ЖҮРӨГҮМДҮ ӨЙҮГӨН БАШКАТЫРМА
Германияда мени көп маселелер ойго салды. Биз эмнеге эң жакыр мамлекеттердин катарында калдык. Союз бузулгандан бери эркин болдук деп төбөбүз көккө жеткендей болуп кубандык. Отуз жылдай убакыт өтсө да, оң жагына болгон өзгөрүүлөр эшекке чегилген эски арабадай араң кыбырайт… Бийлик алмашкан сайын жакшы үмүт жанданат, мөөнөтү бүткөндө Пушкиндин жомогундагы тепшисин кучактап отуруп калган кемпирдин абалында калабыз. Көрсө, баары аң-сезимдин деңгээлине, мыйзамдуулукка жана тартипке байланышат экен. Германияда «кагаз бюрократиясы» өтө күчтүү, сөзгө ишенбейт, кагазга ишенет. Бардык кыбыр эткен тиричиликке кадым тартип, кыскасы, жашоого байланышкан бардык эрежелер мыйзамдын негизинде гана жүргүзүлөт. Элестүү айтканда, адамды мыйзамдын желелери менен чырмап таштаган… Ошол желени үзүп, кыркып чыгып кете албайсың, ага акың да жок. Термин деген нерсе бар, дарыгерге, социалдык тармактарга, коммуналдык кызматтарга – кай тарапка жеке маселеңиз менен барсаңыз, алдын-ала жазылып, кайсы күнү, кайсы убакытта барышыңыз маалымдалат. Эч нерсени, эч качан тааныш-билиштикке салып алалбайсың, мүмкүн эмес. Капыстан ооруп калып, тааныш врачка барып көрүнсөңүз, анын терминине жазылбаган болсоңуз, эртеси врач жумуштан айдалат. Германиядагы мыйзамдар жалпы элдин кызыкчылыгына гана багытталган. Буларда жогорку билимдүүлөр, техника менен технологиянын атасын тааныткан адистиктер өтө жогору бааланат. Мисалы, инженер, технолог, программист, куруучу, айыл чарба адистери, дарыгерлер ж.б. Мугалимдер коомдо өзгөчө статуска ээ. Дарыгер, мугалим, полициянын кадыр-баркы, статусу мамлекет тарабынан корголот. Бир университетте иштеген катардагы окутуучу же профессор ишмердүүлүгүн иштеп акча табуу үчүн эмес, статусун, кадыр-баркын кармап калыш үчүн иштейт. Анткени анын кандай сабак бергенин студенттер анонимдүү (жашыруун) баалоо менен аныктап коюшат. Лекцияга бардыңбы-барбадыңбы эч ким текшербейт, а бирок окуу процесси аябагандай чоң эмгекти, окууну, изденүүнү талап кылган стресс. Сынакта бизге окшоп компьютерден көчүрүп алмай жок, кеминде ондогон илимий адабияттарды окуп, кайсы окумуштуулардын оюн алганыңызга шилтеме бергенге милдеттүүсүз. Биздегидей курстук иш жазганда компьютерден көчүрүп алуу, же дипломдук ишти окутуучудан сатып алуу деген түшүнүк жок. Студент дипломдук ишинин темасын тандап, болжолдуу планын түзгөндөн кийин гана жетекчисине бара алат. Жазып бүткөндөн кийин аны «антиплагиатка» салып текшеришет. Өзү жаздыбы же бирөөнүн эмгегин уурдап алдыбы дароо билинет. Бир предметтен тапшыра албасаң, үч жолу тапшырганга уруксат берилет. Үчүнчүсүндө да тапшыра албасаң, университеттен кол жууйсуң. Германиядагы бардык окуу жайларына сиз жөнүндөгү (окууга жөндөмсүз деген) маалымат жөнөтүлөт да башкадан кайра тапшырууга укугуңуз жок… Эми биздин окуу жайлары менен салыштырыңыз. Студенттин журналда аты жазылуу, өзүн көргөнгө зар болосуң. Мамлекеттик экзаменге жакын бир келип коёт, ошону менен бүттү, дипломун колго алат. Кайсы жылы кандай факультетти, адистиги эмне деген, кимдер менен окуганын билбеген бүтүрүүчүлөр, болгондо да аттуу-баштуу университеттин дипломун алгандар аныкталбадыбы. Окуунун кадыры ушунчалык түштү, билим ушунчалык тебеленди, окутуучу менен студент соодалашкан өзүнчө бизнеске айланганы өкүндүрөт. Бирок ушунун кесепетин, жасалма дипломдордун азабын тартып жатканыбызды моюнга алабызбы?..
