Редакциядан: Эрте көзү өтүп кеткен таланттуу акын Жолдошбек Зарлыкбеков далай окурмандын сүйүктүү калемгери эле. Анын чыгармалары газеталарда, «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты» газетасында жарыяланып турган.
Учурунда акын китебин басмадан чыгарууга шашпады окшойт. Ошентсе да Жолдошбек артында мыкты адабий мурасты элине калтырып кетти. Келечекте элибиздин бир чыгаан мекенчил уулу акындын китебин басмадан чыгарар деген илгери үмүттө жүрөбүз.
Редакция акындын айрым ырларын окурманга кайрадан сунуш кылат.
* * *
Кош болгун, селки, кош болгун.
Кайрылбайм, сага калтырам
шамалын кара Кочкордун,
изимди жууган артыман.
Эскербе, күтпө. Күлкүңдү
кирдетпе. Дагы сураныч,
колуңдан келсе ал түндү
койгунуң эстен чыгарып.
Аман бол! Албайм тынчыңды,
аруу го дегем. Кыз депмин.
Ачылган эбак кулпуңдун
ачкычын бекер издепмин.
* * *
Ыйлап ал жүрөк жибитип,
ыйлап ал жанга көрүнбөй.
Сүйүүңдү кайра тирилтип,
албайсың селки өлүмдөн.
Кетпесең болмок тез ээрип,
буйткалуу өмүр булуңдуу.
Анчалык алгач ишенип
ачпасаң болмок сырыңды…
Душманың эмес, дос да эмес,
бөлүнгөн бөксө жол басчу,
өзгө эмес эми ал, өз да эмес,
кер мурут, шайыр, сымбаттуу.
Аманбы дебес, кош дебес,
белеси чуңкур бел басчу.
Кас эмес эми ал, дос да эмес,
кең далы, өткүр, урматтууң.
Алданган, азган муңайып,
ырысың жерге төгүлгөн,
Ыйлап ал бугуң чыгарып,
ыйлап ал жанга көрүнбөй.
* * *
Угаар сөзүм сенден шул беле?
Жарбагыр ай, жанды кейитип,
жолугуу бар ушул дүйнөдө,
«Жолукпайбыз! – дейсиң, – эми түк».
Карааныңды көрбөй кайыккам,
түшүмдө элең түгөл уктасам.
Кездешүү көп ушул жарыкта,
«Кезикпейбиз! – дейсиң, – эч качан».
Алы жетпес атың атоого,
качандыр бир агаңды оюңа ал.
Жарбагыр ай, жалкы жашоодо
сага дагы сүйүү жолугаар…
* * *
Жарык маанай, жароокер жаркылдагым,
Ай жолундай көлдөгү жаркылдадың.
Шамал болуп сапырып сылагым бар,
жайган кундуз чачыңдын ар бир талын.
Асыл, асыл, асыл зат, аркар моюн,
туңгуюк жар артыма кайтар жолум!
Сыңган канат сыңары силкип салба,
саамайыңды сылайм деп сунсам колум.
Ордо шаарда от күйөт жымыңдаган,
отун издеп көп жүрөт тыйылбаган.
Оомал-төкмөл бакыттын обону бар –
отуз жаштын артынан ыр ырдаган.
Кымча кезиң кыр ашып ыраак калып,
кыз курагың чакырса чырак жагып,
көп жигиттин ичинен көрөр белең,
көп селкилер ичинен буластанып?
Тунук адам тунуктун кунун билет,
тынч көңүлдү тоз кылып куюн келет.
Жалкы кылба, жайдарым, жарыгың төк,
жайдак өтүп кетпейин тургун жөлөп…
Кызыл, кызыл, кызыл күн кырга батат,
кылым кыйры кымбатым, кырга батат.
Көртирликтин көйгөйү кирдетпейби,
жамгыр үнүн жанашып тыңдабасак.
Аруу айдын ак таңы кырдан атат,
айдарым жел аздектүү ырдап атат.
