ЫСЫК-КӨЛДҮ СҮЙГӨН УЛУУ ИНСАНДАР
Ооба, бул чындык. Азаптуу дарттын айынан 1946-жылга чейин Койсарыга, анан өмүр соңуна дейре Чолпон-Атага каттап, жаз келсе, күздү көрөмбү, күз келсе, жазды көрөмбү деп өксүгөн акын көлдү курчаган Күңгөй жана Тескей тоолоруна Теңирдей сыйынып: «Аман болсом, дартымдан айыксам, касиеттүү Ысык-Көлүмдүн чыгышы менен батышына, жакасы менен жайлоосуна, калаасы менен кыштагына жөө саякат жасайм!» – деп убада берчү экен. Ашык-кеми жок 22 миң чарчы километрге барабар чөлкөмгө таман-изимди калтырсам дечү экен.
Алыкулдун асыл тилеги урпактардын ышкысын ойготот. Көлдүн ар бир айылын, ар бир өзөн-сайын, ар бир коктусун жөө кыдырып чыгуу үчүн дени соо кишиге канча өмүр талап этилээр эле? А мүмкүн, бир жыл… беш жыл… он жыл… талап этилмек. Мусулман баласы Меккеге баргандай ыйык жана кызыктуу саякат.
Мынакей, бар болгону үч гана куплет ыр. Анын биринчиси минтип айтылат:
Мен келгенде, токтоно элек баладай,
Бирок өзүн балалыкка санабай,
Жаткан экен Ысык-Көлүм күрпүлдөп,
Толкуп алган толкунунан жаналбай.
Экинчи куплети поэтикалык ойду андан ары тереңдетет:
Мен келгенде, албуут акын баладай,
Бирок өзүн акынмын деп санабай,
Жаткан экен Ысык-Көлүм шарпылдап,
Ташып алган ташкынынан жаналбай.
Үчүнчү куплети болсо, көл маанайынан эл таалайын издеген бактылуу акындын ичтен кайырган «эврикасы» сыяктуу:
Бүттү бороон. Улан жели токтоду.
Түптү түрө Сан-Таш шамал сокподу.
Бул мезгилде мемиреген Ысык-Көл,
Өз элиндей күчтүү, сулуу окшоду.
Мындай саптарды Алыкул гана жаза алмак. Ысык-Көл – анын Ата Журт темасын жаздырган жүрөгү болгон. Ысык-Көл – анын кубанычы жана көңүл эңсөөсү, махабаты жана жаштык ирмеми, кеңешчиси жана сагынар жакыны, байлыгы жана пенделик бактысы, анан ар жолу сааттай алмашып, тагдырын бийлеген кездешүүсү жана коштошуусу болгон!
Акын Ысык-Көлдү алгачкы мертебе 1937-жылы Жети-Өгүз курортуна келген кезинде көргөн. Ошондон баштап сөз менен айтып жеткиргис сулуу көл менен ынак достугу ашык-кеми жок 13 жылга уланды! Демек, анын дээрлик 4745 күн (!) менен өлчөнгөн калган өмүрүнүн бир күнү да Ысык-Көлдү ойлоо жана ага дилинде ыр арноосу жок өтпөдү!..
22 миң чарчы километр… Азбы же көппү? Эгер бүгүнкү туристтин маалымат китеби үчүн тоо көлүбүздүн «мүнөздөмөсүн» жазып чыгуу зарылдыгы туулса, анда залкар акын каалаган ошол саякат Мекен таануунун ар кимге керектүү «кириш бөлүгү» өңдөнүп калары да алда немедей көңүлгө тартылат. Бизге бул иште Алыкул өзү тирүү кезде да, көзү өткөндөн кийин да чогулган эң бир арбын сандагы илимий маалыматтар жардамга келет.
Кургак учук деген балакет дарт эки өпкөсүн мүлжүп салган 30 жаштагы кайран Алыкул акын 1945-жылдын 19-декабрында – кыштын кыраан чилдесинде дартка дабаа болуучу Койсары курортунда дарыланып жүрүп, Ысык-Көлдүн сырдуу да, салмактуу да толкун күүлөгөн табиятына алда немедей көз салып – ойлуу-ойлуу тигилип туруп жүрөктүн жалыны менен жаралган керемет саптарын күрс-күрс жөтөлгө күбө өткөн бир барак кагаз бетине түшүрүп коюп жатпайбы.
Өмүрүндө бир да чет мамлекетке барбаган (!) Алыкул деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан Көл кылаасынан байыркы жана жакынкы тарыхтын «экспонаты» өңдөнүп сезилген эл турмушунун учугу үзүлбөс окуяларын ошол чет мамлекетке байма-бай каттаган калемдештеринин бири билбеген ажайып таңыркоо менен алаканына салды, уктаганда көкүрөгүнө кысты, ойгонуп басканда аба менен күнгө мактанып сөз кылды. Бул жагынан ал ачылыштардын Колумбу, көркөм ойлоонун Ньютону, эргип канат сермөөнүн Гагарини болду! Кары тарыхтын кыргыз эсинен кете элек шумдук таржымалдарын чын каармандарынын өз оозунан угууга үлгүрүп калды.
