ӨТКӨНДҮН ӨКСҮКТӨРҮ
Редакциядан: Бекташ Шамшиев бир нече жылдан бери кыргыз адабияты, журналистикасы, тил илими жана котормочулук багытта талыкпай эмгектенип келет. Ал бир нече илимий жана публицистикалык китептерди жарыялады.
Б. Шамшиев «Азаттык» радиосу аркылуу кыргыз руханий дүйнөсүнө, коомдук турмушуна өз салымдарын кошкон чыгаан эр-азаматтары жана алардын татаал тагдырлары жөнүндө даректүү баяндарды уктуруп келди.
«Ала-Тоо» журналынын редакциясы автордун уруксаты менен айрым очерктерин окурманга сунуш кылат.
КАЗЫБЕК КАЗАЛЧЫНЫН СТАЛИНГЕ КАЙРЫЛЫШЫ
Эчен ирет камалып, куугунтуктан башы чыкпаган Казыбек казалчынын адабий мурасынын окурман журтуна жетиши оголе оорго турган.
Ал арада заман алмашып, улуу акындын арман менен ызага толгон ырлары жыйналып, китеп болуп чыкты. Акындын өмүрү жалаң куугун-сүргүн, караңгы абактарда өтсө, чыгармаларынын ачыкка чыгышы андан да чоң тоскоолдуктарга туш келди.
«Кармалганым ар эмес»
Казыбек казалчы дагы бир маалыматта азандагы аты Күчүк 1901-жылы Ат-Башы районундагы Келтебек деген жайлоодо төрөлгөн. Анын атасы колунда бар, билим баркын билген, таасирдүү адам болгон.
Кийин Орунбордогу сүргүндөн кайтпай калган атасын угузганда Казыбек казалчы ал тууралуу калк алдында калыс кебин айткан, мечит салдырган, «калың черик көп журтту кадыры менен бийлеген» адам экенин атайын белгилеген.
Атасынын аркасы менен Казыбек казалчы да жашынан кат таанып, ичтен оргуган учкул сезимин кагазга түшүрүп, чыгармачылыкка кызыккан. 1929-жылы Мамбетимин алыскы Орунборго үй-бүлөсү менен сүргүнгө айдалган. Казыбек атасынын жалгыз уулу, Калдык деген эжеси бар экен. Ал сүргүндөн атасынан мурда бошоп, айылына келип, тууган жерден дагы бир опуртал ишке туш келет.
1931-жылы Орунбордон келсе Ат-Башыда белгилүү манап Абдылда Жаанбай уулу эл арасынан Кытайга кете тургандарды чогултуп, качып кетүүгө даярдык жүргүзө баштаган экен.
Советтик түрмөнү көрүп калган Казыбек казалчы четке кетчүлөргө кошулуп, Кытайга өтүп кетет. Ал жерде үч жылдай жүрүп, кайра тууган жерине кайтат. Бирок бул ирет чек арачылардын колуна түшүп, бир жыл түрмөдө жатып, 1935-жылы 10 жылга түрмөгө кесилип, Ташкендин жанындагы «Чирчик курулуш» абагына түшөт. Ошол жерде катуу ооруп 42 жашында каза табат. Сөөгү ошол жерге коюлган. Казыбек казалчынын эки уулу, бир кызы болгон.
Уулдары жаштайында жайрап, жалгыз кызы Кытайда каза болуп, иши кылып акындын жеке турмушу үстөкө-босток кайгы муң-зарга басылып, артынан калбаган куугунтук акыры өзүн алып тынган.
Казыбек казалчынын ырларында арман, кайгы-касирет көп айтылат. Кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүлдөр, 1916-жылкы Үркүн, кийин совет бийлиги келгенден кийинки токтолбогон «тап күрөшү» ансыз да тагдыры оор акынды биротоло мүңкүрөтүп, элин, анын ичинде өзү тарткан оор азаптарды ырга кошуудан башка аргасы калган эмес. Социализм трагедиясынын эң күчтүү акыны ушундай шартта жашаган. Жөн-жай турмуш кечирип келаткан Мамбетиминдин үй-бүлөсүн жаңы бийлик куугунтукка алышы, баарынан да калыс кебинен башка эч нерсеси жок атасынын абакка түшүп, алыска сүргүнгө айдалышы Казыбек казалчынын Сталинге кайрылып узун ыр жазышына алып келген.
Ушунча журттун баарысы,
Уксаңыз арзым кара эмес.
Кай бири бардыр карасы,
Калкыңыздын баары эмес.
Мен караландым агымдан,
Кармалганым ар эмес.
Кармалсам да кара деп,
Мен Советке каршы эмесмин.
Кайырлуу болор арты деп,
Кайгырып камды жебесмин.
Социалисттик жарышта,
Кызматын кылдык Кеңештин.
Канчалык камак берсең да,
Ката бир мунуң дебесмин.
Эми камак үй тартып жаш жанга,
Калыстык жардам өзүңдөн.
Кармалып калктан азганга,
Тартпаска менде чара жок.
Акын «Туран» деген партия Кыргызстанда дегеле болбогонун, ага карабастан канча кишилер «Түбү жок ишке кабылып, түрмөдө» башы шордоп жатканын, «Элдин ээси Сталин, этегин өзүң оңдогун» – деп өкүмдарга үмүт артып кайрылган. Ал ырга кандай жооп болгонун улуу акындын улам-улам түрмөгө түшүп, колунан кишен түшпөй, кыска өмүрү жалаң куугун-сүргүндө өткөнү көрсөтүп турат.
