ЖОРУК
(Аңгеме)
Көрүстөндө эл көп. Жайнайт. Сөөк жашырышканы келгендер. Жашырышканы деп тергеп айтып жатабыз да. Көмгөнү келишкен. Элес албай жүрөбүз – адамдар ортосундагы чыр (айбандар чырдашпайт эмеспи!) көбүнчө дал ушул тергөөдөн чыгат. Эмне үчүн? Эми аны азыр териштирип кереги жок, көр үстүндө муну териштирип кереги жок… Жайнаган эл. Чырактай жайнаган бала кетпедиби. Эки-үч күн мурда эле ойноп жүргөн. Кара тоголок бала эле. Жылдыздуу. Жашооң деле куруп кетсинчи. Мунуң сени бир нерсеге гана көндүрөт экен. Эмнеге? Эмнеге болмок эле, өлүмгө да. Өлүмгө көнүп келатабыз, жаш өйдөлөгөн сайын көнүп келатабыз. Ушинтип көнө берет экенбиз. Анан жашооң ушубу? Адам болгону өлүмгө көнүү үчүн гана жашайт экен да. Көнүп-көнүп барып эле, акыры ага даярданып, анан моюн сунуп берип отуруп калат экенсиң да. Даярданганыңды айтпайсыңбы. Эмнеге болмок эле, өлүмгө да. Эмне, ушу чырактай болгон бала атайы даярданыптырбы?! Аа-ай ата, келесоо экенсиң да, бала да өлүмгө даярданчу беле. Бала менен чоңдун бир гана айырмасы бар: бири өлүмдү билбейт, экинчиси билет. Көрдүңбү, өлүмгө акыл-эс толо баштаганда гана даярдана баштайт. Кимдер дейсиңби? Адамдар да. Эмне үчүн? Адамсың да. Өлүмгө адамдар гана даярданышат. Анда жашап эмне кереги бар дейсиңби? Мен да жанатан бери ошону какшап жатпаймынбы. Жашооң ушул болсо… Өлүмгө көнүү, даярдануу, анан… өлүү үчүн гана болсо дейм. Тү-үү!.. Чын эле, чырактай бала эле. Ойноп жүрчү. Ашкере жылдыздуу эле. Күлүп койчу. Мулуң этип күлүп койчу. Атын эч кимибиз билбептирбиз. Кимдин баласы экенин да билбептирбиз. Дайыма биздин короодо ойноп жүргөнүнөн улам гана ушул бала ушу биздин үйдө жашаса керек деп боолголочубуз. Туура болуп чыкты. Чын эле, ушул бала ушу биз жашаган үйдө жашайт экен. Муну эки күн мурда билдик. Бала өлгөндөн кийин билдик. Баатырбек деген бала өлүп калыптыр дешти. Ал ким эле деп баарыбыз элейдик. Ушул үйдө жашаган акыл-эси толуп калган балдардын баары элейди. Анткени эч кимиси билбейт экен. Жок, баары эле билет экен. Бирок… Ал ким экенин бизге балдарыбыз жан алакетке түшүп жатып араң түшүндүрүштү. Ушу балалуу болуп калганыбыз үчүн өзүбүзгө дайыма ыраазы болууга баарыбыз милдеткербиз. Анткени балдарыбыз болгону үчүн биз сырткы дүйнө менен байланышып турабыз. Мен деле сыртта жүргөнсүйм, сен деле сыртта жүргөнсүйсүң, ал деле сыртта жүргөнсүйт. Балаң көргөндү сен деле көргөнсүң, ал сүйлөшкөндөр менен сен деле баарлашасың. Бирок… Эч качан сыртта болбогон сыяктуу, эч ким менен сүйлөшпөгөн сыяктуусуң. Жөн гана өзүн анча түшүнө бербеген, карап турсаң да көрүп аңдай билбеген бир музейге кирип чыккан өңдүүсүң. Жарык дүйнө, ошентип, сен үчүн музей сыяктуу. Музейди турмуш дешет, жашоо дешет, бирок бул калп, бул – тергөө. Музей деген белги гана. Ошентип, мен, сен, ал – үчөөбүз белгилер арасында гана жашап жатабыз. А балдарыбыз кишилер менен жашашат. Ушу үйдө жашагандар атайы бардык. Көз көрсөтөлү деп. Барабыз деп топурап чыгып алып, карыш турган жерге жетмегибиз бир тозок болду. Баягы түгөнбөгөн чыр башталат да: баланын ысмын, кайсы үйдө жашаарын эч кимибиз билбейт экенбиз. Кайсы үйгө киребиз? Чыр дүрт этти. Арабыздагы акылдуураагыбыз айтып калды: «Жүргүлөчү, жамандык чыккан үй өзүнөн өзү эле билинип турат эмеспи, алдыбыздан бирөө-жарым тосуп чыгаар?..» «Тосуп чыгаар деп коёт, – деди бирөө ага угузбай кыжына, – тойго бараткансып. – Баарыбызга кайрылды. – Жүргүлө. Тойго бараткансып тартышасыңар да. Жүргүлө, кайсы үйдүн жанында машине токтоп турса, ошол үйгө…» Кебин бүтүрүп- бүтүрбөй шыпылдай басты. Ойлонуп-ойлонбой артынан жөнөдүк. Баратабыз. Бир маалда эркечибиз (бизди баштап бараткан адамды айтып жатам) тык токтоду да, алды жакты тиктеп, үн-сөзсүз дел болуп туруп калды. Биз да токтодук. «Ой, – деди тиги колун алдыга жаңсап, күнөөлүүдөй, – машине толтура тура. Ар бир үйдүн алдында турат. Эми эмне кылмакпыз?!» Бизге суроолуу тигилди. Ойлонуп-ойлонбой келе жаткан жаныбыз ого бетер далдырай түштүк. Дымып калдык. «Мен айтпадым беле! –деди баягы акылдуураагыбыз. – Жамандык чыккан үйдө бир белги болот да, ызы-чуу чыгаар. Кайсы үйдөн ый чыкса, ошого…» Бул да сөзүн бүтүрүп-бүтүрбөй алдыга суурулуп чыкты да, жүргүлө дегендей ишарат кылып, жөнөп калды. Yйгө чукулдадык. (Yй алыс деле эмес эле. Ашып кетсе, жүз метрге чукул аралыкта. Ошого жарым сааттан бери жете албай отурбайбызбы!..) Yйгө мына кире берерде, эркечибиз кайрадан кыжынды: «Эми кайсы үйдөн ый чыгып жатат эле деп, баарыбыз топурап кабаттан кабатты кыдырып шерменде болобузбу? Кой…» Ойлонуп-ойлонбой келаткан биз кайрадан далдырап, тык токтодук. Тиги колун шилтеди да, шарт артка бурулду. «Келесоо! – деди акылдуураагыбыз. – Эми көз көрсөтпөй кайра кетесиңби? Кантип тынч уктайсың, шерменде болбойсуңбу!..» Кудай урду, эркечибиз өзүнчө эле сөгүнүп, кимдир бирөөнү ашата баштады. Анын сөгүнгөнүн угуп отуруп, биз өлүккө баратканыбызды да унутуп калдык. Акыры ал кимдир бирөөнү ашатып бүттү да: «Силерге ишенгенче!.. – деди кекеткендей баарыбызга кайрылып. – Балама барам да, сурап келем. Ал кайсы үй экенин билиши керек…» Баарыбыз жым дей түштүк. Сүйүнүп да кеттик. Жанатан бери ушуну ойлонбогонубузду айтпайсыңбы? Аңгыча: «Саламатсыздарбы!» – деген шаңдуу үн капысынан жарк эткен чагылгандай баарыбызды селт эттирди. Yн чыккан жакка жабыла карадык. Маңдайыбызда жадырап бир бала турат. Титиреп коркуп да кеттик – өлгөн бала ушул баладай туюлуп кетти. Аликке келбей апкаарып калдык. Аңгыча акылдуураагыбыз эсине келе калды да, тигинден сурай баштады. Биз да сурай баштадык. Бирибизден бирибиз сөз талашып сурай баштадык. Кашайып баланын ысмы эске келсечи. Ким өлгөнүн, аты ким экенин балдарыбыз эми эле айтып бербеди беле. Заматта унутуп калганыбызды карачы. Эсти кудай урду го. Эч кимибиз эстей албайбыз. Акылдуу деген акылдуу болот экен да, баягы акылдуураагыбыз: «Айланайын, айтчы, бу короодо «Б» менен башталган балдарды билесиңби?» – деди. Бала токтолгон жок «Б» менен башталгандар үчөө гана деди, шакылдатып санап кирди: Бакыт, Байыш, Баатырбек… Сүйүнүп кыйкырып жибердик: «Ошол айланайын, ошол Баатырбек! Ошонун үйү кайда?» «Ушу чычкандай болгон немеге ишенип, таза шерменде болбойлу! Дагы тактабайлыбы?» – деди аңгыча бирөө, биздин кубанычыбызды суу сепкендей жалп өчүрүп. «Тактасаң-такта, бирөө оозун байлап койгонсуп!..» Акылдуураагыбыз ачуулана кетти. Акыры чырды дагы ырбатпайлы деп, баарыбыз тактоого өттүк. Айтчы, айланайын, ал кара тоголок бала беле? Бала мукактанып калды – кара тоголок деген сөзгө анча түшүнө бербейт окшойт. Дайыма күлүп, жок, жылмайып жүргөн бала беле? Баланын оозу ачылды… «Билбейм, – деди мулуңдай. – Биз баарыбыз эле күлөбүз, ойногондо дайыма күлүп ойнойбуз. Урушканда эле…» Сөзүн улабай күнөөлүүдөй күлүп койду. «Биз дегени ким?! – деди акылдуураагыбыздын жини келип. Балага кайрылды: – Сенин биз дегениң ким,ыя?!»Бала жылмайды: «Биз деген биз да. Балдар…» Эмне дээрибизди билбей калдык. Акылдуу деген акылдуу болот экен да, баягы акылдуураагыбыз бизди дагы бир туңгуюктан алып чыгып кетти. «Айтчы, айланайын, – деди ал сабырдуу, – Баа… ким эле (бала өзү айтып берди: Баатырбек) ошол Баатырбек дайыма шымынын бир багалегин (акылдуу эмеспи уулунан ыкый-чыкыйына чейин такып сураган тура)түрүп жүрчү беле?» Бала ойлонбой туруп эле ооба деди да, мына минтип… деп, өзүнүн багалегин түрө кетти. Анан мулуң этип, күлүп койду: «Биз буга күлө берчүбүз. Багалегин түргөнүнөчү…» «Ошо Бала…(дагы таппай калды көрүнөт) ошо багалегин түрүп жүргөн баланын үйү кайсы?» Бала ушуну да билбейсиңерби дегендей бизди айландыра таңдана карады да: «Мынакей! – деди, биз кирели деп түрган үйгө колун жаңсай. – Төртүнчү кабат, он бешинчи үй…» Акылдуураагыбыз мен муну мурда эле билгем дегендей дердеңдеп, бизге жүргүлө деп ишарат кыла жол баштап калды. Баарыбыз баланы эстен чыгарып, топурап аны ээрчий жөнөдүк. Бирок баланын калтаарый чыккан үнү баарыбызды жапырт артка каратты. «Ал эмне болуптур!? – деди ал өз үнүнөн корккондой элеңдеп. Эмне деп жооп кайтарарды билбей, далдырай түштүк. «Чарчап калыптыр, айланайын!..» – деди аңгыча арабыздан бирөө. Сапарыбызды уладык. «Бирдеменин шегин билип жатпайбы! Бала да…» – деп койду