ЖАЛДУУ КАБА
(Романдан үзүндү)
«Өткөн жөнүндө бүт баарынын кандай болгонун дал ошондой кылып айталбайсың. Анткени бул болгон да. Шондуктан өткөндү жазышың гана ыктымал».
(Жарко Команин, черногор жазуучусу)
«…Жалдуу Каба акылдуу, өтө шер, баатыр киши болгон. Калмактар жаңыдан кол салган мезгилде Ата Журт, жалпы кыргыздын амандыгы, жеринин бүтүндүгү үчүн кандуу согушта өзгөчө баатырдыгын көргөзгөн».
(Кусеин Исаев, аалым-мударис)
«…Каба – родоначальник, предок одного из крупных подразделений племени саяк».
(С.М.Абрамзон, этнограф, түрколог)
Жээгин жемирип, күркүрөп-шаркырап, какшаалдарды агызып, ары-бери оонап, тентектене, долулана агып жаткан Нарын дайрасынын агымын ойлуу тиктеп олтурган Жалдуу Кабаны алдыртан караган багыштардын кутман карыясы жайкалган аппак сакалын сылап койду да, андан соң: – Эй, саяктардын кабыландай керилген, кыраан бүркүттөй кымпыйган кол башчысы! – деди ага күндөй мээримин төгүп. – Бу сен ойго чөмүлбө, долу дайранын агымын тиктебе. Асманды кара, тоону кара, калың бадалды кара, калың жылгынды кара, учуп бараткан кептерлерди кара. Жана да бул жерде олтурушкан мырзаларды, эр жигиттерди, абышкаларды, жаачыларды, найзакерлерди, айбалта чабарларды, кылычкерлерди кара. Ойдон арыласың. Кубат аласың. Бир кезде мен да куду өзүңдөй жаш элем, жолборстой жүрөктүү элем, көк жалдай кайраттуу элем, багыштардын намыска жараган бийи элем. А азыр болсо жалындуу жаштыгын, күлгүн курагын ойлоп уктабаган, таптоодогу шумкардай болгон карыямын. Бирок карып калдым, арып калдым деп кайгырбаймын. Төрүмдөн көрүм жакын калды деп, байбичемдин жанынан жылбай, ак өргөөдө үңкүйүп олтуруп калган жокмун. Канчалык карысам да, чап салган карышкырга амал таба аламын. Ушуга ишенип кой, кол башчы! Ушул кезге чейин сенин ээлигиңе ат бастырып келелек болчумун. Шондон улам сени менен жүздөшө да, кучакташып көрүшө да, ак дилден жарыла сүйлөшө да элекмин. Кудайдын буйругу менен эми гана сүйлөшүп олтурамын. Ушуга шүгүр, болгондо да миң мертебе шүгүр! Бирок кол башчы, бу сен күдүк ойго кабылба. Мен сенден күлүк ат, жорго, кыраан куш, алгыр тайган, тай туяк сурап алганы келген жокмун. Даңкың дабан ашкандан бери сен жөнүндө жалаң гана жакшы кептерди угуп келатам. Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына белгилүү болгон Эрен-Улуктай, Эзгене-ичергидей намыска жарап, тели-теңтуштарыңа, агайын-туугандарыңа, кайын журтуңа, таякелериңе, жээндериңе, берендериңе, эрендериңе эле эмес, жетим-жесирлерге, жарды-жалчыларга, жылкычыларга, койчуларга, төөчүлөргө, топозчуларга, усталарга да күйүмдүү экенсиң. Комузчуларды, чоорчуларды, тилмерлерди, саятчыларды, бүбү-бакшыларды, табыптарды, уздарды, мүнүшкөрлөрдү, саяпкерлерди да канатыңа калкалап турат экенсиң. Солтолордун, чериктердин, адигинелердин, кутайлардын, моңолдордун, кыпчактардын, саруулардын, жедигерлердин, багыштардын, азыктардын, мундуздардын, кара чоролордун, басыздардын баатырлары, шерлери, мырзалары, инабаттуу жакшылары менен да ысык ымалада экенсиң. Бул сенин бабалардын: «Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы» деген накылын көкүрөгүңө кыттай куюп алгандыгың эмеспи. Балтыр этиң толгондон, боконо сөөгүң бекигенден бери жумурай журтуңду ойлоп, айланаңа эр жигиттерди топтоп, ата конуштарды жоодон коргоп келатасың. Ушул кайратыңдан, ушул жүрүшүңдөн жазба, ушул багытыңдан кайтпа, ушул оюңдан айныба! Кара калмактардын кебине ишенбе, кылыктуу катындын түшүнө ишенбе. Мен буларды сага жөндөн-жөн эле айтып жаткан жокмун. Мунун жүйөсү бар. Койдон коңур, жылкыдан тору кыргызга ач бөрүлөрдөй, кан күсөгөн чөөлөрдөй чап салууну көздөгөндөр өздөрүнчө жең ичинен сүйлөшө баштагандай. Ары меймандос, ары кең пейил кыргызга сыртын салгандар, кыр көрсөткөндөр, кастык отун жаккандар көбөйө баштагандай. Уулдарыбыз менен кыздарыбыз күндөй мээримдүү, тоодой бийик, булактай тунук, көлдөй терең болушун кудайдан тилеген кыргыздардын балбан билек, таш жүрөк баатырларын, ары адил, ары калыс, акылдуу бийлерин, намыстуу мырзаларын, көйкашка найзакерлерин, көйкашка мергендерин, даңазалуу жайчылары менен коңур чечендерин ичтен иритүүнү каалагандар көбөйө баштагандай. Мына ушуну сезип, бу сен абдан сак боло көр. Арстандай айбаттуу, сырттандай кайраттуу боло көр. Котур ташы койнунда барлар, эзелки душмандардын, сайдын ташындай жайнагандардын баатырлары, төрөлөрү, зардалдары, ноёндору, кол башчылары момун, меймандос кыргыздардын тың чыкмаларын, шерлерин, көк жалдарын, кыраандарын, акылга дыйкандарын көрө алышпайт. Сен андайлар менен тең ата болушуң керек.