Көртирликтин короосу чарчатпайбы,
коңгуроосун көңүлдүн тыңдабасак.
Шамал каккан жалындай жалпылдадым,
ал ансайын айжаркын шаңкылдадың.
Кеч кезиккен жолумдан жарык маңдай,
жаркын маанай, жароокер, жаркылдагым.
Жоопсуз…
Күткөн сайын кетти күтүүм тереңдеп,
сызган сайын сызды санаам тызылдап.
Буккан сайын бугум буура, жолум муз,
бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап!
Акылымда күлкүң агып шыңгырап,
тамырымда сагынычым зыркырап.
Качкан менен кайда барам өзүмдөн,
бул сүйүүнү коём кантип кулпулап?
Башым батып, балтыр сыяр жай барбы?
Бырыштарын жууйм нетип маңдайдын?
Гүлдөр мага күү чертишти жазды-жай,
буркураган жытын үрөп армандын.
Ушул илеп улааргандан уларып,
көп жуулган көйнөк окшоп кубарып…
Жалгыздыктын жаалы катуу, каары курч,
теним муздайт тамырымдан суу агып.
Жараткан-ай, унутууга мүмкүнбү,
чоктой ысмың, оттой ысык күлкүңдү?
Дудуктандым, дүлөйлөндүм, дымыдым,
тепкеси жок толгонбогон кыл сындуу.
Кашыктагы кара суудай мөлтүрөп,
көзүң күйөт көөрүк окшоп өрт үрөп.
Жаным сыздайт жарылбаган жарадай,
ушул сүйүү акыр мени өлтүрөт.
Кулдук уруп кетеримде чөгөлөп,
көзүңдү өбөм – көз отуңду керемет.
Кезиң үчүн эс-учумдан тандырган,
кездер үчүн кеткен жана келелек.
Жок кылдай да сага менин керегим,
кетем деле кайра айланып келемин.
Ара жолдо калаар жоопсуз ак сүйүү,
ара жолдо сокпойт жүрөк эгерим.
Мени ушунча беймазага батырган,
арманымды мумиядай катырган.
Эмне мынча түшүнүксүз, эссизсиң?
Эмне мынча эсимди алган асыл жан?!
* * *
Поэзия – жесир келин келишкен,
Баары сен дейт. Кимдикисиң деги сен?
Кимдикисиң? Меники дейт баары бу.
Жашың аарчы, ыргыт кара шалыңы.
Алтын дешет сенин сары сөйкөңдү,
Салкын дешет сенин аптап өлкөңдү.
Кызык дешет сымбатыңды суйкайган,
Ысык дешет авазыңды үн салган.
Кыздан артык мага жубан курагың,
Көз отуңдан муңайым сыр туямын.
Ал ансайын арзуум кайдан басылды,
Аңсап өтөт окшойм сенин назыңды.
Тарткан сайын терезеңден пардаңды,
Тиктеп турам сыртта жалгыз армандуу.
Мындай тозок жолугарын билбегем,
Сага жетпей өтөт окшойм дүйнөдөн.
Жок дегенде бир ыйлап кой карызга,
Мени адамдар салган кезде табытка.
* * *
От деген от!
Кичинеси, чоңу жок.
Көктө Күн – от,
Ташты ысыткан таманда.
Бир тал саман күйсө да от,
Жылт дей түшүп, жалкы өмүрү карарган.
Күйүт да от,
Тозок да от,
Жаннат сырын туйган сергек адамга.
От деген от!
От тилеги – Ободо.
Онтоп күйгөн бүт дүйнөлүк шамалда!
Дүйнө кылы окшош бир тал саманга…
(«Адам отту ойлоп тапты» дебеңер,
Кудай угат, Сөз куту урат, караңгал).
Жалбырагы жалын чалса,
Чынар күлгө айланат.
Сагынычтын сары отунан
Наристе да саргаят.
От деген от!
От – жарык.
Ал жарыкта жакмайынча өмүрүң –
Бүт жылдарың – үкү менен жарганат.
От деген от!
