, экинчиден, өзүнө айтылган сындардан кутулуу үчүн бардык кадамдарга барууга даяр экендигин билдирген чечим эле. Анткени буга чейин ал жөнүндө, анын чыгармалары туурасында жалгыз А. Токомбаев тарабынан бир нече сын макалалар жазылган, докладдарынын башкы каарманы, болгондо да терс каарманы болуп таанылган.
Биринчи съезд алдындагы абал, айрыкча токомбаевдик «режим» киргизилген кырдаалдын өзү эле кыргыз жазуучуларын «тарбиялап», пионер кылып таштаган экен. Анын үстүнө бул съезд партия менен өкмөттүн саясий-идеологиялык ишинин негизги жана ажырагыс эң маанилүү бөлүгү саналып турган. Ошол үчүн жана 1933-жыл бою жалындап турган өрттүн күчүнөн улам 1934-жылдын 2-апрелинен 29-апрелине чейин «Кызыл Кыргызстан» гезитине съездге болгон даярдыктар туурасында, съезд алдындагы ар кандай маалыматтар, билдирүүлөр, макалалар байма-бай берилген. Ошол тарыхый съезд 22–27-апрель күндөрү өткөн. Анын күн тартибине мындай маселелер коюлган:
«1. Кеңеш жазуучуларынын Орто Азия бюросунун доклады (Докладчы жол. Алексеев).
2. Кыргызстан кеңеш жазуучуларынын уюштуруу комитетинин эсеп-кысабы (Докладчы жол. Токомбай уулу).
3. Кыргызстан кеңеш жазуучуларынын Республикалык Комитетин шайлоо.
4. Кеңеш жазуучуларынын жалпы союздук съездине өкүлдөр шайлоо».
Съездин иши ар күнү эртең мененки саат 10дон 3кө чейин жана саат 5тен 8ге чейин жүргөн.
Кыргызстан кеңеш жазуучулар союзун уюштуруу комитетинин төрагасы Аалы Токомбаевдин «Мазмуну социалисттик жана формасы улуттук болгон Кыргызстандын адабияты өсүп жана чыңалып жатат» деген аталыштагы айтылуу доклады басма сөздө жарыяланган. Жазуучулар союзунун жетекчилиги шайланган. Төрагасы А. Токомбаев болгон.
А. Токомбаевдин доклады жалпысынан алганда он бөлүмдөн турат. Азыркыдай адабий жанрлар боюнча же тематикалык эмес, ошол мезгилдин саясий идеологиясы менен колдон келишинче, түшүнүктүн болушунча айкалыштырылып, партиянын саясаты жана кыргыз адабияты, кыргыз адабияты жана ага карасанатайлык менен душмандык мамиле кылгандар, эскини көксөгөн бай-манап адабияты дегендей идеяда бөлүштүрүлгөн. Кыскасы, адабият деген мезгил саясаты, саясат деген азыркы адабияттагы күрөш экени көрүнүп турган. Анда жазма адабият эле эмес, оозеки адабият, анын бардык түрү, макал-ылакаптан эпоско чейин камтыган. Докладдын каары кандай, сөзү эмне экенин анын биринчи бөлүмүнүн «Октябрга чейин кыргыз адабияты болгонбу?» деп аталышынан эле билсе болот. Ал эми жазуучулар менен Жазуучулар союзунун алдыдагы максаттары «Биздин милдеттин жүрөгүбүздөгү маселелери» деген онунчу бөлүм менен, командир буйрук өктөм үн менен бүтөт. Бул ошол мезгилдин чок тебелеп, жалынды жуткан сөзү эле. Ал анткени а кезде куш көкүрөк, кумар көз, кебез дене, элик сан ырларды жараткандар «секетпай ырчылар», «секетпай акындар» аталчу да, жылдыздары көктөн жерге түшүп турган. Чындык менен жалгандын ортосунда муздак шамал жүрүп турган кез болгону менен күн чыгар жакты күйүт менен каардана карагандар да бар болчу. Үмүт анда жалгыздыкта жалгыз-жарым калганы менен жылаңаяк бала