акылдуураагыбыз узай түшкөндө. Бала түшүнгөн жок, чарчады деген эмнени билдирерин (бул да тергөөдөн жаралган эмеспи!) билбейт эмеспи. Бирок жүрөгү бир нерсени сезди окшойт. Биз кирип кеткенче, ал бир нерседен кооптонгондой элеңдеп карап тура берди. (Ким билет, кирип кеткенден кийин деле ушинткендир? Мен кимдир бирөөгө нааразы болдум. Ушундай балдар – жүрөгү, ой-санаасы чоңдордон алда канча акылдуу, сезгич, назик балдар – кийин чоңойгондо жамандык кылууга, эң жаманы киши өлтүрүүгө кантип дити барат болду экен? Мен кимдир бирөөгө нааразы болуп, ыйлагым келди…) Кирдик. Кирсек – ушул бала. Дайыма күлүп жүргөн, жадыраган ушу бала. (Байкушум аа, ушу жадыраган кейпиңде кеттиң ээ, жадырап үзүлүп баратып, нени ойлодуң экен!..) Жатат. Кыймылсыз. Жадыраган сүрөтү турат. Эми өзүнөн сүрөтү жандуу. А баланын өзү жансыз, кыймылсыз. Тегерегиндегилер чурулдап ыйлап турат. Аны менен иши жок баланын. Ким ыйлап жатат, ким кирип жатат. Баланын иши жок. Жансыз. Өзүнө караганда сүрөтү жандуу. Күлүп турат… Мына ушу баланы – өзүнөн сүрөтү жандуу болуп калган баланы – көмгөнү отурабыз. Өлүмгө ушинтип көнөт экенсиң да. Кантип көнбөйсүң? Кечээ эле балаң менен бейкапар ойноп жүргөн баланы жерге бергени жатсаң… Ай куруп кетсинчи, жашооң ошон үчүн эле керек болсо. Эмне үчүн дейсиңби? Өлүмгө көнүү үчүн да! … Апыр-тыпыр башталды – топурак салууга мезгил жетти окшойт. Эми жашыра, жок, жок, көмө баштайбыз. Мына күрөк, кетмендер сунулду. Бир ууч топурак салуу керек. Ушул үчүн келбедикпи. Салбайсыңбы? Өкүм чыккан үндөн селт дей түштүм да, үн чыккан жакка жалт бурулдум. Таалай экен. Ичимден күбүрөп, сала баштадым: өзүмдүкү, балдарым үчүн… Ушул маалда негедир бир силкинип, бир титиреп алдым. Тирүүлүктө дене дүркүрөткөн силкинүүлөр көп болор. Бирок адам өз өмүрүндө эки жолу гана чындап силкинип титирейби деп калдым. Биринчиси – (койду, дегеле кайсы бир жандыкты) мууздап жатканда, өзгөчө байкуштун өмүрдү эңсеп жалжылдаган көздөрүн көргөндө, (ошол көздөрүн карап туруп, айбан да өлүп баратканын билеби деп ойлоп кетесиң), экинчиси – кишини көөмп жатканда. Чын эле, ушул маалда – топо салып жатканыңда, бир ууч топо салып жатканда – көзүңө томпойгон бейит гана көрүнүп туруп алат экен! Анткени бейит менен тулкусунан ажырап томолонгон баш окшоп кетет эмеспи… Бир ууч топуракты титиреп салып жаттым. Болду да! Канча жолу саласың?! Жалт бурулдум. Таалай экен. Аа… Четтей бердим. Колум кең дүйнөгө батпай турду. Колумда – топонун тагы. Силкип салууга негедир дитиң барбайт. Колумду кең дүйнөгө батыра албай, өзүм да кең дүйнөгө бата албай турдум. Чөнтөгүмө жашырдым, кең дүйнөгө батпаган колум алакандай чөнтөккө батып кетти. Колум чөнтөгүмдө болсо да, андагы топонун жыты мурунду өрдөп турду. Буга кошул-ташыл чаңырык угулду. Энеси экен. Дүйнөнү титиреткен бул чаңырыкты ким чыдап уга алат! Мен Айла… а Кү… ү… Күчүгүм!.. Колум тийсе тийгендир. Мен… мен… Шордуу… Энесин айтам. Мындан бөлөк эмне дей алмаксың?! Колуңдан эмне келет, шордуу эне! Колум тийсе тийгендир… Балким, сени көзүң жумулганча ушул кыйнап өтөөр… Ушинтип ойлогондо эле жер титиреп кеткендей болду. Мен болсо ого бетер титиреп жаткансыйм. Кантип алаксыйм… Жанымдагыларды элеңдей карайм. Баары кыймылдагандан корккондой селейет. Алар да кең дүйнөгө бата албай тургандай көрүнөт. Аңгыча көзүмө жаныбыздагы көр чалдыкты. Элге караганда ушул көр жандуудай. Бул качан пайда боло калды? Мурда эле казылганбы же биз келгенден кийинби?.. Кимдир бирөөдөн качып келаткандай. Таалайды түрткүлөдүм: «Таалай, Таалай, бул жерде дагы бир көр казылыптыр. Буга дагы бирөөнү алып келишет го ыя?» Таалайдын каңырыгы түтөп турган. (Баарыбыздын тең эле каңырыгыбыз түтөп турбайбы!) Жиндене кетти: «Казылгандан кийин бирөөнү алып келишет да!..» Ары басып кетти. Артынан ээрчидим. Жалгыз калуу кандай коркунучтуу. Бул жерде адамдар көп. Таанышы бар. Бейтаанышы бар. Баары бир жалгыз калган сыяктуусуң. Көр жаныңда турганда дайыма жалгыз экениңди сезесиң. Эл көп болсо да. Жер кучагында жаткандар, жок көмүлүп жаткандар канча? Баары жалгыз. Алардын шору өлгөндүгүндө эмес, жалгыздыгында. Алардын жанында турганда кандайдыр бир сырдуу нерсе саа ушинтип шыбырап жаткансыйт. Ким билет, ошон үчүн бул жерде жайнаган элдин арасында өзүңдү жалгыз сезерсиң… Жүрөк шуу дей түштү – жаныбыздагы көрдөн бирөөнүн башы сороюп чыгып келатат. «Таалай, Таалай, карачы, тиги көрдөн бирөө чыгып келатат. Жаңы казылган көрдөнчү…» Таалай да селт дей түштү, нааразылана бурк этти: «Көр казган киши да. Тим турчу ойду бөлбөй. Энеси сүйлөп жатса…» Дагы ары басып кетти. Дагы жалгыз калдым. Артынан ээрчидим. Негедир туталана баштадым. Ойду бөлбөчү дейби? Анын оюн ким бөлүп жатат? Эчак эле быт-чыты чыгып бөлүнүп калган оюн мени бөлүп жиберди деп жатса керек. Деги ушу жерде, көр үстүндө, аны төбөдөн ныгырган кандай ой болду экен. Же, эмне, тубаса мунжу болуп төрөлгөн оюн ушу жерден жамаачылап улагысы келеби. Аа-ай ата, түшүнбөйт да, заманды түшүнбөйт да: биздин ой бөлүнө берет эмеспи, биздин ой бөлүнүү үчүн жаралган да. Анткени заманың кандай – оюң да так ошондой. Анан ушуну түшүнбөйбү? Илимдин кандидаты имиш, болгондо да философиядан… Чын-чынына келгенде, биздин оюбуз момундай: бир-бирине улана албай орто жолдо үзүлөт да калат. Үзүл-кесил. Тээтиякта бир чоң ой күтүп турган болот, коммунизм деп жаркырап турат, баарыбыз аны ойлошубуз керек да, демек, эч кимибиз эчтеке ойлобошубуз керек…Эчак быт-чыты чыккан оюн!.. Ойлонуп жатам деп коюп, жылт койгон тура. Таалайды айтам. Дагы жалгыз калыпмын. А эл жайнайт. Жайнаган эл ого бетер жайнай түшкөндөй. Көбөйө түшкөндөй. Жок көбөйбөптүр – жайыла башташкан тура. Бейиттерди аралап, жайыла башташкан тура. Булар эмнеге келишкен: топо салганыбы же жайылганыбы? Бейкапар кыдырып жүрүшөт. Ар бир күмбөздү тигиле карашат. Тигиле карашат да, минтип баш катырышат: качан туулган, качан өлгөн? Эстеликти ким койгон: ата-энесиби, баласыбы… Ким кандай сөз чеккен? Кимдин эстелиги кооз? Бул – негизги суроо. Кооздукту айтам. Эмне үчүн толгон-токой суроолордун ичинен негизгиси ушул. Ким билет, тирүүлөрдүн бардык жагынан алсыздыгына байланыштуудур?.. Болгону ушубу – адам көз жумгандан кийин, тирүүлөрдүн эске алары ушул элеби? Тирүүлөрдүн эске алары ушул болсо, анда жашап да, өлүп да кереги не? Аа-а, атаңдын көрү, жашоо эмне үчүн музей болуп калды десе, көрсө, эң ыйык түбөлүк жай – бейиттер – музейге айланып кеткен тура! Анан кантип… Аялдар да жүрүшөбү? Ооба, жүрүшөт. Жайылып кеткендердин көбү аялдар экен. Булар эмнеге келишкен, деги аялдарды мүрзөгө ким, кайсы келесоо алып келип жүрөт!? Сөөктү жашырып, жок, жок, көөмп жатканын эркектер эркектигинен араң чыдап карап тура алышат, анан аялдар… Бүттү, мындан ары ойлонууга дарман жок. (Ошентсе да минтип ойлонууга мажбур болом: аялдар неге туталанма, олдоксон жана орой болуп баратат?!) Эл дале жайылып жүрөт. Кара баскыр ай, бул кимдин үнү! Сөөктөн өтүп чучукка жетет да. Адамда да ушундай үн болобу! Аа, баягы үн тура. Энеси экен. Чырактай шордуунун энеси экен. Кайсы жырткыч муну бу жерге алып келген дейм да!.. Кантип чыдап тура алам, кайда барам?! Жерге бата албай калдым, көктү карайынчы. Көк жалгыз. Эл көп, көрүстөндө эл көп. Таалай дагы ары басып кетти. Жалгыз калдым. Көк жалгыз. Мен да жалгыз. Бу жүргөн кишилердин ар бири өзүнчө жалгыз. Жаныңда жайнаган кишилер жүрсө да, көр үстүндө жапжалгыз эмессиңби. Көк, сен ушул чырактай балага окшоп кетесиң. Сени тиктегенде, жакшылык жөнүндө гана ойлойм, жакшылык күтөм. Сен үмүтсүң, дайыма эңсетесиң. Карачы эми, экөөң – сен жана чырактай болгон ушул бала – жалгыз калдыңар. Эми экөөңөр ого бетер опокшош болдуңар… Баягы чаңырык дале жаңырып жатат. Бу жарык дүйнөдө биз, ушу жайнаган эл, төбөдөгү сен, Көк, жок сыяктуусуң. Бир гана чаңырык өмүр сүрүп жаткандай. Тунарган Көк, сен да мени ушу чаңырыктан кутулта албай койдуңбу? Аңгыча калдырак-шалдырак үн эненин чаңырыгын басып кетти. Биресе сүйүндүм. Чаңырыктан кутулганга сүйүндүм. Калдыр-шалдыр үн чыккан жакка баш бурдум – араба тартып келаткан арык аттай бир силкинип, бир илкип, калдыр-шалдыр бир автобус келди да, сүрдүгө токтоду. Жаныбыздагы көргө токтоду. Жүрөгүм шуу дей