ӨМҮР ӨТӨТ БИЛИНБЕЙ (Эссе) 1984-жылдан Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим, ошол эле учурда Кыргызстан театр ишмерлер союзунда чыгармачылык боюнча секретарь болуп иштегеними айткам. Институтта белгилүү театр изилдөөчү, искусство илимдеринин кандидаты Жүкүн Иманкулов сабак берчү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди изилдеген докторлук диссертациясын жактоонун аракетинде жүргөн кези. Жүкүн Иманкулович экөөбүз жолуккан жерде…
Месяц: Июль 2019
Абдыжапар ЭГЕМБЕРДИЕВ
Өткөрсөк дейм Жаңы жылда эшик «тырс-тырс» чертилет, Отурду элек майрамдоого элчилеп. «Ден соолукмун, дарбазаңды ачып кой, Өзүңөргө коёюн, – дейт, – энчилеп». Ага удаа келди күлүп барчылык, Толгон-токой белек-бечкек артынып. Өлчөп алдым өзгөлөргө калсын деп, Өзүмө бүт ыйгаруудан тартынып. «Бейпилдикмин, – деди бирөө артынан, – Нени аяйын азып турган калкыңан. Мен келгенде этек-жеңин түрүнүп,…
АЛА-ТОО. 2019. № 2. БИРДИН АЙЫ.
МАЗМУНУ ПОЭЗИЯ Абдыжапар Эгембердиев. Ырлар (3) КАРА СӨЗ Бексултан Жакиев. Өмүр өтөт билинбей (Эссе) (9) ПОЭЗИЯ Мидин Каимов. Ырлар (36) Усман Темур. Ырлар (40) Рыспек Адиев. Ырлар (44) Дыйкан Керимбаев. Ырлар (48) Курманбек Карабалаев. Ырлар (52) Мурзапар Үсөн аль Мервани. Атемир кандын көз жашы (Поэма) (58) КАРА СӨЗ Өскөн Даникеев. Залкар (Эссе) (69) ИЗДЕНҮҮ, ТАБЫЛГА,…
МАЗМУНУ
Ала-Тоо. 2019. № 1. ҮЧТҮН АЙЫ / 1931-жылдан бери чыгат / МАЗМУНУ ПОЭЗИЯ Нуралы Капаров. Ырлар (3) КАРА СӨЗ Бексултан Жакиев. Өмүр өтөт билинбей (Эссе) (20) ПОЭЗИЯ Пери Алмазова. Ырлар (47) Жоомарт Момуналиев. Ырлар (48) Жумабай Курманалиев. Ырлар (52) Бактыбек Бекибаев. Ырлар (54) Сырга Калмурзаева. Ырлар (55) КАРА СӨЗ Тойчубай Субанбеков. Жалдуу Каба (Романдан үзүндү)…
Ч. АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА
Редакциядан: Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө салтанаттуу белгиленди: жазуучунун чыгармалары көптөгөн тилдерге которулду; эстеликтери тургузулду; ысмы институттарга, мектептерге, китепканаларга, көчөлөргө коюлду; кинофильмдер жана телекөрсөтүүлөр өттү; илимий жыйындар уюшулду. Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы жөнүндө маалыматтар Кыргызстандын, чет өлкөлөрдүн басма сөздөрүндө кеңири чагылдырылды. Журнал өткөн жылдагы Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы жөнүндөгү…
Мелис АБАКИРОВ
ТАКШАЛУУДАН — ЧЕБЕРЧИЛИККЕ (Маркабай Ааматовдун акындык чабыты) Көп жылдар бою китеп чыгаруу тармагында жетекчилик кызматты аркалаганыман, анан да жазуучулар союзунун ишине аралашып иштеп жүргөнүмөн улам, замандаш калемдештеримин жаңы чыккан китептерине, дегеле чыгармачылыгына кайдыгер карабагандардын биримин десем болот. Кейпи, мунум кесиптик ишиме да байланышса керек. Өзгөчө, мамилелеш калемдештеримин китептерин калтырбай окуп, кандай таасир алганымды ачык айтып…
Төлөгөн КОЗУБЕКОВ
КӨК ТЕҢИР УЛУУ КӨК ТЕҢИРГЕ БАГЫШТАЛГАН УҢГУ-ДУВА Улуу Көк Теңир Уңгу дувасы: – Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин! О, Көк Теңир! Асман менен Жерди, агын суу менен көлдү, айбанаттар менен элди жараткан бир өзүңсүң! Баарыга өмүр берген, бүгүнүбүз менен эртеңибизге кам көргөн да бир өзүңсүң. Жарыктыкта жашоо…
Абдыкерим МУРАТОВ
КӨПӨЛӨКТӨР ӨРӨӨНҮН КӨКСӨГӨН МУРЗА ГАПАРОВ Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр Фудзи тоону кар баскандай кыроолонгон чачтар ай… «Көчө» киносун көргөнбүз, ошо бүтөрү менен Ноокаттын «Улуу-Тоо» кинотеатрына ак чач жигит чыга келди. Ошондо биз, мадыра баштар, көрдүк тирүү жазуучуну. Кино бизге абдан жакын эле: айылыбызга окшош айылдар, классташтарыбыздай өзбекче көйнөк-шалбар кийген…
Тойчубай СУБАНБЕКОВ
ЖАЛДУУ КАБА (Романдан үзүндү) «Өткөн жөнүндө бүт баарынын кандай болгонун дал ошондой кылып айталбайсың. Анткени бул болгон да. Шондуктан өткөндү жазышың гана ыктымал». (Жарко Команин, черногор жазуучусу) «…Жалдуу Каба акылдуу, өтө шер, баатыр киши болгон. Калмактар жаңыдан кол салган мезгилде Ата Журт, жалпы кыргыздын амандыгы, жеринин бүтүндүгү үчүн кандуу согушта өзгөчө баатырдыгын көргөзгөн». (Кусеин Исаев,…
Сырга КАЛМУРЗАЕВА
Энекем Бала кыял күйпөңдөгөн жаныңан, Азыр берсин апапакай таңынан. Жети балаң чоңойгончо жан үрөп, Кийиндирип, ичиндирдиң жаңыдан. Кыйтык кабар сезип калсаң жүрөгүң, Чочулайсың чыгуучудай кабынан. Бала үчүн сезгир болгон күчүңдү, Байкап турам укпасаң да үнүмдү. Уул-кызыңды, небереңдин баарысын, Деп сурайсың, – үстү-башың бүтүнбү? Багы тайып, же ооруса балдарың, Оор үйлөйсүң көөдөндөгү түтүндү. Өрттөнөрүн энелердин бала…