эле. Ошол үчүн үн чыгарса өрткө айланар оттун ортосунда калган кыргыз жазуучулары съезд алдында да, съезд жүрүп жатканда да бул маселе боюнча, жазуучулардын чыгармачылыгы жаатында өз ойлорун ачык айтып, А. Токомбаевдин, анын санаалаш чакан тобунун адамды эмес, кара кулак кабыланды калчылдатып жиберер доошунан башкачараак, чычкан чырылдаш үн да чыгарыша алышкан эмес. А бирок ошол биринчи съездге катышкандар, А. Токомбаев тарабынан карышкыр тийген койлордой кызыл жаян болуп союлуп жатышса да, саясий сынды сындырар адабий сынды айта алышкан эмес. Айтышса да бирөө-жарым эле болгон, анысы да шымынын арты айрылып калган баладай желкесин кашып, жер карап сүйлөшкөн. Бул жасалма «мырза», жалган «маданияттуу» кырдаалды бир гана Мукай Элебаев, А. Токомбаевге карата көктүгүнөн да, көз карашынан да, чынчыл мамилесинен да жазбаган Мукай Элебаев бузган.
Ошол биринчи съездде А. Токомбаевдин жасаган докладындагы айрым ойлорго Мукай Элебаевдин каршы, а бирок негиздүү, проблемалуу, сынчыл пафосто сөз сүйлөшүнүн кыл аркандай чыйралган себептери бар эле. Биринчиден, докладда кайрадан мурдагы жарык көргөн макалалардагы ойлор, көз караштар, факты-маалыматтар айтылып, өз дегендердин тобуна дагы бир жолу мактоо сөз болуп, өзү тапкан «бай-манап адабиятынын» өкүлдөрүнө, совет адабиятынын негизги идеясын өздөштүрө албагандарга кайрадан каардуу, бир жактуу сын берилгенине өзүнүн пикирин билдирүүнү туура көргөн. Экинчиден, кыргыз адабиятынын ошол учурдагы ал-абалы, проблемалары, эң негизгиси, адабий сыны жөнүндө сөз козгоону туура деп ойлогон жана ал ушул маселелерге токтолууга аракет жасаган. Үчүнчүдөн, М. Элебаев ал мезгилде Жазуучулар союзуна караштуу адабий ийримди жетектеп турган. Ийримдин жетекчиси, Союздун ишине түз-кыйыр тиешеси бар жазуучу катары алгачкы топтогулар менен бирге сөз берилсе болмок. Ал убакта М. Элебаев эки мыкты ырлар жыйнактын автору болуп калган, «Зарыгам» ыры жаштардын ой-тилеги менен үмүт-арманынан жаралган элдик ырга айланып кеткен эле. Ошол үчүн ага сөз берилгенде түз эле ушул абалды билдирген: «Биздин багыбызга сөз кечигип тийип, элдин азайган жана чарчаган учуруна туш келдик» деген сөзү менен баштайт да, андан ары өзүн өзү сыноо көз карашы менен докладда айтылган ойлорго сын айтат. Көзүн карап, кызматын баалап мактаган А. Токомбаевдин жетелеме сынчысы деп Ы. Тойчуновду, ошол 30-жылдардагы сынчыбыз дегендер менен сындын деңгээлин, андагы сын кантип, кандайча, эмне үчүн жана да кимдерге жазылып жатканына мүмкүн болушунча талдоо жүргүзүп, маселе коюп, өз көз карашынан тайыбай, мылтык ооз тиктегендерди сурунан тайсалдабай туруп сынга жана сынчымын дегендерге сын айткан. Ошол кырдаалдан ачыгыраак жана түшүнүктүүрөөк маалымат болсун үчүн М. Элебаевдин ошол сөзүнөн кененирээк келтирип көрөлү: «Бизде сынчы деп оозанып жүргөндөрүбүздүн бири – жолдош Тойчунов. Кыргыз адабиятчыларынын арасында Тойчунов жолдош башкаларга караганда билимдүү, адабият теориясына жетигирээк киши, адабиятты терең талдап текшерүү колунан келе турган киши.
