Ойлонолу
Суулары аккан дайыма,
Кочуштап ичем жайында.
Үн салсаң адыр боорунан,
Керемет жашоо айылда.
Айылда өткөн жаш кезим,
Сагынып бүгүн эстедим.
Сагынсам деле бара албайм,
Департ болуп кеткемин.
Маңызын ырдын билдиңби?
Кабылдап айткан кебимди.
Атуулдук алып акча үчүн,
Унуттуң кыргыз жериңди.
Келсең да туулган жериңе,
Мигранттын атын кийдиңби.
Каталык кылбай угуп кой,
Унутпай айткан кебимди?
Үйлөнүү кыйын бул заманда
Айылды жүрөм сагынып,
Тагдырга өтө таарынып.
Мекенге кетким келсе да,
Кеталбай койдум кайрылып.
Заманың өлгүр, курусун,
Тирилик ушул жумушуң.
Кимге эле жакты дейсиңер,
Чет элде өткөн турмушуң.
Байлыктын ээрчип артынан,
Үйлөнбөй калдым жашымдан.
Карт бойдок болуп баратам,
Кеткен соң чыгып айылдан.
Үйлөнүү кыйын заманда,
Кыз жоктой азыр ааламда.
Калың деген бар балекет,
Ар дайым турат санаамда.
Айласы кеткен жигиттер,
Түшүшөт алар бийиктен.
Көптүрүп оозду калп айтат,
Баш кошуу үчүн үмүттөн.
Үйлөндүм мен да кубанып,
Той болду он күн чубалып.
Кредитим эске келгенде,
Ойлонуп калдым кубарып.