Өмүр өтөт билинбей
(Эссе)
Советтер Союзунда өткөн кылымдын 80–90-жылдарында саясы маңыздагы жана саясатташтырылган жыйындар, пикеттер, иш таштоолор, ачка кесерүүлөр тынбай өтүп, айрымдар аларды коомдук түзүлүштүн оңолушу үчүн уюштурса, кайсы бирөөлөр үчүн ал акциялар эриккендеги эрмек, дагы бирлер үчүн ынтымакты ыдыратууну көздөгөн ээнбаштык болгон. Буга окшогон жосундар Совет бийлигинин тажатма системага айланып, картайып да, каржалып да калганынын белгиси болчу. Бийлик төбөлдөрү аны билген жок, билгилери да келбеди. Мурдатан кандай тартип, кандай баш ийүү жана баш ийдирүүлөр болсо, ошол адаттан тайбай кете беребиз деп ойлошкон. Бирок турмуш, коомдук аң-сезим анттирбеди. Системадагы сенектик, бюрократизм кесепеттери, компартиянын жетекчилигиндеги фарисейчиликтин залакасы, сөз менен иштин айкалышпаганы, 1980-жылы коммунизм курууларын убада кылган ооз көптүрүү СССР Жогорку Советинин сессиясында да катуу сындалды. Баса, коммунисттердин баарына баштан аяк сөз тийгизейин деген ниет жок менде. Пейли таза, коммунизм идеяларынан шек санабай согушта эрдиктин, чарбада эмгектенүүнүн өрнөктүү үлгүсүн көрсөтүп, эл-жер үчүн ак эмгектенген чыныгы коммунисттерди жанбакты жалган «коммунист» сөрөйлөрдүн катарына тизип, адилеттиктен тайган жоругубуз курусун! Союздук республикалар Москванын көз карандылыгынан бошонбогондуктан өнүгө албай жатканы сессияда нечен курдай айтылган. Советтер Союзунун коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин генеральный секретары М. Горбачев менен атактуу академик, Лениндик жана Нобель сыйлыктарынын лауреаты А. Сахаров экөө бири сессиянын президиумунда отуруп, бири трибунада туруп акыйнек айтышканы эсибизде. Балтика боюндагы Латвия, Литва, Эстония республикаларынан шайланган депутаттар «чет өлкөлөр менен келишим түзүп, соода-сатык иш жүргүзүү укугун өзүбүзгө бергиле» деген саясы эмес, экономикалык гана өтүнүч менен Совет бийлигиндегилерге кайрылганы да эсибизде. Тилекке каршы, М. Горбачев баштаган бийлик ээлери моюн толгоп, көнбөгөн соң алиги үч республиканын өкүлдөрү «силер антсеңер, биз минтебиз» дегендей Жогорку Советтин каалгасын карс жаап, кылчайбай чыгып кеткени да эсибизде. СССРдин ыдыроосун ошол окуя тездеткен деген ойдо жүрөм. Ал окуяга удаа Совет өкмөтүнүн жетекчиси Н.И. Рыжков чет өлкөлөр менен соода-сатык келишим түзүүгө тыюу салган катын союздук республикаларга жөнөтүп, СССРдин келечегин артык кылам деп, тыртык кылып алганына акылы жетти бекен ошондо? Жетсе антпейт эле го.
Кыргызстанда окуянын ылдам өнүгүшүндө жалпы союздук кырдаал менен бирге КДКнын да таасири орчундуу орунда болду.
КДК демекчи… Бул биримдик уюшула элек кез анда. «Перестройканын» дымагына шыктанып жүргөн чагыбыз. Эски аянттагы алгачкы өкмөт үйүнүн батыш өңүрүндөгү биринчи кабатта Казат Акматовдун бир кичине кабинети бар эле. Ошого Төлөмүш экөөбүздү телефон чалып чакырды. Барсак Казат Абдыганы Эркебаев экөө отуруптур. Учурашып, тамаша-чын аралаш а-бу дешкенибизче болбой дагы бир-экөө келип калды.
– Партиянын баркы кетти. Жаңы партия түзөлү деген ой бар, кандай дейсиңер? – деди Казат.
– Партиядан эл тажады, партия деген сөздү укса эле чалкасынан кетет. Башка бир уюм түзгөнүбүз туура болор – дегениме көп ойлонуп отурбай макул болушту.
Эмне уюм түзөрүбүздү билбей, атын таппай эки-үч күн баш катырдык. «Ассоциация» десек, эл түшүнбөчүдөй. «Институт» дегенде да болбойт. «Фронт» десек согуштан көңүлү калган эл-журттун жүрөгү түшөт дедик. Акыры «Кыргызстан демократиялык кыймылы» дегенди жактырдык.
Уюмдун уставын жазып, статистика башкармалыгына, юстиция министрлигине, дагы кайсы бир жактарга өткөрчү документтерди камдап, нотариуска бекиттириш керек экен. А жагын бүтүрүштү Казат мойнуна алды. Комсомолдо, Борбордук партия комитетинде иштеп жүрүп, мындайдын жөн-жайын билген, тажрыйбасы бар жигит «рабочая группа» түзүп алып, жумуштун формалдуу жагын аягына чыгара турган болду.
Театр ишмерлер союзунда иштечүмүн. Төрагабыз Чолпонбек Базарбаев. Кабинетине кирсем, анда кудайдан жөө качкан, мансапкорлугу жанда жок, өзүмчүл неме отуруптур. Атын айткым келбейт.
– Бексултан Жакиевич, булар бир уюм түзүп атыптыр, ошого кирбейлиби? – деп Чолпонбек мурутунан жымыйды.
– Ал эмне уюм экен? – десем, алиги неме:
– КДК, Демократическое движение Кыргызстана деген уюм! – деди мага кыжыры келгендей бурк этип.
Аң-таң боло түштүм:
– Эй, сен кайдан КДК болуп жүрөсүң?! – дедим.
– Түздүк! Документтери даяр, бүгүн-эртең Минюст бекитет! – деп тиги кыйынсына сүйлөдү.
Жаңы уюм пейил-ниети таза, ыймандуу жарандардын башын кошот деген ойдо элем, шылуундар кирип алганына кейидим.
Эртеси Казаттын кабинетине алгачкы беш-алтообуз чогулдук.
– КДКнын документтерин «рабочая группа» бүтүрдү. Нотариус, тиги-буга анча-мынча акча төлөшүбүз керек экен. 5 сомдон чыгарсак жеткидей – деп калды Казат.
Беш сомдон, андан ашыгыраак да бере салдык.
– Казат, КДКга кудайдан жөө качкандар кирип кетиптир. Андайлар менен бир уюмда чогуу жүрө албайм. КДКга каршымын деген кеп эмес бул – деп мүчө болбосуму айттым.
Төлөмүш менен Абдыганы да мүчө болбой чыгып кетишти.
Кийин көп деле убакыт өтпөй Кыргыз драма театрынын имаратында КДКнын уюштуруу съезди өттү. Ага биз байкоочу катары да чакырылбадык. Чакырылбасам да КДКнын туура иштерин дайым колдоп келдим.
* * *
Ажалга кара жанын сайып коюп, байыртан азаттыкты эңсеген кыргыз калкы кылымдап эркиндиктен үмүт үзбөдү. Узак тарыхында башынан далай оош-кыйыш тагдырды өткөрдү. Жеңген учуру болду, жеңилген учуру болду. Ансыз тагдыр болбойт экен да. Кыргыздар жашоо-тиричиликтин, табияттын, жан-жаныбарлардын адам өмүрүндөгү маани-маңызын, кыялдануусун ташка, аска-зоого, кайышка, жыгачка жазды, кийизге түшүрдү, улуу «Манас» трилогиябызда, «кенже» деп эркелетип аталган залкар эпосторубузда, ыр-күүлөрүбүздө, жөө-жомок, уламыш, санжыра, илимий изилдөөлөрдө баяндады. Кайсынысын албайлы мунун баары кыйын доордун кыстоолоруна туруштук берип, эл катары өзүн өзү сактап жүрүүнүн руханий үлгүлөрү.
Улуттун салт-санаа, үрп-адат, руханий өзгөчө дөөлөттөрүн унутта калтырбай өзүн өзү сактоо дегенде мамлекет куруп, канды-жанды аябай аны өнүктүрүү деп билебиз. Мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө Октябрь революциясынан кийин жетишкенибиз тарыхый чындык. Ал доорду билип сындагандарга караганда билбей сындагандар иттин кара капталынан көп азыр. Революция падышалык бийликти кулатпаганда, Совет бийлиги орнобогондо, өңгө элди айтпайын, өз калкыбыз 1916-жылдагы талкаланган боштондук көтөрүлүшүнөн кийин жат жерге куулган шорубуздан арыларыбыз күмөн эле го! Эл болуудан калып кала жаздабадык беле! Болуптур, Совет бийлиги жаман эле болсун, анын тушунда бир элди башкалардан өөдөсүнткөн шовинисттик, тоталитардык саясат жүргүзүлгөнү да чындык. Бирок баштан аяк сөгүп жатып калганыбыз кыйындыгыбыз эмес, чолок акыл кемчилигибиз. Совет бийлиги бала окутуп, сабатсыздыкты жойгонун кантип унутабыз?! Мурда деле сабаттуулар болгон деп каяша айтчулар чыгышы мүмкүн. Ырас, Алдаш молдодой, Белек Солтоноевдей, Ишеналы Арабаевдей бирди-жарым балдарга кат тааныткан агартуучулар болгону чындык. Бирок алар билим берүүнүн Совет доорундагыдай мамлекеттик системалуу саясатын жүргүзө алган эмес, алар кыргыз элинин агарып-көгөрүшүн көздөгөн ыктыярдуу гана мекенчил демилгечилер болгон. Совет бийлиги ата-баба калтырган улуу сыймыгыбыз «Манастан» баштап, терме, санат, макал-лакап, секетпайга чейинки оозеки дөөлөттөрүбүздү жыйнатып, шарт түзгөнүн кантип унутабыз?! Театр ачты. Опера, балет, кинодой жаңы өнөрлөрдү өздөштүрдүк. Кыргыз маданияты, адабияты дүйнөгө таанылды. Окумуштууларыбыз илимий ачылыштар жасады. Мамлекеттүү эл болбогонубузда булардын ишке ашышы мүмкүн эмес эле го. Анын тарыхы да оңой болбоду. Кыргыздын кыраан патриоттору А. Орозбеков, А. Сыдыков, К. Тыныстанов, Т. Айтматов, И. Арабаев, дагы далайлар, айрыкча Ж. Абдракманов Сталинден тайманбай кара жанды карч ура кайра-кайра кат жазып, өжөрлүккө салбаганда 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлбөйт эле да, мамлекеттүүлүктүн кийинки этаптарындагы Кыргыз АССРи, Кыргыз ССРи болмок эмес. Совет доорундагы бул этаптарда Кыргызстандын укугу чектелүү болсо да мамлекет элек. 1991-жылы эч бир державага көз карандысыз, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө кыргыз мамлекетин жогоруда аты аталган жана аталбаган кыргыз совет патриоттору негиздеп, ошолор жанын кыйган. Демек, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекети ата-бабанын тукумдан тукумга уланган азаттык күрөшүнүн чексиз кымбат, ыйык үзүрү.
Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаганда чечекейибиз чеч боло сүйүнгөнбүз. Жерге батпай дардаңдадык эле го ошондо! Кыргыздар барды-жокту тең бөлүшкөн бирине көбү, көбүнө бири күйүмдүү ынтымагы бекем эл болобуз эми деп көңүлдү көккө учурдук эле го ошондо! Жаңылыппыз. Өз көмөчүнө күл тарткан карөзгөйлөр чар учкандай жоголчудан бетер кыялга баттык эле го ошондо! Көрсө, өзүбүздү өзүбүз алдаппыз. Бийликти көбүн эсе ач көз, талоончулар ээлеп алып, элди итке мингизди, өлкөнү сазга тыкты. Ошондогу жеп-жутмай, жемкордук илдеттен дале кутула албай жүдөп келатабыз.
Өткөн учур жөнүндө сөздү узартуу максатым эмес, саясы экономикалык оор кырдаалды гана эске сала өтүүнү ылайык көрдүм. Анын жөнү бар. Биринчи кыргыз президенти Аскар Акаев ишине чакырып, мени маданият министри бол деди.
Көнгөнүм жок.
– Маданияттын жайын билесиз, кадырыңыз бар, макул болуңуз – деп эки-үч курдай айтып жиберди.
– Аскар Акаевич, элге айлык тийсе тиет, тийбесе жок. Жарыбаган жашоо азыр. Шаар ичи тынч эмес, караңгыда жалгыз-жарым киши көчөгө чыкпай калды. Чечиндирип кетмей, өлтүрүп кетмей. Ошондон улам автобус, троллейбустар да эрте токтотулуп, театрга барган киши жок, коркконунан спектаклдерин иш бүткөндө баштабай күндүз саат төрттө баштачу болду. Кино тартылбай токтоду. Китеп дүкөндөр менчикке кетип, арак дүкөндөрүнө айланды. Кыскасы, маданият министри иштей турган иш жок азыр, Аскар Акаевич. Министр деген «атагы» үчүн гана кантип макул болом? Же бир артиске үй бергенге жарабасам… – деп баратсам, президент:
– Министр болуп туулгансып жутунгандын канчасын көрдүм, сиз болбойм деген экинчи кишисиз. Кызмат сунушталганда эч кимге айтпа дешет ко адатта. Айта бериңиз. Үй-бүлөңүз, жолдошторуңуз менен кеңешиңиз, – деди.
– Кеңешсем-кеңешпесем деле боло албайм, Аскар Акаевич, – дедим.
– Дагы ойлонуңузчу. – Акаев бир алма сунду. Ырымдаганыбы, же куттуу жерден кур чыкпасын дегениби? – Түшүнбөдүм.
– Небереме ала барып берейин, – деп алманы чөнтөгүмө томпойтуп салып койдум.
Кийин Акаев Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министри Абдыганы Эркебаевди арага салып, радиотелекомитетин жетектеген кызматка чакыртты.
– Ал жер кыйын, чатак, барбайм – десем, Абдыганы:
– Жеңил ишти эңсеп жүрөм деңизчи? – деди жактырбай.
– Жеңилин айтпайм. Иш канчалык оор болсо, ошончолук кызык, азарт менен иштелет. Жетектегенге жараша радиотелени современный технология менен жабдышым керекпи? Германия, Япония, Америкага чейин адистерди жиберип, тажрыйба чыңдоо милдетимби? Анын баары акча. Акчаңар барбы? Жок! Менде да жок. Ахвал оңдогону жетектебейле каршылашкандардын чатагын териштирип каламбы? Кыйындыгы ушу да. Андайга мен жарабайм – десем, Абдыганы унчуккан жок.
Ушуну менен кызматка чакыруу бүткөндөй болду эле, бүтпөптүр.
Эркиндиктин илеби СССРдеги он беш республиканын бирин калтырбай тегиз каптарын ким ойлоптур! Коомду демократташтыруу талабы да күчөдү. Аны демократ менен кайнаса каны кошулбаган куу чирендер да колдоп, күпүлдөгөндөрү кызык. Демократиянын эмне экенин түшүнбөгөндөр да жүрдү кыйынсынып. Кимиси кой терисин жамынган карышкыр, кимиси карышкырга жем болор кой экени белгисиз сака-чүкөбүз аралашып калгандай болдук.
Кыргызстандан тышкары да башка өлкөлөрдө кыргыздар барын билчүбүз. Бирок кайсы өлкөдө канча кыргыз барын билчү эмеспиз. Алар Кыргызстанды, кыргызстандык кыргыздарды караан тутат деп укчубуз. Тилекке каршы, караан болууга жарабай беделибиз түшкөнсүп жүрчү элек, эми ошол айыбыбызды оңдой турган кез келгенин сездик. Дүйнө жүзүндөгү аздыр-көптүр кыргыз туугандарыбызды боорубузга тартып, маданий, саясый, салт-санаа, үрп-адат руханий дегендей улуттук дөөлөттөрүбүздү жакындаштырып, баштагыдай сай-сайлабай максат-тилектерибизди бириктирген уюм түзүү демилгесин жазуучулар көтөрдүк. Демилгени колдогондор абдан көп болду. Чыгармачыл интеллигенция, илимий интеллигенция, коомдук ишмерлер, студенттер, а түгүл саясы-партиялык кызматкерлерге чейин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залына эки күн топтолтура чогулуп, кыргыз калкынын өткөндөгү, учурдагы тагдыры, келечеги жөнүндө мурда айтылган жана айтылбаган орчундуу ой толгоолор жарыш сөздөрдө сүйлөнүп, «Кыргыз эл» коомун түзгөнбүз. Ага Жалил Садыков экөөбүз тең төрага болуп шайланганбыз. Эки тең төрага аз деген ызы-чуу басылбай филармониянын ичин үч көтөргөндө дагы бир тең төрага кошулган. Ошо жыйындагыдай уу-дууну өмүрү көрө элекмин. Кинолордон көрүшүм мүмкүн.
Жаштайыман оогандык кыргыздар жөнүндө азыноолак кабар угуп жүрдүм. Аларды хан башкарат дешчү. Калкынын саны 18 миң, 25 миң, 15 миң деген аргандай имиш айтылчу. Кеп санында деле эместир. Аз-көбүнө карабай кыргыз духун, улуттук ар-намысын сактап кала алды бекен деген ой мени түйшөлтчү. Эгин эгилбеген, аштык айдалбаган ак кар, көк муздуу бийик тоонун арасындагы бир ууч кыргыз борбордук Ооган бийлиги менен түзгөн келишим боюнча салыгын гана маалында төлөп, башка көз карандылыгы жок «өзүн өзү билген» калк деген кабар көңүлүмү жибитчү. Тизе бүгүп, бирөөгө баш ийбеген мүнөзү бардай элестетчүмүн оогандык туугандарыбызды. Ашуу-ашуу белдерден кар кетип, жол ачылганда ар уруктан топоз минген тың жигиттер төөлөргө эт, тери, дагы башка өтүмдүү буюм-тайымдарын жүктөп, ынтымакташа калаага түшүп, базардан ун, күрүч, чай, туз, кездеме, кийим-кечек дегендей керектүүлөрдү ташып алып турат дешчү.
Өткөн кылымдын 70-жылдары чамасында болсо керек эле, америкалыктардын ооган кыргыздарынын жашоо-салтын баяндаган «Наездники» деген көркөм фильмин көргөм. Анда улак тартыш, оодарыш, кыз куумай, балбан күрөш, жамбы атыш оюндары сонун тартылган. Көрүп отуруп каның кайнайт. Оюндар көңүл ачуучу гана тамаша эмес, акылы тунук сулуу кызга үйлөнүүнү эңсеген жигиттердин мелдеши. Таза мелдеште таза утуп чыккандын талабы орундалат. Тилекке каршы, оюн эрежесин бузгандар да жүрөт шүмүрөңдөп. Андайларга кыжырланып, таза ойногон эр жигитке жан тартып, жеңишин тилеп отурасың. Жигиттин ролун кезиндеги атактуу десе атактуу, сымбаттуу десе сымбаттуу Омар Шериф келиштире аткарган. Анын жеңеринде шек жок. Соңку мелдеш – ат жарыш. Карасанатайлар буктурмадан качырып чыгып, алдыда келаткан жигиттин бутун талкалап өтүп, күлүгүн майып кыла албай калат. Жигит ошондо сынык бутун канжыгасына чытырата таңып алып, байгеден жеңип чыгат.
Бул фильм советтик кинотеатрларда көрсөтүлгөн эмес. Америкалыктар сатпай койгонбу, же биздикилер сатып алган эмеспи, себеби мага белгисиз. Балким, америкалыктар баасын асмандата арзандатпай кашайып туруп алгандыр? Же духу күчтүү майда элди даңазалап, быяктагы кыргыздарынын делебесин козгоонун кажети жок дегендей чочулоо совет идеологдорун сактандыргандыр? Андай сактануулардын далайын билебиз. Француз окумуштуусу Реми Дор да ооган кыргыздарын урмат-сый менен жакшы жазганын окуп кубанганбыз.
Ооган туугандарыбызга барып кабар алган бирди-жарым өз кыргызыбыз болду бекен? Андайды кулагым чалбаптыр. Болсо, ошондой адамга жолугуп, көргөн-билгендерин уксам деп эңсечү элем.
Анан 1978-жылы апрелде Кабулда төңкөрүш болду. Анын кесепети ооган кыргыздарын оңдурбады, «мемиреген» бейкут жашоосунан кол жуудурду, темселеген тагдырга дуушар кылды аларды. Анткен себеби мындай кырдаалда Советтер Союзуна кирпиги түз, солчул көз караштагы, тил алчаак «ыңгайлуу» бирөөгө Ооган өкмөтүн башкартууну ак эткенден так эткен СССР жетекчилери Афганистандагы төңкөрүштү «прогрессивдүү демократиялык революциянын жеңиши» деп жарыялай салышты да бийлик башына Таракинин келиши камсыз болду. Аны «революция лидери» гана дебестен, атактуу жазуучу деп да даңазалап, китебин орусча которуп жиберишти.
«Революция» десе, жандан түңүлгөн ооган кыргыздары, айрыкча Ракманкул хан «советтерден кордук көрүп өлгөнчө, көздөн далдаа из жашыртып кетели» деп, эл-журтун Пакистанга көчүрө качууга аргасыз болгон.
