Эне тилдин арманы
Эзелки жашташ болгон жылдыз менен,
Эчен доор сүрүп келдим Кыргыз менен.
Эшикте калдым бүгүн кайырчыдай,
Элиме жакшылыгым кылмыш белем.
Озунуп кете албай сапарыман,
Оо кыйла артта калып катарыман.
Оңолбой келе жатам алигиче,
Ойлонбос Кыргызымдын азабынан.
Төрүмдө башка тилдер каткырышты,
Төбөлдөр баарын сүйүп жактырышты.
Ааламды мен аркылуу тааныса да,
Алардан кадырымды пас кылышты.
Бак айтса башкаларга теңелермин,
Басынбай өсүп, өнүп, көгөрөрмүн.
Бактылуу болсун деген ак ниеттүү,
балдарым мен силердин энеңермин.
Кызыл гүл
Мен сени бүгүн көрдүм,
сагынып жүрдүм эле көптөн бери,
Көрдүм да гүлгө окшоттум,
жаз эрте ачып алган көктөмдөгү.
Ошол жаз суугу сени,
үшүтүп койбосо деп,
Аядым сени эле эмес,
жаныңда жайнап чыккан чөптөн бери.
Көрк берип айланаңа,
бир укмуш кулпурасың,
Кулпургун, сени менен
бүт дүйнө жылтырасын.
Көргөндө таасирленип,
акындар мен сыяктуу,
Түбөлүк өчпөс кылып,
тарыхта кала турган ыр курасын.
Соолбосун жалбырагың,
учпасын уйпаланып бариктериң,
Сабагың үзүлбөсүн,
жан дүйнөң ушунчалык назик сенин.
Жүзүңдөн көрүп турам,
аруулук, баёолукту,
Таптаза булганбаган,
аруу, нур дүйнөсүндөй наристенин.
Эркимди байлап алып,
сагынткан көптөн бери,
Эч нерсе тең келбеген,
кызыл гүл көктөмдөгү.
Каректе катылган сыр
Сырыңды ачып чыкпаса да сөздөрүң,
Сүйөрүңдү айтып турду көздөрүң.
Кадалганда көздөр көзгө капыстан,
Карегиңден ушул сырды сезгемин.
Ошол сырың жүрөгүмдү өрттөгөн,
Ошон үчүн түн уйкумду төрт бөлөм.
Соолууруңда сезимиме суу себип,
Сенсиң менин суз жашоомду көрктөгөн…
Мекеним
Мекеним алтын бешик жердегеним,
Мен сенден ырыскымды термеледим.
Өмүрүм алмашса да өлүм менен,
Өзүңдүн кучагыңда термелемин.
Төрүңдөн даамын татып тирүүлүктүн,
Көлүңдөй терең тунук сүйүү күттүм.
Кар баскан тоолоруңдан кубат алып,
Келатам шарданында тириликтин.
Коргогон тоо-ташыңды жаны менен,
Калкымдын маңдайдагы багы белең.
Жашаймын медер тутуп турпагыңды,
Жуурулган бабалардын каны менен.
Бүтүн бол. Бак-таалайың бөксөрбөсүн,
Бөтөнгө карыш жериң тепселбесин.
Булуту каптабасын жамандыктын,
Бул күндө бажырайган көктөмдөсүң!
Кыргыз жигиттерине
Кайратка кел Кыргыздын жигиттери,
Карга болбой бүркүт бол бийиктеги.
Улуулукка бет алгын майдаланбай,
Улуу элдин болгон соң үмүткөрү.
Ала-Тоонун кырындай бийик болгун,
Аккуланын сынындай күлүк болгун.
Ата Журттун суугуна-ысыгына,
Атаң Манас сыяктуу күйүп тоңгун.
Өйдө болгун ар дайым Айдан, Күндөн,
Өнөр менен элиңе пайдаң тийген.
Эл деп жаша «мен» дебей бул жарыкта,
Эрте-кечтир өтөт бул жалган дүйнөң.
Ким болор экен түгөйүң
Күлүшүңдөн күн уялган перисиң,
Ким жашоого жаралды экен сен үчүн.
Бал даамыңды бакыт көрүп өмүрдө,
Бал аарыдай татаар экен деги ким.
Сени менен көрккө келип чар тарап,
Сезим күүсү күчөйт, кантип чарчамак?
Сүйүүсү күч бактылуу жан жашайттыр,
Сага жубай болуу ишин аркалап…
Мекендеп махабаттын бийик төрүн
Жарк этип жан дүйнөмдө жанып учкун,
Жарк эткен учкун менен жанып учтум.
Жүрөккө катып алып мен өзүңдү,
Жан жеткиз бийиктикке алып учтум.
Жылдыздар ааламына бийиктедим,
Жеткенче чаалыкпадым күйүкпөдүм.
Бийиктин сересинде сени менен,
Бактылуу жашайм деген үмүттөмүн.
Саяпкер чуркаткандай күлүктөрүн,
Сызылып учат күлүк үмүттөрүм.
Мелмилдеп деңиз болуп толкуйлучу,
Мекендеп махабаттын бийик төрүн…
Конок бөлмөм
Эшигин ачып коюп,
Аянбай бар дүйнөмдү чачып коюп,
Меймандос пейил менен конок тостум…
Не асыл жандар келди,
Өткөндү баян кылып,
Эртеңди аян кылып,
Сыр чечип алар менен жомоктоштум…
Ыйына муунушкан,
Ыйлаган жандар келди,
Ыйына кошо олтуруп шолоктоштум,
Кеңешим уга алышса,
Көз жашын тыя алышса,
Колумдан келсе аларды сооротмокмун…
Көрсөткөн сый-ызаатка,
Сыйбаган жандар келди,
Ич дүйнөм тыш дүйнөмдөй катуу болсо,
А балким, андайларды жолотпосмун…
Ушундай дүйнөм менен,
Башкалар менен бирге
Башка бир конок үйдө,
Мен деле коноктошмун…