ӨМҮР ӨТӨТ БИЛИНБЕЙ
(Эссе)
Президент Аскар Акаев менен иштешүү көңүлдүү да, жеңил да болду. Айтып баштаганыңда эле оюңду оңой түшүнгөн кыраакылыгы бар эле. Жаңылсаң, жаңылбасаң да жактырган-жактырбаганын билгизчү эмес. Көңүл ооруткусу келбегенден ошентчү го деп ойлойм. Биз, биз дегеним – президенттин мамлекеттик кеңешчилери: экономика боюнча Т. Койчиев менен финансы кеңешчиси К. Кунакунов экөө коомдук башталышта айлык алчу эмес, саясий маселелер боюнча Л. Ливитин, улуттар аралык маселе боюнча С. Жигитов, маданият боюнча мен Аскар Акаевде «президентмин» дегендей манчыркатуу, чиренүү пайда боло элек кездеги демократтык көз карашы солгундай элек интеллигент учурунда эки жылга жакын иштешип калдык. Л. Ливитинди Аскар Акаев жакынсынтып, кеңешчилер тарап кеткенден кийин деле бир кыйла жыл жанына алып жүрдү.
Кеңешчилер, министрлер президентке түз эле кире берчүбүз. Эшигин тостуруп, кезек күттүрүү Жаныш Рустембеков президенттик администрациянын жетекчиси болуп орношкондо башталды. Мүмкүн, бул туура эле болгондур? Бирок мамлекет башчысынын «культу» кичинекей эле көшөкөрлөнүүдөн башталарын биле жүрбөгөнүбүзгө өкүнөм. Же «культту» эңсеген илдет каныбыздан чыкпай бекем орношуп калганбы?
Аскар Акаев алгачкы жылдарда абдан жөнөкөй, сыпайы, ким менен болбосун кичи пейил, ийкемдүү сүйлөшчү.
Бир саам эртең менен кабинетине кире калсам, гезиттен кайчылап статья кесип отуруптур. Студент кезин, аспирант учурун унута элек жөнөкөйлүгүдүр деп ичимен жактырдым да:
– Аскар Акаевич, бу эмнеңиз? – десем, президент:
– Биз жөнүндө макалалар, сындагандары да бар экен… – деди оңтойсуздангандай.
– Бу сиздин жумуш эмес да. Пресс-группаңыз болуш керек, – дедим.
Сталиндин пресса кызматкерлери айыл чарба, өнөр жай, искусство, билим-илим, согушта болобу, кайда кандай абал түзүлгөнүн тармак-тармак боюнча гезиттерден иргеп, бадырайта бастырып, Сталин ишке келгенче столуна таштап коюшчу экен, ошондуктан Сталин өзү аралашып жүргөндөй баарын билген деп биз Москвада окуп жүргөндө атактуу киносценаристтен укканымы айттым. Жакшы журналисттерден пресс-группа түзүп алыңыз дедим.
– Журналисттердин тизмесин берсеңиз, маектешип көрөйүн, – деди Акаев.
Салижан Жигитов экөөбүз маңдай-тескей кабинеттерде отурчубуз. Сырдашып, пикир бөлүшкөн ынтымактуу учурубуз көп болчу. Президент менен сүйлөшкөнүмү айтсам, журналисттердин тизмесин кошо түзүштү.
Тизмени президентке алып барып бердим. Аскар Акаев аларды бирден чакыртып, өзү маектешип, пресс-группа түздү. Прессанын биринчи жетекчисине Кабай Карабековду сунуштасам, анын макалаларын президент окуп жүргөн экен, дароо жактырды. Карабеков калыс жүрүп, калыс иштеди. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болгондо, позициясынан тайып, тетири кетти. Айтор, мансапка азгырылбай туруштук бергендерге караганда туруштугу жоктор четтен чыгат окшобойбу. Ушуга кейийм. «Байлык, мансап – колдун кири» дегенди эмкилер унутуп койгондой.
Аскар Акаевдин дагы бир жөнөкөйлүгүн айтайын. Балким, бул анын бийлик жүргүзүүгө бышып жетиле элек чийкилиги болушу да ыктымал. Ал мындай. Министрлерге иш тапшырса, министрлердин кимиси болбосун алчы-таасынан түшө калып, президентке убаданы бере салчу. Бири да шымаланып аткарчу эмес. Аскар Акаев жаны кейип:
– Ушундай да болобу, убадаларын аткарбайт! – дегенинен:
– Аскар Акаевич, бир-экөөнү шыйрагынан кармап туруп, ташка чаап-чаап алыңызчы, аткарбаганын көрөйүн, – десем, президентибиз:
– Туура айтасыз, туура айтасыз, – деген эле.
Бирин да чапкан жок. Эч кимисинин көңүлүн калтырбай баарына жагайын дегендей позиция болду го мунусу. Мындай позициянын пайдасынан зыяны көп. Жалган, жасалма позиция бул.
Кеңешчилердин функциясы регламент аркылуу чектелген эмес. Ар кимибиз өз тармагыбыздагы абал, көйгөйлөр боюнча президентке маалымат, сунуш берип, ойлогон оюбузду айтууга, президенттин тапшырмасын орундатууга милдеттүү болчубуз. Турмуш оор кез анда. Маданият, адабият ишмерлери, искусство кароосуз калган кыйын учур. Кайсы бир күнү кадимки таланттуу таанымал акын Рамис Рыскуловдун жубайы ишиме келип, президенттен жардам сурасам болобу, нанга акчабыз жок деди. Жардам бере койгудай президентте да каражат жок кез. Капчыгы калыңдардан марттык кылаар бирөө бардыр? Ошондой капчыктуу деген эки жигитке телефон чалдым. Эчтеме өнбөдү. Көздөрү өтүп кеткендиктен аттарын атабадым. Кыргызстан Жазуучулар союзунун биринчи секретары А. Жакшылыковго чалсам: «Жакында грант келүүгө тийиш, ошондо караштыралы» – деп кутулду. Кыргызавтомаштын деректири Алмаз Атамбаев Москвада окуп жүргөн кезинде кыргыз жазуучуларынын аңгеме-повесттерин орус тилине которгонун билчү элем. Чыгармачылык чөйрөгө жакындыгы үмүттөндүрдү. Атамбаевге телефон чалып, Рамис Рыскуловдун үй-бүлөсүнө бир-эки ай тамак-ашына жетерлик акча-тыйын каралаша аласыңбы, аялы жанымда отурат десем, «бир-эки ай эмес, жыл сайын айына эки миң сомдон стипендия берип турайын» деген. Ошо күндөн ушу күнгө дейре убадасынан жазбады. Рамистин жубайы жакшылыкты унутпайт, жолуккан жерде ыраазычылыгын айтып келатат.
Адамга жакшылык кылганың – өз үчүн ыракат. Кыргыз академиялык драма театрында одурайган оригиналдуу кебете-кешпири менен таланты айкалышып, кинодо болобу, сахнада болобу комедиялык ролдорго ылайык жаралган Тургун Бердалиев ченебегендей жылдыздуу жан эле. Бир саам ал театрдагы репетициядан чыгып келатканыбызда: «Үй жок, кыйналып кеттик», – деп калды. Менден жардам күттүбү, же тим эле айттыбы? Бекеринен кулак кагыш кылбагандыр деген ойдо болдум. Шаар бийлигине кайрылгандан пайда жок. Чыңгыз Айтматов Кинематографисттер союзун жетектечү, атайы барып айтсам, Чыкем сөзүмү эки кылган жок. Бердалиевге квартира алып берип жыргатты.
