Жолукчу
Тайсалдап турат сезим чоочун болуп,
Буулугат көкүрөккө арман толуп.
Кең аалам тар көрүнүп булут басса,
Тумчугуп арзуу ыйлайт обон созуп.
Көзүңдөн баякыдай мага таандык,
Жылдызың издеп жүрөм куса тооруп.
Жолукчу, жакшы сөзүң мага арнай,
Үшүгөн колдорумду бекем кармай.
Жылытчы демиң менен үйлөп-үйлөп,
Үмүттүн жибин үзүп азап салбай.
Махабаттын пайдубалы урабасын,
Бул сезим өтөлекте моокум канбай.
Карачы, таң сүрүлүп атып барат,
Сагынуу жүрөгүмө салып жарат.
Таңкы жел жүзүм өпсө, чачым сылап.
Бүгүн да эске түштүң атаганат.
Сен менсиз, мен да сенсиз үшкүрүнө,
Таң тосуу түшүнгөнгө кандай азап.
Мекеним – Кыргызстан
Мекеним – Кыргызстан алтын уям,
Сендеги кенендикти сезем, туям.
Тоо-ташың, көлүң, дайраң, кең талааңды
Жараткан кыргызыма белек кылган.
Желегиң желбиресин ар бир тоодо,
Сен менен мен бактылуу, толкуп турам.
Мекеним – Кыргызстан, туулган жерим,
Теңирим тартуу кылган көрктүү төрүң.
Дүйнөнү суктандырып чалкып жатат,
Көгүлтүр касиеттүү Ысык — Көлүм.
Ташың да, топурагың, тоо булагың,
Бизге ыйык, болбосунчу эч бир кемиң.
Мекеним – Кыргызстан, Ата Журтум,
Береке, ырыс, дөөлөт, бакыт кутум.
Ак карлуу аска, тоолор символубуз,
Бийиктеп уча берсин барчын кушуң.
Ак калпак, ак элечек, комуз күүсү,
Бир гана Кыргызстан өзүң үчүн.
Сен үчүн жүрөм, балким, өмүр сүрүп
Мен сени эстебеймин дечү элем,
Баратам кусалыкка сүзүп терең.
Карылуу колдоруңдун жылуулугу,
Унуткус тамга салып кеткен белем.
Билинбей небак эле жок болмокмун,
Албасам толгон мээрим, балким, сенден.
Унуттум деген күнү түшкө кирип,
Жалооруп тиктейсиң ээ дайым күлүп.
Кудай ай, түшүм өңүм болсокен деп,
Уйкуда тиленемин жүрөк тилип.
Сүйүүсүз небак эле жок болмокмун,
Сен үчүн жүрөм, балким, өмүр сүрүп.
Негедир уйкум качып бүгүн дагы,
Эстедим кайчыландым, түтөп турам.
Кайдасың, балким, таттуу уйкудасың,
Тосуп ал, түшүң болуп сага барам.
Көзүңдөн кумарлана карап алып,
Тынчысын тынчым алган куса, санаам.
Карачы бүгүн асман кандай сулуу
Карачы кандай сулуу чексиз асман,
Сыйкырлуу бермет, жылдыз жерге аккан.
Тоо — ташы, бак-дарактар, жердин бети,
Аппак тон кийип алса куп жарашкан.
Төгүлүп чыксын бүгүн кыштын бугу,
Сампарлап турган сонун кооз учуру.
Кубанып, кулач жайып тосуп алдым,
Башкача кубат берип кар учкуну.
Үшүгүм келбей эргип, толкуп турам,
Бакыттын бир учугун сенден туям.
Аруулук аппак кардай төгүлсө экен,
Учкуну сезим серпип назик, уяң.
Кабыл ал кандай болсом ошол бойдон
Түркүн ойдон чыгалбастан убарамын,
Үмүтүм миң үзүлүп уланамын.
Нукура тазалыкты таппай аттиң,
Чаалыгып гүл өңүмдөн кубарамын.
Кабыл ал кандай болсом ошол бойдон,
Көк кашка тоо суусундай агыламын.
Жамгыр болсоң жүзүм тосуп, кулач керип,
Магдырап көздөрүмдү өптүрөйүн.
Куйкалап бара жаткан кусалыктын,
Жалынын демиң менен өчүрөйүн.
Кабыл ал кандай болсом ошол бойдон,
Үрөнүн махабаттын өстүрөйүн.
Күлбөсөм, күлбөдү деп капа болбо,
Ыйласам түшүп кеткем түпсүз ойго.
Жасалма сүйлөп аттиң кур каткырып,
Салалбайм ак дилиңди салып шорго.
Кабыл ал кандай болсом ошол бойдон,
Өчүрбө махабатым, таптым зорго.
