КӨК ТЕҢИР
8-БӨЛҮК
Көк Теңирдин адамдарга деген дагы бир энчиси – ҮРП-АДАТ
Түшүндүрмө: Үрп-адат Көк Теңирдин ар бир элдин өзүнө энчилеген бузбай аткара жүрчү калыптанган жөрөлгө туюмдары, Теңир пенделеринин кынтыксыз аткара жүрөр өз ара укуктук-адептик туруктуу эстутуму. Аны өзгөртпөй кармана жүрүү Теңирдин ар бир пендесинин милдети болот. Үрп-адаттын бутагы көп, анын баарын сындырбай уланткан эп.
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен!
Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
Көк Теңир элибизге энчилеген жөрөлгөлөр:
75. Учурашуу – Үрп-адаттын бузулгус эрежеси. Карыга – жаш биринчи саламын айтат. Отурганга – келаткан, жөөгө – атчан саламын айтуу милдет. Аял кишиге куракташ болсо эркек биринчи саламдашат.
Жаш келиндер улууларга – мейли эркек киши, мейли аял болсун үн чыгарбай жүгүнүп өтүүсү керек.
Аял кишилер алдынан мейли кары киши, мейли жаш бала чыкса да аларды биринчи өткөзүп жиберип, анан өз жолун улантуу зарылдыгы бузулгус адат.
Жаштар да кары адамдарды, мейли ал араң баскан таякчан абышкабы же байбичеби – өткөрүп жиберип анан жолун ары улашы керек.
Учурашуунун жолун бузган – Теңир жолунан адашкандык болот.
Түшүндүрмө: Кыргыздар байыртадан эле бири-бири менен учурашуунун өз жолун сактап келишкен. Эки эркек адамдар жолугушканда жаштарына карата кичүүсү улуусуна:
– О, ( Жараткан ыроолонгон ысмын атап – дос, аяш ата, ата, куда же аке, ини, курбум деп) арыбаңыз! Мал-жаныңыз аманбы, Теңир жолунда арыбай жүрөсүзбү? – десе, ага жооп иретинде:
– Бар болуңуз! Теңирге шүгүрчүлүк, аман-эсенбиз… Өзүңөр жакшы жатасыңарбы? – дешип, андан ары ал-жай сурашуу кезеги менен улана берген.
Коштошкондо:
– Аман барыңыз! Аман баргыла! – деп узатса:
– Аман калгыла! Бөөдө кырсыктан тышкары болгула! – деп коштошкон.
Аял кишилер учурашканда:
– Арбаңыз! (арыбаңыз деген сөздүн кыскарган түрү, оору-сыркоодон алыс болуңуз, арыбай жүрүңүз дегендик). Ага:
– Бар болуңуз! – деп жооп беришкен. Бул азыр да аял кишилер арасында толук колдонулуп келет.
Жаш келин улуу адамдардын (мейли эркек, мейли аял болсун) саламдашуу иретинде жүгүнүшкөндө, алик алуу катарында алар:
– Теңир жалгасын! – деп алкашкан.
Келин-кыздар, а түгүл жашап калган аялдар да эркек адамдын (мейли ал жаш бала болсун) алдынан өтүшкөн эмес, аларды өткөрүп туруп анан өз жолдорун улантышкан. Бул да ата-баба жолун сыйлагандык, элдик нарк-насилди туу туткандык…
Аксакал кишиге, деги эле өзүнөн улуу адамдарга жол бошотуу ар бир жаштын милдети болгон. Жөө болушса амандашкандан кийин – жолдон четтеп тура калып, жашы улуулар өтүп кеткен соң жолдорун улантышкан, атчан беттешип калышса, жашы кичүүсү жолдон чыгып, тигил өтүп кеткен соң сапарын улаган. Андай учурда саламдашып узай берген улуулар:
– Өркөнүңөр өссүн! Жамандык көрбөгүлө! – деп дагы жакшы сөздөрдү айтып алкашкан.
Алдынан чогуу келаткан эркек менен аялды (жубайларды) жолуктурган адам, алдынан чыккан кишинин аялы өзүнүн тууганы же классташ-курсташ кызы болсо деле, биринчи эркек киши менен учурашып (анткени эркек адамдын жолу улуу), ал-жай сурашып алып, андан кийин аял кишиге саламаттыгын, уул-кыздарынын ден соолугун сурап кайрылуу, андан соң аял кишинин күйөөсүнө өзүнүн кандайча тааныштыгын маалымдап коюу да учурашуудагы бузулгус адаттардын бири. Бул да адептүүлүктү сактоодогу байыртадан келаткан ыйык жол. Чынында эле күйөөсү жанында турса, күйөөсүнөн мурун аялына кайрылып, ал-жай сурашып туруп алуу жеткен адепсиздик, олдоксондук да. Азыркы учурда батышты туурайбыз, «маданияттуу болобуз» деген шылтоо менен алгачында аялдарга кайрылууну (расмий чогулуштарда, а түгүл жеке адамдардын той-топурларында деле «Урматтуу айымдар жана мырзалар» деп баштоону) адат кылып алдык. Ушунубуз менен «маданияттуу» болуп жатабыз деп ойлойбуз. Ар бир элдин өз маданияты – өзүнө ыроолонгон энчи! Сөзсүз батышты тууроо керек деп ким чечим чыгарды экен? Өзүбүздүн эле ээрчимелигибиз өзүбүздү кыйнап жатат окшойт…
Эл чогулуп бир маселе боюнча талкуу жүргүзүп же чогуу санжыра угуп жаткан жерге кеч келген адам отургандарга жалпысынан: «Арыбаңыздар! «Ортоңор толсун!» – деп үн чыгарып учурашат, ошол жердеги аксакалдардын бири: «Айтканың келсин! Орун ал!» – деп коёт, ошондон соң эл тынчтыгын бузбай четке көчүк басып отуруп, талкуу сөзү бүткөн соң гана сол капталдан баштап кол алышып учурашып чыгышы абзел делет.
Азыркы учурашуудагы «Атсалому алейкум», «Алейкума атсалом» деген учурашуу сөздөрү кыргыздар ислам динине өткөндөн (960-жылдардан) кийин арабчадан кирген, ал кыргызчада: «Үйүңөрдө тынчтык болсун», «Силердин үйдө да тынчтык болсун!» дегендей маанини берет.
Ал эми «Саламатсызбы?», «Салам» деген учурашуулар орустардын «Здравствуйте», «Привет» деген учурашууларынын кыргызча эле котормосу. Мунун баары азыркы учурда биздин төл сөзүбүздөй болуп колдонууга эрөн-төрөнү жок кирип кетти.
Көк Теңирдин ыйык тутууну тапшырган талабы:
76. Тарбия – ата-эненин бала өстүрүүдөгү эң ыйык милдеттеринин бири, уул-кыздары үчүн келечекке алып барчу даңгыр жолу.
Өз жолу жоктун – келечеги жок, баскан сайын башы адашат.
Тарбия алган – кайра төрөлгөн менен барабар.
Тарбияны жашыңдан ал – таасири өмүргө тете келет. Билимди өмүр бою ал – алган сайын өөрчүй берет.
Тарбиянын башаты – устатын сыйлоо, сыйлай албастын иши – өзүн өзү кыйноо.
Ата тарбиясы – балага жөлөк, эне тарбиясы – өмүр бою өрнөк.
Ата акылы менен, эне мээрими менен тарбиялайт.
Ата-эне тентектик кылган уул-кызын эти ооруйт деп алаканы менен эмес, жеңи менен чапкан. Жемелегенде да жаман сөз колдонбой: «Өркүнүң өскүр!», «Тукумуң өскүр!» – деп жемелешкен.
Уул-кызга билим берүү – тарбиянын башаты – терең, таза, туруктуу билим жаркын келечектин шам чырагы. Билимдүү уул-кыз ата-эненин сыймыгы, улуттун тиреги. Тиреги бекем улуттун келечеги кең, ар улутка тең, айтканы салмактуу, ар иши ардактуу болот.
Биздин байыркы бабабыз Жусуп Баласагын бизге өзүнүн мураскерлерине:
«Билим – байлык түгөнбөс, акыл – улук,
Адамда ушул эки артыкчылык.
