КӨК ТЕҢИР
5-бөлүк
Отуз Огожо көмөгү – Токсон Тооп .
Токсон тооп – Отуз Огожонун жөлөгү
Тооп – зыярат кылуу, урматтоо, ардактоо дегендик. Ар бир Көк Теңир пендесинин таңдан-кечке эстен чыгарбай Көк Теңирге, Көк Теңир жараткан ыйык жайларга тооп кыла жүрүү ыйык милдети. Элдик нарк-насилдерди, салт-санааларды, үрп-адаттарды кармана жүрүү, ар кандай шарттарда батасын берүү да Токсон тооп курамына кирет. Ошондон «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» делинет.
Бүт Аалам эгеси, баарын жараткан Көк Теңир! Каарына алса – жазасын берээр, көңүлү түшсө – мээримин төгөөр, таяп жөлөөр да бир Көк Теңир.
Түшүндүрмө: — О, Теңир пендеси, Көк Теңир жараткан, көз жоосун алып караткан ар бир жайды, түшкөн түн менен аткан таңды, күндүзгү – Күндү, түнкү – жылдыздар менен Айды, асман мелжиген бийик чокулар менен агын суу жүргөн сайды да Теңирдин белеги деп түшүн. Күндүзбү же түндөбү, жолдобу же үйдөбү – дайыма Көк Теңирге, ал жараткан ыйык жайларга тооп кыла жүрүүнү унутпа, Теңир пендеси…
Ак дасторконго, адал даамга, бата сураган ар бир жанга бата бере жүрүү ар бир аксакал адам менен байбиченин айныгыс милдети. Ак ниет адамдарга ак батаңды аяба, Көк Теңир пендеси.
Элдик нарк-насилдерди, каада-салттарды, үрп-адаттарды кынтыксыз аткара жүрүү да Көк Теңир пендесинин туруктуу милдеттерине кирээрин унутпа, Жараткандын момундары.
Көк Теңир ар пенденин бардык аракетин көрүп, билип турат… Калыс, ак дил адамдын каалаганын кабыл кылат. Бүткүл Аалам ээси Улуу Көк Теңир экени эсиңден чыкпасын, момун пенделер!..
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен!
Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
1. Улук Көк Теңир – бирөө, ал бөлүнбөйт. Баарын жараткан Көк Теңир, ошондон аны Жараткан деп да, Эгем деп да айта беребиз. Каалаганын кабыл кылган, бол дегенин болтурган да бир Көк Теңирдин өзү. Көк Теңирге сыйынып, ал жараткан ыйык жайларга тооп кыла жүрүү ар бир пенденин парзы.
1 (1) Көк Теңирге багыштап, ар пенденин дайыма айта жүрөр дубасы:
О, Көк Теңир!
Жакшылыкты жерге, элге жалга,
Жамандыкты жерден, элден качыр.
Жашообузду оңго сал, Көк Теңир!
Бузулганды жолго сал, Көк Теңир!
Байгер жашоо бере көр,
Бар жакшылык элге бер, Көк Теңир,
Омийин!
1 (2) Эртең менен уйкудан турганда:
О, боорукер, Көк Теңирим,
Сен жөлөгүм, тирегимсиң.
Жарык Күндү аман көрдүм,
Жакшылыкты арбын бергин,
О-мий-ин! –
деп дуба кылып коюу сенин милдетиң, момун пенде…
1 (3) Кечинде төшөккө жатып, жаздыкка баш койгондо:
Жаттым тынч,
Жаздыгым кенч.
Дилимде – Теңир,
Тилимде – Абийир,
Тилегеним – Өмүр!
Омийин! –
деп уйкуга бет алуу да ар пенде күндө кечте кайталай турган дуба. Бул дуба да эсиңден чыкпасын Теңир пендеси…
2. Адам баласы үчүн Көк Теңирден кийинки эң бийик туюмдары –төрөлгөн Жери менен тууган Эли. Кайсы жерде төрөлүп, кайсы жерге киндик каны тамган болсо, пендеге ошол Жер бийик, ыйык. Төрөлгөн Жердин топурагы – алтын, ысыгы – салкын, чөлү – түр, тикенеги – гүл.
2 (1) Киндик каны тамган жерди кастарлоо ар пенденин күнүмдүк жашоодогу ар күнкү милдети. Адатта кары аталар-энелер Көк Теңирге, Жер энеге кайрылып:
Алас, алас, алас!
Ар палаадан калас!
Айлуу-Күндүү Теңирим!
Алтын жайлуу Жер энем,
Сарсанаага салбагын,
Санаалууга бербегин.
Тартышканга салбагын,
Талашканга бербегин.
Кийимдерге кир жукпасын,
Кирпиктерге чаң жукпасын.
Белесте атыбыз үркпөсүн,
Бешикте балабыз коркпосун.
Айлыбызда кырсык болбосун,
Аяктагы чайыбыз соолбосун.
Алтын баштуу Ата-Жер,
Эмчек баштуу Эне-Жер,
Амандыкты улап жүр!
Эсендикти курап жүр!
Тилегибиз ушудур,
Омийин! –
айтып сыйынышкан. Бул дуба да эсиңде болсун Теңир пендеси.
2 (2) Ата Журтка ак тилек айта жүрүү ар пенденин милдети… Ар пенде дагы айта жүрөр дуба:
О, Көк Теңир,
Төрөлгөн жерге Туу сайдым,
Жыгылбай турсун түбөлүк!
Түзөңгө буруп суу жайдым,
Түрдөнсүн түркүн гүл өнүп…
Киндик кан тамган жеримди,
Кадырлап-сыйлап жүрөлүк.
Асылым, туурум – Ата Журт,
Ардагым сенсиң түбөлүк,
Аны биз баалай билелик.
Омийин!
2 (3) Ар жылы жазында жер омкоруп үрөн сепкенде да Жер энеге ар бир дыйкан ак жүрөгүнөн тилек айтышкан:
Айланайын Жер эне!
Үрөн септим уучтап,
Жылуу жерден конуш тап!
Бу – жетим-жесирге,
Мунусу – карып-мискинге.
Бу – ач-арыкка,
Мунусу – алсыз карыпка.
Булар – курт-кумурскага.
Мунусу – сурамчыга.
А мунусу – тилемчиге.
Булары – саламчыга.
Калгандары – Сизге, бизге, мага.
Баба дыйкан жолдошум,
Бардык ишти оңдосун.
Тилегим жөн,
Өн, үрөнүм өн!
Береке бек байласын.
Бердик баба дыйканга,
Бири миңдеп чайласын.
Омийин!
2 (4) Көк Теңирдин ар пендесинин ар бир Ай жаңырганда жаңырган Айды карап дуба кылып коюу да ыйык милдети:
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегирлик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге – жемиш,
Жөөгө – улоо,
Жалкоого – мээнет,
Иштерманга – кут,
Ушакчыга – уу,
Ак ниетке – туз,
Баарыга мээрим заман көрдүм.
Айдан – аман,
Жылдан эсен бололу.
Келерки ушул күнгө,
Өсүп-өнүп тололу.
Бакылга – тар,
Бапылга – бай Ай бол!
Омийин!
3. Көк Теңирдин ар бир пендеси кайсы элдин тукуму болсо – ошол эл анын ыйык да, бийик да өзөгү. Бул Теңир берген чындык, аны эч ким тана албайт. Көк Теңирге моюн сунуп, өз элин, ата-тегин сыйлаган пенде эч качан кор болбойт. Өз тегин билүү, урматтоо, сыйлоо, ыйык тутуу – Теңирдин пендесинин туруктуу парзы. Ар пенде айта жүрүшү керек:
О, Көк Теңир!
Сен жараткан элим – деңиз,
Мен ошонун тамчысы.
Сен жараткан элим – дарак,
Мен ошонун бүчүрү.
Сен жараткан элим – Тоо да,
Мен ошонун күкүмү.
Элим барда – мен да бармын,
Элсиз – жок жашоо үзүрү.
Бардар заман болсун,
Элим аман болсун,
Эл ичинде мен аман болоюн.
Омийин!