Бөтөн эл, бөтөн жерде колунда барлар – бардай, жоктор – жоктой ар ким алына жараша күн өткөрүп, баягыдай бири-бирине каралашуу жок, теңсиздик башка түшөрүн мурда ойлошпосо деле керек. Мал-мүлкү жетиштүүлөр соода-сатык жүргүзүп, тиричиликтин айла-амалын жөнгө сала баштаса, кедей кургурлар жан сактоонун аргасын таппай чүнчүгөндүр. Киндик кан тамса да, тамбаса да жашап көнгөн мурдагы жайга кайтып, жакындарынын арбагы жаткан жерге жетип, баш паанек табалы десе, аякка барар жол жабык сыяктанат. Кабулда тынчтык жок. Тараки «ыңгайлуу» деген статуска ылайык келбей калдыбы, же ооган фундаменталисттеринин кысымы катуу болдубу, тез эле көзү тазаланып жок болду. Андай кырсыкты Тараки кургур өзү байкабай деле калды окшойт. Аны бийликке алып келгендер деле көзүн тазалоону ойлобогондур? Канткен күндө да мансап, дүнүйөкорлук, геополитикалык саясаттын казаны кайнаган жерде адам өмүрү оюнчук экен да. Таракинин ордун баскан Аминден түңүлгөндө, аны да жок кылышты. Анан Чехословакияда күн өткөрүп жүргөн орто саар саясатчы Бабрак Кармалды бийликке отургузушту. Ал да «бычакка сап» болуп бере албады. Ордуна Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин (КГБнын) таасиринде бышып жетилген Наджибулланы алып келишти. Ал тың жигит болуш керек, ишине чечкиндүү киришкени эсибизде. Анын чечкиндүүлүгү афгандыктарга жакпады. Наджибулланын бийлигине каршы студенттер көтөрүлүшкө чыкты. Борбор Азия элдеринин айрымдарында «студент», «талиб», бизче «талапкер» деп аталат экен, талапкерлердин көтөрүлүшүн динчилдер пайдаланып кетти. Наджибулланын башына катуу коркунуч туулганда, үй-бүлөсүн Индияга качырып жиберип, өзү талибдердин колунан адам чыдагыс кыйноого кабылды. Аны бутунан асып өлтүрүштү.
Кабулдагы төңкөрүштөрдү, бийлик алмашууларды териштирүү максатым эмес. Бийликтеги тынымсыз оош-кыйыштар ооган кыргыздарынын тагдырына эбегейсиз оор кесепет тийгизгенин жондотуп болсо да эскерип өтүүнү туура көрдүм.
Ооган кыргыздарынын ал-жайына кайдыгер болушка эч акыбыз жок эле. Тоолуу табияттын ыракатына көнгөн кыргыздарга Пакистандын жашоо-шарты, булганыч авасы жакпады. Ылайыктуу жер таппай Аляскага болсо да барып отурукташууга аргасыз дегенди угуп санааркаганбыз. Ошондой кысталыш учурда түрктөр тууганчылык кылды: Түркиядагы Ван көлүнүн аймагынан жер бөлүп берип, атайы салдырган там үйлөргө ооган кыргыздарын киргизди. Тилекке каршы, аякка баары тегиз бара албаптыр, чама-чаркы жетпеген кембагалдар тобокелге салып, Оогандагы өз жерине жол тарткан экен. Кыйнала-кыстала көздөн учкан өз жайлоо, өз кыштоолоруна жеткенде кандай күнгө дуушар болгонунан кабарыбыз жок кезде, 1990-жылдын жылуу мезгили боло турган эле, Ош шаарында врач болуп иштеген уялаш иним Абийиров Төлөн телефондон:
– Байке, Афганистанга барып келдим… – деди.
– Аякта согуш, сага бирөө суутуп коюппу?! – Өткөндөгү кандуу бир салгылаш эсиме шак этти: Төлөн онунчу классты аяктаганда, Амур дарыясынын Даманск деген аралдын жанында аскерде болчу. Кытай менен мамиле катуу бузулуп турган чак анда. Кенедей аралды талашып, согуша кеткенбиз. Төлөндөн кат-кабар келбей, апам санааркагандан көз жашын көлдөтүп уктабай калган. Даманскидеги чатакта Төлөн көзгө көрүнөрлүк ишке жараса керек, кенже лейтенант наамындагы чин тагынып келип, медицина институтун окуп бүткөн соң Ош шаарында дарыгер болуп иштеди. Афганистанга барганын укканымда: «Даманскидей дагы бир балээге жиберишкен го?!» – деп кооптоно түшкөнүм ошондон.
Бекер эле кооптонупмун. Пакистанга качкан кыргыздардын анча-мынчасы кайра Ооганстанга келиптир деген кабардан улам, ал-абалын билгени Оштон алты-жети жигит дары-дармек, кийим-кечек, ун-талкан дегендей аны-муну жеткирип келиптир.
– Байке-е, алардын көргөн күнү курусун. Адам сыягы жок. Ойлогондору эле тамак болуп калыптыр. Бизди киши келдиби, ит келдиби дегенге жарашкан жок, – деп Төлөндүн телефондон каңырыгы түтөгөн үнү кулагымда тургансыйт.
Төлөндөн уккандарымы кийинчерээк Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин (КГБ) полковниги Качкын Саргазаковдон да уктум. Ал СССР менен Афганистандын ортосундагы Афган коридору деген чек арада кызмат өтөптүр. Эки өлкөнү бөлүп аккан кичине суунун аркы өйүзүндөгү ооган кыргыздарында апийим ичип көнүп алгандар бар экен. «Алар атып салабыз десек да болбой берки өйүзгө суу кечип өтөт. Таруудай апийим сурап жалдырашат. Ичпесе, ичинен кан өтүп токтобосун айтып ыйлашат. Мурда малдуу элек дешет байкуштар. Ичер суу, көрөр күнүбүз бүткөн окшойт, тукумубуз курут болобу? – деп муңкангандарын угуп чыдаш кыйын» деген эле оор басырыктуу, бир сырдуу, токтоолугу жанда жок полковник Качкын Саргазаков. Сыртынан сыр билгизбегени менен ичи бышып тургандай сезилген мага.
Дарыгер иним Төлөн менен кыраакы чекист Качкын Саргазаков экөөнүн айткандары көңүлүмөн чыкчу эмес. Ооган кыргыздарынын 1978-жылы Пакистанга качканы, аякта ар кимиси алына жараша ар кандай кыйынчылыкты башынан өткөргөнү, көр оокат кордугу 1916-жылдагы улуу үркүндөй элес берет.
Филармониянын чоң залында эки күн ызы-чуу түшүп, «Кыргыз эл» коомун бекер түзүппүзбү! Ван көлү тараптан байыр алган кыргыздардан, кудайга шүгүр, санаабыз тынч. Ооганга кайтып келгендерден ишибизди баштайлы деп Жалил Садыков экөөбүз акылдаштык. Алардын жардамга муктаж учуру. Жардамды кимден, кайдан өндүрөбүз?
– Насирдин Исановго барып көрбөйлүбү? – деди тең төрага Жакем.
Исанов Кыргызстандын премьер-министри болчу. Бардык. Мурда жолугушкан жок элем. Сылык. Кичи пейил. Тарбия көргөн маданияттуу жигит экен.
Жашы менден улуу болгондуктан келгендеги максатыбызды Жалил Садыков айтты. Премьер-министр эч кылчактабастан дароо өтүнүчүбүздү колдоду. Эки машине ун, үч машине күрүч, вермишель бердирди. Аларды «Кызыл чырым» жана «Кызыл жарым ай коому» аркылуу гуманитарлык жардам катары жөнөтмөй болуп камынып атсак, таланттуу флейтист, кыргыз эл артисти Жумабай Кыпчаков жумушума келип:
– Элден кийим чогултайын, мени да кошуп жибергиле, – деди.
– Эски кийим чогултуп барсаңыз, уят болобуз, – десем, Кыпчаков байке:
– Жок, кокуй, кантип ошентейин! – деп тызылдап жиберген. Атактуу композитор Калый Молдобасанов экөө дайым балыкка барган ынак достор эле. Азыр а киши токсонго чукулдап калды.
Ооганга барганына, аяктагы кыргыз туугандардын жашоо-шартын, пейил-ниетин көргөнүнө Жумабай Кыпчаков аябай өкүнүп да, кейип да келген эле.
Ооган кыргыздарынын ошол кездеги көргөн күнү биздеги чыгармачыл, илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин, карапайым калктын жүрөгүн өйүсө да оогандыктарга жардамыбыз жетпей күнөөлүүдөй жүрүп калдык. Анткени айыл чарба, өнөр жай, бардыгы талоонго түшүп, атка минерлер өлкөнү итке мингизип салган эле. Ошого карабастан кыргызстандыктар аларды эсинен чыгарбады. Байланыш издеди.
Ушундай кырдаалда «Кыргыз эл» коомунун ишин үзгүлтүккө учуратпас үчүн 1991-жылдын жазында Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында жашаган, согуш туткунунун шорун башынан өткөргөн жердешибиз Азамат Алтайга кат жөнөттүм. Ал мындай башталган: «Сизге кат жиберип турганымын себеби, киндик кан тамган мекениңизди, жалпы кыргыз журту менен бирге Тоң элин, анын ичинде өз тууган-туушкандарыңызды сагынып, кусадар жүргөнүңүздө күмөнүм жок. Тууган жерди бир көрсөм деп, ак эткенден так этип, эңсеген күндөрүңүз көп болгондур. Эгерде эл-жерге келип, анча-мынча чер жазып дегендей, жүз көрүшүп кайткыңыз келсе, биз Сизге жардам кылышка даярбыз! Биз дегеним – «Кыргыз эл» коому. Коомдун түзүлгөнүнө төрт-беш айдын жүзү болуп калды. Мен ага теңтөрага болуп шайлангам. Коомдун максаты: ар кандай себептер менен чет өлкөлөрдү жердеп калган, ошондой эле башка республикаларда жашаган кыргыз тукумдары менен боордоштук кам көрүшүп, маданий, гуманитардык, этнография, салт, ырасмилер демекчи улуттук жагдайларыбызды жакындаштырып, баштагыдай бытырабай ой-тилектерибизди бириктирсек деген ниет». Ушундан соң кат жазышып турдук. Азамат Алтай: «Ардактуум Бексултан, силердин «Кыргыз эл» коомун уюштурганыңарды ооруканада жатып, «КМнын» («Кыргызстан маданияты») өткөн жылдын 51-санынан окуп үйрөнгөм. Анда баяндалган ачуу чындыкты окуп алып, көзүмдүн жашын агыздым. Көзгө тың көрүнгөнүм менен карылык өз жолун талашмакта. Күнүнө 4 ирет дары алуу менен жашайм. Ошондуктан узак жолго чыгыштан сактанам. Чакыртып убара болбо демекчимин. Азыр заман күндөн-күнгө өзгөрүп, жакшылыктын шооласы көрүнө баштаганда, өмүрдүн өтүп баратканына ачынат экенсиң. Алдыда дагы кандай окуялар чыгары белгисиз. Дагы жашап, силердин турмушуңардын жакшырышына тилектештигими билдирем. Элибиз көп жылдар ыйман деген сонун адаттан ажырап, ар ким өз көмөчүнө күл тарткан шартты башынан өткөрдү. Бул оорудан тез айыгыш жеңил болбосо керек деп корком» деген жообун жазды.