Окуу түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң – маңдай жарык жаркырап.
Окуу-билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди – жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө», –
деп насаат айтканын эстен чыгарбашыбыз керек.
Жусуп Баласагын бабабыз уул-кыздарды тарбиялоо маселесине келгенде дагы да:
«Уул-кызды буйруса болуп себеп,
Үйдө чоңойт, бөтөн жер жайсыз келет.
Тарбиячы киши тап, пейли кенен,
Уул-кызың дени сак өсөт экен.
Билим берип, адептүү тарбияла,
Эки дүйнө бактылуу болот анда» (4504-4506-кошсаптар) – деп кан-какшап жатпайбы! Жусуп бабабыздын ушул айткандарынан эмнени түшүнсөк болот? Бабабыз уул-кызыңарды үйүңөргө камап койгула деген жок го, менимче, уул-кызыңарды өз жериңерде, өз элиңерде тарбиялагыла, алгачында өз элиңердин нарк-насилине, каада-салттарына сугаргыла, ошого бышыргыла деп жатабы дейм. Бөтөн жерде, бөтөн элде тарбияланган бала ошол элдин үрп-адатын, нарк-насилин оюна да, боюна да сиңирип алып, кийин элине кайтканда ошол бөтөн элдин «ырын» ырдап, ошол элдин салт-санааларын өз элине таңуулап калат деп чочулап жатат го. Ушундай түшүнүү керек окшойт. Бабабыздын айткандарын ушул жагдайда ойлоно турган иш…
Улуттук оюндарга машыгуу да тарбиянын өзөгү – денеси чың уул-кыз улуттун келечеги. Көк бөрү тартуу, ордо атуу, жаа тартуу, эр эңиш, күрөш, чатыраш, тогуз коргол, дүмпүлдөк, канталамай, ат чабыш, жорго салыш, акчөлмөк, жоолук таштамай, бекинмек, селкинчек дагы башка толгон-токой спорттук, каада-салттык оюндардын да тарбиялык мааниси чоң.
Жүрүм-турум адеби да тарбияга кирет – алар адам баласынын өмүр бою так сактай турган милдети. Адамдын жүрүм-турум жолунун эки бутагы бар: бири – оң, бири – сол.
Оң жолдогу адамдын:
Көк Теңирге пейили түз болот, Теңир жолун кынтыксыз кабылдайт;
Ата-бабалар жолун так кармап, адеп жолунан жаңылбайт;
Ата-энени ардактап, алардын айткандарын эки кылбайт;
Үй-бүлөдө камкор, жолдош-доско сыйкор болот.
Жалпы элдин-жердин милдетин мойнуна алып, эл-жер үчүн жанын аябайт;
Ата Журтун коргоо ыйык милдетим деп эсептейт;
Улууну – сыйлап, кичүүнү – урматтайт;
Конокту ыйык тутуп, урмат-сый менен узатат;
Көптүн сөзүн эки кылбайт, жүйөлүү сөзгө каршы турбайт;
Өз пайдасын көздөбөй – эл пайдасын көздөйт, өз байлыгын түптөбөй – Ата Журт байлыгын түптөйт, өз очогун коргобой – Ата Журтун коргойт; Абийири алдыга сүрөп, ак жолунан адаштырбайт.
Мындай адам Көк Теңирдин сүймөнчүгү – адамдын баштаган ар иши илгерилеп, элдин алкоосу – көмөк, батасы – жөлөк болот.
Терс жолдогу адамдын:
Пейили – тар, кабагы – кар, басыгы – аяр, шылтоосу – даяр болот;
Башкага жакшылыгы жок, бирөөнүн кыйналганын көрсө кыбасы канып, көзү оттой жанып турат;
Өз пайдасына акты – кара, түздү – кыйшык, оңду – сол дей берет;
Бей-бечарага жардамы жок, курсагы тойсо көңүлү ток, ар кадамы ак адамдарга каршы коюлган ок болот.
Кошоматтыкты колуна, паракорлукту жонуна көтөрүп, калыстык менен чындыкты өрттөгөн чок болот.
Көкүрөгүн кар баскан – кекчил, көзүн чел баскан – шекчил келет.
Ошондон «өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман» делет.
Боорукердикти билбеген – мерез, кайрымдуулук дегенди билбеген – кара мүртөз келет. Адалды – арам, оңду – терс, түздү – кыйшык кылат.
Мындай адамдар түбүндө Көк Теңирдин каарына калат, жазасын алып тозоктон жай табат.
Теңир пенделери, пейилиңерди таза туткула, Көк Теңир силерден ошону күтөт. Оң жолго өтсөңөр күнөөңөрдү кечет…
77. Туугандык – Көк Теңир пенделерине гана берген ыйык сезим. Тууганын тааный билүү, өз менен бөтөндү, дос менен касты ажырата жүрүү сезими адамда гана болот. Башка макулуктардан адамдын айырмасы жакынын таанып жанаша болуп, бири-бирин угуп акыл алмашып, келечегин баамдап багытын аныктай билгендигинде. Куранда да: «…туугандык байланышты үзгөндөн корккула» – деп турбайбы. Туугандык – улуттун биримдигин ширетип кармап турган ыйык пайдубал.
Түшүндүрмө: Элибизде туугандык ыйык сакталат. Улутубуздун бузулгус уңгусу, өзгөрбөс өзөгү, бекем пайдубалы тууганын, өз уруусун тааный билгендик. Ар бир уруу башчысы уруу алдында, жалпы эл алдында, акырында мамлекет алдында өз уруусу үчүн, өз уруусунун ичинен чыккан ууру-кескилердин жосунсуз жоруктары үчүн да, андагы айрым кедей-кембагалдардын жашоосу үчүн да жоопкер болгон, өз уруусундагы жетим-жесирлер үчүн камкордук көргөн, уруунун ичиндеги бардык маселелер уруу аксакалдары менен уруу башчысынын акылдашуусу аркылуу чечилген. Уруудан – улут куралып, улут мамлекетти түзөт. Ар бир уруу башчысы жалпы мамлекеттин ишине да жоопкер болушкан. Уруусун таануу – биригүүнүн, бир бүтүндүктүн башаты, пайдубалы болгон. Кыргыз: «Сураштыра келсең – ар бир кыргыз тууган чыгат» – деп бекеринен айтпайт.
Теңир сөзү:
Туугандык кан менен жаралат.
Тең туугандын жаманы жок – арамы болот, арамынын пайдасы аз, залалы көп.
Тууганды жаман деп түртүп салба, жакшы тууганды бирөө сага бербейт.
Туугандын жакшысы да – тууган, жаманы да – тууган.
Эл тамыры туугандыктан башталат.
Жети атасын билүү – эл тамырын таануудагы өзөк кадам.
77 (1) Туугандыктын негизги төрт баскычы бар:
а) Кан кууган туугандык – бул туугандыктын жети атага чейинки өзөгү, жети ата өткөнчө туугандыкта кандын курамы сактала берет. Кыргыздар арадан жети ата өтмөйүнчө кыз алып, кыз беришпейт, кан курамы бузулуп, тукум өксүп калат дешет. Ошондуктан жети атасын билүү ар бир жарандын милдети болгон. Мындайды кыргыздар «Кандаш тууганбыз» дешет. Кандаш туугандык Уруу кууган туугандыкты түзүп турган өзөк болот.
б) Уруу кууган туугандык – Өзөгү бир кандаш туугандык уруулук туугандыкка өтөт. Жети ата өткөндөн кийин чоң уруу ичиндеги туугандар кыз алып-кыз беришсе боло берет делет. Андайды кыргыздар: «Уруулаш тууганбыз» – деп коюшат.
в) Жер кууган туугандык – бул бир нече уруу элдин бир өрөөндү турук алгандыктарына байланышкан туугандык. Мындайды кыргыздар турук алышкан жерин атап: «Жердеш тууганбыз» – деп коюшат.
