Жарды күндөр калды жолун таба албай
Бөз көйнөкчөн учур кандай жакшы эле,
Аппак жүрөк, акак ойлор бийлеген.
Пастык менен текебердик дегенге
Таза дүйнө жем болорун билбеген.
Бийик эле аруулук да, ариет,
Жука кезде жонубузда кийимибиз.
Бөксө толду, көкөлөдүк, а бирок
Бага албадык көңүл деген үйдү биз.
Көр дүйнөгө, кур сөөлөткө тең кылып,
Түштү ниет пендечилик кишенге.
Нысабы кем ушул кымгуут дүйнөнүн,
Бийик болуу деген менен иши эмне.
Күп түштү да күндү уялткан күлкүлөр,
Жарты болду пейил отун жага албай.
Асыл ташка, ак жибекке оронгон
Жарды күндөр калды жолун таба албай…
Жакшысы , жаманы ким?
Сөгүлөт мынча көңүл…
Көкүрөк бопбош. Уксаң…
Салбырап турат өмүр
Жадаган окшоштуктан.
Үмүттү шаты кылган
Ишеним бүтүп жатат.
Бозала болгон күндөр
Иңирди күтүп жатат.
Оң-тетир ойлор каңгыйт,
Каалгыйт кайдигерлик.
Ындыны өчкөн дымак
Жокту да, барды жерийт.
Тап берет табын сезбей
Түтөөрүң. Кабагы – түн.
Будуң-чаң заман болду,
Жакшысы, жаманы ким?
Аккан дүйнө
Билбейм чыны, эргүү качан түгөнөт,
Күндө жаңы көкүрөккө гүл өнөт.
Бул жашоонун уңгусуна зак кетсе,
Ошондо жан чыдай албай бир өлөт.
Максат чеги барбы деги билбеймин.
Жетет ага умтулса жан – билээрим.
Өздөн чыккан өрт торосо жолуңду,
Ошол кезде келери чын бир өлүм.
Мен билбеймин өмүр качан түгөнөт.
Балдар өсүп, дос-тууганың сүйөнөт.
Ошолордун бири наркты тепсесе,
Бу курган жан ошо кезде бир өлөт.
Ачуусуна, таттуусуна ийленип,
Жылат өмүр бир сүйүнүп, бир кейип.
Барың деле, жогуң деле окшоштой,
Агат дүйнө бирде толуп, бир кемип.
Алсызмын азыр күздүн көзүндө мен
Чыйрыктырып тулкусун кечки күздүн,
Чыргоолонот капкачан оңгон сезим.
Көкүрөктүн үлпүлдөк деми кайтып,
Күздөй мен да эскирип турган кезим.
Телмирет жайдак калган мырза терек,
Баарынан чарчап турган жамалыма.
Боштукту көңүлдөгү толтурчудай,
Жабышат жалбырактар таманыма.
Табият өзгөрдүбү-жокпу? Билбейм.
Мага азыр баары салкын көрүнүүдө.
Өмүрдү кайруу кыйын. Кетти сиңип,
Жалын кез топ жылдардын өрүмүнө.
Күз кайдан эми сезим күүсүн чертсин,
Тил кайдан бүтсүн эми бариктерге.
Көктөгөн күндөр кайтты базарынан,
Өкүнүч, кайдыгерлик калып менде.
Күз – сүйүү. Күйгөн көздөр. Ойноок калем
Жок азыр. Кетти зуулап өмүр менен.
Из калды-калбадыбы? Жоопсуз суроо.
Алсызмын азыр күздүн көзүндө мен.
Түстүү күз
Сары, кызыл, буруу түс
Быйыл мынча сулуу күз!
Бариктерге баркыттай,
Суктандык ээ, быйыл биз.
Күрөң ала, апарман,
Түстөр чыгат катардан.
Бак жылаңач. Түптөрү
Ала кийиздей жасалган.
Кудум чоктой албырат,
Көчө толгон жалбырак
Өң алышса Күн менен,
Кудум алтын жаркырап.
Күз көшүлөт, күн күлөт.
