ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНУН
ПЛЕНУМУ
Бирдин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумда Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловдун отчету угулду.
А. Рыскулов Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген беш жыл ичиндеги адабий жаңылыктарды, жаш таланттардын келиши жана айрым жарык көргөн китептердин ийгиликтери, кемчиликтери жөнүндө кеп козгоду. Төрага өз арызы менен кызматтан бошоду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагалык кызматынын талапкерлигине жазуучулардын сунушу менен Тынчтыкбек Нурманбетов жана Нурланбек Калыбеков көрсөтүлдү. Жабык добуш менен төрагалык кызматка Нурланбек Калыбеков шайланды. Ошондой эле Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары болуп Керимбек Кадыракунов, Жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Жылдыз Акаева, басма сөз боюнча катчы Тилек Мураталиев, жаштар боюнча катчы Мирлан Самыйкожо дайындалышты.