түштү. Бир силкинип, бир илкингенин көргөндө эле жүрөгүм опкоолжуй түштү. Таалай, Таалай, карасаң автобус келди. Келсе эмне экен, көргөнү келишти да. Таалай жаныбыздагы көргө колун жаңсап койду. Аа… Ооба, жайды карап чыгуу тирүүлөрдүн парзы да. Мүрзө деген мүрзө, адам баласынын акыркы жана түбөлүк жайы. Түбөлүгүң жалгыз турбайбы, демек, дайыма жалгыз экенсиң да. Кызык, анда эмне үчүн түбөлүк жашоо дейбиз. Бейит түбөлүк жайың болгон соң, түбөлүк жашоо дегенди ким ойлоп тапкан дейм да. Ооба, сөзсүз карап чыгуу керек, сөөк түбөлүк жайында кең-кесири: турса төбөсү, сунса аягы тийбегендей күн көрүш (!) керек. Ошон үчүн көрдү бир сыйра карап коюу парз. Тигине, силкине токтогон автобустан үч-төрт киши силкине секирип түштү. Жок! Көрдү карап да коюшпады. А түгүл көргө келгенин унутуп калгандай. Бейкапар кол сунушту. Табыттын башы көрүндү. Жүрөгүм дагы шуу дей түштү. Таалайды тарткыладым. Таалай, Таалай, карачы. Тигилериң көрбөй эле көмгөнү… Анда көмгөнү келишкен да! Таалай бурк этти да, назар салбай калды. Табытты силкип тартып алышты. Табыт аягын кармап дагы үч-төрт киши секирип түштү. Теңселген табыт менен кошо кишилер да теңселишти. Кишилер теңселип жатабы, же табытпы? Айрып болбойт. Табыттагы сөөк кулап кетчүдөй болуп барып араң оңолду. Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй туйлап кетти. Кишилер да, табыт да теңселген бойдон көр жанына келди. Теңселген табытты теңселген кишилер жерге койгондой болду. Жерде турган табыт дале теңселип тургандай. Кишилер да. Көз тунарат – элес-булас эле көрүп калдым. Канча киши? Бир, эки, үч, төрт… Саналбайт. Кишилер саналбай жатпайбы. Көптүгүнөн эмес, аздыгынан. Ушундай да болобу – сөөктү көмүүгө киши аз, бир ууч эле келсе, аларды эмне, саноого болбойбу?.. Деги кимди, эмнени көөмп жатышат. Табыттагы кишиби, же… Бала эсимден чыгып кетти. Биз жашырып жок, көөмп жаткан балачы. Көзүм эле тунарат. Эч нерсе көрбөй калдым окшойт. Жанталаша көзүмдү ачып-жума баштадым. Элес-булас көрүнө баштады. Тигине, теңселген кишилер теңселген табыттагы немени, жок, жок, табыттын өзүн теңселткен боюнча көргө тыгып жатат. Көзүм да теңселе баштады. Кайрадан эч нерсе көрбөй калдым. Ким кимди көөмп жатат, ыя? Тирүүлөр өлгөндөрдүбү, же өлгөндөр тирүүлөрдүбү?.. Таалай, Таалай, карасаң, көөмп жатат. Эмнени? Өлүктүчү. Тигилериң көрбөй эле, көмгөнү… Yчөө-төртөө эле окшойт. Көмгөндөрчү. Карасаң мен көрбөй жатам. Табыттагы кишиби, же… Киши болбогондо, эмне, ит дейсиңби! Итке кайсы келесоо акча төлөмөк эле? Акча дейсиңби, ал эмне акча? Көр үчүн акча төлөшүң керек да! Аа…Чыдай албай кеттим, шордуу баланын көрү жакка баш бурайынчы. Дале топурак ыргытып жатат, тынбай ыргытып жатышат. Качан бүтүшөт?.. Бир нерсени сезгендей, башым өзүнөн өзү эле жанымдагы көргө бурулуп кетти. Кызык… Жок. Баягылар көрүнбөйт. Тулкусунан ажыраган баштай болуп, томпойгон топо калыптыр. Бул бейит эмеспи. Жүрөгүм дагы шуу дей түштү. Булар көмүштүбү, же… Эгер көмүшсө, көз ачып-жумганча элеби?.. Көптүгүнөн эмес, аздыгынан саналбаган кишилер. Чын эле бүтүшүптүр. Тигине араба тартып келаткан арык аттай бир силкинип, бир илкинген баягы калдыр-шалдыр автобус дале баягыдай бир силкинип, бир илкинген боюнча кетип баратат. Теңселген автобус көзүмдү теңселтип кетип барат. Ушул теңселе кетип бараткан автобусту карап туруп, муну менен теңселген табыт келгенин, аны теңселген кишилер алып келгенин, азыр ошол теңселген кишилер автобуста теңселип кетип баратканын эстедим. Башым кайрадан мүрзөгө бурулду, өзүнөн өзү эле бурулуп кетти. Мүрзө жатат денеден айрылган баштай болуп. Ишене албай койдум – ушу томпойгон топонун алдында чын эле адам сөөгү жатабы? Теңселген автобус менен теңселип келген беш-алты киши чын эле адам сөөгүн алып келиштиби да, адамды көөмп кетиштиби? Элге элдир-селдир көз жиберем, жанагы жайнаган элге. Эч кимиси калбагандай. Жанагы теңселген автобустагы теңселген кишилер табыттагы сөөктү эмес, эми эле жайнап турган элди көөмп, жок, жутуп кеткендей. Өз оюмдан денем дүр-р дей түштү. Ушул бейиттердин арасында тирүүлөрдөн эч ким калбагандай, мен гана чала жан тургансыйм, аңгыча кандайдыр бир тааныш үн, жок, жок, үн эмес, боздогон улуп-уңшуу мени селт эттирди. Сүйүнүп кеттим, менден бөлөк да тирүү жандык бар экен да. Жүрөгүмдү кайрадан бир таарып өткөндөй болду – баланын энесинин үнү эмес беле!.. Бул не деген жырткычтык!.. Дале сыздап-боздоп жатат. Эмгиче көөмп бүтө элекпи. Бүтө элек экен. Топо ыргытып жаткандардын төбөсүнөн көк буу чыгып жатат. Таалай, Таалай, эмне үчүн эле бүтпөй жатат, ыя? (Таалайдын бар, жок экенин билбей туруп эле собол таштадым. Эмнегедир ал жанымда туруптур.) Мен кайдан билем, карабайсыңбы, үстүн бульдозер менен каздырткан окшойт, анан балээнин бүтөбү?! (Көрдү жарып, качып кетчүдөй болуп… – деп Таалай кимдир бирөөнү сөгө кетти.) Аа… Көз кайрадан тунара баштады. Көздү тунарткан нерселер буга чейин көп эле болгондур, анын бирөөнү да мен билбеймин, элес албаптырмын. Бирок бүгүнкүнү жакшы билем – бүгүн көзүмдү эки нерсе гана тунартып турат: биринчиси – эненин боздоп уңшуганы, экинчиси – жанымда томпоюп турган топурактын алдындагы немени (!) койгону (көмгөнү) келген кишилердин аздыгы, өтө аздыгы… Канча киши эле? Сан жетпейт. Көптүгүнөн эмес, аздыгынан… Дале жалгыз калдым. Жок, жалгыз эмес экенмин – эне дале улуп-уңшуп жатпайбы! Башка аялдарды мейли, энесин эмне үчүн алып келишти дейм да. Же эмне, баласынын өлгөнүн көргөнү аздык кылабы. Эне үчүн ушул эле жетишмек да. Эми ал кара чечекей баласын кантип жашырганын, жок, жок, көмгөнүн көрүп отурат. Өз көзү менен карап отурат! Бул не деген кыянаттык!.. Адам баласынын колунан келген көп эле кылмыш-кыянаттык бардыр. Бирок балаңды көмүшкөнүн өз көзүң менен көрүп кал деп энени көргө сүйрөп келгенден артык не деген кыянаттык, кылмыш бар болду экен! Деги… Жок, чыдай албайм, ойлоном деп отуруп, дагы жалгыз калыпмын. Таалайга жакындадым. Таалай, Таалай, энесин ким алып келген, ыя, быякка? Билбейм… Өздөрү да… Өздөрү дейсиңби? А өздөрү ким? Жооп жок. Таалай суроомду угуп-укпай дагы жылт койгон тура. Белгилүү – башымды оорутпа дегени да. Аа, кылтыйып тиги жерде турат. Көөмп жаткандарды карап, мелтиреп турат. Ойлонуп жатабы, же… Алда жалгыздык ай, кой, жанына барайынчы. Эне дагы эле улуп жатат. Жанындагылар күңкүлдөп-мыңкылдап жатышат окшойт. Акылы жоктор десе, эмнеге убара болушат, кой дегенге эне болмок беле. Ал эч нерсе укпайт дагы, көрбөйт дагы. Көргөнү эле аңырайган көр, ага ыргытылган топурак-чаң. Баласын жашырып, жок, жок, көөмп жатканын көрүп туруп, өз көзү менен карап туруп, кайсы эне улубай тура алмак. Улуй бер, кургурум, сенин колуңдан мындан бөлөк эч нерсе келбейт! Эненин улуп-уңшуганынан качып, ушул эле маалда өзүм да улуп баратып, бирөөгө урунуп алдым. Таалай экен. (Менден кайда качып кутулмак?!) Сүйүнүп кеттим. Дым боло түштү – эненин эси ооп калды окшойт, дымы чыкпай калды. Жок, кайра улуй баштады. Кайда качам? Таалай, Таалай, энесин эмнеге алып келишкен, ыя? Эмнеге алып келишкен? Таалай ушуну билбейсиңби дегендей бурк этти: «Эмнеге болмок эле… Көксөсү суусун дегени да!» Аа… Санаам тына түштү. Дагы эле улуп жатат. Көксөсү сууганы ушубу? Тү-үү ата, ит болуп бүтүптүрбүз. Энесин ушул жерге алып келүүгө кайсы келесоонун дити барды экен. Эненин да көксөсү суумак беле? Баласы өлсө да, өлгөнүн өз көзү менен көрсө да, баласынын өлгөнүнө кайсы эне ишенет экен! Анан ошонун көксөсү кантип суусун. Мына эми өлтүрүштү, эненин өзүн да, көксөсүн да, баласын да чындап өлтүрүштү. Эми эне эмнени караан тутат да, эмнени жөлөк кылат?! Баласы, буга кошо баласынын элесин көз көрүнөө көөмп салышса, эми эне баласын кантип эстей алмак да, кимди сагынмак! Баса, сагынычын да көөмп салышты да. Энелер балдарын сагынып гана жашай алат. Эми аны да көөмп салышты, элесин да, сагынычын да көз көрүнөө көөмп салышты. Байкуш эне бир эмес, жүз баласы болсо да, жалгыз калды, анын карегинде томпойгон гана боз топурак калды. Ушул томпойгон боз бейиттей болуп эне жалгыз калды… Мен да жалгыз калыпмын. Жок, жанымда Таалай бар экен. Ал дале мелтиреп турат. Аны карап туруп, мен селт эте түштүм – топо салбай калган турбайбызбы! Таалай