САЛЫКТАН ЭЧ КИМ ЭЧ ЖАККА КАЧЫП КУТУЛБАЙТ…
Мамлекеттин казынасын толтурган салык системасы аябагандай терең жана кылдат иштелип чыккан Германияда. Өлкөнүн өнүгүшүнө тирек болуп турган салык саясатынан эле жарандардын социалдык абалы, коомдогу статусу айкындалып турат. Бул тармактын адиси эмес экенимди эсиңизден чыгарбаңыз, андыктан жөнөкөй, жалпак тил менен айтып берейин…
2016-жылы Германияда 239 миллиард евро (1 евро 78,79,80 сомду түздү быйыл…) салык топтолгон. Салык төлөгөндөр кайсы жерде (16 чоң жерге бөлүнөт, мисалы, Ош облусу сыяктуу) жашаса, ошого жараша мамлекеттик кызматта иштегендер менен жеке ишкерлердин салыгы кескин айырмаланат. Аз иштесе, аз салык, көп иштесе көп салык төлөйт. Эгерде мамлекеттик кызматта, мекеме-уюмдарда иштегендердин айлыгынан иш берүүчү камсыздоо төлөмдөрү; пенсияга, ооруп калганда, ишин жоготсо, иштен кеткенде төлөнүүчү төлөмдөрдү алып коёт. Дагы бир Конституцияда жазылбаган (убактылуу) тилектештик салыгы да бар. Сиздин кабарыңыз бар, мурунку Германия ФРГ жана ГДР деген эки мамлекеттен турган. Кийин бириккенден кийин ГДР өнүктүрүү максатында социалдык-маданий объектилерди курууга, инфраструктураны жакшыртуу багытындагы долбоорлорго төлөнөт. Ошондуктан Германия тегиз, бир кылка өнүгүүгө багыт алып, жылдан-жылга өсүп-өнүгүп жатат.
А бизде Ош менен Баткендин, Жалал-Абад менен Лейлектин, Нарын менен Ысык-Көлдүн, кыскасы, айыл-кыштактарды, айыл аймактарын, четки чегара зоналарын салыштырып болбойт. Эмне үчүн баткендиктер, лейлектиктер борборго барууга, көчүп кетүүгө аргасыз болушууда? Социалдык инфраструктуранын жоктугу, жердин тартыштыгы, суу, жумушсуздук, жарыбаган эмгек акы (бюджеттик мекемелерде) маданий-социалдык шарттардын жоктугу коңшу мамлекеттердин жарандары менен болгон жер, суу, жайыттар боюнча талаш-тартыш маселеси өтө курч болгондуктан, борборду көздөй агылууда. Ички миграциянын себептерин изилдеп-анализдеп, ошого жараша иш алып баруу маселеси дың бойдон турат.
Германияда жарандар салыкты төлөөдө 5 категорияга бөлүнөт. Бойдок же үйлөнбөсө көбүрөөк салык төлөйт. Үйлөнсө салыгы азаят, балалуу болсо, ар бир балага мамлекет кошумча акча берет.
