«Кыш барактары» ыр топтомунан
Үшүгөн сезим үн салып бүгүн өзгөрдү,
Үзүлүп түшүп үңкүрдөй үйгө батпадым.
Табалбай издеп таттуудан-таттуу сөздөрдү,
Татынам сага жазамын сүйүү каттарын.
Акылы терең, ачык бир мүнөз кымбатым,
Арзанга түшөр алтын деп сени мактасам.
Жакыным менин, жарашып турат сымбатың,
Жааган кар окшоп жан дүйнөң дагы таптаза.
Оомалуу-төкмөл дүйнөдө турмуш кечирип,
Ойронго түшүп канча бир ирет ыйлагам.
Он эки мезгил кечигип келип, кезигип
Ортодо сүйүү болорун такыр туйбагам.
Жалгыздык деген жан досум болуп кыйла жыл,
Жаңылдым-жаздым, айыбым бирок аз чыгар.
Тараза кудай, кирдеген эмес ыйманым,
Тагдырга жазган менде да бир аз бакты бар.
Көп күндөр өттү түйшүккө түшүп бүлүнгөн,
Көрдүм да сени көңүлүм калды байланып.
Козголуп жүрөк, коно албай турам бүгүн мен,
Коштолуп, сүрөп көпөлөк сындуу айланып.
Ак сүйүү таптым, агарып турат дүйнө күн,
Айжаркын жүзүң алмадай кызыл албырып.
Сыйлайын дайым ырымды арнап сүйгөнүм,
Сырымдын баарын төгөйүн сага кар кылып.
Жаш болсоң дагы жалының мени куйкалап,
Жарыла жаздайм бир сапар көрбөй калганга.
Башымдын ичин барды-кел ойлор уйпалап,
Батынбай турам терезең чертип барганга.
Каргалар учат… Кар эрип турат… Жылуу кыш.
Кабатыр болуп кат жаз деп менден суранба.
Кантейин эми сөз таппай койдум сулуу кыз,
Карааның эле жазылып бүткүс чыгарма.
* * *
Эх, ошол кез! Ошондогу айылда,
Эч ким илип олтурчу эмес эшигин.
Бөбөктөрдү коңшусуна дайындап,
Бөлөп коюп кете берчү бешигин.
Чака-челек мелт-калт толгон айран, сүт,
Чакырылбай өзү келген коноктор.
Бүлүк түшкөн, күлүп түшкөн кайран кез,
Бүгүн менин балдарыма жомоктой.
Жакындатып туруучу эле баарысын,
Жапыз үйлөр, жапырылган тор зымдар.
Жакшы адамдар акысыз да, кайрымсыз,
Жардамдашып бири-бирине кол сунган.
Айыл жапырт чогулушуп түлөөгө,
Ала чуркап идиш-аяк, төшөгүн.
Келин алып, кыз узатса бирөөлөр,
Келип баары көркү чыкчу көчөнүн.
Мезгил өттү. Мерестикти үйрөндүк,
Мен барбаймын телефондон чалбаса.
Басып бирөө алуучудай үйлөрдү,
Баарыбыз тең койдук темир дарбаза.
Эсеп-чоттун эбин тапты келиндер,
Эзелкидей ичпей калдык айранын.
Саап-саабай, чыгып-чыкпай желинден,
Саалган сүттөр самын-чайга айланып.
Жалпыбыз тең пенде экенбиз бир акма,
Жасап-түзөп үйдүн ичин оңдодук.
Кенен кылдык бөлмөлөрдү, бирок да
Кеткени жок пейилибиз чоң болуп.
Эх, ошол кез! Мен кичине чагымда,
Эч ким кулптап бекитчү эмес эшигин.
Жөпжөнөкөй жыгач болчу каалга,
Жөлөп коюп кете берчү өтүгүн.
* * *
Жылдарды күтүп, жылыбас күндү бир көрүп,
Жылдызы түшкөн бир сүйүү баштан кечирип.
Олтурсам жалгыз ойлордун чубап түрмөгүн,
Он тогуз келип терезем кагат кеч иңир.