«Манас» сыяктуу залкар дастан эмне себептен биздин журтта жаралганын ушул жерде жүрүп түшүндү.
Шумдук тагдырлуу кишилер анын катарында күн кечирди. Алардын колунан чай ичти, тамак ичти, үйүндө уктады, аңгеме айтышты, кайык айдашты, кемеге-очок казышты, чычырканак буташты! Алар эч жамандыгы жок, ойлуу-түнт Алыкулга ишенди. Алыкул болсо, ал кишилерсиз жашай да албады.
Ырларын мындай коё туруп, Ысык-Көлдүн жаралуу тарыхына байланыштуу эл арасынан чогулткан материалдарына эле назар таштап көрөлүчү.
1946-жылдын 12-декабры (бул күн акын өзү дүйнөдөн өткөн күндү көңүлгө салып турганын эске алыңыз!). Чолпон-Атада жашап, дарыланып жүргөн ал «Легендалар» деген ат менен жаңы жазуу дептерин баштайт да, анын бет ачар сөзүнүн аяк жагына: «… Мен тарабынан жыйналган бул легендалар биздин жаштардын жана илимий кызматчылардын, адабиятчылардын керегине жарар деп ойлойм», – деп, өзү киришкен орчун жумуштун коомдук маани-маңызын окурманга кабарлаган.
Алыкул «Легендаларында» Ысык-Көл тууралуу мына буларды жазып калтырган:
«… Азыркы Ысык-Көл турган жер илгери калмак ханынын шаары экен делинип келет да, бул жөнүндө ар түрлүү уламыштар айтылат. Анын бири мындай.
Ошол калмак шаарынын ханы эң адилетсиз адам экен. Өзүнүн шаарындагы элдер гана эмес, айланасында жашап турган бей-бечара, кембагал, мискиндерге да зулумдук кылчу экен. Элге чексиз чыгым салып, күнөөсүздөрдү ырайымсыз жазага тартуучу экен. Ошондо колунда малы жок, үйүндө дүнүйөсү жок бир кедей мусапыр чыгып, хандын алдына барып:
– Ханым, амириң адилетсиз, бийлигиң катуу, өзүңдө ырайым жок, элдин убалы жаман болот. Элге жеңилдик бер, амириңди жумшарт деген экен.
Анда хан:
– Бир жолкуңду кечирдим, эгер экинчи ирет дагы ушинтип келе турган болсоң, башыңды алам! – деп каарданыптыр.
Элдин акыбалы ого бетер начарлап, хандын бийлиги ого бетер ырайымсыз боло баштаган соң, алиги адам чыдап тура албай, жанагы сөзүн экинчи ирет айтыптыр.
Калмактын ханы тактысында нашаа чегип олтуруп:
– Эртең даргага асылсын, катын-балдарын кескилеп өлтүргүлө, – деп буйрук берет да, ал кишинин бир көзүн чукутуп салат. Анда мусапыр чал үйүнө келип, аялына жана баласына:
– Бүгүн түндөн калбай качуубуз керек. Силер эки шүдүңкүт (уйдун күлүгү – автордун түшүндүрмөсү – М.Т.) тапкыла да, бала-бакыраны мингизип, тоону өрдөп чыга бергиле, мен шаарга сел каптатам, адилетсиз хандын өзүн жок кылам, – дейт.
Баласы атасы айткандай эки шүдүңгүттү даярдап, тоого чыга берет. Анда атасы ошол шаар боюнча белгилүү болгон бир кудуктун түбүнө барат да, тулпарын байлап коюп, колуна кетменин алып, кудукка акырындап түшүп бара берет.
Кудуктун түбүнө түшүп барганда каканактай болгон, чанач кейиптенген бир нерсени көрөт. Ал көрсө, ошол кудуктун суусун соруп турган бир нерсе экен. Эгер шаардын ханы адилетсиздигин күчөтө берсе, бир күнү өзүнөн өзү жарылып, шаарды каптап кетүүчү селдин кабыгы экен, ошондуктан кетмени менен бир чаап жарат да, өзү канаттуу атка (тулпарга) минип алып тоону карай качат.
Ал киши күн мурун бул сел болорун айтып эскерткен кедей-кембагалдар тоого көчө качып аман калышат да, хан өзүнүн байлыгы менен селдин түбүнө кетет. Кудуктун суусу селге айланып шаарды каптап, Ысык-Көл деген көл ошентип пайда болот…»
1948-жылдын 8-ноябры. Мына ушул күнү да оорулуу акын Чолпон-Атада туруп «Ысык-Көл» аттуу бир көлөмдүү ырын жазып, анда көл астында калган шаар баяны тууралуу мурда «Легендаларында» камтып өткөн версияны төмөндөгүдөй поэтикалык тилде дагы бир жолу кайталаган:
Бул жерди аманында кимдер көргөн?