Оо, жеке ишкерлер, байлар, миллионер, миллиардерлер аябагандай чоң суммадагы салык төлөшөт. Канчалык көп тапса, ошончолук көп төлөшөт. 2007-жылы байларга дагы көбүрөөк төлөсүн деген мыйзам киргизилген. Миллионерлердин чекеси бекеринен тырышат дейсизби… Ошонун эсебинен жардылар, социалдык корголууга муктаж болгон катмар, оорулуулар, майыптар, тентимиштер, ата-энесиз балдар (категориясы көп) ардагерлерге жашоого ыңгайлуу бардык шарттар түзүлгөн. Алар эч нерседен өксүбөй, теңата жашоого укуктуу деп эсептейт мамлекеттин өзү. Биздеги байлар айрыкча чоң кызматтагы мамлекеттик чиновниктер жаккан светине, газына, суусуна, майда-барат жеке керектөөсүнө (канчалаган чиновниктердин фирма, акционердик коомдор, жоопкерчилиги чектелген менчик ишканалары салыкты жашырып, эки эсепканасы бар экени жалганбы?) салык төлөмөк турмак, жеген тамагы бирөөлөрдүн эсебинен экенин жашырабызбы… Акыркы жылдагы коррупциянын крокодилдерин өзүңүз көрдүңүз…
«БААРЫ БИРӨӨ ҮЧҮН, БИРӨӨ БААРЫ ҮЧҮН»
Мындай принцип Германиядагы медициналык камсыздоо системасы бардык жарандар үчүн милдеттүү. Акчалуу байлар жеке менчик медициналык камсыздоону тандашат. Алар жыл бою белгилүү өлчөмдө тапканына жараша компанияга акча төлөп турушат. Эгерде ооруп калса, менчик компаниянын кызматкерлери дарылап айыктырат, анын баасы канча эсептелсе, ошол сумманы медициналык мекемеге же кызматкердин колуна карматат. Андыктан, алардын кызыкчылыгы абдан жогору, өтө жогорку деңгээлде дарылашат. Ал эми мамлекеттик милдеттүү медициналык камсыздандырууда жарандар ай сайын айлыгынан төлөп турушат.
Ооруйбу, оорубайбы баары төлөөгө акылуу. Эгер ооруп калса, эч кандай акы төлөбөстөн дарыланып чыгышат. Стационарга, ооруканаларга болгону канча күн жатса, жарыбаган сумманы гана төлөшөт. Акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар категорияларга жеңилдиктер арбын. Ал эми башка мамлекеттерден келген бейтаптарга чоң суммадагы каражат төлөнөт, өтө кымбат. Операциялардын оор-жеңилине жараша наркы эсептелет. Ал гана эмес, Германияга барган туристтер, меймандар, гастарбайтерлер, кыскасы, башка өлкөнүн жарандары да медициналык камсыздоого чоң эле сумма төлөшөт. Капыстан кырсыкка кабылып жаракат алса, же бирдемеден ууланып калса, кечиктирилгис медициналык жардамды ала алышат. Андайда Куткаруу кызматы менен ууланганда ыкчам жардам көрсөтүү кызматтары иштейт. Буларга да чоң суммадагы акча төлөнөт. Ошондуктан, медициналык жардам алуунун эрежелерин сурап-билип алуучу атайын кызматтар иштейт. Дарыканадан рецептсиз баш оорунун да дарысын сатып алалбайсыз. Бир гана врачтын колу, мөөрү басылган кагазысыз дарыканалар тейлебейт. Немец жарандарынын балдары үчүн дары-дармектер 18 жашка чейин акысыз. Эми биздеги дарыканалар жана медициналык жардамды элестете бериңиз… Ооруканага барсаңыз, дарыгерлер колуңду карап турушат. Медициналык жеңилдиктер мыйзамда жазылгандай көрсөтүлөт деп эч ким кепилдик бербейт.