Элүү жыл элге жетсем деп эңсеген адамдын келбейм деген эмнеси? Башым катты. Себебин ар нерсеге жорудум. Же чын эле бир кездерде биздеги гезиттер жазгандай эл алдында, Мекен алдында кечиримсиз күнөөсү барбы? Азамат Алтайдын тагдырына ансайын кызыктым, ансайын сырын билгим келди: «Азамат аба! Сиздин өмүр, башыңыздан кечирген жашоо-тагдырыңыз, киндик кан тамган Мекениңизден кыйла жылдар бою бир ооз жылуу сөз укпасаңыз да, кыргызым деп жашаган кусалуу күндөрүңүз кыргыз калкына кенен-кесири бурмаланбай жете турган учур келди. Ошондуктан башыңыздан өткөн тагдырды, ой-санааларыңызды кагаз бетине түшүрүп калууну өтө зарыл деп эсептейм. Аны өзүңүз жазасызбы, же башка бирөөгө айтып бересизби, айтор, Сиз жана Сизге окшогондор жөнүндө китеп жазылып, быякта басылып чыкканы туура болот. Сиз туурасындагы чындыкты жаза албай өткөрүп жиберсек, анда эле эл алдында, келечек урпактар алдында биз да, Сиз да өкүнүчтүү ката кетирип коёрубуз бышык. Ансыз да эл-жерге келе албайм дегениңиз мени абдан өкүндүрдү» деген жооп кайтарсам, Азамат Алтай карылыгын шылтоолоп: «Улгайган курак менен жалкоолук өз энчисин талашмакта. Эгерде сен өзүң келип, менден алган материалдарды китеп кылып чыгарам десең, мен сырымды жашырбайм. Бардыгы айкын болушу керек. Мен сени чакырта албайм. Чакыртыш үчүн биртууган болуш керек. Пенсияда жашагандыктан жол каражатын төлөй албайм. Быякта отелдер кымбат. Бүгүн жеңең экөөбүз кеңештик. Биздин үйүбүздө бир бөлмөбүз бар. Анда менин архивим турат. Ага өзүңдү жайлаштыралы деп макулдаштык. Тамак-аштын чарасы табылар. Чыны менин баскан татаал жолум өзүм менен көргө кетсе, келечек муун аны кечирбес. Эми аракет өзүңдө» дептир.
Азамат абанын өзүң каражат таап кел дегенине эле Америкага жөнөп кетчүдөй дегдедим. Бирок кантип? Аякка жетип барып-келер каражат табыш кайдан эле оңой болсун! 1991-жылдын август айы, өзгөчө бир Кудайдын улуу, ыйык күнүндө асмандан күткөнүм жерден табылгандай болду. 1938-жылы тымызын «соттолуп», тымызын атылып, элүү үч жыл жаназа окулбай бир тар чуңкурда күм-жам болуп басырылып жаткан 137 шейит адамдарыбыздын жаназасы эми окулуп, бейиттерине дуба түшүрүп, төмөн машинелерибизди көздөй басып келатсак, чарчы бойлуу тармал чач томолок жигит учурашты да, акырын: «Аскар Акаевич октябрда Америкага барат, делегацияга Сизди да кошту, эч кимге айтпай туруңуз» – деди. Бул жигит Президенттик администрациянын алгачкы жетекчиси Эднан Карабаев экен. Аңгыча Чыңгыз Айтматов мени көрө коюп: «Сага айтыштыбы?» – деди. «Эмнени?» – десем, Чыкем: «Кечинде стекляшкада атабызга куран окутабыз, кел» – деди. Шейиттерге куран окутуу парз. Кечинде өкмөттүн «стекляшка» аталган дачасында эл көп болду. Бу жерден эми бая Эднан Карабаев айткан жакшы кабарды Аскар Акаев өзү айтты: «Америкага камдана бериңиз» – деп. Сүйүнгөнүмдөн «Ыракмат» дедимби, жокпу эмгиче эсимде жок. Чоңкой энемин: «Бексултандын колдогону бар, жолдуу» дегени эсиме келгенин билем. Ошондой эле мен Кудай, арбакка тооп кылып жашаган жанмын. Кыйналып-кысталган учурларымда Абийир атамын арбагы колдооруна ишенем. Шейиттерге топурак салып, куран окуткан ыйык күндө да арбак колдогондой тобо кылдым.
Президент Аскар Акаев жетектеген мамлекеттик делегация 1991-жылдын октябрь айынын он сегизинен адегенде Нью-Йоркто, анан Вашингтондо болуп, 26-октябрде элге кайтты. Мен Америкада, Нью-Йоркко кайра келип, Азамат Алтайдыкында калдым.
А киши жөнүндө «Азамат Алтай» деген повесть-эссе жазгам. Делегация менен жүргөн иштерим повестте жок. Айрым учурларын азыр айтсам, пикир бөлүшсөм ашык болбос.
Менин түшүнүгүмдө, өсүп-өнүүгө дилгир, артта калбай адептүү жашайын деген адам өзүн башкаларга салыштырып, башкаларды өзүнө салыштырып өмүр сүрөт. Өзүн өзүнө да салыштырат. Дайны жок эле кыйынсына бербей өлкөбүздү да башка өлкөлөргө салыштыра билсек, кендирибиз кесилбес эле. Ансыз кимден артта, кимден алдыда баратканыбызды баамдабай, өз көлөкөбүз менен өзүбүз жарышка түшкөнгө алданып, адыраңдап кете берерибиз анык. Мен Америкага чейин да СССР мамлекетинен кичине десе кичине, кедей десе кедей бирди-жарым өлкөгө барып келгем. Ал өлкөлөрдүн ар биринде СССР мамлекетинде жок маданияттуулук, адептүүлүк, тартип, адамды адамча ызаттоо, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган кичипейилдүүлүк көнгөн адат экенин көргөн сайын кезинде кыргыздар деле ушундай эл эмес белек, кайсы шайтан сайып, майдаланып баратабыз деп жаным кейиген учурлар көп болгон. СССР элдериндегидей орой мүнөз, ырксыздык, мүмкүн бир (моно) улуттуу өлкөдө жашасак, андай болбос беле деген да ойдо жүрчүмүн. Көрсө, андан деле эмес экен. Буга Америка Кошмо Штаттары мисал. Анткени анда жер жүзүндөгү элдердин баарынан бар. Аяктын калкы бир улут эмес, жүздөгөн улуттардын бирикмеси. Өңдөрү да, диндери да ар башка. Бир кездеги расалык кектешүүдөн арылган азыр. Көз караштары да бирдей эмес. Бай, кедейи аралаш. Ошого карабастан баарынын укугу тең, адам атын урматтаган өлкө экенин өз көзүбүз менен көрүп келдик. Мийзам талабы ушундай экен. Ал эми мийзам жолун бек тутуу, мийзам боюнча жашоо америкалыктар үчүн салт болуп калыптыр. Биз андайга көнө албай, көнгүбүз да келбей, кабыл алынган закондордун тамтыгын кетирген жагынан оңду-солду машыгып жаткандайбыз. Америкалыктар ар кошкон эл болгону менен улуттардын арасында карама-каршылык жок, сыйлашуу бар, үтүрөңдөшкөн бир жан көрбөйсүң. Мунун себеби, албетте, турмуш-тиричиликтин, тамак-аш, көр-оокат проблемаларынын жогорку деңгээлде чечилгендиги экени шексиз. Ошону менен бирге адамдын коомдогу ордун, кадыр-баркын кызмат даражасы, мансабы аныктабайт экен. Ошондуктан, куучирендери болсо болор, биздегидей көпкөлөңдөрү болбосо керек. Аякта ар ким жөндөмүнө, далалатына, демилгесине, мээнеткечтигине, даярдыгына жараша энчисин алат. Илээндиге илээндидей энчи. Андайлар же ишсиз, же кайырчы. Ошондой турмушту кааласа, каалаганындай жүрө берсин деп коюшат экен америкалыктар өздөрү. Кыйынсыңбы, колуңан келсе жолтоочулук жок – өзүң да жырга, өңгөлөрдү да жыргат. Ошондо гана өлкө жерден боорун көтөрүп, баюуга мүмкүндүк алат.
Нью-Йоркту кичинебизден түтүн каптаган шаар деп укчубуз. Окуу китептерибизден түтүн баскан сүрөтүн көрчүбүз. Кезинде чын эле ошондой болуптур. Азыр андай эмес. Ал эми америкалыктар өздөрү Нью-Йоркту дале таза шаардын катарына кошпойт экен. Деген менен жакаң кирдебейт, туфлийиңе чаң жукпайт, ыш жок. Вашингтон менен Нью-Йоркто жыйырма эки күн жүрүп, түтөгөн завод-фабрика, машина көрбөдүм. Бак-дарак көп, арасынан куураган чырпык түгүл кургак чөп көрбөйсүң. Баласынан чоңуна дейре эли тазалыкка көнүптүр. Америкалыктар эмне өстүрүп, эмне курбасын, көрк үчүн эле эмес, ир алды адамга жагымдуу болсун деп, жашоого ылайыктуу жагын көздөгөн эл экен. Биз дагы бак-дарактуу элбиз. Парктарыбыз да бар. Бирок парктарыбыздын көргөн күнү кандай? Аралап жүрүп сейилдешке көңүл чабабы? Дит барбайт. Көк шибер өнүп турчу жайларыбыздан чаң буруксуйт. А көчөлөрүбүздүн кейпичи?! Автобус, троллейбус токтоочу аялдамаларда какырык менен түкүрүктөн бут коюшка жер жок! Америкада түкүрмөк түгүл көчөгө кагаз таштасаң, жазасын тартасың. Биз АКШга барган учурда мурдагы союздук республикалар өздөрүнчө эгемендүүлүгүн жарыялап, бөлүнүп алышса да СССР таркайлек «эсен-соо» кези болчу. Делегация Нью-Йорктон Вашингтонго барганыбызда, СССР элчилигинен бизге: «Тамеки тартсаңар, ширеңкесин көчөгө таштабагыла, андай кылмыш үчүн 300 доллар штраф төлөтүп, бир сотке камап чыгарат» – деп катуу эскертишти. Бизде жыл сайын шаар ичиндеги көчөлөргө «көңүл» бурулгансыйт. Жол жээгиндеги дарактар асфальтка муунуп куураганына кейимиш болгондорубуз бар, этибар албагандарыбыз да бар. Көпчүлүгүбүз кенеп да койбойбуз. Америкалыктар асфальттын курчоосунда калган дарактарды төрт чарчы, кенен тактай жашик менен коруп, дарактын түбүнө асфальт жолотпой, топурак төгүп, такай сугарып турат экен. Натыйжада шаар ичиндеги дарактар, тротуардын ортосунда турса да, ээн талаада өскөндөй көркүнөн бузулбайт. А биз андайларды же дүмүрүн каркайтып таарып таштайбыз, же түбүнөн жарым карыш жерди асфальтсыз калтырган болуп, өзөгүнөн чирите беребиз. Шамал, бороондо андай дарактар кулап, адамды, машинелерди басып калганы менен ишибиз жок. Көчөлөрүбүз менен эле парктарыбыз багуусуз жатыппы! Эмнени эле болбосун, «качан оңолот?» десең, шылтоо дапдаяр: каражат жок, акча жок, аны-муну. Демилге көтөрүп, иш иштеп, далалат жасаштын ордуна шылтоо издемейибиз көбөйө берсе, эзели жыргабайбыз. Америкалыктардын өсүп-өнгөнүн, адамды сыйлоо салтын айтсам: «Ал деген бай өлкө, өмүрү согуш көрбөгөн өлкө» – деп бышыксынгандар болду. Америка Кошмо Штаттарына чейин Вьетнамга барып келгем. Аёосуз согушту көп көргөн жагынан вьетнамдыктардай эл жок болсо керек. Кедей да өлкө. Ал эми бирин бири урматташуу, сыйлашуу жагынан, адептүүлүгү, мекенчилдиги боюнча өтө ынтымактуу, биримдиги күчтүү, маданияты бийик өлкө. Айтайын дегеним, ырксыздыктын, ээнбаштыктын, тартипсиздиктин, жоопкерсиздиктин, оройчулуктун, ыймансыздыктын шылтоосу кедейчилик менен эле бир кезде болуп өткөн согуш болсо, вьетнамдыктар эмгиче бири-бири менен итче кабышып, жок болуп кетмек. Антмек түгүл ажыдаардай «армада» Американын сазайын окутуп, чычайта куубадыбы! Жалган шылтоо менен элди уйкусураткан атка минерлерден качан, кантип кутулабыз?!
