Аял болуу кыйын
Ойлоп көрсөң адам болуу кыйында.
Аял орду андан татаал чынында.
Эркектердин коломтосу болушкан,
Аялзатты айткым келди ырымда.
Түйшүгү көп карап көрсөң аялдын,
Жаны бекем өзгөчө жан жаралдың.
Бала төрөп азап тартып чоңойткон,
Баалай билсек аялзаттын ааламын.
Назик, бирок чыдамкайсың жашооңдо,
Аял чындап татыктуусуң алкоого.
Толгон токой түйшүктөрдү көтөрүп,
Өмүрүңдү өткөрөсүң жашоодо.
Бактылуумун
Бактылуумун, бакыт менин колумда,
Шүгүр айтам ден соолугум ордунда.
Көрөм, угам, сүйлөйм дагы не керек,
Бакыт ошол мен түшүнгөн оюмда.
Бактылуумун, көрсөм күндүн атканын,
Курсагы ток балдар күлүп жатканын.
Наалат айтуу тагдырыма туура эмес,
Үй-бүлөм тынч, болбойт менин арманым.
Бактылуумун, бактылуулук шүгүрдө,
Токто сезим, бакыт издеп жүгүрбө.
Топук кылгын колдо барга сен дайым,
Бактысыздай башты салып үңүлбө.
Мекенге
Өз мекеним айылыма кетейин,
Тоо түбүндө жапыз тамга жетейин.
Жылаңайлак тоону, ташты тебелеп,
Жаш курагым бир эскерип келейин.
Мен төрөлгөн Ала-Тоонун койнунда,
Жашайт элим бабалардын жолунда.
Сизиң, бизиң деп сыйлашкан дегеле,
Кең пейилдүү калкым менин сонун да.
Алыс кетип өз айлымдан калаага,
Тентип жүрөм тирилик деп талаада.
Ар бир түнү түшкө кирип туулган жер,
Эх, айылым, батчу болдум санаага.
Сен карыпсың, атаке
Чекең бырыш, чачың буурул тартыптыр,
Аттиң мезгил өз акысын алыптыр.
Оттой жанган күч-кубаттуу жан элең,
Көздөрүңдүн оту бүгүн кайтыптыр.
Колдоруңду чор басыптыр атаке,
Сен картайбай турчу болсоң канаке.
Өмүрүңдү арнап мени чоңойттуң,
Башты ийип таазим кылам мынаке.
Агарганы ар бир талы чачыңдын,
Болгондурмун себепкери аныңдын.
Чекең бырыш басканынын себеби,
Мен ойлоймун амандыгы башымдын.
Ойлоруңда турсам керек ар дайым,
Чырпык тиктиң өстү азыр ак кайың.
Мээрим төгүп мени багып чоңойткон,
Мээнетиңди кантип сенин актаймын?
Тобо кылып
Шүргүр деймин алты саным аманда,
Байлык жок деп үшкүрбөйүн жалганда.
Мен билмекмин байлык эмне экенин,
Колдору жок буттар баспай калганда.
Көрбөдүм деп жакшы жашоо жыргалын,
Мен да наалат тагдырыма кылгамын.
Буту-колу жок пендени көргөндө,
Жаратканга тобо болду кылганым.
Койдум өзүм ошол пенде ордуна,
Жарык дүйнөм бүт караңгы болду да.
Ары карап башты чайкап аргасыз,
Жаратканга тобо кылып койдум да.
Кечир мени билбей кылсам күнөөнү,
Ушак айтып жамандасам бирөөнү.
Көздөр көрбөй, кулак укпай калганда,
Так ошондо түшүнмөкмүн жүйөнү.