Жанатан бери үн катышпай, багыштардын кутман карыясынын канаттуу кебине кулактарын төшөп олтурушкан абышкалар, мырзалар, жылкычылар, эр жигиттер, жаачылар, найзакерлер, кылычкерлер, айбалта чабарлар кары бийдин айткандарын коштоп коюшту. Баарынан ушул жакшы болгондой. Жалдуу Кабанын жүрөгү жылып, көңүлү чалкыгандай, кыялы чабыттагандай боло берди.
– Жалдуу Каба, – деди багыштардын кутман карыясы кайрадан күндөй мээримин төгүп, – бир кезде мага мундуздардын дөөлөттүү аксакалы келип, ак батасын берип кеткен эле. Мен эми мына ошол мундуздардын дөөлөттүү аксакалындай болуп, сага атайы ак батамды бергени кер өзөн, кең Таластан келдим эле. Шон үчүн сөзүмдү узарта бербейин. – Алаканын жайып: – Өрүшүң жайык болсун, өрөөнүң малга толсун, кырманың кызылга толсун! Дүнүйөң мол болсун! Телегейиң тегиз болсун, төгөрөгүң төп болсун! Төбөңө бак консун! Алдыңдан кас душман тоспосун, артыңдан жоо куубасын! Капталыңдан каракчылар найза сунбасын! Жоро-жолдошторуң кең пейил болсун, берендериң кайраттуу болсун, эрендериң жүрөктүү болсун! Жигиттериң намыстуу болсун! Найзакерлериңе, кылычкерлериңе, жаачыларыңа, айбалта чабарларыңа, мергендериңе кырсык, оору-сыркоо жолобосун! Балдарга, боз уландарга баш-көз болуп, аларды черүү өнөрү менен шугурлантып турган балбандарыңа, шерлериңе көз тийбесин! Сакчыларыңдын, жесекчилериңдин, кайгуулдарыңдын арасынан кыл өтпөсүн! Боз уландарың, жаш баатырларың болоттой курч болсун! Чериктериң ынтымактуу болсун, өрттөн кайра тартпасын, өлүмдөн кайра качпасын! Төрүңдөн сөөлөттүү аксакалдардын, нарктуу карыялардын, нускалуу байбичелердин көөндү эриткен кептери алтын кумдай куюлуп турсун! Арча бешигиңден ымыркайдын үнү үзүлбөсүн! Ак өргөөңө ыраактан кадырман карыялар, көйкашка мырзалар, эр жигиттер, намыска жараган найзакерлер, коңур чечендер, эр эгиздер келип-кетип турушсун! Жумурай журтуңдун алтын боосу бек болсун! Мына ушул алтын боону бек туткан кыраандарың, көк жалдарың, шерлериң аман болсун! Үйүр-үйүр жылкың, короо-короо кой-эчкиң көп болсун! Буларга жут жетпесин! Укум-тукумуң көбөйүп, канат-бутагың жайылсын! Чырпыктарың чынар болсун! Чынарларың токой болсун! Казаның майлуу болсун, отуң таптуу болсун! Кылычың мокобосун! Кастык отун жаккандардын баштарын эле эмес, аларга сатылгандардын да баштарын шылып түшсүн! Жортуулга минчү атыңдын жону жоорубасын! Казатка минчү тобурчагыңдын шамалдай сызганы күчөсүн! Таштак жолдо ташыркабасын! Эч арыбасын! Зыркырап учкан сыр жебең сая кетпесин! Ак бараңдан аткан огуң бутага дал тийсин! Кууганыңды кырдан ашырбай жеткин! Азуусун айга жанганды алкымдан алып аңга чапкын, аңдан алып көргө чапкын! Чалгынга минчү атың чаалыкпасын! Оорукка минчү атың оорубасын! Айбалтаң ач айкырык, куу сүрөөн менен келүүгө, айылдарыңды азан-казан түшүрүүгө, жумурай журтуңдун мал-мүлкүн талап-тоноп алууга камынгандардын жондоруна дүп-дүп эте урулсун! Кудайым өзү жар болсун! Суук көздөн, бөөдө кырсыктан сактасын! Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун! Алды жагың ачык болсун, арт жагың жарык болсун! Жараткан жалгап турсун, жакшылык ыроолоп турсун! Оомийин!
Мына ушинтип, багыштардын кары бийи Жалдуу Кабага ак батасын бергенде ары жактагы шабырлуу, жекендүү сазда койкоктоп жүргөн каркыра-турналарды, көлмөнүн бетин бербеген каз-өрдөктөрдү карап коюшпай, өздөрүнчө акырын сүйлөшпөй, өздөрүнчө күлүшпөй олтурушкандар: – Айтканыңыз келсин, аксакал! – дешип жиберишти жапырт.
* * *
Ошол күнү эле Жалдуу Каба семиз кой, семиз бээ сойдуруп, ак батасын берген кары бийге айылдагылардын куту болгон аксакалдарды, байбичелерди кошуп, бүт баарын жакшылап коноктоду. Ошонун эртеси улуу шашкеде багыштардын кадырман карыясынын үстүнө ак кементай жаап, башына киш тебетей кийгизди. Мына ушуну менен эле тим болуп калбай, анын алдына ойротто жок, сымбаты келишкен, ээр-токум токулган, сүлөөсүн көрпөчө жабылган, жүгөнү, үзөңгүсү чылк алтын, көмөлдүрүгү чылк күмүш боз жорго тартуулады. Шонтип колу ачыктыгын көрсөтүп, урмат кыла бартылдай сүйлөп, ыраазычылыгын билдирип, алкоосун айтып, акылдын түбүн байкаган, аксакалы жайкалган кары бийди ашуудан ашыра узатып койду. Анан көңүлү курсант болуп, жылдызы жанып, айылын карай кайтып келатканда тукабадай кулпунган жашыл шиберде дүйнө капар жаткан түгөйлүү илбирсти көрүп калды. Тоонун ээси болгон илбирс жанараакта эле бакытка балкыгандай. Анысы балбырап, көшүлүп жатканынан байкалып тургандай. Жалдуу Каба тизгинди тартып шырп алдырбай, шапа-шупа жонунан жааны, саадактан сыр жебени алды. Ардактап минген Акжалынан жерге түшпөй, теребелди карабай, жааны күчүркөнө чоё тартып, зың эттире сыр жебени коё бермекчи болду. Эгерде ушинтсе, зыркырап учкан сыр жебе жыргалга батып, тоодогу жашоонун ыракатын көрүп, эми гана тынчтанып, коркунучтун жакындап калганын, өлүмдүн чукул кирип келгенин сезбей, магдырап жаткан илбирстин мойнуна сайылмак. Жаныбар көзү алам заматта ымыр-чымыр болуп, жер айлан-көчөк болуп, тура албастан жан бермек. Жалдуу Каба эмнегедир мына ушуну каалабагандай болуп, алеки саатта оюнан айныды да, илбирсти түгөйүнөн ажыраткысы келбей, сыр жебени кайрадан саадакка салып койду. Үн катпай, жааны кайрадан жонуна асынып, экөөнүн алпейимин албай, Акжалдын башын буруп, акырын теминип, акырын бастырып жөнөй берди.