г) Эл кууган (Улут кууган туугандык) туугандык – бул кайсы өрөөндү жердегендиктерине карабай бир эл, бир улут экенин тааныгандык. Уруулук биримдик – улутташ туугандыктын пайдубалы, пайдубалы жок улуттун келечеги тар болот, уруусун унуткан – улутун унутканга барабар. Кыргыз улуту көптөгөн уруулардан куралган пайдубалы бекем, баскан жолу кенен, тамыры терең улут. Ошондон «Кыргыздар кырк уруудан куралган» деген сөз калган.
Мындайды элибиз «Бир элбиз», «Бир улутпуз» – дешет. Айрыкча, башка мамлекетке, чоочун элдердин ичине барганда кыргыздар: «Улутум – кыргыз, Урааным – Манас!», «Ата Журтум – Ала-Тоо!» – деп таанышышкан. Мындайды кыргыздар: «Элдеш тууганбыз», «Бир элбиз» же «Түбүбүз бир элбиз» дешет. Ошондуктан кыргыздар туугандыкты ыйык тутуп: «Түбү бирге – биригет, учу бирге – уланат» – деп айтышат, элибиз туугандыкты ыйык сакташат, дагы да сактай берет. Өз улуттук жолуңду унутпа, кыргыз! Өз жолу жоктун – келечеги жок, баскан сайын башы адашат.
77 (2) Көк Теңир пенделерине ынтымакта болуунун, өмүр жолдорунда туугандашып жүрүүнүн ар кандай жолдорун тартуулаган.
Достук мамиле – жүз жылдык бүтүм дейт, кудалык мамиле миң жылда да үзүлбөйт.
Теңир кошкон кудалардын тамыры – терең, мамилеси – бекем, учугу – узун, чабыты – кенен болот.
Кудаң көбөйсө – таяке-жээндер арбыйт, тамырың бекемдейт, канат-куйругуң узарат.
Куда күтсөң теги жакшыны танда, тукумуң тазарып, чабытың кеңейет, душманың азайып, тууганың көбөйөт.
Дос – айрылат, тууган – кайрылат.
Көк Теңир элге туугандашуунун бирин бири улаган ыйык мамилелерин берген, алар:
Куда-сөөк күтүү – Теңир берген дос-тууганды арттыруунун түбөлүктүү жолу. Айрым керектүү жагдайларда уруу башчылары, улут башчылары да өз ара эле эмес, кошуна элдердин башчылары менен да куда-сөөк болушкан, туугандык мамилелерди арттырууга аракет кылышкан.
Баш кошушкан эки жашка эки тараптан тең- Өкүл ата, Өкүл эне коюу – Көк Теңир тартуулаган туугандыкты бекемдөөнүн дагы бир ыйык жолу.
Түшүндүрмө: Көңүл сүйгөн жакшы адамдардан жаңы баш кошушкан эки жашка «Өкүл ата», «Өкүл эне» коюу да туугандашуунун байыртан келаткан ыйык жолу.
Мындайда экинчи тарап да өз ата-энелериндей эле эки жаштын келечегине жоопкер болушат, ысык-суугун, бардык түйшүгүн тең тартышат.
77 (4) Бел кудалык (же Карын куда) да туугандашуунун жолу. Мындай учурду «Кудалаш тууганбыз» дешет.
Түшүндүрмө: Кош бойлуу келинчектери бар эки дос же курдаштар кийин келинчектерибиз көз жарганда бирибиздики кыз, бирибиздики уул болсо – куда бололук, экөө тең уул же кыз болушса дос болушсун дешип көк чырпык кесип антташышат. Антты бузсак, чырпыктай кесилели дешет. Мындай антташуунун бузулбаганы жакшы, бузулган болсо ынтымакка доо кетет.
77 (5) Көк Теңир пенделерине туугандыкты бекемдөөнүн дагы үч журтун ыроологон. Алар: Ата Журту, Тага журту жана Кайын журту.
а) Ата Журт – бул жогоруда айтылган туугандыктын төрт жолуна байланышкан түшүнүк. Өз ата конушу, төрөлгөндө киндик каны тамган жер. Ар бир адам үчүн өз Ата Журту ыйык. Ата Журтун эч бир кыргыз эч кандай байлыкка да, бийликке да алмашпайт. Ошон үчүн «Туулган жердин топурагы – алтын» дешет.
Түшүндүрмө:-кыргыз элинин тарыхында Ата Журту үчүн жанын кыйган азаматтар четтен чыккан. Мындай мисалдарды элибиздин байыркы тарыхынан да, мисалы «Манас» баштаган эпосторубуздан тапсак болот, кийинки эле Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы Чолпонбайдын, Дүйшөнкулдун жана башка ондогон баатырларыбыздын тарыхтары да буга кынтыксыз далил.
б) Тага журт – бул ар бир атуулдун, ал уулбу же кызбы, баары үчүн ыйык тутунган түшүнүк. Ар бир кыргызга энесинин туугандары – Тага журттун бардык адамы, мейли ал эркек же аял болсун кол тийгис, бардык учурда сый-урматтын ээси. Аларды эркек киши болсо «Менин таякем», аял киши болсо «Менин таэнем, таэжем» деп аттарын аташпай тергешип, урмат-сый менен мамиле кылышкан. Эже-сиңдинин уул-кыздары ар башка уруулардан болушса да бирин бири «Бөлөм» деп бир тууган көрүшкөн. Ушунусу менен туугандыктарын бекемдеп келишкен.
Түшүндүрмө: Тага журт сени төрөгөн апаңдын ата-энеси, ага-иниси, эже-сиңдиси, туугандары. Сен апаңды кандай сыйласаң, анын төркүндөрүн да ошондой сыйлашың керек. Бул элибиздеги турукташып калган ыйык түшүнүк. Ата-эне ар бир уулун: тагаларыңа кол көтөрбө, кол тийгизбе, колуң калтырап калат, ар бир кызын: «Таяке-таэжелериңе сөз тийгизбе кесир болот» – деп тарбиялаган. Жаштайынан ошого үйрөткөн.
Ал эми таяке тарап өз кыздарынан төрөлгөн уул-кыздарын жээндерибиз деп зор урмат көрсөтүшкөн, жээндеринин талабын кыйшаюусуз аткарышкан, кандай талап кылса да аткарууга милдеттүү болушкан. Жээн баланын талабы ыйык делген, ошондон элибизде «Жээн киргенче – жети бөрү кирсин» деген тамаша-чынынан айтылган макал калган.
в) Кайын журт – ким болсо да уул үйлөп, кыз узатабы – кудалар тарап.
Түшүндүрмө: Кыргызда куданын жолу улуу – үйүңө келсе төргө өткөрөсүң, мал союп коноктойсуң, тамактын сыйлуусун ошого тартасың. Элибизде: «Дос жүз жылдык, куда миң жылдык» деген сөз бар. Бул достор көзү өткөн соң жолдору үзүлүп баары бир айрылышат, ал эми кудалар укум-тукуму өскөн сайын улам көбөйүп, улам бекемдеп отурат дегендик. Ошон үчүн Кайын журтту элибиз ыйык карманышкан.
Кыз берген тарап күйөө баланы улуулары «Күйөө балабыз» дешип сыйлашса, кичүүлөрү «Биздин жездебиз» дешип урмат-сый көргөзүшкөн. Күйөө бала кайын журтунун адамдарынын алдынан өтүшкөн эмес, ысымдарын аташпай турган.
Келин бала келген жеринин баарын сыйлап, улуу-кичүүсүнө карабай жүгүнүп, аттарынан атабай тергеп жүргөн. Төркүн тарабы аны «Биздин кыз» деп сыйлашып төрлөрүнөн орун беришкен, үй кызматтарына, казан-аякка аралаштырышпай турган. Булар да уулдары менен кыздарына карата көрсөтүлгөн элдик сый-урматтын үлгүсү, элдик тарбиянын соолбос башаттарынын бири.
Бажалык – эки эже-сиңдилердин күйөөлөрү бажалар делинет. Бул да туугандашуунун элибиздеги дагы бир бекем карманган жолу. Бажалар өздөрүнүн эже-сиңди келишкен жубайларындай эле бирин бири бажабыз дешип бир туугандай көрүшкөн. Бажалар бардык жакшылык-жамандыктарда үзбөй катышышып, туугандыктарын бекемдеп жүрүшкөн. Өз балдар-кыздарына да «Силер бөлөсүңөр, туугансыңар» дешип кулактарына куюп турушкан.