Тургун «кой» дегенибизге болбой «үйүмү майлайм» деп, өкмөттүн дачасынан жогору, Ала-Арча суусунун боюндагы көк жайыкка дасторкон жайып, Төлөмүш, Сүймөнкул үчөөбүздү келинчектерибиз менен чакырды. Суу күпүлдөп кирип турган күзгө жуук мезгил. Беш литрлик сары кызгылт пластмасса көнөчөктү дайранын акканы билинбей мелмилдеген ийримине Тургун өзүбү, же келинчеги Зухрабы, жээкке байлабай бош салып койгон экен, зайыптарыбыз: «Кетти-и, кетти!» – деп кыйкырып жибергенинен карасак, кызгылт көнөчөгүбүз суунун өркөчтөнгөн агымында өөдө-ылдый көрүнүп-көрүнбөй кетип баратыптыр. Мен тиземин томугу сынык, чуркай албайм. Сүймөнкул, Төлөмүш, Тургун үчөө суу бойлой тызылдап, кымызга жетпей баратса, боорубуз калбай күлгөнбүз. Кымызыбызды «качырып» жибергенибиз жаштык курагыбызды эске салган, унутулгус бир элес ко, сыягы? Унутулбаган үчүн эсиме келди да.
Президенттик администрациянын жетекчиси Эднан Карабаев билимдүү, ишке тыкан, жөн билги, адептүү жигит экенинде шегим жок эле. Бир күнү ойдо жок жерден:
– Бексултан Жакиевич, кадр маселесине кийлигишпеңиз… – деп аң-таң кылды мени. Мага күнөө койгондой туюлду мунусу.
Мен ага түздөн-түз баш ийбесем да даражасы бийик, президенттин кеңешчисине эскертүү жасашка укугу бардыр? Укугу болгон күндө да бирөө капыстан айыптаса, эмне айтарымы билбей далдырап калмайым бар. Адамдагы итиркей келтирген жаман жоруктун бири – актангандык. Эмне себептен улам Эднан мени тыйганын түшүнбөдүм. Оюм өөдө-төмөн удургуду: «Маданиятка, искусствого тиешеси бар кадр жөнүндө президент пикирими сураса кантем? Унчукпай туруп беремби?» – десем, Эднан: «Ал башка маселе», – деди буйтата жооп берип.
Ошондон көп өтпөй Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын кинокомитетинин төрагасына ким жарарын сурады. Администрация башчысы бирди айтса, президент өзү мени кадр маселесине аралаштырганы кандай? Экөөнүн ортосунда бу боюнча өздөрүнчө макулдашкан позиция жокпу? Балким, президентке пресс-группа сунуштаганым Карабаевге жакпай калгандыр? Ошого да ич тарлык кылабы? Мындай кыжаалат суроолорго жооп издеп отуруунун кажети деле жоктур. Өз көмөчүнө күл тартпаган, аттуу-баштуу дегендей адилет киночулар менен акылдашып, баарыбыз бир ооздон Орозалиев Керимди кинонун жетекчилигине туура көрдүк. Анткени ал көп жылдар бою режиссердун ассистенти, экинчи режиссер, фильмдерде администраторлук жумуштарды мыкты аткарган адис эле. Сунушубузду президент жактырды.
Кыргыз Республикасынын кинокомитетинин төрагасына Орозалиев Керимди бекиткен Указы бир жумага жетпей чыкты.
Баса, кийинки Указдардын долбооруна менин колуму койдурбай калышты.
Кызык. К. Орозалиев мактаганыбыздай боло албады. Төрагалыкка жарабады. Көрсө, кичине иштеги кыйындардын баары эле жоопкерчилиги оор чоң жумушту жетектеп кете албайт окшойт, аны билбеппиз. Орозалиев уяттуу жигит экен, төрагалыкка жарабасын түшүнгөндө, өзү эле кызматтан бошонуп чыга берди.
Президенттен жеме угам го дедим эле, андай болгон жок. Башка тапшырма берди:
– Бөкөнбаев көчөсү менен Октябрдын 40 жылдыгы кесилишкен жерге маданият кызматкерлери үчүн көп квартиралуу турак үй курулмак. Фундаментине капсул салдым эле. Ишке алагды болуп жүрүп, эсимен чыгарып коюпмун. Курулуш жүрүп атыппы, билип келип мага айтыңыз, – деди.
Үйдүн курулушун жетектеген Молдобаев Аскарбек деген жигит экен, телефон чалып жолугуштук. Беш кабат үйдүн биринчи кабаты да салынбай, акча жок токтоп калыптыр. «Эми 5 миллион сом болсо, бүтүрөт элек» – деди Молдобаев. Президентке келип, көргөн-укканымы төкпөй-чачпай айтып бердим. Аскар Акаев финансы министрине телефон чалып, үйдүн курулушуна 5 миллион сом которттурду. Аскарбек Молдобаев ким менен болсо да тил табыша билген ийкемдүү, тың жигиттей көрүндү. Курулушчулар өзгөчө ачык калк болот тура, Молдобаев алар тамашалашса тамашалашып, сөгүшсө сөгүшүп дегендей бакылдап-шакылдап жүрүп, ишти тездетти. Президентке маалымат берип турдум. «Курулушчул жөндөмүм» жагып калса керек, шаар бийлиги маданият министрлигине «Жал» кичирайонунда курулчу үйлөрдөн 13 бекен, же 15пи квартира совет доорунан бери карыз экен, президент ошолорду да бүтүрт деди мага. Аяктын курулушу да каражат жок токтоп калыптыр. Финансы министрлиги ага да акча бөлүп, бүтпөй турган көп квартиралуу үй да, «Жалдагы» квартиралардын баары, болжолу 1993-жылдын жазында толук бүткөн болчу. Ошондон кийин маданият ишмерлерине үй берүү маселеси унутулган. Ар кимибиз чамабызга жараша күн өткөрүп келатабыз.
Эркиндикке жетерин жеттик, жыргабадык. Жокчулук. Жакырчылык күчөгөндөн күчөдү. Тамак-аштын тартыштыгы жанга батты. Айылда апам, Акмат молдокем, ини-карындаштарым ачка калбаса экен деп, ун таппай темселеген күндөрүм болду. Өңгөсүн айтып отурбайын, маянадан маянага чейин жан багып көнгөн жаныбыз учурунда айлык албай чүнчүдүк. Бүт Кыргызстандын кыйналганын айтып жатам. Айлыкка акчаны рубль менен Москва берип калган. Совет доорунда бардык республикаларга бирдей рубль эми карыздан бетер кыйынчылык менен Бишкекке араң жетип, пенсия, пособие, студенттердин стипендиясы да тийсе тиет, тийбесе жок, тийгенинен тийбегени үстү-үстүнө үйүлчү болду. Элдин да, бийликтин да аргасы түгөнгөндө өз акчабызды, улуттук валюта чыгаруу идеясы жаралды. Аны колдогондор болду. Айрыкча Улуттук банктын жетекчилеринин бири Сулайманбеков Сагыналы Амантуровичтин күйүп-жанып, кыргыз валютасынын зарылчылыгын далилдеп чуркаганы көз алдымда. Рублден баш тартсак, күнүбүз кечпей калчудан бетер колдобогондор да болду. Акыры өз сомубузду чыгаруу идеясы жеңди. Антпегенде, рублге көз каранды бойдон жүрө берсек, эгемендүүлүгүбүздүн тымтыракайы чыкмак, күнкорлуктун торунда кала бермекпиз.