Немецтер аябагандай иштерман, мээнеткеч, убакытка сараң келишет. Бир жылдык жашоосунун жадыбалын (эмне иш бүтүрөт, каякка барып саякаттайт, туулган күндөрдө ж.б.) кварталдык, сезондук, жылдык пландарын күн тартибине киргизип, көз көрүнө илип коюшат. Үйүн же дачасын ремонттосо, компьютерге карап өзү жасайт, өз колу, өз эмгеги менен бүтүрөт. Анткени кол менен жасалган курулуш иштеринин, кол эмгеги менен бүткөн турмуш-тиричилик буюмдарын оңдоо, ремонттоо жумуштарынын наркы өтө кымбат. Үйдө жумуш жөнүндө, жумушта үйдүн көйгөйү жөнүндө эч качан сүйлөшүшпөйт. Саясат жөнүндө сүйлөгөндү да жактырбайт. Бирдеме айтсаң, дароо компьютерден текшерип көрүшөт. Фактысыз, аргументтерсиз маалыматтарды бергенден чочуйсуң… Ооз көптүрүп, ойкелди соктурмай жок. Мактанганды өлгөндөй жаман көрүшөт. Маараке, юбилейлерде бизге окшоп, 300–500 киши чакырмай жок. Көкөлөтө мактап, юбилярды же кеченин «күнөөкөрүн» жерге-сууга түшүрбөй, кооз сөздөр менен ыксыз кооздосоңуз, апыртып мактасаңыз өздөрүн ыңгайсыз сезип, жасакерленүү же кошоматчылык катары кабылдайт. Бизде мактап асманга чыгарып туруп, шатыны алып коюшат эмеспи… Мактоого манчыркаган киши «чын эле мен ушундай окшойм» деп, оозу кулагына жетип, мартабасы эки эсе көтөрүлгөнсүп калат…
Билем, сиздер дагы бир нерсеге кызыгып турасыздар. Немецтерге… Германия өнүккөн, дүйнө жүзүндөгү бай мамлекеттердин катарында. Анын баарын майдалап айтып, сиздер менен бөлүшөм буюрса. Биздин Кыргызстан да качандыр бир кезде ушундай даражага жетет деп ишенем, мен көрбөсөм да балдарым, небере-чеберелеримдин көрүшүн каалайм, тилек кылам…
Немецтерде бардыгынын өз эрежеси, тартиби бар. Убакытка бычактын мизине такагандай так, үнөмдүү, сарамжал жана пунктуалдуу. Кечиккенди эч жактырышпайт, беш мүнөт эрте барууну сый катары көрүшөт. Кала берсе жолдо жүргөндө сол менен оң тараптагылар бири-бирине жолтоо болбош керек, түртүп кетүү, урушуу, сөгүнүү, жол талашуу, жолдон кач деп буйрук берүү буларга таптакыр жат. Жолдо бири-бирине карама-каршы баратышса да, ал кимдир бирөөгө тоскоол болбодумбу деген ойдо болгонсуйт… Мүнөт сайын ыракмат айтып, тез-тез биз маани бербеген нерселерге кечирим сурап турушат. Кайда барбаңыз биринчи салам айтып, жылмайып тосуп алышат. Насилинде булар сабырдуу, эмоциясын билдирбеген, тымпыйып ичимен тап дегизген бир сырдуу, кем сөз, комплиментти абдан ойлонуп айткан, өзү менен өзү болгон индивидуалдуу, интеллективдүү эл. Эмелеки саатта эле баскан-турганыңыздан маданиятыңызды байкап коюшат. Бизге окшоп ушак-айың айтышпайт, бирөөнүн жеке ишине, турмушуна (бир тууганы болсо да) кийлигишпейт. Буларда жаатташуу, коллективизм деген жок. Индивидуализм өнүккөн. Гендерлик теңчилик деген турмушунда колдонулат. Үй тиричилигинде аял же эркектин иши, милдети деген түшүнүк жок. Мыйзамдуу каттоодон өтүп, үйлөнбөй туруп жарандык никеде жашагандар бар. Көп жыл бирге жашап, бири-бирине түшүнүп, бирин бири толуктап, руханий жактан байытып турса, жаш курагына карабай карыганда деле үйлөнгөндөр кездешет. Никелешүү күбөлүгүн жөн гана кагаз, формалдуу нерсе катары карагандар бар. Үй-бүлөнү курууда эки жаш баарын сүйлөшүп, пландаштырып, нике келишимин толтуруп, канча балалуу болууну каалашарын да көрсөтүшөт. Эгерде кимиси көбүрөөк маяна тапса, ал иштеп, аялы же эркеги көбүрөөк убактысын бала тарбиялоого коротот. Аларда улутуна, расасына, кебете-кешпирине, мындайча айтканда, социалдык абалына, сулуулугуна (албетте, баары эмес) карап мамиле жасоо деген жок. Сүйүү сезимин өтө жогору баалашат, албетте, көпчүлүгү. Биздегидей эсеп-кысап менен социалдык жагдайына, коомдогу абалына, ата-энесинин статусуна карап турмуш кургандар деле болуш керек.
