Сен жашап ырларымда
Сен менен сүйүү гүлүн үзсөм дегем,
Бакыттын айылына түшсөм дегем.
Тагдырдын сыноолорун бир көтөрүп,
Болсо да кандай тоскоол түтсөм дегем.
Сен менен жакшыларды күтсөм дегем,
Сен менен келечекти түзсөм дегем.
Жомоктой бирге өткөрүп гүл өмүрдү,
Махабат дайрасында сүзсөм дегем.
Сен менен аппак таңды тоссом дегем,
Булбулдай үнүм сага созсом дегем.
Өмүрдүн кыш чилдесин жайга айлантып,
Бөксөртпөй багыңа бак кошсом дегем.
Жетпедим ал сүйүүмө көксөй берем,
Тирүүлүк үмүт улап чөкпөй келем,
Сен жашап ырларымдын кайрыгында,
Сезимди жазга айлантып көктөй берем!
Эки жашка
Жаратканым болуп жар,
Жуп болушту эки жар.
Эки башка кут конду,
Түбөлүккө беки жар.
Бактылуу бол, эй, жар-жар,
Үй бол, түтүн булатаар.
Бешигиңер термелип,
Шер төрөлсүн улантаар.
Аман-эсен жүрөгөр,
Узун өмүр сүрөгөр.
Эл мүдөөсүн аткарып,
Эмгекке жең түрөгөр.
Урмат- сыйда бологөр,
Улууларга тологөр.
Буудайыктай көк мелжип,
Бийиктикке коногөр.
Балканактай бала көр,
Бак-таалайга кана көр.
Уучуңар узарып,
Кош жылдыздай жана көр.
Кайненеңди сыйлай көр,
Кайнатаңды туудай көр.
Кайын сиңди, кайниңди,
Бир туугандай артык көр.
Ачык болсун күнүңөр,
Карыбасын сүйүүңөр.
Бейпил болсун ар дайым,
Мекениңер үйүңөр!
Айлуу түндө
Айлуу түндө бирге бассак жарашып,
Ай, жылдыздар сенден мени талашып.
Ак сүйүүнүн жарк дей түшсө кабагы,
Караңгы түн бизден калды адашып.
Сүйүнгөндөн сүрдөп кетип табигат,
Жылдыздардан сага мончок тагышат.
Муну көргөн бала кыял булактар,
Күлкү чачып кубанычтуу агышат.
Саамайыңдан өөп кетсе жазгы жел,
Айдай жүзүң улам мени каратат.
Ал ансайын колуң коём кармалап,
Жалыны жок сезим өрттөп баратат.
Өмүр коңгуроосу
Көңүлүмдү муздак шамал аралап,
Өкүнүчтүн ыза жашы агылат.
Коңур чачым, күмүш түскө айланып,
Жүрөгүмө бир коңгуроо кагылат.
Өмүр күзү алтын мончок тагынат,
Өткөн күндөр көз алдыма чагылат.
Түбөлүктүү жашабасым сезгенде,
Көкүрөккө жалынсыз от жагылат.
Эмне алдым, эмне бердим өмүргө?
Жакшы сөздү кондурдумбу көңүлгө.
Жакшылардын кошулдумбу сабына,
Миң кайталап суроо берем өзүмө.
Качан сезесиң
Үмүт артып сени көздөй шашамын,
Жолу татаал ашууларды ашамын.
Эгер билсең жаралгансың сен мага,
Мен сен үчүн ааламды жөө басамын.
Жашоо көрксүз, эгер сүйүү болбосо,
Сүйүү гүлү түбөлүккө соолбосо.
Сүйүү жок өмүр дагы өмүрбү,
Сүйгөн жарың көңүлүңө толбосо.
Күзгү желден сурайм кайда экенсиң,
Жүрөгүмө кадоо болуп элесиң.
Сагынарым эң аярым өзүңсүң,
Качан мага жазга айланып келесиң.
Унутулбайт тура аруу бир сезим,
Бассам-турсам жүрөгүмдү эзесиң.
Күтүү менен өткөргөн ар мүнөттү,
Айттырбастан качан өзүң сезесиң.
Элге тилек
Өнөрлүү эл бүт дүйнөгө таанылсын,
«Манас» айтуу ай-ааламга жаңырсын.
Үч кыл комуз мукам сайрап булбулдай,
Улам жаңы ачылыштар табылсын.
Бабалардын кабыл кылып батасын,
Жаратканым кечир элдин катасын.
Жамандыктан алыс болчу Ата Журт,
Улуу жолду басып бара жатасың.
Эл достугун, ынтымагын сактагын,
Манас ата осуятын актагын.
Бурмалабай тарыхыңды аныктап,
Бир үзүм жер сатылбасын, сатпагын.
Урпактары улуу жолду жолдосун,
Байыркы элди кудай өзү колдосун.
Эмгек, билим туш-тарабы өнүгүп,
Эс кетирген уруш-кайгы болбосун!
Апаке
Апам барда асман ачык, күн жарык,
Апам барда үйүм жарык, чоң бакыт.
Апам барда жалгыздыкты билбеймин,
Апам барда жашоо сонун эң кызык.
Кечиргиле кетирген мен катамды,
Ала-Тоодой бийик көрөм атамды.
Азыр мен да балдарыма апамын,
Ыйык тутам берген апа батаңды.