Көргөндөр көр эркине небак көнгөн.
Эл айтат: миң дарбаза, кырк капкалуу –
Калмактын шаары эле дейт көркөмдөлгөн.
Бийликте хан сурагы калыс болбой,
Каңтарып калк ырысын такыр койбой,
Соруп жеп, жегени үчүн чыгым салып,
Жазалап күнөөсүздү ойлогондой.
Ошондо калк ичинен бир кары адам,
Алсызга ырайым сурап ханга барган:
«Аз жумшап, эл сообуна кара», – десе,
Хан анын бир жак көзүн оюп алган.
Ал кары ачууланып үйгө келген,
Мындай деп кемпирине буйрук берген:
«Токтоосуз балдарды алып тоо таянгын,
Көрүнбөй айсыз күндүн түнү менен».
Муну айтып, жерде жаткан кетменди алган,
(Шамдагай, жаткан аяр, жаткан балбан).
Суу берген бүт шаарга жалгыз кудук,
Жанына шол кудуктун басып барган.
«Айрылгыс мискин шору – шор болгон соң,
Адилсиз хан амири зор болгон соң,
Жокчулук, ачкалыкта өрттөнгөнчө,
Шаардын жер үстүнөн жок болгону оң», –
Деп кары шаты салып түшүп келген,
(Качууга шүдүңгүтүн белендеген).
Кудуктун каканагын жара коюп,
Сел жасап тоого карай чыга берген.
Күр этип кудук суусу бирден каптап,
Алаамат селге батып барлык жан-жак…
Эртеси күрпүлдөгөн Көлгө айланган,
Толкуса, буурул толкун, көбүгү аппак…
Алыкул дагы бир мындай аңызды урпактар назарына тарткан:
«… Ак-Сай жайлоосунда Чатыр-Көл деген эң сулуу көл бар. Бул жөнүндө мындай айтылат.
Чатыр-Көл жер үстүндө жок эң кооз жана тунук көл. Анын суусундай таттуу суу жок. Тоого чыгып карасаң, тиккен чатырдай болуп көрүнөт. Ошондуктан Чатыр-Көл делинип аталат. Дүйнө жүзүндө канча түрдүү куш болсо, ошонун баары жайында ушул көлгө конот. Чатыр-Көлдө болгон мындай бир окуя бар.
Илгери бир жолоочу Кытайга бара жатып, ушул көлгө туш келет. Кыш мезгили болгондуктан, көл тоңуп калыптыр. Ал киши жолду кыскартуу нээти менен эшекке минип алып, муздун үстү менен өтүп кете берет. Аңгыча орто жерине барганда эшеги көлдүн түбүнө түшүп кетет. Жолоочу өзү эптеп аман калат.
Арадан бир-эки жыл өтүп, баягы киши Ысык-Көлгө келет. Көлдү бойлоп баратса, бир аксакал карыя адам көлдүн жээгинен эшектин чомун таап алып, аны карап олтурат. Анда жанагы жолоочу тааный коюп:
– Ай, карыя, алдагы менин эшегимдин чому экен, мен муну Чатыр-Көлдөн жоготком, – дейт.
Карыя тигини алая карап:
– Сен жинди болгон немесиңби, Чатыр-Көлдө жоготкон чомуң Ысык-Көлгө келгендей канаты бар бекен? – деп урушат.
Жанагы киши:
– Ишенбесең, оң жаккы тигишин сөгүп көрүңүз, эки жамбы алтын чыкса, меники, – дейт.
Карыя тиги айткандай чомду сөгүп көрсө, эки жамбы чыгат.
– Ой, тобо-ой, Чатыр-Көл менен Ысык-Көл биримдик көл экен го, ортосунда кошулуп турган агымы бар турбайбы дешип баш чайкашат…»
Алыкул «жан боорундай сагынып» көлгө каттаган сапарларынын ичинде жайлоого барганды жанындай жакшы көргөн. 1944-жылы жайда ал Түптөгү жолдошуна кошулуп, атактуу Каркыра жайлоосуна атчан барат. Бир канча күн кымыз ичип, жыргап эс алат. Дартын унута түшкөнсүйт. Башатына марал түнөгөн дарыяларга, сулуунун калындай мөлтүрөп көрүнгөн көлдөргө, бүркүтү шаңшыса, зоолору жаңырган керемет ак карлуу төрлөргө суктануусу бүтпөйт.