Бала тарбиялоого чоң маани беришет. Жаш кезинен баштап спортко, ар кандай өнөр үйрөтө турган кружокторго (бий, музыка, ыр, лыжа тебүү, сууда сүзүү, атка минүү ж.б.) алып барышат. Үй-бүлөнүн тапкан кирешесинин эң чоң бөлүгү баланын тарбиясына, интеллектисинин өсүшүнө жумшалат. Биздегидей, бала өзү эле чоңоё берет деген түшүнүк жок. Бала менен теңата, гумандуу, мээримдүү, толеранттуу мамиледе болушат. Алар эмнени жакшы көрөт, кызыгат, эмнеге жөндөмдүү, кимдер менен сүйлөшөт, эмнелерди жактырбайт, кыскасы, баланы ар тараптан окуп-үйрөнүшөт. Баланын жан дүйнөсүнөн биротоло орун алганга умтулушат. Баланы уруп-токмоктогонго, жаман сөз айтып мазактаганга эч кимдин акысы жок деп эсептешет. Эгерде жаман жоругу болсо же кылмыш жасаса, анын себептерин издей башташат… Баланы уруп-токмоктосо, дароо полиция келип алып кетет да, кылдат териштирип, конфликттин келип чыгуу негиздерин изилдеп-анализдеп (атайын мамлекеттик социалдык органдар бар) чара көрөт, ата-энесин жоопко тартат же ата-энелик укуктан ажыратат. Бала өзү каалабаса (өзгөлөр эмес), өз ата-энесинин өөп-жыттаганга акысы жок. Эң эле жөнөкөй бир мисал, эгер бала үйдөн китеп баштыгына салып берген май токоч же пирожкисин жебесе, «жедим» деп калп айтып койсо, дароо психологго кайрылышат. Баланын калп айтканына, апыртып сүйлөгөнүнө, өзүнчө жүрүп балдарга кошулбай басмырт болсо, жан-жаныбарларга этиятсыздык менен мамиле жасаса, аларды уруп-согуп кыйнаса, коомдук этикага сыйбаган жүрүш-турушуна өтө тынчсыздануу менен мамиле жасашат. Мени баарынан таң калтырганы, балдар ата-энелери менен чогуу көрө турган концерт, драмалык спектаклдердин тез-тез коюлуп турушу, алар үчүн атайын балдар театрлары иштеп, репертуарларын мезгилдин талабына жараша жаңыртып турганы болду. Келиңиз эмесе, Вупперталдын театрынан белгилүү немец драматургу Томи Унгерердин үй-бүлөлүк «Үч каракчы» деген пьесасын чогуу көрөлү…
СҮЙҮҮСҮЗ СҮЙҮҮ ЖОК…
Алыскы-алыскы калың, түнт токойдо үч каракчы жашайт. Бою узун, тарбайган буттарына 47–48-размердеги өтүк кийген, каардуу көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй олурайган, бетиндеги тагынын тамтыгы чыгып коркунучтуу, биринен бири өтүп ырайымсыз, шырп эткен дабышка сак жана колундагы куралы менен жолдон өткөндөрдү талап-тоноп, эмнени болсо да тартып алып, оокат кылышат. Алардын жолу болбогон, олжосуз калган мезгилдеги каарданганын, ачууланганын көрсөңүз…
Токойго жакын жерде жалаң жаш балдарды топтоп, аёосуз эзип иштеткен, тамак-ашты да өлчөп берген, эс алуу дегенди билбеген колу катуу, таш боор, бир ишкананын ээси өтө бай, сулуу аял болот. Бул жерге келген балдардын дээрлик бардыгы ар кандай жол менен уурдалган же жоголуп кеткен балдар эле. Бай аял полицейлер менен күн мурунтан тил бириктирип, кароосуз көчөдө калган же адашып кеткен балдарды аялга алып барып берчү да, акысына андан акча ала турган. Балдар жаш курагына карабастан, керелиден кечке от өчпөгөн, ысык мештин алдынан чыкпай кант кайнатышат. Аял кантты жанындай жакшы көрөт. Канттан жасалган токочторду, тортту аябай жакшы көргөндүктөн эт-бетинен түшүп канча жесе да же өзү, же көзү тойбойт. Анын бизнеси да кант чыгарып, андан чоң киреше алуу эле. Балдарды тизип алып же иштеп жатканда да: «Кантсыз сүйүү жок…» – деп хор ырдаткандан тажабайт.