Колдон келген эмгегимди арнайын,
Кабагыңа кир жугузбай багайын.
Ак сүтүңдү акташ үчүн апаке,
Эл кызматын аркалайын, жагайын.
Тууган жер
Ак кар-көк муз тоо койнунда төрөлдүм,
Арча жыттуу бешигиңе бөлөндүм.
Бал жыттанган кымызыңдан оозантып,
Өзүң болдуң Ата-Энемдей жөлөгүм.
Мөлтүр булак сууңду эстейм суусасам,
Көркөмүңдөн көз тайгылат суктанам.
Эске түштү ак боз үйдүн ичинде,
Тизесине апакемдин уктагам.
Жашайсың сен жүрөгүмдө күнү-түн,
Кайда жүрсөм үзүлбөгөн үмүтүм.
Карааныңдан кагылайын тууган жер,
Салым кошуп келет сени сүйүнткүм.
Арча, кайың жашыл шибер төрлөрүң,
Бейиш өңдүү сендей жерди көрбөдүм.
Ооздон-оозго өтүп келген уланып,
Манас, комуз, айтып бүткүс өрнөгүм.
Күн денелүү жаркып турсун маанайың,
Сени менен бирге тагдыр таалайым.
Издегеним бир өзүңдөн алайын,
Эл-жериме ыйман, ырыс каалаймын.
Турмуш кайрыгы
Жылдар өтөт, батперектей айланып,
Өмүр өтөт, тагдырыңа байланып.
Баркыраган бала келсе дүйнөгө
Бирөө кетет, кара жерди жайланып.
Канат байлап, учуп барат убакыт,
Кээде ый да, кээде күлкү, кубаныч.
Кайгысынан сүйүнүчү көп болсун,
Теңир сенден адамзатка сураныч.
Терс ойлорду көкүрөктөн кетиргин,
Бир-бириңди тирүүлүктө кечиргин.
Бир кара жер бириктирет баарыңды,
Бир кудайдын мыйзамына баш ийгин!
Ушул күндү таппай калчу күндөр бар,
Кубангыла тирүүлүккө адамдар.
Алты саның аманына шүгүр де,
Ажал аңдып келсе тынчыйт кадамдар.
Капалыкты кабагыңдан айдагын,
Жаман сөздү жүрөгүңө албагын.
Канча өмүр жазылганын ким билет,
– Аттиң ай, – деп өкүнүчтө калбагын.
Келгилечи жакшылыкка шашалы
Келгиле жакшылыкка шашалычы,
Көңүлдү бир көтөрүп алалычы.
Кетирген кемчиликти кечиришип,
Келерки күнгө чыйыр салалычы.
Жаштыкка бир кайрылып баралычы,
Жүрөктүн издегенин табалычы.
Бир келген өмүр дүйнө бизге белек,
Ар күндү сүйүп тосуп багалычы.
Алтын доор келди эшик ачалычы,
Ак тилек, аруу сезим арталычы.
Айкөлдүк жашап келет каныбызда,
Дүйнө элин ынтымакка тарталычы.
Кыргыз элин ынтымакка тарталычы,
Келгилечи, жакшылыкка шашалычы.
Себеп болдуң
Мезгилсиз гүлдөр чанак ачпайт экен,
Мээримсиз күн да нурун чачпайт экен.
Сүйүүнүн чын кадырын билиш үчүн,
Сүйгөндөр тар тагдырдан качпайт экен.
Жакшылар жамандыкка кыйбайт экен,
Сүйүүсүз ааламга жан сыйбайт экен.
Бактылуу боло албайт сүйбөгөн жан,
Сүйүүсүз булут дагы ыйлайт экен.
Демек, сен аба, суудай керек болдуң,
Сен мага күтүлбөгөн белек болдуң.
Сүйүүнүн опурталдуу жолдорунда,
Сыноодон сынбаш үчүн себеп болдуң.
Биз эми кезикпейбиз
Жүрөктү тең экиге бөлүп салып,
Сүйүүнүн кош канатын кайрып алып.
Биз эми эки жээкте калган кайык,
Сүзүүгө дарманы жок алсыз талып.
Буроосу комузумдун кетти жанып,
Суроосу жүрөгүмдүн жоопсуз калып.
Тагдырды биз ушундай түзүп алдык,
Таалайдын кут үйүнө бүлүк салып.
Биз эми кезикпейбиз күлкү чачып,
Бакыттын ак сарайын эркин ачып.
Санаалар жашай берет түрмөктөлүп,
Тирүүлүк дайрасында алсыз агып.
Сен аны байкабадың
Мен сага ырга айланып баргым келген,
Дарысын жүрөгүмдүн алгым келген.
Сен аны байкабадың, байкабадың,
Түбөлүк өзүң менен калгым келген.
Өзүңө көңүлүмдү бургум келген,
Өткөрбөй мезгил сени тургум келген.
Сен аны байкабадың, байкабадың,
Сен менен сүйүү шаарын кургум келген.
Бакытты сенден гана табам дегем,
Буулуксам бугум чыгар дабам дегем.
Сен аны байкабадың, байкабадың,
Бир сенден жүрөккө от жагам дегем.
Өмүрүм өтүп кетти күтүү менен,
Сен менен максатыма жетем дегем.
Сен аны байкабадың, байкабадың,
Сен менен сапар улап кетем дегем.