ТАКШАЛУУДАН — ЧЕБЕРЧИЛИККЕ
(Маркабай Ааматовдун акындык чабыты)
Көп жылдар бою китеп чыгаруу тармагында жетекчилик кызматты аркалаганыман, анан да жазуучулар союзунун ишине аралашып иштеп жүргөнүмөн улам, замандаш калемдештеримин жаңы чыккан китептерине, дегеле чыгармачылыгына кайдыгер карабагандардын биримин десем болот. Кейпи, мунум кесиптик ишиме да байланышса керек. Өзгөчө, мамилелеш калемдештеримин китептерин калтырбай окуп, кандай таасир алганымды ачык айтып салмай адатым бар.
Жакында эле Маркабай Ааматовдун басмадан жаңы чыккан эки китеби колума тийди. Китептеринин аттары эле: «Мени окуп көрчү», – деп тургансыйт. Биринин аты – «Адашкан махабат», экинчиси – «Дүнүйө – Жалган». Балага жакшы ат (ысым) койгондой эле китепке да жакшы ат коё билүү керек. Бу жагынан Маркабай бир топ уста («Селкинчек», «Таң тосуу», «Дидар», «Ариет», «Аруузат» ж.б.)
Маркабай акын менен мамилем жакшы экенин жашыргым келбейт. А бирок бүгүнкү күнгө чейин чыгармачылыгы тууралуу басма сөз бетинде, же адабий жыйындарда пикир айткан эмесмин. Жеке өзүнө гана – ал тургай намысына тие тигиндей-мындай дегеним болбосо, көпчүлүккө: «Жакшы акын» – деп айтып жүрөм. Анткени ал менин да көз алдымда жетилди, өстү. Анда сөз башынан болсун…
Тээ, сексенинчи жылдардын баш ченинде, жаркыраган жай – август айында жазуучулардын бир тобу көркөм адабиятты жайылтуу бюросунун (союздун ушундай мекемеси боло турган – муну атайын көрсөткөнүм, кийин Маркабай ушу мекемеде иштеген, жетектеген) жолдомосу менен Өзгөн районуна жолугушууларды өткөрүүгө барып калдык. Жетекчибиз – Жолон Мамытов. Ал кезде Жолон «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын поэзия бөлүмүнүн башчысы, акын катары даңазаланып, өзгөчө жаш акындардын кумири болуп калган учуру. Ош аймагында кадыры бөтөнчө кези. Бизди партиянын райкомунун өкүлү коштоп, жолугушууларды уюштуруп жүрдү. Ал бизге чоң сумкадагы репортёр аппаратын асынып алып, чөмүч баш микрофонун кармап жүргөн узун бойлуу кубакай жаш жигитти тааныштыра кетти: «Биздин Өзгөндүн өз кабарчысы, Ош радиосунан, фамилияң ким эле?» – деп теңсинбегендей сурады. «Ааматов!» «А-а, баса Аа-Ааматов эмессиңби», – деп сөздүн муунун бузуп айтты, аския айткандай. «Маркабай Ааматов деген акын сенсиңби?» – деди Жолон тигинин сөзүн жактырбай. «Билбейм, агай!» – деди ал «акын» деген сөздөн чочулагандай. «Билип жүр, билгизип жүр өзүңдүн ким экендигиңди!» – деди Жолон райкомдун өкүлүнө билип жүрсүн дегендей.
Үч күн бою бизди ээрчип жүрдү «Өзгөндүн өз кабарчысы». Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, элпек, ушунчалык кишиге жугумдуу жаш кабарчы баарыбызга жагып калды. Басса-турса да Жолонду айланчыктап, өзүнчө боло калганда машинкага бастырып алган ырларын сунуп окутуп жүргөнүн байкап жүрдүм. А бирок кээ бир алакөөдөн жаш акындардай: «Ыр окуп берейин» – деп суранган да жок. Жөн гана ынтызарын салып ыр, маек угуп, репортеруна репортаж жазып алып жүрдү.
