МЭЭНЕТКЕЧ ИЛИМПОЗ (Профессор Лайли Үкүбаеванын чыгармачылык бейнесине сүртүмдөр) Адатта биз кайсы бир белгилүү өнөр ээси тууралуу кеп кылганда аны ошол өнөрдүн сересине алып чыккан башаттарга сереп салмайыбыз бар. Дээринде болбосо жана аны бир топ маанилүү факторлор (эмгек кылып тынымсыз изденүү, устаттардан таалим алуу ж.б.) коштобосо, ал мынчалык даражага жетпейт эле дейбиз. Мунубуз деле туура. Ошол…
Месяц: Июль 2019
Төлөгөн КОЗУБЕКОВ
КӨК ТЕҢИР 8-БӨЛҮК Көк Теңирдин адамдарга деген дагы бир энчиси – ҮРП-АДАТ Түшүндүрмө: Үрп-адат Көк Теңирдин ар бир элдин өзүнө энчилеген бузбай аткара жүрчү калыптанган жөрөлгө туюмдары, Теңир пенделеринин кынтыксыз аткара жүрөр өз ара укуктук-адептик туруктуу эстутуму. Аны өзгөртпөй кармана жүрүү Теңирдин ар бир пендесинин милдети болот. Үрп-адаттын бутагы көп, анын баарын сындырбай уланткан эп….
Анатай ӨМҮРКАНОВ
КАЙЫРСЫЗ СЫЗЫЛГАН ЫР САПТАРЫ ЖӨНҮНДӨ Кандай эл болбосун кылымдардын бир кыйырында аяктууга жол бербей, ооздууга сөз бербей, өзүнүн ким экенин өзгөлөргө көргөзөр бир келкели келет экен. Эптеп-септеп башын токмок, каруусун казык кылып өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн суун ичип, кырдаал бычак мизиндей кылтылдап, колдон жулдуруп, коюндан алдырып турганда Үркүндүн үшкүрүк тоңдурган кандуу капшабы каптап, туяктан така,…
ЖАЗУУЧУ ШҮКҮРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ МЕНЕН БААРЛАШУУ
Редакциядан: Өткөн жылы коомдук турмушубузда жана маданият, илим тармагындагылар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгы жакшы маанайда белгиленди. Журналдын редакциясы мындан бир нече жыл мурда жазуучунун көзү тирүүсүндө алынган маекти таап, жарыялоону туура көрдү. Учурунда радиомаекти Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев алган эле. Баарлашуу залкар акын жана улуу комузчу Арстанбек Буйлаш уулу тууралуу…
Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ
ЫСЫК-КӨЛДҮ СҮЙГӨН УЛУУ ИНСАНДАР Ооба, бул чындык. Азаптуу дарттын айынан 1946-жылга чейин Койсарыга, анан өмүр соңуна дейре Чолпон-Атага каттап, жаз келсе, күздү көрөмбү, күз келсе, жазды көрөмбү деп өксүгөн акын көлдү курчаган Күңгөй жана Тескей тоолоруна Теңирдей сыйынып: «Аман болсом, дартымдан айыксам, касиеттүү Ысык-Көлүмдүн чыгышы менен батышына, жакасы менен жайлоосуна, калаасы менен кыштагына жөө саякат…
Бейшебай УСУБАЛИЕВ
ЖОРУК (Аңгеме) Көрүстөндө эл көп. Жайнайт. Сөөк жашырышканы келгендер. Жашырышканы деп тергеп айтып жатабыз да. Көмгөнү келишкен. Элес албай жүрөбүз – адамдар ортосундагы чыр (айбандар чырдашпайт эмеспи!) көбүнчө дал ушул тергөөдөн чыгат. Эмне үчүн? Эми аны азыр териштирип кереги жок, көр үстүндө муну териштирип кереги жок… Жайнаган эл. Чырактай жайнаган бала кетпедиби. Эки-үч күн мурда…
Шабдан СУЛАЙМАНОВ
«Кыш барактары» ыр топтомунан Үшүгөн сезим үн салып бүгүн өзгөрдү, Үзүлүп түшүп үңкүрдөй үйгө батпадым. Табалбай издеп таттуудан-таттуу сөздөрдү, Татынам сага жазамын сүйүү каттарын. Акылы терең, ачык бир мүнөз кымбатым, Арзанга түшөр алтын деп сени мактасам. Жакыным менин, жарашып турат сымбатың, Жааган кар окшоп жан дүйнөң дагы таптаза. Оомалуу-төкмөл дүйнөдө турмуш кечирип, Ойронго түшүп канча…
Бактияр СУЛТАНБЕКОВ
* * * Аралап жүрөм кызарып баткан кечимди, Жоготтум дароо өзүмдү жана эсимди. Күткөнүм күткөн үмүттү үзбөй өзүңдөн, Бир гана мени жактырып жүрөм дешиңди. Жамгыры кечтин мен үчүн гана төгүлөт, Жамгырдай кылып сүйүүңдү мага төгүп өт. Сүйүшүң мага табышмак болуп чечилбес, Өңүмдө эмес кыялдан гана көрүнөт. Жазында жааган ак кардай болуп эриген, Кыйналам неге айткыла…
Бектуруш САЛГАМАНИ
Жаап кирди кар дагы Карай калсаң карек карыгар, көзүң жеткен жердин баары кар. Тынбай чуркайт ызгаар ышкырып, тешик таппай жылып, жашынар. Баса жааган кардын кечтеги, бар бейм көктө калып кеткени, кичик, майда көпөлөктөрдөй келишүүдө кечиккендери… Каман жалдуу тору аргымак, карап турат: –Жем! – деп жалдырап. Нанүштөдөн бери кар күрөп, нандай болуп бетим албырат. Чыйырды кууп…
Бектуруш САЛГАМАНИ
Өгөй ата тууралуу баллада Атам өлүп, жаш төккөн бир жыл өтүп, алыскы бир айылга бардык көчүп. Калды аталап, үкөм ал үйдүн ээсин, кетти апам да ал жакка бачым көнүп. Өгөй адам – мугалим мектептеги, өтө момун, сөөк-саактуу бой, келбети. – Ата! – дешке түк эле оозум барбай, арман артып өтөт күн кербендери. Алтыдамын. Катырам оюн…