АКЫНДЫ ЭСКЕРҮҮ Кыргыз жазуучулары, акындары жана окумуштуулары жалган куранда залкар акын Эсенгул Ибраевдин туулган күнүнө карата Кувейт университетинде илимий-конференция өткөрүштү. Э. Ибраев кыргыз окурмандарына өтө белгилүү акындардын бири, учурунда анын чыгармачылыгына сынчылар жана акындар жогору баа беришкен. Акындын чыгармаларынын он томдук жыйнагы жарык көргөн. Ал Кыргыз Республикасынын эл акыны, бир нече жогорку окуу жайлардын ардактуу…
Рубрика: АЛА-ТОО. 2019. № 3. ЖАЛГАН КУРАН
Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА
КЫРГЫЗ АЯЛДАР ПОЭЗИЯСЫ КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН Кыргыз аялдар поэзиясы ХХ кылымдагы кыргыз профессионал адабиятынын маанилүү жана бараандуу бир бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде кыргыз адабияты өзүнүн өнүгүш тарыхында кайсы бир ийгиликтерге, бийиктиктерге жетишкен деп эсептесек, анда ал ийгиликтерге кошкон аялзатынын өзүнчө салымы болгондугу талашсыз. Албетте, кеп мында адабиятка гендерлик көз караштан мамиле кылып, «эркектер жараткан адабият»…
Ризван ИСМАИЛОВА
ЖҮРӨГҮМДҮ ӨЙҮГӨН БАШКАТЫРМА Германияда мени көп маселелер ойго салды. Биз эмнеге эң жакыр мамлекеттердин катарында калдык. Союз бузулгандан бери эркин болдук деп төбөбүз көккө жеткендей болуп кубандык. Отуз жылдай убакыт өтсө да, оң жагына болгон өзгөрүүлөр эшекке чегилген эски арабадай араң кыбырайт… Бийлик алмашкан сайын жакшы үмүт жанданат, мөөнөтү бүткөндө Пушкиндин жомогундагы тепшисин кучактап отуруп…
Төлөгөн КОЗУБЕКОВ
КӨК ТЕҢИР 5-бөлүк Отуз Огожо көмөгү – Токсон Тооп . Токсон тооп – Отуз Огожонун жөлөгү Тооп – зыярат кылуу, урматтоо, ардактоо дегендик. Ар бир Көк Теңир пендесинин таңдан-кечке эстен чыгарбай Көк Теңирге, Көк Теңир жараткан ыйык жайларга тооп кыла жүрүү ыйык милдети. Элдик нарк-насилдерди, салт-санааларды, үрп-адаттарды кармана жүрүү, ар кандай шарттарда батасын берүү да…
Самсак СТАНАЛИЕВ
ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНУН ЖАРАЛЫШЫ Тарых таржымалы ажырыктын тамырындай кыйма-чийме жана жоо тийгендей кыйчалыш кыйын кезеңде кум үстүндө төрөлүп, таш боорунан бүчүр алып бүрдөгөн улуттук жазма адабиятыбыздын жаралышын, анын кынсыз кылыч мизинде калыптанышын изилдеген илимпоздор оң жакка барсаң башың алынат, сол тарапка бурулсаң өлүм күтөт, түптүз кетсең ажалыңдын жеткени дегендей жандырмагы жанкесел кылма, айтылганы баш тегеретме табышмакка…
Абдыкерим МУРАТОВ
ОЧОК (Аңгеме) «Атам-ой, атам-ой!» Көрүстөнгө баргандардын алдында үйгө келип алты эркек бир тууган бирдей өкүрүп түштүк. Ичкериден дагы бир туугандарыбыздын – төрт кыздын кошок аралаш ыйы биздин үнгө кошулуп, кыштакты жаңыртып, алыс-жакындагылардын жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп жатты… Адатта мен, улуу баласы, атамды биздин айылдыктардын салты боюнча «ака» деп жүрсөм да, алтымыш жылдан бери «ата» деп айта…
Арзыкан МОМУНТАЕВА
Чындыкты айтсаң, кылыч сага сунулбайт Чындыкты айтсам жашарамын, карыбайм, Чындык менен жүрөгүмдү дарылайм. Желкеме окту такаса да чындыкка, Жетүү үчүн чарчабайм да, талыбайм. Чындык үчүн күйдүм далай өмүрдө, Изи калган кетпес болуп көңүлдө. Түйшүгүңдү тартып келем оо чындык, Күнү-түнү түшүмдө да өңүмдө. Чындык өзү күн нурундай жымыңдайт, Ал көрүнбөйт, кулагыңа угулбайт. Эсте болсун чындык болсо…
Кайырбүбү ЧОЛПОНКУЛОВА
Сен жашап ырларымда Сен менен сүйүү гүлүн үзсөм дегем, Бакыттын айылына түшсөм дегем. Тагдырдын сыноолорун бир көтөрүп, Болсо да кандай тоскоол түтсөм дегем. Сен менен жакшыларды күтсөм дегем, Сен менен келечекти түзсөм дегем. Жомоктой бирге өткөрүп гүл өмүрдү, Махабат дайрасында сүзсөм дегем. Сен менен аппак таңды тоссом дегем, Булбулдай үнүм сага созсом дегем. Өмүрдүн кыш…
Кундузбү МАМАТОВА
Жолукчу Тайсалдап турат сезим чоочун болуп, Буулугат көкүрөккө арман толуп. Кең аалам тар көрүнүп булут басса, Тумчугуп арзуу ыйлайт обон созуп. Көзүңдөн баякыдай мага таандык, Жылдызың издеп жүрөм куса тооруп. Жолукчу, жакшы сөзүң мага арнай, Үшүгөн колдорумду бекем кармай. Жылытчы демиң менен үйлөп-үйлөп, Үмүттүн жибин үзүп азап салбай. Махабаттын пайдубалы урабасын, Бул сезим өтөлекте моокум…
Мая ОСМОНКУЛОВА
«Омар Хайям жана Мен» түрмөгүнөн Ууртап татсак жүрөгүбүз тазарган, Уктабастан издеп чыгып базардан. Таппай жүрөм шарап куюп ичүүгө, Кумараны жүрөгүңдөн жасалган. Биздин кылым – акылмандар суюлган, Ач көздүүлөр көбөйгөндөй туюлган. Издеп келем толтурууга бөксөсүн, Идишиңди карегиңден куюлган. Көңүл бүтүн дүнүйөгө бурулган, Жарыла албай көкүрөктө бугуңдан. Өзүң тиктеп тургансыйсың тигилип, Топурактан жасалган бүт буюмдан. * *…