Ала-Тоо. 2019. № 1. ҮЧТҮН АЙЫ / 1931-жылдан бери чыгат / МАЗМУНУ ПОЭЗИЯ Нуралы Капаров. Ырлар (3) КАРА СӨЗ Бексултан Жакиев. Өмүр өтөт билинбей (Эссе) (20) ПОЭЗИЯ Пери Алмазова. Ырлар (47) Жоомарт Момуналиев. Ырлар (48) Жумабай Курманалиев. Ырлар (52) Бактыбек Бекибаев. Ырлар (54) Сырга Калмурзаева. Ырлар (55) КАРА СӨЗ Тойчубай Субанбеков. Жалдуу Каба (Романдан үзүндү)…
Рубрика: Ала-Тоо. 2019. № 1. ҮЧТҮН АЙЫ
Сырга КАЛМУРЗАЕВА
Энекем Бала кыял күйпөңдөгөн жаныңан, Азыр берсин апапакай таңынан. Жети балаң чоңойгончо жан үрөп, Кийиндирип, ичиндирдиң жаңыдан. Кыйтык кабар сезип калсаң жүрөгүң, Чочулайсың чыгуучудай кабынан. Бала үчүн сезгир болгон күчүңдү, Байкап турам укпасаң да үнүмдү. Уул-кызыңды, небереңдин баарысын, Деп сурайсың, – үстү-башың бүтүнбү? Багы тайып, же ооруса балдарың, Оор үйлөйсүң көөдөндөгү түтүндү. Өрттөнөрүн энелердин бала…
Бактыбек БЕКИБАЕВ
Ойлонолу Суулары аккан дайыма, Кочуштап ичем жайында. Үн салсаң адыр боорунан, Керемет жашоо айылда. Айылда өткөн жаш кезим, Сагынып бүгүн эстедим. Сагынсам деле бара албайм, Департ болуп кеткемин. Маңызын ырдын билдиңби? Кабылдап айткан кебимди. Атуулдук алып акча үчүн, Унуттуң кыргыз жериңди. Келсең да туулган жериңе, Мигранттын атын кийдиңби. Каталык кылбай угуп кой, Унутпай айткан кебимди?…
Жумабай КУРМАНАЛИЕВ
Аял болуу кыйын Ойлоп көрсөң адам болуу кыйында. Аял орду андан татаал чынында. Эркектердин коломтосу болушкан, Аялзатты айткым келди ырымда. Түйшүгү көп карап көрсөң аялдын, Жаны бекем өзгөчө жан жаралдың. Бала төрөп азап тартып чоңойткон, Баалай билсек аялзаттын ааламын. Назик, бирок чыдамкайсың жашооңдо, Аял чындап татыктуусуң алкоого. Толгон токой түйшүктөрдү көтөрүп, Өмүрүңдү өткөрөсүң жашоодо….
Жоомарт МОМУНАЛИЕВ
Эне тилдин арманы Эзелки жашташ болгон жылдыз менен, Эчен доор сүрүп келдим Кыргыз менен. Эшикте калдым бүгүн кайырчыдай, Элиме жакшылыгым кылмыш белем. Озунуп кете албай сапарыман, Оо кыйла артта калып катарыман. Оңолбой келе жатам алигиче, Ойлонбос Кыргызымдын азабынан. Төрүмдө башка тилдер каткырышты, Төбөлдөр баарын сүйүп жактырышты. Ааламды мен аркылуу тааныса да, Алардан кадырымды пас кылышты….
Пери АЛМАЗОВА
* * * …И-и-ий, Үмүтүмө үкү тагып Үлпүлдөп!.. Сүттөй деңиз Сөз салганда гүл сүйлөп… Кара жерим кирпик кагып Үргүлөп, Көк асманым аңтарылат Миң күндөп, Бул өмүрүм Сүйүү!.. Сүйүү, Сүйү-ү-ү-лөп… Сүй, Өмүрдү! Сүйүнчүлөп, күлмүңдөп. Э-эй, жарыктык! Кудуреттин куту көп! Көк асманды, Кара жерди Жети өп! О,Теңир ай, Ичим жалын, Тышым өрт… Качан келет? Качан келет жазым…
Нуралы КАПАРОВ
Салижан I Жыйындарда трибунага тура калып, бакылдап радиодон, экрандан, китептин барагынан, гезиттин оромунан чыга калып, кызылдай отко айланып, кыпкызыл чокко айланып, тоң моюн кыргызымды көргөнүндө топону тоско айланып, жакшыны жалындатып, жаманды тороймун деп кыйшайган кыргызымды кыйшайтпай оңоймун деп, бакырып барга айланып, баш чайкап жокко айланып, өмүрүн өз элине сайып коюп, өзү үчүн өмүр сааты бошко…