«Казыбек – Чирчикстрой»
Казыбек казалчынын өмүрү менен чыгармачылыгын иликтеп келаткан белгилүү акын Өмүрбек Дөлөев анын жеке турмушу тууралуу мына буларды айтты:
– Казыбек казалчынын кийинки аялы Зуура Нурманбетова Баетов айылында жашап, мен ал киши менен он жыл сүйлөшүп калдым. Арыз-арманын, көргөн азап-тозокторун, Казыбек тууралуу ой-пикирин угуп, жатка билген ырларын жаздым. Башында анча көңүлсүнбөй, айткысы келбей жүрдү. Көрсө, КГБдан, милициядан ар кандай кишилер келип тажатыптыр. Сурап, анан коркутуп киришчү экен, ошондон ал киши жалтак болуп калган экен. Анан акырындап көнүшүп, Казыбек менен бирге өмүр сүргөн жашоосун болгонун болгондой айтып берген. Аны мен жубайынын атынан китеп кылып жаздым, Казыбектин менин колумда болгон ырларын жарыяладым. Менде ар кайсы жерден топтолгон он чакты «жалпы дептер» ырлары бар эле. Мурда жарыяланган ырлары менен салыштырып да чыктым.
Казыбек Ак-Талаага жээн болуп калат. Атасы Мамбетимин түштүк тарапка каттаганда ак-талаалыктар менен жакшы карым-катыш болуп калып, кыргыздын каада-салты менен кудалашып, той кылып Зуура апаны Казыбекке алып берген. Казыбек Ак-Талаада көп жүргөн экен. Анан тополоң башталып, 1929-жылы сүрүлүп, Боогачы менен чогуу айдалган. Аялы аны менен кошо Орунборго чейин барат. Жолдо Боогачы: «Мен ырдабайм, ырды Казыбекке бердим» деген экен. Ошол Ат-Башыдан Бишкекке чейинки «түрмө казалдары» ошондо төгүлүптүр.
Орунбордо сүргүндө экенде кыргыздын мыктылары менен чогуу жүрүп калган. Айдалгандардын арасында таякеси Мусакожо да болгон, анын сөөгүн ошол жакка коюп, кийин Казыбек бошонуп келген. Эли-жерине кайтып келгенде Акин деген таякеси Казыбектин башын куттуктап ат тартууласа, көрө албастар айгак чыгып, кайра кестирип жиберишкен экен. Ошондо Нарындын түрмөсүндө ырлары жаралган. Андан бошонуп келгенден кийин Ат-Башыдагы Кулчун, Абдылда деген байлар Казыбекке: «Сени да жөн койбойт» – деп Кытай тарапка качууга азгырышкан. А кезде Казыбек элге таанылган акын болуп калган. Турган жеринде эле төккөн. Чек араны бузуп сыртка чыгып кетишип, четте туруп калып үч жылдан кийин кайтып келатканда Үзөңгү-Кууштан кармалып дагы соттолуп, Чирчикке алып кеткен. Ошол түрмөдө жатканда жазган ырлары, «Казыбек – Чирчикстрой» деген жерлери бар. Ошондо чогуу болгон кишилерден сурап, угуп калдым. Коюнунда дайыма ыр жазган дептери болчу дешет. Ал жерде катуу сабап коюшкан экен. Ошонун таасиринен улам ошол жерде каза болгон деген маалымат бар. Казыбек кытай тарапта жүргөндө атасы бошоп, бирок Ош тарап менен келмек болуп, Өзгөндө каза болгон деп айтышат. Атасынын өлгөнүн Кытайдан угуп, ошол жерде атасынын зыйнатын жасаптыр, атасы тууралуу узун казал ошол жерде жаралган.
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов репрессия эмне экенин жон териси менен сезген адам, кандуу капсалаң анын атасы – белгилүү ишмер Нурдин Серкебаевди жок кылган. Эрнис Турсунов көзү тирүүсүндө репрессия оболу кимдердин башына бүлүк салганын минтип белгилеген:
«Кеңеш өкмөтү орногонго чейин уезддик башчыда писарь, тилмеч, регистратор болуп иштегендин бардыгы болуштар, жасоолдор, урядниктер, приставдар, жер ченегичтер буржуазиянын өкүлү катары сүргүнгө айдалды, каршылык кылгандар атылды. Максүт, Талканбай, Кашымбек, Маралбай, Тынаалы, Батыркан, Телтай, Баракан, Күрөңкөй ажы, Чыңгыш ажы, Чоко, Чормон, Дүр, Самсаалы, Жангарач менен Байтиктин тукумдары, Садыр аке менен Кыдыр акенин тукумдары, Мураталы менен Сарыбайдын тукумдары, Чыныбай менен Шабдандын тукумдары Самүдүн, Мөкүштөр тентип, тербип жок болушту.