Акча алмашып, сомго өткөнүбүздүн эртеси таңга жуук телефон шыңгырады. Туруп барып, трубканы алсам, Тоңдогу күйөө балам, кенже карындашым Бактыгүлдүн күйөөсү Асан экен:
– Байке, атам өтүп кетти, – деди.
Жүрөгүм оозума кептеле түштү:
– Эмне дейт, молдокемби?!
– Ооба. – Асан күнөөсү бардай акырын үн каткандай болду.
– Кечээ эле сопсоо эмес беле?! Учурашып кеткенибизге эки жума да боло элек!.. – Оюм алачакмактап уйгу-туйгу. Уккан кулагыма ишенбедим.
– Апам уй сааганы чыкса, кар жаап салыптыр. Тайгаланып кетип, жамбашы сыныптыр. Атам: «Эми кайсы келин-кыздын колун карайт элем, кор болбоюн» – деп, оозуна наар албай сегиз күн жатып… атайы эле өлүп алды окшойт… – Асан дагы бирдемелерди айткансыды, эмне айтканы кулагыма кирбеди.
Молдокем 93кө чыккан кишидей эмес эле, тың болчу. Акылы тунук. Сөзмөр. Үйдө жалгыз болгондо «Манас», кенже эпосторду үн чыгарып окуп отурчу. Шаарга келгенде таяке-жээн, тууган-урук дегендей жакындарыбыздын үйлөрүн кыдырып, учурашып чыкканды милдетиндей көрчү. Машинеге түшпөй жөө кыдырчу. Айылда андан беш-бетер жөө жүрчү. Жай да басчу эмес, жанындагыларга жеткирбей кетчү. Ошондой-ошондоюн эстеп, Асандын «атам өтүп кетти» дегенин элестете албадым. Молдокем тирүүдөй көз алдыман кетпеди. Мен бала чактан берки жорук-жосундары, жүргөн-турган, кыял-жоругу көңүлүмдө тургансыйт. Молдокем ыр жазчу. Балдарга, биртуугандарына келини Сабиранын 8-мартта туулган күнүнө арнап жылда ыр жазганын эстедим. Үркүндөгү азапты, Ата Мекендик согуштан кайтпай калган байкелер баянын байбичелер күн сайын молдокеме окутуп, ыйлап отургандарын эстедим. Кезинде бадывоттоп арак ичип, шорубузду кайнатканы да эсиме келди. Анан аракты асмайы менен кошо бир күндө таштап, соолукканын эстедим. Акмат молдокем атасы Абийирди байке дечү: «Алкаш болуп жүргөнүмдө байкеме колум тийбесе да сөзүм тийгендей күнөөлүү сезем өзүмдү», – деп Абийир атамын бейитине жанына киши кошпой жалгыз коргон көтөргөнүн, бала кыял жоруктарын эстедим. Баягы бир жылы Абийир атамын аталаш (аталары бир, энелери эки башка) инисинин тун кызы, эжебиз кайтыш болуп шаардан барып калдык. Молдокем үйдө жатыптыр. Учурашкан соң: «Сен эмне тыякка барбай үйдө жатып алгансың?» – десем, молдокем: «Бутту кудай алып салды, бастырбайт», – деди. Эжени жайына узаткандан кийин ала кетип, догдурга көрсөтөйүн десем, молдокем тамаша-чынын аралаштыра: «Догдуруң боктун ысыгын да билбейт, жаткан ордуман козгобо», – деди. Дегенине болбой шаарга ала кеттим.
Апам экөө эне-атам катары «спецполиклиника» аталган бейтапканага катталуу болчу. Молдокеми спецтин ооруканасына жаткыздым. Күндө тамак-аш бышырып барып, ал-ахвалын билип турдук. Баягысындай эле баса албайт. Жылыш болбочудай санааркай баштаганыбызда, бир жума өтүп-өтпөй таза басып кетип, баарыбызды кубантты.
– И, молдоке, кандай? Догдур боктун ысыгын билет бекен? – дедим бая айтканына жараша тамашалап.
– Билмек тургай билет тура! Бөөдө эле кудайга күнөөкөр болупмун, – деген күлүп. Аны эстедим.
Ушундан кийин молдокем догдурларды кудайындай кадырлап, бизди убара кылбай эле спецке өзү барып врачка көрүнүп, «ооруканага жат» десе, жатып дарыланып, «барып-келип дарылан» десе, барып-келип дарыланган тил алчаактыгынан молдокеми спецтегилер тууганындай сыйлачу. Кайсы бир жылы спецтин ооруканасында иштеген эки медсестра жолугуп калып: «Атаңар көптөн бери келбей калды», – дегенинен мен: «Атабыздын оорусун тилеп жүрдүңөр беле?» – деп тамашаласам, кыздар: «Жо, агай! Атаңыз сонун сүйлөп берчү, ошону сагындык», – деп уялып кеткен эле. А да эсиме түштү.
Молдокемин зыйнатына керектүүлөрдү шаардан камдай барбасак, айылдан таппайбыз. Акчанын алмашканы түйшүгүбүздү оорлотуп салчудай болду. «Сомубуз жок, дурусураак татты-патты коюлбаса, дасторкондо кайсы береке!» – деп Сабира ыйлап ийчүдөй кейиди.
Президенттин администрациясында сом бардыр деген үмүттө бухгалтериясына бардым: «Айлыктарымын эсебинен сомуңар болсо берип турула», – десем, кассада 7 гана сом бар экен. Ошону берди. Мага боор ооруду окшойт, кайра-кайра көңүл айтып жиберди. 7 сомдон ашык жаңы акча болгон-болбогонун сураган жокмун. Сураганда не? Кудая тобо, 7ни садагага, соопчулукка берет дечү эле. Алсамбы-албасамбы деп туруп, карызга алгандын андайга тиешеси жок, аз да болсо кереги тийип калгысы бардыр дедим оюмда.
Молдокем дале оюмда. Ушундай кыжаалат күндө өлгөн эмнеси? Же мурда кетпей, же кийин кетпей. Сынаганыбы? Сынаса-сынабаса да кадыр-баркы менен узатуу мойнубуздагы парз. Илгери ичкиликти тамак ордуна ичип жүргөн кезинде: «Элүүдөн кийинки өмүрдү кудай ала койсун», – дечү эле. Элүүгө тургай 93кө чыкты. «Кудай качан алса да, кыйнабаса экен», – деп тилек кылчу. Жетимиштен өткөн курагында шейшеби бекип, кыйналып атканын угуп айылга жетип барсам: «Өлөйүн десем, өлгүдөй эмесмин» – деди. Шаарга алып келдим. Медицина илимдеринин доктору Мойдун Тыналиевди мыкты уролог деп укчумун. Мыктылыгы эмнеде экенине а кезде кызыкчу деле эмесмин. Бирок мамилебиз жакшы болчу, ал үйлөнгөндө күйөө жолдош болуп баргам. Молдокеми түз эле Мойдунга алпарып көрсөттүм.
– Операция жасаш керек, – деди Мойдун.
– Соёсуңбу? – деди молдокем.
– Сойбосо болбойт, – деди Мойдун.