4. Үч күлүк – Мезгил, Ой, Жел.
Түшүндүрмө: Кыргыздар Теңирчилик ишениминде Көк Теңир жараткан үч күлүктү ыйык тутуп, жаратылыштын бул үч көрүнүшүнө сый-урмат менен мамиле кылышкан.
5. Мезгил жөнүндөгү Отуз Огожо дувасына дагы кошуп мындайча дуба айтышат:
О, Көк Теңир,
Убакыт учкул эби жок,
Башталган-бүткөн чеги жок.
Ар пенде үчүн бөлүнгөн,
Өлчөнүп ашык-кеми жок.
О, Көк Теңир,
Өлчөнгөн өмүр – узак болсун,
Өлүмгө – эмгек тузак болсун.
Дилим – Теңирге,
Эмгегим – өмүргө,
Аракетим өзүмө көмөк болсун!
О, Көк Теңир,
Мезгил күлүк токтобогон,
Мен күнөөкөр пендең болом,
Тилегендин тилегин бер,
Мезгил жолун узарта көр.
Омийин!
6. Ой күлүктүгү да талашсыз чындык. Адамга Теңир берген олжонун бири – Ой.
О, Көк Теңир,
Оюм күлүк билемин,
Оюмда Теңир тирегим.
Жатсам дагы, турсам да,
Жолдо же үйдө калганда,
Же сыркоолоп калсам да,
Жан-дилимде Теңирим!
Омийин!
Түшүндүрмө: Ойлонбогон адам болбойт. Жакшы ой Теңирге жолдойт, адамды колдойт.
Адам жакынды да, алысты да, бийикти да, жапызды да ойлойт. Бүгүн менен эртеңди да ойлойт. Ойго чек жок. Ойдун бийиги, ойдун тереңи, ойдун түбү да – Көк Теңир.
Ар пенденин ою Көк Теңирге түз болсун. Жолуң ача болсо да – оюң таза болсун! Ою ак, таза адамды Көк Теңир колдойт, андай адамдын иши оңолуп, кем-карчы болбойт. Оюңду дайыма таза тут, Теңир пендеси…
7. Үч күлүктүн дагы бири – Жел. Отуз Огожо Жел дувасына кошуп айта берсе ашык болбойт. Теңирим ал пенденин тилегин берет:
О, Көк Теңир!
Талбас күлүк Жел минип,
Оюм менен тең жүрүп,
Мезгил жолун кармадым.
Бар өмүрдү, дилимди,
Бир өзүңө арнадым.
Кара иштерди Жел менен,
Кара Жерден айдап кет.
Кара ниет, пастарды,
Калк ичинен байлап кет.
Ата Журтум ажары,
Атыр Желге жашарсын.
Адам пейли, көңүлү,
Атыр Желдей тазарсын!
Омийин!
8. Көк Теңир эскертет:
Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Куюнга кабылба, кабылсаң Теңирге сыйын!
Желди карап түкүрбө.
Желди беттеп заар ушатпа.
Жел ойногон жерге от жакпа.
Учкул Желди тушап болбойт.
Ууру жолу узак болбойт.
Жашоонун атасы – Күн,
Энеси – Жер,
Каны – Суу,
Жаны – Жел (аба).
9. Көк Теңир адам баласына төрт ыйык нерсени: Сууну, Отту, Нанды, Тузду берди. Буларсыз сенде жашоо жок, сенин өмүрүң ушулар менен андыктан аларды ыйык тут деди.
10–11. Көк Теңир жараткан Суу ыйык. Көк Теңир сөзү:
Тирүүнүн каны – Суу,
Ажалдын суусундугу – Уу.
Суу атасы – Булак,
Сууга, кудукка сыйын, булгаба.
Булактын көзүн ач.
Агын сууну сабаба,
Аккан сууга түкүрбө.
Аккан суу – адал, адалды кол-бутту жууп арам кылба.
Агын сууга кирбегидей жерге алпарып жуун.
Агын сууга кир жууган кесирлик.
Жаман түшүңдү сууга айт, суу менен агып кетсин.
Суу башынан тунат.
Тамчы суу – өмүр азыгы.
Жер көркүн – көл ачат.
Сууга чөккөн адам – өлөт, кайгыга чөккөн адам – көнөт.
Суу – жерге, байлык – элге.
Суу бар жерде – жашоо бар.
12. Отко табынып, отко алкыш айтуу ар пендеге милдет:
Бай сабааны туттурган – От энем,
Байгер журтту журт кылган – От энем.
Улуу сабаа туттурган – От энем,
Узун желе байлаткан – От энем.
Күкүрт таштын башынан,
Күркүрөп күйгөн – От энем,
Күн тийгендин жеринен,
Күбүнүп күйгөн – От энем,
Ысыгыңды аяба,
Ырайымың ченебе,
Ыйык энем – От эне!
Омийин!
13. Көк Теңир эскертет:
Отко табын, отту теппе, шамалды сөкпө.
Очокту аттаба.
Отту бутуң менен ичкертпе.
Отко түкүрбө.
Отту тегеренбе.
От күйгөн очокко заар ушатпа.
Оттун күлүн сапырба, ырыскыңды качырба!
Кеч киргенден кийин үйдөн отту талаага алып чыкпа.
14. Адамга берилген төрт ыйыктын дагы бири – Нан экени талашсыз
чындык. Көк Теңир сөзү:
Нан – өмүр азыгы.
Нанды сыйлаган жакшылыктын эшигин ачат.
Нан атасы – дан.
Нан күкүмү жерде калбайт.
Нанды сыйласаң – Теңир сени сыйлайт.
Ашык наныңды алсыздан аяба.
15.Көк Теңир берген Төрт ыйыктын дагы бири – Туз. Көк Теңир сөзү:
Туз адам сөөгүн бекитет.
Туз таткан жериңе кара санаба.
Бир жолу туз таткан жериңе, миң жолу салам айт.
Тузга түкүрбө.
Туз тамакка даам берет.
Түн киргенде бирөөгө туз бербе – ырыскың кошо кетет.
16. Көк Теңирдин дагы эскерткендери:
Ырыскынын (даамдын) адалы, арамы болот.
Адал тамак ырахат алып келет, арам тамак оору-сыркоо берет.
Адал тамактын – үзүрү болот, арам тамактын – кусуру болот.
Адал тамак ичкенге – аш, арам тамак ишкенге – таш.
Түшүндүрмө: Адал тамакка желе турган бардык дан өсүмдүктөрү – жашылча азыктары (козу карындан, уулуу жемиштерден башкасы); жандыктардан кан ичпеген жаныбарлар: койдун, эчкинин, жылкынын, уйдун, төөнүн; тоо кийиктеринен: аркар-кулжалардын, тоо эчкилеринин, коёндун; канаттуулардан: тооктун, өрдөктүн, кекиликтин, улардын, көгүчкөндүн, бактектин; суу жаныбарларынан: балыктын бардык түрлөрүнүн эттери ж. б. кирет. Адал малды соёрдо 9-баптын 87-бөлүмүндөгү дуваны айтып туруп мууздай берүү жетиштүү болот. Башка кан иччү жаныбарлардын баары: иттин, чочконун, мышыктын, арстан-жолборстун, бөрү-түлкүнүн, ит-куштун ж. б. эттери арам делет. Элибиз ушул эстутумду атам замандан бери сактап келатат. Адал даамды аттаба да таштаба, арам тамакты колдонбо да кармаба, Теңир пендеси…
17. Көк Теңир берген төрт ысык – АТА-ЭНЕ, алган – ЖАР, эңсеп тапкан – УУЛ-КЫЗ, оттуу – ОЧОК, МАЛ-КЕЛ.
18. Көк Теңир сөзү:
Адамга ата-энеден өткөн жакын, ата-энеден өткөн ысык жан жок.
Сага өмүр берген, сени жарыктыкка алып келген Көк Теңир, андан кийин ата-энең.
Улууга – урмат, кичүүгө – сый.
Карысы бардын – ырысы бар.
19. Сага асыл акылын берген атаң. Сага эл тааныткан, жер тааныткан да атаң.
Атаны сыйла, атаны сыйлагандын өзү сыйга татыйт.