Эмне пайда
Салкын көз караш менен каймана болуп келген,
Дартыңды сурап койбой, ойт берип качып берген.
Таттууну бирге татып, азапта алыс качып,
Билмексен болгон жандан, айтсаңчы эмне пайда?
Жан дүйнөң жалгыз калса, арача болалбаса,
Армандын аралына чөктүрбөй алалбаса.
Кош карек жайнап, жайнап карайлап турган кезде,
Кол сунуп жарык чачпас жакшыңдан эмне пайда?
Унчукпай ууктурган, демиңди бууп турган,
Түгөнбөс ой учугу, артыңдан кууп турса.
Сезимдин сенектиги, үшүтүп чыйрыктырса,
Жалт этип караттырган чырайдан эмне пайда?
Мөлтүр жаш кулап турса, ызага толуп муунса,
Тунарып карек талып, дил күйүп түтөп тунса.
Көйгөйүн көралбаса, сырларын бөлалбаса,
Кайдыгер көздөрүңдөн, айтсаңчы эмне пайда?
Таттуу сөз сүйлөбөсө, санааңды бийлебесе,
Үмүтүң улап аттиң, көңүлүң күлдөбөсө.
Жакшыңдан жакшы сөзүн аяган кызыл тилден,
Айтсаңчы эмне пайда? Ансыз да өмүр кыска.
Карышкан колду кармап, кубатын бералбаса,
Карекке карек кадап, мээримин төгалбаса?
Чыңырып ыйлап турган көмүскө жүрөк үнүн,
Сезбеген таш жүрөктөн, деги айтчы эмне пайда?
Жалгыздык аралында, тумчугуп турсаң соолуп,
Чыйрыгып жан дүйнөң кылчылдап аттиң ооруп.
Балырдай тартып турган санаадан алалбаса,
Чоочундай жакыныңдан, аттиң ай, эмне пайда?
Аттиң ай, эмне пайда?
Издегиле
Апамдын колундагы оймогумун.
Топчусу элем кызыл, жашыл көйнөгүнүн.
Чачына байлап алган күмүш көздүү,
Көөнөрбөс чачпагымын, мончогумун.
«Чыккан кыз чийден эми тышкары» – деп,
Тууганым, мени унутуп койбогунуң.
Атамдын калпагынын кыюусумун,
Саймасы, оймосумун, учугумун.
Томсоруп турам бүгүн үшкүрүнүп,
Эстесем жайнап күлгөн көп учурун.
Чачылтпай жыйнап алгын, оо тууганым,
Атаңдын саймасынын бир учугун.
Кол шилтеп, жүрөгүмдү тилбегиле,
Тамаша, таттуу сөздү сүйлөгүлө.
Шылтоолоп бөлөк өсүп калганымды,
Байкабай катарыңдан чийбегиле.
Көрүнбөй калсам эгер көпчүлүктөн,
Көмүскө көз кыр салып издегиле.
Күн менен түндөр өтөт кубалашып
Күн менен түндөр өтөт кубалашып,
Мезгилдин аска — зоосун улам ашып.
Кечээкиң кубанычтуу күнүң болсо,
Эртеңкиң табышмактын сырын катып.
Адамзат алга умтулуп жашайт экен,
Тагдырдын белек кылган сырын ачып.
Күн менен түндөр өтөт кубалашып,
Тагдырдын төрт мезгилин улам ашып.
Кээ күнү кыш чилдеси элжиретсе,
Кээ күнү жайда үшүп үмүт качып.
Адамзат бардыгына чыдайт экен,
Эзилип турса дагы сырын катып.
Күн менен түндөр өтөт саатын санап,
Өкүмү кылымдарды багындырып.
Кечээ эле өкүндүргөн оор күндөрүң,
Эртеге табылбастыр сагындырып.
Адамга бир мүнөтүң кымбат экен,
Өмүрүң өтсө келбес жалындырып.
Ар бир күн баалуу экен кезегинде,
Баалабай биз өкүнүп кетебиз ээ.
Аттиң ай колдон келсе жылаңайлак,
Чуркамакмын бала кезге, кечээгиге.
Тагдырдын табышмагын чече албай,
Жашайбыз моюн сунуп эртеңине.
Сагыныч
Оймогум салып колуңа,
Ак бата берем жолуңа.
Апакем берген белек деп ай,
Сактагын кызым колуңа..
Апакай менин периштем,
Апакең жүрсүн оюңда.
Ийигим берсем колуңа,
Ойлоруң чыксын оңунда.
Үмүттүн жибин ийригин,
Нур чачып бакыт жолунда.
Имере карап сактагын,
Апакең түшсө оюңа.