* * *
Жасалгасы көздүн жоосун алган ак өргөөдө кары жаачы, кары табып, кары мерген, кары комузчу, кары айбалта чабар казы-карта жеп, кымыз ичип олтурушту. Сыртта жаш сакчылар. Алардын көңүлдөрү куунак. Бирок булардын бири да ичкери кирген жок. Өздөрүнүн милдетин билишет. Жалдуу Каба бартылдай сүйлөп, сыртка чыкпай кадырман карыялардын жүрөгүн жылытып, кыйладан кийин карс-карс күлдү. А алар күлүшпөй жылдызы жанган кол башчыны карап коюшту. Жалдуу Каба карабады.
– Кол башчы, – деди кары жаачы акырын, – биз кары бий, кары баатыр, кары уста, кары чечен, кары найзакер менен кеңешип, сени өзүбүзгө кан көтөрүп ала турган болдук.
Анын сөзүн жанындагылар коштоп коюшту. Жалдуу Каба мындайды күткөн да, ойлогон да эмес. Шондуктан бул ушунчалык күтүүсүздөн болгондуктан, кадырман карыларга эмне деп айтаарын билбегендей болуп, өзүнчө саал-паал апкаарый түштү да, биртикеден кийин башын чайкап койду.
– Кол башчы, – деди кары жаачы кайрадан, – бу сен башыңды чайкабай эле кой. Башыңа бак конгону турат. Ушуну сезип, биздин айтканды эп көргүн. Антпей турган болсоң, бакты учуруп жибересиң. А биз муну каалабайбыз.
Кары айбалта чабар, кары табып, кары комузчу, кары мерген кайрадан анын кебин коштоп, кубаттап коюшту.
– Кадырман карылар, – деп Жалдуу Каба аларды кыдырата карады. – Башка кара түн түшкөнү калса, бул жалган дүйнөдө көчүп-конуп, мал багып күн көргөн элибиз Көкө Теңирди, канды, кол башчыны, көйкашка шерди оозуна көп ала турганын дөөлөттүү аксакалдар, нускалуу байбичелер айтып калышар эле. Казырынча антише элек. Теңирге шүгүр. Тоо койну тынч, жумурай журт арасы тынч. Айгайлаган чуу менен чабуул койгон жоо жок. Ач бөрүлөр улуп-уңшуй элек, этектен тартыша элек. Шондон уламбы, казырынча төөчүлөр, жылкычылар, топозчулар, дан багарлар, усталар, уздар, мүнүшкөрлөр, жарды-жалчылар кан, ордо, казына жөнүндө анчейин деле иштери жоктой го.
– Кол башчы, бу сенин айтканыңда кашкайган чындык бардай. Эл арасынын тынч болуп турганы жакшы дечи. Бирок кырсык каш менен кабактын ортосунда эмеспи. Жоо менен кырсык айтып келбейт да. Шондуктан жерди тегиз дебегин, алды-артыңда кайкаң бар. Жумурай журтту бирдей дебегин, арасында ар кандайы бар. Андыктан алды-артыңды байкагын. Бөрк астында бөрү жок дебегин, ээк астында жоо жок дебегин.
– Мен антпей калайын.
– Кол башчы, – деди кары табып ойлуу, – башынан далайды өткөргөн жаачы туура айтат. Жоо деген жоо. Жоонун ойлогону жамандык, издегени жамандык, көздөгөнү жамандык. Бүгүн болбосо эртең эле кыяндай каптап кириши ыктымал. Шондо алапайыбызды таппай алдастап калбайлык. Чуру-чуу түшүп, кокуйлап калбайлык. Шондой боло электе кан көтөрүп алганыбыз, ордого ылайык ак өргөө көтөрүп алганыбыз, казына күтүп алганыбыз оң го.
– Туура, туура! – дешти кары комузчу, кары мерген, кары жаачы, кары айбалта чабар.
– Кутман карыялар. – Жалдуу Кабанын коңур үнү шаңк этип бийик чыкты. – Шондой кылыш үчүн убакыт керек. Чабармандарды айтылуу Алайга, касиеттүү Көлгө, Теңир-Тоого, Чүйгө, Таласка, Кетмен-Төбөгө, Сары-Колго, Аксыга, Нуркапка, Периканага чаптырышыбыз керек.
– Неге, кол башчы, неге? – кары айбалта чабар суроолуу карады.
– Чабармандар ошол жактагылардын аттуу-баштууларын, баатырларын, чечендерин, ак таңдайларын, кол башчыларын чакырып келишет. Бу силер ошолорду күтүп алганга даярсыңарбы?
Карыялар кол башчынын ушундай собол узатарын күтүшпөгөн бейм, бири-бирин тиктешип, үн катышпай калышты.