адатынча бурк этти: «Салганыбыз качан?! Балдарым үчүн деп да салып атпадың беле. Бүтүп жатышса, салбай калыптырбыз дейт да…Мына бүтүштү. Эл тарай баштады. Жүрү, андан көрө автобусту эртерээк таап алалы. Талаада калабыз…» Аа…Чын эле, эл тарай баштаптыр. Биз да жылгансыдык. Баратабыз. Жок, келатабыз. Жок, мүрзөдөн үйдү көздөй баратабыз да, мүрзөдөн кайтып келатабыз. Баш адашат. Келатабыз да, баратабыз да. Эч ким үндөбөйт. Бейиттей тунжуроо. Кулагымдын ичине кандайдыр бир үн кирип кетип жойлоп, даң салып жүргөнсүйт. Белгилүү да – бул үн кургур эненин улуп-уңшуганы эмеспи. Аны алып кетишкен го. Yнү угулбайт. Кулагымдын ичине гана улуп-уңшуп жатат. Артты жалт карадым. (Көрүстөндөн келатканда эч ким артын карабай баса албайт эмеспи!.. ) Томпойгон эки мүрзө. Денеден ажырап томолонгон баштай болгон эки мүрзө. Таманымда бирөө бүлкүлдөп дем алып жаткандай болду. Чын эле дем алып жатыптыр. Жер дем алып жатат. Жер дем алып онтоп жатат. Жер да өлдү. Ал өзүнүн эки бүрчөгүнөн айрылып, томпоюп калды. Карасаң, денесинен ажырап томолонгон баштай болгон эки мүрзөдөн буу чыгып жатат. Бул Жердин ыйы эмеспи. Адам өлгөн сайын, Жер деле өлө берет турбайбы. Мына эми экөө – чырактай жайнаган бала менен ыйлап жаткан Жер – жуурулушуп кетти. Анда ким кимди койнуна алды – Жер баланыбы, же бала Жердиби? Ооба, бүгүн баарыбыз өлдүк. Ушу кетип бараткандардын ар бири өлдү. Анткени биз жашырган (көмгөн) бала ар бирибиздин бир бүрчөгүбүз эмес беле. Бүгүн баарыбыз өлдүк… Мээң жетпейт – деги тирүүлүк дегениң барбы же жокпу? Жүрөк мыжылат. Бир нерсени унутуп калгансыйм. Аны тапсам эле жүрөгүм ордуна келчүдөй. Таптым окшойт. Таалайды шап колдон алдым да, тарткылай кеттим. Таалай, Таалай, куранды качан окушат ыя? Уккан жоксуңбу?! Окулбайт дешпедиби. Ыя? Эмне үчүн? Билбейм. Коммунисттер экен дешти го. Кимдер? Ким болмок эле, бала болмок беле, баланын ата-энеси да! Атасы да, энеси да… А баланын өзү коммунист эмес турбайбы. Анан… Таалай чыдай албай, чукчуңдап кетти: «Аны менен кандай жумушум бар?!» Чын эле. Кой анда, кетели. Окулушу керек эле. Атайы келсек… Айла жок. Азыр ушундай болуп калган го? Учур ушундай. Учурбу же бизби?.. Айтор, ушундай. Жүрөк ого бетер мыжыла баштады да. Кабынан чыгып кетер бекен. Курандын азабы го. Куран окулса, балким, жүрөк мынчалык мыжылбас беле. Арга жок, эмне кылмакпыз. Жол тарталы. Автобуска отуралы да, жөнөйлү. Карасаң, автобус да жакын жерде экен. Тим эле бейиттерди тебелеп кетчүдөй болуп турат. Алыс болсо эмне – жүрөктү тепкен нерседен арылып калар белем. Эмне үчүн жөө келбедик экен? Апыр-тапыр. Булар кайда шашып баратышат, шашып эле баратышат. Көмгөндөрдү айтам. Жана да – быякка, көрүстөнгө келе жатканда да – ушинтип шашышкан. Эми да. Кайда шашышат да, кайда барышат. Шашып эле баратышат, шашып эле баратат. Биз да аларга кошулуп шашып баратабыз. Алар болсо бизге кошулуп шашып баратышат. Жеттик окшойт. Шашып түшө баштадык. Мына отурдук. Жөнөдүк. Шашып жөнөдүк. Көмүлгөндөр калышты. Көмүлгөндөрдү таштап, көмгөндөр кетип баратат. Денеден ажырап томолонгон баштай болуп, томпойгон эки дөбөчө калды. Аларды мындан ары мүрзө дейбиз. Дөбөчө эмес, мүрзө. Жер менен жуурулушуп, көмүлгөндөр калды. Томпойгон топурак бууланып, дем алып жатат. Бул – Жердин ыйы. Жердей шордуу бар бекен – адам өлгөн сайын, ал да өлө берет турбайбы!.. Калышты, алар өлгөн жок, жалгыз калышты. Өлүм эмне?! Мына жалгыз калуу шор… Таалай дале мелтиреп отурат. Тирүү-өлүгү белгисиз. Эски боз бейиттей тунжурайт. Таалай, Таалай, эмне болуп өлүптүр, ыя? Ким? Балачы. Биз коюп келаткан. Билбейм. Өлгөндөн кийин баары бир да: ооруп өлөсүңбү, же бирөө өлтүрүп кетеби… Аа… Жок, кантип баары бир болсун. Кызык…. Кой, жөнөйлү. Аа, атаңдын көрү, эчак эле жөнөгөн экенбиз да. Көрүстөндүн карааны көрүнбөйт. Айыл аралап баратыппыз. Бизге көңүл бурган эч ким жок өңдүү. Чын эле. Булардын иши эмне? Көр тирилик да. Автобус силкинип алды. Жанымдагы менен кагышып алдым. Жалт карадым. Таалай экен. Аа, байкушум, буга деле караан керек да. Мени медер туткан тура. Мен минтип ойлогуча болбой автобус сүрдүгүп барып токтоп калды. Баарыбыз бир кишидей жүткүндүк. Биздин алдыбызда дагы толтура автобус турат. Жолдун аркы четинде өзүнчө бөлүнүп бир автобус турат. Ага назар бурбадым. Эмнеге токтодук экен? Эптеп качып келатсам… Кыйлага турдук окшойт. Эмнеге токтоп турат. Таалайдан сурасамбы? Жок, кереги жок, ал дагы бурк этет. Кыялы ушундай. Азыр баарыбыз эле ушундай өңдөнөбүз. Жылчудай түрүбүз жок. Аргасыздан жол четинде токтоп турган автобуска назар тиктим. Дендароо боло түштүм. Баягы автобус. Араба тартып келаткан арык аттай болуп бир илкинип, бир силкинген баягы автобус. Ичинде сөөктү алеки-заматта көмө, жок, жок, жок, жашыра койгон баягы кишилер отургансыйт. Кайрадан санай баштадым. Саналбайт. Көптүгүнөн эмес, аздыгынан. Таалайды нукудум: «Таалай, Таалай, карасаң баягы автобус. Эмгиче кете элек экен, булар эмне токтоп турушат, ыя?» Таалай оюнан алаксый түштү да, ага назар бурду. Анан ийинин куушуруп койду. Мен тигиле карап тура бердим. Санай албай койдум. Анан эмне кылып жатат болду экен деп, жанталаша карадым. Алар куран окуп, бата кылып жаткандай туюлду. Коркуп кеттим. Кайрадан Таалайды нукудум: «Таалай, Таалай, карасаң куран окуп жатышат окшойт…» Ал көпкө чейин карап турду да, колун шилтеди: «Ай-ай ата, кайдагы куран! Ушу кымындай жерден көрбөйсүңбү. Бирдеме кылт этип жатышпайбы. Куран деп коёт…» Бирдеме кылт этип дейсиңби? Бирдемең эмне? Таалай ого бетер өкүрдү:
– Арак ичип жатышат дейм!..
– Аа…
…Баарыбыз топурак алдында калган өңдөнөбүз.
БИР СОМДУК ТЫЙЫН
(Аңгеме)
Өңүмдөгүгө караганда мен айылыма түшүмдө көп каттайм.
Анан капчыгайдан чыга бергенде эле мени жабыла тосуп келаткан айылдаштарымды көрөм. Булар эмнеге эле дүрбөлөң түшүп жатышат деп ойлоп бүткөнчө болбой, алар менен бетме-бет келип калам. Денем жыйрыла, селт этем – булар кимдер? Баары – бейтааныш тааныштар…
Чочуп ойгоном. Анан уйкусоонун ортосунда аларды көз алдымдан бирден чубатып өткөрө баштайм. Мени тосуп чыккандардын баары тээ мен бала чактагы айылдаштарым экен. Таңданам да селт этем – булардын көбү азыр чым жазданып жатышпайбы! Анан кайдан?..
…Анда менин эр жетип калган эле курагым болчу. Атам айылдын кадырман адамдарынын бири эле, анткени гезит, ага кошуп кар чарба (пенсия) таратчу. Бирок өмүрүндө бир-эки курдай эле таратты окшойт, атам почточулуктан түшүп калганча гезитин да, кар чарбасын да мен тараттым. Кар чарба таратуу мен үчүн чоң майрам эле, көбү бир-эки сомун албай коюшчу: «Сенин да эмгегиң, көз майың бар, балам, – дешчү алар, – эртеден кечке эле Чабдарыңды чапкылап жүрөсүң, бирөөнүн жакшы-жаман сөздөрүн угуп…» Биресе булардыкы да чын. Анда гезит салчу үкөк деген жок болчу. Эшигинин алдына келип: «Гезитиңерди алгыла!» – деп үнүмдүн жетишинче бир канча ирет кыйкырар элем. Эгер чыгышпаса, эшигинин алдына таштачумун да, Чабдардын оозун артка бурчумун. Жок, Чабдар өзү эле билчү. Менин кыйкырыгым басылар замат, ушуну эле күтүп жаткансып, шарт бурулуп жөнөп калчу. Мен таң калчумун. Эки-үч күн өтпөй кайра таратмай. Анан таламайга түшмөй:
– Эмне үчүн өгүнү гезитти эшиктин алдына ыргытып кетесиң?..
– Ыргытпай эле таштап кеткем…
– Ыргытасыңбы, таштайсыңбы – баары бир да. Үч гезиттен араң бирөө калыптыр, калганын шамал учуруп кеткенби, же бирөө илип кеткенби… Ошо гезиттерди кайра алып келип беришиң керек, алып келбесең!
– Мен аларды кайдан таппак элем?!
– Кайдан тапсаң андан тап!.. Колубузга бербейсиңби!..
– Аттан түшүп, ар бириңдин үйүңө кирип беришим керекпи?
– Ооба, сени ошон үчүн почточу дейт. Ошон үчүн акча аласың…
– Андай деген закондо жок! – дейм мен моюн бербей. – Закон боюнча ар бир үйдүн боорунда гезитке деген үкөк туруш керек!..
Мен бул законду кимден укканымды билбейм, бирок ушинтип өтө өктөм айтам. Тиги:
– Мунун закүнчүлүгүн!.. – дейт да, негедир жумшара түшөт. – Болуптур эми, үйгө кирбесең да жакшылап кыйкырып жүрчү.
– Жакшы эле кыйкырып жүрбөймүнбү, өзүңөр укпай эле бири-бириңерге кыйкырып, урушуп…
Менин үнүм кардыга түшөт.
– Болду эми, – дейт алар анан боору ооругандай. – Мындан кийин угуп жүрөлү…
Жеңгениме эрдемсине, мен дардая жөнөп калам.