– Анда сой, – деди молдокем.
Ооруканага жаткызып, молдокеми рентгенге тартып, канын, жүрөгүн, кан басымын дегендей ден соолугун бүт текшерип бүтсө да, эмнегедир операцияга батынбай ойлонуп туруп калгандай болушту.
– Маалкатпай сойсунчу ары! Түтүк сойлотуп, азабымы жегизди! – деди Молдокем палатага башбага элек жатсам кабатырланып.
Врачтар отурган бөлмөгө бардым. Мойдун жок экен. Андагыларга молдокемин капаланганын айттым.
– Атаңызга операция жасалбайт. Илгери эки жолу инфаркт болуп… бүтүптүр. Бирок ошондо да операция жасаганда, өлтүрүп алышыбыз мүмкүн, – деди Шубладзе деген профессор.
Молдокем жаткан палатага кайра келдим шылкыйып: «Операция жасабайбыз, операция жасасак өлтүрүп алабыз деди», – десем, молдокем:
– Өлтүрбөй сойсун! Өлтүрбөй соё албаса, эмнеге эшек такалап отурат догдурмун деп! – деди эле, палатадагылар маашырлана күлүп калышты.
Кайра барып, молдокемин айтканын айтсам, профессор:
– Молодец старик! Будем оперировать! – деди.
Эртеси Мойдун Тыналиев операция баштады. «Кудай, хирургдун колун жеңил кыла көр», – деп Жараткандан тиледим. Жооптуу операцияны хирург эле жалгыз жасабасы белгилүү, ассистенти, жардамчылары тикеси менен тик турарында күмөнүбүз жок.
Молдокем операциядан кийин бир күн, бир түндөй ак шейшептей купкуу, эс-учу жок жатып, анан жакшынакай айыгып кеткен. Аны эстедим.
Бишкектен Тоңдун Бөкөнбаев кыштагына бараткан жолдобуз. Мен машине айдап баратып, артта отурган Сабира менен кызым Гүлмиранын акырын кобурашып келатканын таназар деле алганым жок. Экөөнүн ортосунда эки жашар неберем Жаннат бирде эркелесе, бирде тынчып, эмнеге баратканыбызды кайдан түшүнсүн. Жаннаттын төрөлгөн күнү – 12-апрель. 12-апрелде Гагарин космоско учуп, дүйнөнү дүңгүрөткөн. 1961-жылы дал ошол 12-апрелдин таңында Москванын ооруканасында сокур ичегими алдырып салып кутулгам. Айтор, 12-апрель акжолтой күндөй туюлат бизге. Катарымда отурган неберем Салима, Жаннаттан он жаш улуу эжеси. Салиманы үчкө чыкканда бала бакчага бергенбиз. Бакчага аны мен жеткизип, мен алып кетчүмүн. Киев көчөсү менен өтүп баратсак, Ала-Тоо аянтында колун сунуп турган Лениндин эстелигин көрсөтүп: «Ленин ата», – деди Салима. «Эмне турат бул жерде?» – десем, «Здравствуй, Салима, деп турат» деген күлдүрүп. Салима биз менен жүргөндү жакшы көрчү. «Апулясы» Сабиранын жанынан чыккысы келчү эмес. Корообуз кенен. Кошуна аялдар, байбичелер неберелерин ойнотуп, скамейкаларда сүйлөшүп отурчу. Бир саам Салиманы эне-атасы алып кетели десе, карматпай тызылдап качты: «Люди, спасайте! Они меня забирают», – деп короодогулардын боорун эзген. Молдокем Салиманы да, Жаннатты да жанындай көрчү эле. Жаннат кичине, «дедушкасынын» көзү өткөн-өтпөгөнү менен иши эмне. Салима кандай ойдо баратты экен? Көзү өтүп кеткен чоң ата, бабаларын эси жетиле элек небере, чөбүрөлөрү, мүмкүн, кийин жоктоор? Же эстебей унутуп коёбу кашайып. Эстээр-эстебеси, жоктоор-жоктобосу улуулардын, эне-атанын унуттурбай санжыралап айткан таалиминдеги нуска. Оор жоготуу башка түшсө, жан кыйналганда адамдын оюна эмнелер келип, эмнелер кетпейт. Гүлмира эмчекте кезинен апам менен молдокемин колуна өткөнү өзүнөн өзү эсиме келди. Сабира анда университеттин экономика факультетинин төртүнчү курсунда болчу. Окуусун бүтүп алсын деп, апам Гүлмираны алып кеткен. Сабирага төрөп алган чүрпөсү кымбат, бергиси келбей кыңырылганынан мен бердиргем, апамын жанында жүрсө, баласынтпай каадалуу киши менен сүйлөшкөндөй сөзүн угат; ийик ийрип, өрмөк сокконун; шырдак шырып, жууркан-төшөк каптаганын; от жагып, казан асканын; нан бышырып, самоордон чай куйганын көрөт; короолордон маарап, мөөрөп чыгып, маарап, мөөрөп келген малдын үнү, айтор, каада-салттуу айыл турмушундагы береке кызыбыздын кан-жанына ымыркайынан сиңсе, адептүү адам болуп өсөт деген ниетте болгом.
Шаарда жашагандын кыйла артыкчылыгы бар. Ошону менен бирге кемчил жактары да толтура. Шаарда күн өткөрүү болот, турмуш жокко эсе. Бүгүнкү жашооң өткөн күнүңө окшош. Эртеңки күнүң бүгүнкүдөн айырмасы аз. Былтыр деле ошондой болчу, эмдиги жылы деле ошондой. Балдарыбыз түгүл өзүбүз деле турмушту турмуштан үйрөнбөй телевизордон, кагаздан үйрөнүп калдык. Күндүн чыкканы менен батканын көрбөйбүз, андай болгон соң жаратылыштын сулуулугуна суктануу шаардыктарда кайдан болсун! Тааныган, тааныбаган бирөө эшикти шыңгыратса, салтыбызды сыйлап: «Үйгө кириңиз, нан ооз тийиңиз» дегенди да шаардыктар унутканбыз. Апамын жанында айылдыктар менен аралаш жүрсө, кызыбыздын сөзү да, аң-сезими да өсөрүн ойлогом. Андай «сабак» шаарда жок. Айыл табиятка жакын, улутубуздун салт-санаасына, үрп-адатына жакын. Жаңылбаппыз. Апам менен молдокем берген тарбия, айыл турмушунан алган таалим Гүлмирабыздын кыял-жоругуна туура келди. Алтыга чыкканда апамы чыркыратып колубузга алдык. Эмдиги жылы мектепке барат. Шаардагы үйүбүз Киностудиянын жанында. Бизден саал араак бактын ичинде номур биринчи кыргыз мектеп-интернат бар. Гүлмира барып-келип ошо мектептен окуурунда эч шегибиз жок эле, 1-сентябрь жакындаганда алпарсак, деректири: «Интернатка өткөргүлө», – дебеспи. «Интернатка бергенибизди укса, апам колума өлүп берет», – десем, деректир: «Мындай окутушка укугум жок», – деп кеп жебей койду. № 5 алыс. Шаарда болгон кыргыз мектеп ушул экөө. Кантебиз, айла жок үйгө жакыныраак № 9 деген орус мектепке өткөрдүк. Кызыбыз тырышып окуду. Мектептен келээр замат тапшырмасын даярдаганы отурат. «Эс ал, тамак ич» – десек: «Азыр» – деп коёт. Окуу башталганына бир-эки айча болгондо, ата-энелер жыйналышына бардык. Жыйналыш аяктаганда класс жетекчиси өзүмө: «Кызыңар тырышчаак, зээндүү, бирок мен айтканды ичинен кыргызчага которуп, анан кайра орусча ойлоп жооп бергиче убакыт өтүп жатат. Башка балдарга да көңүл бурушум керек. Сизден өтүнөрүм, үйдө Гүлмира менен орусча сүйлөшүп жүргүлөчү», – деди. Жыйналыштан келип: «Гүлмира, эжең сени мактады, үйдө орусча сүйлөшкүлө деди», – десем, кызым: «Анда мен кыргызчаны унутуп калам да» деген жообуна ичим жылыган. Орусча окуду, кыргызчаны унуткан жок.