Акындын мына ушул «атчан сапарынан» көп өтпөй «Түп–Каркыра циклы» деп атап койгудай классикалык беш ыры («беш» деген сан – менин пикирим, себеби андан көп болушу да мүмкүн) жаралат. Алар: «Ичке-Суу», «Бешбармак», «Каркыра», «Сырт жайлоо» жана «Түп суусу». Эң кийинки ырында ал:
Катуу келдим, минген атым кара тер,
Сүрдүү кең Түп, тайыз жериң кайсы жер?
Жол көрүнбөй, күүгүм кирип баратат,
Аркы өйүзүңө тез өтөйүн, кечүү бер, –
деп Ысык-Көлүнө ашыккан Түп суусу менен «сүйлөшсө», «Каркырасында»:
Аз, көппү, санабадым күн эсебин,
Колхоздо бир нече ирет орулду эгин;
Арадан күндөр бат-бат алмашылып,
Айланып Каркыра аттуу жерге келдим, –
деп жүрөк-көңүлүн дегдеткен жакшы окуяны бөлүшөт.
Согуш бүтөр жылы – 1945-жылдын 4-февралында Койсарыда жазган «Ысык-Көл» аттуу жети куплет ырын окуп отуруп, көл табиятына кан-жаны менен байланган акындын андан болгону үч жарым жыл эле илгери – Улуу Ата Мекендик согуш оту алоолоп калганда ушул көл жээгине келип үй (!) салып, анда бир каттаган мейман же турист эмес, а жаз-жай, күз-кыш айлампасына бүт тиричилиги менен катышкан кадыресе жашоочу болуп турмуш өткөрүү тууралуу кыялданган жигер-ышкылуу жаштык учуру алда немедей эске түшпөй койбойт.
Ал окуянын биздин элестетүүдөгү бир үзүм адабияттык чечмелениши мындай.
Алыкул 1941-жылдын август айында Москвадагы театр институтун бүткөн Зейнеп Сооронбаевага баш кошот. «Кучактадым, өптүм, кыстым боорума, бул турмушта өлгөнчө бир болууга», – деп өзү жазгандай, экөө адегенде таттуу жашашат. Өзгөчө, күн батып, айлана кызыл нурга бөлөнгөн бейкут кечтерде короо четинде отуруп алып, түгөнбөс учкул кыялдарга чөмүлгөн чактары ыракат берет.
Ушул саптардын авторунун 2002-жылы жарык көргөн «Аны Алыкул деп аташкан» деген китебинен:
«… Ысык-Көлдүн жээгине үй салдырабыз, – деп сүйлөйт анда ийнине башын жөлөгөн наздуу колуктусуна чечилип Алыкул. – Анан сен, бала-чакабыз болуп жайкысын ошондо барып жашайбыз. Бүлдүркөн, карагат теребиз. Кооз кечтерде мен ыр жазып, китеп окуп отурсам, сен өзүң жашыл аралдан кайткан сүттүү уюбузду саайсың. Баса, уй саагандан коркпойсуңбу, Зейнеш?
– Коркпойм! Көнүп кетем да… – Бактылуу колукту ансайын эреркеп тартылат. – Ошондо мен сага жаңы саалган сүттөн ысык бойдон стаканга куюп келип ичирем.
– Куду граф Толстойдой жашайт экенбиз да! – Акын андан ары чечилет. – Айтчы, Зейнеш, Ысык-Көлгө Москвада таанышкан курдашың Ританы да чакырабызбы?
– Сөзсүз! Ал гана эмес, Түгөлбайды да ала кетебиз. Ал кургур кургак учуктуу эмеспи, ысык сүт берип, таза абада бастырып, бат эле сакайтып алабыз.
– Сен Түкөңдүн Асылгүлүн унутпа. Көлкөңбай Асылгүлү жок ташыркап калат… – Күйөөсү тамашага чалдырат.
– Асылгүлдү да алабыз! Балдары менен. Алыке, эгер кыздуу болсок, Көлкөңбайың менен куда болуп калгыбыз да бардыр, ээ? Алар уулду жакшы көрүшөт, а биз – кызды. Жазгыч байкеңди билбейм, а мен анын Асылгүлүндөй алтын кудагыйды таба албайм! Айтмакчы, алардын тун уулуна Арстанбек деген атты да күн мурунтан өзүң ыроолоп, өзүң койгон турбайсыңбы?
Алыкул мулуң этип күлөт…»
Эки өпкөсүн кургак учук мүлжүгөн кайран акын, айла-себеп болуп, медицинада Кох таякчасы деген атка конгон балакеттүү өпкө куртун өлтүрөөр дары табылып, дагы 10–15 жыл эле өмүр сүргөндө, чөйчөккө окшош Көл кылаасын жөө кыдырып көрсөм деген, соо кишинин да батынып дити барбаган, анан Көл жээгине турак куруп, эл катары жыл-айларды ал жерден тоссом деген асыл тилегинин өтөөсүнө чыгып калат беле, ким билет?
