Башка чабылган скрипка
(Поэма)
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 1942-жылы туткунга түшүп, кийин Казакстанга келгенде туткунга түшкөнү үчүн сот жообуна тартылган, алты жыл Колымада абакта жаткан, 1992-жылы май айында расмий түрдө жазыксыз деп таанылган (толук акталган), 1995-жылы 71 жашында дүйнө салган казактын залкар скрипкачысы Айткеш Толганбаевдин тагдыр жолунан.
1
Немистин офицерлери нестейишти!
Не деген сыйкыр күчкө бет келишти –
көрүнбөй башкага да, өзүнө да,
көңүлдө… көкүрөктө… «честь» беришти…
Казактын туткундагы кара бала,
кан-ириң… бети-колу жара бала
сыздатты Фрайбургда скрипканы,
сымаптай шөкөт тагып заманага…
Колдорун тизеге алып чекчейишти!
Козголбой… көкүрөктө «честь» беришти…
Серектейт сөөмөй менен буттун башы –
сезимдин сели кайрып кеткен ичти!
Сылап да, сыйпап улам «асыл ташын»,
сыйкырлап узангандай бачым-бачым –
сыйып да, сыйбай турду ааламга Айткеш
сыздатып Венявский «Мазуркасын».
Каткан көп шаасы келбей кашынганга…
Жаткан көп таппай жерди жашынганга.
Өздөрүн окшоштуруп – скрипканы
кишендеп, уруп, сөгүп, таш урганга…
Ансайын сыздап аспап жарып чекти,
акак түс далай сезим жагып кетти –
Бетховен, Моцарт, Шуберт, Штраустту
туткундап турган сымал айып сезди…
Ойлордон окчун кетип улуу согуш,
омуртка… жүлүнгө өтүп сулуу добуш –
бадандар бар дүйнөсү менен жанды
бактыга туш келгендей шуру болуш!
Балбылдап – бардык көңүл өркөн жанды,
башкача бажырайып чөлкөм жанды –
«ток» барып скрипка кылдарынан,
толугу менен Лагерь көркөм жанды!
Өлтүрө тартып жатып жарылгырды-аа:
«Өзүнө келди, – деди, – жаным мында.
Жыл-айлап жышынбапмын, кир жуубапмын,
жыты бир жыргал тура самындын да…»
Ак таңча Айткеш жактан нур калкып тур,
айлана, адамзаада бүт балкып тур!
Ак-кара, жол-жол сызык туткун кийми –
ал деле алда-недей суктантып тур!
Ала-сур туткун кийми суктантып тур…
2
Моздокто мокочо эле, жуунган эмес,
моминтип таза кийип турган эмес.
Сездирип тирүү экенин – эч ким мындай
сестентээр скрипканы сунган эмес.
Шахтасы – тозок болчу… кырсык жанда…
шалтактап кара түтүн былжып канда.
Өмүрдү жанчып… сузуп кошо ыргытмай
көмүрдү жанчып… сузуп ыргытканда.
Шахтасы – азап болчу… азап гана…
шатырак-чылада уктап жашашканы-аа!
Шапалак чаап немистер сүйүнбөспү
шалак бир өлбөгөнгө казак бала…
Комендант Вильгельм күбө… өктөм кеби,
көмүскө эстеп турду өткөндү эми:
бир немис скрипка тартып аткан,
билинип турган биртке көктөм деми.
Бир тобу угуп туру курчап… талып…
бир кезде Айткеш учка буйтап барып,
таамайлап тыңшап кирди – жаралары
таңылган кулагын түз туштап… салып…
Кайтарган унтер-офицер ыкчам жоктоп,
«качкыны» кармап… сабап… бир саам токтоп,
кургакка сүйрөп чыкты шахта ичинен
кулактан кулкуну алып чыкканга окшоп.
Табылга таап келгендей арнап жаңы,
таңылган кулагынан кармап аны:
Бетховен… Бетховен… – деп ыкшып күлүп,
беталды сүйрөп улам аржактады.
Бетховен… Бетховен… – деп кайталашып,
бетке урду беркилери кайтара ашып.