Кыргыз кандай эл элек? Каада-салтыбыз, пейил-ниетибиз кандай эле? Кечээ эле жакында, биз тестиер бала чакта кулк-мүнөзү башка эл эмес белек: айтса – сөзү ачык, тамашаласа – күлкүсү шаңдуу, бирөөнүн көзүнчө аңыраңдап урушканды уят көргөн эл элек ко. Айыл-апада бирди жарым чатак киши болсо: «О, кокуй, ага теңелбегиле» – деп сабыр күтчү элек ко. А түгүл, көчөгө чыгып баласын кыйкырып чакырганды адепсиздик дечү эле го биздин эл. Эмичи?.. Урушпай сүйлөшкөндөр аз. Иште деле, тышта деле, кайда жүрбөйлү үрпөңдөшпөй тура албайбыз. Айрыкча аялдардан каада кетти, алардын айкырып, беттен алганын көргөндө, жаныңан түңүлөсүң. Укугун аял аялзатындай, жаратылыш берген сыпайылыгы менен коргосо болбойбу! Деги кайдан келди бидин элге дээрибизде жок ит кыялдар?! Же андан арылууга болбой калдыбы? Байыртан ата-бабабыздан бери каныбызга сиңген салт-санаабызды, адептүүлүк, ыйманыбызды кайра калыбына кайтаруу кантип болбосун? Салтта жок ызаатсыздыкты, салтта жок ата-энеге кайрымсыздыкты кимдир бирөөлөрдөн оңой үйрөнүп алганды билген кантип эле салтыбызда, каныбызда бар жакшы сапаттарыбызды кайра эстешти билбейли?! Буга да шылтоо табыла калышы мүмкүн. Маселен, кыргыздын ыймандуулугу, кайрымдуулугу азыркы доордун цивилизациясына коошпойт деген шекилдүү «бышыксынууну» угуп жүрөбүз. Бу дагы баягы эле шылтоо. Ата-бабанын салтын үйрөнүш үчүн эрк керек, күч-кубат, далалат керек. Ал эми шылтоо менен жашаш оңой, «цивилизация» деген болуп коюп, башка бирөөнү ээрчип жашаш оңой. Улуттук намыс десе эле, оңоюна карап, кур кыйкырыкты күчөтүп ийип жатабыз. Өз алдыбызча иш жүргүзүп, өз алдыбызча далалаттангандан сүрдөйбүз. Америкадан көргөн-уккан орчундуу таасирлерди айтып атканымын жөнү бар. Башкалардын жакшы жактары менен ийгиликтерин көбүрөөк уксак, көрсөк, намысыбызга тезирээк келебиз го деген гана ниет. Анын үстүнө америкалыктар биз бала чактагы майдачылыгы аз, жигитчилиги көп, кенен кыргыздарга окшогон ачык-айрым, жылдыздуу эл болот экен. Баса, биз бала чакта эркек эркек менен шыбырашса, «катын» дечү. Азыр аялдарга караганда шыбырашкан эркек көбөйдү. Албетте, америкалыктарды туурап баштасак эле итибиз чөп жеп, кой үстүнө торгой жумурткалаган жыргал доорго жетебиз деген ой дени-карды соо кыргызда болбос. Туурап мүмкүн да эмес. Алар башка эл, биз башка элбиз. Өз-өзүбүзгө гана таандык өзгөчөлүктөрүбүз, кулк-мүнөз, тарыхый шарттарыбыз бар. Бирок алардан, алардан гана эмес, кайсы гана өлкө болбосун үлгү алсак, тажрыйбаларын иликтеп үйрөнсөк, адамча жашоого, адам камын, адам баркын жогору баалаган калыс турмушка жете алар белек? Үмүттү үзгөндөн пайда жок. Битке өчөшүп көйнөктү отко салбайлы. Америкалыктар жеткен турмушка, алар жетишкен ийгиликке биздин эл эмне үчүн жете албасын?! Өзүбүздү өзүбүз кемсинтпейли дегеним! Америкалыктар деле бизге окшоп далай кыйынчылыкты башынан өткөргөн эл, асмандан түшкөн эмес. Кеп башкада. Качан оңолуп, качан жетебиз? – Кеп ушунда. Кантип жетебиз жана кантип оңолобуз? – Кеп ушунда. Тартипти канчалык тез чыңдасак, законду жана закондуулукту сактоого тез көнсөк, ишке канчалык тез белсенип жоопкерчилик менен киришсек, өз көмөчүбүзгө күл тарткан оорудан канчалык тез айыксак, ошончолук тез оңолорубуз шексиз. Ошону менен бирге оңой жолду баспасыбыз да бештен белгилүү. Иштебей акча доолаганды гана билип, кары-жаш догурунганга жапырт бет алсак, ыйманды четинен өрттөп отко сала берсек, «жакшы турмуш» жөнүндөгү кеп-сөз келжиреген жалган түш, жомок сымал айтылып-айтылып кала бермекчи. Баса, закондуулук демекчи, Америкада кабыл алынган закондун баарын эле мыкты дешке болбойт. Аларды оңдоо, түзөтүү боюнча тынымсыз иш жүрүп турарын билдик. Кабыл алынып, бекип калган законду, ал закон тетири болгон күндө да, аяктын эли сөзсүз аткарууга милдеттүү жана аткарат экен. Кыскасы, жакпаса да «барктайт». Бузса жоопко тартыларын билишет. Ал эми мүдөөгө ылайык келбеген тетири законду, закондун статьясын алмаштыруу, түзөтүү боюнча аракеттерин токтотпой, акыры оңдоткон учурлары да болот экен. Ушундай жүрүм-турумду, ушундай укукту демократия десек окшошот ко.
Бизге пайдасы тиер деген ниетте таасирлердин кайсы бирин айтып өттүм.
Америка Кошмо Штаттарына Бириккен Улуттар Уюмунун чакыруусу менен барыппыз. Делегация мүчөлөрү Чүй облкеңешинин төрагасы Апас Жумагулов, Ош облкеңешинин төрагасы Батыралы Сыдыков, президенттик администрациянын жетекчиси Эднан Карабаев, тышкы иштер министрибиз Муратбек Иманалиев, президенттин мамлекеттик кеңешчилери Леонид Ливитин экөөбүз президент Аскар Акаевдин караанында Бириккен Улуттар Уюмунун жооптуу кызматкери, АКШнын конгрессмендери, сенаторлору менен жолугушууларга чогуу катышып жүрдүк. Ошондой эле ар кимибиздин өз милдетибиз да болду.
Мен Америкадан келгенден кийин «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Тилектеш Ишемкулов мени менен маектешип, гезиттин үч санына жарыялаган эле. Ошо «суроо-жоопторубуздан» үзүндү кыстарсам, оңтою келип тургансыйт. Милдетими аткарар алдында өзүнчө эле бир кызык ситуацияга туш болгом.
Суроо: – Сиздин негизги милдетиңиз эмне болду? Ошого кененирээк токтолсоңуз.
Жооп: – Октябрдин 22синде, кечки саат 6да Бириккен Улуттар Уюмунун коомчулугу катышкан кече болмок экен. Кеченин башталышында мен кыргыз маданияты жөнүндө 15 мүнөт сөз сүйлөшүм пландаштырылыптыр. Мага аны мурда айтышкан эмес. Кече «Кыргыз Республикасынын кечеси» аталып, ага делегация мүчөлөрү түгөл катышмак экен, бирок ошол эле саатка Колумбия университетинде Аскар Акаевдин да жолугушуусу чектелип, делегация бүт бойдон президентти эрчип кетип, мен жалгыз калыпмын. Бу «кызык» эмей эмине?
Суроо: – Себеп? Же программа атайы ошондой түзүлгөнбү?
Жооп: – Кайдан эле атайы болсун. Туруктуу өкүлчүлүктөгүлөр план түзгөн кезде элес албай калган илээндилик болуш керек. Ошентип машинем жок, тилмечим, уруксат кагазым жок. Тышкы иштер министрибиздин кабинетине алдастап кирип барсам, Колумбия университетине жөнөгөн атыптыр. «ООНго кантип жетем, кантип кирем? Тилмечим болбосо!..» – деп күйүп-бышып баратсам, министрибиз: «Баары жайында болот, байке!..» – деди да эки кабат ылдый ээрчитип түшүп, Туруктуу өкүлчүлүктөгү бир жигитке табыштап кетти. Ал Юрий Чижик деген маданий атташенин кызматкери экен. Токтоо, кенебеген жигит. Бир-эки жерге телефон чалып тилмеч тапты. Анан экөөбүздү өз машинесине салып, ООНго кирер тилмечтин да, менин да уруксат документибиз болбогондуктан, ООНдун жер алдындагы беш кабат кыялап жүрмө гаражы аркылуу алып кирип кетти. Көрсө, Чижиктин машинесин текшербей өткөрөт экен. Кеченин тартиби боюнча адегенде мен сүйлөп, анан «Кожожаш» фильмин көрсөтүп, кинодон кийин меймандарды чайга – коктейль деп коюшат экен аны, чакырышым керек. Мындай тартипти мага жолдо баратып, Чижик түшүндүрдү. Ал дагы бир кепти кулак кагыш кылгансыды: ООНдун коомчулугуна жагыш кыйын, көңүлү келбесе сүйлөп аткан кишинин сөзүн укпай чыгып-чыгып басып кетет деди. Мисал катары жакында эле дал азыр биз бараткан залда Белорусь Республикасынын бир министринин томсоргонун айтты. Айтор, Белорусь министри уят болгон соң сен ким элең дегендей кемсинтүүнү сездим андан. Ансыз деле оюму таба албай кыйналып келаткам, ого бетер опкоолжуй баштадым. Эмнени айтам? Жөн эле момундай-момундай маданиятыбыз бар дегендин эмнеси кызык? Кимге кереги бар анын? Анда эле залда киши калбай тарап кетери бышык. Америкага келип алып, маскара болбогой элем деп корктум. Беш-он мүнөт эрте баралы деп өтүнгөм. Ошенткеним туура болуптур. Юрий Чижик кече тейлегендер менен мени тааныштырды. Жетекчиси орусча так сүйлөгөн шыңга бойлуу жаш жигит экен. «Оруссуңбу?» – деп сурап жибере жаздап тартындым.