Казыбек Үркүндө да, сүргүндө да кыргыз жерин, кыргыз элин, кыргыз салтын, жайкалган жашыл төрүн, көгөргөн тунук көлдөрүн, шаркырап аккан сууларын, кыртыштуу кара-күрөң жерлерин, бетеге, тулаңдуу белдерин, ээн оттогон, эч кимден коркпогон эчки-теке, арка-кулжа, кайберендерин, илбээсин, кыраан куштарын булбулдай сайрап, торгойдой таңшып ырдаган».
Совет бийлиги үчүн бирөөнүн мүлкү, адам баласынын убал-сообу, калыстык деген жок болчу. Бирөөлөрдүн ыйы, адам чыдагыс азап-тозокко малынышы коммунизм идеясынын алдында шоона эшчү эмес. Бийик идеяга жамынып, пас иштерди жасаган көнүмүш болчу.
«Ит дүйнөгө алданып,
ишенип жүрдүк мал багып»
Большевиктердин бирөөлөрдүн байлыгына көз артып, тынч жашап келген калк арасына калайман салып, жарандык ажырымга кантип жол ачканын Казыбек казалчы туура баамдап, минтип жазган.
Санап туруп малды алып,
Салынуу сарай, тамды алып,
Ит дүйнөгө алданып,
Ишенип жүрдүк мал багып.
Оокат кылбай жан багып,
Ат токунуп минээрден,
Айбыкчы элек арданып.
Кайра несин көрөбүз
Кайта келсек айланып.
Туруп калсак жайланып,
Туз буюрса анда байланып,
Керектүү тууган сен болсоң,
Келерсиң бириң шайланып.
Кекенген душман калды го,
Кетти го деп айдалып.
Эр жеткенден тарта жалаң куугунтукка кабылып, басым-кысым алдында калган акындын ырларында тууган жерге болгон кусалык өзгөчө бир оор сезим менен жанар тоодой ичтен атылып чыгат.
Ат-Башынын кокту-колоту, ак кар баскан тоолорун, туйлап аккан сууларын эми түшүндө гана көрүп калганын, айласыз туткундун арманы саналып өтөт. Тууган жерден айласыз айдалгандар аябай эле көп экенин акын ырында өкүнүч менен эскерет.
Жумгалдан келди Жумабай,
Эсенбай, Калый, Мырзалар,
Эртели-кеч Алладан
Эсендик тилеп турсаңар.
Өзүбүздөн өткөн бар,
Эмгектеп тобо кылсаңар.
Курсанттык тилеп кудайдан,
Куткаргын деп, бу жайдан.
Аман кайтсак сапардан,
Арман калбас кыйладан.
Агайын шерик достордон,
Ажырап кимдер козголгон.
Ырсалы менен Калысты
Ылгап келген Кочкордон.
Совет бийлигинин күнөс жагын «күн нурлуу Сталиндик заманда гүлдөп-жыргап жашап» жаткандарды күн сайын ырга кошуп турган расмий акындардын артында, макталган коомдун жаап-жашырылган ачуу чындыгын минтип ачык ырдаган Казыбек казалчы, Абдырайым Шама, Багыш молдо сындуу акындар бар болчу.
Социализм тарыхый тактысынан жылмышып түшпөсө алардын аты аталмак деле эмес. Доордун көркөм баяны бир жактуу, курулай пафоско басырылган шаңдуу мактоолордун төө бастысында калмак. Кандуу жазалоонун азабын башынан кечирген канча таланттардын чыгармалары билинбей калып кетти.
Ийилээр чырпык сынбас деп,
Өчөшүп биздей адамга.
Өмүргө зыян кылбас деп,
Адам уулу дүйнөдө,
Ар нерседен кымбат деп
Эске алса кылар кайырды,
Экинчи кайра туубас деп
Өйдөтөн тилеп турабыз,
Өлүмгө жанды кыйбас деп
Ак жеринен күйгөндү,
Ар ким айтып даттанды.
Текшербеди тирбунал,
Тергөөдө жалган айтканды.
Айыпкер киши жыйырма эле,
Араңдан бирөө акталды.
Эчен жылдар катылып жатса да, сааты келген экен, Казыбек акындын ырлары 1990-жылдардан тарта аз-аздан жарыялана баштады. «Совет бийлигине каршы ок аткан, басмачыларга кошулуп кеткен» – деп таланттуу акынды айыптагандардын кеби суу кечпей, улуу акын акыры калкына кайрылып келди. Эми анын чыгармалары экинчи өмүрүн жашап, нукура талант өзүнө жол чаап, улут адабиятынын тарыхынан тиешелүү ордун таап аларын ырастоодо.
БАЙДЫ КОРБАШЫГА АЙЛАНТКАН ОКУЯ
Социализмдин «тап душманы» Айымбет уулу Тиллебайдын тагдыры өтө кайгылуу аяктаган. Ал уулу менен тоо арасында баш калкалап жүргөн жеринде НКВДга кызматташып кеткен жакын тууганынын колунан мерт болгон.
Анын эмгеги жана өмүр жолу тууралуу эгемендик заманда ачык айтууга шарт түзүлдү. Куугунтук курмандыктарынын бул чыгарылышы айтылуу Акмандан чыккан Айымбет уулу Тиллебайды эскерүүгө арналмакчы.
