ӨМҮР ӨТӨТ БИЛИНБЕЙ
(Эссе)
(Башталышы журналдын 2017–2018-жылдардагы сандарында)
Бала чагыбыздан баштан далайды өткөрдүк. Согушка барбасак да согуштун каарын, кайгысын тарттык. 1945-жылдын 9-Майындагы Жеңиш күнүндөгүдөй ый менен күлкү аралаш жыргалды, баладан чоңго, чоңдон балага чейинки чексиз кубанычты, тааныганы да, тааныбаганы да берерге тамагын таппай сыйлашкан сонун күндү өмүрү көрө элекмин. Согуш бүттү деген кабарды укканда, кан майданда окко учкан жакындарыбыз тирилип келчүдөй терибизге батпай көңүлүбүз көкөлөгөн. Жыртык-тешигибиз бүтөлүп, кийбеген кийимге, ичпеген тамакашка жетип, тойбогон кардыбыз тойчудай үмүттө болгонбуз. Тилекке каршы, андай болбоду. Көрсө, согуштун оор түйшүгү совет өлкөсүн туш-тарабынан ченебегендей жалмаптыр. Төртбеш жыл бою тамырлап алган жокчулук, өп-чап жашоо оңой менен оңоло койбосун акыл-эстүүлөр түшүнсө түшүнгөндүр, жаш балдар кайдан түшүнүппүз?! Тамак-аш, кийим-кечекке чама-чарк жетишпесе да балдардын окуусуна, деги эле билим тармагына согуш аяктары менен көңүл дароо бурулган эле. Жеңишке жеткенибизде 2-класста болчумун. Ар бир сабак боюнча окуу китеби болорун билбеппиз. Мектепке киргени андайды көрбөсөк, кайдан билмек элек! Кийинки 1945–46-окуу жылында, үчүнчү класста мукабалуу жапжаңы окуу китептерибизди сонунубуз таркабай кайра-кайра барактап, сабак жазчу дептер, калем-карандаш колубузга тийгенге чечекейибиз чеч боло кудуңдаганбыз. Ушу сыяктуу кам көрүүлөр болбосо, «келечектин ээси – жаштар» дегендей чакырыктын кажети не? Билим алуубузга согуш аяктары менен шарт түзүлө баштаганын унутсак, кудайга күнөөкөр болобуз. Бирок турмуш-тиричилигибиз оор бойдон кала берген эле. Ошондон улам калктын көңүлүн алуу үчүн да болсо керек, жыл сайын 1-апрелде дүкөндөгү буюм-тайым, тамак-ашка арзандатуу жарыяланчу.
Жалпы журт 1-апрелди ак эткенден так этип күтчүбүз. Жыргап кетпесек да арзандатуунун болуп турганына каниет кылчубуз. Дагынкысы дагы болор, жылдан жылга оңоло берер деген үмүттө жашадык. Үмүтүбүз үзүлгөн учурлар да болгон, ошондо да эл арасында адамды, адамкерчиликти сыйлаган салтыбызды сактай алганбыз. Ата-бабабыздан калган бул кымбат мурастан өмүр арылаган сайын кол жууп бараткан жокпузбу? Ушуну ойлодук бекен?.. Үмүтүбүз үзүлгөн күндө да жакшы доордун келерине ишенгенибиз элге дем берген. Сталин өлгөндөн кийин бийликтин алмашканын көрдүк. Жол башчынын ордун эңсегендердин аки-чүкү, «кол чалма», бири-бирине ор казган арамзалыгын кайдан билиппиз анда! Билбесек да оюбузда күнөм саноолор болгон. Маселен, КПСС Борбордук Комитеттин Политбюро мүчөлөрү Молотов, Маленков, Каганович, Берия, дагы башкалары Сталиндин сөөгү жаткан табытты ийиндешип, кычыраган суукта Лениндин мавзолейине көтөрүп бараткандары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бардыгы тумчулана кийинип, баштарында бапыйган жылуу тумак, үстүндө кышкы