– Залды көрсөм болобу? – дедим.
– Болот, – деп жаныбыздагы эле каалганы ача койсо, кайдан-жайдан «Сынган бугунун» акырын чертилгени угулду. Кара Молдонун черткени. Угар замат денем «дүр-р» этип, боюм балкып кетти! «Манас колдо, арбак колдо!» – деп ичимен келме келтирип жибердим! Илгери Каныбек Осмоналиев Олимпиада оюндарында штанга көтөрөрдө, тизеси бүгүлө түшкөнсүгөндө да ушинтип келме келтирип тура калсам, көтөрүп кеткен. Эми жердин жети катар түбүндөгү Америка Кошмо Штаттары деген «желмогуздун» дал өзүндө кыргыз күүсүнүн ушинтип урматталары түшүбүзгө кирди бекен?! Күүнүн демиби, же Манас, арбак оозума келе калганда чыйралып кеттимби, баятан бери уйгу-туйгу чаташкан оюм дапдаана боло түштү. Сахна даяр, эки микрофон турат. Демек, бири мага, бири тилмечке. Дагы Бириккен Улуттар Уюмунун желегин, СССРдин желегин эки четке тургузуп коюшуптур.
– Кыргызстандын желеги барбы? – дедим.
– Болуш керек, – деди кечени тейлегендердин бири.
– Менин микрофонумун тушунда кыргыз желеги жетпей турат, – десем, – адилет талапты аяктагылар эки кылбай аткарган тартиби кубандырды, – а-бу дегиче желегибизди сахнадагы эки желектин ортосуна орното коюшту. Кудай бар, аябай эле сыймыктанып калдым. Залга, чамасы, үч жүз-төрт жүз киши баткыдай, татынакай амфитеатр экен.
Анан кыргыз уздарынын колунан жаралган көргөзмөнү барып көрдүм. Буюрса, жакшы көргөзмө болуптур. Ушул эле жайда, Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасынын чилистендер залында, коктейль-фуршет дасторконубуз да жакшынакай, берекелүү камдалыптыр. Аңгыча Туруктуу элчиликтин биринчи орун басары Равзин Александр Алексеевич баштаган Совет өкүлчүлүгүнүн он чакты кызматкери келди. Кыргыз Республикасынын кечесин унутпагандарына кадыресе кубаттанып калдым. Адегенде залда эч ким жок болчу, саат 6да зал толо түштү, убактыларын мүнөтүнө чейин барктаган элге айла жок да. Мага сөз берилгенде, желегибиздин тушундагы микрофонго бардым. Тилмеч кошо чыкты. Чынымды айтайын, канча сүйлөгөнүм эсимде жок, саатты карабапмын. Залдагылар качан кете баштар экен деп жүрөкзаада элем, байкасам, кетчү түрлөрү жок, кызыгып калышкансыды. Кезек-кезек күлүп, кол чаап отургандары мени, албетте, эргитти. Ойлогон оюму толук айтып бүттүм да: «Адам теңирин тааныбай табиятка текеберлик кылса, анда акылы айнып, каргыш тийгени!
Азыр сиздер көрчү фильмдин философиясы ушундай. Эгерде кимдир бирөөлөрдө башкача ой жаралса, деги эле кыргыздар, Кыргызстан, бүгүнкү маекте анча-мынча козголгон маселелер жөнүндө пикир, суроолор болсо, кино бүткөндөн кийин маектешүүгө даярмын» – деп фильмдин акырында чайга калууларын өтүндүм.
Суроо: – Ошол сөзүңүздү айтып бербейсизби?
Жооп: – Жалпы жонунан эсимде болгону менен, ылкамы сууп калды да. Мындайча айтканда, атылып кеткен окту тап дегендейле кеп мунуң…
Суроо: – Ошентсе да эстеп көрсөңүз…
Жооп: –«Кытай кыйнаса, төө кайтартат» дегендей, кыйнамай болдуң го. Мени ошондо чын эле Манас, арбак колдоду… Болуптур, эстеп көрөйүн. Кыргыздар фольклордук оозеки өнөрү өнүккөн, ыр-күүлөргө, оймо-чиймелерге бай, салттуу, байыркы эл. Совет доорунда кино, театр, опера, балет дегендей жаңы өнөрлөр үйрөнүп өздөштүрдүк. Ошого карабастан жүрө-жүрө совет бийлигинин «көсөмдөрү» элдерди бириктирген орток социалисттик бир маданият түзчүбүз деген зыяндуу саясаттын кесепетинен салтыбыз, тилибиз, дилибиз, динибиз өспөй калган. Ал эми улуттун кызыкчылыгын чын ниеттен көздөп, улуттук аң-сезимди, салт-санааны, көркөм ой жоруусун кенен өркүндөтүүгө аракеттенгендер улутчул деген оңдурбас жалаага кабылып, андайлардын же жүрөгүн өлтүрүп, күнкор кылып тынышкан, же камап, сүргүнгө айдап, аттырып, көздөрүн тазалашкан. «Мазмуну социалисттик, формасы улуттук» деген ураан жөн эле кеп экен, көзгө чөп салган алдоо тура. Советтик идеологдордун ишениминде, бардык элдерге тең орток социалисттик бир маданияттын уюткусун орус маданияты түзүүгө тийиш болгон. Башкача ойлогондун баркы гана кетпестен башы кошо кетиши мүмкүн эле. «Улуу элди» ээрчигендердин эзели этеги кыскарбайт, «улуу элден» үлгү алгандардын өрүшү өркүндөйт деген жомокко ишене берип, же аныкын боюбузга сиңире албай, же өзүбүздүкүн сактап кала албай эт менен челдин ортосунда арабөк келдик. Эл болуудан кала жаздадык. Улуу эл да маданияттуулуктун туу чокусуна өсүп жетип чыккансып, туш-туштун баары аны «маданияттуу» деп жерге-сууга тийгизбей мактап атса, ошого чын бүтүп, жетимиш жыл мурдагы деңгээлинен өөдөлөбөй туруп калган. А түгүл артына кеткен. «Устатыбыз» антип атса, «шакирттери» өөдөлөмөк белек?! «Совет элиндей эркин, маданияты гүлдөп өскөн өлкө дүйнөдө табылбайт» деп коюп, чынчынында, улуттардын оозуна чытырата кемээч каптап, макулук катары айдап алуу официалдуу бийликтердин көздөгөн максаты болгон. Мисалы, «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды», «Эр Төштүк», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл мырза» сыяктуу ондогон дастандарыбыз башка элдерде «улуу» эпос аталмак. Бизде «Манасыбыз» болгон үчүнбү, айтор, аларды «кенже» эпостор деп коёбуз. Болуптур, «кенжелерди» жайына коёюн. «Манас» эпосунун тагдырын эстейличи! Анын тегерегинде канча катуу кармаштар, драмалар өтпөдү: изилдегендерди куугунтукка алышты, эпостун өзүн зыяндуу чыгарма катары жок кылып жиберүү амалын издешти. «Манасты» изилдеген адам соо калбайт, эч эле болбогондо оозу-мурду кыйшайып, эпкинге кабылат» деген шумдукту таркатып, эпосту пропагандалоодон айныткандар болгон. Ушунун баары бекеринен эмес. Улут маданиятын өстүрбөй, бардык элдерге тең орток социалисттик бир маданият түзүү саясатын ишке ашыруунун далалаты. Антепегенде «Манас» эпосунун абалы ушу бүгүн таптакыр башкача болмок. Эмгиче дүйнөдөгү канча бир тилдерге толук которулуп, «Иллиада» жана «Одиссея» менен катарлаш таанымал даражада турат эле го. Тилекке каршы, «Манасыбызды» сөз жүзүндө гана даңазалаганыбыз болбосо, накта өзү дүйнө элине жете элек. «Манас» дүйнөдөгү эң зор эпос. Мааниси, маңызы, көркөм сапаты, философиясы жагынан да белгилүү эпостордун эч биринен калышпайт. Мен муну дүйнөдөгү көп эпосторду окуп-билген филолог катары салыштырууга мүмкүнчүлүгүм болгон үчүн айтып отурам. «Манас» эпосунда кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, үрп-адаты, күнүмдүк жашоо-тиричилиги, башка элдер менен байланыш, алыш-бериш катнашы, кайгысы менен кубанычы, жакшысы менен жаманы, бийиктиги менен пастыгы, согушу менен тынчтыгы, кылдат саясаты менен маңыроолугу, күлкүсү менен ыйы, үмүтү менен өксүүлөрү библиялык мааниге дейре көтөрүлүп, «Иллиада» менен «Одиссеядан» кем калышпаган мифологиялык жана реалисттик сүрөттөөлөрү бай, «Махабкарата» менен «Рамаянадагыдай» философиялык мистикасы терең, бирок ага окшобогон, жалпы адамзатка таандык болчу түбөлүктүү чыгарма. Тилекке каршы, дүйнө элдери «Манасты» азырынча «Иллиада» менен «Одиссеядай» өзүнө энчилей албайт. Колубуздан келбегенден, же өзүбүз каалабагандан ошондой болгон жок. Дүйнө маданияты үчүн «Манастын» баркын түшүнгөн окумуштуулар башынан эле көп болгон. Бирок алиги социалисттик орток маданият түзүү саясаты «Манас» эпосу аркылуу кыргыз маданиятынын бийик белеске чыгышын ыраа көргөн эмес. Ал эми ыраа көргөндөрдүн тагдыры оңбой калганы тууралуу көп далилдин бир далили мындай. Миң тогуз жүз токсон биринчи жылдын август айында (быйыл эле) Бишкектен отуз чакырымдай Чоң-Таш деген төштө 1938-жылы Советтик репрессиянын тушунда күм-жам кылынган 137 мыкты азаматтарыбыздын сөөгүн элүү үч жылдан кийин гана каада-салт боюнча жаназа түшүрүп, түбөлүк жайына узатканбыз. Ошол 137 шейиттин арасынан кыргыздын алгачкы илимпоз-профессору, таланттуу акын, ченебегендей педагог, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун да сөөгү табылды. Ошончо жыл дареги билинбей күм-жам бойдон жазыксыз азаматтардын өлүгүнө аралаш жарым метр топуракка басырылып ак кепинсиз жаткыдай жазыгы кайсы болду экен? «Манас» эпосу боюнча, кыргыз тарыхына байланыштуу пьесалар жазып, «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер койдуруп, руханий байлыкты терең түшүндүрүүгө далалаттанганы үчүн атууга кетиптир! Эпостун маанисин, тарыхты туура түшүнсүн деген аракети үчүн «эл душманы» болуптур! Бул бул болуптур, бир гана мисал. Ал эми элдин элдигин, улуттун улуттугун билгизип турар, маданиятын бадырайтып көзгө көрсөтөр эне тилдин абалы кандай болду? Жыйырманчы кылым мурда бизге чоочун жаңы өнөрлөрдү өздөштүрүүнүн доору болгонун айттым. Ошондой эле орус тилин үйрөндүк. Буга сыймыктанабыз. Жаңы өнөрлөрдү таанып, башка тил үйрөнүү жалпы эл үчүн деле, ар ким үчүн деле байлык. Орус тили аркылуу дүнүйө маданиятына аралаштык. Бирок башка тилди үйрөнгөнүбүз, өздөштүргөнүбүз эне тилди, өз салтыбызды, өз маданиятыбызды кемсинтүүнүн эсебинен болбошу керек эле го! Эне тилдер өксүп, өнүгүүдөн калганда, эне тил аркылуу башка элдерге таанылуу мүмкүнчүлүгү калбай калганына көзү жеткен жазуучулар, колунан келсе, орусча жазганга көндү. Жыргаганынан ошенткен жок алар, аргасыздан ошентишти. Ким эле көркөм ой-санаасын, образдуу ой жорууларын дүйнө элдери менен бөлүшкүсү келбесин, ким эле башка элдерге да таанылгысы келбесин?! Өз эне тилинде андай кудуретке жетпесе, өңгөнү коёлу, өз балдарың да өз эне тилинде китеп окумак түгүл, сөз сүйлөгөндөн качып турса, эне тилди таштап, жолу шыдыр башка тилге көчпөскө чама барбы?! Дүйнө эли эч качан бир орток маданиятка, бир орток тилге бирикпейт. Андай болушу мүмкүн эмес. Жоголушу мүмкүн. Биз эми эркиндигибиз колго тийип, катаал идеологиядан бошонгонсуп турган чагыбыз. Бирок «социалисттик орток маданият» саясатынын кесепетинен арылуу үчүн дагы далай-далай бүргө кайтарышыбыз керек го. Кечеде сүйлөгөн сөзүмүн мааниси ушу. Баш-аягы жыйналбай чачкын айтылып калса, айып этпе.