Ата сакалы – Көк Теңирдин белеги.
Көк Теңирдин белеги ыйык да, ысык да болот.
Атаны сыйласаң – сыйга батасың, сыйлай албасаң – тозоктун эшигин ачасың.
Атасы жакшы – айттырбайт, теги жакшы – дедирбейт, сөөгү жакшы – сөктүрбөйт.
Атанын кадырын билген уул эл багат, эл баккан уул Теңирин табат.
Ата сөзү – уулга эм болот, ар ишинде дем болот.
Жети атасын биле жүрүү – ар бир уул милдети.
Ата каргышы – ок, эне каргышы – пок.
20. Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз.
Эне – соолбос булак, түгөнбөс мээрим, чарчабас дулдул, жаңылбас булбул.
Эненин эмгеги эки дүйнөдө эстен кетпейт.
Жашоонун бейиши – эненин таманында.
Энени кор туткан адам – эки дүйнөгө батпас жаман.
Эненин бир күлкүсү – ачык Күндүн мээримине барабар.
Эне акылы – түбү терең деңиз, чабак билген гана деңизде сүзө алат.
Атанын билеги күчтүү, эненин тилеги күчтүү.
21. Көк Теңир сөзү:
Ата-эне үчүн эң ысык нерселер – уулу менен кызы:
Атадан үч түрлүү уул төрөлөт: бири – атадан кем бала, бири – атага тең бала, бири – атадан артык бала.
Атадан кем бала – атага наалат келтирип, ар ишинде кемчилик. Өтүп кетет дүйнөдөн өзгөлөр жаман деп жүрүп. Мындай баланы – бир үйдүн Жуту дешет.
Атага тең бала – таалим-тарбиясы так болот, ата-энени кубантып ар кылганы бап болот. Атанын атын чыгарат, айылы бүтүн кубанат, ар кадамы өрүлөп, атанын уулу дедирет. Мындай баланы – Атанын уулу дешет.
Атадан артык бала – ар кылганы даана, сөзүндө – мээрим, өзүндө – ишеним, ишинде – ийгилик коштоп жүргөн болот. Андай уул бир эле айылдын эмес – бүтүндөй элдин кубанычы, бир айылды эмес – бүтүндөй элди багат. Эмгегинен үзүр табат. Эл ичинде жүзү жарык, эки дүйнө иши анык болот. Андай уулду – Элдин уулу дешет.
Андай уул бардык элге бирдей. Ошонусу менен атадан артык делет.
22. Энеден да үч түрлүү кыз төрөлөт: бири – энеден кем кыз, бири – энеге тең кыз, бири – энеден артык кыз.
Энеден кем кыз – кемегеден башы чыкпаган, басып жүрүп уктаган, айткан кеби жукпаган бир жан болот. Аны көргөн-билген баягы байкуш деп коёт. Аны бир үйдүн жуту дешет.
Энеге тең кыз – барган жеринде бакыттын гүлүн баккан, жүргөн жерин мээрими жапкан, этегинен жалгап уул менен кыздарды тапкан жан келет. Андай кыз мээримин бир үйгө эмес – бүтүндөй айылына төгөт. Андай кыз айылдын куту делет.
Энеден артык кыз – бардык иши так келген, алыс-жакынды бирдей көргөн, чоң-кичинеге, алыс-жакынга мээримин бирдей төккөн, өзүм дебей – элим деген, үйүм дебей – Журтум деген, пастыктан алыс, баарыга калыс, абийири таза жан келет. Андай кызын эл – бир элдин Туусу дешет.
Кандай уул, кандай кыз болсо да баары ата-эне үчүн ысык! Ошондон энелүү бала карыбайт дешет.
23. Көк Теңир сөзү:
Кур бешикти терметпе.
Жаш баланы күзгүгө көрсөтпө.
Балага жаңы кийим кийгизгенде – бетинен өп.
Жиликтин чучугун балага бербе – кайрымсыз болуп калат.
Түн ичинде баланы атынан чакырбайт.
Уйкудагы наристени өппөйт.
Наристенин таманынан өппө – жүгүрүк болуп калат.
Наристе корксо – апап кыл, бирөөнүн көзү түшсө – суксук кыл.
24. Караңгыда кыз бала сууга барбайт.
Кош бойлуу келин капка отурбайт.
Келинди отко киргизгенде май жедир.
Суу көтөргөн апкечти (баканды) аттаба.
Үйгө кирип-чыкканда босогону оң бутуң менен атта.
Жаңы келген келинге жесир же күйөөсү менен ажырашкан аял жоолук салбайт.
25. Эркекке да, ургаачыга да дагы бир ысык нерсе – Теңир кошкон Теңи, сүйүп алган (тийген) жары.
26. Теңир сөзү:
Адам ата-энесине да айтылбай турган сырын Теңир кошкон теңине айтат. Кубанычтарын да, кайгыларын да жубайлар тең бөлүшөт.
Бул кошмок – Адам ата менен Обо эненин ыйык жолу.
Обо энени Көк Теңир Адам атага жуп кылып жараткан.
Аялдын орду эркектин сол ныптасы.
Түнкү уйкуга жатканда да аял жатчу орун ошол сол ныптада.
Эрди-катын – эриш-аркак.
Эр – баш, катын – моюн.
Үй-бүлөнү бузган, шаар бузганга тете.
Эрди-катын бир төшөктө жатып, эки башка түш көрөт.
Эрди-катындын ынтымагы – капкалуу калаанын берекеси менен барабар.
27. Адамга ысык делген дагы бир нерсе – анын оттуу ОЧОГУ.
28. Көк Теңир сөзү:
Очок – үйгө береке, дасторконго – токчулук, ошондон очоктогу от улук.
Очокту кырк эркек жандыра албайт, бир аял шаң кылат.
Очок жанып турса – үйдүн куту, өчкөн очок – үйдүн жуту.
Очоктун жаны – от, берекеси – аял, байлыгы – тамак, даам.
Очоктун оту күйүп турса, меймандын жүзү күлүп турат.
Үйүңдүн ичи тар болсо да, очогу бар болсун.
Үйүңө келгенге таарынчы айтпа.
Очок ээсинин кабагы – меймандын сүйгөн тамагы.
Отурган ордуңду, от жаккан очогуңду, конгон журтуңду тазалап кет.
29. Көк Теңир берген адамдагы ысык нерселер: маңдай тер менен тапкан МАЛ-КЕЛИ, жыйган ДҮНҮЙӨСҮ.
30. Теңир сөзү:
Мал арыгын сактасаң – ооз майлайт, киши арыгын сактасаң – ооз кандайт.
Мал тапкандыкы эмес – баккандыкы.
Мал бакканда баары бар.
Мал көтөрөт – өлүмдү, дос көтөрөт – көңүлдү.
Мал баккан ток болот.
31. Дүнүйө колдун кири, бирде бар да, бирде жок.
Колунда бар бала сүйкүмдүү.
Чайыңдын түбүн төкпөй ич – ырыскыңдан айрыласың.
Бар туруп – жок дебе.
Бышып жаткан тамакты таштаба.
Үйүң тар болсо да – ичиң кенен болсун.
32. Көк Теңир адамга берген төрт таттуу, бул – ӨМҮР, ҮМҮТ, ЧЫНДЫК, ЫНТЫМАК.
Көк Теңир сөзү:
Өмүр киндик кан тамган жерден башталат.
Өмүрдөн жамандык күтпөйт, өлүмдөн жакшылык күтпөйт.
Өмүрдүн таттуусу ооруганда билинет.
Өмүрдү баалай албасаң – ооруга чалдыгасың, оорунун алдын албасаң – өлүмгө кабыласың.
Алтынды каптап тапсаң да – бир күндүк өмүргө зарсың.
33. Үмүтсүз – шайтан.
Адам Үмүт менен жашайт.
Үмүттүн тилеги – жакшылык, максаты – ийгилик, жолу – ачыктык, колу – марттык.
Чырагың өчсө да – үмүтүң өчпөсүн.
Байлыгың кетсе да – үмүтүң өлбөсүн.