Балалык кылдым, барына бардай жетпедим,
Батынып кайра батынбай турам ачууга.
Сен келген тарап, өзүм да ошол кечтемин,
Сезе албайм, бирок алдыда кандай ашуу бар.
Чыйрыгат аалам, чыйрыгат турмуш калч этип,
Чыркырап чындык чыгалбай жатат тереңден.
Түкүрүп салып көчөнү көздөй «балч» этип,
Түшүнбөй дале тирүүлүк сага келем мен.
Саргайган барик. Сагыныч, куса капталып,
Сагалап турган санаалар качан басылат.
Баёолук сезим жүрөктүн сууруп саптарын,
Баратат дүйнөм он тогуз бөлүп чачырап.
* * *
Көчөдө жымжырт. Айыл суз.
Көп жылдар мурда узаган,
Балалык кезим дайынсыз,
Бакытка бойду тушаган.
Чийилди мезгил барагы,
Чикилик ойноп, чүкө аткан.
Карарган бойдон карарып,
Кайрылбай кетти үч атчан.
Боз-Айгыр тоодон боз бороон,
Боройлоп чаңды сапырып.
Уланбайт үндөр коштогон…
Угулбайт салган чакырык…
Коломто, очок, нан жапкан,
Короолор турат. Журт аман.
Апаң жок, бирок ал жакта,
Алдыңдан тосо чуркаган.
Сандыктын салкын төрүндө,
Сары атын минип тер аккан.
Атаңдан караан көрүнбөйт,
Адырдан түшүп келаткан.
Карадым, күттүм, жүдөдүм,
Кайышкан сайын кабыргам.
Тилинип турат жүрөгүм,
Тийгендей болуп чагылган.
Коргошун гүлү гүлдөгөн,
Конуш бар дале биз барган.
Боз үйдүн орду. Күл дөбө,
Бир таман анда из калган.
Из калган жалгыз бир гана,
Ийрилип, күтүп чарчаган.
Келбеди дейсиң ким гана…
Кетпеди дейсиң канчалар…
Басылбай калган белестер…
Балалык эске түшкөндө,
Бардыгы көзгө элестеп,
Башымды жаздайм үстөлгө.
Өтүштү күндөр түш өңдүү,
Өлбөгөн жанга тирилик.
Саргайган жалгыз үзөңгү,
Сарайда калды илинип…
* * *
Көчөт баары көчкүдөй туюкталып,
Көксөп келип өмүрдө жашыл айдың.
Баркым билбес күндөргө уюп калып,
Баштагыдай мен эми жашыбаймын.
Ырым менин ымандай ак сырымбы
Ырк кеткенде жүрөктү кысып чыккан?
Жашап жатам жаманбы, жакшымынбы,
Жашына албай муздактан, ысыктыктан.
Сагынамын, самаймын бир мезгилди,
Салуу кандай оор эле бүтүн таштап.
Түгөнбөгөн жол учун ким кестирди,
Түшүн дүйнө, түшүн күн, түшүн жаш чак.
Атып таңдай бир сүйүүм, кайра баткан,
Азыр көрсөм күч беле сыйкыры анын.
Учпасын деп чымчыктар сайрап аткан,
Угулбаган үн менен кыйкырамын.
Сезбейт аны, сезүүгө адамдар аз,
Себеленет сезимге кардай мамык.
Байкалбаган из менен кадам барат,
Бактысына барчу жол калбай калып.
Жанчылуумдун башка да жагы барбы,
Жалгыздыгым жашоонун дептеринде.
Үлбүрөгөн сулуунун тагы калды,
Үргүлөгөн дарактын беттеринде.
* * *
Көөдөн бош, эмнегедир чөгөт көңүл,
Көчөнүн аяк-башын токуп туман.
Кар төгөт, кабыргамды сөгөт менин
Качанкы ырларымды окуп турам.
Эриктим, эч силерди көрө албадым,
Эскирген эсил сөздөр түк кетпеди.