Алыкулдун туура 30 жашында – 1945-жылдын 8-февралында Койсарыда жазган керээз сыяктуу ыры бар. Ал «Каламга» деп аталат. Аны толкунданбай туруп, жаак таяна ойлонуп же алыс-алыска тигилип – мунарык чегинен көл элестерин издебей туруп окууга эч мүмкүн эмес:
Сен жолдошум, сен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жармысынан жараттым.
Заман күчтүү, күч чак келбейт алдына,
Заман дайра, аккан катуу агымга.
Бул турмушта: нечен кыйын жол бастык,
Дагы кыйын жолдор жатат алдыда.
Мына ушундай улуу жолдо баратып,
Кезек менен күндөр батып, таң атып.
Күтүлбөгөн бир мезгилде түбөлүк –
Эгер өлүм мени кетсе уктатып:
Ошол замат арта салып мойнуңа,
Тез чуркап жет кең өрөөндүн оюна.
Көп ыйлабай, капаланбай көөмп кой,
Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна.
Түшүнгөн кишиге бул ырда баары айтылган.
Акындын 1948-жылдын 4-ноябрында Чолпон-Атада жазылган «Пржевальскийге» деген ырында айтылган: «Көл боюнда атым турса… Муштумдай бир кара таштан…» деген тилеги 2016-жылы 100 жылдыгына байланыштуу өткөн иш-чаралардын алкагында аткарылып, Чолпон-Атага батыш тараптан кире бериш жерге – өзү өмүр соңунда такай келип дарыланып-дем алган мурдагы балдардын кургак учук санаторийи турган туштагы көл боюна көргөндүн көөнүн буруп караткан көркөм-кооз эстелик орнотулду. Алп талант, асыл жүрөктүү Ата Журт патриотуна урпактар таазими, улутту сүйүнткөн эс тутум ырахматы деген ушул!
Ушул жерден улуу казак жазуучусу, Сталиндик жана Лениндик сыйлыктардын лауреаты Мухтар Ауэзовго Советтер Союзундагы каалаган жериңизге дача салдырсаңыз болот деп сунуш айтылганда, ал Крымды же башка да «бейиштей» кооз жерди тандабастан, а Алыкул жактырган дал ушул Чолпон-Атанын көлгө жакын ээн өңүрүн тандап, акын дүйнөдөн өткөндөн тогуз жылдан кийин – 1959-жылы жыгачтан жана кирпичтен чакан үй салдырганын да кошумчалай кеткенибиз оң. Эгер тирүү болгондо, секиче жерге жыгач үй салдырмакчы болгон А.Осмонов менен М.Ауэзов бир чөлкөмдүн абасын жуткан, чыгармачылык жумушу үзүрлүү уланган жакшы коңшулардан болуп калышмак экен!..
Ошондой болсо да, жогоруда жазгандай, Алыкулдун эрдиктин эрдигине барабар акындык тилеги урпактардын ышкысын ойготот. Көлдүн ар бир айылын, ар бир өзөн-сайын, ар бир коктусун жөө кыдырып чыгуу үчүн дени соо кишиге канча өмүр талап этилээр эле? А мүмкүн, бир жыл… беш жыл… он жыл… талап этилмек. Бардык басчу жер алкагы 22 миң чарчы километр. Азбы же көппү?
* * *
Улуу Ата Мекендик согуштун алды. Учук оорусу жаш денесин мүлжүгөн Түгөлбай Сыдыкбеков кереметтүү Ысык-Көлүнөн күч-даба издеп, тескей жээктеги Койсары курортуна келген. Ал жерде катуу режим сактап, күнгө, кумга, сууга, анан эң негизгиси – маанай-көңүл эркелеткен таза абага дарыланат.
Койсары эми укмуш. Төтөн күлкү кадырын билген курбу-курдаш менен бирге жүрсөң. Өзүн көлөкөдөй ээрчип тооруган ажал азабын оолак калтырып, алтынга алмашкыс ден соолук кубанычын колуна карматкан айтылуу курорттогу ошол «узак командировкасы» тууралуу залкар сөз чебери кийин жүрөктө жашаган курдаштык тамаша аркылуу уккандын көңүлүн толкуткан бир келки эскерүү калтырган:
«…Койсарыга келгениме үчүнчү ай. Менден башкалар ашса – ай, эң көп дегени жарым ай жүрүшөт да, үйлөрүнө кайтышат. Ал кезде жүргүнчүнү ташыган автобустар, самолёттор жок. Кирээнин эң укмушу – пароход. А Фрунзе жактан келгендер ошол пароход менен кайтышат. Үй-үйлөрүнө кайтып жаткандарды, биз, калгандарыбыз, шаан-шөкөт менен узатабыз…
Азыр көл жээгиндебиз. Калим агай, Жоомарт, чоң Саткын, дагы бир топ менсинген азаматтар. Алардын ичинен Жоомарт менен чоң Саткын сопсоо – алардын эч оорусу жок. Булар тек көлгө чөмүлүп, дем алууга келишкен. Бирок буларчылап соо башы Койсарыга келгендер чанда. Калим, мен – оорулуубуз, учук менен алпурушабыз.