Балдарыбызды билебиз деп ойлойбуз. Кулк-мүнөзүн, көздөгөн тилегин, санаасын түшүнгөндөй жүрөбүз. Чын эле ошондойбузбу? Менимче, андай эмеспиз. Андай болуш үчүн баланын дүйнөсүнө аралашып, дүйнөнү бала элестеткендей элестетип, бала көргөндөй көрүп, баланын кыялы менен жашоого тийишпиз. Минтип айтканымын жөнү болуп калды. Кызыбызды чоңойгондо ким болосуң десек, музыкальный педагог болом деп оозубузду ачырды. Мындай кесиптин бар экенин ал кимден, кайдан билди? Бирөөдөн укканын эле айтып айткандыр десек, Шубин атындагы музыкалык мектептен сабак алып жүргөн теңтуш кызын ээрчип барып, Гүлмира да өтүп алыптыр. Тукумубузда музыкага шыктуу адам болгон эмес, кайдан эле кызыбызга шык бүтө калсын? Сонуну таркаганда, музыкага кызыкканын унутпаса да, музыкальный педагог болом дегенин унутат деген ойдо болдум. Баланын кызыгуусу утурумдук болгон күндө да айнытуу жарабайт. Шубин мектебине өтүп алган шагын сындырбай мугалимине жолугуп, иш-чараларына барып турдук. Гүлмиранын сонуну таркаар түрү жок. «Папа, пианино сатып бересиңби?» – деди. Мен эч качан «жок» дебей, «акча болгондо сатып берем» дечүмүн. Бу саам да ошондой дедим. Бир аз күн өтпөй Гүлмира келип: «Папа, «Детский мирге» пианино түшүптүр, арзан экен! Жүрсөң! Көрсөң!» – деп сүйүнүп алыптыр. «Детский мирге» пианино түшсө түшөр, бирок арзан болушу мүмкүн эмес». Ушинтип ойлогонуму айтпадым, ээрчишип «Детский мирге» жетип бардык. Узуну бир метрдей, бийиктиги 70–80 сантиметрдей, клавишаларын басса овонго келген оюнчук пианио экен. Кызыма боорум ооруп кетти. Музыкага «кызыгымыш» болгонун качан таштайт деп жүрүп картаябызбы, таштамактан таштасын, шагын сындырбай пианино бар-жогун билгени Сабира менен ээрчишип музыкалык аспаптар саткан «Мелодия» дегенге барсак, дүкөн толтура пианино, жаңы эле түшүптүр. Жакшылыктын жышаанына жоруп, сүйүнүп кеттик. Күрөнкөев атындагы окуу жайда клавишалуу музыкалык аспаптарды күүгө келтирген (настройщик) еврей карыя иштечү, ошого бардык. «Запорожец» машинесине Сабира экөөбүздү салып алып, «Мелодияга» келгенде пианинолорду көрөрү менен алаканын жышып, «Это же чудо! Замечательные пианино! Вам повезло!» – деп, кайсы бирлерин ыракаттана тыңкылдатып да жиберди, бирөөнү машинесине жүктөтүп, биздикине жеткизди. Эринбей күүгө келтирип отуруп, пианиного улам-улам суктанганына жетине албай ыраазы болгон элек. Шубин мектеби жети жыл окутат экен. Гүлмира аны бүтүп, Күрөнкөев атындагы музыкалык окуу жайга өтүп алды. 8-класстан баштап кызыбыз № 9-мектеп менен музыкалык окуу жайдын ортосунда чуркап кыйналса да, кыйналдым дебегенине кайыл боло албадым. Музыкалык окуу жайга барып, мектеп программасындагы сабактар анда да окутуларын билдим. Гүлмираны мектептен чыгарып, бир гана Күрөнкөевде окутуп санаабыз тынды. Баса, тукумубузда музыкага шыктуу адам жок дегенде, Сабира тарапты эске албапмын. Гүлмиранын таятасы Турсункул комуз чертчү, ыр жандуу адам эле. Таякеси Култай үнү абдан уккулуктуу, ырдаганын жыргап угабыз. Энеси Сабира мандалин чертчү тызылдатып. Кызыбыздын музыкага кызыгуусу, мүмкүн, ошояктан келгендир? Күрөнкөев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүп, мектепте музыка мугалими болуп иштеди. Кичинесинен эңсеген максатына жеткенсип, ошого эле каниет кылып жүргөн кезинде өзү бүткөн искусство институту кызматка чакырыптыр. «Эмне кылайын?» – дегенинен мен: «Өзүң бил», – дедим. Андан бери отуз жылга чукул убакыт өттү. Гүлмира институтта мугалим, 2004-жылдан бери фортепиано кафедрасын жетектейт, музыка факультетинин да деканы, сабак да берет. Эгемендүүлүк жылдарында музыкалык чыгармалардын ноталуу окуу китептери Кыргызстандын көп мектептеринде жок болуп кетиптир. Гүлмира төрт окуу китеп түзүп, менин гонорарымын эсебинен чыгарып, бекер таратты. Азыр Искусство институту университет статусунда. Кызыбыз «музыкальный педагог болом» деген тилегине жетти. Ага кубанабыз. Ошондо да ымыркайынан ушу кесипти тандаганына эмгиче таң калам.
Молдокем Гүлмиранын Искусство институтуна музыка мугалими болуп орношконуна жетине албай ыр жазды эле. Кийинки иштерин көрбөй көзү өтүп кеткенине ичибиз күйүп баратканыбыз эсимде. Кырктын курагында молдокем эки ирет инфарктка чалдыгып, догдурдан дарыланбай жүрөгүн айыктырып алганы акылга сыйбас табышмактыр. Эч кандай табышмак жок мында. Жөө басып, басканда да тез басып жүрүп, ден соолугун чыңдап алганында шегим жок.
Колубузда сом болбогону менен молдокемин зыйнаты кем-карчы жок, пейилине жараша берекелүү өттү. Эл көп келди. Элдин көптүгү бизге кайрат, дем берди.
Молдокемин жүрүм-турумунда кызык көп болгон. Аны уккандар, билгендер эстеген сайын айтып калат, мени да айттырышат. Бир-экөөнү эстейин.
Бая бир жылы жоро-жолдоштор биздикинде жакшылыкка чогулуп, дуулдап отурсак, түнкү саат ондор чамасында молдокем эки сетка толтура «Советское шампанскоени» шагырата көтөрүп кирип келди.
– Оо, молдоке, келиңиз! – отургандар дабыр-дубур тура калышты.
Тамашалуу көңүл көтөргөн сөздөр айтылды:
– Биздин мында экенибизди билип, шампаныңызды көтөрө келгениңизге ыракмат, молдоке!