кийим. Бир гана Берия шляпачан, табыттын сол капталын ийиндегендердин эң алдында, суукту тоотпой жеңил пальточон койкойгонуна таңыркагам. Анан мавзолейдин трибунасында туруп, аза күтүү митингде Молотов ыйлап сүйлөгөн. Маленков Молотовчолук ыйлабаса да каңырыгы түтөп, жетимсирегенин сезгенбиз. Ал эми Бериянын сөзү жылаңач төөнү такымга чапкандай шатыраган болчу. Үйдө кайгыга батып отурганыбызда: «Сталинге Берия кайгырган жок окшойт» – десем, Акмат молдокем: «Кой, минтип айтпай жүр» – деп акырын тыйган. Үйдөгүлөр да мени чочуркагандай тиктеп, үрпөйө түшкөндөрүн билем. Баса, элге айтылбаган, эч жерге жазылбаган бийлик алмашуунун «эрежеси» болоруна ишенсек, Берия табытты бекеринен алигидей сол тарабынан көтөрбөптүр: дүйнөдөн өткөн жол башчынын ордун ким ээлерин билдирген жөрөлгө ушундай болот имиш. Аны Политбюро мүчөлөрү макулдашканбы, же Берия өзү эле: «Менден татыктууңар жок» дегенсип, тигилерге сес көрсөткөнүбү? А балким, Бериянын көзүн «майга бастырган» беркилердин амалы болгондур? Эмне болгон күндө да сырын билүү кыйын го эми. Аза күтүү митингде Молотов, Маленков, Берия үчөөнүн үч башка паанайда сүйлөгөнүн кийин түшүндүк. Көзү барда Сталинди айга, күнгө, кудайга теңеп жандап жүргөндөр Сталин тилден калганда, анын өлүмүн тилеп, кимиси кантип жиниккенче бийликке жутунганы да кийин дайын болду. Бийлик башында тургандардыкындай ынтымак, түшүнүү, сыйлашуу, эл камын катуу ойлогон түйшүк дүйнөдө болбойт дечү элек, көрсө аңкоо экенбиз. Бийлик талашуунун кесепетинен чу дегенде эле Бериянын башы жутулду. Баарынан амалдуусу Н.С. Хрущев экен. Берияны жоготордо ал өзүнө өнөктөш кылып алган Молотов, Маленков, Кагановичке каршы Политбюронун башка мүчөлөрүн тукуруп, кийин аларды «антипартийная группа» деген жалаа менен Кремлден кууп чыккан соң, дагы далайлардын сазайын окутту да жол башчылык бийик даражаны ээледи. Никита Сергеевич бийликти колуна алган учур жагалдангандардын айтканы боюнча «Хрущевский оттепель» аталып кетти. «Оттепель» кыргызча «жылуу желаргы» дегенге жакын түшүнүк. Мааниси жагынан «Хрущевдун мээрими» деп которсок окшошкудай. Бирок «мээрими кайсы?» – айтыш кыйын. Хрущевдун өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген доорун баштан аяк чаң жугузбай көкөлөтө мактагандарга кошула албайм. Кошулайын деген ниет жок менде. Хрущев бийликтен шыпырылганда мен жылына Ялтада өтчү драматургдардын Бүткүлсоюздук семинарында элем. Шаар тургундары, аякта эс алгандар, деңиз бойлоп сейилдегендер көчөгө жайнап чыгып, көздөн учкан курбу-курдаштардай төгүлтө-чачылта вино менен сыйлашып, кафелердин ичи-тышына батпай бажактаганбыз. Аңды-дөңдү карабаган аңыраңдама, алып-учма саясатынан тажаганыбызды жаап-жашырбай, ыйманыбызга, пейил, ниетибизге ченебегендей доо кетирген жол башчыдан кутулганыбызга кубанганбыз. Бийликте турган кезинде Никита Сергеевичтин көңүлгө көк таштай уюган, ойго келбес далай кылгылыктары Совет элин гана эмес, дүнүйө жүзүн таң калтырган. Кылыктарынын жагымсыздарын батынып сындагандар чыкпаган соң «өзүн өзү билиш» Хрущев үчүн адат болуп калган. Ошондой «өзү билген» окуялардан бирин эстей өтөйүн. 