Дүйнөнүн чындыгына көнө албадым,
Дүмүрдү тургузууга күч жетпеди.
Сагынчым айтып келип кеп түгөндү,
Санаанын сан жылдызы жанып көктөн.
Эх, күндөр! Силер дагы кеттиңерби,
Эси жок бирөөгө окшоп чанып кеткен.
Тойдум мен тогоосу жок калыстыкка,
Томуктай жер үстүндө жоктой кызык.
Аттигиң алыс, алыс, алыстыкка,
Атылып кетким келет октой сызып.
Тымтырстык… Тынч бөлмөдө оюм сынат,
Тышта кар ачып жатат кыш барагын.
Аргасыз пенделикке моюн сунам,
Аңгырап боштук ээлейт туш-тарабым.
Бийледик бийик күйгөн жалындарга,
Бир болдук, кайра бирден ыдырадык.
Эми биз кайсыл тоонун жалын кармап,
Эми биз кай талааны кыдырабыз.
Кайрылып келүүчүдөй кайра баары,
Караймын бир чекитин аста шыптын.
Мезгилдин арабасын айдап алып,
Мен бүгүн өзүмө-өзүм касташыпмын.
Жаштыктан, жакшылыктан элес берип,
Жарыгын жанып турган кечки Бишкек.
Калтырып бизди кошкон элет жерин,
Калаадан бактыбызды кеттик издеп.
Узадык үн жетпеген чакырымдай,
Учушту асыл жылдар закым болуп.
Жашоону өтөп келем акырын, жай,
Жалгыздык досумдан да жакын болуп.
Кезикпей алыстадың, кача бердиң,
Кезикпейт биздин жолдор бөлөк жолдой.
Кыялга жетеленип баса бердиң,
Кыйналып турган чакта жөлөк болбой.
Чачылдым чамам жетпей жыйнаганга,
Чакырдым жакындарым келишпеди.
Суроолор сулуулардай ыйлаганда,
Суу перим сени күттүм деңиздеги.
Туюктук… Мыкчып турам башты мына,
Турмуштан жок издепмин, бар издебей.
Тумчугуп туман баскан жаштыгыма,
Туулгум келди кайра наристедей.
Убакыт айланганда күчтөй басып,
Унуттум бүтүн баарын деймин дагы.
Түшүнүп бүгүнкүнү бүтпөй жатып,
Түйшүгүн эртеңкинин жеймин жаңы.
Үшкүрүк бүткөн бойду тушап кетип,
Үшүгөн жолду тиктейм бар кабардай.
Биз күздө каркырадай узап кетип,
Биз кышты тоскон жокпуз каргалардай.
Чындыкты түтүн сымак үйлөп коюп,
Чылымга мүнөт сайын ышталамын.
Күн кыска. Кар чатырда үймөк болуп,
Күүгүмдө ачып жатат кыш барагын…
Эски дептерден
Сапарга чыксаң жөн бүгүн,
Саргая күтөт Ала- Бел.
Сагыныч баскан мөңгүнүн,
Саламын мага ала кел.
Таң сүрүп кетти бол ыкчам,
Тартылуу калсын терезең.
Уйкусуз түндү жолуккан,
Узатып калам мен эчен.
Жоодурай тиктеп талааны,
Жошолуу көзүң жаш чайып.
Каркыра сындуу карааны,
Кан жолдор жатат кашкайып.
Суктанып карек от күйгөн,
Суусамыр суусу тынбаган.
Жортуулуң болот жок дүйнө,
Жол улап кетет сынбаган.
Өтөөрсүң не бир издерден,
Өмүрлөр жолго ишенет.
Күүгүмдү күтүп биз келген,
Күлүгүң турат кишенеп.
Кайгырба сулуум, кайгырба,
Кайрылып келер бир убак.
Үн жетпес улуу айдыңда,
Үшкүрсөк бизди ким угат?!
Ыйлаба сулуум, ыйлаба,
Ыркыбыз келер бир убак.
Кыйырсыз, учсуз кыйладан,
Кыйкырсак бизди ким угат?!