Ээндей калганда Жолон курбуман сурадым: «Жаш кабарчынын ырларында идирек бар бекен?» «Өтө идиректүү. Канча кылса да орус филологиясын бүткөндүгү билинип турат. Эң башкысы – изденет экен. «Темир канаттан», «Жаш калемден» өтүп кетиптир (китеп басмаларында жаштардын ушундай сериядагы чыгармаларынын ыр топтомдору чыкчу). Ырларын иргесе, жакшылап редакцияласа өзүнчө жыйнак кылганга жарай турган. Быякта жүрө берсе китебин ким чыгарып бермек эле? Адабий чөйрөгө аралаштырбаса, таланты кор болот!» – деди Жолон. Анан баарыбыздын көзүбүзчө Маркабайды азгыра баштады: «Акын болгуң келеби? Ташта кабарчылыгыңды. Мен деле башкы редакторлукту таштап баш калаага баса бергем. Быякта жүрө берсең «Өзгөндүн өз кабарчысы» бойдон каласың. Орусча да, кыргызча да жаза алат деп райкомго кол бала кылып алабыз деп жатпайбы. Талантың кор болот. Мени ук. Адабий чоң чөйрөгө аралашпасаң, Оштогу акын акелериңдей элеттик-провинциал деңгээлде каласың. Ташта, кеттик баш калаага. Акын дегендин эмгек майданы радио эмес, ыр талаа. Ооба, ыр талаа – кызыл кырманың да, кызыл даның да ыр талаадан. Акын болом десең – мени ээрчи. Адабий чоң чөйрөгө аралаш. Жардам беребиз баарына, китебиңди чыгарганга да…»
Романтикалуу жаш акын чоң акындын кыялды делбектеткен азгырыгына жетелендиби, же алдыдагы акындык тагдыр жазмышы жетеледиби, айтор, Маркабай баарына кайыл болуп баш калаага баса берди – Жолон акын агасынын артынан. Идиректүү, илбериңки жаш акын адабий чөйрөгө бат эле аралашып кеткендей болду. Бир-эки айдан кийин Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросуна кызматка орношуп жолу да ачылды, көзү да ачылды.
Белгилүү акын-жазуучулардын окурмандар менен жолугушууларын уюштуруп, алар менен апталап чыгармачылык сапарда күн-түн кошо жүрүп, улуулардын таалим-тарбиясын көрдү. «Акындар университетинен», алты-жети жыл эл акындарынан, эл жазуучуларынан дарс укту, сабак алды. Маркабайга такшалуунун мектеби да, университети да – Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросу болду. Баса, жолу ачылганы – бир жылга жетпей «Селкинчек» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрдү. Эки жылдан кийин баралына келген акындын андан бараандуураак – аруулукту, ажайып кооздукту чагылдырган экинчи китеби «Таң тосуу» окурмандардын кызыгуусун арттырды. Басма беттеринде жылуу пикирлер жарыяланды. Жазуучулар союзунун жаштар секциясы бул жыйнакты республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөттү. Маркабай лауреаттык ардак наамга ээ болуп, жаңы толкундагы акындардын катарына кошулду.
Маркабай ошентип чыгармачылык чөйрөдө акын, уюштургуч жетекчи болуп калыптанды. Ачык айтсам, так ошо сексенинчи жылдар кыргыз жазуучуларынын буга чейин болуп көрө элек эл, жер кыдыруу мезгили болду окшойт. Дымыгып калган калемгерлер сергий түштү. Аксакалдарыбыздан өйдө чыгармачылык сапарга чыгышып, эл-жер кыдырып, сый көрүп, эс алып да, эргип да дегендей маанайда болушкан. Азыр ошондогу: «Гонорар алдым» – деп бапыраңдаган калемгерлерими эстейм. Жолугушууларда окуп берген ырың үчүн, айтып берген аңгемең үчүн калем акы алчусуң десе азыр ишенбөөчүлөр чыгаар. «Маркабай бюрого директор болгон кезде бир марыганбыз» деген кеп бекеринен айтылып калбагандыр.