Суроо: – Кечеде суроолор көп болдубу?
Жооп: – Суроо-жооптор үч саатча созулду. Түнкү саат он бирде меймандарга кайрылууга туура келди, анткени эртең мененки саат 3тө туруп, 5те машине менен Вашингтонго кетмекпиз. Жашаган жерибизге чейин да бир сааттык жол. Ошолорду айтып уруксат сурасам, меймандар ыраазы болуп коштошту. Равзин Александр Алексеевич коштошуп жатып, колуму коё бербей силкилдете берип: «Кечебиз сонун өттү, сизге ырахмат!» дегенин кайта-кайта айтты. Кийин ООНдогу кечебизге «эң жакшы» деген кат СССРдин туруктуу өкүлчүлүгүнө келиптир, Александр Алексеевич көрсөттү. Кече сыяктуу чараларга кат жүзүндө жакшысын жакшы деп, начарын начар деп баа жибериш аяктын тартиби экен.
Суроо: – Кечеде эмнелерди сурашты? Тийишкен, сынап сураган суроолор болдубу?
Жооп: – Тийишкен, кучуш суроо болгон жок. Бардыгы эле түшүнүү, билүү максатындагы орундуу, олуттуу суроолор болду. А түгүл, бизди сыйлагандары байкалып турду. Суроо-жооптун көптүгүнөн тилмечке боорум ооруду. Ар ким оюна келгенди сурай берет экен. СССРдин таркап атканы, республикалардын абалы, мурдагы проблемалар, келечек маселелер жөнүндө толгон суроолор берилди. «Манас» жөнүндө көп сурашты.
Суроо: – Сыягы, анда «Манас» эпосун жакшы билишет го?
Жооп: – Жок. Деги эле кыргыздарды, Кыргызстанды билгендерден билбегендер көп экен. «Манас» жөнүндө кеченин башында сөз козгогонумдан улам ынтаа бурулду окшойт. Кыргыз эмне эл, качанкы эл, жаратылышыңар кандай, эмне тамак-аш ичесиңер дегенге чейин суроолор жайнады. Улгайыбыраак калган бир интеллигент карыя, сөзүнүн төркүнүнө караганда, анча-мынча шовинисттик маанайда жүргөн эски эмигрант орустарданбы деп калдым, балким, жаңылыш баамдагандырмын, айтор, ошо киши минтип сурады: «Борбор шаарыңарды эмне үчүн Бишкек деп өзгөртүп алдыңар же Фрунзе деген кыргыз эмес кишини жаман көрөсүңөрбү?» Ага мен мындай жооп айттым: «Михаил Васильевич Фрунзени биз, кыргыздар, жаман көрүш үчүн анын жаман жактарын билишибиз керек. Андай жактары мүмкүн бардыр, бирок болгон күндө да жаман кылыктары бизге али белгисиз. Демек, Фрунзени жек көрүшкө чамабыз жете да элек. Кыргызстанда Фрунзе атындагы колхоздор, совхоздор, мектептер толуп атат. Бишкекте эле Фрунзе музейи, көчөсү, завод бар. Коло ат минген эстелиги заңкайып көк тиреп турат. Жаман көрсөк, ошолордун бирин калтырбай шыпырып салмакпыз. Ал эми борбор шаарыбыздын атын өзгөрткөнүбүз жок, Бишкек деген азандагы өз атын гана кайра койдук. 1925-жылы Фрунзе дүйнөдөн кайтканда, эч кимден сурабай, эч кимге акыл салбай эле Москвадан мындан ары Бишкегиңер Фрунзе аталат деген буйрук келип, Фрунзе болуп калган. Сиздерден өтүнөрүм, азыр бизди көп жазып жатышат, өөдө-төмөн айткандар толтура, көрүнгөнгө эле ишене бербей өз акылыңарга ишенсеңер, айрыкча шовинисттик кылтыйтмаларды ээрчибесеңиздер экен» десем, алиги карыя колуму кысып, ырахматын айтты, көрсө бизге көп сөздөр тетири жетет тура деди. Американын аялдары биздин аялдар жөнүндө көп кызыгып сурайт экен. Бир кыз минтип сурады: «Силердин Кыргызстанда аял президент болушу мүмкүнбү?» «Ушу сурооңузга караганда, – дедим мен, – кыргыз аялдарынын абалы бүт эле Орто Азиядагы мусулман аялдардын абалынан айырмасы жоктой, паранжы жамынып жүргөндөй ойлосоңуз керек. Тилекке каршы, башка союздук республикалардагы совет адамдарынын түшүнүгү да ушундай. Чындыгында, кыргыз менен казак аялдардын укугу илгертен эркектердикинен кем болгон эмес, паранжы да жамынган эмес. Элдик чоң маселелерди, чыр-чатактарды акыл-эстүү аялдар менен кеңешип чечишкен. А түгүл кыргызда бийлик жүргүзгөн аялдар да болгон. Алсак, жакында эле 180 жылдык мааракесин өткөргөн «Алай канышасы», атактуу Курманжан датка карапайым үй-бүлөдөн чыккан, акылман, калыс, бийлик жүргүзө да, согушта кол башчылык кыла да билген кеменгер аял болгон. Эгерде акылы терең, эл башкарыш колунан келген кыйын аял чыкса, эмне үчүн президент болбосун, биздин элдин салтында болушу мүмкүн». «Анда эмне үчүн мамлекеттик, саясий иштерге катышкан аял силерде аз?» – деген суроо берилди. «Андай аялдар биздин өлкөдө аз эмес, тескерисинче, көбөйүп кетти, – деп оюн-чынга бура сүйлөдүм. – Биз дайым түкүнчө орунга түкүндөй аял ылайыктуу, баланча орунга баландай аял жарашат деген жобону алдын ала чектеп коюп, жараса-жарабаса деле аялдын тең укуктуулугун какшап келатабыз. Менимче, бул аялды кемсинтүү. Аялбы, эркекпи, жөндөмүнө жараша тандалса, калыстык болор эле», – дедим. Буга удаа: «Сиздин оюңузча: «Азыр Кыргызстанда мыкты аял барбы, болсо ким?» – деп какшыктагандай суроо айтылды». «Бар, ал менин аялым!» – деп дароо жооп бере салдым эле, меймандар дуу каткырып, кол чаап жиберди. Тамашам аларга аябай жакты.
Суроо: – Сизди Азамат Алтай менен да жолугушту деп уктук. Ошол жердешибиздин бүгүнкү ал-абалы, турмуш-тиричилиги, мекенине келүү-кетүү тилеги окурмандарыбызды кызыктырат…
Жооп: – Азамат Алтай агабыз менен жолугушмак түгүл, а кишинин үйүндө эки жума жашап келдим. Москвадан Нью-Йоркко качан, кайсы самолёт менен барарыбызды Азамат Алтайга телефондон айткам, кат да жазгам. Нью-Йорктогу Кеннеди аэропортуна конгонубузда, бизди БУУнун генералдык ассамблеясына катышып аткан тышкы иштер министрибиз Муратбек Иманалиев тосуп алды. Учурашарым менен эле: «Азамат аба жокпу?» – дедим. «А кишилер сыртта, биякка киргизбей койду», – деди Муратбек. Сыртка чыгып баратып: «Тааныбай калбасам экен» – деп, ар кимге көз чаптыра элеңдеп келатсам, бирөө «Бексултан» деп, карууман акырын кармады. Кат жазышып жүргөн кезибизде Азамат абаны мен, эмнегедир, кара тору кишидей элестетчүмүн. Көзүнөн мээрими төгүлгөн, бою менден жапызыраак, жылдыздуу сары киши экен. Кучакташып көрүштүк. Мени баш ылдый карап койду да, галстук тагынбай курткачан элем: «Жөнөкөй кийингенсиң, аныңды жаратам» – деп күлүмсүрөдү. Ушу биринчи жолугушканыбызда эле Азамат абага жылдызым түшүп калды. Делегациянын официалдуу иштери аяктап, Вашингтондон абаныкына түн ортосунда келгениме карабай, саат үчтөн өткөнчө ынак сырдаштардай, жакын санаалаштардай черибиз жазылбай сүйлөшүп отурганбыз. Убакыттын кечтиги, уйкунун келгени эч сезилген эмес. Андан кийин да нечен сааттар бою маектешип, айткандарын диктофонго жаздым, кагазга түшүрдүм, архивин аңтардым. «Унутчаак болуп кеттим», – дейт Азамат аба. Сүйлөшө келсе, мээси энциклопедиялык материалдарды жазып койгон компьютерден бетер качанкы окуялар, адамдын аттары, кылган жорук-жосундары, тарых, тагдыр, эски-жаңы окуялар чубалып чыга берет. Оюндагысын тайсалдабай түз айткан, тамашакөй, сөздүн баркын билген, боорукер, ак көңүл мүнөзү жүрөгүмү элжиретти. Чынын айтсам, оор тагдыр, урунду-беринди жашоо, адам чыдагыс жалаалар менен ушактарды уга берип, а киши кытмыр, арамзаа болуп калгандыр деп ойлочу элем. Андайдын бири жок. Оор турмуш, азап-тозоктор кайра аны мээримдүүлүккө, калыс жашап, адилет жүргөнгө үйрөтүптүр. Ошондой сапатка бышырыптыр. Менимче, дээри таза, дили, ниети таза адамдын белгиси бул. Дээри начар адам жакшы турмушта жашап жүрүп деле жаман бойдон кала бериши мүмкүн. Азамат Алтай тууганыбыздын жашоо-тиричилигин майда-чүйдөсүнөн бери билгиси келгендер көп. Бул табигый жакшы нерсе. Башка жакта калган боордошунун тагдырын ойлобогон эл да элби? Азамат аба жөнүндө повесть-эссе жазып, бүтөйүн деп калдым. Ошондо окуп аларсыңар…
Суроо: – Архиви жөнүндө эмне демекчисиз?