– Өзүңөрчө эле чечип койгон болбойт. – Жалдуу Каба алаканы менен жаагын сылап койду. – Адегенде мына ошолор менен сүйлөшүп, акылдашып көрүшүңөр керек. Кан бир өрөөндүн эле, бир аймактын эле каны болбойт. Ал деген жалпы элдин каны болот. Ошон үчүн уруулардын абройлуу аксакалдары менен масилеттешүү керек.
– Антпей эле, биз өзүбүз эле билип, өзүбүз эле сени кан көтөрүп алабыз, – дешти карылар.
– Антүүгө болбойт.
– Болот эле.
– Бизди туурашып, басыздар менен саруулар өздөрүнө кан шайлап алышса эмне болот?
– Эчтеме болбойт. Шондуктан басыздар менен саруулар жактырган шерин кан көтөрүп алыша беришсин.
– Кан деген журт ээси, журт башы! А биздин жумурай журтубуз Нарын дайрасынын эле баш жагында жашабайт да.
– Аның ырас, бирок ушу тапта баарыбыздын башыбызды бириктире турганга бирөө керек болуп атпайбы. Андай шер өзүңсүң. Багыштардын кары бийи келип, башкага эмес, өзүңө гана ак батасын берип кетти го.
Жалдуу Каба үн катпай башын жерге салып, биртике олтурду да, анан ошол калыбында: – Кутман карыялар! Бу силердин тилегениңер жакшылык, каалаганыңар жакшылык, ойлогонуңар жакшылык. Мага ишенип, мени кан көтөрүүнү эп көргөнүңөр мына ушуну тастыктап тургандай. Ыракмат, миң мертебе ыракмат! Ыраазымын силерге. Бирок бу жашоодо кудурети күчтүү Көкө Теңир бийлик тизгинин сүйгөн пендесине гана берет. Шон үчүн капа болбосоңор, таарынбасаңар, жаман көрбөсөңөр, дагы жакшылап акыл калчап, ой толгоп көрсөңөр, анан чечсеңер. Жана да багыштардын, азыктардын, чериктердин, сары багыштардын, адигинелердин, мундуздардын, калчалардын, нойгуттардын, ногойлордун, балыкчылардын, кара чоролордун, саруулардын, кутайлардын, абаттардын, бостондордун, кесектердин, чоң багыштардын, кыпчактардын, моңолдордун, жедигерлердин, жетигендердин, каңгылардын, катагандардын, коңураттардын, дөөлөстөрдүн, бугулардын, солтолордун, наймандардын, итарчылардын, чаркөөлөрдүн, моголдордун, миңкуштардын, думаралардын, дуулаттардын, басыздардын эр эгиздери, эрендери, берендери, жайчылары, саяпкерлери, мүнүшкөрлөрү, тилмерлери, саятчылары, найзакерлери, балбандары, мырзалары, манасчылары, ордочулары менен да масилеттешип көрүүнү көз жаздымыңарда калтырып коё көрбөгүлө. Балким, алардын да канга, кол башчыга ылайык шери бардыр.
– Эмнеге эле минтип өзүңдү качырып жатасың?
– Канды бир өрөөндүн эле карыялары, мырзалары эмес, а бардык уруулардын, бардык уруктардын инабаттуу жакшылары, шерлери, баатырлары, беделдүү бийлери, эр эгиздери бирдикте көтөргөнү жакшы болот. Мына ошондо элдин элчилиги даңаза экени билинет. Андай болбосо, киндиктеш уруулардын, киндиктеш уруктардын ортосуна жик түшүп калышы ыктымал. А бул жик акырындык менен жүлгөгө, анан жаракага айланып, акырында куду ушуну бүтөө кыйын болуп калат. Мен мына ушуну каалабайм.
Карыялар ойлонуп калышты. Жалдуу Каба аларды кыдырата карабай, эмнегедир күлүп-жайнап сүйлөбөй, терең күрсүнүп койду. Мындан башка болсо, түк минтпей эле батыл сүйлөп, буларды өзүнө тартып, бийлик тизгинин өз колуна алууга, алтын такта олтурууга, журт башы болууга жанталашмак. А бул ошентүүгө аракет кылбады. Кары комузчу менен кары жаачы башын чайкап койду. Кыйладан кийин кары айбалта чабар менен кары мерген тынчтыкты бузуп, кептин нугун башкага буруп кетишти. Баарынан ушул жакшы болду. Жалдуу Каба жеңилдене түшкөндөй күлүмсүрөп, казы-картадан кыя кесип жеди да, бал кымыздан ичти.
* * *
Куду ушундан эки апта өтпөй эле карагер айгыр минген, кара тору бетинде тырыгы бар, айдагардай айбаттуу, айдары айдалысында сары таман аттын жалындай салпылдаган жүз башы калың бадалдын арасынан чыкпай, буруттардын жол чалган кайгуулдарына көрүнбөй, салкын жел ойногон жондо көк жалдардай болуп, теребелди карашпай келатышкан атчан берендердин, атчан эрендердин ортосундагы шумкар кабак, узун кирпиктүү, нооча бойлуу, москоол денелүү, ары сүрдүү, ары кайраттуу, ары келбеттүү баатырды карап, эмнегедир андан көзүн албады. Бирок алардын пейилди оңогон, дилди тазарткан, ниетти агарткан касиеттүү Шамшыкал-Ата тоосуна барышып, аерде үч күн, үч түн сыйына жатышып, андан соң жаламай туздан биртике алышып, кадимкидей шерденишип, кадимкидей кайраттанышып, миң чиркелген тоолордун арасындагы айылына кайтып келатышканын билген жок. Эгерде билген болсо, мына ошол ыйык Шамшыкал-Ата тоосуна өрттөн кайра тартпаган, өлүмдөн кайра качпаган чериктерди, кайгуулдарды, мергендерди баштап барууну, мына ошол ыйык жайды буруттардан тартып алууну ойлойт эле. Кокту-колоттордогу, кыр-кырлардагы буруттарга Жараткан жердин соорусун берип койгон тура. Жаздоосу да, жайлоосу да, күздөөсү да, кыштоосу да малга жайлуу, жанга жагымдуу. Карагайлуу, арчалуу кырларычы, бадалдуу төштөрүчү, жылгындуу жээктеричи! Бетегелүү төрлөрүчү, кызыл оттуу, шыбактуу адырларычы! Тал түбүнөн, таш алдынан оргуштап чыккан булактарычы! Шоокум салып, таштан ташка урунуп, туйлап аккан көк кашка өзөндөрүчү! Бу буруттардын суусу да мүрөктүн суусундай. Жараткан ушундай ажайып кооз жерди, ушундай мөлтүр булактарды, ушундай шаркырап аккан өзөндөрдү ойротторго, уйгурларга, ала топуларга, сарттарга неге бербеди экен дегендей, оор улутунуп койду да, биртикеден соң жүлжүйгөн көзүн жумуп, кайра эле ачты. Анткен менен карагер айгырды теминип, ары карай бастырып кетпеди. Жанындагы жылдыздуу жаш мергенге эмес, кексе найзакерге калабаттуу кайрылды:
– Тээтиги алптай болгон баатырдын ким экенин билесиңби?