1957-жылдын март айы. Университетте студент кезибиз. Мен төртүнчү курста. Сабира экинчи курс, жети айлык боюнда бар. «Частный» квартирадабыз. Күн жылуу да эмес, суук да эмес. Жаз менен кыштын тоголушунда арабөк калгансыган жагымсыз мезгил болчу. Көлөкө тарап, бут баспаган чөптүү жерлердин кары кетпей ала-була шалбырт. Студенттерди, мектеп окуучуларын, иштеген-иштебеген кары-картаңдарга чейин КПСС БКнын Генеральный секретары Н.С. Хрущевду тососуңар деп чоңдор өтчү көчөлөрдүн өйүзбүйүзүнө айдап келип, шыгырата тикебизден тик тургузуп койгон. Политбюро мүчөлөрүнүн портреттерин кармагандар бар арабызда. Сабира экөөбүз 1-Май көчөсүндө XXII партсъезд (азыркы Чүй проспекти) менен Киров (азыркы Абдумомунов көчөсү) ортосундагылар менен бирге, көчүк басар орун жок, канча турсак да чыдачудай түрлөндүк эле, Сабира белин улам-улам кайкалатып кыйнала баштады. Боюнан түшүп калбагайле деп корктум: «Жүр кетели» – десем: «Кой, уят» – дейт. Хрущевду күтө берип тажаган эл күңк-маңк нааразы, же тарап кете албайт. Жол башчыны көргүбүз да келет. Бирок дайын жок. Бир маалда: – Едут! – бирөө шаңдуу бакырды. Келаткандар көрүнбөсө да чарчаганыбыз чайыттай таркады окшойт, шатырата кол чаап жибердик. Тынбай чаптык. Аңгыча «баа!» эткен каткырык жер жаңыртты. «Чоң үйдөгү жылмайса, кичи үйдөгү ырсаят» дегендей, каткырыкка каткырыктар кошулуп, эмнеге мынча дуулдаганына түшүнбөй турсак, матырайган бир карала кандек куйругун чамгарактата 1-Май көчөсү ылдый салып-уруп келатыптыр. Биз да боорубуз калбай каткырдык. Кандектин циркте ойногондой кызыгына баттык. А дагы алакандардын чабылганына шыктангансып, эргип алгандай. Өкмөт аянтынын чыгышында, Дзержин бульварынан саал өтө берип, өйүз-бүйүздө жыш турган элдин катары биригип, жол жабылып калгандыктан карала кандек куйругун чамгарактата салып-урган жүрүшүнөн жазбай келген жагына кайра узап кетти. Элде боор жок, каткырып-жыргап көңүлдү бир ачып алдык. Убакыт өтө берди. Сааттын жылмагы тозок. Дагы канча сарыгып күтөрүбүз белгисиз. Хрущевдун келеринен күмөн санай баштадык. Сабира түгүл мен да кыйналдым. Анын «Кой, уят» деген ой-боюна койбой акырын жылып чыгып, үйгө жетелеп кеттим. Автобустарды жүргүзбөй коюшкан экен, Жаш гвардия бульварынын аркы өйүзүндөгү жылуусу жок, «частный» квартирабызга жөө жетип, радиону койдук да, керебеттүү боло элек кезибиз, жуурканга оронуп жатып алдык. Хрущев келген тарыхый учурду көрбөсөк да радиодон уксак де йбиз. Уктап кетип арманда калбайлы деп радиого кулак түрөбүз. Анда шаңдуу, шайыр музыка, ыр, күүдөн башка сөз да жок. Тээ бир оокумда радиодон Хрущев түшкөн самолет