Бөлөлүк – эже-сиңдинин уул-кыздары ар башка уруулардан болушса да бирин бири «бөлөм» деп бир тууган көрүшкөн. Бири-бирине чоң урмат-сый менен мамиле кылышкан. Бөлөлүк туугандыкты ыйык тутушкан. Ушундай мамилелер аркылуу да уруулар ортосундагы ынтымак чыңдалып, аягы жалпы Улуттук биримдикти бекемдеп турган. Жалпы элибиздин биримдигинин уюткусу ушунда жатат.
78. Эмчектештик – туугандашуунун дагы бир сыйлуу жолу. Мындай учурда уулдары же кыздары бар эки тааныштар — мындан ары балдарыбыз бир тууган болуп жүрүшсүн дешип бала эмизип жүргөн тараптын энесин эмизишкен, мына эне сүтүн татты, эми булар биртууган болду дешкен. Бул жөрөлгөнү ыйык тутушкан. Эмчектеш балдардын мамилеси бир туугандардан да ысык болгон учурлар элибизде көп. Мындайды «Эмчектеш тууганбыз» дешет.
79. Достук – бул да туугандашууга кирет. Оюн-дилин, көңүл-тилегин кошкондор дос болот, ортосунда достордун ыйкы-тыйкы жок болот. Мындайды «Дос тууганым» дейбиз.
Түшүндүрмө: Чыныгы достун пейили ак, жамандыкта да, жакшылыкта да катарыңда.
Досуң көп болсо – чоң күчсүң, досуң жок болсо – байкушсуң.
Эсептүү дос айрылбайт – таарынган дос кайрылбайт.
Достун жүрөгү ачык болот – түрлүү шартта колдоо табасың.
Дос көңүлүн калтырба.
80. Кошуналык – эки кошуна ынтымактуу болушса, чыныгы туугандан да артык болот. Жакшылык-жамандыктарда жеңилиңди – жерден, ооруңду – колдон алып бир туугандан артык кызмат кылат. Кубанчыңа кубаныч кошуп, кайгырганда жаныңда болуп кайгыңды тең бөлүшөт. Бул кыргыз журтундагы, элибиз эң ыйык туткан мамилелердин бири. Досту тандап күтөсүң, кошунаны тандап күтүүгө болбойт. Досу жок жашаса болор – кошунасыз жашоо мүмкүн эмес. Мындайды элибиз «Кошуна тууганбыз» дешет. Ошондон улам элибизде: «Алыскы туугандан – жакынкы кошуна артык» деген макал жаралган.
81. Кесиптештик – бул да азыркы жашоо шартка жараша бир тармакта эмгектенишкен адамдардын ортосундагы жылуулукту ыроологон жакындашуу мамилеси. Мындайда адамдар биз «Кесиптешпиз» же «Бул менин кесиптешим», «Кесиптеш тууганбыз» дешип атайын басым жасап айтышат, ушунусу менен өз ара максаттарынын, иш-аракеттеринин жакын экендиктерин, ымалалаштыгын билдиришет.
82. Жолу улуулук, жолу кичүүлүк – бул Көк Теңир пенделеринин өз ара мамилесинде кынтыксыз кармана жүрүүнү жолдогон туруктуу эреже, ар бир кишинин, мейли ал эркекпи же аялбы – мойнуна жүктөлгөн Көк Теңирдин ыйык парзы.
Түшүндүрмө: Ар бир үй-бүлөнүн жолу улуусу – атасы, ар уруунун ичиндеги жолу улуусу – уруунун акылы жетик эң аксакал адамы. Кандаш, жердеш, элдеш туугандардын ичинде да жолу улуу, жолу кичүүлөрү бар. Жолу улуулук ар бир уруу ичинде да бар, ошонун уруу ичиндеги укугу жогору, эл алгачында ошонун пикирин угат, күнүмдүк турмуш шартында төрдөгү орун ошого тиет.
Ал эми Мамлекет ичинде – жалпы элдин, андан кийин мамлекеттин жолу улуу – укугу жогору, жолу кичүүлөр – анын жеке жарандары. Мамлекет жолу улуулук укугун пайдаланып, өз жарандарына теңчилдүү мыйзам бериши, акыйкат бийлик жүргүзүшү абзел, ар бир жаранынын өмүрүн, кызыкчылыктарын коргоп, жашоо-шартын жакшыртып, алардын бардар турмуш курушуна камкордук көрүүгө укуктуу. Ал эми анын жарандарынын биринчи кезектеги милдети жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынын биринчилигин таанып, аны ыйык сакташы керек. Ошондо ар кандай башаламандыктар болбойт, эл өзүн өзү коргойт.
82 (1) Ар бир мамлекеттин аймагында жашашкан элдердин ичинде да жолу улуусу бар, ал жалпы жарандар ичинде кынтыксыз сакталчу эреже. Кайсыл мамлекетте болбосун ошол мамлекет атын алып жүргөн, ошол аймактын ээси болгон элдин жолу улуу, укугу жогору. Ошол мамлекетте турук алып калган башка улуттун өкүлдөрүнүн, алардын ошол мамлекеттин тең укуктуу жараны болгону менен жолу кичүү келет. Жолу улуу, жолу кичүүлүктү кармана жүрүү – ар бир пенденин төрөлгөндөн тартып–кайсыл жерде, кандай шартта болсо да кынтыксыз аткарылууга жата турган Көк Теңир ыроологон ажырагыс милдети. Эшиктен кирип төр талашкан адепсиздикке жатат.
Түшүндүрмө: Биздин, Кыргыз Республикасында жолу улуусу – кыргыз эли, анткени, биринчиден, кыргыздар Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы, түпкүлүктүү эл, экинчиден, биздин Республиканы түзгөн, мамлекеттин кыраркасын кармап турган өзөктүү – уңгу эл, мамлекет ээлеп турган жердин ээси. Жергебизде отурукташып калган башка улуттардын өкүлдөрү (республикабызда 80ге жакын улуттардын өкүлдөрү жашайт эмеспи) – жолу кичүүлөр. Мындай учурда укук–жолу улууга өтүп, калгандар жолдук шартты аткарууга милдеттүү болушат. Теңир жолунда азыркы укук менен милдет шарты ушул жол менен чечилет. Башкача болгондо Теңир тартуулаган жол мыйзамы бузулат. Жолу бузулган элдин оң жолго чыгышы татаал. Анткени жолу улуулук – өзүм билемдик, башка улуттардын өкүлдөрүнө үстөмдүк көрсөтүү эмес, тескерисинче, жолу кичүүлөргө камкордук көрүү, алардын үрп-адаттарын сыйлап, жашоо-шарттарын жакшыртууга жол ачып берүү болуп эсептелет.
Бул туурасында республикабыздагы белгилүү окумуштуу замандашыбыз Чоюн Өмүралиев: «Диалектикада биримдикти эмес, карама-каршылык маңызын абалкылап алган, ошого тең, «укук» жана «милдет» деп эки башка сөз менен кош түшүнүктөлүп айтылат. Ал эми карама-каршылыкты эмес, биримдик маңызын биринчилеп алган теңирчил илимде, ошого тең кош сөз, эки түшүнүктүн өзү жок, же экөөнүн ажырагыс бир тутуму бир Сөздө, бир Түшүнүктө эрип жок болуп кеткен «Жол» деген чокон аталышта! Б.а., «Жол» деген маани-маңыз, мында диалектика жеткен мазмундан да аркы, тереңги тепкичке философий категорияланып калыптыр. Эсеби, кыргыздын салттуу түшүнүгүндө «укугу» жана «милдети» деп бөлөк-салак айтылбайт, «Жолу» деп гана коёт, бир ооз: «Жолу улуу» же «Жолу кичүү!» Бүттү! «Жолу улуу» деген эле жерден Укугу алдыга суурулат да, милдети экинчи, ээрчимел абалга келет, же тескерисинче, «Жолу кичүү» деген эле жерден милдети алдыга чыгат да, Укугу соңку орунда калат», – деп тастыктаган. Мындан өткөн түшүндүрмө болбос!..