Кудайдан жалгыз соолук сурагандай
кулагын басат Айткеш жанталашып.
Мазактап: «Бетховендин басканын…» – деп,
мазактап: «Бетховендин жатканын…» – деп…
Тур тигил скрипкачы обочороок
туткуну тийсе булгайт аспабым деп…
Бардаштуу болуп Айткеш – кеп жешкенсип,
бармагын какайтты да, экчеп-серпип:
«Бетховен мыктай!» – деди өкүм доошто,
«Бетховен немис!» – деди эстеткенсип.
Арыда турган арык музыканттан
аспапты жулуп алып азыр тарткан,
ээгине басып дароо зуулабаспы (!)
ээрине улак басчу асылнарк жан!
Зуулады жан агарткан добуш менен!
Зуулады… Бетховенди коруш белем!
Жаралуу кулагынын таңуусунда
жашынып жатты дымып согуш деген…
Баары таң – бир байкуштай көргөн эле,
баары таң – сулап жерде «өлгөн» эле.
Татына скрипкага жарашпай ал
тарткансыйт чыга калып гөрдөн эле.
Ырсайган-киши сунуп күчүн ташкан,
ылата-киши сунуп бүтүн ак таң –
романсы Бетховендин сабалоодо
атайын скрипка үчүн жазган!
Согуштун илинбестен тузагына,
соната… сонаталар узады, ура-а!
Жекшинген скрипка ээси тиги
жетип шарт, кысты Айткешти кучагына!
Дуу болду Лагерде ошол Моздоктогу!
Туу жолду туура Айткешке кооздоткону –
көшүгөн офицерлердин Фрайбургда
көөдөнүн сыздатканы-ов, боздоткону!
Моздоктун «баатыры», ооба, ынап калды,
согушуң бир кылымдай ыраак калды…
Фашисттер Бетховендин мекенинен
патырап безип качаар сыяктанды!
Фашисттер безип качаар сыяктанды…
3
Не жорук – душмандарга жагыш жалаң?!
Немистин кармалып тур жан-ышкы араң…
Честь берип ийе жаздап колдору азыр
чекенин тушунан кол чабышты алар!..
Казактын туткундагы кара бала,
кан-ириң… бети-колу жара бала
сыздатып Фрайбургда скрипканы
сымаптай шөкөт такты заманага…
Фолкерзам – Фрайбургдун коменданты,
орундап жатат анын койгон шарты:
«Өнөрү туткундардын – биздин байлык,
өткөрүп алсак ошол бойдон жалпы…»
Өзгөчө сунуш белем – Фюрери да
өзүнөн кеткен сымал куп эриди-аа!
Ишарет берген бая бармак серпип
ыраазы болуп, демек, тур эми да!
Жетектеп Ленинград консулдугун
жети жыл иштеш, ооба, орчун мунуң.
Фолкерзам таланттардан жыргал калпып –
көрсөттү ишмердигин, ойчулдугун!
Казактын туткундагы кара бала,
кан-ириң… бети-колу жара бала
сыздатып Фрайбургда скрипканы
сымаптай шөкөт такты заманага…
Көрбөдү кандай кордук, кандай азап!
Өлбөдү – жүргөнгө окшоп жалган жашап.
Бетховен, Моцарт, Шуберт, Штраустту
безентип тирилтип тур кайран казак!
Өзү да, ырас, бүгүн тирилгени –
өзгө сый… тамак-аштын шириндери…
А балким, акыркы ирет чалып жатат –
аны ойлоп дени кылдай дирилдеди.
Унута түшкөн менен согушту бул,
убайга салып «кара орусту» бул:
– Элиңдин Гимнин чал? – деп Оберфюрер
эңилди өтө жанкеч болуп кургур.
Гимни жок… Шак ачылып береби айбы?
Кирди Айткеш безелентип «Элим-айды!»
Немисче… не тил болсо бардыгында
не бийик, не тереңден эрип алды!
«Элим-ай» – кылым, доорду эзген кайрык,
эл-журттун эт жүрөгүн кезген байлык.
Жулунган чачтай ачуу чыңырык күү,
жунгарлар жортуулунан жеткен каргып.