34. Чындык ийилсе да сынбайт.
Алтынды катса болот, чындыкты ката албайсың.
Чындык айтылган жерге – калптын карааны жолобойт.
Чындыкты арканга байлабайт, калптын казаны кайнабайт.
Чындык, акыйкаттык, калыстык – ажырагыс жолдош, аларды ажыраткан эгерим эки болбос.
Актык – чындыктын жанжолдошу.
Чындыкты тана албайсың – достукту чана албайсың.
35. Ынтымак болбой иш оңолбойт.
Ынтымагы бар элдин Туусу – бийик, мингичи – күлүк.
Ынтымагы бар үйдүн коногу – ырыс, ынтымагы жок үйдүн коногу – уруш.
Ынтымактуу достор ырыстын жолун ачат, ынтымагы жоктордон ырыс-таалай алыс качат.
Ынтымактуу элдин ар тарабы ачык, айтаар сөзү жатык, басаар жолу айкын болот.
36. Көк Теңир эстей жүрүүнү тапшырган төрт ачуу бар, алар – ӨЛҮМ, ООРУ, КАРЫЛЫК, ЖОКТУК,
37. Көк Теңир сөзү:
Жаралгандын баары өлөт, өлбөс бир гана Көк Теңир.
Өлүккө жараша – ый, кадырга жараша – сый.
Өлүм бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
Өлүмдөн башканын баары өзү келбейт, өмүрдү сурасаң карызга бербейт.
38. Өлгөнгө өкүнбө – тирүүлүгүңдү тиле.
Өлгөндүн артынан өлмөк жок.
Өлгөн тирилбейт – өчкөн жанбайт.
Тирүүнүн жолу улана берет. Ошондон жол ыйык делет.
Жол оңдогон сооп табат, жолду бузган каргыш алат.
Жолуңду оңдоп жүр, көрпенде.
39. Ооруну жашырсаң – өлүм ашкере кылат.
Оору кайда болсо – жан ошол жерде.
Оорулуу жылмайса – айыкканга тете, арамза жылмайса – алдаганга тете.
Оору – өмүр бычагы болот, орой сөз – көңүл бычагы болот.
40. Ар бир адамдын сурап албас энчиси – карылык.
Кары адамда өмүр кетилет – акыл жетилет.
Кары келсе аш менен сыйла, жаш келсе иш менен сында.
Кары сөзүн капка сал – ачкан сайын кереги тиет.
Кары адамды сыйлай жүр – сага да кезеги келет.
Карылык намыс эмес – урмат.
41. Жол азабын – аты бар билбейт, ач кадырын – малы бар билбейт.
Жоктун бир арманы бар – бардын миң арманы бар.
Жалкоонун жандоочусу – жок, жокко суу да жок, алып ичер идиш да жок.
Жоготконду издеп тапкан-адам акылы, жоктон барды жараткан – Теңирдин буйругу.
Жокчулук азаматты алсыз кылат, буту-колун тушап турат.
Жок дей берген жокчулукка кабылат.
Жок дарысы – эмгек.
42. Адамдын Көк Теңир тартуулаган төрт досу бар, алар – АКЫЛ, БИЛИМ, АБИЙИР жана ЭМГЕК.
43. Көк Теңир сөзү:
Адамдын досу – акыл.
Тарбиянын башаты – акыл, пайдубалы – абиир, керегеси – нарк-насил, ууктары – сабак.
Акыл ар пендеге бирдей берилет, аны өстүрүү ар пенде үчүн жекече касиет.
Пейилиң түз болсо – акылың саз болот, пейилиң бузук болсо – акылың пас болот.
Акылдуу адамды – сөзү билдирет, акылсыз адамды – көзү билдирет.
44. Акылдын шериги – билим, көлүгү – илим, тиреги – окуу, жайыты – эмгек.
Билеги күчтүү – бирди жыгат, билими күчтүү – миңди жыгат.
Акылдуу адам – билимге умтулат, акылсыз адам – байлыкка кол сунат.
Акыл өнөр табат, өнөрлүү элин багат.
Акыл менен билимди катып болбойт.
Акылдууга – иши айгак, билимдүүгө – сөзү айгак.
Билим – түгөнбөс кенч, канча казсаң түбүнө жетпейсиң.
Өнөр соолубас булак, улам жаңысы оргуп чыгат.
Өнөрдүн түрү көп, аны өркүндөтчү – эмгек.
45. Абийирин сактай билген адам – түбөлүктүүлүк жолун ачат.
Абийирсиз уул атасына асылат.
Абийириңди жашыңдан сакта.
Жамандыктан сактаган да – абийир, жакшылыкка баштаган да – абийир.
Абийир тапса баласы – атасына бак конот.
Абийир жаштан – акыл баштан.
46. Көк Теңирдин калыстыктан тайдырбас ар бир пендесинин абийирине байлаган үч сурагы бар:
46 (1) Абийир сурагы (Абийир соту) – бул Көк Теңир ар бир пенденин абийирине байлаган, ар биринин жан дүйнөсүнө жараша, ар кимдин ички сезимине, ар бир пенденин пейилине байлаган калыс сот. Бир жолу абийир сотун аттасаң, ал сенин жан дүйнөңдү өмүр бою кыйнайт, эзет. Аны башкадан: жолдошуңдан, кошунаңдан, шериктешиңден жашырсаң да – өзүңдөн, өз дилиңден, жүрөгүңдөн жашыра албайсың. Абийир соту үчүн мөөнөт узактыгы жок, арадан баланча жыл өттү деп адам сотунан актансаң да, абийир сотунан актанып кете албайсың. Ал сенин өмүрүңдүн акырына чейин ээрчигени-ээрчиген, сени эзгени-эзген. Азыр бардык жерде колдонулуп жаткан «Детектор лжи» делген аппарат дал ушул Абийир соту, сен жат жосунуңду канчалык жашырып танган менен түпкүрдөгү аң-сезимиңде ал жосунуң кылт этип эсиңе түшө калып, аны аппарат көрсөтүп коюп атпайбы! Көк Теңир пендеси, өз Абийириңди таза тут. Өз абийирине ак пенде Көк Теңирдин мээримин табат.
46 (2) Мезгил сурагы (Тарых соту) – бул да кара кылды как жарган калыс сот. Теңирдин ар бир пендеси артында жакшы атым калса дейт. Урук-тукумума наалат калбаса экен дейт. Аны үчүн өз абийирин туу тутуп, ак жүрүшү эп. Ар бир кадамын калыс таштаганы жөн. Ошондо гана ал Тарых сотунун калыс чечимине татып, Эл алдында жүзү жарык, тарых алдында иши ак болот. Ар бир пенденин Тарых сотун эстен чыгарбаганы, Көк Теңирдин жолуна пейилин ак кармаган жүрүм-туруму, элге кылган адил мамилеси – аны Тарых сотунан актап чыгарын унутпаганы жөн болор. Андай адамды Көк Теңир колдойт, тарыхта унут болбойт, элинин түбөлүк эсинде калат.
46 (3) Теңир сурагы (Теңир соту) – акыркы жооп берчү сот ушул, мындан эч ким качып кутулбайт. Тирүүлүктө билип-билбей жасаган күнөөлөрүң үчүн жооп берчү адилет сот – Теңир соту. Акыры чын дүйнөгө өткөндө өзүңдүн ар бир кадамың үчүн жооп берчү кез келерин унутпа, момун пенде… Адам өмүрү түбөлүк эмес!..
47. Көк Теңир сөзү:
Абийир үчүн ак жүр, ар ишиңде так жүр.
Абийир адамды бир калыпта кармап турган коргон, ал бузулса оңдоо кыйынга турат.
Акылдын жайы-башта болот, абийирдин жайы – жашта болот.
Жашыңдан абийирдүү бол.
48. Эмгек – дайра, билим – кеме.
Эмгеги аздын – өнмөгү аз.
Эмгек азоо ат – максат аны үйрөтүштө.
Эмгектен арыктасаң – түшүмүнө семиресиң.
Эмгекчилдин үзүрү – байлык, билимдүүнүн пикири – байлык.
Эмгек – эрдин көркү, эр – элдин көркү.