Кызылың болсо ороодо
Айымбет уулу Тиллебай Базар-Коргондун Акман айылында төрөлүп, ат жалын тартып мингенден тарта бийликке аралашып, саясий талаш-тартыштардын чордонунда жүргөн инсандардын бири. Атасы Айымбет динди бекем кармаган ажы киши болгон. Чоң атасы Абылгазы да таасири күчтүү, байлыгы жетиштүү Кокон кандыгынын тушундагы орчун окуялардын баарына күбө болгон, көбүнө активдүү катышкан адам экен. Кокон кандыгы бийлигин кылычтын мизи менен, баш көтөргөндүн башын ойлонбой алган, пенде баласынын өмүрүн тыйынга баалабаган катаал башкаруу болгону тарыхтан белгилүү.
Кандыктын ошол кылычынын мизинен кан тамган каар заманында деле бийликке каршы чыгып, улуттук намысын коргоп, башын канжыгага байлаган азаматтар болгон. Абылгазынын кан кудасы Шамырза датка менен Мамыр балбан мына ушул Акман айылынан чыгышкан. Кокон кандыгы, кийин орус колониялык бийлиги тушунда элинин таламын талашып, жаза катуу болорунан чочулабай каршылык көрсөткөндөр кийин жаңы совет бийлигинин келишпес душманына айланып чыга келишкен. Эчен жылдар чогултуп, көбөйтүп келген мал-мүлкү ортого алынып, өзү тап душманы катары четке сүрүлүп калганда кыйласы куралдуу каршылык көрсөтүүгө аттанышкан. Абылгазы менен Шамырза датканын небереси Тиллебай Айымбет уулунун совет бийлигинин душманы, социалдык жат элемент катары кодуланышынын жыйынтыгы ушуга алып келген. Опсуз көп мал-мүлккө ээ Тиллебай Кашкарга өтүп, ал жактан үй алып, каршыгып калган советтерден оолак болуунун камылгасына ошо кезде киришкен экен.
1925-жылы Тиллебайдын эгини жакшы болуп, кургакчылыктан башкалардын мээнети талаага кетип, азык-түлүк жагынан оор абал түзүлөт. Большевиктер бийлиги бул маселени Базар-Коргондо опоңой эле чечүүгө киришет. Атайын түзүлгөн отряд Тиллебай байдын орулуп, кызылданып капка салынган эгиндерин арабаларга жүктөтүп алып кетет. Жайды-жайлата мээнет кылган эгинин антип күч менен тартып алышына нааразы болгон Тиллебайдын уулу Аскар деген курч жигит кызыл отряддын артынан барып, эгиндерди кайтарып келет. Кыл мерген Аскардын он алты кызыл аскерди атып, тартылып бараткан эгинин арабасы менен айылга алып келиши элди таң калтырат да, чочутат. Абалдын жаман жагына оогонун көргөн Тиллебай тогуз араба эгинди ошол жердеги туугандарына таратып берип, түнү менен аялы, бала-чакасын алып тоого чыгып кетет.
Жаңы бийликке каршы чыкпай, жөн-жай тиричилиги менен жүргөн байдын он алты кызыл аскерди жок кылып, тартылып алган эгинин кайтарып алышы жаңы бийликке күтүлбөгөн сокку болду. НКВД үчүн өтө маанилүү тапшырма, совет бийлигине каршы чыккан басмачыны, байлыгын каткан байды кандай да болсо кармап келип, эл алдында эси-көөнүнөн кеткис жазалоо милдети коюлган. Милиция кызматкерлеринин ар кыл айла-амалдарды салып издөөсүнөн эч натыйжа чыкпай, Тиллебай менен уулу Аскардын дарек-дайыны табылбайт. Көрсө кексе бай сегиз жакын адамдары менен Казарман аркылуу Нарынга өтүп, андан Торугарт белин ашып жашыруун Кытайга өтүп кетиптир.
Качкан да Кудай дейт
Тууган жердин тузу тартканбы же Кашкардагы турмуштан тажаганбы, иши кылып, Тиллебай 1927-жылы кайра туулган жерине келет. Бирок кызылдардын ачык-тымызын издөөлөрү жүдөтүп, кайрадан тоо арасына кетүүгө аргасыз болгон. Тиллебай кичине кезинен диний билим алып, медреседе окуп, мусулмандыктын эреже-талаптарын бекем сактаган адам экен. Кыл мерген уулунун кызуулук менен жасаган иши үчүн кара башы минтип ойдо жок жерден опсуз мүшкүлгө кабылып, качкын турмуш кечирүүгө өтөт.
Анын иниси Төрөбай өлүү дүйнөнүн артынан куубаган топуктуу молдо болуп жашаган. Атасы Айымбет кулак курчун кандырчу санжыра, эл оозеки чыгармаларын мыкты билген сөзмөр, бийлик менен байлыкты эриш-аркак ала жүргөн кадырлуу адам, өзү минтип жаңы бийликтин казабына кабылып, бийик тоо арасындагы Кичизындан деген жерде жашырынып жүрөт. Анын өз заманындагы таасирдүү дегидей өмүр жолу минтип ээн тоодо, уламдан-улам күчөп бараткан жаңы бийликтин куугуну алдында өтүп жаткан.