Калемдештери Маркабайды дасыккан акын, иштин көзүн билген уюштургуч катары Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасынын орун басары кылып шайлап алышты. Чыгармачылыктын түйшүгү эле эмес, уюштуруучулук иштин да түйшүгү түштү башына. Антсе да окурман журтуна «Аруузат» деген акындык такшалуудан жаралган ырлар жана поэмалар жыйнагын берди. Менимче, бул китеп Маркабайдын акындык такшалуудан – акындык чеберчиликке көтөрүлүүсүн далилдеген чыгармачылыгындагы этаптуу жыйнак.
Маркабайдын такшалуу мектеби дейсиңби, университети дейсиңби, Кудай берген жагымдуу ушундай жагдай чанда акындын гана тагдырына жазылса керек. Өзү бир ырында жазгандай: «Нускасын көрдүм Аалы, Түгөлбайдын», «Бата алдым Чыңгыз менен Темиркулдан», «Ээрчидим Сооронбайды, Сүйүнбайды», «…Байдылда, Түмөнбайды», «Эргидим Жолон менен Турар барда». Маркабайдын таасир алган устаттары – кыргыз адабиятынын классиктери. Ошондой эле ал орус жана дүйнө элдеринин классик акындарынын да таасиринде сонеттерди, элегияларды, балладаларды жазып такшалды.
Чыгармачылык жол сыдыргыга салгандай шыдыр болбойт дешет. Бул өнөр адамдарынын көбүнүн башынан өткөргөндөрүнөн улам айтылса керек. Заман өзгөрүп, доор алмашканда жазуучулардан көпчүлүгүбүз алапайыбызды таппай калдык. Көр оокаттын артынан кеткенибиз канча.
Мен билгенден, Маркабай беш-алты жылдай устаты Жолон айткан «ыр талаасынан» башка чоочун талаага адашып кирип кеткенсиди. Кимдир бирөөлөрдүн ыр жыйнактарын түзүп, оңдоп, редакторлоп, ошондой эле дагы бир кимдир бирөөлөрдүн буюртма-заказдары боюнча даректүү баяндарды да даярдап, китеп кылып чыгарып, китеп басма кызматкеринин ишин да аткарып жүрдү. Ал түгүл коңшу элдин акчалуу драматургунун ортосаар драмасын которуп, областтык театрда продюсер-режиссердун ролун да аткарып ийди. Ушунун баары менин көз алдымда өттү десем да болот. Чынын айтсам, чыдай алган жокмун, анткени ага-инидей мамилебиз бар эле да. Жазуучулар союзунун башкармасынын секретары болуп шайланып бир бөлмөдө жанаша отурдук. Жазуучулардын дачасында жайкысын коңшу жашап, мен аны «Мака» деп ызааттасам, ал мени «Меке» дечү.
Чыгармачылык кубатын башкага буруп ийгенине кейип өзүнө ачык айттым: «Мака, сен чоочун балдарды багып, тарбиялап жатасың. Алар өгөй балдар. Өз балдарыңды, Ааматовдун балдарын бак, өстүр. Өгөй деген өгөйлүгүн кылат, теги башка, фамилиясы башка, кайт Жокең айткан өзүңдүн ыр талааңа!» – дедим. «Ыр талаадан ыраактаганым жок, Меке. Заманга жараша тиричилик иш алар», – деди. «Баары бир кайт өз майданыңа – ыр талаага» – деп айтсам керек эле жашы улуу катары.
