* * *
Бир жакшынын арбагындай көзү өткөн,
Кирпик какпай аруу түндү күзөткөм.
Көз ирмеми жанып өтпөй жадымдан,
Көкүрөктөн жаз өткөн да, күз өткөн.
Түндөн коркуп түшүп келген түндүктөн,
Түбү түшкөн ой-санааны күзөткөм.
Жүлүнүмдү жулуп бара жаткандай,
Жүрөгүмдөн кек өткөн да, ыза өткөн.
Жараткандын өкүмү өктөм, күчү өктөм,
Жазыгы жок жигит өткөн, кыз өткөн.
Түн күзөткөн тереземдин алдынан,
Түшүмө окшоп жаз өткөн да, кыш өткөн.
Мыйзамында кынтыгы жок Теңирден
Уйкусуздук тагдыр болуп берилген.
Качып кетким келген менен тызылдап,
Кайда барам горизонттун чегинен?
* * *
Ким элең эшигимди чертип келген?
Түн катып кайырчыдай тентип келген.
Айсыз түндү апакай нурга айлантып,
Аязда, аптапта да мертинбеген.
Ким элең карайлатып түндө келген,
Күтпөгөн, чакырбаган күндө келген.
Кумарың акыл-эстен адаштырып,
Үмүттөн, уйкудан да таттуу белең.
Ким элең көңүлүмдү ээлеп алган,
Ким элең жан дүйнөмө бүлүк салган.
Элесиң бир карасам бакытка окшойт,
Карааның бир карасам бүтпөс арман.
Ким элең аруулукка жетелеген,
Актыктын ичке жолун төтөлөгөн.
Жаралып келгендейсиң азгырыктан,
Төрөлүп калгандайсың периштеден.
Ким элең дербиш сындуу шөмтүрөгөн,
Көздөрүң неге сулуу мөлтүрөгөн.
Канымда бирге бүткөн ПОЭЗИЯМ,
Таштаба, таштагыча өлтүрө көр.
* * *
Капилет кайткан өңдүү жаштыгыма,
Карайлап карылыктын билбей чегин.
Качаңкы он жети жаш курагымдай,
Кайрадан сүйүп калгым келет менин.
Көңүлүм көпөлөктөй алып учуп,
Көздөрүм жагып турса өмүр демин.
Түндөрдү түйшүк менен таң атырып,
Кайрадан сүйүп калгым келет менин.
Үшүк алчу таажыдай үлбүрөгөн.
Үн дебей ооздон түшүп айтчу кебим,
Үмүтүмдү уучтап уучума,
Кайрадан сүйүп калгым келет менин.
Баёо бир балапандай сезим менен,
Байкоосуздан алдырган ооздон жемин.
Бар байлыкка алмашып башымдагы,
Кайрадан сүйүп калгым келет менин.
* * *
Мен суналып жаткан кезде капшытта,
Аяп, жоктоп карегиңден жаш чыкса.
Анда да бир жаңылганың жалгандан,
Гүлгө айланып келем кайра жаз чыкса.
Жерге берип, кабырымдан кайтканда,
Жарабасаң «кечиргин» деп айтканга.
Анда да бир жаңылганың өмүрдөн,
Туруп келем сен түш көрүп жатканда.
Мезгил өтүп, топурагым сууганда,
Көңүлүңдү башкаларга бурганда.
Анда да бир жаңылганың турмуштан,
Мен тирүүмүн сен жөнүндө ырларда.
* * *
Камчыланып кары адамдар айткандай,
Чилде чыгып жатат окшойт, жарыктык.
Таарынышып, жазылышып, жаңылып,
Бул өмүрдүн да бир кышын карыттык.
Тонун чечип, тоодой жүктөн арылып,
Тоңдор эрип, токсон чыгаар жакында.
Жаздын деми сезимдерин элиртип,
Уйку бербес сүрөтчүгө, акынга.
Кусалыкпы, кумар беле, ким билсин,
Жазды күтүп айрыкча бир шашчу элем.
Жаштык беле, сүйүү беле муңканткан,
Жаз келгенде күз жөнүндө жазчу элем.
Кыска күндүн таңында да, кечинде,
Карай берип кыймылы көп көчөнү.
Бул күндөрү кошул-ташыл ой түшүп,
Жүдөп кеттим, жер үй жакка көчөлү.
Күн жылыса чарбак ичин тазалап,
Санаасы жок жай тирилик кылалы.
Кабат үйдү кыш келгиче калтырып,
А биз, балам, жер үй жакка жылалы.
* * *
Жарым түн, жамгырлуу түн, жаздын түнү,
Озон жыттап балкондо турам ойлуу.
Эсин эки кетирбей дыйкандардын,
Эртең күн кайра ачылып кетсе болду.
Жарым түн, жагымдуу түн, марттын түнү,
Жаз кучактап боорума турам кысып.
Жаз жыттанган талааны чыйрыктырбай,
Эртең күн кетсе болду кайра ысып.
Жарым түн, жылчыгы жок жылдызсыз түн,
Жаңырат кыйкуулаган каркыра үнү.
Караңгынын тушунда кайда барат,
Каркыранын тушунда менин үйүм.
Жаштыгымдай жагымдуу жазым менин,
Жараатымды дарылап сенин демиң.
Таарынышкан жарыма келип турат,
«Жаз тосолу, ойгончу, жүрчү» дегим.
* * *
Каным менен бүткөн мага бир мүнөз,
Жашыктыгым, ыйлаактыгым коё албайм.
Сабыркабай көнгүн, балам, ушуга,
Качандыр бир мен башкача боло албайм.
Көз жаш менен көңүл-ниет тазарат,
Көп нерседен ачуу көз жаш тазараак.
Ыйлай албайт мээр-ою таш адам,
Апаң жашык, кубанса да жаш алат.
Кези келсе көз жашыңа айланып
агып кетем асмангабы, жергеби.
Көз жашындай тунук болчу апам деп,
Жашыктыгым, ыйлаактыгым эстей жүр.
Кези келсе ырларыма айланып
учуп кетем чыгышкабы, батышка.
Ырларындай ыйык болчу апам де,
Тааныш көздөр сөз кылышып жатышса.
Жаш баладай ызакор да, таарынчаак,
Кыялы да, жан дүйнөсү табышмак.
жан эле деп эскер мени, эскерсең.
Эскербегин аруулуктан жаңылсам.
Тар дүйнөнүн тардыгына келишпей,
Тайып кетсем, «өлүп калды» дегизбей.
Элим үчүн калсын жакшы ырларым,
Бул жашоодо жалаң эле жеп-ичпей.
Көр дүйнөнүн көрдүгүнө келишпей,
Көчүп кетсем, «көз жумуптур» дегизбей.
Көп жылдарга көбүк чачып ырларым,
Толкуп турсун көлдөй дагы, деңиздей.