Муздак бойдон өтөсүң,
Махабаттын лаулдаган жалынын
Жаның менен көрмөйүнчө кармалап.
Ал ойткени айтып сага нетейин,
Кыздын кызыл көйнөгү – от,
Жаш жигиттин жан акылын аймалап!
Бүркүт көзү күйүп турат кызарып,
От көрбөйсүң кузгундан.
Кызга бекер көйнөк тикпейт энеси
Кызыл жалын кыжымыдан, кыштымдан.
Айтып сага нетейин,
Кудайлардан жулуп келген үзүм от –
Прометей сага даңк!
Өчүрбөгүн түстүү жалын санааңды,
Жалын чыгат жылт эткен бир учкундан.
Жараткан күч айры буттуу адамды,
От деген бир жакшылыкка туш кылган.
Өткөн менен күл билет
Күл болорун күйгөн оттун акыры.
Ар адамдын көзүндөгү алоо от
Акырындап өчүп бара жатыры.
Аарчы алдагы отту, туздуу жашыңды…
Бул ааламда оттун сыры катылуу –
Каны муздап баратканда карыя:
«Мени сыртка чыгарчы, – дейт, – кулунум,
Күндүн көзүн тиктейин бир акыры…»
Күн нурунун ар бир талы – заты улуу!
… Бул дүйнөдө муздак, муз-таш адам жок.
О, сүйгөнүм, көз отуңдан күйгөнүм,
Сенден мага мээлүүн дагы салам жок,
Отуң башка, менин табым билгиң жок.
Отуң башка, Атай күйүп тургандай,
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок.
Тынчтык жок!
Мобул шамал шарактаган шакардай,
Эмне кайнайт бутактарда миң үндөп.
Мобул жолдор барар жагы базар жак,
Неге чаңдайт жөө тумандап ириңдеп.
Бели ийри отургучтар береги,
Көтөрдү эле кимдин семиз салмагын.
Көлөкөсүн сүйрөп булут кебээрсип,
Эмнеге учат самсааланып-сандалып.
Мобул суулар кыл аркандай суналган,
Эмнеге эшет толкундарын күнү-түн.
Мобул коңшум, ашмүшкө чай суранган,
Чаап жүрөт кай шумпайдын кылычын.
Акебайым! Байкап турсам тынчтык жок.
Өлгөндөр да тынч жатышпай көрүндө,
От жагышат алоолонтуп фосфорлоп,
Түшкө кирип, сесимди алат түнүмдө.
Мобул шаардын мүштөк ТЭЦи бургутуп,
Неге жай-кыш оозу — очок, мурду — көө.
Мобул Ак үй сай-саясат былгытып,
Мобул Көк үй неге жай-кыш Чырдөбө.
Азы эркек, көбү айгыр катындар
Пикет жыйып, абийир төгөт кармасаң.
Гутенбергдин темир зооту такылдап,
«Агымды» ачсаң хайлайт «Хайл-Сайракан».
Кумурскадай быкылдаган таң атпай,
Тоодак көчүк машинелер жолдогу,
Айкалышта ишке шашып баратсам,
«Пипилдетпей» өтүп кетсең болбойбу?!
Оштон келген, төштөн келген асылзат,
Насвай саткан, сагыз саткан жолдогу,
Жетишкенсип, кайта-кайта чыкылдайт…
Чемичкеңди чакпай койсоң болбойбу?!
Жаш чагымда такылдагы жакчу эле,
Асылдардын асфальт жолдо такасы.
Эмне минтип «тык-тык!» этип кайта эле,
Мээм чукуп ары-бери басасың!
Үйүмдө да тынчтык жок кымындай.
Чорго суусу жети атамды ататып,
Эмне мынча «тып-тып!» этип тыйылбай,
Мээм чукуп тамып-тамып жатасың!
Акебайым! Төрт тушумда тынчтык жок.
Оорукана, базар, вокзал күрү-гүү.
Аз-аз ары Чым-Коргонго түшчү окшоп,
Нервим бошоп, оозум кыйшык, жиними…