аэропортко конгону орусча жарыяланды. Аны кыргыз диктор кайталады. Аэропортто эл көп окшойт, радиодо дуу-дуу музыка аралаш кобур-кобур үндөр. Анан шатырата кол чабылды. Эки диктор эки тилде Хрущев, соңунда Кыргызстан коммунисттер партиясынын биринчи секретары Исхак Раззаков самолеттон түшүп келатканын жарыялады. Кол чабуулар күчөгөндөн күчөп дүркүрөдү. Элдин уу-дуусу, кол чабуулар токтогудай эмес, Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели (өкмөт башчы) Болот Мамбетов: – Многоуважаемый Никита Сергеевич, вы приземлились на древней земле кыргызского народа… – дегенде эле сүйлөтпөй, чамасы, милийса же КГБ кызматкерлери болуш керек: «Кайда?! Кайда?! Жөөлөбө! Тур ары! Тур дейм ары!..» деген кыйкырыктарга удаа калдыр-гүлдүр, тапыр-тупур, микрофон жерге түшүп кетти окшойт, чакчелекей, кымгуут түштү да калды. Радиону өчүрө салышты көрүнөт, ызы-чуу, сөгүшүү, кыйкырыктар тып басылды. Канча убакыт радио унчукпай жымжырт болгону эсимде жок. Бир оокумда Никита Сергеевич Хрущевду өкмөттүн дачасына алып кеткенин айтып, радиобузга тил кирди. Анча-мынча убакыттан кийин опера жана балет театрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин кезексиз сессиясы башталарын, аны баштан аяк радиодон угузары кулактандырылды. Совет мамлекетинин башчысын айтпайле коёюн, андан кийинки бирөөнүн визити адегенде пландаштырылып, анан ага күндөп-түндөп майрамга даярдангандай камылга көрмөкпүз. Бу саам андай болгон жок. Сабакта отурган жерибизден эле бирибизди калтырбай дабыратып көчө-көчөгө айдап жөнөгөндө гана Хрущевдун келерин укканбыз. Ага чейин качан, кайсы күнү, кайсы маалда келери кабарыбызда жок болчу. Биздей карапайым калк түгүл республиканын жетекчилери деле түшкө кирбеген бакытка туш болгондой дүрбөлөңгө түштү окшойт. Эмнеси болсо да СССР элинин тагдырын каалашынча калчап, эки тизгин, бир чылбырын мыкчып турган жол башчынын келиши жакшылыктын жышааны. Тарыхый окуя! Эмне максатта, кандай жакшылык менен келди? – азырынча баарыбызды кызыктырган табышмак ушу болду. Кыргыз ССР Жогорку Советинин кезексиз деген сессиясын көп күткөн жокпуз. Радиодон сессиянын жүрүшүн уктук. Баштан аяк баарын айтып отурбайын, анын кажети деле жоктур. Хрущевдун аябагандай мас сүйлөгөнү эсимен кетпейт. Дөөрүдү. Дөөрүсө да Кыргыз ССРи Ленин ордени менен сыйланат дегенде, Сабира экөөбүз сүйүнгөнүбүздөн ыйлап ийе жаздаганбыз. Сыймыктанганбыз. Бүт Кыргызстан сыймыктанган ошондо. Тааныш-тааныш эместер да жолуккан жерде ордендүү өлкө болгонубузду оозубуздан түшүрбөй канча күн бою көтөрүлүп жүрдүк! Ленин орденин Никита Сергеевич Хрущевдун колунан Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун председатели Төрөбай Кулатович Кулатов, Кыргызстан коммунисттеринин Борбордук комитетинин биринчи секретары Исхак Раззакович Раззаков, Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели Болот