– Аралаштырбай эртең баш жазалы.
– Азыр эле ичип баштасак кантет, молдоке?
– Мейли. Мага төрт бөтөлкөсү калса болду. Эртең менен эрте Тоңго кетем, – деди молдокем.
– Эки-үч күн эс алып, театр көрүп шашпай кетиңиз, – деп бажакташты эле, молдокем:
– Эртең кечинде үйгө конок келет, чакырып койгом. Коногумун бирөө шампандан башка ичпейт дегенинен Кажы-Сайга барсам, анда шампан жок экен. Фрунзеге автобус кеткен атыптыр, Балыкчыдан алайын деп, Балыкчыга келсем, аякта да жок. Мынча болду Быстровка же Токмокто бардыр десем, аларда да жок. Мына эмесе деп, Фрунзеге жөнөсөм, мен жеткенче дүкөндөр жабылып калыптыр. Кудай жалгап, ресторан ачык экен, андагы калган-каткан шампанын бүт алып баса бердим, – деп жоро-жолдошторуму күлдүргөн эле.
Молдокем эртеси таң атпай Тоңго кетти.
Кийин Молдокемен:
– Баягыда коногуңу жакшы узаттыңбы? Шампаның жеттиби? – деп тамаша аралаштырсам, молдокем күлүп:
– Адегенде шампандан баштап, кызый-кызый баарына өтүп кеткен неме экен коногум, – деген.
Молдокемин дагы бир кызыгы. Карындаштарым Зарипа, Эркингүл Ош шаарында жашап, Ошто иштешчү. Акмат молдокем алардыкына деле каалаган күнү самолет менен учуп барып, учуп келип калчу. Кээде айтып кетсе, кээде айтпай эле кетчү. Ага көнгөнбүз.
Бир саам молдокем Тоңдон куржун көтөрүп келди.
– Бу эмнең? – десем, молдокем:
– Эт. Оштогу кыздарга барып келейин дедим, – деген.
– Куржунуң оор го? – дедим.
– Мен көтөрмөк белем, самолет көтөрөт да, – деген молдокем.
– Жолуңа акчаң жетеби?
– Жетет. Акча бергиң келип турабы? – деп тамашалаган.
Молдокемин Ошко барып-келер жолуна, дагы аны-мунусуна тыйын-терсек бердим да, коштошуп чыгармачыл «Арашан» үйүндө жаш драматургдардын үч жумалык семинарын өткөрмөкмүн, ошого жөнөп кеттим.
Аламүдүн дайрасынын жогору жактагы жээгине өткөн ХХ кылымдын 70-жылдарында болсо керек, СССР адабий фонду жазуучуларга эки кабат «Арашан» чыгармачыл үйүн курдуруп берген. Прозаиктер, драматургдар, акындар, адабиятчы-сынчылар бирден бөлмөнү ээлеп, чыгарма жазып, эртели-кеч дайранын күр-шарына кумарлана суу бойлоп басчу жай ал. Кагаз чиймелебей жөн гана бой сергите бильярд атып, анегдот айтышып күн өткөрсө деле ар кимдин өз эрки. Секидеги айылдын илгерки Арашан аты кезинде унуткарылып, андагы совхозду жетектеген Социалисттик эмгектин Баатыры Стрельникованын ысмынан «Стрельниково» аталып калган. «Перестройка» заманында элдин, жазуучулардын талабы менен кайрадан өз атына ээ болгон.
Жаш драматургдардын «Арашандагы» семинарын жаңы эле баштаганыбызда эки-үч күн өтпөй Кыргыз өкмөт башчысынын орун басары Жамал Чойбековна Ташыбекова кеңешме өткөрөт, келе кал дешкенинен шаарга түштүм.
Ж. Ч. Ташыбекованын кабинети Ак үйдө экен. Кеңешме кечки алтылар ченде башталып, түн киргенде бүткөн. Катышкандардан эсимде калгандар Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов, дагы жети-сегиздейибиз чакырылыппыз. Ташыбекованын кириш сөзү адамдын туулгандан көзү өткөнгө чейинки өмүрүндөгү кыргыздын улуттук ырым-жырымдары, ырасми-салттарын китеп кылып чыгаруу зарылчылыгына арналды. Демилгени кызуу кубаттадык. Баланын төрөлгөнү, жентек, бешикке салуу, кыркын чыгаруу, тушоо кесүү, эркек баланы сүннөткө отургузуу, кызга сөйкө салуу, кыз узатуу, үйлөнүү, келин отко киргизүү, кызды төркүлөтүүдөн тарта дүйнөдөн көзү өткөн маркумдун зыйнаты сыяктуу салттарды отургандар биринен сала бири эскерип, бирибизди бирибиз толуктап дегендей дуулдап атсак, академик жердеш агам Азиз Салиев кечигип келгенине кечирим сурады да, отура элек жатып, «ырым-жырым, ырасми-салт» дегендерди кулагы чалар замат жиреп кирди:
– Туугандар, туулгандан өлгөнгө чейинки ырым-жырым, ырасми-салт дегенди тегиз жазып даярдап, район, облустарга тараттык. Баарына жакты. Мындай китепти грузиндер, литвалыктар, атүгүл казактар да эбак эле чыгарып коюптур. Ошолордун салтын пайдаланып, китепке коштук. Маселен, литвалыктар өлүктү бизге окшоп үйдөн чыгарбай көрүстөнгө жакын курулган пантеондон чыгарып көмөт экен. Бизге ошо жакты, биз деле өлүктү үйдөн эмес, литвалыктардай пантеондон чыгаралы деген сунуш жаздык дегенин туура көрбөй тилим кычышып кетти:
– Байке, кыргыз кыргызча эле туулуп, кыргызча өлгөн, – дей салдым.
– Сөздү бузбай тим отур. – Азиз байкем мени тыйды. Сөзүн чын эле бузуп койгон окшойм, багытынан жаңылып, чаташып калгансыды:
– Дагы… киши өлгөндө өкүргөн туура эмес. Ал доор өттү. Жакында бирөөлөр арызданып келди: «Аскерден балабыз келген, той бергени камынып атсак, кошунабыз өлүптүр, өкүрүп тоюбузду бузду деп капаланды», – деди Азиз байкем.
Бу саам да унчукпай тура албай:
– Байке, тойду башка күнгө жылдырса болот, өлүмдү кантип жылдырат, – десем, Азиз байке:
– Бексултан, сен эмне эле мага асылып калдың?! – деп кабарды.
Улуттук салт-санааны кенен камтып, маңызын ачкан, кызыктуу баяндаган китеп жарык көрсө, турмушка каныга элек жаштарыбыз үчүн гана эмес, жалпы журтка баалуу болмок. Тилекке каршы, эмнегедир кийин чогулган жокпуз. Бул тема экинчи козголбоду, өзүнөн өзү эле унутулуп калгандай болду.
Ташыбековадагы кеңешме кеч таркады. «Арашанга» бармак кайда түн катып, үйгө кайрылдым. Каалганы ачканымда эле молдокемдикиндей үн угулду. Ошто жүрсө, ушунчалык окшош үндүү ким дегендей аң-таң боло түшүп, үйгө кирсем, молдокем күпүлдөтө үн чыгарып «Манас» окуп отуруптур.
– Ошко барган жоксуңбу? – дедим түшүнүгүм жетпей.