А бирок тагдырына эмне салса адам ошону көтөрүүгө мажбур. Жаш кезинен бийликке аралашып, кандык, колониалдык башкаруунун кандайлыгын жакшы билген билимдүү бай адам социализм заманында минтип качкын, басмачы, корбашы деген атка илинип каларын ойлобосо деле керек. Атасына окшоп билимге умтулбай, байлык жыйнабай, ага караганда бийик тоо арасында аң уулап, мергендик кылууну баарынан жогору койгон уулу Аскардын кылган иши үчүн өзүн жооптуу эсептеп, Тиллебай бай Аскарды НКВД колуна салып бербей, аны менен качып-бозуп жүрбөйбү.
Аскар алдагыдай чалкеш маселелерди күч же мылтыктын жардамы менен чечүүнү туура көрчү. Кызыл аскерлерди алып келип жаңы бийликтин тогуз араба эгинин тартып алгандан Тиллебайдын жашоосу өтпөй калмак эмес. Ансыз деле мал-мүлкүнүн кыйласын ортого алып коюшкан болчу. Эми баары кеч болуп каршылашуу, өчөгүштүк тереңге кетип калган.
Жолдон өткөн жолоочуларды талап-тоногон тогуз каракчыны он алты жашында жок кылган Аскар атасынын тогуз араба эгинин унчукпай келип тартып алгандарды соо коёт беле?!
Алыскы тоо арасына бекинген Тиллебай менен Аскарды кармап келишке барган кызыл аскер, коопсуздук кызматкерлеринин жолу болбойт. Ээн тоо арасына жашынган Тиллебай корбашыны жок кылууга жөнөтүлгөн он төрт адам артка кайтпай калган. Бул иш улам созулуп, узара берсе бийликтин эл алдындагы кадыры кетип, жагдай татаалдашмак. Тогуз араба эгинден чыккан жаңжалдын тереңдеп кетиши партиянын Жалал-Абад обкомунун чоң жыйынында талкууланып, Тиллебай Айымбет уулун кандай да болсо кармоо боюнча атайын отряддар уюштурулган.
Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун Тиллебай Айымбет уулу тууралуу тарыхый баянында татаал окуялуу детектив таризиндеги бул жагдай кенен-кесир чагылдырылган.
1930-жылдын күзүндө Аскар Базар-Коргонго келип ок-дары алып кетет экен деген кабар НКВДга белгилүү болот. Атайын отряддын адамдары ал келчү жолду тосуп, аскерлерден качкан Аскар камыштын арасына кирип кетет. Ал жерге өздөрү кириштен чочулаган аскерлер пахта терип жүргөн айылдыктарды камышка айдап кирип, издөөгө буйрук беришет. Айылдашын саткысы келбеген кишилердин жардамы менен ал ирет да Аскар куугундан кутулуп кетет. Ачык кармашта багынбаган байды баласы менен колго түшүрө албасын билген коопсуздук кызматкерлери башка амал-аргаларга өтөт. Тиллебайдын жакын туугандарын камакка алып кыйнап, аларды атасы менен баласын таап келүүгө мажбурлай башташат. Кыйноолорду көтөрө албай Тиллебайдын тагасы Баатырбек камакта каза болуп, ошондон кийин Шамурзанын бала-чакасы жаңы бийликтен жаа бою качып калышат.
«Ушундай күндөрдүн биринде кызыл командир Моргайчус Акманга келип Шамырзанын небереси Дубананын жыйырма жаштагы уулу Мустапакулду, каза болгон Баатырбектин аталаш агасы Авазды, Калбектин уулу Козуну Базар-Коргонго алып кетишет. Үч күн камактан кийин Аваз менен Мустапакул Моргайчус менен Эргеш Алиевге Тиллебай менен Аскарды өлтүрүүгө убада беришет. Убаданын акысына ок-дары менен эки жаңы наган, эки беш атар жана эки ат алышат. Моргайчус кичинекей ак чүпүрөккө оролгон ак дарыны Тиллебайдын тамагына кошуп бересиңер деп Аваздын чөнтөгүнө салат. Мустапакулдан 14 жаш улуу Авазды башчы кылып дайындашат»,– деп жазат Шабданбай Абдыраманов.
Душман алыстан келбейт
1931-жылдын күзүндө «Тиллебай Кытайга өтүүгө камданып атыптыр» деген кабар коопсуздук кызматкерлерине жетет. Алардан тапшырма алган Мустапакул менен Аваз жолдон кошулган дагы койчу болушуп үчөө тоо арасында жашынып жүргөндөргө келишет. Аскар тагалары жөн-жай келбегенин айтып, атып саларын айтса, атасы: «Тага деген пир болот, жөн эле шекшип жатасың» – деп тигилерге тийгизбейт. Аскар тагаларынын колундагы нагандар жапжаңы, милициядан таяк жедик деген көздөрү тик карай албай жалтактап жатканын көрүп шек алып калган экен. Атасынын кебинен чыга албай жашынгандар түрк койчунун үйүнө келишет. Шорпо ичилгенден кийин Тиллебай менен Аскарды уйку басып, койчунун чатырында экөө Могайчус берген «ак дарыга» алдырышканда аңдыган үчөө ата-баланы жайлашат. Бул 1931-жылдын 13-августу эле. Чыккынчылык кылган таякелер Тиллебай менен Аскарды койчунун чатырында калтырып, түнү менен НКВДга келишип совет бийлигинин душмандары жок кылынганын кабарлашат.
