Жаап кирди кар дагы
Карай калсаң карек карыгар,
көзүң жеткен жердин баары кар.
Тынбай чуркайт ызгаар ышкырып,
тешик таппай жылып, жашынар.
Баса жааган кардын кечтеги,
бар бейм көктө калып кеткени,
кичик, майда көпөлөктөрдөй
келишүүдө кечиккендери…
Каман жалдуу тору аргымак,
карап турат: –Жем! – деп жалдырап.
Нанүштөдөн бери кар күрөп,
нандай болуп бетим албырат.
Чыйырды кууп чубап кой батпай,
чабан келет жайык жол таппай.
Какайышып турат теректер,
генералын көргөн солдаттай.
Жетпечүдөй жерде жатканы,
жаап кирди шашып кар дагы.
…Келбечүдөй кайтып жаз кайра,
көрбөстөйсүң эми кайра аны.
Каргалар
Кыйырды кучактап жатса кар,
кара суук, ызгаарды тоготпой,
чаржайыт жүрүшкөн каргалар,
чачылган капкара нокоттой.
Күрөшкө түшүүчү балбандай,
кайкалайт бирөөсү бериде.
…Көргөндө карганы ар кандай,
келет тээ бабамдар эсиме,
түшөт тээ замандар эсиме.
Кеп болбой чыкыроон, кара суук,
кезип жер-асмандын арасын,
каргалар үч жүз жыл жашашып,
көргөндүр бабамдын бабасын?
Сүйүнөм силерге жолуксам,
соболум бар менин, келгиле.
Бабамдар кандай жан болушкан,
билсеңер божурап бергиле?
Качканбы ташташып кыштакты,
кыпчакты Кудаяр хан чапканда?
Обдулуп алдыга чыкканбы,
орустар Коконду басканда?
Айдалган нечөөсү Шиберге?
Асылган, атылган канчасы?
Келгиндер бастырып кирерде,
ким болгон качканы, сатканы?
Кош айдап, мал багып жайлаган
кыштоосу, жаздоосу кайда эле?..
Өзбек, сарт, казак деп жайнаган,
өлкө, улут ал кезде бар беле?
…Жарыкка үч жүз жыл илгери
жаралган каргалар суктантып,
жаратым козголуп ичтеги,
жай келем маанайым суз тартып.
Түшүнбөйт же менин тилиме,
түшүнсө дагы айтпай жалтактап,
каргалар сүйлөйт бир-бирине:
– Кар-рк! Карк! Кхар-рк! Кгарк!
Кечки учуу
Мүмкүндүгүм болчу күндүз кетишке,
минтип учуп жатам эми кечинде.
Сагыныпмын, кыйбай койдум көөнө Ошту,
сан адамды – жүргөн ойдо, эсимде.
Анда бар дос, тааныштарым көптөгөн, –
айрымдарын шарт жок жылдап көрбөгөм…
Ак-Буураны жээктеп ширин сырдаштык,
аския, азил айтылды эстен кетпеген.
Ачуу-ачуу көк чай ичип, анан да
аш демдетип жедик чайканаларда.
Ошту самап келген элем Бишкектен,
Ошто болсо Бишкек жүрдү санаамда.
Самолетто алам жарымды, үйдү эске,
Сулайман-Тоо бураң этти бул кезде.
Жүрөгүмдүн Ошто турса жарымы,
жүрөгүмдүн турат теңи Бишкекте…
«Бур-р» – дейт бугум жазылбаган, жазылган.
«Бур-р» – дейт жыты коондун достор салышкан.
Кыргызстандын жылдыз тунган асманы…
Көз кысышат жылдыздар жан-жагымдан…
Өмүр аялдамасы
Араба – бул өмүр тынч алгыс,
адамдар , биз – жолоочуларбыз.
Бирөө эрте баштап сапарын,
бирибиз саал кечте чыгабыз.
Барат бирөө кыйла алыска,
бирөө калат түшүп жашында.
Толгон жан бар жалган дүйнөнүн
токтоо билбес арабасында.
Калса бирөө, башка кошулат,
кеми болбой, толуп отурат.
Билбейт эч ким – түшөт ким кайдан!?
Бир келебиз шашып топурап.
Жок башаты менен аягы,
жолунда көп бакыт, азабы.
Бирөө түшсө, чыгат башкалар –
бүтпөйт өмүр аялдамасы…
Ата
Калтырбай жер жайнаган төрт түлүктү,
калтырбай алтын, акча, зер, күмүштү,
Мекенди калтырдыңыз мурастап сиз
Мураска калтырдыңыз жерди, күндү.
Асманды, ак шоола айды калтырдыңыз,
Ашыкча жыйбагансыз байлыкты сиз.
– Кудайдан коркуп жашап, бек тутун! – деп,
Куранды, ислам динин тапшырдыңыз.
Албуут көл, сууну-ташты жарып чыккан,
анан от калтырдыңыз жанып турган.
Мекеним, күн, суу, отум бар болгон соң,
мага өзү керекпи ашкан бакыт мындан?!
Аманат – бардыгы сиз калтыргандын,
ардактап пайдаланып баарын анын,
мурастап ата, кези келсе сиздей –
мен дагы балдарыма тапшырамын…
Тилектердин изгисин тилегиле
Жолдогулар үйүнө эсен жетсин,
жолу ачылсын: –Үйлөнөм! – дегендердин.
Алыс кылсын көчкү, сел, зилзаладан,
амандыгын тилейли Мекен, жердин.
– Уйкубуз тынч болсун! – деп тилегиле.
– Урмат, дөөлөт консун! – деп тилегиле.
– Кар көп жаасын, кечикпей келип көктөм,
кырман данга толсун! – деп тилегиле.
Тилегиле: – Жоолашкан кечирсин! – деп,
– Табышалек кишилер кезиксин! – деп.
Кыз балдарга бак айтсын барган жерден!
Көрлөр көрүп, дүлөйлөр эшитсин! – деп.
Жеткирет дейт периште кулагына, –
Жараткандан ырыскы сурагыла.
Жетимдердин акысын жебегиле,
жесирлердин калгыла дубасына.
Туура түшөт тагдырың ниетиңе,
тилектердин изгисин тилегиле,
– Кабыл болсун баарыңдын тилегиң! – деп,
каалайм, тилейм мен дагы бүт элиме.