Эңсөөдөн көңүл калышпас,
Элесиң түтөт канчага?
Чаңкайын сенден алыстап,
Чарчаба а сен, чарчаба…
Кош аалам кошо сыгылып,
Кош дешке кантип кол барат.
Күрөшкө тойбой жыгылып,
Күтөйүн күндө жол карап.
Уучуңа толбойт аккан жыл,
Убакыт чуркайт безилдеп.
Армандуу жааган ак жамгыр,
Ардагым сага сезилбес…
* * *
Жашап жаткан уяңды бузбас кылып,
Жаратпайбы мезгилди учпас кылып.
Балалыкка алпарчы атакебай,
Баштагыдай тору атка учкаштырып.
Жылкы айдайлы жылгадан күлүк минип,
Жылдыз жанган түндөрдү сүрүп кирип.
Жаз тосолу ак карлуу чокулардан,
Жакшы тилек, максатты үмүт кылып.
Тай минейин олтуруп ээрине бек,
Талды-Булакка баралы шеринелеп.
Кара шагыл үстүндө үч түп болгон,
Карагаттар баягы териле элек.
Камыштуу-Сай, Бакай-Таш, Бөлөк-Дөбөм,
Кара жамгыр төкчү эле көнөктөгөн.
Түбөлүктүү жашайт деп мен силерди,
Түк оюма келбептир өлөт деген.
Түк билбепмин, бала экем түшүнбөгөн,
Тирүүлүк жок турбайбы үзүлбөгөн.
Тактайында отурчу энемди эстейм,
Тамекисин колунан түшүрбөгөн.
Салып дүрбү көздөрү тешилчү эле,
Садагам деп, сарым деп эзилчү эле.
Көк чермейин жыттасам күнгө тозгон,
Көмөч нандын жытындай сезилчү эле…
Кенендерим, асылым, эсилдерим,
Келип турат азыр да кечир дегим.
Карай берип кайтчудай жолуңарды,
Картайыптыр наристе сезимдерим.
Баарын өзүм башкарып билем деген,
Баштагыдай тайрактап жүрөм деген.
Эрке талтаң учурум эчак көрсө,
Ээрчип ыйлап кетиптир силер менен.
* * *
Кыялап барып батты күн,
Кылымдын соңку кышында.
Жаай албайм, бирок аттигиң,
Жан дүйнөм жамгыр, тышым кар.
Кыйкырсаң үнүң укпастан,
Кылдырайт өмүр арабаң.
Жүрөктү небак бук баскан,
Жүдөткөн санаам тарабай.
Айгышкан күрөш тыйылбайт,
Айланып чуркайт айды жер.
Мезгилди чачып тыйындай,
Мен гана келем кайдыгер.
Кабарың мага бердиң да,
Кайсы бир күнү таң эртең.
Кайыктай сүзүп келдиң да,
Кайыптай життиң жан эркем.
Көңүлдү турат эңшерип,
Көгүчкөн кушум эми жок.
Көксулуу кызды менчелик,
Көксөдү бекен Жеңижок?!
Кыялды турат эңшерип,
Кыйналып санаа тартасың.
Акмөлмөл кызга менчелик,
Арзыды бекен Барпы акын?!
Бактыма түшкөн из менен,
Бар болуп жашап калышка.
Жогум жок, бирок издеген,
Жол тартып турам алыска…
Жиги жок аалам койнунда,
Жиниккен турмуш – бурганак.
Сыйрытмак сындуу мойнумда,
Сыгылган күндөр сурданат.
Ачканы барсам парданы,
Аппак кар, анан жаңы кыш.
Жаңы кыш жаңы арманым,
Жааган кар жалаң сагыныч.
Агарып жаткан талаалар,
Аңгырап калган көңүлүм.
Акырын эрип салаалап,
Айнектен агат өмүрүм.
Жылдызың жанды азгырып,
Жыйырманчы кылым кышында.
Жаай албай турам аптыгып,
Жан дүйнөм жамгыр, тышым кар.