Айылдагы туугандары жашырын келишип ата-баланы Кичизындан жайлоосунда курман болгон жеринде көмүшөт. 2006-жылы Тиллебайдын неберелери туугандары менен кеңешип чоң атасы менен абасынын сөөгүн айылына алып келип туугандарынын жанына коюшту, ашын беришти.
Тиллебайдын аялы күйөөсү чыккынчылардын колунан курман болгондон кийин төркүндөрүнө көчүп кетип, жалгыз уулун ошол жакта эр жеткирген. Тиллебай уулу Кочкор 1928-жылы төрөлүп, 1984-жылы каза болгон. Өмүр бою «басмачынын баласы», «корбашынын баласы», «совет бийлигинин душманы» катары ачык-тымызын кодулоого туш келген Кочкор аксакалдын атасы менен агасынын ээн тоодо жашырылган сөөктөрүн айылына алып келүүгө мүмкүндүгү жок болчу. Бирок ал жерге туугандары, жайлоого чыккан малчылар, билген адамдар токтоп, куран окуп, ата-баланы эскерип турушкан.
Эгемендик заманда совет бийлиги өзүнө кантип душман ашырып, аны кандай амал-арга менен жок кылганы ачык айтылып, неберелери чоң атасынын сөөгүн айылына алып келүүгө жол ачылды. Арадан 70 жыл ашуун убакыт өткөндөн кийин ата-баланын сөөгү айылындагы мүрзөгө коюлуп, эстелик орнотулду.
Тиллебай байдын небереси, журналист Нышанбек Кочкоровдун айтуусунда, ошол 1931-жылдын 13-августунда Кичизындан жайлоосунда өткөн канабайрамдан кийин кыйла жылдар Тиллебай корбашы тууралуу кеп болбой келди. Мына эми өткөнгө так баа берилип, совет бийлигине кимдер куралдуу каршылык көрсөтүп, эмнеликтен ал түштүк жергесинде катуу күчөгөнүн, анын себеп-натыйжаларын аныктап чыгуу милдети коюлууда.
Кокон кандыгы тушунда бийликке каршы чыккандарды кандай жаза күтөрү баарына дайын болчу. Орус колониялык бийлиги тушунда дарга асылбай же атылбай калгандар алыскы Шиберге сүргүнгө айдалчу. Совет бийлиги кезинде деле ушул жосун уланып, ортого «тап душманы», «бай-манап», «кулак» деген тикенектей тирмийген түшүнүктөр чыга келди. Байдын мал-мүлкүн тартып алып, өзүн алыскы Шиберге сүргүнгө айдап же жер котортуп, бала-чакасын эчен жылдар кодулап, пенде баласынын атам замандан келаткан түшүнүгүн жок кылып, жашоо ыңгайын түп-тамырынан өзгөртүүгө кызыкдар ал система да жүз жылга жетпей тарых тактысынан шыпырылды. Ар заманда эл камын ойлогон, жашоо-тиричилигине тың, өткүр, акылдуу адамдар журт башкарып, бийлик саясатын жүргүзгөн.
Ким билет, жайды-жайлата мээнет кылган эгинин совет бийлиги өкүмзордук менен тартып албаса Тиллебай бай деле ага ачык каршы чыкпай, ыгына көнүп, жакшы күнгө үмүт кылып жашай берет беле?!
Базар-коргондуктар Кокон кандыгы, орус колониялык бийлиги кезинде андан да катаал жазаларга күбө болушкан. Кан буйругун аткарбай, салыкты убагында жыйнай албады деп топ-тобу менен элеттик аткаминерлердин башын алып, аны жол боюна тизип коюу так ушул Базар-Коргондун сайынын жанында болгон.
Жарыбаган айыбы үчүн алыскы Шиберге сүргүнгө айдалгандардын муңканган арманы элдин эсинен чыкпай калган. Анан эле бай деп эгинин эч кандай суроо-сопкутсуз тартып алышса, ага макул болбогон дыйкандарды кызылала кылып токмоктошсо, даяр эгинин келе калып жүктөп алып кетишсе ушундай өкүмзор бийликти ким жакшы көрсүн?! Мындай жагдай совет заманында «аскердик коммунизм» күчөп турган шартта көп кездешчү. Өкүмзордукка дал өзүндөй өкүмзордук каршы коюлган. Тиллебай байды корбашыга айланткан, башында айласыз көнгөн бийликке ачык каршылык көрсөтүүгө алып келген окуянын чоо-жайы ушундай.
АЛЫМБЕК ДАТКАНЫН ТУКУМДАРЫ КАБЫЛГАН КЫСЫМ
Алымбек датканын неберелери Кадырбек Камчыбеков менен Жамшитбек Карабеков Кыргызстанда социализмдин орун-очок алышына жан аябай кызмат кылып, 1937-жылы атылып кеткен.
«Мен хан болдум таажысыз да, тактысыз»
Алымбек датканын алты уул, эки кызы болгон. Кокон хандыгындагы таасирдүү инсандын тагдыры кайгылуу аяктап, ордодогу тымызын бийлик талаштан ич ара ынтымагы жок дымактуу инсандар өмүр менен кош айтышкан.