– Келип калдым, – деди молдокем.
– Кыздарың кууп жибердиби? – деп тамашага бургум келди.
– Куугандан да өткөн кызыкка туш болдум, – молдокем табышмактата күнөөлүүдөй күлгөнсүдү.
– И?.. – Молдокем «жөн жүрчү эмес» эле, дагы эмнеге кабылды экен деп кызыктым.
– Сен менен коштошкондун эртеси түшкө жетпей учканбыз. Самолет Ошко конбой кайта келиптир. Мен аны билбейм, – деди молдокем. – Самолеттон чыгарыбыз менен автобуска салды. Жанымда отургандан: «Келдикпи?» – десем, «Келдик», – деди. Ошко келген экенбиз деп, таксиге түшүп, «Нике үйүнө» айдаттым. «Анын төртүнчү кабатында кызым Зарипа жашайт. Күйөөсү фотокабарчы Асан Кадыркулов, тааныйсыңбы?» – десем, таксист тааныбайт окшойт, ийнин куушуруп койду. Баарынан да аэропортун Фрунзеникине дал өзүндөй окшоштуруп салгандарына: «Бали, азамат оштуктар!» – деп ыраазы болгонумчу! Фрунзедеги жаңы автовокзалды да Оштуку деп кубанганымы айтпа! Фрунзедеги «Нике үйү» Оштогудан айырмасы жок тура, такси короосуна түшүрүп кетти. Куржунуму сүйрөп, төртүнчү кабаттагы 24-эшикти чырылдатсам, орус катын ачты. «Кадыркулов Асан живет?» – десем, орус катын бирдеме-бирдемени кулдурап, эшигин жаап алды. Кабагы ачылбаган неме экен. Кайра чырылдаттым. Орус катын эшик ачканда: «Зарипа живет?» – дедим. Орус катын мени көргөндө эле каалгасын тарс жапты. Кыз-күйөөм жаңы квартирага көчүп кетсе керек, Эркингүлгө барайын деп, такси менен автостанцияга бардым. Үйү ошоякта болчу. Фрунзедеги эски автостанция Оштукуна окшош экенин кайдан билипмин? Эркингүлдүн үйүндөй үй көрүнбөйт. Автостанциянын жанында суу акпаган Аламүдүн сайын Ак-Буура деп ойлопмун: «Оо, кокуйгүн оштуктар Ак-Буурасын какшытып салган тура!» – деп кейидим. Таксини кетирбей күттүрүп койгом. Эркингүлдүн үйүн таба албасыма көзүм жетип, аргам кетти. Орус катындын заарынан корксом да тобокел деп, кайра «Нике үйүнө» барып, баягы төртүнчү кабаттагы 24-квартиранын коңгуроосун бастым. Кепке келээр башка бирөө эшик ачса экен деп, кудайдан тилеп турсам, жанагы эле орус катын «ба-а!» деп бакырып алып, талып жыгылды. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Өлүп калса, доосуна кабылат экем деп, бутум үзүлөрүнө карабай көчөгө атып чыктым. Таксист жакшы бала экен, канча күт десем, ошончо күттү. Эркингүлдүн үйүн таап калгым бардыр деген үмүттө автостанцияга дагы бардык. Айла түгөнгөндө темселейт экен да адам кургур. Ак-Буура жанагысындай эле какшып жатат. Эркингүлдүн үйүн тапкыдай эмесмин. Кеч кирип кетти. Таксиге келип отурганымда, шопур бала: «Аксакал, гостиницага алпарайын, жатып эс алып, кыздарыңызды эртең издебейсизби», – деди. Туура көрдүм. «Кыргызстан» мейманканасынын үчүнчү кабатына орноштум. Ат-башылык агрономмун деген бир жигит жаткан экен, анча-мынча жай сурашкан соң: «Ошко келип алып, эртеден бери кыздарымы таппай акмагым чыкты», – десем, мени олурая бир карап коюп, тетири бурулуп жатып алды. «Бул Ош эмес, Фрунзеде жүрөсүз» – десе эмне чунак бала. Эсиме жара чыгып, драмтеатрды ойлобопмун да. Анда сенин пьесаларыңы коюп жүргөн Искендерге жолуксам, кыздардын дайнын айтып берет деп, мейманканада уктап ойгонгондун эртеси театрга бардым. «Искендер Рыскуловду чакырып бересиңерби?» – десем, «Ал Ошто», – деди эшик кайтарган келин. «Мен Ошто жүрбөймүнбү», – десем, куржунуму карап коюп, мени акылынан айныган кайырчы дедиби, ар жакта отурган аял менен сүйлөшүмүш болуп калды. Куржунуму сүйрөп, «Нике үйүнө» дагы бир жолу барып көрөйүн деп, жөө баратсам, алдыман олбурлуу жигит жолукту. Учурашып токтоттум: «Айланайын, эки күндөн бери кыздарымы таппай куурадым…» Асан Кадыркуловду билер-билбесин сурайын дегенимче болбой: «Кайдан келдиңиз эле?» – деди. «Тоңдун Бөкөнбаевинен», – десем, «Бексултан Жакиевди тааныйсызбы?» – дейт. «Тааныйсыңбы дейт тура, ал менин уулум!» – дедим. «Сабира келиниңиз экен да?» – деди. «Ооба, келиним. Аны кайдан билесиң?» – десем, «Сабира экөөбүз университетти бирге окуп бүткөнбүз. Атым Жуматай», – деди. Кубанганыман ыйлап ийе жаздадым: «Садагаң кетейин! Кудайым өзүңү мага жибериптир! Оштогу эки кызымын бирин болбосо бирин таанырсың, аттарын айтайын, таап берегөр», – деп жалбарып жибердим. «Ошто жүргөндөй сүйлөйсүз да?» – деди тиги. «Ошто жүрбөгөндө, кайда жүрүпмүн!» – десем, «Сабираны чакырайынбы?» – дейт берки. «Ошко чакырып, кутуруп кетипсиңби?» – дедим. «Азыр. Жакын эле жерде иштейт», – деп Жуматай автоматтан телефон чалды. «Сабира, атаңарды жоготуп уялбайсыңарбы…» – деди. «Ошто эмей эле Фрунзеде адашып жүрөт атаңар… Панфилов паркынын Фрунзе көчөсү жактагы бурчуна келе кал», – деди. Эмне дээрими билбей, алдам оозуман түшүп туруп калдым. Аңгыча шашып-бушуп Сабира келатат. Адашканымы ошондо гана билдим. Эстен танып, жыгыла жаздап оңолдум. Картайганымы түшүндүм. Сабира кучактап алып: «Куураган турбайсыңбы!» – деп ыйлап ийди. Мен да ыйладым» дегендерин баштан аяк угуп отуруп, бирде үрөйүм учса, бирде аргасыз күлдүм.
– Ошко эмес, Омскиге апарып таштаса кантмексиң?! – дегенге гана жарадым. Башка сөз айта албадым. Ылайыктуу сөз таппадым. Молдокеме жаным ачып аядымбы аны, жоголуп кетиши деле мүмкүн тура деген сезимден улам жүрөгүм үшүп корктумбу, же өзүбүздү күнөөлөдүмбү? Билбейм. Кандай болгондо да молдокемин адамды эриктирбеген сөзмөрлүгү, бала кыял «тамашалуу» жорук-жосундары бирөөлөрдүн күлкүсүн келтирсе келтирээр, бирок эч кимди кайдыгер калтырчу эмес.
