Энекем
Бала кыял күйпөңдөгөн жаныңан,
Азыр берсин апапакай таңынан.
Жети балаң чоңойгончо жан үрөп,
Кийиндирип, ичиндирдиң жаңыдан.
Кыйтык кабар сезип калсаң жүрөгүң,
Чочулайсың чыгуучудай кабынан.
Бала үчүн сезгир болгон күчүңдү,
Байкап турам укпасаң да үнүмдү.
Уул-кызыңды, небереңдин баарысын,
Деп сурайсың, – үстү-башың бүтүнбү?
Багы тайып, же ооруса балдарың,
Оор үйлөйсүң көөдөндөгү түтүндү.
Өрттөнөрүн энелердин бала үчүн,
Биз балдары эне болуп түшүндүк.
Аккан суу
Шар аккан суу өзүңө айтаар элем,
Таң азандан жаман түштү жеңилдеп.
Шаркырап аккан ошол айбатыңды,
Агызчусуң колум сунсам, эңил деп.
Суу менен толкуп-ташып тиленчүмүн,
Бактымды, жолумду ач Теңир деп.
Таэнем жаштыкта көп айтаар эле,
Ыйлаба деп, ар кимге капа болуп.
Аккан сууга дартың айт, агып кетсин,
Баратса эгер муң-зарың ичке толуп.
Чечмелесем сыр сактоо заң-закүнүн
Үйрөтүптүр, шар сууну мисал коюп.
Акылмандык таэнемдин жоругу,
Макалдары, аппак болгон жоолугу.
Эсимде, тойго барам деген кезде,
Адат болчу, ээрчип ыйлап оолугуу.
Акыл-насаат айтып берип акырын,
Жеңилдетчү, кайгы-капа ооруну.
Шар аккан суу жууп салчы суранам,
Жан дүйнөмдү кайрадан бир тазартып.
Билбей туруп
Элим эстеп айтып жүрчү,
Же жазганым бир күчтүү.
Калтырамбы атак-даңк
Жанга жаккан жайыт түктүү.
Балдарым деп талбадым,
Ата-энемди бакпадым.
Бейитине басып барып,
Эстелик да коё албадым.
Жетим-жесир үйүнө,
Башын сылап күнүгө.
Бералбадым билсеңер,
Белек кылып түйүнө.
Жада калса өзүм каттап,
Кыз-уулдарым да өскөн.
Бала бакчага оюнчук,
Арнабапмын жүрөктөн.
Мектебимчи билим алган,
Айтат чыгаар саламдаш деп,
Канча иштеп тыйын таптым,
Белек берсем жарашмак эп.
Көрүп жүрөм көчөлөрдөн,
Жетим-жесир кыйналганды.
Жардам берсем неге болбойт,
Көрбөгөнсүйм ыйлаганды?
Неге артымдан атак-даңкты,
Сурап турам жулунуп?
Колдон келген нерсени да,
Аткарууну билбей туруп.