Сыйкырчы кыялдарым (Т. Турсунбаеванын жаркын элесине) Эки дүйнө аралыгын тең көрүп, Эбегейсиз кулачымды кең керип. Сен ойногон тасма тарттым бир укмуш, Кыялымда кайра сага жан берип. Жеңип чыктык тагдырыңдын кысымын, Кайра баштап ширин жашоо кызыгын. Оттой жанып, дүңгүрөтүп дүйнөнү, Оргуп чыкты Таттыбүбү ысымың. Таптым сени, тарттым сенден бир элес, Тасма болду, «шедеврден» кем эмес. Образыңдын…
Бексултан ЖАКИЕВ
ӨМҮР ӨТӨТ БИЛИНБЕЙ (Эссе) Президент Аскар Акаев менен иштешүү көңүлдүү да, жеңил да болду. Айтып баштаганыңда эле оюңду оңой түшүнгөн кыраакылыгы бар эле. Жаңылсаң, жаңылбасаң да жактырган-жактырбаганын билгизчү эмес. Көңүл ооруткусу келбегенден ошентчү го деп ойлойм. Биз, биз дегеним – президенттин мамлекеттик кеңешчилери: экономика боюнча Т. Койчиев менен финансы кеңешчиси К. Кунакунов экөө коомдук башталышта…
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ
Редакциядан: Эрте көзү өтүп кеткен таланттуу акын Жолдошбек Зарлыкбеков далай окурмандын сүйүктүү калемгери эле. Анын чыгармалары газеталарда, «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты» газетасында жарыяланып турган. Учурунда акын китебин басмадан чыгарууга шашпады окшойт. Ошентсе да Жолдошбек артында мыкты адабий мурасты элине калтырып кетти. Келечекте элибиздин бир чыгаан мекенчил уулу акындын китебин басмадан чыгарар деген илгери үмүттө жүрөбүз. Редакция…
АЛА-ТОО. 2019/4. ЧЫН КУРАН
МАЗМУНУ ПОЭЗИЯ Жолдошбек Зарлыкбеков. Ырлар (3) КАРА СӨЗ Бексултан Жакиев. Өмүр өтөт билинбей (Эссе) (9) ПОЭЗИЯ Жолболду Султанбек уулу. Ырлар (28) Бектуруш Салгамани. Ырлар (33) Бактияр Султанбеков. Ырлар (40) Шабдан Сулайманов. Ырлар (44) КАРА СӨЗ Бейшебай Усубалиев. Жорук (Аңгеме) (51) Бейшебай Усубалиев. Бир сомдук тыйын (Аңгеме) (63) ИЗДЕНҮҮ, ТАБЫЛГА, ЭСКЕРҮҮ Мундузбек Тентимишев. Ысык-Көлдү сүйгөн улуу…
АЛА-ТОО КҮНДӨЛҮГҮ
АКЫНДЫ ЭСКЕРҮҮ Кыргыз жазуучулары, акындары жана окумуштуулары жалган куранда залкар акын Эсенгул Ибраевдин туулган күнүнө карата Кувейт университетинде илимий-конференция өткөрүштү. Э. Ибраев кыргыз окурмандарына өтө белгилүү акындардын бири, учурунда анын чыгармачылыгына сынчылар жана акындар жогору баа беришкен. Акындын чыгармаларынын он томдук жыйнагы жарык көргөн. Ал Кыргыз Республикасынын эл акыны, бир нече жогорку окуу жайлардын ардактуу…
Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА
КЫРГЫЗ АЯЛДАР ПОЭЗИЯСЫ КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН Кыргыз аялдар поэзиясы ХХ кылымдагы кыргыз профессионал адабиятынын маанилүү жана бараандуу бир бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде кыргыз адабияты өзүнүн өнүгүш тарыхында кайсы бир ийгиликтерге, бийиктиктерге жетишкен деп эсептесек, анда ал ийгиликтерге кошкон аялзатынын өзүнчө салымы болгондугу талашсыз. Албетте, кеп мында адабиятка гендерлик көз караштан мамиле кылып, «эркектер жараткан адабият»…
Ризван ИСМАИЛОВА
ЖҮРӨГҮМДҮ ӨЙҮГӨН БАШКАТЫРМА Германияда мени көп маселелер ойго салды. Биз эмнеге эң жакыр мамлекеттердин катарында калдык. Союз бузулгандан бери эркин болдук деп төбөбүз көккө жеткендей болуп кубандык. Отуз жылдай убакыт өтсө да, оң жагына болгон өзгөрүүлөр эшекке чегилген эски арабадай араң кыбырайт… Бийлик алмашкан сайын жакшы үмүт жанданат, мөөнөтү бүткөндө Пушкиндин жомогундагы тепшисин кучактап отуруп…
Төлөгөн КОЗУБЕКОВ
КӨК ТЕҢИР 5-бөлүк Отуз Огожо көмөгү – Токсон Тооп . Токсон тооп – Отуз Огожонун жөлөгү Тооп – зыярат кылуу, урматтоо, ардактоо дегендик. Ар бир Көк Теңир пендесинин таңдан-кечке эстен чыгарбай Көк Теңирге, Көк Теңир жараткан ыйык жайларга тооп кыла жүрүү ыйык милдети. Элдик нарк-насилдерди, салт-санааларды, үрп-адаттарды кармана жүрүү, ар кандай шарттарда батасын берүү да…
Самсак СТАНАЛИЕВ
ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНУН ЖАРАЛЫШЫ Тарых таржымалы ажырыктын тамырындай кыйма-чийме жана жоо тийгендей кыйчалыш кыйын кезеңде кум үстүндө төрөлүп, таш боорунан бүчүр алып бүрдөгөн улуттук жазма адабиятыбыздын жаралышын, анын кынсыз кылыч мизинде калыптанышын изилдеген илимпоздор оң жакка барсаң башың алынат, сол тарапка бурулсаң өлүм күтөт, түптүз кетсең ажалыңдын жеткени дегендей жандырмагы жанкесел кылма, айтылганы баш тегеретме табышмакка…
Абдыкерим МУРАТОВ
ОЧОК (Аңгеме) «Атам-ой, атам-ой!» Көрүстөнгө баргандардын алдында үйгө келип алты эркек бир тууган бирдей өкүрүп түштүк. Ичкериден дагы бир туугандарыбыздын – төрт кыздын кошок аралаш ыйы биздин үнгө кошулуп, кыштакты жаңыртып, алыс-жакындагылардын жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп жатты… Адатта мен, улуу баласы, атамды биздин айылдыктардын салты боюнча «ака» деп жүрсөм да, алтымыш жылдан бери «ата» деп айта…