Бирок ошенткен Тойчунов жолдош дагы биздин жазуучуларыбызды сыртынан, сырткы түрүнөн көрүп гана «сынап» жүрөт. Эң жакындатып айткан сөзү «керек-керек» гана: «Токомбаев жеке биз эмес, Орто Азияга маалым», же болбосо: «Бизде орто азиялык мааниси бар «Туткун Марат» сыяктуу поэма бар», – дей салат.
Менин оюмча, жолдош Тойчунов ары барбай, эртеден-кечке жалгыз «орто азиялык» дей бергенден көрө, ошол Токомбаевдеги (чыгармасындагы) жана «Туткун Мараттагы» өзү көрүп, билип жүргөн кемчиликтерди ачып көрсөтүп, ошол кемчиликти жоюуга көмөктөшсө, Токомбаевдин келечекте андан бетер орто азиялык болоруна жардам берген болор эле. Бул али жок».
Түшүндүрүп коёлу, «Орто Азияга маалым», «орто азиялык мааниси бар» дегени Ы. Тойчунов энциклопедиялык эмгекке А. Токомбаевдин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө ошол кездеги совет адабиятынын классиктерин жазгандай көтөрүңкү маанайда, ошолорго теңөө, ошолор менен бир катар коюу аракетин көздөн учкан көк жээктей тилек көрүп макала жазган. Чын-чынында, «Туткун Марат» 1932-жылы жарык көргөн, акындын үчүнчү ырлар жыйнагы. «Туткун Маратты» окуса кыргыз окурмандары окугандыр, а бирок ал убакта бул поэма башка элдердин тилине которула элек болчу. Адабий чөйрөдө деле ал чыгарма катардагы эле карапайым жыйнактардын бири катары кабыл алынган. М. Элебаев ошону айтып жатат. Канткен менен чындык ал тарапта эле.
Мукай Элебаевдин съездде сүйлөгөн бул сөзүндө жалгыз А. Токомбаев менен Ы. Тойчуновго карата эле сын айтылбайт, эгер андай болсо анын устарадай сын сөзү алардын өз ара адамдык мамилелерине байланыштуу айтылган болуп калмак. Ансыз деле мамиленин майдай-сүттөй эместигинен улам ага сөз эл жатарда берилип жатпайбы. М. Элебаев ошол сөзүндө М. Дөгдүровду, К. Маликовду, Ж. Бөкөнбаевди, анан ВКП(б) Кыргыз обкомун Токомбай көрүп көкөлөп турган Токомбаевдин өзүн, өзүн болгондо да анын докладындагы М. Элебаевдин атын айтпай туруп, анын чыгармасындагы тил маселесине атайын кайрылып, мисалдар келтиргенине токтолуп, ага мындайча жооп берет: «Кечээ Токомбаев тил тууралуу кеп уруп келет да, «ушунда бир жазуучу (ал мен) күркүрөгөн семиз жер, – дептир, ал дурус эмес, антип кыргыз турмак түрк дагы айтпайт», – деп өтүп кетти. Түрк айтар-айтпасында жумушум жок, бирок кыргыз айта берет», – деп сын айта, каяша билдире токтогон. Чынында М. Элебаев ал съездде адабият жөнүндө, көркөм сөз өнөрү кандай болушу керектиги жайында сынчыл пафосто сүйлөгөн. Калгандары пендечилик деңгээл менен эле чектелишкен десек болот. Баса, Жусуп Турусбеков эмнегедир ошол кездин күйгөн оттой маселесин эске алып, өзүн өзү сыноо менен бирге жазуучулар арасында, Союздун өзүндө «вождевизм» бар экенине токтолгон.