49. Көк Теңир алыс боло жүр деген адамдын төрт касы бар, алар – ЖАЛКООЛУК, АЧ КӨЗДҮК, УУРУЛУК, КОШОМАТЧЫЛЫК.
Көк Теңир сөзү:
Жалкоолук – адамды карытат, эмгек адамды байытат.
Жалкоонун шылтоосу көп.
Жалкоо үчүн күндүн батмагы азап.
Жалкоо киши уйкучул, жаман киши кыйкымчыл.
Жалкоо – аш болсо дейт, эмгекчил – иш болсо дейт.
Жалкоонун жолдошу – кашаңдык, жандосу – ыкшоолук, жардамчысы – шалаакылык.
50. Ач көз байыс – ачка уктайт.
Ач көздүн досу – сараңдык, сырдашы – сүткорлук, муңдашы – ич тардык.
Ач көздүн айдаган эгини өнбөйт, байлаган малы семирбейт.
Ач көздөн айран сураба, сурасаң акысы кана дейт.
51.Уурунун өзү тойсо да – көзү тойбойт.
Ууру менен конок айттырып келбейт.
Уурунун пейили кара – өз көйгөйүн элден көрөт.
Ууру менен ач көз – ажырагыс дос.
Уурусу күч болсо – мал ээси доого жыгылат.
52. Кошоматчынын кош жүзү бар, бири менен күлүп турат, бири менен
улуп турат.
Кошоматчы койдум дебейт, соргок тойдум дебейт.
Кошоматчыда уят болбойт, калың бети кызарып койбойт.
53. Кошоматчынын кошунасы – мансапкорлук, кыйбасы – пастык,
жандосу – уятсыздык.
Уятсыз кошоматчыдан ашкан жоо жок.
Пейили пас кошоматчыны көралбастык жетелейт.
6-бөлүк
Көк Теңир ар бир элге (улутка) ыроологон эң ыйык энчи – САЛТ
Түшүндүрмө: Салт – элибиздин өз ара мамилесиндеги калыптанган бузулгус жүрүм-турум эрежеси.
Көк Теңир энчилеген салттарды бекем тутуп жүрүү ар бир пенденин ыйык милдети. Салтты унуткан өз улутунун төл жолунан адашат, ар түрдүү элдин салттарын ээрчип ара жолдо калат.
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
54. Көк Теңир сөзү:
Адамзатка салт камдадым, басар жолун билсин деп, калып калбай, аша чаппай, бир калыпта жүрсүн деп.
Ким сактаса салт-санааны, эки дүйнө жолу ачык. Бейиш болот барар жайы – пейилине жарашып.
О, пенделер, таза кармап пейилилиңди, оң жол менен жүргүлө,
Салт-санаанын сен карманган ыйыктыгын билгиле…
Досуңду тааныбай калсаң да – салтыңды таанып жүр, Теңир пендеси…
55. МЕЙМАНДОСТУК – Теңир берген ыйык салт, ар пенденин милдети – мейманды күт ардактап.
Мейман менен ошол үйгө кошо келет ырыскы, кесирленип кууп салба өзү келген ырысты.
Мейман келгенде кабагыңды бүркөбө.
Коно жаткан мейманды эрте ойготпо – кет дегенге барабар.
Конокту кучак жая кабыл алып, кучакташып узат.
Конокко тамак бергенде, алгачында өзүң ооз тий.
Конок конуп кетсин, көңүлү толуп кетсин.
Конокко алтын буюм тартуу кылсаң да – баш кийим тартуу кылба.
Конокко душманың келсе да, узап кеткенча кабак бүркөбө.
Меймандостуктун да чеги болот – чегинен ашсаң өзүңдү тепсеп коёт.
56. ЖООМАРТТЫК – да Теңир ыроологон салт, жоомарт болсо артылат адам баркы. Жоомарттардын ар дайым жолу ачык, ырыс-куту төгүлөт ашып-ташып…
Жоомарттын жолдошу көп, жол жүрсө колдоочу көп.
Март адам бердим дебейт.
Марттын жүзү жарык.
57. АЙКӨЛДҮК – адамдагы бийик сапат, Айкөлдөрдөн жамандык алыс качат. Айкөлдүк – нуру жанган Теңир жолу, милдетиң ушул жолдон тайбас болуу.
Айкөл жандын ичине – Ала-Тоодой жүк батат.
Айкөлдүн көңүлү – Күндөй жарык, баарыга бирдей тиет.
Айкөлдүк менен асманда чек жок.
Айкөлдүн пейили Ааламдай – кенен, деңиздей – терең, Жердей – күчтүү, Күндөй – жарык.
Айкөл элдин келечеги кең.
Ак соотунун жакасы бар, жеңи жок, Айкөл жандын ачуусу бар, кеги жок.
Айкөлдүккө да акыл керек – антпесе азабын өзү көрөт.
58. АДИЛДИК – Көк Теңирдин таразасы, ал тараза таштары – чындык,
теңдик, тазалык, тактык, боорукердик, кайрымдуулук.
Ушул сапаттардын бири кемисе – тараза тең салмактыгын жоготот.
Адилдик алыс качат. Адилдиктен адашпа, көрпенде!…
Адилдиктин атасы – чындык, энеси – калыстык, жүрөгү – тазалык, тилеги – актык.
Адилдик ар пенденин колунан келбейт, пейили тар адамдар эртеңин да көрбөйт.
Адилдик адам көркү – андай көрк калыс адамга энчи.
Адилдикти абийир сактайт, абийирдүү адам жаман жолго баспайт.
69. ТЕҢДИК – Көк Теңирдин бардык адамзатка бирдей ыроологон энчиси.
Көк Теңир алдында хан да, кул да, эркек да, аял да, кары да, жаш да бирдей. Бардык улуттар арасына да Көк Теңир ушул ТЕҢДИК салтын ыроологон. Теңирин унуткан – теңдикти унутат, бири-бирин басмырлайт. Ошонусу менен Көк Теңирдин каарына калат.
Теңир – теңдиктин тиреги. Теңдик бар жер – ийгиликтин түнөгү.
Тең жүргөндү Теңирим сүйөт.
60. ЭРКИНДИК – Теңдик менен кошо жүрөт, бир туруп, бирге басып, бирге түнөп… Ажырашса – бул экөө тең жоголот, көздөн кайым издесең тапкыс болот.
Эркиндик – Көк Теңир ар бир пендеге төрөлгөндөн берген ажырагыс энчиси. Бирөөнүн эркиндигин себепсиз басмырлоо – Теңир алдында чоң күнөө кылгандык.
Эркиндик – көңүл канаты, ансыз алыска уча албайсың.
Эркиндикти самабагандын – сезими жок, эркиндикти тангандын – намысы жок. Эркиндик – эр адамга күч берет, кул адамга – муш делет.
61.ЫНТЫМАК болсо элиңде,
Ырыс-кешик жериңде.
Ынтымак болсо үйүңдө,
Кут конгону төрүңө.
Теңирдин жолун бек тутуп,
Ынтымактан бөлүнбө.
Ынтымактын башаты – кечиримдүүлүк.
Ынтымак менен кечиримдүүлүк кош тизгин, кечиримдик ынтымакка жол ачат.
Ынтымактын коюну – бакыт, кучагы – кут.
Ынтымак бар жерде – ырыс бар.
Ынтымактуу үй-бүлө –Теңирдин сүймөнчүгү – берекеси артылып кемигенди билбейт. Ынтымаксыз үй-бүлө – кемегенин өчкөн күлү – канчалык үйлөсөң да жылуулук бербейт. Ошондон улам элибиз: «Ырыс алды – ынтымак» – дешет.
62. БООРУКЕРДИК Теңирден келген сезим, боорукерлер түгөтпөйт көрөңгөсүн. Боорукер бол, көрпенде, бул жашоодо, Көк Теңир өзү берет эртеңкисин.
Боорукер пенденин жүзү мээримдүү.
Жетим-жесирге берген жардамың өзүңө он эселеп кайрылып келет.
Боорукердин колу ачык – жок дегенди билбейт.