Эл достугун, ынтымагын чыңдоодо элибизде байыртадан колдонулуп келген «Жол» тартибин ыйык сактоо талап, ошондо негизги «Жолу улуу» улут – кыргыздар, өзү бардар, ынтымактуу жашап, маданияттуу, билим-илимдүү, салмактуу, токтоо, айкөл, нарк-насилдүү, каада-салттуу болуп, башка элдин өкүлдөрү аларды ээрчигендей абалга жетишүү зарылчылыгы жаралат, башкача айтканда, «жолу кичүү» улуттун өкүлдөрүнө камкордук көрүүгө укуктуу абалга келет. Ал эми республикабызда турук алып калышкан башка улуттардын өкүлдөрү «Жолу кичүү» ахыбалына келип, «Жолу улуу» элдин тилин үйрөнүүгө, каада-салтын, нарк-насилин кадырлоого, сыйлоого, мамлекеттин бардык мыйзамдарын кынтыксыз аткарууга, жалпы элдин – мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого милдеттүү болот. Ийгилигин кошо түптөшүп, кемчиликтерин бирге түзөтүшөт. Ошондо жергебизде чыныгы ынтымак орун алып, республикабыздын ар бир жараны өз укугун да, милдетин да ушул «Жол» эрежеси аркылуу бузулгус бекемдеп алышат.
Элибиздин нукура төл жолуна чыгуубуз зарыл. Акылман кыргыз: «Жол башчы издебей жолуңду изде» – деп бекеринен айтпайт. Жол башчыны шайлап аласың, а элдин жолу Теңир берген ыйык энчи! Өз элдик жолуңарды танбагыла, Көк Теңирдин момун пенделери…
83. Убада – адамдар ортосундагы мамиленин үзүлгүс чидери.
Убададан танган адам – антынан танган менен барабар.
Убада менен анттын аталышы башка – маңызы бир, экөөн тең ыйык кармап жүр.
Дос-туугандан айрылбайм десең – убадага бек бол.
Убадаңдын бир учу Теңирде – бир учу досуңдун колунда – танган болсоң баарынан айрыласың, кырсыкка кабыласың.
Убаданы берерде шашпай ойло, бердиңби аткарбай койбо.
84 (1) Убаданын эң катаалы, эң бекеми – АНТ. Антты эл жүгүн мойнуна алган азаматтар эл алдында улуу Көк Теңирди, ыйык Ата Журтту жана жалпы элди күбө тартып ант беришет. Антты танууга болбойт.
Эл түйшүгүн көтөрө турган ар бир азаматтын анты:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин урматына! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
Улуу Көк Теңирдин каалаганын кабыл кылар, бол дегенин болтурар, тилегендин тилегин берээр кудуретине моюн сунуу менен Теңир алдында, Жараткандын көктөгү ыйык Күнүн, Ата Журтубуз Ала-Тоону күбө тартып, Ак калпактуу кыргыз элиме АНТ беремин:
– Элимдин нарк-насилин,
Салт-санаа, үрп-адатын,
Туу туткан Ишенимин,
Мыйзамын ыйык кармап,
Абийирди бийик тутуп,
Акыйкатка тике карап:
– Ак ишке колум созом,
кара иштин жолун тосом,
элимдин эртеңи үчүн –
асыл ой, ак ишимди,
ак тилек, ал-күчүмдү,
жаратман ишке кошом!
– Эл-журтту жаңылаган,
Эмгегим талыбаган,
Кубатым, билим, үнүм –
Өмүрүм, жаным, дилим –
Сен үчүн – КЫРГЫЗ ЭЛИМ!
Ант бердим ак пейилден,
Кабыл кыл Көк Теңирим!
Омийин!
Түшүндүрмө: Ар бир жарандын алаканында бири-бирине окшобогон Көк Теңирдин мөөрү бар. Алакан жайып ар бир жаран Көк Теңирге, бир тууган элге, киндик кан тамган Жерге убада берип жатат. Теңирге, Эл-жерге берген убаданы бузууга да, танууга да болбойт. Көк Теңир алдында өзүңдү таза, адилет, ак тутуу ар бир пенденин ыйык парзы. Көк Теңир пенделеринен мээримин аябасын! Көк Теңир ойлогон оюңарды, тилеген тилегиңерди кабыл кылсын, Жараткандын момун пенделери!
Убададан, анттан тайгандарды эл: Теңир урсун! Теңирге койдум! Теңир жазасын берсин! Теңирдин каары урсун! Ант урсун! – деп каргашат.
85. Биримдик – Көк Теңирдин адамдарга деген улуу Чакырыгы.
Көк Теңир сөзү:
Элдин күчү – ынтымакта, коомдун күчү – биримдикте.
Биримдиги бар эл – бузулгус чеп, биримдиги жок эл – тамырсыз чөп (камгак).
Биримдиктин пайдубалы – ынтымак, тиреги – достук, билеги – туугандык, жүрөгү – акыл, конушу – Ата Журт.
Биримдикке баалай билгендер гана бара алат.
Биримдик – бир кыйналганда, бир кубанганда кубат алат.
86. Жазык – Көк Теңирдин пенделерине эскертүүсү. Жазыктын жаздымы көп – жаза баспай жаңылбай жүргөн эп.
Жазанын байыртадан бери элибиз карманган эки түрү бар: 1) чоң кылмыш иштери үчүн колдонула турган – Кун; 2) майда кылмыш үчүн – Жаза.
Түшүндүрмө: Негизсиз Эл чаап, эр өлтүргөндөр – Кун төлөйт, жарадар кылып азап тарттыргандар – айыпка жыгылат. Кундун да, Айыптын да эл ичиндеги белгиленген өлчөмдөрү болот.
Кун өлчөмү тогуздап ченелет, айыпка жыгылсаң кырк таяк жеп этиң көгөрөт. (Азыркы учурда бул маселелер шартка жараша Жазык кодексинин («Уголовный кодекс») чегинде каралат.)
Көк Теңир сөзү:
86 (1) Ар бир жазыкка жараша – жаза бар, аны унутсаң күнөөгө батасың.
Адам өмүрүн кыюу – кечирилгис күнөө, андай жазаны бир гана Теңир берет.
Түшүндүрмө: Жалган доо койгондук – жарым өмүрдү жегенге барабар.
Кулдун да куну бар – кундан кутулгандын күнөөсү жеңилдейт.
Бирөөнү алдоо, акысын кайтарбоо, анттан тайгандык, салтты сактабоо, мерездик, кайрымсыздык, сүткорлук, пара алуу, бузукулукка баруу, уурулук, каракчылыктар – жоругу жаман пенделердин жосуну, андайлар абийир сурагын аттаса да, Тарыхтын, Теңирдин сурагынан кутула албайт. Түбөлүгүңдү ойло, Теңир пендеси…
Көк Теңир талабы:
86 (2) Күттүрбөй келген КОНОК – Теңир жиберген киши, аны урматтап сыйлоо ар пенденин иши.
Теңир сөзү:
Коноктун тилеги – ырыс, ою – жакшылык, үмүтү – жылуу мамиле.
Конок кирген үйгө ырыс кирет.
Коноктун ырысы өзү менен кошо жүрөт.
Конокту сыйлабастык – кесирлик.
Кесирлүүнүн келечеги жок.
Аял кишинин кесири – эрине тиет, эр кишинин кесири – элине тиет.
Кесир кылсаң – кечирим сура.
Кесирлик кылуу – күнөөгө тете, кечирим суроо – пенделик парзыңды өтөө.
Ар бир иште калыс бол, кесирликтен алыс бол.
Көк Теңир сөзү:
86 (3) Эстен чыгарбай жүрчү жөрөлгөлөр, ырымдар элде – аларды сактап жүрүү парзы сенде – момун пенде… Адамдар өз жакшылыктарында жакын туугандарын, санаалаштарын чакырып той берет, жамандык болуп кетсе маркумду эскерип аш өткөрөт. Маркумду эстен чыгарбай, алардын арбактарына арнап дува келтире жүрүү ар бир тирүү пенденин милдет-парзы.