Мамбетович Мамбетов алганын радионун дикторлору да толкундана жар салганда дүркүрөтө көпкө басылбай узакка созулган кол чабуудан театр жарылып кете жаздагандай болгон. Опера-балеттеги сессиябызда Советтер Союзунун, Кыргыз ССРинин Гимндери аткарылып, жабылган соң Никита Сергеевич Хрущевдун шаар калкы менен жолугушуусу «Спартак» стадионунда болору жарыяланды. Сабираны ээрчитип кеткеним ырас болуптур. Аякка барсак, келинчегимин убалына калмак окшойм. Көчөдөн күткөндөр Хрущевду көрбөй калышты. Театрда мас сүйлөгөнүн да уккан жок. Стадиондо жолугушуу болот дегенде, алар айдатпайле өздөрү бут үзүлгөнчө чуркаптыр. Стадион догу трибуналарга батпагандар футбол талаасындагы карды эзилте кечип, белчелеринен баткакка батыптыр. А кезде көлөш кийгендер көп болчу. Бутунан суурулуп, көлөшү баткакта калып жоголгонун айрымдар күлүп сүйлөсө, дагы бир даары үтүрөңдөп кеп салганын көргөнбүз. Чоңдордун жыйналыштарда сүйлөчү сөзүн алдын ала даярдап жазып берчү жардамчылары болот да. Хрущевдун операбалетте, стадиондо соо сүйлөнчү сөздөрү эртеси гезиттерге жарыяланды. Дөөрүгөндөрүнөн эч шек жок! Никита Сергеевичтин ошондогусу далайга эл ичинде көңүл көтөргөн кеп-сөз болуп жүрдү. Хрущевдун ойдо жок жерден Фрунзеге келип калган жөнжайын Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин ошол кездеги идеология боюнча секретары Абдыгулов Медербек кийин билим берүү министри болуп турганда айткан эле. – Хрущев Өзбекстанга Ленин орденин тапшырат. Сиз барып, салтанатына катышып куттуктап келиңиз деп Исхак Раззакович мени Ташкенге жиберди. – Медербек Абдыгулов ушинтип сөз баштаган. – Барсам союздук республикалардын биринчи секретарлары баары Ташкенге келип калыптыр. – Сиз келбесеңиз болбойт, Исхак Раззакович, – деп телефон чалсам, Исхак Раззакович: «Ошондойбу?» – деп койду. Анан учуп келди. Ташкен аэропортунан Никита Сергеевичти чогуу барып тостук. Өзбек ССРинин Жогорку Советинин сессиясына катыштык. Сессияда Хрущев Ленин орденин тапшырды. Кечинде сонун жасалгаланган кенен залда банкет болду. Залдын төрт тарабында жер-жемиш, тамак-аштын түрлөрү жайнаган столдор. Ортобуз ачык. Төрдө саймалуу украин көйнөк кийген Хрущев, бакылдап кызуу. Катарында Өзбекстандын биринчи секретары Мухиддинов ичпейт экен, бирок ичкендей куудул сүйлөп, салтанатты шаңдуу башкарып отурду. Тосттор айтылып атты. Ыр, күүлөр. Бир маалда Хрущев: «Кто мне чай налил?» – деп бакырды. Бакырганын баарыбыз Никита Сергеевичтин ичинде арамдыгы жок ачыктыгы деп көкөлөтө мактап, кубанганыбыздан каткырып, дүркүрөтө кол чаап жибердик. Айлада жок катуу мас экен көрсө. Аңгыча: «Чо сидим! Давайте танцевать гопак!» – деп бакырды эле, Исхак Раззакович: «Никита Сергеевич, бул элдин өз бийи бар» – деди орусча. Хрущев сөөмөйүн Раззаковду көздөй сунуп: «Тогда ты начнешь!» – деди демите. «Хорошо, Никита Сергеевич» – деп Раззаков бийге чыкты.
