Чындыкты айтсаң, кылыч сага сунулбайт
Чындыкты айтсам жашарамын, карыбайм,
Чындык менен жүрөгүмдү дарылайм.
Желкеме окту такаса да чындыкка,
Жетүү үчүн чарчабайм да, талыбайм.
Чындык үчүн күйдүм далай өмүрдө,
Изи калган кетпес болуп көңүлдө.
Түйшүгүңдү тартып келем оо чындык,
Күнү-түнү түшүмдө да өңүмдө.
Чындык өзү күн нурундай жымыңдайт,
Ал көрүнбөйт, кулагыңа угулбайт.
Эсте болсун чындык болсо куралың
Эч бир кылыч сага карай сунулбайт!
Жеткире албай
Кайдамын өз жолумда бараттымбы,
Карайлап багытымдан адаштымбы.
Сапырылган деңиздин толкунундай,
Сабалап жан дүйнөмдү жадаттымбы.
Жан дүйнөм ай, үзүлүп жыртылбаган,
Жакшы сөзгө семирип, жылтылдаган.
Кереметтүү өмүрдү түгөтүүгө,
Кемесинде келебиз кылтылдаган.
Кеме деле жете албай аралына,
Кейигенсип чарчаган абалына.
Жетим болуп муңканган абалым көп,
Жеткире албай ырларды баралына.
Мигрант аял
Тамак издеп алыска учкан куштай,
Тагдырына байлаган үмүттөрүн.
Мезгилинен озо албай мерез болгон,
Мээнети көп жулкунган күлүктөрүм.
Бакыт издеп жандарын кыйнагандар,
Балбылдатып көздөрүн ыйлагандар.
Буруп жүзүн жашоодон кеткендер бар,
Бул коомго бата албай сыйбагандар.
Жашайын деп алдыга умтулгандар,
Жал-жал карап, үшкүрүп умсунгандар.
Кан чыкканча жонунан жүгү түшпөй
Камчы жеген аттардай жулкунгандар.
Ошол кыргыз кызы эле шамдай болгон,
Орошон жан. Агарган таңдай болгон.
Мистей катып, мээримин тоңдурду да,
Мигрантка айланды барган бойдон!..
Сүйүү ырын ырдайын деп турганда
Сүйүү ырын ырдайын деп турганда,
Сүзүп келди айсбергдей башка доор.
Бомбасы жок согуш отун биз кечтик,
Боз талаада жүк көтөрүп, жонум жоор…
Сүйүү ырын созоюн деп турганда,
Сүрүп салды өткөөл мезгил суз гана.
Жүгүрдүк биз, доор менен жарышып,
Жүрөктөгү сүйүүм дагы муздаган.
Сүйүү ырын жазып алып толкундап,
Турганымда толкун урду кайыкты.
Талкаланды куруп койгон коомубуз,
Тагдыр экен кимге коём айыпты.
Мезгил келди өткөөл, оор, ашынган,
Мен азапты көп өткөрдум башымдан.
Жалындаган сүйүү ыры чыга албай,
Жүрөгүмдүн түпкүрүнө катылган!
Балдарды какпагыла
Балдарды какпагыла,
Балдарды чаппагыла.
Уяда балапанды,
Учканга таптагыла.
Ойногон периштелер,
Оймоктой наристелер.
Апалар сактайлычы,
Аталар какпайлычы.
Кокустан урбагыла,
Корсулдап турбагыла.
Бактылуу балалыкты
Балдарга ырдагыла.
Кай жактан?..
Асман – Ата, көл – Эне.
Адам ыйык эң эле.
Чүмкөп булут, Ай, жылдыз,
Чүрпөсүндөй мен эле…
Суулар сулуу, сайда аккан,
Нур төгүлөт Ай жактан.
Кереметтүү өмүргө
Келдик эле кай жактан?..