Көк Теңир пенделерине кармана жүрүүнү тапшырган милдеттин бири:
86 (3-1) Жалпы эл, эл түзгөн мамлекеттин турмушунда пайда болуп, кеңешип чечүүсүн талап кылган маселелерди кабыл ала турган жыйын – Улуу Курултай. Андан тышкары жалпы ири ийгиликтерди белгилөөдөгү (атайын белгилөө керектиги жаралган учурда) элдик чоң той, жайкы кургакчылыктагы жана кышкы жуттагы өткөрүлчү – түлөөлөр.
А) Улуу Курултай – (азыркы түшүнүктө – Элдик парламент), Көк Теңир ыроологон ыйык эс тутум, ал – Ынтымак ордосу. Курултайдын тиреги – Эл, таянычы – Жер, максаты – Биримдик, мүдөөсү – Келечек. Келечектүү, ынтымактуу эл – мүдөөсүн Курултайда чечет. Бүтпөгөн талаш – Курултайда бүтөт, келечек жолун эл – Курултайдан күтөт. Ошондон: «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дешет.
Түшүндүрмө: Алгачында бир маселени тактап алалы: Кыргыз эли эң байыркы эл экенин, кыргыз кырк уруудан (балким, андан да көптүр, бирок алар башка элдерден эмес, кыргыздардын ичиндеги эле өз боордош-кандаш урууларыбыз экенин унутпайлычы, ар улуттан кошулду деген жерибиз жок да) куралганын эч кимибиз танбайбыз, Улуу Манас атабыз да кырк чоросун элибиздин кырк уруусунан топтогонун билебиз, кийинки эпоско айланган эл баатырлары да ушул талапты колдонушкан, бирок азыр элибиздин ичиндеги уруулар жөнүндө сөз кылып, аларды атап койсо эле, бирдиктүү кыргызды бөлүп-жарып, Орто кылымга чакырып, артка тартып жатасың дейбиз, а түгүл аны эл душманы кылып жиберебиз. Ойлонолучу, төрт-беш миң жылдар аралыгында уруу-уруу, өрөөн-өрөөн болуп жашап, өзүнүн кубаттуу мамлекетин (каганатын) түптөп, кошуна-колоңдорунун сестенүүсүн да, суктануусун да жаратып келген эл, эми бүгүн уруу аттарын атап койсок эле чачырап кетеби? Же бүгүндөн баштап өз өзөгүбүздү, өзүбүз чыккан урууларды атабай койсок эртең эле канат-куйругу, өзөк-тамыры жок «кыргызстандык» (кезинде «советтик эл» болобуз деп да дүүлүккөнбүз) деген камгак эл боло калабызбы?
Уруу – улуттун пайдубалы, өнүм берчү тамыры! Тамыры жок элдин келечеги жок. Элибиз: «Түбү бирге биригет, учу бирге уланат» – дейт. Кыргыз элинин өзөгүн түзгөн кырк уруунун, а түгүл деги кыргыз тектүү түрк элдеринин, баарыбыздын түбүбүз бир, демек, биз боордош тууганбыз, ыңгайлуу шарт жаралганда, акылыбызга келгенде, ар кандай ыйкы-тыйкыны, бири-бирибизге кыр көрсөтүүнү токтотуп – биригебиз, учугубуз бир – улана беребиз! Ааламдашуу (глобализация) арымы акыры ушуга алып келет!.. Бул удулу келгенде айтыла калган ой дейли, эми Курултай маселесине өтө берели…
Республикабызда иштеп жаткан Жогорку Кеңештин эки палатадан турганы максатка ылайык болор эле. Биринчиси–Улуу курултай (Элдик парламент). Курултайдын курамы менен шайлануу шарты (азыркы шартка ылайык беш жылга шайланып) Башмыйзамда (Конституцияда) аныкталып жана атайын мыйзам менен бекитилиши талап. Улуу Курултайдын (Элдик парламенттин) «Даанышман кеңеши» (уюткусу) 61 адамдан туруп, анын маяна алып туруктуу иштөөчү аткаруу тобу 11 мүчөдөн, калган коомдук башталышта иштөөчү 50сүнүн 40 мүчөсү кыргыздардын 40 уруусунан, 10 мүчөсү республикабызда турук алышкан башка улуттардын өкүлдөрүнөн болушу талапка ылайык. Аткаруу тобунун тогуз мүчөсү кыргыздардын ар тобунан үчтөн, экөөсү башка улуттардын өкүлдөрүнөн болуп, анын Теңтөрагалары Аткаруу тобунун ичиндеги үч топтон бирден: оңдордон, солдордон жана ичкиликтерден болуп, ар жыл сайын кезектешип Төрагалык кылышса чыныгы теңдик болор эле. Туруктуу талап: курултайдын ар бир мүчөсү, ал эркекпи же аялбы, өз уруусунун курултайынын чечими менен ачык тандоо аркылуу бекитилиши зарыл. Мындай учурда ар уруу башка уруулар алдында уят болбошу үчүн уруу ичиндеги эң акылман, жөнбилги, даанышман уул-кыздарын шайлашары талашсыз. Ошондо элдик парламент ар кошкон чыр-чатактуу капчыктуулар, «каралар» менен «кызылдардын» тобу эмес, эл ичиндеги чыныгы атуулдардан топтолгон даанышман кеңешке айланат. Купулдарына толбогон, натыйжалуу иштей албаган депутаттарын чакырып алуу жана анын ордуна башка татыктуусун шайлоо ошол уруунун Курултайынын ыйгарым укугунда болушу керек. Дагы бир эске ала турган маселе: кыргыздын кырк уруусунун көлөмдөрү ар башка; бири көп, бири кичине дегендей, андай учурда оң канат, сол канат, ичкилик топтогуларга тиешелүүсүн ошол топторго кошуп теңдештирип, ошого ылайык топтоп алуу талапка ылайык болобу дейм. Уруулардан шайланчу депутаттардын сандарын да жалпы көлөмүнө жараша (белгилүү сандан бир депутат дегендей) бөлүштүрүү ылайык болобу дейм.
Улуу Курултайдын Төрагасы менен аткаруу тобунан башка мүчөлөрү (50 депутат) коомдук башталышта, аймактык өкүлчүлүк катары иштеши, Курултайда карала турган маселелер менен бир ай мурун таанышып, өз аймактарында талкуулап алып, андагы айтылган пикирлерди топтоп, жалпы талкуулоого коюу максатында, Курултай өтөөр күндөн мурун (белгиленген мезгилде) чогулушу абзел келээр. «Даанышман Кеңештин» аткаруу тобу (11 депутат) туруктуу иш алып баруу менен бирге, жылдын ар бир чейрегинде (үч айда бир) бирден Даанышман Кеңештин ыйгарым укуктуу мүчөлөрү менен жолугуу өткөрүп, (аймактардын өзүндөбү же борбордобу, ылайыгына жараша) мыйзам чыгаруу тобу кабыл алган мыйзамдарды талдоого алып, жарактуусун Президенттин бекитүүсүнө же кемчилиги бар дегендерин Мыйзам чыгаруу тобуна сунуштарын кошуп кайра карап чыгууга жөнөтөт, өлкөнүн аткаруу бийлик тутумундагы айрым абалды талкуулап, тиешелүү кеңештерин, сунуштарын бийлик бутактарына берип турушат.
Экинчиси – Мыйзам чыгаруу жыйыны. Анын курамы мыйзам чыгаруу жаатындагы окумуштуулардан, тажрыйбалуу адистерден турган жалпы саны 30-35тен ашпаган депутаттардан турса жетиштүү болор эле. Алардын милдетине мыйзамдарды чыгарууга жана аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү милдети жүктөлүшү жетиштүү болот. Көзөмөлдүн натыйжасы менен мыйзамды так аткарбагандарга чара колдонуу боюнча токтомдорун чыгарып, Улуу Курултайга жана Президентке жөнөтөт. Калган маселелерди Аткаруу бийлигинин укугуна калтыруу талапка ылайык. Ошондо ар кандай башаламандыктар, бийлик талашууларга жол калбайт. Андай тескери жосундар уруулук деңгээлден жогору чыкпай калат. Аларга кеткен чыгым да кыйла кыскарат.