Көшүлүп угушканда – жаш ымдаган
көздөр бүт – көкүрөктөй катылбаган.
Анан да окшош мылтык ооздоруна
атылып жатып, кайра атылбаган…
Кеткендей сыйкыр кылдар устун болуп,
кеткендей заман астын-үстүн болуп
турушту… туруп алып кол чабышты
туткунга офицерлер туткун болуп!!!
Туткунга немистериң туткун болуп…
4
Сахна, Зал – кош табагы таразанын!
Салмак – тең! Калт-калт этип барат агым!
Эбелек атып турган элди көрүп –
эстеди Айткеш азыр бала чагын.
Семейде… Облустун борборунда,
серпип чач – он экиге толгонунда
Биринчи орунду алган фестивалдан!
Бир нота билбей туруп… «оңбогур» да…
Зарурган кудум ушул абалындай,
Сахна, Зал – таразанын табагындай…
Калтылдап… калт-калт этип… дуу-дуу болуп…
карманып шилтеди эле кадамын жай.
Домбура черткеничи бадыратып!
Добушун скрипканын жадыратып!
Гитара, мандолина, сыбызгы ыйлап
кичик бой Айткеш турган кадыры ашып!
Ал күнү сөз да жүрүп устаттыктан,
Айткештен сурабаспы туштап чыккан:
«Устатың музыкада кимдер, айтчы?»
«Устатым – ырадио…» – дуу каткырткан…
Арнаган музыкага жаны-дилин
Айткештин окшоп турган баары билим!
Алиге кулагында жаңырып тур
айтканы композитор Хамидинин:
«Жашообуз кандай өстү, алтындарым!
Жарашып заманыңа жаркылдагын!
Казактын айылында Айткеш эчак
карачы, скрипка алдырганын…
Алпкетем Алматыга деле сени!
Азыр коом сендейлерге бересеби?
Жыргап бир кол чабалы Айткеш үчүн
жылдыздай жанып турган келечеги!»
Ишенген – басылбай кол чабылганда!
Ишенген – Техникумга алынганда!
Жылдыздай жанып турган келечеги
жыгылды беле – бомба жарылганда…
Ишенген студенттик ырлар менен!
Ишенген дипломдук кырдаал менен!
Жылдыздай келечеги, павуске алып,
чыныдай колдон түшүп сынган белем…
Ишенген – баанын алып жакшыларын!
Ишенген – сахнасында Москванын!
Билбептир келечекти согуш-дарак
ка-айч кулап машинадай капшырарын…
Ишенген – ачып коюп терезени!
Ишенген – сактап дайым эрежени!
Туткунда ойгонгондо колу сымал
туруптур кишенделип келечеги…
5
Тим турган кол чабуулар – арачалар,
тик турган кол чабуулар – аласалар!
Кайрадан баштады Айткеш Вивальдини
кара чаар шымын түздөп, карасаңар.
Эт-жүрөк кошо сайрап, боздоп туру,
этегин сур замандын кооздоп шуру.
Жалтылдайт скрипка – музыка уккан
жанагы Оберфюрер окшоп куду.
Каткан көп шаасы келбей кашынганга!
Жаткан көп таппай жерди жашынганга:
өздөрүн окшоштуруп – скрипканы
кишендеп, уруп, сөгүп, таш урганга…
Ансайын сыздап, боздоп жарып чекти,
ансайын далай сезим жагып кетти –
Бетховен, Моцарт, Шуберт, Штраустту
туткундап турган сымал айып сезди…
Казактын туткундагы кара бала,
кан-ириң… бети-колу жара бала
сыздатты скрипканы ал ансайын
сымаптай шөкөт тагып заманага…
Муздарды көргүн Моцарт эриткенин,
муң-зарды көргөн Шуберт кемиткенин –
туткундан өнөрпозду бошотушту
фашист деп атанышкан немистериң…
Азап ко фашизмдин уусун жуткан?
Азат ко мүрөк-добуш музыка уккан!
Ак канат периштедей скрипка
Айткешти сууруп чыкты туткундуктан!