Бүгүн да ушуларды ойлоп, бирде ичимден күлүп, бирде заарканып, гезит бөлүштүрүп жаткам. Бөлүштүрүү дегеним азыр оңой эле. Мурда гезиттин башына ар биринин аты-жөнүн жазып, убара боло берчүмүн. Азыр андай эмес. Ар бир үйгө номур гана коюп коём. Бул – менин бул кишинин үйүнөн кийин тиги кишинин үйүнө кирем деген белгим. Муну мага караганда Чабдар жакшы билчү. Эгер номурум туура келбей калса, баспай токтоп калчу. Анан да кайсы бир үйгө келгенде, баспай кетенчиктей берер эле. Эмне болуп кетти деп ойлонгончо болбой эле, ал үйдөн ажылдап эки-үч ит чыга калчу. Ушу иттерден жаман тажачумун. Менден да Чабдарыма убал эле. Аны такымдап келишчү да, тиштейин дегенсип жүткүнүшкөндө, теминип койсом каңшылаган бойдон кайра качышчу. Буларга эмне болду дегенсип, Чабдарым да аларды элейе карап калар эле. Каңшылаган бойдон жөн калбайт да алар. Мойнун созо бүкчүйө отуруп алышып, ажылдап үрө беришчү. Ушу үндөрү жаман тажатар эле. Гезитин берип, кайра кайта берерде артымдан калбай ажылдап асылышканычы…
Мына ушулардан улам бирин ойлоп заарканып гезит бөлүштүрүп жаткам. Аңгыча апам кирди да, атам экөө өзүнчө күжүңдөшө баштады. Мен кулак түрүп калдым.
– Жанагы килейген тыйынды жутуп алыптырбы?! – деди атам үрөйү уча.
– Анан мен эмнени айтып жатам. Так ошону…
– Кудай урган турбайбы! Бала кайда азыр?..
– Үйүндө эле жүрөт дейт.
– Үйүндө!.. Кудай урган тура, ой, доктурга алып барышпайбы!..
– Алып барышыптыр. Апарышса, биз эмне кыла алмак элек, кыймылдаса өзү эле түшүп калат да дешиптир.
– Өзү түшүп калат! Ой, ошол килтейген тыйын кантип түшүп калат? Кайдан түшүп калат!.. – Атам титиреп кетти.
– Кайдан болмок эле, заңы менен эле түшүп калат дешиптир. Акмалап заңын карап тургула дешиптир…
– Бу айылда киши өңдүү деле киши калбай калды. Болбосо ушу чычкандай болгон балага кичине көз салып туруш керек эле да. Атаңдын оозун урайын жанагы атасы Жамангул киши деле эмес, мал менен жүрүп мал болуп калган окшойт…
– Чычкандай? – деди апам мыскылдагандай. – Ой, ошол Бердибек, эмне, чычкандайбы, ал деген, – мага колун жаңсай, – тигинден туптуура үч жаш улуу…
– Аны мен деле билем! – Атам апамды кагып салды. – Үч жаш улуу деп… Үч жаш улуу болсо да, ал алигиче… – Сөзүн улай албай калды да, ордунан турду. – Кой, мен эмне отурам, барайын… Киши өңдүү киши деле калбай баратат.
Атам турду да, жөнөп кетти. Кагуу жеп калган апам, ызалана өзүнчө сүйлөнүп кала берди:
– Ооба, киши өңдүү кишиден бир эле сен… Кыйын болсоң, барып…
– Апа, эмне болуптур? – дедим мен, гезит бөлүштүрүүмдү токтото коюп.
– Эмне болмок эле, – деди апам силкине, анан негедир жумшара, – баягы сенин Бердибегиң бир сомдук тыйынды жутуп жибериптир…
– Кантип? – дедим мен чочуп. – Ошонун баарынбы, Ленинди бүт бойдонбу?
– Кайсы Иленинди айтып жатасың, айланайын, бир сомдук тыйынды деп жатса…
– Ошол бир сомдук тыйын бүт бойдон Лениндин башы да.
– Анда ошол… Анысын да кайдан чыгара коюшканын билбейм, башкасы бүтүп калгансып…
Апамдын сөзүнө ичим күйүп кетти.
– Чыгарышат да!.. – дедим мен кызаңдай. – Ленин деген биздин, а түгүл бүткүл адамзаттын жол башчысы да. Анан ошол адам жүзгө чыгып жатса… Анан… анан… – Мен мукактанып сүйлөй албай калдым.
– Анысы бар дечи, – деди апам мени жайкай, бирок тыйын чыгарбай эле…Үндөбөй туруп калды да, – кой, мен да барайынчы, санаам тынбай жатат, алда кандай болуп кетеби ким билет…
Апам шашылыш чыгып кетти.
Мен жалгыз калдым. Көз алдыма дайыма күлмүңдөп жүргөн Бердибектин элеси тартылды. Туура, ал менден үч жаш улуу болчу. Эки жолу көчпөй калып, үчүнчү жолу биз менен бир класста окуган. Бою узун эле. Класста биринчи эле шокшоюп ошол көзгө илинчү. Эч ким менен урушчу эмес. Жинине тийсең да күлүп эле койчу. Сабакта да жооп берчү эмес. Эжейибиз улам-улам кайталап сурап жатса да, күлүп эле тура берчү. «Отур! Сени эми эмне кылабыз, Жамангулов, айланы кетирип бүттүң го. Эмне, эми дагы көчпөй калганы турасыңбы?!» – дечү эжейибиз акыры тажаганда. Ал дагы эле күлүп койчу. Сабак билбегени менен кандайдыр бир сүйкүмдүү эле. Эшикке чыкканда биз менен кадимкидей эле сүйлөшүп, чогуу эле ойночу. Анан сабакка келгенде эле… Кайсы класстан экенин билбейм, айтор, кийин биз менен окубай калган. Жолуккан сайын: «Кандайсың?» – деп колун сунуп, күлүп койчу. Эми ушул Бердибек бир сомдук тыйынды жутуп алган тура. Жана апамдын наалып жатканынын жөнү мындай. Пролетариаттын улуу жол башчысы Лениндин 100 жылдыгына арналган бир сомдук чоң чака тыйын чыгарылган, сырты жалтыраган, Лениндин жүзү түшүрүлгөн керемет тыйын эле. Аны чанда эле көрчүбүз. Мунун башка тыйындардан өзгөчөлүгү анда Лениндин келбети түшүрүлгөндүгүндө, бөтөнчө жалтырактыгында, анан чоңдугунда жана оордугунда эле. Баса, ал чындыгында тыйын эмес, а кагаз бир сомдукка барабар акча болчу да. Жезденби, же күмүштөнбү, айтор, темирден жасалгандыгы үчүн гана аны тыйын деп отурбаймынбы. Буга чейин мындай бир сомдук тыйын болгон эмес (1, 2, 3, 5, 10, 20, 50 тыйындыктар гана бар болчу), кийин да болгон жок. Айтор, бул тыйын бир сомдук кимге болбосун сүйкүмдүү көрүнөр эле. Анан ушундай чоң тыйынды Бердибек кантип жутуп ийген? Эми менин да тынчым кете баштады. Бердибек бир сомдук тыйынды эмес, а Лениндин башынын өзүн жута албай кыйкылдап, бозоруп-татарып жаткандай элестетип, титиреп кеттим. Ордумдан ыргып турдум да, гезиттерди чала бөлүштүргөн бойдон сумкага тыга салып, Чабдар экөөбүз жөнөп калдык.
Биздин айылда бир атанын үч урпагынын балдары жашачу, алар ушуга ылайык өз-өзүнчө жайгашкан эле, ошондуктан өйдөкү, ортоңку жана ылдыйкы айыл болуп үч чакан айылдан турчу. Баса, булардын көрүстөнү да үч башка болчу. Мен таратууну көбүнчө ылдыйкы айылдан баштаар элем. Бул жолу да шыдыр эле ылдыйкы айылдан баштадым. Ортоңку айыл менен ылдыйкы айылды кичинекей суу бөлүп турчу, ушул суудан өтө бергенде эле алдымдан топ аялдын келатканын көрдүм. «Булар кайда баратышат болду экен?» – деп ойлоп койдум. Аңгыча эле бирөөнүн шаңк эткени угулду:
– Ой, ырас болбодубу, эй, почточу бала, бери келчи айланайын…
Мен атымдын башын бурдум.
– Айтчы, айланайын, – деди ал, – деги эмне болуптур?..
Баары тең мени үрпөйө тиктеп калышты.
– Эмне эмне болуптур? – дедим таңдана. – Эчтеке…
– Кандай эчтеке, айланайын! – деди тиги ого бетер үрпөйө. – Ой, тиги Бердибек тыйын жутуп…
Муну толук сүйлөтпөй, кимдир бирөө кепти үзүп кетти:
– Анын баарын жебиреп эмне кыласың, жеңе, ушу чычкандай болгон бала эмнени билмек эле?
Негедир бул сөз мага катуу тийди.
– Билем!.. – дедим мен ызалана. – Жутуп алыптыр, азыр эле атам менен апам кетишти… – Өзүмчө ызырына шыбырадым… – Чычкандай!..