Биринчи съезд жөнүндө оозеки айтымдарда ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Бир аларга эмес, жазма маалыматтардагы бир учурга, ушул съездге түздөн-түз тиешеси бар жазмаларга токтоло кетпесек болбойт өңдөнөт. Анткени бул маалыматтардын жазуучулар менен адабияттын тарыхына кызыккандар үчүн, айрыкча изилдегендерге мааниси чоң экендиги талашсыз. Бул маалыматтар, макала-жазмалар съезддин болор алдында эмес, анын жүрүшүндө да эмес, съезд бүткөндөн кийин да эмес, ал мезгилден үч жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин гана, сылап-сыйпап жашырбай түз айтканда, Аалы Токомбаев кылмыштуу катары караланып, суракка камалгандан соң гана жазыла баштаган. А. Токомбаев 1937-жылдын 16-октябрында камалган. Ал учурдун талабы боюнча ага чейин иштелүүчү иштер юридиканын шартына ылайык жасалган же андай иш-чаралар кийин деле арткы, талапка туура келер числолор менен өткөрүлгөн. Кагаздагы маалыматтарга караганда А. Токомбаевдин ишин караган жазуучулардын жалпы чогулушу 1-октябрь күнү болгон да, анан Кыргызстан Жазуучулар союзунун уюштуруу бюросунун чечими менен Союздун башкармасынын төрагалык кызматынан улутчул, контрреволюциялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн алынган. Буга кадимкидей эле таң калса да, эртеби-кечпи болот деп күүгүм талаш айтылып, күтүлүп жаткан даяр иш катары караса да болот.
А. Токомбаевдин «ишмердүүлүгү» жөнүндөгү, жазуучулар арасындагы кадыр-баркы, өзүн өзү «хан санап» калгандыгы туурасындагы макалалар, жогорку жактарга жазылган каттар ушул 1937-жылдын сентябрь-октябрь айларынан тартып жазыла баштайт. Муну кандайдыр бир деңгээлде жазуучулардын өздөрүн эркин сезүүнүн келишине байланыштырса да болот. Ошондой макалалардын алгачкыларынын бири жана өзгөчө көңүл бөлө турганы Жоомарт Бөкөнбаевдин 1937-жылдын 21-октябрында «Кызыл Кыргызстанга» жарыяланган «Адабият менен искусстводогу зыяндуу иштер» деп аталат. Анда ал А. Токомбаевди баш кылып, К. Тыныстанов, К. Маликов, Р. Шүкүрбеков, Т. Сыдыкбеков ж. б. төш кылып туруп талкалаган. Ошол макаладан бир мисал келтирели: «Жазуучулардын I съездинде «эл душманы» Ысакеев чыгып алып, «силер Токомбаевди сынайм деп ооз аччу болбогула, биз ага жол койбойбуз» дегени жалган беле?» – деп жазган. Исакеевдин бул сөзүн М. Элебаев да «Адабияттагы буржуазиячыл улутчулдукту биротоло курутуу керек» деген макаласында да айтат. Ал тургай анда А. Токомбаевдин кантип «хан» болуп алганын минтип жазат: «Токомбаевдин адабият майданында туткан методу кандай болду? – деген суроону казыктай кагып туруп, анан ага бул фактылар менен жооп берет. – Бул башынан Жолдошев менен Тойчуновдорго таттуу киши болуп келди. Бери келе түшүп Белоцкий (ВКП(б) Кыробкомунун 1-секретары – С.С.) менен Ысакеевдин алдында шыйпаңдап жагынып алды. Наркомпростон Алиевдин жылуу колтугуна кирди. Жумабаев, Айылчиновдор менен жан кыйышпаган дос болду. «Бул экөөнү көрбөсөм ичим бышат, буларсыз мага көңүлсүз», – деди. Тойчунов менен Карасаев өңдүүлөргө жазуучулардын фондусунан жардам берип, каралашып турду. Эң соңку убакытка чейин Данияровду жакын адам деп конокко чакырып, бирге ичип, бирге жешип жүрдү. Ошентип Жазуучулар союзуна өзү «хан», өзү «бий» болду. Кың эткендерге сес көрсөтүп, «өзүм билемге» салды. Токомбаевдин кылбаганы калган жок. Баарын иштеди».