Ийнемди берсем саптап ал,
Ишеним таза барктап ал.
Ишенген менин периштем ай,
Үмүтүм менин актап ал.
Апакең жазган санатты ай,
Жоготпой бекем сактап ал.
Сайманын түрүн сайып кел,
Сагыныч турса агып сел.
Саамайдан кайра жыттайынчы,
Сагынтпай кызым бачым кел.
Садага болуп кетейин,
Санаанын баарын чачып кел.
Оймонун түрүн оюп кел,
Ойлорум агат болуп сел.
Саргарып жазган ырлардын,
Бактысын бүгүн ачып кел.
Жадырай күлүп садагам,
Бакытка эшик ачып кел.
Калемим берсем жазып кел,
Эргүүлөр агат болуп сел.
Жазылбай калган ыр болсо,
Калемиң менен казып кел.
Садагам келчи, окуйлу
Жадырай күлүп жазып чер.
Өмүрдө адам бойдон калгым келет
Таштак жолдо ташыркап турсам дагы,
Бирде жерде, бирде көктө учсам дагы.
Кээ бир күнү тизелеп өксөп турсам,
Кээ бир күнү бакытка тунсам дагы.
Мен өмүрдө адам бойдон калгым келет,
Тагдырыма моюнумду сунсам дагы.
Өмүр суусун тереңдете кечсем дагы,
Капалыктын бел боосун чечсем дагы.
Жете албаган максатка жылаңайлак,
Жетиш үчүн өмүрүмдөн кечсем дагы.
Мен өмүрдө адам бойдон калгым келет.
Дербиш болуп дүнүйөнү кезсем дагы.
Гүл бакчаны аралап жүрсөм дагы,
Кээде үшүп, кээде отко күйсөм дагы.
Кээде өбөктөп кайгы тартып ыйлап турсам,
Маанай жарык кээ күнү күлсөм дагы,
Мен өмүрдө адам бойдон калгым келет
Же сүйүлүп, же бирөөнү сүйсөм дагы.
Мейли мени жерге уруп жемелешсин,
Алы жетсе ылай кылып тебелешсин.
Жок күнөөнү тагып менин моюнума,
Көз жашымды мөндүр кылып себелентсин.
Мен өмүрдө адам бойдон калгым келет,
Атакемдин кызымын мен не дебешсин.
Кээде тентек, кээде токтоо болсом дагы,
Кээде чөлдө, кээде айга консом дагы.
Көңүл кушум көкөлөп канат сермеп,
Багындырса ийгиликти дагы жаңы.
Мен өмүрдө адам бойдон калгым келет,
Атакемдин эрке кызы болуп дагы..
Сындырды, сындым гүлдүү карападай
Күнөөсүз, күнөөлүүнүн ичиндемин,
Күйүткө толуп турат ичим менин.
Жумшактык душман болуп тумчуктуруп,
Тамактан чыкпай турат буулуп демим.
Айыпсыз, айыптуунун ичиндемин,
Армандап оргуп чыккан ичим менин.
Ак дилим душман болуп көзүм оюп,
Алкымдан алып турат ачуу демим.
Ак көңүл болдум, бирок жакканым жок,
Кичүүнү сыйлап келдим сатканым жок.
Жашырып кылык-жорук, терс сапатты,
Келсем да күнөөлүүдөй батканым жок.
Көңүлүм үшүк алып күүлүп турат,
Мөлтүрөп көзүм жашы акканы жок.
Анткени көңүл калып, жүрөк үшүп,
Турса да бакыт таңы батканы жок.
Сындырды, сындым гүлдүү карападай,
Чачылып сыныктары бараткандай.
Көңүлдү алаксытып келсем дагы,
Калыптыр бирикпеген жаракадай.
Сен мени сүйө албайт деп ойлобогун
Сен мени сүйө албайт деп ойлобогун,
Мен сүйсөм бир өмүргө дайым сүйөм.
Ысыгың — суугуңа башым байлап,
Жалын болуп алоолонуп толук күйөм.
А өзүң, чыдаар белең бул азапка,
Өзүң деген жазыксызга болуп тирөөн?
Сен мени сүйө албайт деп ойлобогун,
Мен сүйсөм, кайда болсом жетип келем.
Канчалык мени терең көмсөң дагы,
Махабат деп жыттанаттыр күйсө денем.
Анткени тагдырымда кезикпеген,
Махабатым кошо кетээр мени менен.
Сен мени сүйө албайт деп ойлобогун,
Мен сүйсөм деңизиңе чумкуп келем.
Тумчугуп өлсөм мейли кучагыңда,
Мына ошондо махабатты анык жеңем.
А бирок тумчуктураар махабатты,
Бир өмүргө үмүт үзбөй күтүп келем