Бир жылдан кийин бекен ай, «Ала-Тоо» журналынан Маркабайдын «Төрөбек балбандын арманы» деген поэмасын окуп алып кубанганымды айтпа. Көп жылдардан бери көркөм деңгээли бийик поэма окуй элек элем. Негедир биздин акындар С.Эралиевдин «Ак мөөрүнөн» кийин поэма жазгандан уялышкандай тарткынчыктап, сюжети жок, ураанчыл публицистикалык ойлорду декаративдүү чагылдырган, көлөмдүү ыр түрмөктөрүн «поэма» деп жарыялап жүрушкөн эле.
Поэманы бир дем менен окуп бүтүп, дароо Маркабайга телефон чалдым: «Мака! Кыргыз поэмасын кайра тирилтипсиң. Ыр талааңа кайрылып келипсиң. Адам балбан менен жаныбар аргымактын тагдырын жүрөгүңдү канатып, сыздап ырдап жазыпсың. Көптөн бери көркөм поэма окуй элек элем» – дедим чын дилимден кубанып куттуктап.
Анан быйыл бир жылда удаа чыккан эки китеби колго тийгенде чочулап да, кубанып да калдым. Чочулаганым – мурда китеп болуп чыккандарын кайрадан түзүп койбоду бекен деген күдүк ой турду.
Эки китепти тең дароо барактап карап чыктым кесиптик редакторлук адетим боюнча. Мурда жарыяланган ыр, поэмалары көрүнбөйт.
Анда кеп оролун «Адашкан махабаттан» баштайын. Махабат, сүйүү темасы – поэзиянын түбөлүктүү темасы. Чоң акындардын баары махабат деп боздоп, күйүп, жалындап ыр жазган эмеспи… Акындын поэзияга мамилеси – махабат, сүйүү ырын кандай деңгээлде жазганына жараша көрүнөт… Эгер үлбүрөгөн, дирилдеген назик ойду – үлбүрөгөн, дирилдеген назик сезим менен бере албасаң – ал сүйүү, махабат ыры эмес. «Сүйдүм ай, сүйдүм, күйдүм ай күйдүм, өлдүм ай, өлдүм» деген сыяктуу ойлордон жана сөздөрдөн куралса жана ушу сыяктуу ыргак, уйкаштардан турса – андай ырлар махабат ырлары эмес, өлүк ырлар. Чыныгы акын өлүк ыр жазбайт. Махабат ырларында буюккан сезимди алоолонгон жалын менен жылытат.
Дагы бир менин ынанган ишенимим кээ бир сынчы-адабиятчылар айтып, жазып жүрүшкөндөй сүйүү, махабат ырларындагы «мен» – ал лирикалык каарман дегенине такыр кошулгум келбейт. Кайдагы бир аты да, заты да жок абстракттуу лирикалык каарман адамдын жан дүйнөсүн жалындатып жандырган, сезимин селт эттире ойготкон, канын дүүлүктүрүп делебесин козгогон сөздөрдү тапкан касиетке кайдан ээ болсун. «Адашкан махабаттын» автору гана эмес, каарманы да Маркабай Ааматов демекчимин. Мен махабат ырларын атайылап талдаган жокмун, мисалга алып ыр түрмөктөрүн көрсөткөн да жокмун. Махабат ырларын өзүң окуп, өзүң талдаганың оң, окурманым. Ыйык сезимден чыккан ырларды ичтен өзүңчө күңгүрөнүп окуганга не жетсин?
Маркабайдын экинчи китеби – «Дүнүйө – Жалганга» баш сөздү поэзиянын тишин чаккан акындарыбыздын бири Карбалас Бакиров жазып, «Маркабай – өзүнчө бир аалам» деген нар көтөргүс ат коюптур. Айта турган оюн алты бетке эле сыйдырып кысыптыр. Акынды акын талдаганга не жетсин! Чолуп-чолуп болсо да ток этерин айтып салыптыр. Карбаластын оюн кайталагым келбейт, а бирок Маркабайдын чыгармачылык ааламын айтып корутундулаган жерин көрсөтө кетүүнү ылайык көрдүм. Ал төмөнкүдөй: «Маркабайдын «Дүнүйө – Жалган» («Акынга тагдыр керек») аттуу китеби окурман журтун бир дуу түшүрүп аларына күмөн санабайм».