– Айтпадым беле!.. – деди биринчи аял баарын тегерете карап. – Жана эле айтпадым беле… Эгер Молдокемдин (атамды ушинтип тергешчү) өзү кеткен болсо, анда…
Сөзүн уланткысы келбей, калгандарына «жүргүлө!» дегендей башын жаңсай жөнөп калды. Мен артынан узата карап турдум да, анан «чычкандай!..» – деп биресе арданып, биресе күлкүм келип шыбырап алып, атымдын оозун бурдум. Сыртынан билинбегени менен, ичимден мени бир нерсе кыжалат кылып жаткансыды, оюм бир жерге токтобой, өзүнчө эле бир будуң-чаң түшүп жаткансыйт. Ушинтип туталанып жатып, айылдын четине келип калганымды өзүм да туйбай калыптырмын. Муну мени үрпөйө тиктешкен эки кыздан улам билдим. Ылдыйкы айыл чети ушул эки кыз менен бүтөт. Ушул жерде мен үчүн сырдуу эки үй бар. Ыйманалы менен Курманалы аталардын үйлөрү. Экөөнүн тең сакалдарын ак аралап калган, жаштары канчада экенин билбейм. Ыйманалы – кичине чатагыраак киши. Гезиттерди үзбөй окуйт, эгер бир эле саны кемип калса, чоң чуу чыгарат. «Мектебиңе чейин барам!.. – деп мени бир жолу катуу жекирген. – Түз эле деректириңе кирем. Кирем да: «Деги силер кимди өстүрүп жатасыңар!..» – деп айтам». Ошондон кийин гезитти бул кишинин өз колуна берчү болгом. Бир жакшы жери – көп күттүрчү эмес. Үнүңдү угары менен, өзү эле атып чыкчу. Экинчи үй – Курманалы аксакалдыкы, ал гезитке жазылган эмес. Менимче, эчтеке окубаса деле керек. Байбичесинин көзү эчак эле өтүп кетиптир. Тиги эки кыздын апасы экинчи аялы болот. Ушу аялы – кызык киши. Кыздары мектепте окушат, анан аларды айрым чечектер кодулай беришер эле: «Силердин атаңар канчада, ыя, миңге чыкса керек, бөкчөйүп, сакалы аппак болуп… Силердин апаңар токол турбайбы ээ?..» Анан кыздары: «Атаң карыган деп шылдыңдап жатышат!..» – деп үйгө ыйлап келишет да. Токол эмне экенин кодулаган балдар да, кодуланган кыздар да билишпесе керек, ошондуктан кыздар бул тууралуу арызданышчу эмес көрүнөт. (Чындыгында, балдарды да түшүнсө болот да, чын эле кичинекей кыздардын атасы аппак сакал болуп бөкчөйүп турса, ким болбосун таң калат да!..) Кыздарынын датын угары менен жоолугун чала салынып алып, тигилердин апасы жөнөп калат. Кызык, ал арданткан балдарды гана эмес, а жолдо жолуккандардын баары менен салгылашып чыкчу. «Сенин балдарың эмнени кыйратып жибериптир!.. – дечү ызырына. – Кыздарымдын атасына асылгандын балакетин алабы, ыя! Көрөм аларды, кийин бөкчөйбөгөнүн, бөкчөйбөйсүңөр, силер, бүкчүйүп каласыңар!..» Буга элдин баары көнүп бүткөн. «Ой, сенин тилиң, – дешчү баш чайкашып, – тилиң тил эмес эле, уу го, жеңе!..» Ошентсе да анын карааны көрүнгөндө эле айрымдары жылт коюшчу. Айрымдары эмне дээр экен дешкенсип, атайы күтүп турушчу. Ал эми кичинекей балдар топурап артынан ээрчип алышар эле. Бирок ал канчалык алкылдап урушпасын, баары бир аны айылдагылар сыйлап турушчу. Аны менен акыйнек айтышып урушуп жаткан бирөөнү да учураткан жокмун. Мен буга ушунчалык таң калчумун. «Жеңемдин (Ыйманалынын байбичесин баары ушинтип тергешчү) кетип калганы да ырас болуптур, ыйманы саламат болсун, алтын киши эмес беле, – деп апалардын өздөрүнчө сүйлөшүп жатышканын мен далай жолу угуп калдым, – болбосо акем таптакыр тукумсуз калмак экен. Кыз да болсо…» Азыр ойлоп калам, Ыйманалы аксакалга эки кызды төрөп берип, тукумун үзбөгөнү үчүн аны урматтап, анын ачуу жемелеринин баарын көтөрүшчү тура деп. Ушу эки кыз бир кызык кыздар эле да. Мени эле күтүп отурушкансып, дайыма мен барганда эшигинин астында ойноп жатышкан болот. Кийимдери жупуну болгону менен, жылдыздуу кыздар болчу. Муну бир көргөндө эле сезчүсүң. Өздөрүн деле бир жолу эле карап калууга үлгүрчүсүң, анткени балдар кодулай берип, жедеп корунтуп салышканбы, алар бир жолу карагандан кийин эле жүздөрүн ала качып, сени түк карашчу эмес. Сени менен таптакыр иши жоктой, бул дүйнөдө экөө гана калгандай, өздөрүнчө күжүңдөшө үн чыгарбай ойной беришчү. Ошондуктан аларды биринчи жолу көргөн киши сөзсүз дудук болушса керек деп ойломок. Мына, мен алар менен канча жолу бетме-бет келишпедим дейсиң, гезит тараткан сайын кездешчүмүн. Бирок бир жолу да сүйлөгөнүн уккан жокмун. Чабдар экөөбүздү көргөндө селт эте тикирее бир карап алышчу да, жүздөрүн буруп кетишчү. Кээде мен:
– Эй, гезит керекпи? – дечүмүн аларга. – Мегиле, алгыла…
Алар жер караган кейпинде баштарын ийкешчү да, мен сунган гезитти алып, ары жүгүрүп кетишчү. Мен аларга «эй!» деп кайрылар элем, анткени аттарын билчү эмесмин. Адаттагыдай эле бүгүн да ушундай болот экен деп ойлоп келдим. Экөө туруптур, аларды көргөндө эле «аа, баягылар тура…» дегендей көңүл деле бургум келбей калды… Курманалынын эшигине келдим да:
– Гезит!.. Гезитиңерди алгыла! – деп кыйкыра баштадым.
– Алар жок… Кетишкен… – деген үн алсыз чыкты аңгыча каптал жагымдан.
Карай салсам – баягы экөө турат. Чабдардын үстүнөн учуп кете таштадым.
– Кай-да?.. – дедим мен.
– Тыйынга…
– Тыйынга… Эмне тыйын?
– Тыйын жутуп алган турбайбы… Ошого…
– Аа…
Эңги-деңги абалда Чабдардын оозун бурдум. Бура бергенде:
– Өлүп калбайбы?.. – деген үн чыкты.
Баягы экөө үрпөйүп мени карап турушат.
– Өлбөйт!.. – дедим мен жиним келгендей. – Ким айтты!.. Ары-бери жүгүрсө эле, өзү түшүп калат…
Экөө кубангандай бир-бирин карашты да, үндөбөй ары жүгүрүп кетишти.
Мен кыйлага чейин өзүмдү токтото албай, эңги-деңги абалда жүрдүм. Экөөнө тил бүтүшү, үрпөйө карашы, чын эле мени бир топ шалдайтып койду окшойт. Ушундай абалда айылдын астындагы конторду көздөй чу койдум. Контордо, негизинен, актив чалыштар болушар эле.
Актив чалыштар дегеним – клуб башчысы, эсепчи, инженер, кампачылар. Алыстан эле илмийген эки караанды көзүм чалды, шыдыр эле тааныдым – булар клуб башчысы менен эсепчи эле, топурактарын бир жерден алгансып, экөө тең арык болчу. Алар колдорун силкилдетишип, бир нерсени талашып жатышкансыйт. Аңгыча олбурлуу бир киши келип, алардын жанына туруп калды. Бул кампачы эле. Жакындай бергенде эле алардын бакылдаган үндөрү угула баштады.
– Койчу, айланайын, – деди эсепчи, – түшкө кирбеген жорукту айтпай, тыйының кагаз болсо да эмне болуптур. Ал алкымдан кантип өтүп кетмек эле…
– Сопсонун эле өтүп кетиптир, ой, жутуп алыптыр деп атышпайбы баары эле…
– Ошо баары былжырашат…
Мен жете келдим да, же саламдашарымды, же гезиттерин береримди билбей туруп калдым.
– Мына, – деди эсепчи, мени көрүп сүйүнө, – өзү келбедиби. Эмне, чын эле тыйынды жутуп жибериптирби?..
– Ооба… Атам менен апам кетишти. Баары эле ошол жакка баратышат.
Эсепчи жеңилгенине кичине сына түшкөнсүдү:
– Анда чатак болгон экен… – деди өкүнгөндөй башын чайкай.
– Эч бир чатак-матак болбойт, – деди клуб башчы жеңгенине эрдемсий, – ашказанга жетсе эле өзү эрип кетет…
– Кандайча эрип кетет?
– Жөн эле… Ой, адамдын ашказаны темириңди да, ташыңды да эритип салат. Жүрбөйбү тиги чет өлкөдө деле далайлар, мелдешип от жуткандар, темир жуткандар… Өлсө, ошолор өлөт эле го…
– Алар эми башка да…
– Кандайча башка?.. Алар деле экөөбүздөй эле кишилер.
– Ошентсе да… – Негедир ызалана кетти. – Сен, эмне, чет өлкөгө барып, темир жуткандарды өз көзүң менен көрүп келдиң беле? Эч жакка чыкпай эле ушул жерде жүрөсүң го, катыныңдын этегине эрмешип…
– Ой, четке чыкпасам да, мен деген бирдеме окуйм да. Гезиттерди үзбөй окуйм да. Сендей эле үңкүйүп отурат дейсиңби чот кагып. Кантип бирөөнүн бирдемесин кытып алсам деп… Ошол гезиттерде темир менен от жуткандар…
– Ошол гезит экөөңөр бок жепсиңер!.. – деди эсепчи ого бетер ызалана, тигини толук сүйлөтпөй.
– Бок жесек, тыйын ашказанга барат да, аны чиритип, Бердибегиңди өлтүрөт!.. Санааң тындыбы эми!..
– Эмне деп эле дөөдүрөп жатасыңар!.. – деди кампачы чыдай албай кепке аралашып. – Жанатан бери угуп отурсам, ой-тоону айтып дөөдүрөйсүңөр. Андан көрө баланын аманчылыгын тилебейсиңерби!.. – Тигилерди таңдана карап турган мага кайрыла кетти. – Келе, айланайын, гезит алып келдиң беле?
Мен башымды ийкеп, ар бирине гезиттерин карматтым да, эмне кылайын дегендей туруп калдым.
– Жолуңдан калбай бара бер, айланайын, – деди кампачы ичи жылыгандай.
Мен бастырып кеттим. Жанатан бери анча элес албай келатсам, эми мени негедир коркунуч каптап келаткансыды. Өзгөчө «өлтүрөт!» деген сөз жүрөгүмө сайылып калгандай болду. Өз оюмдан качкандай, Чабдарга камчы бастым. Өйдөгү айылга кире бергенде, бери көздөй келаткан жоон топ аялды көрдүм. Арасында бирин-серин эркектер да жүрөт. Чабдарга кайрадан камчы бастым да, алардын жанынан шуу этип өтүп кеттим. Кыйла узаган соң артка кылчайсам, алар Бердибектин үйүнө бурулуп баратышыптыр. «Кызык, – деп ойлоп койдум өзүмчө, – булар эмне кылышат?..»
Чабдар экөөбүз бу айылдыкын да бат эле таратып бүттүк окшойт. Сумкамды карасам бир эле гезит калыптыр. Бирок баарысы бир тең, анан ушул гезит бир тең эле. Анткени аны жеткирүү үчүн айылдан эки чакырымча алыс жайгашкан Баяман тегирменчинин үйүнө барышың керек, гезит – ушул тегирменчинин уулу Карыптыкы. Айла жок, барышың керек. Мына, баратам. Бараткан сайын өзүмчө сурап коём: «Жарыктык киши үйүн эмне мынча алыс салды экен? Тегирмен үчүн ганабы, же?..» Атамдан сурайм деп келип эле, гезит таратып бүткөн соң, эсимден чыгып кетет. Бактыга жараша, ушул суроо мендеги коркунуч сезимин басып салгансыды. Анын үстүнө кичине ээнсирей түшкөндө, жеңилдегендей болуп калдым. Баса, айылдан кичине четтей бергендеги үйдү унутуп бараткан турбаймынбы. Бул – Төлөбай атаныкы. Мунун да сакалын ак аралаган, бирок балдары жаш. Төлөбайдын токолунан дешет. «Баары эле токол ала бергенби?» – деп сурасам, атам: «Ээ, балам, башка түшсө байтал жорго дейт, улуу аялдарынын согончогу канабаса, эмне кылат анан, ким болбосун артынан туягым калса деп жанталашат да…» – деп кичине нааразы болуп койгон мага. Эми ушу Төлөбайдын экинчиби же үчүнчүбү класстан окуган бир баласы бар. Бул да мени аңдып отургандардын бирине кирет. Үйлөрүндө телевизор деле жок болсо керек, анда эки-үч кишинин эле үйүндө телевизор бар эмес беле. Бирок эмне экенин билбейм, бул баланын күткөнү эле – телевизордун программасы. (Анда программа гезитке жарыяланып турар эле.) Мени көрөрү менен эле эдиреңдеп жүгүрүп келет да:
– Эй, бир траграмма берип койчу… – дейт жалдырай.