– Билбей анан! – деди ал дарылдап. – Мен буруттардын жерине сенден мурда келгем да. Ал буруттардын Жалдуу Каба аттуу кол башчысы болот.
– Чын эле ошолбу?
Кексе найзакер башын ийкеп койду да, бир пастан кийин: – Ит буруттардын бул кол башчысынын желкесинен куймулчагына чейин жалы бар имиш.
– Муну кимдерден уккансың?
– Кербендерден жана өзүбүздүн шуйкучулардан уккан элем.
– Дегеле узун кулаксың.
– Жүз башы, бу сен мени мазактаба. – Кексе найзакер корс этип, атынан жерге түштү.
– Мен сени мазактабай калайын, – деп жүз башы да атынан түштү. Бирок аны карабай, карагер айгырды талдын бутагына байлап койду.
– Анда неге «узун кулаксың» деп айттың? – Кексе найзакер атын байлабады. Чылбыры колунда.
– Мен билбегенди билсең, мен укпаганды уксаң, анан айтам да.
– Жылдыздуу жаш мерген кежигесин кашылап, сөзгө аралашкан жок. Кексе найзакер үтүрөйүп: – Эй, жүз башы! Мындан ары антип атпай жүргүн.
– Болуптур, найзакер, болуптур! – Жүз башы күлүмсүрөп койду. Анан кептин нугун башкага буруп кетти: – Буруттардын тигил кол башчысынын жалындан жалтанбаган, жети баштуу желмогуздан да коркпогондой жайы бар экен. Жана да алты кулач айдагардан да, калың кошуундан да качпагандай түрү бар экен. Айтканынан кайтпагандай, каргышы ката кетпегендей, айтканы эки болбогондой касиеттүүлүк жайы бар экен.
– Жүз башы, бу сен көзү ачык бакшыдай болуп турасың го.
– Мен көзү ачык бакшыдай эмесмин.
– Андай болсо, ит буруттардын жаман кол башчысынын тигиндей экенин кантип биле койдуң?
– Шумкар кабагынан, ары оттуу, ары өткүр көзүнөн, кыраан бүркүттөй кымпыйганынан…
– Антпей эле ушу сенин апаң ит буруттардын бир кадырманынын кызы окшойт.
– Менин апам ит буруттардын эле эмес, накта ойроттордун асылзаадасынан болот.
«Бул экөө таза кокуйдун кокую бейм. Акырын сүйлөшпөйбү. Кокустан буруттар булардын үндөрүн угуп калышса, алам заматтын ортосунда жетип келишет да. Ой, анда өлдүк дей бер!» – деди жаш мерген ичинен чый-пыйы чыгып. А муну экөө сезген деле жок. Кексе найзакер жүз башынын айткан кебине ишенбеди. Айтор, ошондонбу өзүнчө кыжыры келгендей болуп, анын ит буруттардын дөөдөй болгон баатырын көтөрө чалганын жактырбагандай кабагын чытыды. Биртикеден кийин көзүнүн төбөсү менен карап койду да, ошол калыбында: – Эй, жүз башы! деди. – Бу сен ит буруттардын кол башчысына суктангандай болбо. Ит буруттардын баатырлары, кол башчылары биздин жоокерлерибиздин, нөкөрлөрүбүздүн, найзакерлерибиздин далайын жексен кылган. Жүрөгүбүздү канаткан, жүлүнүбүздү сыздаткан. Эми буларды баш көтөрбөгөндөй кылуубуз керек. Ан үчүн алык-салык салып, мал-мүлкүн талап-тоноп туруубуз керек. Кол көтөргөндөрүн өлтүрүп, найза сунгандарын терең орго салып коюшубуз керек, Сен өрттүн өртүсүң. Жортуулда, чабуулда, чабышта далай жолу эрдик көрсөтүп, нөкөрлөр менен чериктерге өрнөк болгонсуң. Эми да ошентишиң керек.
– Неге?
– Биринчи кезекте ит буруттардын мына ушул кол башчысын колго түшүрүүгө аракет кылып көрсөңчү. Эгерде ошентсең, бу сенин даңкың дабан ашып, беделиң көтөрүлөт эле. Миң башы болуп калат элең. Ноёндор, зардалдар, баатырлар сени кадырлап калышат, дегениңди дегендей орундатып турушат. Бул өзүнчө эле бакыт эмеспи.
– А сенчи?
– Мен сыймыктанып, сени жерге-сууга тийгизбей мактап турмакмын. Ал эми ит буруттардын колго түшкөн кол башчысын абдан кыйнап, абдан азап тарттырып, ага көргүлүктү көрсөтөт элем. Шондон кийин аны терең орго салып коймокмун. Оңбогур терең ордон чыкпай, күндүн нурун, айдын шооласын көрүүгө зар болуп, аялы менен балдарынын үнүн угууга зар болуп жатмак.
– Ай, найзакер, ай! Макоонун макоосу элесиң да.
– Наалыбачы, жүз башы, наалыбачы!
– Бу сен жинденбей эле кой. Мен буруттардын бул кол башчысын торго түшүрө албайм. Сен да тута албайсың. Бул жаш мерген да колго түшүрө албайт. Атурсун зардалдар менен ноёндор да тута алышпайт.