Дүйнөдөн өтөрүнөн он чакты жыл мурда молдокемин шейшеби экинчи ирет бекиди. Догдурга көрүнгөндөн тартынганбы, шаарга келбей айылда дарыгерсинген кемпирдин кайнатып берген чөбүн бир ай ичип, айыкпай эле күчөтүп алып, жаны көзүнө көрүнгөндө тууганыбыз жеткирип келди. Өңү кара-көк тартып, кебетеси өтө начар. Тили оозуна батпай калыптыр. Дем ала албай энтигет.
– Э, катыгүн молдоке, мурдараак эле келбейсиңби! – десем, сүйлөөр дарманы жок, «жатайынчы» дегендей ишаарат кылгансыды.
Эртеси урология боюнча ооруканага жеткирдик. Догдурлардын жардамы эсине келтирди. Дарыгерсинген кемпирдин чөбүнөн өлүп-тирилгенин көңүлү ачылган эле күнү көбүртө-жабырта айтып, палатасындагыларды күлдүрүп отурганы молдокемин ооруга моюн сунбаган демейдеги кайраттуулугу.
Таластын Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) районундагы Бейшеке колхозунун башкармасы, бажам Абданбек Камчыбеков экөөбүз бир тууган боордоштордой ынак элек, Фрунзеге командировкага келип калган экен, молдокеме бардык. Абданбек адамгерчилиги жанга жагымдуу, күндүр-түндүр ишти оюнан чыгарбаган жоопкерчиликтүү жетекчи эле. Анын тушунда колхоздун чарбасы көтөрүлүп, бир чабаны Социалисттик эмгектин Баатыры, комсомолдук бригадасы СССР комсомол сыйлыгынын лауреатына татыктуу болгон.
Молдокеми коридордун сыртына чакыртып алдык. «Акылдуу бажаң бар» – деп, Абданбекти жактырчу. Экөө жагымдуу күлүңдөшүп, ал-жай сурашкан соң, молдокем мага:
– Операция жасап, бөтөлкө байлайм дейт догдуруң. Байлабасын, айт! Уялбай эл чогулган жерге барып, каңырсып отурган чалдарга окшогондон көрө өлгөнүм артык. Бөтөлкө байлабай сойгон колуңан келбесе, ордуман тургузбай жайлап сал дедим догдурга. Байлабасын! – деп опурулду.
Урология тармагын жетектеген доцент Абдылдаев Ормокеге бардым, молдокемин опурулганын айтсам, ал: «Абышкага мурда да операция жасалыптыр. Табарсыгынын объему кичине азыр, бөтөлкө байлабаса болбойт. Атаңызга түшүндүрүп айтыңыз», – деди Абдылдаев.
Коридордун сыртында турган Абданбек менен молдокеме келип, доценттин айтканын түшүндүрөйүн десем, молдокем халатынын чөнтөгүнөн жалаңдаган курч макисин алып чыкты. Макинин жаагын ачып: «Бөтөлкө байласа, макини жүрөгүмө малып алам да, бурап коём», – деди. Абданбек каткырып жиберди: «Ой, молдоке, оой! Кайратыңызга баракелде!» – деди суктангандай.
Абдылдаевге кайра бардым, атабыз ушинтип атат десем, ал саал ойлоно калгансыды да: «Мурда разинкеден плавка сыяктанган бирдеме чыгарчу, ошону издеп көргүлө», – деди. «Каяктан издейм?» – десем, «Аптекаларда сатчу, болуп калгысы бардыр», – деди. Эки күн шаардагы аптеканын баарын кыдырдым. Акыры түңүлгөндө көп байкала бербеген кичинекей бир аптекага кирсем, экөө бар экен. Экөөн бирдей сатып алдым. Молдокеме апарып: «Ушуну байкап көрчү. Бөтөлкөдөгүдөй жыт чыкпайт дейт муну», – дедим. Кийип көрүп келди да: «Ии, бу жарайт», – деди молдокем.
Операциядан кийин үч-төрт айча убакыт өтсө керек эле, молдокемен: «Плавкаң кандай, аман-сообу аның?» – десем, молдокем: «Ыргытып ийгем», – деди. «Ал эмнең, араң таппадык беле?!» – десем, «Ансыз эле өзүн иштетип алгам», – деп күлөт. «Кантип?» – деп аң-таң болдум. «Аракет кыла берсем, көнгөн изин табаар дегем, тапты» дегени мени ого бетер таңыркаткан. «Беркисин сактап жүр, дагы керек болуп калса…» – деп бышыксындым эле, молдокем: «Аны бир теңтушума бердим», – деди.
Молдокемин эзели көмөчүнө күл тартпаган сапатына ичимен ыраазы болдум. Мен билгенден Абийир атаман берки бүт тукумубуз ушундайбыз. Аны билгендер бар, билбегендер бар. Билсе да, билмексенге салып көрө албагандар да аз эмес. Ага жан кейитип кереги жок. Турмуш ушундай.
Абданбек бажам молдокемин кыял-жоругуна, сүйлөгөн сөзүнө абдан кумарланчу: «Өлүмдөн коркпогон, кыйналбай өмүр сүргөндү эңсеген адам жалгыз молдоке болсо керек» – деп каткырып калчу. Абданбектин тамаша аралаш бул сөзүндө чындык бар эле. Акмат молдокемин өлүмгө бел байлап, тамак ичпей жатып о дүйнө сапарга узап кеткени буга далил деген ойдомун.
Ошентип 1993-жылы май айында Акмат молдокеми ээсине бердик. Апам аймагыбызда белгилүү кошокчу. Сынган жамбашы ооругандыр, кантип оорубасын! Ооруса да сыр билгизбеди, калың салынган төшөккө кыңайыбыраак отуруп, абышкасынын жакшылыгын сыпаттаган кошогунан жазбай элди ыраазы кылды. Ал эми молдокеми арыстанга теңеп, сырттаным деп кошконуна маани бергендер болгон деле эмес. Андай апыртма айтыла берет кошокто, ага көнгөн элбиз.
Карда тайгаланып жыгылганда, врачтар соёбуз десе, апам: «Кызылала болбой жөн өлөйүн», – деп көнбөгөнү туура болуптур. Илгери биз бала чакта буту-колдун сынганын, чыкканын кадимкидей ордуна салып оңдогон күн чыгыштык Бейшебай тирүү болгондо, апамы көрсөтөт элек деп кейисем, анын уулу Жакыпбек, атасындай болбосо да анча-мынча түздөй коюп жүргөнсүйт дешти. Молдокемин жетилигинен кийин Жакыпбекти таап келип, апамы көрсөтсөк: «Жамбашынан жараңка кетиптир, бирок ордунан козголгон эмес, кашка жилиги соо деп, бизди сүйүнттү. Күч келтирбей акырын отуруп-туруп, кичинеден басып көнүгүңүз», – деди Жакыпбек апама. «Койдун куйрук майын, табылса аюунун майын сүйкөңүз» – деди апама Жакыпбек.
Жамбашы сынгандар турбай жатып калат дешчү. Апамын ошондой күнгө туш болорун ойлоп, санааркап жүргөм. Жакыпбектин айтканы менен болдук.
Ырысыбыз тоодой экен, апам туягына туруп кетти. Сыныгын тынбай «эрмектегени» эбепке себеп болгонунда шегим жок.
(Уландысы бар)