Боорукер – үшүгөндү жылыткан Күнгө окшош.
Боорукерди ырыс-кешик ээрчип жүрөт.
7-бөлүк
63. Көк Теңирдин адамзатка берген дагы бир тунук жөрөлгөсү – НАРК-НАСИЛ.
Түшүндүрмө: Нарк-насил – элибиздин ар бир жаранынын өз ара мамилесиндеги байыртадан ыйык карманган түпкүлүктүү, өзгөрбөгөн туруктуу эстутуму. Көк Теңир адамдарга нарк-насилди бек кармап жүрүүнү табыштаган.
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
64. Көк Теңир сөзү:
Нарк-насилдин туу чокусу – ЭСТУТУМ, эстутуму жок элдин келечеги жок. Келечеги жок эл – бир жолку нөшөрдүн сели – жамгыр токтоору менен жок болот.
Эс-тутуму бек эл – соолбос дайра, багытын бузбай ага берет.
Эл өзөгү – эстутум, нарк-насил – бутагы, музыка – жан дүйнөсү, адабият – азыгы, тарых – каны, тил – жаны.
Тилин, дилин жоготкон элдин өзү жоголот.
65. Салт тазасы – АДЕПте, кол тазасы – жүрөктө, күч тазасы – билекте, ой тазасы – тилекте. Тилеги таза адамга Көк Теңир тилегенин берет.
Адепсиз адам – жүгөнү жок ат, башы оогон жакка кете берет.
Адептүүнүн – сөзү сылык, ою – тунук, айтканы – орундуу, кийгени – болумдуу.
Адептүү адамда намыс болот, ар иште калыс болот.
Адептүүлүк – адамдын көркү, ал энчи ар дайым адамдын өзү менен.
66. Акылмандын сөзү кыска, айткандары – НУСКА.
Нускалуу кары – бир айылдын туткасы, карылардын – көч башы, жаштардын – устаты.
Нуска – уккандардын баарына эле жукпайт, туткандарга гана жугат.
Нуска айтуу карыга – милдет, уккан жаштарга баалуу – мурас.
67. МУРАС – нарк-насилдин өзөгү, мурастын кан-тамыры – акыл, баалуу жүгү – турмуш, түшүм талаасы – эл.
Элдик эстутумдун асыл баалуулуктары көөнөргүс мураска айланат.
Көк Теңир нарк-насилди мурас кылып элге берген. Аны кийинки муундарга үйрөтө жүрүү ар бир ата-эненин парзы.
Ата балага, эне кызга үйрөтөт, мындай мурас жолу ошентип уланып кетет. Бул акыл мурасы…
68. Мурастын мүлктүк да түрү бар:
Атанын негизги мүлктүк мураскору – анын кенже баласы.
Атанын бардык байлыгы кенже уулуна өтөт.
Андан мурунку уулдарына өз алдынча түндүк көтөрүп берүү, үйлөнтүү ата милдети.
Эне мурасы – анын өз кызына деген өздүк буюм-терими, акыл-насааты. «Энесин көрүп кызын ал» деген ошондон. Эне акылы канча болсо – кыздын акыл куржуну ошончого толот.
69. Көк Теңир буйруган дагы бир ырасым:
Жыл ичинде бир ай (отуз күн – ай жаңыргандан кайра жаңырганча) орозо кармоо ар бир пенденин милдети. Орозо – жыл сайын бир ай алга жылдырылып, келерки жылы андан кийинки Айдын жаңырышын коштоп улантыла берет. Орозо адамдын пейилин тазартып, ар кандай катаал шартка, ачка-токко чыдамкайлыкка, Теңирге моюн сунгандыкка, Ата Журтуна жанындай берилгендикке үйрөтөт.
Орозо күндөрү таң эрте ооз бекиткенде, кеч күүгүмдө ооз ачканда айтылчу дувалар:
а) Орозонун башталышынан тартып ар күнү эртең мененки жерге жарык түшөрдөгү ырыскы-тамакты татарда:
Теңиримдин жолуна! Алган ашты, ар кадамды адал кыла көр! – деп баштап таңкы ырыскыны ала берсе болот. Ооз бекитүүдөгү бата-дуваны тамактан мурун айтып жүргөндөр да кезигет, батадан кийинки ичилген тамак ооз ачканга барабар болуп калат. Ошондуктан ооз бекитүүдөгү дува-батаны тамак ичилген соң айтуу керек. Ооз бекитүүдө таңкы тамактан соң айтылчу дува:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Жараткан Көк Теңирим, Орозосун кабыл кыл ар пендеңин. Кармадым дилим менен Орозону, тутунганым Ак чындык – Теңир жолу. Бекиттим, таңдан-кечке даам татпайм, Теңирдин ак жолунан чыкпайм-кайтпайм. Көк Теңирде пейилим, Орозомду кабыл кыл, О, Жараткан, Теңирим! Омийин!
б) Кечинде, күүгүм түшкөндөн соң, ооз ачар тамакты ичээр алдында айтылчу дува:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Жараткан, Көк Теңирим! Өткөрдүм Орозонун да бир күнүн. Орозомду кабыл кыл, Оң жолуңа буруп тур. Таткан даам адал болсун, Эли-Журтум аман болсун. Теңирим колдоп, төрүбүзгө бакыт консун! Омийин!
Түшүндүрмө: Теңирдин ар бир пендеси, Орозодогу ооз бекитүүдө да, кечтеги ооз ачарда да, деги кайсы учурда болбосун даам алдына келгенде: «Улуу Теңирдин урматына!» же «Теңирим ырыскысын аябасын» же «Теңирим ырыскысын мол кылсын!» же «Теңиримдин жолуна!» – деп баштоосу кажет. Көк Теңирдин тартуулаган ырыскысына ыраазылык билдирүү Теңирдин ар пендесинин милдети. Бардык учурда Көк Теңир эсиңден чыкпасын, момун пенде!…
69 (1). Жарамазан айтуу:
Орозонун күндөрү жаштар кеч киргенден таң атканга чейин, түндүн кайсы маалында болсо да, каалаган үйлөрүнө барышып Жарамазан айтышат. Ошол үйгө бакыт-таалай каалашат. Аларды эч ким эрте келдиң, кеч келдиң дешпейт.
Жарамазан кыргыз элинин ар кандай диндер жаралгандан кыйла мурунку – күзүндөгү эгин бастыруудагы «Оп, майда», жылкычылардын «Шырылдаң», жайлоодогу түнкү короо кайтаруусундагы келин-кыздардын «Бекбекей», «Бешик ыры», «Жар көрүү» ж. б. элдик (фольклордук), эң байыркы салттуу, нарктуу, унутулгус ырларынын бири.
Жарамазан ар шартка жараша өзгөрүлүп турган жандуу айтым–айтуучулардын жөндөмүнө, жарамазан айтылып жаткан үйдүн мүмкүнчүлүгүнө, шартына жараша кошумчаланып айтыла берет.
Түшүндүрмө: Жарамазанды 10–15 жаштагы өспүрүмдөн тартып, 20–25 жаштарга чейинки жаштар айтышат. Кыз-келиндер айтууга болбойт. Жаштар күн сайын бир нече үйдү тандап алышып, ошол үйлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап Жарамазан айтышкан. Бир үйгө кийинки күндөрү кайталап да айта беришкен, аларды эч ким кечээ эле айткансың деп эскерткен эмес, эрен-төрөөн көргөн эмес. Аларды Көк Теңир жиберди деп билип, тиешелүү белектерин берип турушкан. Ар бир үй кокус Жарамазан айтып келип калышпасын деп колдон келген белек-бечкектерин камдап коюшкан.
Жарамазандын башталышы:
Айтып келдик үйүңө Жарамазан,
Он эки айда бир келген Орозо жан, –
деп баштап (Орозонун он эки айда бир келээрин көрсөтүп жатат го), анан:
Адыр-адыр тоолордон, э-эй,
Айгыр минип биз келдик, э-эй.
Айгыр башын тарталбай, э-эй,
Ушул үйгө туш келдик, э-эй.
Будур-будур тоолордон, э-эй,
Бука минип биз келдик, э-эй.