Траграмма эмес, программа деш керектигин канча жолу эскертпедим дейсиң, бирок баары бир траграмма дей берет, акыры мен да тим болдум.
Азыр жалдырап турса да бир да жолу программа берип койбогонума өкүнөм, кадимкидей ичим күйөт, ушуну эстегенде эле мени жалдырай караганы көз алдыма тартыла калат десең… Анан андай гезиттер саналуу экендигин, бирөөнүкүн эле бербей койсоң, чоң чуу чыгармагын эстеп, өзүмдү өзүм жооткотуп коём. Кызык, эми ойлосом, эл программасы бар гезитти ушунчалык зарыгып күтүшөр эле, үйүндө телевизору жок болушса да, анда эмне болорун билишип, ошого көңүлдөрү тоюп калышчу окшойт. Мен программа тууралуу ойго катуу батып кеткен көрүнөм – баягы баланы байкабай өтүп бараткан экенмин.
– Эй! – деген үн чыкты артымдан.
Артка кылчайсам, баягы бала турат. Негедир үрпөйүңкү.
– Траграмма жок! – дедим мен жактыра бербегендей.
– Чычса эле чыгып кетеби? – деди ал менин сөзүмө көңүл бурбагандай.
Мен корккондой селт эттим.
– Эмне?!
– Тиги… Тыйынчы. Жүгүрүп келип, чычып ийсе эле түшүп калабы?
Эмнени айтып жатканын эми араң түшүнүп, эмне дээримди билбей буйдала түштүм да:
– Ооба!.. – дедим негедир чечкиндүү.
Өз жообума өзүм таңданып турдум.
– Аа…
Ал санаасы тынгандай, үйүн көздөй жүгүрүп кетти.
Мени кайрадан коркунуч каптап келаткансыды. Мага бул дүйнө жалгыз гана Бердибектен куралгандай сезилип туруп алды. Бул болсо коркунучту ого бетер күчөтүп жиберди көрүнөт. Мен кандай да болбосун, бир нерсе менен өзүмдү алаксыткым келди. Тигини эстедим, муну ойлодум – таптакыр болбоду, акыры атам экөөбүздүн жакында эле болгон кайым айтышуубуз эсиме түшүп, жеңилдей түшкөнсүдүм. Ал кайым айтышуубуз менин ичимде азыркыга чейин уланып келет, сыягы, улана берет көрүнөт. «Ата, Ыйманалы атанын аялын эмне үчүн аял дебей, токол дейт», – деп сурап калдым, балдар кодулай берген эки кызына боорум ооругандай. Атам негедир кызаңдай кетти: «Ой, токол болсо токол дейт да, биринчи аялы болбосо, экинчи аялы болсо. Анан…» «Биринчи аялы өлүп калган болсо, – дедим мен түшүнө бербей, – анда бир эле азыркы аялы калып жатпайбы. Ошондо бир эле аялы калган да. Анда ал эмне үчүн токол болот?» Атам эмне деп жатасың дегендей суроолуу карады да, анан менин суроомду түшүнүп жылмая эрдин кымтып, башын акырын чайкагылай, сөздү башкага буруп, токол алгандарды актап кирди: «Алар, эмне, жыргаганынан алды дейсиңби, эки эмес бир катынын бага албай жүрүшүп… Мына Ыйманалынын биринчи аялы өлүп калды, жаркылдаган жакшы жан эле, бир гана айыбы – согончогу канабагандыгы, ыйманы саламат болсун шордуунун, – ичинен бирдемелерди кобурап, бата кылып койду, – анан албаганда эмне кылат? А Төлөбайдыкы болсо, биринчиси бирди төрөп эле, төрөтү токтоп калды, анан…» «Токтогону эмне, ата?» «Токтогону! – деди атам негедир дагы кызаңдай, – мындан ары төрөй албай калганы!..» Бирок мени бул кызыктырчу эмес, мени бир эле аялы болсо да, аны эмне үчүн токол дегени таң калтырчу. «Мына, – дедим мен кайрадан, – Ыйманалы атанын эки эмес, бир эле аялы бар да, анда аны эмне үчүн токол дейт?» «Ой, токол болсо, токол дейт да!… – Атам кадимкидей ачууланып кирди. – Экинчи аялы болсо…» «Кандайча экинчи, – дедим кайрадан таңдана, – биринчи аялы өлүп калса, жок болсо, бир эле аялы калып жатпайбы!..» Атам үндөбөй ойлонуп калды да: «Чын эле, – деди чочугандай селт этип. – Чын эле, бир эле аялы калды да, анан… – Мага карап, сурангандай: – Мээмди айлантып салдың, балам, а десин, бу десин, экөөнүкү тең акжолтой болушту – бала төрөп беришти. Ыймакем эки күндүн биринде эле кемшиңдеп ыйлап калчу, ушинтип менден тукум калбай калабы деп… Төлөбай болсо турган жеринен эле жер сабап калчу, Капашым жалгыз болуп калмай болду деп… Мына эми экөө тең…» Атамдын сөздү башкага буруп кеткени мени кадимкидей ардантты, мен да кандайдыр бир өч алгым келип кетти. «Анда, – дедим, – анда эмне үчүн Төлөбайды түрмөгө каматкан жок?» «Эмне дейсиң!.. Түрмөгө… А эмне үчүн камашы керек?» «Кандай эмне үчүн? Эки аял алып жатпайбы, Курманбай атаны эки аял алгандыгы үчүн түрмөгө жатып чыккан деп жүрүшпөйбү!..» «Ошо Курманбай жерге кирсин, өзүнүн жамандыгынан түрмөгө түшүп жүрбөйбү!.. Болбосо… Закүндү билиш керек болчу. Мына Төлөбай эр экен, эки катын алганын өкүмөткө бир да шек алдырган жок. Айылдан, элден айланса болот, балам, өкүмөттөн бирөө келип: «Төлөбай аксакалдын эки аялы барбы, жашырбагыла, закүн алдына жооп берип каласыңар!..» – деп түтүнмө-түтүн кыдырып зекип, коркутуп чыкты го. Ошондо бирөө да айгак чыкпады, кайра: «Кайдагы жок нерсени айтасың да!..» – деп өзүн кекетип, жигин билгизишкен жок… Кийин закүн өзгөрдүбү, же өкүмөттүн шайы кетип калдыбы, айтор, кимдин канча аял алганы менен иши деле жок болуп калды окшойт. – Ойлоно калып, ыраазы болгондой жылмайып. – Түрмөгө жатып чыкса да, Курманбай туура эле кылыптыр. Карабайсыңбы, жанагы кара жаак байбичеси, – желпилдеп сүйлөгөндөн башка колунан бок келбейт атаңдын оозун урайындын, – болгону бирди гана төрөдү да, токтоп калды. А токолу тогуздубу же ондубу төрөп берди эле, Курманбай жер баспай эле калды…»
Атам «көрдүңбү!» дегендей мени кудуңдай карап алып, ойлуу туруп калды. Ушул маалда ал мага негедир аянычтуу көрүнүп кетти. «Ата, – дедим мен жаракөрлөнө, аны алаксыткым келип. – А тиги Тыныбектин экинчи аялын деле токол дебей эле, аялы айтып жүрүшпөйбү…» «Ошол Тыныбегиң кара жерге кирсин, жаркылдаган, алмончоктой болгон, эки бала төрөп берген аялын кетирип… – Кайра Тыныбекти актай кетти. – Кийинки аялы деле жаман эместей көрүнөт, угушума караганда, үч бала төрөп бериптир, ошондо мурунку балдары менен Тыныбектин беш баласы болот да, ээ… – Атам мени карап койду да башын ийкегилеп, өзүнчө эле күбүрөнө баштады. «Ошондо, – дедим мен кубангандай кыйкырып, атамды селт эттире. – Тыныбек деле эки аял алып жатпайбы, анан эмне үчүн экинчи аялын токол дебей, аял дешет?»
Атам мени олурая бир карап алды да, ачуулана: «Ой, биринчи аялы тирүү да азыр, төркүнүнө эле кетип калды. А тиги Ыймакеңдики өлүп калган да…» «Мен да ошону айтып жатам. Кетип калса да, тирүү да. Анда Керимбектин экинчи аялын токол деш керек эле да…» «Сенин, эмне, токолдон бөлөк сөзүң жокпу?! – Атам кайрадан кызаңдай кетти. – Токол… Токол… Деги мунун сага эмне кереги бар?! – Катуу кеткенин туя калып. – Бирдеме болсо эле аялы, токолу дейсиң. Сага эмне, эл эмне дешсе ошо дей бер да: токолу дешсе токолу де, аялы дешсе аялы де… Анын үстүнө үчтү төрөп берип жатса…»
Ушинтип биздин талашыбыз аягына чыкпай калган. Азыр ушуларды эстеп, дагы эле ал суроомду чече албай, оюм чаташып кыйналып, кайра туруп эле күлкүм келип келатып, өзүмдөн өзүм эле дагы бир туңгуюкка кептелип калгандай болдум: «Чын эле, – дедим мен, өзүмчө сүйлөнүп, – токолдон бөлөк сөзүм жокпу, мага анын эмне кереги бар, бул сөз мага кайдан жүрүп жабышып калган?» (Кызык, бул сөз менин көкүрөгүмдө биротоло уюп калган окшойт, азыр да ал сөз мага өтө сырдуудай, а түгүл сөз эмес эле кандайдыр бир тирүү жандыктай туюла берет.) Таңдана башымды чайкадым, бирок көп өтпөй эле мындан да сырдуу дагы бир туңгуюкка кабылдым: «Эмне үчүн атам дайым эле: «Ал мынча бала төрөп бербедиби», – дей берет…» Дал ушул маалда Чабдар да ойдон чарчагандай, башын сол жакты көздөй шарт бурду. (Байкуш Чабдарым а, эгер айбанаттардын да бейиши менен тозогу болсо, азыр сен бейиштин төрүндө отурсаң керек!..) Селт эте башымды көтөрсөм, Баяман атанын үйүнө келип калыптырбыз. Негедир сүйүнүп кеттим. Короого кире бергенде эле бир нерсе талашып, чукчуңдашып жатышкан Керимкул ата менен анын байбичесине жолуктум.
– Мына, өзү да келди, – деди байбичеси мага колун жаңсай. – Бул бала бүт айылды кыдырып келди, ишенбесең өзүнөн сурасаң…
– Эмне, айланайын, – деди Керимкул ата мага кайрылып, – чын эле доктурлар айтышыптырбы, ары-бери жүгүрсө өзү эле түшүп калат деп…
Мен эмнени айтып жатканын шыдыр эле түшүндүм.
– Ооба, – дедим. – Ошентип айтышыптыр доктурлар. Апам айтты.
– Көрдүңбү, – деди байбичеси, – сен болсо барам деп жулунасың. Сен барганда эле эмне… – Мага даттангандай… – Караңгы киргенче буудайды тарттырып бүтүп алалы десем, өзү деле бир кап эле калган, бул айламды алты кетирип жатат, тиякта бирөө өлүм алдында жатса, сенин буудайыңдын кимге кереги бар деп, жамандыкты ойлоп, бул эмне килтейген доктур Шекеден кыйынбы..? Бул барганда эле …
– Болду эми! – деди Керимкул ата толук сүйлөтпөй. – Дайны жок дөөдүрөй бербей. Жамандыкты ойлоп деп… атаңдын оозун урайын десе, саа ун эле керек да, ээ. Жүрү анда…
Силкинип тегирменди көздөй басты. Байбичеси жазганат окшойт, үндөбөстөн акырын артынан ээрчиди.