Деги көрүнгөндүн көчөсүн аңдыбай, өз элибиздин көрөңгөсүн аңтарып, өзөгүн аңдашыбыз, өнүгүүнүн өзүбүзгө таандык унутулган чыйырын жаңыртып, улуттун канжолуна чыгышыбыз, өз өзөгүбүздү табышыбыз керек го?! Алгачында жеке адамдын укугу дегенди туу көтөрбөй, жалпы элдин, андан кийин мамлекетибиздин укугун алдыга сүрөө туура болобу дейм. Болбосо, «Менин укугум бузулуп жатат» дешип, өзүмчүл коррупционер да, өнөкөт кылмышкер да, ар кандай бейөкмөт уюмдар (БӨУ) да адам укугу бузулуп жатат деп кыйкыра бериши турулуу иш. Анда ызы-чуудан башыбыз чыкпайт…
Курултай үч учурда чакырылат:
Улуу курултай беш жылда бир жолу мамлекеттеги жалпы саясый жана чарбалык абалдарды, ийгиликтер менен кемчиликтерди талкууга алуу, кийинки беш жылдыкка ички-тышкы мерчемдерди аныктоо максатында Улуу Курултайдын төрагасынын сунушу менен Аткаруу тобу тарабынан чакырылат. Курултайлардын иши Көк Теңирдин урматына багышталган уңгу дуваны келтирип, анан Гимнди ырдоо менен башталат: Улуу Курултайда Ата Журттагы абал талкууланып, мамлекеттин аткаруу бийлигинин жетекчи кызматкерлеринин тактамалары угулат, алардын аткарган иштерине баа берилет. Натыйжасы коомчулукка ачык маалымдалып, жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жогорку аткаруу бийлик органдарына сунуштарын киргизет же Улуу Курултайдын аткарылууга жата турган атайын чечимин чыгарат.
Түшүндүрмө: Улуу Курултайдын ишине республикабыздын аймактарынан («Даанышман Кеңештин», мыйзам чыгаруу палаталарынын мүчөлөрүнөн, министрликтерден, облустардан, шаарлардан, айыл өкмөттөрүнөн, Бишкек шаарынан, Ош шаарынан – бардыгы 800–900дөй адам) добуш берүү укугу менен белгилүү өлчөмдөгү делегаттар чакырылышы, Улуу Курултайды өткөрүү чыгымы республикалык бюджеттен каржыланышы талапка ылайык. Добуш берүү Курултайдын чечими менен ачык же жабык мүнөздө өтүшү ыктымал. Ошондо бийлик бутактары бири-бирине, Парламентте, андагы партиялык фракцияларда эмес, элге тактама берет, эл алдында жоопкерчилик тартат. Жер-жерлерден келген курултайдын мүчөлөрү курултайда кабыл алынган чечимдерди өз аймактарындагы тургундарга түшүндүрүүгө милдеттүү болушат. Ошондо бийликтин бардык чечимдери ачык-айкындыкта, жалпы элдин колдоосу менен ишке ашып турушуна шарт түзүлөт.
Жыл ичиндеги өлкөдөгү абалды жана келерки жылдын мерчемдерин талкуулоо үчүн жыл сайын жылдын белгиленген бир мезгилинде (жылдын жыйынтыгы чыгарылган учурга туштап) Элдик курултай чакырылат.
Түшүндүрмө: Анда өткөн жылдын жыйынтыгы талкууланып, келерки жылдын мерчемдери, бюджети бекитилет. Ички-тышкы саясаттын жүрүшү талдоого алынып, баа берилет жана келечекки багыттары аныкталат.
Ички жана тышкы абалдардан улам жарыяланган Өзгөчө кырдаалдар учурунда да кезексиз Курултайлар чакырылышы мүмкүн.
а) Ата Журтка тыштан коркунуч жаралгандагы Элдик Курултай.
Түшүндүрмө: Ата Журтка тыштан коркунуч жаралганда Элдик Курултай жалпы каршы туруу максатында Улуу Курултай же Президент (Ажо) тарабынан чакырылат, Улуу Курултайдын иши, деги бардык Курултайлардын иши Көк Теңирдин урматына багышталган уңгу дуваны келтирип, анан Гимнди ырдоо менен башталат:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Улуу Көк Теңир, (алгачында уңгу дуваны айтып, андан кийин элдин өткөн тарыхын, эл үчүн эрдик көрсөткөн баатырлардын жолдорун эскерип келип, анан ошол туштагы абалга токтолот. Ошондон кийин…)
Алааматтуу ушул тушта, Ата Журтум коркунучта! Сырткы душман кысып турат, ички душман бузуп турат. Ата Журтум онтоп турса, отурамын кантип чыдап!..
…Туурумду бузам деп турган,
душмандар менен кармашам,
Арбагы ата-бабамдын,
алдыга сүрөйт ар качан,
кор болуп турган эл үчүн,
колума курал албасам,
душманга каршы турбасам,
Төрөлбөй туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү Жер урсун!
Төбөсү бийик Көк урсун!
Көк Теңирим өзү урсун!!!
Омийин!
б) Мамлекет экономикалык жактан кыйынчылыкка дуушар болуп ички көйгөй жаралгандагы – Элдик Курултай:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Улуу Көк Теңир, (алгачында уңгу дува айтылып, анан Ата Журт экономикалык жактан тукулжурап, эртеңки багытын табалбай эл кыйналып турганда белди бекем бууп эл үчүн жалпы эмгектенүү максатындагы чакырыктарды, аткарылбай жаткан кемчиликтерди ортого салып, аларды жоюунун жолдору боюнча катышуучулардын ойлорун, кеңештерин угуп аткаруунун, чараларды макулдашуу менен аягында)
О, Жараткан!
Кыйналып турат калың эл,
тумчугуп турат тууган Жер.
Катарга бирдей туралы,
жабыла эмгек кылалы.
Ата Журт гүлдөп жаңырсын,
Келечек үчүн бу дагы…
Эмгегим элге деп иштеп,
элимдин камын жеп иштеп,
Ата-баба арбагын,
ак иштеп ыраазы кылалы,
жалпы элдик иш үчүн
жапатырмак туралы…
Омийин!
Түшүндүрмө: Эл Ата Журтка сырттан же ичтен коркунуч жаралганда Улуу Кеңеш же Элдик курултай түрүндө чогулуп бир чечимге келүү Теңир пенделери дайыма аткара жүргөн ыйык нарк-насилдер. Адатта, Уңгу дуваны айтышып, андан кийин түйшүктүү кезде эл белди бекем бууп, Ата Журтка түшкөн ички же тышкы коркунучтарга каршы турууга бир ооздон дува кылышкан, кан-жанын аябоого ант беришкен.
в) Чоң той – элдин, мамлекеттин ири ийгиликтерин белгилөөдө ар тараптан сыйлуу, урматтуу коноктор чакырылып, элдик каада-салтты, спорттук мелдештерди, майрамдык салтанаттарды колдонуу менен чоң той өткөрүлөт.
Түшүндүрмө: Чоң той – жыл жыйынтыгын чыгарган маалга дал келтирилип да өткөрүлүшү мүмкүн. Мында да алгачында уңгу дува айтылып, андан кийин жыл жыйынтыгындагы ийгиликтер баяндалып, мындан ары да ушул ийгиликтерди улантуу чакырыктары менен аяктап, аягы элдик оюн-зооктор менен коштолушу талапка ылайык келет. Акырында Эл-жерге дува келтирүү менен аяктоо абзел…
В) Түлөөлөр. Түлөөнүн элибизде колдонулуп келаткан эки түрү бар. Бири – Чоң түлөө.
Түшүндүрмө: Чоң түлөө эки учурда – Ата Журтка жаратылыштын коркунучу жаралганда өткөрүлөт: а) кургакчылыкта – жамгыр тилеген, б) кышкы жутта – күндүн ачылышын суранган түлөөлөр. Мындай түлөөлөрдүн табигый шартка жараша аймактык деңгээлдерде өткөрүлүшү Теңир жолуна туура келет.