Бука башын тарталбай, э-эй
Ушул үйгө туш келдик, э-эй!
Же: Кырка-кырка кыр ашып, э-эй,
Кунан минип биз келдик, э-эй.
Кунан оозун тарталбай, э-эй,
Кутман үйгө туш келдик, э-эй!–
деп келип, эгер байдын үйү болсо:
Баштап келген ушул үй, э-эй,
Байдын үйү турбайбы, э-эй.
Жараткандын жолуна, э-эй,
Жетелетет бир тайды, э-эй, –
деп айтышкан, ал эми үйүндө жаш келини бар болсо:
Жарамазан айтып келдик эшигиңе,
Балкандай уул берсин бешигиңе –
дешип, Теңир берген уулу элге-журтка алынган акылман, жоо мизин кайтарган баатыр болсун деп улантышкан.
Колунда жок, начар жашаган үйлөргө да кезеги менен Жарамазан айтышып, аларга бардар турмуш каалашкан.
69 (2) Орозонун акыркы күнү «четтик» же «ай башы» аталып, эртесиндеги орозо айтка кам көрүлөт. Орозо айт – бул чын дүйнөгө өткөндөрдүн-арбактардын күнү. Айт күнү тогуз үйгө кирип, ар бир үйдө о дүйнө өткөн ата-бабалардын арбактарына арналып дуба окулат. Ата-бабалардын арбактарынан жардам, колдоо, көмөк күтүшөт.
69 (3) Орозо айтта о дүйнө өтүшкөн ата-бабалардын арбактарына арналчу дува: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, Асман-Жерди жараткан, Жер бетине түркүн жанды тараткан. Мээримиңден Көктө жылдыз чачырап, Мээримиңден жарык тийип таң аткан.
Мен пендеңмин ата жолун улаган, бир өзүңдөн башымды ийип суранам. Бейишин бер ата-бабаларыма, ушул Жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө узаган…
Атам…………………..га,
Чоң атам……………………га,
Бабам…………………….га,
Кубам……………………га,
Жотом……………………..га,
Жетем……………………..га,
Тегим……………………….га,..(билгенинче уланта берсе болот)
Асабам Манас атага,
Уюткум Ууз атага,
Түркүгүм Түмөн атага багыштадым батамды.
Жайлары болуп күнөстө,
Жандары болсун бейиште!
Тирек болсун арбагы,
Күнүмдүк турмуш-күрөштө.
Өйдөдө-өбөк,
Төмөндө-жөлөк болушсун!
Көк Теңирим Ата-Бабаларыма бейиштен берсин конушун,
Ата-баба Арбактары артындагы биздерге ыраазы болушсун.
Омийин!
Түшүндүрмө: Ата-бабалардын арбактарына арналып айтылчу дува – ар бир Көк Теңир пендесинин мойнундагы карыз. Ар бир уул баланын жети атасын билип жүрүүсү да анын унутулгус милдети.
Ар бир адам өзү билген ата-бабаларынын ысымдарын атап дуба кыла берсе болот. Жети атасына чейин же андан да ашырып дуба кылса андан да жакшы.
Каныкей энебиздин ысмын атап, ага кошумча энелерибиздин, билген чоң апа, чоң энелерибиздин ысмын кошо айтуу да ар пенденин парзы.
Бул дуваны күн сайын айтуу талап кылынбайт, жумасына алдыга аш келгенде ата-бабалардын ысмын атап дуба кылуу аларга даам берген менен барабар келет. Ата-бабалардын арбактары ыраазы болуп, силерге мээримин төгөт.
Ата-бабалардын арбактарын эсиңден чыгарба, Көк Теңир пендеси. Өткөндөр баркталбай – азыркылар даңкталбайт!
Ата-баба арбактары силерди колдоп жүрсүн!
69 (4) Орозо айттан үч айдан кийин «Курман айт» келет, бул жалган дүйнөнүн тургундарынын – тирүүлөрдүн күнү. Бул күнү ар бир Теңир пендеси тогуз үйгө кирип даам татып, ошол үйгө эсен-соолукту, жакшылыктарды, бардар турмушту, тынчтыкты каалоосу милдет.
Курман айтта тирүүлөргө багышталып айтылчу дува:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, жашообузга өмүр бердиң, өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк болуп, мээримиңе бөлөп келдиң. Ошондон бир өзүңдү ыйык тутуп, бир өзүңдү бел тутуп дитим бердим.
Баарыбыз күн көрөбүз мээримиңден, ырайымың күтөбүз ар бир күндөн. Баарыбыз босогосун аттап кирген, Жакшылыгың аяба ушул үйдөн.
Ичээр суу, көрөр күнүн узак бергин, Ой-тилегин орундай көр, өсүп-өнсүн. Дасторкону жайылып жакшылыкка, Көк Теңирге ак дилин арнай берсин.
Уулдары белдүү болсун, кыз-келини абийирдүү болсун. Эл ичинде бардар жашап, айыл болуп катар консун. Босогосун ынтымак байырлап, төрүнө кут уяласын! Омийин!
69 (5) Орозо айт да, Курман айт да Теңирдин момун пенделери үчүн майрам катары саналат. Ошол күнү Көк Теңирдин бардык пенделери күн чыккандан кийин Айт намазга туруу, бай-кедейине, хан-кулуна карабай жалпы милдет делинет. Орозо айттын намазында да, Курман айттын намазында да Көк Теңирдин момун пенделери Улуу Жаратканга ыраазылыгын билдиришип УҢГУ дуваны келтиришет, келечек күндөн жакшылыктарды, ынтымак-ырашкерликти, бүгүнкү күндөгү бардар турмушту, чың ден соолукту, аманчылыкты Көк Теңирден тилешет. Бул Көк Теңир пенделеринин дайыма жыл сайын аткара жүрчү туруктуу милдети. Пенделеринин тилегин Көк Теңир угат, ой максаттарын ишке ашырат. Көк Теңирдин мээриминен кем болбогула, момун пенделер…
70. Көк Теңир пенделери жыл маалында төрт Күндү үзбөй белгилей жүрүүсү керек. Ал адамзаттын жаратылыш менен айкалышкан өмүр жолу, Көк Теңирдин ар жылы пенделеринин эсине салып жүргөн жаратылыш сабагы.
Түшүндүрмө: Жаратылыштан сабак алган адам жаңылууну билбейт.
Жаратылыш жыл маалында төрт мезгилди өткөрөт, адамзат да өмүр жолунда төрт мезгилди башынан кечирет.
Адамзат ыйык катары белгилей турган жылдын төрт мезгили – Теңир тартуулаган адамзат жолуна да төп келет. Жылдын төрт мезгилиндеги дуваларды Улуу Көк Теңирге багышталган Уңгу дува менен баштоо орундуу болот. Алар:
71. Жаралуу мезгили (Балалык курак) же Жаңы жыл – 21-март, Нооруз (Наар ырыс) майрамы. Күн менен Түн теңелип, жарык күн узарууга, табигат жашарууга өтөт.
Нооруз дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, Жараткан! Жан-жаныбар баарына ырыс-кешик тараткан. Жер жарылып көк чыгып, желин толо сүт чыкты, Суук кетип, күн жылып, жер тилинип кош чыкты.
Жыл айланып, баарыбыз да бир жылды аттадык, Эски жылды узатып, жаңы жылды баштадык. Жаңы келген жылыбыз – жылы болсун тынчтыктын, ынтымак, достук, молчулук – энчиси болсун турмуштун.
Өрүштөрдө төрт түлүк, өргүп жатсын жайы-кыш, өрөөндөрдө дан бышып, ашып-ташсын кампабыз. Жаңы жылдык тилекти, Көк Теңирге багыштап, Көк Теңирге айтабыз:
О, Көк Теңир, эгебиз элге тынчтык бере көр,
Ажары чыгып Ата Журт, гүлгө оронсун тууган Жер.
Бөксөрбөстөн бул жылы,
Жакшылыкка жык толсун,
Жаңы жылдын куржуну!
О, Көк Теңир,
Жаңы жылыбыз ырыстуу болсун,
Дасторконубуз берекеге толсун!