Айткешти сууруп чыкты туткундуктан…
6
Орустар эзген элдин өнөрү деп,
оболу Түркстанды көрөлү деп –
топ түзүп, Айткешти анда иштетишти
төр сүйөт скрипка-төрөнү деп.
Аралап Австрийа, Польша жагын,
аралап Франсийа чоң шаарларын…
Аскердик туткундарга консерт берип,
арттырды муздай кубанч, өрт арманын…
Кашыкка түшө калган тарых чырдуу,
канча бир иштер өттү кайып сындуу.
Качам деп партизанга Франсийада –
кашайгыр, колго түшүп жарык сынды…
Атууга!!! Күйөрмандар озондоп… чуу…
а колдо скрипка кошо өлмөкпү?
Атылаар саатта кирип Сойуздаштар –
аман-соо сактап калды кош өрнөктү!
Жок мында ырахматтын ыктыйажы,
жооп айт, сен, скрипка – ышкыр ачуу?!
Өткөрүп алды Айткешти Римде турган
Советтик аскерлердин Миссиясы!
Кашыкка түшө калган тарых чырдуу,
канча бир иштер өттү кайып сындуу.
А кийин оркестрде – Адрианодо
ал казак скрипка чалып турду!
Ал Римде скрипка чалып турду…
7
Жалын түс скрипка үстөм бүгүн!
Жагым доош майкөл бүгүн, сүткөл бүгүн!
Таарынчаак бала сымал тап жылдырбайт –
так билип турган белем күткөн күнүн…
«Элим-ай» эркесиндей үстүм бүгүн!
Эч башка нерсе ойнотпой күчтөндү күүң.
Ур-раа-алап кетти Айткеш, аспап, кайрык
угушуп улуу согуш бүткөндүгүн!!!
«Жеңи-и-иш!!!» – деп үчөө бирдей үстүм бүгүн!
Жешилбей жеткенин айт, түткөндүгүн!
Эреркей тартат Айткеш ойкуштатып
элине жар салгандай күткөндүгүн!
Элине жар салгандай күткөндүгүн…
8
Баары бар иштегенге жыргап чалкып!
Баары бар жашаганга ырдап балкып!
Башкача болуп кетет эмнегедир,
башкача «Элим-айды» турса тартып…
Баары бар иштегенге жыргап чалкып!
Баары бар жашаганга ырдап балкып!
Атагы таш жаргандан Европада
абасын Алматынын жутканы артык!
Коё кал, римдиктердин укканы ажап,
колтамга сураганды айт бурчка такап.
Ал сыйдан алда канча өйдө эмеспи
Абайдын иниси деп турса казак!
Асынып скрипкасын – кайкып атчан,
алды-артта Чыңгыз-Тоосу чалкып абдан…
Улук иш мындан өткөн болмок беле –
укканың Шакеримден калкыңа айтсаң!
Туткунга түшкөндүгү ырас, бирок
туу-башта тоголонуп жылат бир «ок».
Тутунар күнөөм жок деп сергип, кайра
тутала болуп башка чыгат жин-ох-х…
Алгансып Кремли жетик тосуп,
ачылды көзү пардай – гезитти окуп:
«Кай күнөө согуштагы туткундарда?
Кайткыла жүрө бербей безип-тозуп…»
Үндебей жүгүрдү үйгө!.. Жеттиңби эрте?
Ушундай болгон эмес эч бир мерте.
Жалын түс скрипкасын так көтөрүп:
«Жан досум, кеттик!!!» – деди эчкиргенче…
Эчкирди… Кеч да кирди… Агарып таң…
Энтелейт жасап ыкчам… жашап ыкчам…
Жүрүп да баратыптыр пойуз болуп
жүрөгү: казак-ыстан… казак-ыстан…
Эстеди кирген кезин согушка алгач
Энтелейт… Түндүк-Кавказ… толукталбас…
Англис шинел-өтүк… иран мылтык…
а жондо скрипка коруп-талбас…
Так анан туткун болуп ойгонгондон –
тажабайт скрипкасын ойлонгондон.