Орундалды миң тилек.
Далай жигит жанашты
Сулууларга үлбүрөк.
Токто, мезгил!
Токто мезгил! Оңдой турган ката көп,
Далай ырдын кабыргасы ката элек.
Далай чыйыр салынбаган тейинде,
Бийиктик көп алигиче аша элек.
Иргегиче агы менен карасын,
Зуулдап кайда мени алып барасың.
Калем али каалаганын жаза элек.
Коё турчу, Музаларым жашасын!
Коё турчу, шаштыны албай утуру,
Мезгил сага келбейт такыр утулгум.
Ансыз деле амалымды кетирдиң,
Көп ишимдин таппай жатам учугун.
…Тездигиңе тегереткен ааламды,
Теңеле албай талып турат канатым.
Алсыратып койдуң дейли, а бирок
Айтчы мезгил, андан эмне табасың?
Биздин көчө
Жамгыр жууп жатат биздин көчөнү.
Кол чатырлар каршы-терши жүгүрөт.
Эл катары шашкан болом мен деле
Колумдагы чатырымды жүрүлөп.
Эсим болсо миң ойлорду сапырат,
Арзуу менен арман жыттуу көчөдө.
Тагдыр бизди чачыратып жиберген
Анда дагы дал жамгырлуу кеч эле.
Сырдуу, сындуу, бирок эбак жешилген
Биздин көчө… Асман түгөл сөгүлөт.
Качанкы бир ширин учур сагынтып,
Мен жамгырга, жамгыр мага өрүлөт.
Жамгырлуу кеч, жаштык, анан нак сүйүү…
Ошол болчу бактыбыздын өзөгү.
Аяганды, барктаганды биле албай,
Сен экөөбүз чоочун болгон кез эми.
Сагындырган ушул жак
Ары-бери өтүп жатат адамдар,
Терезеден карап коём утурлап.
Сени менен, же жалгыздап илгери,
Көп каттаган, сагындырган ушул жак.
Күзөтчүсү сымал жаштык кезеңдин,
Калдым минтип ушул жерди байырлап.
Көчө жатат эстеликтей эзелки,
А жашыл бак эскерүүнү жай ыргап.
Тээ алыста үрүл-бүрүл бир караан,
Кетип барат мейкиндикти кубалап.
Айнек тосуп, мезгил тосуп ортону,
Көз карыгып, акыл кошо тунарат.
Билсем деле кайтпас сапар экенин,
Азып-тосуп, атаганат, көп күттүм.
Кечире албай муздап жүрөм дагы эле,
Бул өмүрдө таалайымдан өксүттүң.
Кайтып келүү
Адамдар тынымы жок аккан жолдо,
Көкүрөк бир караанды бүшүркөдү.
Чыныбы-жалганыбы… илкийт кадам.
Жүдөтөт курган жүрөк дүкүлдөгү.
Келатат кенен-кенен арыш менен
Күрмөсүн канатындай жайып алган.
Энтигип терисине батпайт деми,
Көзүнө куса отун жагып алган.
…Кечилдей муздак жандын бир кездеги,
Калдым деп ойлобопмун эсинде мен.
Сапарды улап жалгыз келе жаткам,
Сезимди жолдош кылып эскирбеген.
Бейтааныш жерде жолдор кесилишти,
Бүчүмдү кармалаймын чечилбеген…
Бүт мунарык!
Сен тарапта түбөлүктүү жымжырттык.
Бүт мунарык! Көздөн жашты кылгыртып.
Мен тарапта кыйыры жок түмөн ой,
Агып жатат мына ушинтип түн жыртып.
Капкайдагы санаа каптап кайрадан,
Түгөнбөй түн, жанчылууда кайран жан.
Бир-биринен жадап дагы бүтүштү,
Каткан кирпик, уйкусуз көз кайнаган.
Чарчап бүткөн мээм мени жекирет:
«Минте берсең жашооң түгөл жешилет!»
Салуучудай бар чындыкты төгүндөп,
Карбаластайт каран калган көкүрөк.