Биринчи болуп миңбашы Нүзүптүн, андан соң кандай жерге келип отуруп калганын жакшы аңдай албаган Шералы хандын, артынан тоолук кыргыздар арасында таасири ченемсиз бийик Алымбек датканын башы кетип, ар кандай амал-айлага жакын Мусулманкул да бу канабайрамдан четте калбай, армандуу ажалга туш келген.
Батыш өлкөлөрү жапырт жаңы дүйнөнү басып алып, колония чегин кеңейтип атканда орто кылымдык караңгылыктын сормо сазында калган Кокон хандыгын орус бийлиги оңой эле жок кылып, ага караштуу элдер менен жерлерге катаал бийлигин орноткон. Аны да биринчилерден болуп Алымбек менен Курманжан датканын үй-бүлөсү жон териси менен сезген. Чек арадагы чатакка байланыштуу орус бийлиги Камчыбек менен Акбалбанды дарга аскан.
Алымбек датка Кокон хандыгындагы таасирдүү адам болгон, ал үч ирет бийликти алмаштыруу ишине катышып, башкы вазирлик даражага чейин жеткен. Төртүнчү аракети оңунан чыкпай, оор жазага тартылган. Анын отуз жылдык бийлик тарыхы тоолук элдин Кокон хандыгы менен мамилеси кандай болгонун кашкайтып көрсөтүп турат. Кийин бул милдет анын жары Курманжан даткага өткөн.
Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин ыр менен жазылган «Курманжан датка» романында «Мен хан болдум таажысыз да, тактысыз, Мен жан болдум бактылуу да, бактысыз» деген саптар бар.
«Сырттан куунап, ичтен куурап жүдөгөн» улуу инсандын жаңы бийликтеги орду чектелип, колониялык бийликтин катаал жазасы эң алгач Курманжан датканын үй-бүлөсүнөн башталган. Душманга багынгысы келбеген Абдылдабек Ооган жеринде каза болсо, «чек ара көзөмөлчүсүн жок кылды» деген күнөө менен 1895-жылдын 2-мартында Камчыбек Алымбеков менен Акбалбан Бакыбаев дарга асылган.
1898-жылкы Анжыян көтөрүлүшүнүн капшабынан Курманжан датканын Баатырбеги менен Мамытбеги, небереси Мырзапаяз – баары болуп ондон ашуун киши Сибирге сүргүнгө айдалган. Калгандары абакка камалган. Сибирге айдалгандардын арасында 12 жаштагы небереси Арстанбек, Мырзапаяз, ошо кезде Гүлчө болуштугун башкарып турган Мамытбек да бар болчу.
Мындай катаал жазага макул болбогон Курманжан датка арызданып жүрүп эки жылдан кийин балдарын сүргүндөн бошотууга жетишкен. Анткен менен бийликтеги таасирдүү адамдын үй-бүлөсүн баласынан чоңуна карабай катаал жазага кириптер кылуу Алымбек датканын укум-тукумунун эси-көөнүнөн кеткис кайгылуу окуя болгон.
Ошондуктан Курманжан датканын укум-тукумунун жаңы совет бийлигин жактыруу менен кабыл алышын, эки небереси Кадырбек менен Жамшитбек анын жайылышына аянбай кызмат кылышын түшүнсө болот.
Кадырбек Камчыбеков 1917-жылдан бери совет бийлигине кызмат кылып, алгач Гүлчө болуштугун жетектеп, кийин басмачылык кыймыл күчөп кеткенде ага каршы колуна курал алып күрөшкөн ыктыярдуу кыргыз милициясынын жетекчиси болгон.
Ал эми Жамшитбек Карабеков Казандагы университетти бүтүп келгенден кийин Оштун жанындагы Мады кыштагында орус-тузем мектебинде мугалим болуп иштеген. Билимдүү жаштардын кызматы керек болгондо жаңы бийлик аны «эл бийлеген датканын небереси, социалдык жат элементтин өкүлү» дебей жооптуу кызматтарга дайындаган.
Жамшитбек Ош үйөздүк билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп, жер-жерлерде жаңы мектеп ачуу, билим берүү системасын жайылтуу жаатында аянбай кызмат өтөгөн.
«Кызыл командирдин» трагедиясы
Кадырбек Камчыбеков 1919-жылы большевиктер партиясына мүчөлүккө өтүп, Орусия компартиясынын Ош үйөздүк комитетинин Гүлчө болуштугунун аткаруу бюросунун мүчөсү, Мады айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Кадырбек Камчыбеков совет бийлигине каршы чыккандар менен күрөшкө жыйырма жылдан ашуун өмүрүн арнаган. Ал Ош, Ноокат, Өзгөн тараптагы басмачыларга каршы күрөштө таанылган. 1920-жылы Түркстан фронтунун басмачыларга каршы эмгекчилер арасынан ыктыярдуу отряддарды түзүү жөнүндө буйругу чыккан. Кадырбек Камчыбековдун отряды ошол кезде түзүлүп, совет бийлигине каршы чыгып карапайым калктын үшүн алган басмачылык топторду жок кылууга катышкан. Эмгеги эске алынып, 1922-жылы күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Айтмакчы, мына ушул басмачылар менен күрөш жаңыдан башталып жаткан чакта Кадырбек Чырмыш Жусупбаев деген басмачылар отрядына колго түшүп калган. Ошондо баргы, тооке, сабай, какал урууларынын аксакалдары ортого түшүп, басмачыларга элден чогулган эки мүшөк акча алып барып берип, бошотуп чыгышканын изилдөөчүлөр белгилеп жүрүшөт.