Башында контузия, буту сынык –
балким, ал ордуна анын ойрон болгон…
А мобул аспап башка! Асыл-арман…
ашыкча баасы – аз-маз башы бардан…
Стайнер фирмасынын скрипкасы!
Ичпей да, жебей жүрүп сатып алган.
… «Жерди өпкүн!!!» – Алматыда ушу туюм
жеткен бир чеги болду утушунун!
Ийгилик сымал жаркып келди элине
ичинде скрипка кутусунун!
Ичинде скрипка кутусунун…
9
Негедир бүтөчүдөй кемин айдын,
негедир түзөчүдөй жээгин сайдын –
күнү-түн тарта берип өз жеринде,
күргүштөп ооматы артты «Элим-айдын!»
Таарылган жүрөктөргө дары болду,
таңы атпай калгандардын таңы болду.
Жашыса аарчып жашын колу менен
жалгыздын баласы да, жары болду.
Эл-журтка жеткендей суу жаңы арыктан
«Элим-ай» башка кылда тарап ыкчам –
ээгинин так алдында Айткешиңдин
эриди Алматы да, Казакстан!
Багынтып скрипка «Бали!» дешип,
бакыттын доошу экенин баары сезип…
Кылымга кызмат кылды – Штраустту
кыңылдап Айманов да, Ауэзов!
Бир күнү консерт өтчү залда калып,
бир топко чалды аспабын айдап анык!
Айнекте ыргак бузбай жүк крандар,
алчактайт бетондорду кармап алып…
Шар коштоп – бутак-шагын жайган чынар!
Шар коштоп – бир жактарда майрам чыгар?
Капыстан олтурганын көрдү Экөөнүн,
Кайыш-Тон кара торун жайган сымал…
Чыккынчы, тыңчы деген жалаа тагып –
чыңырды чын дүйнөсү ала салып!
Солдоюп жатат үйдө – согуш огу
согуштан кийин тийип, жараат алып…
Эстеп көр башта суроо үйгөн маалды?
Эми ким колдойт десең дүйнөң жарды.
Далай бир чынчылдарды эстеп Айткеш,
таппады скрипкадай күйгөн жанды!
«Экөөбүз сүйлөбөдүк деги жалган,
эми да тийген турат сенин пайдаң…» –
Суракка скрипкасын ала келди
суроого жооп сунганга «Элим-айдан».
Москва… кызмат… сыйлык ашыктырып…
тагдырды тамак ичээр кашык кылып…
Сыбызгы добуш муунтту Тергөөчүнү
сыйыртмак салган жандай капыс чыгып…
«Келеке кылар жанды тапкансып ал,
кеңседе тартканы не какшантып ал?!»
Аспапты жулуп алып чапты башка (!!!)
акыйкат башына түз чапкан сымал!
Чапты эле сөгүнүп да, кыйкырып да –
чарт жайрап сулуулук да, тынччылык да,
чаңырды скрипканы Айткеш аяп,
чаңырды Айткешти аяп скрипка!
Эл-журтка жеткендей суу жаңы арыктан
эчен күү скрипкада тарап ыкчам –
ээгинин так алдында Айткешиңдин
эрип бир эпчиди эле Казакстан…
Башка эмес, казак чапты?! Кайыл кантип?!
Баш тургай, жүрөк кетти жарылгансып!
Не маалда өчтү доошу скрипканын
«Элим-ай…» – деп айта албай… жаңылгансып…
«Элим-ай…» – деп айта албай… жаңылгансып…
10
…Арылгыс, арылгыстай ээгинде арман…
ал ээкти бак даарыбай… жетим калган…
Жандаган скрипка-булбулу жок,
жаткансыйт жан-тенинен кетип дарман…
Айткештин деми кандап… дени кандап…
апсайып сакал баскан ээги кайрак.
Жүрсө да «Ит жеткенде» – Колымада
жүрөгү – скрипка «Элим-айлап»…
Шарт таппай, сыйкыр таппай калкалаган,
шахтада шалк жыгылып кайтарадан –
өлөсө акыбалга келип турду
өлкөдө фашисттерди талкалаган.
Өлкөдө фашисттерди талкалаган…