Бир кыздын атасы да, энеси да жок, томолой жетим болот. Ал короосундагы жалгыз чоң ташты ата-энесиндей жакшы көрүп, кучактап алып эркелейт, тилегин айтат, ырдайт, алар менен сүйлөшөт, ой бөлүшөт. Кээде капасын бөлүшүп ыйлайт, арыз-муңун айтат. Жердеги кумурскага да боору ачыган, куштар тумшугу менен илип жеген көлмөдөгү бакаларды аяган, тыйын чычканга колундагы жарты токочун бөлүп берген ашкере боорукер, аябай акылдуу, бут алдындагы чөпкө да мээримин төккөн өтө жароокер, мээримдүү кыз. Анын аты – Линда. Ал дайыма ой-кыялында ата-энесин издейт, алар да кызды издеп таба албай, адашып жүрүшкөндөй сезилет…
Күндөрдүн биринде көпөлөк кууп баратып, кыз адашып кетет. Караса, чар тарабы чытырман токой. Кайда барарын билбей ыйламсырап, жалгыз отурса, алысыраактан жанагы үч каракчынын бири аны көрүп калат да, акырын басып келип колунан жетелеп, бакыртып-чыңыртып өзүнүн үңкүрүнө алып кирип кетет. Үч каракчы кичинекей кыздан анын дарегин сурашат.
– Атың ким сенин?
– Линда.
– Ата-энең барбы?
– Ооба.
– Алар каерде жашайт?
Зээндүү, зирек кыз алардын кат билбегенин, сабатсыздыгын дароо байкап коёт да, амал ойлоп табат.
– Атам Индияда жашайт.
– Индияда!!!
– Алтыны көппү?
– Ооба.
Үчөө тең жарышып кубанып кетишет да, дароо эле акча табууну, кызды барымтага алып, атасынан көп акча, алтын өндүрүп алууну ойлошот. Кол чаап, жер тепкилеп сүйүнүшөт.
Кыз атасына кат жазат, аны ак көгүчкөндөн берип жиберет.
Каракчылардын бири кызды аяп, башкаларга караганда жумшак мамиле жасайт. Кыздын баарына акылы жетик, баамчыл жана сергектиги, көп нерсени билгени таң калтырат. Анын билимдүүлүгү, көп окуганы кызыктырат да оюна келгенин сурайт. Кыздын акылдуу жообуна көкүрөгү жылып, тамга таанып, кат жазууну үйрөтүүнү суранат. Кыз аларды окута баштайт. Тамгаларды жазып, аны кураштырып сөз, сүйлөм түзгөндү, эсептегенди, сандарды бөлүү, көбөйтүүнү, арифметиканы үйрөтөт. Окутуу канчалык оор, машакаттуу болгонуна карабай кыз сабырдуулугун, эрктүүлүгүн, эмгекти сүйгөндүгүн көрсөтөт. Таза эмгек, ак мээнет менен жашоого боло турганына ынандырат. Үч каракчынын жүрүш-турушу, адеп-ахлагы акырындап жакшы жагына өзгөрүлө баштайт. Алардын жүрөгүндө уюган кара таштай жек көрүү, карасанатайлык, мыкаачылык, карөзгөйлүк, таш боордук, жырткычтык, мерездик сезимдери акырындык менен эрип, жумшара баштайт… Анын ордун мээрим, ишеним, сүйүү, аёо, адамгерчилик сезимдери ээлейт… Кичинекей кыздын жүргөн-турганы, жаратылышка болгон сүйүүсү, камкордугу, мээримдүүлүгү, эмгекчилдиги аларды таасирлентет…
Күндөрдүн биринде Линда каракчылар кызуу уйкуга киргенде, алардын үйүнөн качып кетет. Дары чөп издеп жүрүп, жолду билип алат. Токойдон чыгып, жалгыз таман жолдо келатканда кант иштетип чыгарган аялдын эзүүсүнөн качып чыккан жүдөгөн, азып-тозгон эки балага жолугат. Алар өз ара сүйлөшүп, аялдын кол алдында күңдөй мүңкүрөп, айласыздан иштеп жүргөн, кыйноодон эзилген балдарды бошотуу жөнүндө сүйлөшүшөт. Канткенде малай балдарды куткарууга болот? Кандай жолду тандаса жаңылышпайт? Өзүнчө тиран, диктатор аялдын сыйкыры да бар, кара күчтөргө ишенет.