– Эмне үчүн? – Кексе найзакер бурк этти. Ал эми жаш мерген ары басып кетпей, кабагын чытыбай, «суу жүрөк» дегенди эшиткиси келбей, экөөнүн кебине кулак түрүп турду. Эмнегедир көңүлүнүн уйгу-туйгу боло бергенин билдиргиси келбегендей.
– Буруттардын кол башчысы мени эки чайнап, бир жутуп койчудай экен. Шон үчүн мындан оолак болгонум эле жакшыдай. – Жүз башы аны карабады.
– Сени чайнабай, таш чайнасын! Сени жутпай, кум жутуп калсын! – Кексе найзакер ызырына зиркилдеди. – Ит буруттардын буга окшогон баатырлары четинен жардан кулап, аттан жыгылып өлө берсе экен.
– Бирөөлөргө өлүм тилебей, өзүңө өмүр тилесең боло.
– Мага акыл үйрөтпөй эле кой.
– Ачууң мурдуңдун учунда экен.
– Өзүң эле жоошсуң.
Жүз башы үтүрөйүп, башын чайкап койду.
– Эми үчөөбүз шүмүрөйүп, артыбызга кур кол кайтат экенбиз да. – Кексе найзакер жүз башыны кекээрдүү карады.
– Кыязы ошентебиз го.
– Мурутчан миң башыга, даңазалуу зардалга, каардуу ноёнго, кара мүртөз баатырга эмне дейбиз?
– Сарсанаа боло бербе. Өлбөй калганыңа сүйүн. Алты саныңдын аман, дени-кардыңдын соо турганына кубан. Аларга өзүм жооп берем. – Жүз башы анын көңүлүн жубатымыш болду. Ошентсе да ал кырчаңгыланып:
– Аларың сага ишенеби?
– Ишенсе ишенсин, ишенбесе коюшсун, – деп жүз башы жактырбастан корсулдап койду. Жаш мерген дагы эле үн каткан жок. Непада бул экөө өзү теңдүүлөрдөн болсо, анда бапылдап сүйлөмөк, алар менен тапандана талашып тартышмак. Эч үлдүрөбөй, эч кысынбай, кадимкидей эле талашып тартышмак. Дилиндегисин тартынбай ачык айтмак. А бул экөө тең өзүнөн улуу да. Шондон улам алардан тартынгандай… Көңүлүнүн уйгу-туйгусу да басылбагандай… Кексе найзакер ушуну туйбагандай күңкүл сүйлөдү эле жүз башы:
– Күңкүлдөгөнүңдү токтот, – деди кабагын бүркөп. – Сен да жаш болгонсуң.
– Мен жаш чагымда шок болчумун. – Кексе найзакер таназар албады. – Өзүмдөн улуудан да, өзүмдөн кичүүдөн да тартынчу эмесмин. Алым жеткендерге кыргыйдай тийчүмүн. Эми болсо антиш кайда…
Жүз башы аны карабай: – Буруттардын алптай болгон баатырынын беттешкенин мерт кылган, катылгандын катыгын берген, алышканын баса жыгылган, кууганын куткарбаган, жолун тосконду торойто чапкан жайы бар экен, – деп койду кайрадан. – Бу жаш мерген ушуну сезди окшойт. Сезбесе, сени акырайып карамак, мени теше тиктемек. Анан купшуңдап сүйлөмөк, купшуңдап күлмөк.
Жылдыздуу жаш мергенге жүз башынын бул айтканы жаккандай болду. Ал эми кексе найзакерге жаккан жок. Шондон улам: – Жүз башы! – деди оройлонуп. – Кайрадан капкайдагыны айтасың да. Биздин уучубуз деле кур эмес. Мындан кыйын, мындан азамат миң башыбыз, мындан кыраан шерибиз, мындан күчтүү, мындан зор балбаныбыз, баатырыбыз бар го. Ошолордун бирин эмес, а үч-төртөөсүн жөнөтсөк, алар ит буруттардын бул колбашчысын кармап, алдыларына сала айдап келишет да. Эй, жаш мерген! Мен туура айтамбы? – Оозуна буруттардын бал каймагына көйлөгөн талканды салып алгандан бетер унчукпай турган жаш мергенди акырайып карады. Ал кексе найзакерди теше тиктебей, жооткото жер карады.
– Буруттардын бул кол башчысы биздин баатырларыбыздын, балбандарыбыздын колдоруна эч качан түшүп бербейт. – Жүз башы жини келгендей зиркилдеди.
– Бу сен мага зиркилдебе. Мен кас душмандын найзакери эмесмин. Эгерде ит буруттардын бул кол башчысы анттирбей турган болсо, анда пайитин таап, алдууларды эмес, а амалкөйлөрдү анын айылына жиберип көрөлү. Алар ар кандай айла-амалды колдонушуп, оңбогурдун ичин жылытышаар. Ошондон кийин бал тилге салышып, ат башындай алтын, тай башындай күмүш, дубанда жок тулпар, алгыр тайган, кыраан бүркүт, түрмөк-түрмөк шайы, түрмөк-түрмөк жибек, түрмөк-түрмөк тукаба беришип, айдай сулуу кызды, күндөй нурдуу келинди, чүрөктөй жубанды койнуна салып беришип, асыл таш, бермет беришип, аны өздөрү тарапка тартышат эле да.
– Ой, аларың ошенте алышса эң сонун болот эле го. Бирок антише алышпайт да.
– Кандайча?
– Тоодо төрөлүп, тоодо торолуп, тоодо өскөн буруттар, бала чагынан тай минип, кунан минип, ат минип, күлүктүн жалында шамалдай ойногон буруттар, тоонун мөлтүр булагынан суу ичкен, өзөндөрдүн башаттарында турган буруттар чөлдөгүлөрдөй эмес, сепилдердин ичтериндегилердей эмес. Шондуктан күлүктөрдү минген буруттардын бул кол башчысы эч качан азгырылбайт, эч качан сатылбайт.