Сулуу, шыйрагы эликтикиндей түптүз кызды бийге чакырды. Аларга удаа бийге чыккандар залдын ортосуна толду. Исхак Раззакович жакшы бийлечү. Университетте окуп жүр гөн студент кезибизде опера жана балет театрында комсомолдун пленумдары, маанилүү жыйындар өтчү. Ага республиканын жетекчилери катышып, танапис учурунда малахит залындагы бийге Исхак Раззакович Бүбүсара Бейшеналиева эже менен бийге түшсө, абдан жарашып калчу эле. Экөөнүн бийлегенин ыракаттанып карап турчубуз. Абдыгулов агайдын айтканы мындайча уланган: – Карасак, Хрущев да чадыраңдап бийге чыгып алыптыр. Өзбек кыздарды туурап, мойнун кылтыңдатайын дейт, ийнине жабышып калгансып мойну кылтыңдабайт. Бир маалда тизесин бүгө калып, отуруп-турма бийди көрсөткүсү келди окшойт, чалкасынан кетти. Бийлеп аткандар дем чыгарбай турган-турган жерибизде катып калдык. Аңгыча Никита Сергеевич «кор-р» эткизе коңурук тартып жиберди. Уктап кетти. Жок дегенде батинкесине колубуз тийсе, ырыскысы жугуп калчудай туштуштан жабыла чуркадык. Балээнин жеткенибизби! Жансакчылары, башкалары аралаш Хрущевду көтөрүп алып көрүнбөй кетишти. Эртеси союздук республикалардын биринчилерин, арасына мени да кошуп, завтракка чакырышты. Отурсак, Хрущев Мухиддинов экөө кирди. Никита Сергеевич кызарып-татарып, соолугубураак калгандай, бирок масы деле көрүнүп турду. Бакылдап-шакылдап биринчилер менен чала-була учурашып келип төргө отурду. «Давайте, товарищи, поднимем тост за Ташкент хлебный!» – деп көтөртүп жиберди. Өзбекстанды мактады, пахтасын мактады. «Пахта ок-дары. Ок-дарысыз өлкөнү коргоо мүмкүн эмес, жолдоштор!» – деди. Тост калтырган жок. Түндө мас болуп жыгылганын билбейби, же билмексен болдубу, көңүлү көтөрүлүп жайдары. Жайдарылыгын көрүп, биз жыргап отурдук – деп Абдыгулов агай күлгөн болчу. – Завтрак аяктап баратканда Исхак Раззакович Хрущевго кайрылып: «Никита Сергеевич, под Вашим руководством кыргызстанцы тоже добились высоких результатов. От имени киргизского народа я Вас приглашаю, Киргизстан совсем рядом, всего час полета отсюда» – деди эле, Хрущев: «Ну что ж, раз народ приглашает, я объязан поехать» – дебеспи. Чынын айтсам, минтип макул боло калат деп ойлогон эмесмин. Чай ичип отурган бөлмөдөн акырын жылып чыгып, Фрунзеге министрлердин баарына телефон чалдым. Көчө-көчөгө эл толтургула, Хрущев келмей болду деп сүйүнчүлөдүм. Ошентип кызылдай мас Хрущевду Ысхак Раззакович оңойле көндүрүп, Фрунзеге алып келгенбиз деген болчу Абдыгулов Медербек агай. Өткөн жылдын октярбриндеби, же сентябриндеби, Москванын «Звезда» телеканалында «Крым. Хрущев. Ошибка или расчет?» деген көрсөтүү болуп, программанын алып баруучусу оозу-мурду кыйшайбай туруп: «Никита Сергеевич иччү эмес, бирөө белекке берген кичинекей рюмка менен суу иччү. Бир гана жолу мас болгон» дебеспи. Алып баруучу ушинтип жанын жебегенде жогорудагы окуяны, мүмкүн, эстемек деле эмесмин. Мастыгы менен 1954-жылы Крымды Украинага кошуп жиберген ээнбаштыгына нааразы болгонбуз. Советтер Союзунун баатыры наамын чет элдиктерге оңду-солду такканын, дагы далай эргулдуктарын айтып отурбайын. Хрущевдун жорук-жосундарын угуп-көрбөгөндөр «кантип эле ошондой болсун, анегдотко?» деши мүмкүн. Анын адамды эриктирбеген кызык жосундарын экрандан көрүп, макалалардан окуп дегендей, билип калдык. Ошондо да күмөнсүнгөн учурубуз болот экен: Ташкендеги банкетте «чалкасынан кетип, «корр» эткизе коңурук тартып жибергени» Абдыгулов агайдын элди күлдүрөйүн деген апыртмасыдыр десем, ошондой болоруна кийин ынандым. Катуу мас болгон бирөөнүн чалкасынан кетип, дароо коңурук тартып жибергенине күбө болгом. Кыскасы, Абдыгулов Медербек агай апыртпаптыр. Болгонду болгондой айтыптыр.