Мен деле күмөн санабайм. «Эмне үчүн?» дебейсиңерби. Макалага кош ат койгонумду көрүп турасыңар: «Такшалуудан – чеберчиликке» («Маркабай Ааматовдун акындык чабыты») Маркабай акындын кантип такшалганын, устаттары ким болгонун учкай айтып өттүм көрүнөт.
Өнөр адамынын чеберчилиги Жараткан табиятына тартуулаган талыкпаган талантын ыйыктай асырай билип, ыйыктай мамиле кылып өркүндөтүп, өрчүтүп ошо өнөрдүн касиетин көрө жана баалай билгенинде гана чеберчилик артып, улам жогорулай, бийиктей берет. Сөз өнөрүндө чеберчиликке жетүүнүн чеги да, чени да жок болсо керек.
Өңгөнү билбейм, мага жакшы ыр өзгөчө таасир калтырат. Ички ыргактары жылаажындай шыңгырап, бирине бири уланып, обонго айланып, сөздөрү жадырап жайнап тургандай сезилип кетет. Жакшы ырды окуй баштаганда эле башка сезимге чулганасың, ыр ыргагы дароо сени арбап алат. Жакшы ырдын касиети ушунда. Жакшы ырды жакшы акын, чоң акын жаратат. Бул айныгыс аксиоманы – далилдөөнү талап кылбаган акыйкатты өзүбүздүн эле кыргыздын чоң акындарынын бири апендичесинен эчак эле айтып койгон.
Ошо апендидей чоң акын устатыбыз айткан аксиоманы – акын Маркабай Ааматовдун эки жыйнагын окуган соң мен да кайталап айтайын – келме кайталоодон бузулбайт дешет эмеспи. «Жакшы самолет – жакшы учат». Анда эмнеге жакшы акын – жакшы ыр жазбасын?
Жакшы ырдын касиети ушунда – ал окуганда адегенде эле каныңды дүүлүктүрүп, жүрөгүңдү дүкүлдөтүп соктурат, дем алган абаң көөдөнүңө толуп батпай кетет, думуктуруп да жиберет, жарылып кете жаздайсың. Адегенде үшкүрүк менен, анан сөз менен буулган букту сыртка сүрүп таштайсың күңгүрөнө ичиңден ырдап.
Маркабай акындын чабыты тууралуу айтайын деген оюмду чубалжытпай жыйынтыктайын. Баамдадыңар чыгар, мен макалама – Маркабай акындын бир да ырын мисалга тартып талдабадым, жөн гана жыйынтыктап корутундулаган ойлоруму ортого салдым. Дагы айтайын, мыкты ырларын тамшанып талдай турган болсом – ал узак сөз, узун баян. Азыр акылдуумун дегендин баары прагматик болуп алган. Ток этээрин, керектүүлөрүн гана айтат (гезиттик макала да ошондойду талап кылат, кысканы жактырат).
Улуу устаттарынын жолун жолдоп, акындык такшалуунун чоң мектебинен өткөн, ушу тапта акындык чеберчиликтин сересинде турган, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Маркабай Ааматовдун бүткүл чыгармачылык жолу, иштеген иши, кылган кызматы – мекенчил атуул акын экенин далилдеп турат. Анын ырларынан кыргыз элинин кең пейил жан дүйнөсүн, карапайым кыргыз баласынын адамгерчиликтүү мүнөзүн, анан да эң башкысы – кыргыз адабий тилинин гармониясын жана да акындык чеберчиликтин бийиктигин сезип да, көрүп да турасың. Акындык тагдырда бул сыймык эмеспи.