Кимди күнөөлөп, кимди жактоо керек экени биздин иш эмес. Биз болгону андагы маалымат-фактыларга гана кайрыла алабыз, аны мезгилдин тарыхы эмес, ал мезгилдин окуясы катары гана карайбыз. Ушунчалык болгон соң дагы бир, съезд учурундагы жана бийлик тарабынан болгон съездден кийинки кысымдарга да токтололу. «Чынында ошол съездде эмне маселе чечилди? Бир сөз менен айтканда, эчтеме чечилген жок. Баштан аяк Токомбаевди мактоо болду. Муну мактабаган, көтөрбөгөн кишилерди көр кыстоого салып, душманым деп аңдып калды. Сын жана өз-өзүн сыноо деген аты-заты менен жоюлду. Токомбаевди карай бир сөз аттатпады. (Жаңылбасам ошондо президиумга Жолдошев, Жамгырчиновдор шайланган). Ал аз келгенсип Токомбаевдин демилгеси менен Жолдошев, Жамгырчинов, Абдулин («Дунхоширдин» мурдагы редактору) дегендер Жазуучулар союзунун комитетине өткөрүлдү. Жазуучулардын жалпы союздук съездине Тыныстанов, Карачев, Жамгырчиновдор делегат болуп шайланды», – деп келип, анан ошол кездеги бийликтин кысымы кандай болгонун, ВКП(б) Кыргыз обкому аларды өз алдынча тартипке, болгондо да тилин толгоп, жинин кагып, кыйынмын дегендердин кылычын кында сындырып салмай тартипке кандай жол менен салганын ачык мисалдар менен жогорудагы текстти мындайча улантып берет: «Мындагы жорук ушуну менен эле тынып койгон жок. Съезд бүткөн соң, арадан эки-үч күн өтпөй, ошол кездеги обкомдун культ-пропу болуп иштеген Жумабаев бир күнү мени чакыртып жибериптир. Бардым. Токомбаев да ошондо экен. Бир кезде кабинеттин эшигин бекитип таштады да, экөөлөп мени кысмакка алды. «Токомбаевге сөз тийгизе турган кандайча акың бар? Айт, кана чыныңды?» – деп Жумабаев мени зекий баштады.
Эртеси карасам, «Жумабаев мени да чакырып алып, сенден бетер кылды», – деп Жусуп келди.
Жусуптун ичип кеткен тарыхы ушул кезден башталат. Бул тууралуу жакында болгон жазуучулардын жыйналышында: «Менин ичип кеткениме Токомбаев себеп болду», – деп өзү да чынын айтты».
Мындай маанидеги макаланын дагы бири ушул М. Элебаевдин «Дагы адабияттагы чириктер тууралуу» (Кызыл Кыргызстан. – 1937. 6-окт.) жана Т. Үмөталиевдин «Адабияттагы кошоматчылар» (Кызыл Кыргызстан. – 1933. 20-сент.) деген аталыш менен жазгандары болду. Ал макалаларда башкы каарман, албетте, А. Токомбаев болгон.