…Азыр бардыгыбыз жээкте кумда оонап жатабыз. Жээк мыйзамы өзүнчө. Мында чоң, кичине бирдей. Улуу-кичүү, уят-сыйыт дегендин жиги бөлүнбөйт. Кай кездери чоң – өзүн кичик баладай сезет…
…Биз өзүбүздү өзүбүз алаксытышыбыз керек. Ошондуктан, биз ар кимибиз өз-өзүбүздүн эр жеткен чоң кишилерден экендигибизди унутуп калып, жаш балдарча ойноп жатабыз.
Бир кезде баарыбыздын улуубуз, баарыбыз сыйлаган Калим агай баш бербес тентекче кумдан тайтаңдап тура калды. Анан суу кумга барды:
– Мен азыр жылаңач келинчек жасаймын, балдар!
Биз бардыгыбыз Калим агайдын демилгесине кызыга карадык. Баса, Калим агай баарыбыздан көптү билет. Ал бизди тарбиялап жүргөн киши. Республикалык басмаканада деректир, «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу редактор болуп иштеген. Азыр да ошол кызматта. Кыргызстан КП БКнын мүчөсү. Мыкты сынчы, адабиятчы. Биз жазган чыгарманын тагдыры да ушул кишинин колунда…
Эмесе, ушундай таасирдүү, ардактуу киши суу кумдан жылаңач келинчек жасаймын десе, ага биз кызыкпай коймок белек. Жээкте жаткандарыбыз бүт бойдон Калимдин жанына топтоштук.
Ар ким-бир ким Калимге демилгечи болдук:
– Жылаңач келинчекти биз деле көргөнбүз, агай. Колун мен жасайын.
– Бутун мен…
– Көзүн мен…
Иш кызыды. Жылаңач келинчектин ар кандай келбети бат эле жасалды. Көңүлүбүзгө жакпаганын бузуп салып, кайрадан жасадык.
– Сулуунун колу ничке, буту түз болот.
– Муруну кырдач – комуздуктай болсун…
– Өзүбүз жасап жаткан соң келбетин келиштириш керек да…
– Калим агай, келинчектин келбети кандай? Сынаңыз.
– Бели кындай болсун.
– О-о… болбойт. Курсагы чоң. Кичиртиш керек!
– Чачы кара болсун.
– Кара тамырды кайдан табабыз? Мейли, сары деле болсун…
– Жашыл болсо деле мейли. Балыр жашыл да…
Бир кезде Калим агай бардыгыбызды четке сүрдү: – Силерден мен көп билемин. Чачы, колтугунун жүнү… О-о… майда тамыр тапкыла. Аларды өзүм жасаймын!
Биз ошенттик. Кумдан, балырдан жасап алган жылаңач келинчегибизге суктандык. Ал жансыз. Коркунучтуу. Жээкте сулк жатат.
Биз бардыгыбыз чоң-кичинебиз дебей ошол сулк жаткан кум сөлөкөткө карап каткырдык. Жыргадык, көңүл алаксыттык.
…Баса, киши уулу кез-кез ушинтип күлүп алса, өмүрүн узартат тура.
Биз ал күнү бир жашка чыктык!..»
Улуу сөз чебери өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл жергесин өмүр бою кадырлаган. «Кадырлаган» деген аз – ал жумурткадан көз жарып, темир канатын жетилткен бийик аска бооруна имерчиктеп, жан-жүрөгүнүн жарымын калтырып, алыс-алыска сабалап учкан бактылуу кыраан бүркүт таризде бүткүл пенделик ниет-пейили менен аны ак сүйгөн да, түбөлүк тагдырын байлаган!
Түптүн Кең-Суу айылынан уланган өнөр көздөгөн аруу максаты күпкүлгүн жигит кезинде ушул чөлкөмдүн ырыс-кешиктүү журту жөнүндө алгачкы реалисттик бараандуу чыгарма – эки китептен куралган «Кең-Суу» романын жаратып, кыргыз улуттук профессионал адабиятынын зоболо-кадырын андан ары жогорулатууга шыкак-дем берди.