86 (3-2) Жамгыр тилеген түлөө.
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, түр дүйнөнү жаратарым, Жараттың жандуу-жансыз жалпы баарын. Мөгдөп турат мүлдө журт, жаратылыш, Жамгыр бер, жакшылык кыл – суранабыз.
Ным жетпей куурап барат – сепкен эгин,
Суу жетпей чаңкап турат – пенделериң.
Суу таппай кыйналышты жан-жаныбар,
Суу ичпей бозорушту тоо-талаалар…
Жерге да, элге дагы жамгыр керек,
Жамгыр бер, жалпы журтка болуп көмөк.
Жамгырсыз эртеңибиз кыйын болот,
ным жетпей бозорушту кокту-колот…
Жөлөк бол элибизге,
Жамгыр бер жерибизге.
Кырсыктан кылып алыс,
Жамгыр бер суранабыз?
Жамгырың ак жаан болсун,
Ырыскыбыз ак нан болсун.
Өрүшүбүз малга толсун,
Кампабыз данга толсун!
Бар байлык элдик болсун,
Дилибиз сендик болсун.
Ата Журт ажары артып,
Ар үйгө бакыт консун!
Омийин!
86 (3-3) Кышкы жуттан арылууну сураган түлөө.
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, жараткан жоктон барды мал-жаныбыз камалып жутта калды. Көрсөтчү мээрим чачаар Күндүн көзүн, пенделериң азап жеп мөгдөбөсүн.
Мал кырылды жем-чөпсүз, убал болду, куткара көр көмөккө сунуп колду. Көрсөтө көр Күн көзүн үмүт жанаар, ырайымың жүрөктөн орун табар…
Журтубуз жуттан арылсын, Бак-таалай күтүп Кутка кабылсын. Кыш жылуу болсун, Жамандык алыс кетсин, Жакшылык Жерге жетсин! Бетеге белден болуп, түптөнүп чайлап өссүн. Көк Теңир кутун берип, Күн нуру мээрим төксүн!
Көк Теңир, жакшылык бер,
Бул жуттан арылта көр.
Келечек жаркын болуп,
Кут күтүп кубансын эл!
Куураткан ушул жутту,
Жеримден кубалай көр…
Жакшылык элиме бер…
Омийин!
Түшүндүрмө: Чоң түлөөлөр үчүн:
а) Эл Ата Журтун ар андай жаратылыш кырсыгы басканда: жайкысын катуу кургакчылык болгондо Жараткандан жамгыр тилеп, кышкысын чоң жут болгондо Жараткандан ырайым тилеп өткөрүшкөн…
б) Түлөөлөрдөгү дуваны кеп-сөзгө кенен, айтар акылы белен эл аксакалы айткан. Түлөөлөр дувасы айтуучунун жөндөмүнө жараша узак да, кыска да боло турган, калыпка салынбаган, учурдун талабына карата өзгөрүп турууга жөндөмдүү, жандуу дувалар. Ага ак дилден чыккан тилектерди кошуп айта берсе болот.
Баарын көрүп-билип турган Көк Теңир эл тилегин кабыл кылат, кышкысын жуттан арылтып, жайкысын жамгырын төгүп турат. Көк Теңир баарыга ырайымын ыроолосун…
86 (3-4) Кичи түлөөлөр.
Түшүндүрмө: Киши кырсыктап калса, ооруп айыкканда, жаман түш көргөндө, алыс жолдон же алыскы жүрүштөн (аскерден) аман келгенде мал союп (көбүнчө үстүнө таар кап же башка бир буюмду жаап, улак, эчкинин өпкөсүн чаап, чабылган өпкөнү итке ыргытып таштап) түлөө өткөрүлгөн. Ошону менен кырсык чыгып кетсин, ар кандай жамандыктар алыс болсун дешип дува-бата кылышкан. Ал батаны ошол үйдүн чоң энеси, же башка кадырлуу, нарк-насилдүү байбичелер айтышкан. Ошол шартка ылайык тилектерин билдиришкен, Көк Теңирден ырайым күтүшкөн.
Кичи түлөөлөргө «аксарбашыл» айтуу, чыныдагы сууну башынан айлантып, босогодон ары чачуу ж. б. да кирет.
Көк Теңир кармана жүрүүгө буйруган жөрөлгөлөр ырым-тыйымдар:
– Нанды тең бөлүп сындыр – береке чакырат;
– Нан менен бычак аарчыба – кесир болот;
– Чыныны чертпе, кур казанды калдыратпа – үйдөн береке качат;
– Идиш-аякты, кемегени теппе – ырыскың төгүлөт;
– Алыска аттанаарда ачууланба – жолуң болбой калат;
– Мейман келсе кабагыңды бүркөбө – конок өз ырыскысы менен келет;
– Бычактын мизин жогору каратпа – кан тилейт;
– Үй ичин төргө карай шыпырба – душманың көбөйөт;
– Кур бешикти терметпе – тукумсуз болосуң;
– Жаш баланы күзгүгө көрсөтпө – ыйлаак болуп калат;
– Жиликтин чучугун балага бербе – мээримсиз болот;
– Жаш баланын мойнуна тумар тагып кой, ар кандай жамандыктардан сактайт;
– Келинди отко киргизгенде май жедир – ырыс-кешиктүү болот;
– Жаңы келинге жубан аял жоолук салбайт – жамандык чакырып калат;
– Бышып жаткан тамакты таштаба – ырыскың кемийт;
– Ток болсоң да томукту мүлжү – бар ырыскы өзүңдө болот, ач болсоң да чүкөнү мүлжүбө – ачкачылыкты чакырган болот;
– Жалгыз даракты кыйба – дарактай кыйылып каласың, көк чөптү жулба – чөптөй куурап каласың;
– Иңирде сыркоонун абалын сураба – жамандык чакырганга тете делет;
– Ээн талаага түнөсөң – айланаңды бычак менен чийип кой, ар кандай кырсыктан алыс болосуң;
– Көргөн түштү жакшылыкка жору – жамандыктар алыс болот;
– Түн ичинде түшүңдү айтпа – жин-шайтан жолуңду тосот;
– Жаман түшүңдү сууга айт – суу менен кошо агып кетсин;
– Досуңдун үйүндө тырмак алба – кырсык чакырасың, касыңдың үйүндө чачыңды алдырба – багыңды алдырасың;
– Белиңди түзөгөнчө – пейлиңди түзө, Көк Теңирден мээрим табасың;
– Жол тартып келген адамдын башынан чөйчөккө куюлган сууну тегеретип түкүртөт да, сууну эшиктен алыс чачып, чөйчөктү босого жанына көмкөрүп коёт – бул алыс жолдо адамга жабышкан кырсык-каскактар үйгө кирбесин дегендик;
– Колуңдагы идиш түшүп кетип сынса, кайгырба – кырсыктын чыкканы;
– Көрүстөндү сөөмөй менен көрсөтпөйт – арбактар көңүл буруп калат;
– Көрүстөндүн жанынан өткөндө: «Жаткан жериңер жайлуу болсун!» – деп бата кылып өтөт, арбактар ыраазы болот;
– Каза болгон адамды бейитке коюп келген соң, ороп барган буюмдарды жылдыз көрсүн деп жети күн, жети түн сыртка калтырып коёт;
– Караңгыда үй шыпырбайт, шыпырындыны сыртка чыгарбайт – ырыскы кошо шыпырылып кетет;
– Шыпырындынын үстүнө отурба – артыңдан кеп-сөз көбөйөт;
– Сапарга чыкканда артыңа кылчактаба – сапарың жайсыз болот;
– Үйдөн чыккан соң кайрылып кирбе, кирген болсоң нан ооз тийип чык;
– Көрүнгөнгө көз артпа – өз ырыскыңды тиле;
– Оң жамбашың менен жат – ишиң оң болот;
– Ата жөрөлгөсү – балага сабак, эне жөрөлгөсү – кызга адат болот…