Эки жакка абай салсам, Баяман ата эки колун артына алып, бирдеме издеп жаткандай арыкты тикчие тиктеп, суу башында туруптур. Ит келдиби, куш келдиби – бул кишиге баары бир эле, эч ким менен сүйлөшчү эмес. Аңдыганы эле тегирменинин барасы болчу. Тегирмендин барасынан көз алчу эмес. Дайыма тикчие тиктеп турчу, анан ошол барасынан бир мандемди байкап калса, ошондо гана бир нерсе деп үн катып, ордунан шып ыргып тура эки колун артына алып, суу башын көздөй желип жөнөчү. Тигине, азыр да суу башында турбайбы тикчие карап, сыягы, барасынан бир мандемди байкаган көрүнөт. Чын эле, бул киши үчүн бул жарык дүйнө, бүткүл жашоо өзүнүн тегирмени гана болчу, тегирмени иштеп, барасы туура айланып турса, ага жашоо да өз нугунда өтүп жаткандай туюлчу. Мен ушуларды ойлоп, ичимден бир жылмайып алдым да, гезитти колуна бериштин кереги деле жок деп чечтим. Гезитти эшик алдындагы тактайлардын үстүнө ыргытып коюп, Чабдардын оозун бурдум.
Жолдо келатканда эмнелерди ойлогонум азыр эсимде жок, бирок ичимде айылдагыдай эле бир дүрбөлөң болуп жатканын, ошол дүрбөлөң бир туруп коркунуч жаратса, бир туруп жүрөгүмдө кандайдыр жылуулук уялай баштаганын туюп турдум.
Ушундан көп өтпөй эле атам почточулуктан түшүп калды, мен болсо гезит таратпай калдым. Атамды билбейм, буга мен биресе ичим күйсө, биресе жеңилдей түшкөнсүдүм. Бердибек өлгөн-житкен деле жок, баягыдай эле күлмүңдөп арабызда жүрдү. Мага жолуккан сайын адаттагысындай эле: «Кандайсың?..» – деп күлүп койчу. «Жакшымын…» – деп мен жылмайчумун. Бирок бир да жолу тыйын кантип түшкөнүн батынып сурай алган жокмун. Сыягы, тартынсам керек, кантсе да менден үч жаш улуу эмес беле.
Кийин чоң окууда окуп, шаарда калып иштеп, айылга анда-санда гана каттап калдым. Бир жолу барганымда көмкөгө нан жаап жаткан апалар Бердибек тууралуу сүйлөшүп жатканын кулагым чалып калды.
– Багына жараша, аялынын тыңдыгын айт, бир айылдын ишин былк этпей көтөрүп кетет го…
– Удаа-удаа үч эркекти төрөп бергенин айтпайсыңбы, кудайдын да көзү бар экен да көрсө…
Буларды угуп отуруп, менин таң калганымды айтпа. Мен негедир Бердибек таптакыр аял албайт го деп ойлочумун, аял алганын таптакыр элестете алчу эмесмин. Эмне үчүн минтчүмүн, муну өзүм да билбейм. А бүгүн болсо эмне үчүн ушинтип ойлогонума таңданып отурам. Бердибек колхоздун чабыр койлорун багып, жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо болуп, айылга көп деле аралаша албай жүрдү окшойт. Ошондой күндөрдүн биринде айылдан Бердибекке капысынан жолугуп калдым. Жанымда Болотбек деген туугандарым да бар эле. Баягы шокшойгон Бердибек жок, эки бети тамылжып толуп алыптыр. Анан да ачылып алганын карасаң.
– Кандай, классташ?.. – деди жадырай күлүп.
Мен жооп кайтара албай, буйдала түштүм. Анткени ал мага өмүрү классташ деп кайрылчу эмес, а түгүл мен ал бул сөздү таптакыр билбейт го деп ойлочумун.
– Жакшы!.. – дедим кыйладан кийин эсиме келгендей. – Өзүңчү?
– Көрүп турбайсыңбы! – Ал эки колунун булчуңун түйө каткыра кетти.
– О-оо!..
– Жолуккандардын баарын эле, – деди аңгыча Болотбек биздин сөзүбүздү үзүп, – классташ дейсиң, деги сенин канча классташың бар, ыя?
– Баары эле менин классташтарым. – Бердибек кайрадан жадырай күлдү. – Төрт жылы катары менен көчпөй калсаң, баары эле классташ болуп калат окшойт…
– Айланайын кудай, менден башка киши укпасын, ой, чын эле төрт жылы катары мененби?!
– Ананчы…
Бердибек каткырган бойдон биз менен коштошуп, ары басып кеткен.
– Деги бул санаганды билеби, ыя? – деди Болотбек, башын чайкап, Бердибекти аягандай.
Мен ийинимди куушурдум да:
– Толуп, жакшы болуп калыптыр, – дедим сөздү башкага буруп.
– Толбой эмне болуптур… – Болотбек негедир туталана кетти. – Бирөөдөн да жаман сөз укпаса… Кокус бирдеме суранып калсаң, өз ишин токтото салып, сеникин жасап кирет. Өзүнүкүн жасап жаткансып, майын чыгара бүтүрүп берет десең… Анан буга кыныгып алгандар бирдеме болсо эле, Бердике деп буга жөнөшөт. Үйүндө деле көп болбойт, ар кимдикине эле жардам берип жүргөнүн көрөсүң… Чабыр багып кеткенден бери кичине жаны жай алып калды окшойт, болбосо… – Эсине бирдеме түшкөндөй тык токтоду да, анан таңдана. – Мындай карасаң, эчтеке ойлонбой, жөлжүрөп араң эле жүргөнсүйт, анан аялын кантип башкарып алганын билбейм, аялы тим эле эки көзү менен чарк айланып турат экен…
Мен да таң калымыш болуп, башымды чайкадым окшойт. Ушул маалда менин көз алдыма баягы биз менен бирге окуган кездеги күлмүңдөгөн, негедир сүйкүмдүү көрүнгөн Бердибектин элеси тартыла калгансыды. Сырты өзгөргөнү менен, ичи баягыдай эле калгандай. Баягыдай эле кандайдыр бир нур чачып тургандай…
Тагдырды болжоп болбойт экен го, атаганат. Мындан үч-төрт жыл мурун айылдан агаларым келип калыптыр. Ал-акыбалды сурашкан соң:
– Баягы Бердибек байкуш жардан учуп өлдү!.. – деди үшкүрүнө, атайы эле мага кабарга келгендей.
– Ыя?! – Мен ойлонуп-ойлонбой нес болуп туруп калдым, ушул учурда бала кезимдеги айылымды бир чарк айланып келгендей болдум окшойт. Анан эмне экенин өзүм да билбейм, негедир, – Тыйын!.. – деп кыйкырып жибергенсидим.
– Эмне тыйын?!. – Агам элейе тиктеп калды.
– Билесиңби, – дедим мен оңтойсуздана, – бир сомдук тыйынды жутуп албады беле.
– Билбей анан… Аны ким билбейт дейсиң?..
– Жардан учуп дейсиңби?.. Кандайча?..
– Эч ким деле ырыстуу билбейт… – Агам кайрадан үшкүрүндү. – А түгүл өзү менен чогуу жаткан аялы да, балдары да… Мас дейин десең – ал байкуш ичип деле кыйратчу эмес. Анан эмне балакет болгонун билбейм, түн ортосунда эшикке чыгып келейин деп ордунан туруп кетиптир… Үйүнөн он-он беш кадам ары жагы жар болчу. Күн сайын бир эмес, миң жолу көрүп эле жүргөн жар, аны Бердибек көзгө сайса көрүнгүс караңгыда деле көрмөк… Анан эмне шайтан айдап барганын билбейм… Таң заардан туруп карашса эле жар алдында жатат дейт кызыл жаян болуп… Ажалың жетсе ушул экен да, качан өлөсүң, кантип өлөсүң… – Агам өзүнчө дагы бирдемелерди булдуруктады да, үнү кардыга: – Аркы жумада жерге бердик шордууну…
– Кандайча жерге бердик?! Текшертпейсиңерби!..
– Ой, эмнесин текшертесиң?! Киши колдуу болду дейин десең, ал шордуу кумурскага да зыяны жок эмес беле… Анын үстүнө ошо жар башында өздөрү эле турушчу, тегерек-четинде эч ким жашачу эмес. Анан түн ортосунда Бердибекти өлтүрмөкмүн деп, ат башындай алтын берсең да эч ким келмек эмес… – Агам кайрадан булдуруктай кетти. – Ажалың жетсе ушул экен да, качан өлөсүң, кантип өлөсүң…
Мен үндөбөдүм. Адам дегениң ушул экен да: бара-бара өлүмгө деле көнүп бүтөт окшойсуң, аны жашоодогу кадимки, кадыресе көндүм көрүнүш (!) катары карап калат өңдөнөсүң. Бердибектин өтүп кеткенине жүрөгүм бир тыз этип алды дечи, бирок анын ошол бир сомдук тыйынды кимден кантип алганын, кандайча жутуп жибергенин, анан ошол тыйын кантип түшүп калганын бир жолу да сурай албай калганыма ушунчалык өкүнүп турдум, ичим туз куйгандай ачышты. Эмне экенин билбейм, мага сырдын баары ошол бир сомдукту жутуп алгандыкта катылып жаткандай, мени ушул окуя гана айылыма байлап тургандай туюлуп кетти. Азыр ойлосом, ошол күн менин өмүрүмдөгү эң узун күн болгон окшойт, эртерээк бүтсөм экен деп Чабдарга улам-улам камчы басканым күнү бүгүнкүдөй эсимде, бирок ошенткен сайын күн созула бергендей, таптакыр бүтпөчүдөй туюлган, а түгүл кээде азыркыга чейин созулуп жаткандай туюлуп кетет. Мени байлап алган деп ушул үчүн айтып жатсам керек… Ушинтип эңгиреп ойго батып турган маалда баягында Болотбектин Бердибекке чын дилинен таңданганы кулагыма жаңыргансыды:
– Кудая тобо, ушундай да жан болот экен ээ, эч кимге зыян кыла албаган!..
Бул таң калуу мени бир селт эттирип алды:
– Эч зыян кыла албагандыктын өзү зыян эмеспи?!
Азыр да жамандык, жакшылыкта айылга каттап калам. Жабыла тосуп деле чыгышпайт. Өзүм болсо шыдыр эле тоолорду, сууларды карайм. Тоолордун баягыдай эле былк этпей турганына, суулардын баягыдай эле шаркырап агып жатканына сүйүнөм. Айылга көп деле кармалбайсың, ар кимдин өз тирлиги бар. Менин келип-кеткеними өзүм үйүнө кирип-чыккан эки-үч киши эле билип калышпаса, калгандарынын эч бир иши жоктой, а түгүл бир-бири менен сүйлөшүүгө да чололору тийбегендей, ар кимиси өз-өздөрүнчө эле тытынып жатышкандай…
Айылыма дагы далай каттаармын. Баягы суулар баягыдай эле агып турар, баягы тоолор баягыдай эле былк этпей турушар. Бирок баягы эл жок сыяктуу. Же баягы мен жокмунбу?
Ал эми түшүмдө болсо дагы эле жабыла тосуп чыгышар. Бирок бетме-бет келгенде эле – бейтааныш тааныштар!.. Ошолордун арасында баягы айылымдын эң акыркыларынын бири болуп шордуу Бердибек да турар…
Жүрөк сыздайт…