Ысык-көлдүктөрдүн согуш кезиндеги турмушун баяндоого арналган, көптүн ичинен суурулуп Сталиндик сыйлыкка арзыган айтылуу «Биздин замандын кишилери»…
1916-жылдагы Үркүндө чачылып-тербиген өз боордошторунун аянычтуу, жан чыдагыстай трагедиялуу окуяларын зирек көз менен кылдат талдап, жетик баа берген автобиографиялык «Жол» романы…
Ар бир кыргыз айылында бар тамашакөй, энөө карыя Ыманбай жөнүндөгү «Ысык-Көл жыттанган» белгилүү «Ыманбай пейили» чыгармасы…
«Кең-Суунун» кийин толукталып-оңдолгон көркөм туундусу – «Тоо арасында», көлдүк теңдешсиз чечен Жоошбай өмүрүн тескеп-тастыктаган укмуш кызыктуу повесть…
Деги койчу, Түкөмдүн майда-чоң ар бир чыгармасында «кичи мекенин» ичине камтыган бир жандуу сюжет-өзөк жүрөк сыяктуу «дүк-дүк» этип согуп турат!
Кара сөздүн ашкан чебери Ысык-Көлгө арнап толгон-токой иликтөө, ой толгоолорун да жазган. Маселен, ал 1971-жылы жазылган «Эмне үчүн Ысык-Көл көгүлтүр?» деген макаласында ушул бирдей аталыштагы суроону ар тарабынан чечмелеп, мына мындай жыйынтыкка келген:
«…Ал деңиз деңгээлинен миң жети жүз метр бийиктикте. Ошондон көгүлтүр го? Жок.
Ага, тээ ак-көк мөңгүлөрдүн тамчысынан жыйылган булактар, чамынган көк кашка өзөндөр куят. Анын түбүнөн кайнар булактар чыгат. Асманынан ак жамгыр, көк жамгыр тамат. Ачык күндөрү эң мөлтүр асман бийиктен күлөт. Ошондон көгүлтүр го? Жок.
Ал аскаларын мөңгү чулгаган Улуу Тоо, Ала-Тоо курчоосунда турат. Анын үстүнөн ак булут, көк булут көчөт. Жеринен ар кыл минералдык заттар, туздар чыгып суусунда эрийт. Ошондон көгүлтүр го? Жок.
Анан эмнеден Ысык-Көлүбүз ушундай көгүлтүр?
О, ага көгүлтүр түстү аны чулгап турган жаратылыштын бардыгы берди. Эгерде, чөйрөсүндөгү жаратылыш касиеттеринин бир азыгы кемип калса, балким, көлүбүз мынча мөлтүр, ушундай укмуш көгүлтүр болбос эле…»
Көл жакасындагы көркөм-кооз тоолордун жайыгында киндиги кесилген алп жазуучунун чыгармачылыгындагы Ысык-Көл темасын андан ары уланталы. Бул жолку айтаар сөзүбүз Түкөмдүн күлкү жандуулугун баса көрсөтүү үчүн юмор аралаш жүрсүн. Күлкү – өмүр узартат, канча бир оор, кейиштүү болсо дагы, жашоонун чындыгын жеңил кабылдап, кеткен кемтиктен тезирээк арылып, олуттуу натыйжа чыгаруу үчүн адамдан ички чоң кайратты, жигерди талап кылат.
Ошентип, кыргыз көлүнүн советтик доорго байланыштуу мезгилинен бир окуя…
Түгөлбай Сыдыкбековдун «Жолбун сөз» аттуу макала-эссесинде Н.С.Хрущёвдун ошол Ысык-Көлгө акыркы «командировкасы» абдан элестүү сүрөттөлгөн:
«…Ысык-Көлдүн күңгөй жээгиндеги журт оокат-тиричиликти Жүгөрүбайдын Чолпон-Атага келишин күтүүгө алмаштырышты. Жол жээгиндеги кыштактардын кишилери чоң-кичине дебей уу-дуунун шарданында. Бир да мас, адепсиз, бир да жаман кийинген киши жол жээгине турушка тийиш эмес. Жазылган ураандар көрүнөөгө илинди. Баарынан сонуну – Жүгөрүбайдын кай жактан келээри жергиликтүү элге белгисиз. Жөнөкөй кишилер эмес, ишти уюштуруп жүрүшкөн активдердин өздөрү бири-биринен аста сурашат:
– Никита Сергеевич кайсы жактан келет экен?
– Самолёт менен учуп Пржевальскиге барат деген. Андан бери машина менен келмек…
– Анда ураандарды, плакаттарды күн чыгышка караталы.
Ураандар, плакаттар күн чыгышка карайт.
– Теги, кай жак менен келээр экен?
– Самолёт учпай калыптыр… Балыкчы жактан келатыптыр…
– О, кокуй… Андай болсо ураандарды, плакаттарды күн батышка караталы!
Ураандар, плакаттар күн батышка карайт…
Анан милдеттүү кишилерден: – Кимдин тобу канча бөдөнө кармашты? Аныгын тактагыла! – дешет, биринчилер буйруп: – Замдар керт башы менен жооп беришет! О, күзгү аңызды, не күздүк айдоону тепсетсе, бүгүн эч ким айыптуу эмес. Атчан адыраңдата чапкандарга бөдөнө карматпайт. Бөдөнө кармаштын милдетин алган замдар жооп беришсин. Ким канчаны кармады? Эсебин бергиле! – деп оолугат.