– Ай, ушу сенин эрдигиң бар, эсиң жок окшойт. Эгерде эсиң болсо, менин айтканымды эп көрөт элең, минтип айтмак эмессиң.
– Болбогон кепти айтсаң, анан эп көрбөйм да. Андай кылыш үчүн айлар керек, жылдар керек.
– Айлар айланбаса койсун! Жылдар дөңгөлөнбөсө койсун! Бизге кийинкиси эмес, азыркысы керек.
– Ачууланба, найзакер, ачууланба! Ачуу – душман, акыл – дос.
– Кууланбай эле кой, жүз башы! Мен сага караганда башымдан далайды өткөргөм. Жоону эч качан аябоо керек. Жоо аяган жаралуу болуп калат, а бирок бу жалган дүйнөдө азгырылбаган, адашпаган, алданбаган киши болбойт. Алды-артыбызды карап, айла-амалды колдоно билүүбүз керек. Аракетибиз текке кетпей, жайган торубузга буруттардын кол башчысын түшүрүп алгыбыз бардыр. Анда эле жыргалга баттык дей бер, жүз башы! Буруттардын бадалдуу төштөрүн, кайың-талдуу сайларын, салкын төрлөрүн, шыбактуу талааларын, оттуу адырларын, токойлуу жерлерин, балгындуу камыштарын басып алат элек. Келиндерин, кыздарын күң, боз уландарын, боз балдарын кул кылып алат элек. Жигиттерин отунчу, төөчү, уйчу, койчу кылып алат элек.
Жаш мерген бирдеме айтмакчы болуп, кайра тартынгандай кежигесин кашылап, тилинин учундагысын айткан жок. Кексе найзакер кайрадан капкайдагыны айта баштады эле, жүз башы кыжыры келгендей: – Өмүрдүн далай бел-белесин ашып калсаң да, бу сенин жаш мергендей акылың жок экен. Непада акылың болсо, унчукпай турат элең. Буруттардын жон-жондо шамалга, жаанга, борошого, мөндүргө карабай желип-жортуп жүргөнгө маш болуп калган көк жалдай болгон тигил кол башчысы Үч-Турпан, Кулжа, Бешбалык тараптагы таранчылардын, Кашкар менен Жаркен жактагы кожолордун баатырлары эмес. Буруттардын бул шери аксак Темирдин мураскорлорунун эң каардуу, эң коркунучтуу душманы болгон Шайбани кандын ары зулум, ары кара мүртөз, ары таш боор, ары катынпоз, ары кумарчы, ары шаан-шөкөттү жакшы көргөн улуктары, жүз башылары, элүү башылары, кароол башылары, көпөстөрү, билермандары менен кошо келишип, алардын бир тобунун эгинин эгишип, аны суугарышып, коон-дарбызын өстүрүшүп, тамдарын салышып, айлана-тегерегин жүзүмзарга, өрүкзарга, алмазарга айлантышып, үй-бүлөсүн багып турушкан сарттардын баатырларындай эмес. Көчүп-конуп мал багышып, аргымактарды, сары таман аттарды, жорголорду ардактап асырашкан буруттардын бул кол башчысы азгырылбайт да, алданбайт да. Мындай болгондон кийин ал жумурай журтун да, ата-конушун да сатпайт. Арстанбапты, Кара-Алманы, Көк-Алманы, Көк-Артты, Ноокенди, Сузакты, Куба-Сайды, Арабан-Сайды, Желе-Кудукту, Коргон-Төбөнү, Кочкор-Атаны, Шамалды-Сайды биздин төрөлөргө, биздин ноёндорго, биздин баатырларга, биздин миң башыларга тарттырып жибербейт.
– Жүз башы! – Кексе найзакер жаалдана кумсарды. – Бу сен буруттардын жаман кол башчысына жан тартпа. Анын ичине кирип чыккандай болбо. Мынчалык неге туталанып, неге күйүп-бышып күпүлдөйсүң? Эмне, ит буруттардын кол башчысы, сенин жатындашың болобу?
– Ал менин жатындашым да, жакыным да эмес. Тек гана өзүмдүн туйганымды айттым.
– Андай болсо, ит буруттарга жан тартып сүйлөгөнүңдү токтоткун.
– Сен мени тыялбайсың. Мен оюмдагыны айтууга акылуумун.
– Ниетиң кара, пейилиң бузук болсо, анда бул тарапка неге келдиң?
– Бизди буруттардын жерине миң башылар, улуктар, төрөлөр, зардалдар, ноёндор баштап келишти да. Эгерде моюн толгой турган болсом, булар мени өлтүрүп коюшмак. А менин өлгүм келген эмес.
– Жанынын шириндигин. – Кексе найзакер аны мыскылдап күлдү.
– Ай, найзакер, ай! Терең ойлонбойсуң да. Мен тигилердей болуп беш-алты катын албадым, мол дүнүйө топтоого жанталашпадым. Болгону жүз башы элемин. Колумда бийлигим да, байлыгым да жок. Эгерде алтын такта олтурсам, анда бул тарапка биздин жоокерлерди, нөкөрлөрдү, кайгуулдарды, мергендерди, шуйкучуларды, кылычкерлерди, айбалта чабарларды, сакчыларды, бакшыларды, отунчуларды, малчыларды, жалчыларды баштап келмек эмесмин. Таңдайынан чаң чыккан чечендерди элчи кылып, буруттардын журт бийлеген бийлерине, даңкы дабандарды ашкан кол башчыларына, баатырларына, абройлуу аксакалдарына жиберип, булар менен алака түздүрмөкмүн. Шонтип карым-катнашта болуп турууга өзгөчө көңүл бурат элем. Неге дегенде буруттар бизге коркунуч туудурбайт, а сойлогон эки баштуу ажыдаар коркунуч туудурат. Тоолуктар, талаа көчмөндөрү менен ынтымакта болсок, кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк болуп турсак, эки баштуу ажыдаар сестенип, бери карай сойлоого даабайт эле.