Биринчи съезддин алдында, съезд учурунда жана андан кийинки учур чыңалуу менен сын айтышуудан, талаш-тартыш менен кармаштан көз тунарып, акыл менен сөз чарчап турган мезгил катары тарыхка кирди. Күнү бою көз күйүп, түн сайын карек каткан кезде кыргыз адабиятын негиздегендердин ар биринин жерден башка жакыны да, жан күйөрү да жок калган өз-өзүнүн гана жалгыздыгынын сөзүн угуп, өзүнөн башкага ишенбеген бир апаат учур болгон. Ал мезгилдин сөзүн жылан кылган, эки көзүн октолуу мылтык көргөзгөн да өзүбүз элек. Б. Исакеев ал мезгилде, жазуучуларга сес көрсөтүп сүйлөгөн кезде, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болгон, 1937-жылдын сентябрь айынын башында бул кызматтан алынган, «эл душманы» катары камалган.
Ошентсе да биз ар бир жума маалыматка, белгилүү адамдарыбыздын ал мезгилдеги бири-бирине болгон мамилелерин эске алуу менен аларга мүмкүн болушунча аяр, кылдат маани берип, себеп-шартын эске алып, анан гана ылайыктуу баа беришибиз керек. Аалы Токомбаевдин үй-музейинде Ж. Бөкөнбаевдин биз атаган макаласы сакталып турат. Анда макала басылган гезит бетинин баш жагындагы актай жерине Аалыкебиз өз колу менен: «Бул статьяны Бөкөнбаев «мен жазган эмесмин, Т. Үмөталиев жазып, кол койдуруп алган», – деп жазып койгон эскертмеси бар. Ким кандай түшүнсө өз эрки дечи, ошентсе да дагы бир жагдайды айта кетели. Т. Үмөталиевдин «Адабияттагы кошоматчылар» макаласы менен Ж. Бөкөнбаевдин биз атаган макаласы кандайдыр бир деңгээлде бири-бирине үндөш, бирин-бири улап тургандай таасир калтырат. А бирок бул макалада А. Токомбаев эле сындалбайт, аны менен бирге Ж. Бөкөнбаев, Ш. Көкөнов, Ы. Тойчунов, К. Маликов, К. Тыныстанов, Т. Жолдошев, Б. Кененсариевдин саясий каталары, жетекчилерге кошомат кылып, чыгармалар арнашканына чейин сын айтылат. Ж. Бөкөнбаев жөнүндө: «Жоомарт өзүнүн «Алтын кыз» аттуу поэмасын жол. Тууганбаева Мариямга арнаптыр жана ошол эле Мариям эже жөнүндө «Паровоз минген Мариям» деп атайын ыр жазган.
Жоомарт мындан тышкары да кыргыз элинин атынан элдердин атасы Сталинге жазылган катка азыркы күнгө бети ачылып отурган эки жүздүү, байчыл-улутчул Исакеев Баялынын атын киргизүүгө тырышкан», – деп көрсөткөн.
Ушундай түшүнүктүү жана түшүнүксүз күндөр өткөн. Ошол үчүн ал учурда кыргыз адабиятын негиздеген классиктерибиздин ар бири жүрөгүндө чыркырап турган чындыктын сөзүн угуп туруп, бийлик күчү баласын даргага асып жатканын көрүп буркураган энедей боору тилине ыйлап туруп эч нерсе айта алышкан эмес. Андагы окуя-фактылардын бардыгын, кызыктуу маалыматтарды бул күндө бирден санап таба албайбыз. 1937-жылдын 14-ноябры күнү саат сегиздерде Кыргызстан Жазуучулар союзунун имараты өрттөнүп кеткен. Башка мекемелер да, басма үйүнүн тең жарымы күйгөн. Жазуучулар союзунда жалгыз гана Пушкиндин бюсту калган. Бул кырсыкты да кимдир бирөөлөрдөн көргөндөр, шек санагандар болгон. Ооба, тарых жалаң жакшылыктан, жалаң салтанаттардан куралбайт экен, анын адам сыяктуу тагдыры болот экен. Анткени тарых деген адамдардын тагдыр-турмушунан жаралат тура.