Бөдөнө кармагычтардын минген аттары солуктайт. Өздөрү тамылжып айыпсыз, үнсүз.
– Эмине? Ичип алсаңар, силерге бөдөнө карматмак беле? Жооп бересиңер!
– Жоопту коё туруңуз, аксакал… Мен үчтү кармадым…
– Кана, ал бөдөнөлөрүң?
– Үчтүн бири колтугумда эле… Кысып салыпмын… өлдү… Бирин жаздым басыпмын, эки бутумдун арасынан чыгып кетти… Бири…
Кимдир бирөөлөр бырс-бырс күлүштү.
Ал аңгычакты болбой:
– Никита Сергеевич Түп жактан келатыптыр! – деди кимдир бирөө.
– Кокуй, плакаттарды, ураандарды оң караткыла!
Плакат-ураандар кайрадан күн чыгышка каралды.
Ал аңгычакты болбой он эшекке минген жоон топ чал жол боюна катар туруп калышты. Эзелтен ат үстүндө өскөн бул бечара чалдардын минтип эшекке минишип, жол боюна тизилиши тегин эмес. Башта кыргыз эшекти минмек тургай, короо четине жолотчу эмес. Эшек асыроо, эшекке минүү мындай турсун, эшекти асыроонун өзү ар-намыска тиерлик жаман жорук болучу.
Эмесе, бул оңбогон митайым чалдардын минтип эшек минип жол боюна тизилиши: «Бизди ушинтип эшекке мингизип койгон сен болдуң, Курушуп… Биз ээн-эркин жайылып жаткан эл элек. Ушинтип эшек минип курушуп калдык?! Эми ушул бизге берген жыргалыңды көрүп кой, Курушуп…» – дегени бул куу чалдардын.
Ушул арам ою аксакалдын жүрөгүн шуу эттирди. Ал тез көк жака начальникке буюрду:
– Эшекчен чалдарды жол жээгинен айда!
Эшекчен чалдар бак-бактын далдааларына кетишти…
О, бир кездери зымырап «Волгалар» өттү.
– Ана! Тигине! дегендердин сөөмөйлөрү чочойду.
Анда билгендери:
– Никита Сергеевич «Чайка» менен өтөт! – дешти.
Ал аңгычакты кара «Чайка» асфальтка мадалды…
– Ана!
– Тигине!
– Карап өттү!
– Кызуу экен…
– Чүшш! Жаагыңды бас! Жан укпасын!
– Күлүп өттү!
Кол булгоолор. Таң калуулар… Кубануулар… Өкүнүүлөр… Күңкүлдөп сөгүнүүлөр…
Эртеден бери жаны сеп албай делдектегендер жай алышты:
– Э-э… теги, аман-эсен өткөнү жакшы болду…
– Чолпон-аталыктар ал кишини жакындан көрүп калышаар…
– Жакындан не, алыстан не – баары бир… өттү-кетти…
– Барсын…
Бирок чолпон-аталыктар да ал кишини оңдуу көрө алышпаптыр.
– Машине зымырады. Чала көрүп калдык.
– Анын жанында биздин чоңдор жөн эле киши болуп калат экен…
– … Көлгө түшүптүр…
– Биздикилер сүлгүсүн көтөрүп жүрүшүптүр…
– О… чоң кишинин энеден туума чардаңдап жүрүшү курусун…
Ушул маекти тыңшай калган чал кулак түрдү:
– Энеден туума чардаңдаганы кимиси? Курушуп өзүбү?
– Ошол өзү… көлгө чумуптур…
Чал санын сылап кейип кетти:
– А?! Атың өчкүрүм… Ушунча улуу өлкөнүн башында туруп дардаңдап журтка абийирин көрсөткөн киши оң болучу эмес эле. Эми мунуңдун жылдызы өчөт!
Тургандар күлүштү:
– Карыя, чоң адамга шек келтирдиңиз. Тилиңизге тибиртке…
– Шек келтирбедим. Эзелтеден келаткан салт-сөздү айттым. Мунуңар эми оң болбойт!
Баса, карыя айткан салт-сөз жалган болгон жок.
Арадан эки-үч ай өтпөй, карыянын салт-сөзү чындыгын далилдеди – Жүгөрүбай тымызын тактан жылмышты… Баса, падышанын эң ач көзү журт үстүнөн ичик кийип, бөдөнөдөн алман алуучу.
Ал шум, ыйык Ысык-Көл жерине келгенде, дал ошол жаман падышанын жоругун көрсөттү.
Биздин касиеттүү көлүбүз анын жылдызын жууп салды!
Премьер башкы пенсионер болуп чыкты!..»
(Уландысы бар)