Балдар бир айласын таап, бай аялдын кант кайнаткан заводуна уурданып кирип, кыйналып-жүдөгөн балдарды эптеп бошотушат. Аларга үч каракчы жардамга келет. Аял канчалык кара күчтөрүн ишке салып, айла-амалын иштетип, амалкөйлүк кылса да, бара-бара күчтөн тайып, жеңиле баштайт… Камоодогу балдарды бошоткондо, баары биригип келип, урабас-кулабас деген аялдын кыйноо түрмөсүнүн быт-чытын чыгарып, чынжырын үзүп, өзүн ордого салышат. Ал жан соогалап, экинчи мындай карөзгөйлүктү кылбасына балдарды, элди ишендирет. Үч каракчы көп жылдардан бери топтогон алтындарына ишкананы сатып алып, балдар үйүнө айландырышат.
Жакын адамдарын жоготкон же адашып жоголуп кеткен, кароосуз калган балдар үйүндө жаңы турмуш, жаңы жашоо башталат. Алардын шаңдуу күлкүлөрү жаңырып, балалык мээримге, сүйүүгө карк толгон көздөрүнөн бакыттын учкундары чачырайт… Алар кол кармашып алып, эртеңки, болочоктогу өмүр жолундагы ар кандай кыйынчылыкка чыдап, асыл максаттарына жетиш үчүн сүйүү, достук, ишеним жана ак эмгек гана аларга жолдош, окутуучу жана жан шерик болоруна ишенип, «Сүйүүсүз сүйүү жок» деп жалпы ырдашат.
Мени абдан таң калтырып таасирленткени театрдын жасалгасы, декорациясынын өтө чоң чеберчилик менен иштелгени болду. Кадимки түнт токойдо, каракчылардын үңкүрүндө жүргөнсүйсүң… Алардын бою 180–190 см десем жаңылышпайм, жашоосу нагыз реалдуулукка жакын, өзүндөй жасалгаланышы, кашаага илинген үч кружка, коңултак кийилген үч өтүк, уктап жаткан үчөөнүн коңуругу үңкүрдү жарат… Үндүн акустикалык жаңырышы да театрдын секичесинен залдын төрүнө чейин кадимкидей эркин, бирдей угулат. Тыптынч отуруп, үн чыгарып сүйлөбөй, каткырып күлбөй, залдагы көрүүчүлөрдүн да тынчтыгын бузбоого аракеттенген немецтерге мындай тартип көнүмүш этикага айланган.
Бизде миграциянын артынан талаа кезип, алыскы-жакынкы бөтөн өлкөлөргө жокчулуктун айынан «тиричилик кылайын, акча таап балдарымды багайын» деп кеткен мекендештерибиздин наристе балдары ата-энесинде, жакын туугандарында калууга аргасыз. Эки-үч жашында, кыркы чыкпай жатып, эмчектен калган наристе балдардын канчасы ата-эненин мээриминен ажырап, жасалма тамак, жасалма ботко жеп, ата-эненин сүйүүсүн, мээримин көрбөй, аларды тааныбай өсүп жатат. Мындай социалдык оор, орчундуу маселенин ушул тапта заарын, кээрин тарта баштаганыбыз менен токтотуп калуунун, чекит коюунун эч кандай айласын таппай турабыз. Эрте жашында эненин эмчегине тойбой, эненин караанына, үнүнө, сүйүүсүнө, эркелеткенине зар болуп өсүп келаткан ымыркайлардын, ар кыл жаштагы бөбөктөрдөн таза, баёо, кирсиз сезимдеринде эмне деген өксүк, эмне деген кейиш, муң-кайгы жатканын уккан киши жоктой… Учурда ушул маселенин көйгөйү как бешенеге келип сайылып, ата-эненин мээримине тойбой, жакын адамдарынын, туугандарынын колунда өскөн балдардын «өксүк тарбиясынын» азабы, мээримдүүлүктүн, боорукерликтин таңкыстыгы, мээримсиздиктен, кайдыгерликтен, кенебестиктен, ырайымсыздыктан, тоң моюндуктан, таш боордуктан жана мерездиктен баланын психикасы, баланын жүрөгү, баланын жан дүйнөсү жабыркап жатканын ойлогон жан барбы?