Алыс-жакын аралашып,
Айыл болуп бирге консун!
Ар ишибиз майнаптуу болсун!
Омийин!
Түшүндүрмө: Ноорузда Жаратылыш кышкы уйкудан ойгонуп баш көтөрөт. Кар кетип, муз эрийт. Жер үстүнө көк чыгат, желиндер толуп сүт чыгат. Дарактар бүр байлайт, адырларга мандалак чыгып, талааларга алгачкы гүлдөр жайнайт. Нооруз (Наар ырыс) майрамы кыргыздардагы эң байыркы үч майрамдын эң негиздүүсү… Кийин бул майрамдарды чыгыш элдеринин көпчүлүгү кабылдап кеткен. Ноорузда, Орозо айтта, Курман айтта да элибиз айтташат, тогуз үйгө киришип даам татышат, ар бир кирген үйлөрүнө жакшы тилектерин арнашат.. Айт күндөрү кишилер бири-бирине: «Айтыңар маарек болсун!» – деп учурашып, алик алгандар: «Бирге болсун!» – дешип жооп беришет. Бул күндөрү Көк Теңирге багышталган Уңгу айтымга – ар бир майрамга ылайык айтымдарды кошуп айтуу керек… Ак дилден айтылган тилек Көк Теңирге жетет…
Бул күндү Жаңы жыл менен бирге «Балдар майрамы» же «Өспүрүмдөр күнү», болбосо «Балалык курак» деп кошо майрамдап, ушул күнү балдарыбызга атайын белек-бечкек тартууласак, жаңы чыккан көк үстүнө жаш балдарды жылаңайлак жарыштырып, тестиерлерин күрөштүрүп баарына атайын сый белек берсе да жаман болбойт…
72. Торолуу мезгили (Жаштык курак) – 21-июнь, жаратылыш баралына келип, жайдын толуп турган учуру – жай чилдедеги аптаптын башталышы.
Торолуу мезгил дувасы катары Улуу Көк Теңирге багышталган Уңгу дува менен баштоо жетиштүү болот. Андан ары жаштар Кыз оюн жана башка улуттук оюндарды уланта беришсе болот.
Түшүндүрмө: Бул жарык Күндүн эң узак мезгили, ушундан баштап күн акырындап кыскара баштайт. Бул күндү «Жаштар майрамы» же «Таанышуу күнү» деп атап койсо да орундуу болот.
Адатта көчмөн эл бул учурда жайлоого толук чыгып бүткөн болот. Карылар айыл-айыл болуп «Үлүш» (жайлоодон түшкөнгө чейин кезектешип тамак берүү) жешип, жаштар айлуу түндөрдө топтошуп «Акчөлмөк», «Жашынмак», «Дүмпүлдөк», «Кыз оюн» ж. б. улуттук оюндарды ойношуп, «Селкинчек» тебишкен. Ушундай оюндар учурунда жигит-кыздар бири-бири менен таанышышып, кийин баш кошуп турушкан. Ортомчу жеңелер көмөкчү болушкан.
Батыштан келген, биздин салтыбызга коошпогон «День святого Валентина» күнүн белгилеп, кыз-жигиттерибиздин тааныш же тааныш эместиктерине карашпай, өткөн-кеткендерди көздөрүнө илишпей өбүшүп жаткандарына кубанбай, ушул күндү «Жаштар майрамы» же «Таанышуу күнү» деп атап, жаштарыбыздын өбүшүү күнү эмес, таанышуу күнүнө айлантсак улутубуздун жан дүйнөсүнө кыйла жакын болот…
73. Жетилүү мезгили (Жетик курак) – 21-сентябрь, бул кайрадан Күн менен Түн теңелип, жаратылыш бышып жетилген, бай түшүмүн адамдарга, бардык жан-жаныбарларга тартуулаган учур.
Жетилүү мезгил дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, жоктон барды Жаратканым, өзүң эмес – бүт Ааламдын көрдүң камын. Карыга, жашка дагы өмүр берип, тең көрүп, жаман-жакшы ылгабадың.
Мына эми теңелишти Күн менен Түн, Жер эне элге берди бар жемишин. Пенделериң түйшүгүн жыйыштырып, Кыш камына арнады аракетин.
Алдыда кыш мээримдүү, жылуу болсун, элимдин ой-тилеги улуу болсун. Көксөгөн максаттары орундалып, келечеги кең, катарлары доско толсун.
Көк Теңир мээримин төксүн, жерибизден кырсык кетсин, элибиз ак жолго өтсүн. Кампасы данга толуп, жайыты малга толуп, ынтымак жолунда ырыс-кешиктүү, бардар заманга жетсин, Омийин!
Түшүндүрмө: Бул Күндү «Түшүм майрамы» же «Кырмантой» катары белгилөө Теңир тартуулаган эң орчундуу энчи. Мындан ары күн улам кыскарып, салкын тартып, аягы аяздуу кышка өтөт.
Анткени бул күндөрү жаратылыш бар байлыгын берип, кеңирсип калган мезгил. Эгин талаалары түшүмдөн арылып, жайлоодогу семирген төрт түлүк түзгө түшүп талаа көркүн чыгарган учур. Адатта азыр ар айыл ушундай күзүндөгү бул мезгилде түшүм майрамын өз алдыларынча (ар башка күндөрү) тушкелди өткөрө беришет. Ушуну бир күнгө, 21-сентябрга белгилеп, «Кырмантой» атап, салттуу майрамга айлантса, Теңир жолуна да, жаратылыш жолуна да, адамзат жолуна да туура келээр эле.
74. Чегинүү мезгили (Карылык курак) – 21-декабрь, жарык күндүн эң кыска учуру, Теңир жаратылышы кышкы уйкуга чөмүлүп, дымып калган мезгили.
Чегинүү мезгил дувасы катары Көк Теңирге багышталган Уңгу дувага 4-бөлүктөгү «Карылык» дувасын кошуп айтуу жетиштүү келет.
Түшүндүрмө: Бул күндөрү айлананы, тоо-түздү ак кар толук басып, адамдар да негедир салмактуу тартып, оор-басырык болуп калгансыйт. Ушул күндү «Карылар күнү» атап, жалпы салттуу майрамга айландыруу учурга төп келет.
Бак-дарак бүрүн күбүп, көптөгөн жаныбарлар кышкы чээнге кирип, дагы бир жыл өмүр сапарын карыткан күн десек болот. Мындан ары жазга чейин табигат толук чегинип, ныл уйкуга кирет. Жаз камын көрөт.
Адамдар дагы бир жылга карып, тажрыйбасы артат, акылга байыйт. Ушул күндү өтүп кеткен ата-бабаларды эскерүү, айыл-ападагы кары адамдарга урмат-сый көрсөтүү күнү катарында «Карылар күнү» атап, көзү өткөн ата-бабалардын, энелердин арбактарына дуба окуп, аягын бир ай бою созулган элдик фольклор майрамына айландырсак, карылар нускалуу сөздөрүн төгүп, жаштар үйрөнгөн дастандарын айтып берип жалпы элдин көңүлдөрүн ачып турса – Көк Теңирдин кудуретине көрсөткөн улуу урматыбыз болот. Анын үстүнө кыштын узак түнү да адамдарды ушуга чакырып турбайбы. Мындай карылардын көңүлдөрүн көтөрүү, алардын абалына көңүл бөлүү бир айга, январдын 21не чейин созулса деген ой келет.
Ошондо гана биз, азыркы муундар, адамдар ойлоп чыгарган жасалма майрамдар эмес, Көк Теңир берген чыныгы, жаратылыш менен жуурулушкан, элдик майрамдарды аткарган болот элек. Болбосо, исламдын, христиандардын, коммунисттердин, француз менен жапандын, кытай менен индустун, орус менен немистин жана башкалардын майрамдарын аткаруу менен алектенгенибиз улана берет. Өзүбүздүн Көк Теңир тартуулаган ата-бабалар жолун улантуудан алыстап, улам четтей беребиз. Эртелеп өз жолубузду тапканыбыз жөн, Көк Теңир пенделери!…
(Уландысы бар)