– Мындай оюң бар экен, эмне үчүн чокулары асман мелжиген тоолордун арасына качып кетпейсиң? Неге өз тарабыңа айлакер ноёндорду, амалдуу зардалдарды, акылдуу абышкаларды, зирек чериктерди тартууга, бийлик тизгинин колуңа алууга аракет кылып көрбөйсүң?
– Эгерде ошенте турган болсом, каардуу ноёндор менен кылычы кандуу зардалдар, таш боор миң башылар менин ата-энемди, тууган-туушкандарымды, үй-бүлөмдү, тели-теңтуштарымды соо коюшпайт да. Шон үчүн мен алардын кордук көрүп калышын, азап тартышын каалабайм.
– Бу сен ардемени айтып, менин башымды оорутпачы. – Кексе найзакер итатайы тутула бурк этти. – Ит буруттар биздин эзелки жообуз, эзелки душманыбыз. Шондон улам ит буруттар менен алака түзбөшүбүз керек. Жортуулга барып, ит буруттардын айылдарынын будуң-чаңын чыгарып, боз үйлөрүн кыйратып, кыз-келиндерин олжолоп, катын-калачтарын ыйлатып, малын айдап кетип турушубуз керек.
– Жортуулчунун башы жолдо каларын билбегендей болуп адыраңдайсың да.
– Ит буруттардын каны төгүлө берсин! Ит буруттардын баштары жолдо калмактан калсын! Ит буруттардын боз үйлөрү өрттөлө берсин! Сен аларды аябай эле койгун.
– Мен буруттарды аяган жокмун. Сага окшогондор буруттарга канчалык кордук көрсөтүшсө, алар бизди ошончолук жек көрүшөт. Анан каршылык көрсөтүшкөнүн күчөтө беришет. Мына ушуну сезгиң да, билгиң да келбейт. Шондуктан келжирегениңди койбой жатасың.
– Койбойм эле, – Кексе найзакер жинденип, ого бетер буркулдай баштады. – Бул жашоодо, бул турмушта байлык деген байлык! Күтүрөгөн сан жылкыны, тоо этегинде жайылган кой-эчкини, өрүш толгон бодо малды көрүп, казынадагы мол дүнүйөнү көрүп, байманасы ашып-ташыган падыша да, кан да, ноён да, зардал да, миң башы да, баатыр да азгырылбай койбойт.
– Ач көз ноёндой болгон макоо ай! Ичиңде кара кыл айланбайт го.
– Сенин эле ниетиң ак, дилиң таза.
– Эгерде биз тигиндей кылбасак, эртеби-кечпи, акыры буруттар кандуу жортуулдарды жасашат. Шондуктан аларды ушундайга жеткирбей, азыртан ынтымакта болууга көндүрүшүбүз керек.
– Ит буруттар менен эч качан ынтымакта болбойбуз. Биз аларды алсыратып коюшубуз керек. Ушинтсек, оңбогур буруттар баш көтөрө алышпай калышат.
Жылдыздуу жаш мергенге жүз башынын да, кексе найзакердин да айткандары жакпады. Шондон улам жини келгендей үтүрөйүп, экөөнү алдыртан карап койду. Жүз башы туймаксан болуп, аны карабай: – Ынтымак бар жерде, ырыс бар эмеспи. Биз ушуну сезбей кан төгүүнү, жер басып алууну көздөп жүрөбүз.
– Уруш деген уруш. Урушта кан төгүлөт, жоокер өлөт, он башы өлөт, жүз башы өлөт, жаачы өлөт. Шондуктан сен муңайба, ойго чөмүлбө. Эгерде дүнүйөм мол болсо, нөкөрлөрүм көп болсо, сакчыларым арбын болсо, жалчыларым малымды багып, отунчуларым отунумду алып, отумду жагып турса, мен сенин жаныңда турбайт элем. Айдай сулуу жаш аял алып, анын койнунда жыргап жатмакмын. Көңүлдөшүм да күндөй нурдуу болмок. – Кексе найзакер алаканы менен жаагын сылап койду.
Жаш мерген атынан түшүп, жаныбардын соорусунан сылап койду, маңдайынан өөп койду. Жүз башы шуу үшкүрүп, үн каткан жок.
– Жүз башы, – деди кексе найзакер ойлуу, – бу сен мени жаман көрбө. Эгерде байлык арстандын оозунда болсо, мен атып алаар элем. Эгерде байлык түпкүрдө болсо, мен казып алаар элем.
– Байлык дегениң колдун кириндей эле, бирде келет, бирде кетет. Непада жукса турат, жукпаса өзүнөн өзү эле жок болот.
– Аның да ырас, жүз башы. Менден кыйла кичүү болсоң да көптү билесиң. Бирок мага сенин ак жүрөктүгүң, мол дүнүйө топтоого жанталашпаганың жакпайт.
– Бул жерде тура бербейлик. Суук көздөргө көрүнүп кала элегибизде жылып жөнөйлүк.
Кексе найзакер башын чайкап, үн каткан жок.
– Буруттардын акылга дыйкан абышкалары «Көкө теңирдин кылганына кубарыңдын акысы жок» дешет экен. Ансыңарындай, экөөбүз ушундай болуп калганыбызга кейип-кепчий бербейлик. – Жүз башы ушинтти да, талдын бутагына байлаган чылбырды чечип, атына шып эте минди. Анан ой-санаасы алда кайда кеткен, сөзгө аралашпаган жаш мергенди ээрчитип, буруттардын кол башчысына, берендерине, эрендерине көрүнбөй жөнөй берди. Жаш мерген бир паста жеңилдене түшкөндөй болуп, кериле дем алды. Кексе найзакер наалып, өзүнчө итатайы тутулуп, атына минди. Бирок атын теминген жок. Жүз башы менен жаш мерген кылчайып, аны карап койбоду. Кексе найзакер наалыганын, туталанганын токтотуп, өзүнчө ой толгоп, тигилердин артынан атын бастырды. Кыязы калың бадалдын арасында кала бергиси, буруттардын колуна түшүп, кордук көрүп калгысы келбеди окшойт. Анткен менен ал өзү да, тигил экөө да күндөрдүн биринде буруттардын алп мүчөлүү кол башчысынан мерт болорун билген жок.