Жооп: – Жүзгө жакын чоң-чоң папка экен архиви. Чамасы, мага чейин деле сурап ала албай жүргөндөр болгон окшойт, элүү жыл чогулткан мээнет оңойбу, эч кимге кыйбаса керек? Бир күнү, бешим чен болсо керек эле, Азамат аба архивин мага көрсөтүп аткан. «Архивиңизди элге бербейсизби?» – деп койдум. Кудай ак, берет оюмда жок, үмтөткөн да эмесмин. Азамат аба жооп кайырган жок. «Бербейм» – десе, мүмкүн, унчукпай калат белем, айтор, «Аба, көзүңүз өтүп кетсе, архивиңиздин кадыр-баркын түшүнүп, багып алаар кишиңиз барбы?» – дедим. «Андай кишим жок», – деди аба. Ошол маал ар ким үйлөрүндө окулган гезиттерди, керексиз кагаз-кугаздарды таңып, жолдун жээгине чыгарып койгон учур экен, биз турган бөлмөнүн терезесинен көрүнүп турду. Мен ошол таңылган таштандыларды көрсөттүм: «Анда, – дедим, – аба, архивиңиздин тагдыры көзүңүз өткөндөн кийин тетиги таңылып жаткан кагаздардын тагдырындай болот экен!» Азамат аба: «Чарчадым, эс алалы», – деп бөлмөсүнө чыгып кетти. Анан түн кирип, караңгы болуп калган. Бирдеме жазып отурсам, Азамат аба кирди да: «Бексултан, архивди алып кет», – деди. Мен сүйүнгөнүмдөн: «Ырас элеби?!» – деп жиберипмин. «Мен бир гана айтам!» – деди Азамат аба олдоксон суроому жактырбай. Ошентип Азамат Алтайдын архиви элге келмей болду. Жүз папканын баарын алганым жок. Азамат аба кан басымы жогорулап, ооруканада жатып калганда иргедим. Жыйырма бир папка болду. Аба ооруканадан чыкканда папкаларды коробкаларга салып таңдык. «Албетте, архивди көтөрүп жеткире албайсың. Почто аркылуу жөнөтүш керек. Акысы эки миң долларча болоор, аны мен төлөйм», – деди аба.
Туруктуу өкүлчүлүккө барып Александр Алексеевич Равзинге жолуктум. Азамат Алтай архивин бергенин сүйүнчүлөп, почто акысына эки миң доллар төлөрүн айтсам, Александр Алексеевич бир тыйын да төлөттүрбөй дипломатиялык жүккө кошуп, Москвага чейин бекер жеткиртип берген. Андан ары Бишкекке Москвадагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Акматбек Нанаев жеткирткен.
Суроо: – Америкада Сизге эмне жакты жана эмне жакпады?
Жооп: – Жогоруда жаккандарын айттым. Ал эми жакпаган жаман жактарын издегеним жок. Андай адатым жок. Деги эле жамандыкты издегенден учубуз узарбайт. Ыйманыбыз өрттөнбөсүн десек, башкалардын кемчилигине таба кандырбай, жакшылыгын көздөсөк жаңылбайбыз. Дээри таза элибизди жамандык издегенге үйрөтпөйлү.
Ушуну менен Тилектештин суроолоруна берген жоопторум аяктады.
Баса, ооган кыргыздарынын тагдырына Кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кеңештин депутаттары да кайдыгер болбогонун айта өтмөкчүмүн. Аяктагы туугандарыбыз да баш-аягын жыйнап, максаттуу жолго түшкөнү кубандырат бизди.
Ал эми «Кыргыз эл» коому Кытайдагы Кызыл-Суулук кыргыздар менен тыгыз байланыш түзүп, кызматташып турган чагыбызда, Кыргыздардын биринчи курултайында «рейдерский захват» дегендей «законсуз ыйгарып алуу» болуп кеткенин айтпай коё албайм. Жүрөгүмүн оорусу катуу кармап, ооруканада турбай жаткам. «Кыргыз эл» коому мурда түзүлгөн жыйынга катышып, Юстиция министрлиги бекиткенин билгендер эле билмексен болуп, Кыргыздардын биринчи курултайында ошол эле «Кыргыз эл» коому деген ат менен делегаттарга добуш бердирип, башка бирөөнү төрага шайлай салышкан. Кыйратып иштейт го, бизден артык иштейт го десек, эч иш бүтүргөн жок. Өз керт башынын гана камын көрдү. Аны чоңдор да, чоң эместер да билет.
Америкадан кечээ эле келгендей болгом, «Азамат Алтай» аттуу повесть-эссени жазып бүткөнүмө бир топ убакыт өтүп кетиптир. Бирок повесттин жарыяланарына көзүм жетпеди. Анткени жарыялачу жалгыз басма «Ала-Тоо» журналы мамлекеттин колдоосу кан буугандай токтогондон бери бирде чыкса, бирде чыкпай көлөмү жукаргандан жукарып, нускасы азайгандан азайып баратканы көңүлүбүздү чөгөрсө чөгөрөөр, кайдан көтөрсүн! Экинчиден, журналдын башкы редактору Кеңеш Жусупов каражаттын эбин эптеп тапкан окшойт, ошол кезде деле бийликке кошоматчы, өз көлөкөсүнөн корккон идеология сакчылары Азамат Алтайдай ЦРУнун агентин, улутчул, чыккынчыны колдойт деген жалаадан коркпой-этпей повесть-эссени, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» деген пьесама Азамат Алтайдын беш макаласын кошуп, журналдын 2002-жылдын 2-санына жарыялап жиберди. Кеңештин буга окшогон тайманбастыгын далай көргөнбүз: акталган-акталбаганы жарыялана электе Белек Солтоноевдин тыюудагы эмгегин, 1916-жылдагы үркүнгө арналган макалалар жыйнагын кыжаалат учурда жарыялаганы эрдик болгон. «Азамат Алтай» повесть-эссе басылган журнал канча нускада чыкканы мага белгисиз, ага кызыккан деле эмесмин. Аз эле нускада болсо керек. Окугандарга абдан жакты. Кино тарткыла, Азамат Алтайдын ролун Дүйшөн Байтөбөтов аткарса жарашат дегендей пикирлер айтылды. Бир саам иште отурсам, бир жигит келип: «Банкта иштейм. Жетекчибизге «Азамат Алтай» деген чыгармаңыз жагып калыптыр, сизге жолуксам дейт» – деди. «Жетекчиңер ким?» – десем, орустун атын айтты. «Орус го, кыргызча билеби?» – десем: «Билбейт» – деди. «Билбесе кантип жактырды?» – десем: «Биз айтып бердик» – деди. Банкирдин ишине бардык. Жеке менчик банк экен. Кептин кыскасы, миң нускада чыгарарын айтты. «Миң да кеппи! Эч кимге жетпейт да» – десем, банкир: «Миңди чыгара туралы, элге жакса көп нускада чыгарабыз. Рыноктун талабы ушундай» – деди. Ушундай экенин Американын китеп дүкөндөрүнө кирип көрдүм эле. Банкирдин сунушуна көнүп, коштошуп кеттим. Көп өтпөй дагы бир кыргыз банкир жигит 1000 нуска чыгарарын айтып, уруксат сурады. «Банкирлердин оозунан миңден ашык сөз чыкпайбы?» – деп тамашаласам, а дагы рыноктун тартибине көнөлү деди. Ага да макул болдум.
Эки банкирге «Азамат Алтайдын» экземплярларын тердирип, белендеп койсом, Кадыралы Конкобаев таң атпай телефон чалды:
– Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде институттун деректиримин. Түндө уктабай «Азамат Алтай», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайыңызды» окуп чыктым. Экөө тең сонун! Жашып кетип аттым. Айтайын дегеним, түрктөрдөн акча келет. Ошонун эсебинен «Азамат Алтайыңызды» чыгарып берейин, – деп, Тоңго күйөө бала экенин да айта салды.
Эки банкирге убада берип койгонуму, экөө миңден китеп чыгарарын айттым.
– О, кокуй, коюңуз аны! Мен массовый тираж менен чыгарып берем. Жолугушалы, – деди.
Жолугуштук. Кабинети «Манас» университетинин Манас проспектисиндеги имаратынын экинчи кабатында экен. Банкирлерге белендеген экземплярды ала бардым. Жакшы сүйлөшүп отурдук. Мурда атын укчумун, өзүн биринчи көрүшүм. Кичи пейил, түшүнүктүүлүгү жакты. Көңүлүм көтөрүлүп, кубанганыман эки банкирдин бири менен да кабарлашпай, байланышыбыз үзүлдү.
Арадан бир жыл өттү. Эки жыл өттү. Конкобаевге телефон чалып: «Баягы эмне болду?» – деп сурап коём кээде. «Мына, мына. Турциядан акча келатат. Акча колго тиери менен китебиңизди чыгарам» – дейт. Дегенине ишенем. Ишенип жүрүп жети жыл өтүп кетти. Филармонияда тоңдуктардын концерти болуп, Конкобаев жолугуп калды.
– Кадыралы, жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн дегенди билесиңби? – десем: «Билем» – деди.
– Билсең, мындан ары китеп жөнүндө ооз ачпайм, сурабайм. Китеп чыкса, айтарсың? – дедим.
Ошондон бери эч сөз жок. Ал да айтпайт, мен да сурабайм.
«Азамат Алтайдын» өзүнчө китеп болуп чыгышынан үмүтүмү үзбөй жүргөн кезимде, 1992-жылдын башталышында президент Аскар Акаев чакыртканынан барсам:
– Жок дебей маданият боюнча мамлекеттик кеңешчи болуп бериңиз, – деди.
– Жок деп, өлө албай жүрүпмүнбү – десем, Аскар Акаевич мени таңыркагандай тиктеп алды да:
– Бул эмне дегениңиз? – деди.
– Аскар Акаевич, илгерки падышалар, хандар үч жолу «жок» дегендин башын алдырып салдырчу тура, макулмун. Бир өтүнүчүм, справка-сысправка жаздырып кыйнабасаңыз экен, – десем Акаев күлдү да:
– Кыйнала турган ишиңиз деле болбойт, – деди.
Кеңешчи болуп иштеп калдым. Иш көп эле болду. Көптүгүнөн чыгармаларымы жазууга колум бошободу.
(Уландысы бар)
[1] Башталышы журналдын 2017-жылдан берки сандарында.