Кадырбек Камчыбековдун өмүр жолу жалаң уруш-күрөш менен өткөн. Анын Мойдун бекти кантип колго түшүргөнү эл арасында кыйла жылдардан бери айтылып, аңыз кеп катары жайылып кеткен.
Мойдун бек бир топ жыл бою колго түшпөй, советтик активисттерди өлтүрүп, кыз-келиндерди кордоп, баарынын көкөйүнө көк таштай тийген кезде аны совет бийлиги менен жарашууга чакырышкан экен. Кызыл-Кыянын жанындагы бир кыштакта айтылуу корбашы кызылдардын жетекчиси менен кездешет. Эт бышып калган маалда кызылдар документ даярдамыш болуп бейкам отурган корбашыны кармашат. Анын зөөкүрдүгүнөн тажаганбы же капыс болгон ишке буямасы келбей калганбы, иши кылып корбашынын жан жигиттери каршылык көрсөтүшпөптүр. Мойдун бекти кандай да болсо жок кылуу жөнүндө тапшырма 1922-жылы Түркстан фронтунун атайын буйругунда белгиленген. Айтылуу корбашыны Кадырбек колго түшүргөн.
Анын Калкожо паңсаттын колун кантип жок кылганы да айтып отурса узун кеп. Түрмөдөн качып кеткен Калкожо паңсат Мадаминбектин колуна кошулуп, көптөгөн бүлгүнчүлүк иштерди кылган. Кадырбектин ыктыярдуу милициясы Алайдын Бий-Мулла деген жайлоосунда Юлдаш палвандын басмачыларын жок кылган. Басмачылар менен күрөш 1927-жылга чейин созулган. Алардын негизгилери жок кылынып, кийинки жашоо-турмуш тынч нукта уланышы керек эле. Бирок да Кыргызстандын түштүгүндө совет бийлигинин орношу минтип куралдуу каршылыкка туш келгенде жанын аябай күрөшкөн Алымбек датканын укум-тукумунун асманында да кара булут айланып, «тап душмандарын» кодулоо, сүргүнгө айдоо, жер оодарып ийүү, улутчулдарды, революция душмандарын издөө аракети күчөй баштаган.
«1929-жылы кулактарды тап катары жоюу саясатын жүзөгө ашырып жатканда, «чоң атаң менен чоң энең даткалар болушкан экен, сен биздин тап душманыбыз экенсиң» деп камакка алып, анан атып жок кылышкан… 1955-жылы гана «ал ак жерден сталиндик репрессияга дуушар болгон экен» деп актап, бала-чакаларына компенсация төлөшкөн. Мына, тагдырдын шылдыңы… большевиктердин «акыйкаты», – деп жазган Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов «Алымбек датка» деген тарыхый баянында.
Кокон кандыгынын тушунда бийликтин эң бийик тепкичине – вазирликке чейин көтөрүлгөн Алымбек датка 63 жашында капыс өлүмгө туш келген. Чыгыштык жексур режим жок кылынганы менен, анын ордун баскан Орусиянын колониялык бийлигинин кандуу кылычы Алымбек датканын урпактарынан кетпей асылып, сүргүнгө айдалып, куугун-сүргүндөн кутулушкан эмес.
Жамы журттун максат-мүдөөсүн баарынан жогору койгон кадырлуу датканын балдары 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшүнүн капшабы менен Сибирге сүргүнгө айдалып, абакка отургузулган. Бирок куугун-сүргүндүн, басым-кысымдын эң ооруна Алымбек датканын урпактары совет бийлиги кезинде туш келишти.
«Баш көтөргөндүн баарын жок кылышты»
Жаңы бийликке айтылуу династиянын бир тобу чын дилден кызмат кылган, кийин алар репрессияга кабылып, «Алымбек датканын урпагымын» деп ачык айта албай, дайым басым-кысымдын, кодулоонун алдында жүрүштү. Баарынан да совет бийлигин коргош үчүн колуна курал алып, басмачыларга каршы күрөшкөн кызыл командир Кадырбек Камчыбеков менен билим берүү тармагына опол тоодой эмгек кылган Жамшитбек Карабековдун социалдык жат элементтер катары атылып кетишин айтпайсызбы!
Карапайым калктын таламын баарынан бийик койгон нукура мамлекетчил династиянын үч доор, айырмалуу саясий системанын тушунда кез келген кыйынчылыгы, азап-тозоктору көп айтылып, арбын жазылгандай таасир калтырары бышык. Мурда Алымбек датканын урпактары тууралуу айтуу мүмкүн болбосо, азыркы кезде карама-каршылыктуу доордогу катаал окуяларды билгендердин катары суюлуп баратат. Сталиндик репрессия тууралуу маалыматтар деле аз.
Белгилүү санжырачы Сыргак Сооронкулов көп жыл бою Алай жергесинде иштеп, Алымбек датканын айрым урпактары менен ынак мамиледе болуп, эл арасында айтылып келаткан тарыхый кеп-сөздү жакшы билет.
«Подполковник болуп жүргөн, Мойдундан атасынын өчүн алды. Мойдунду кармаганы аябай кызык. Мен Мойдун менен жанаша отуруп кандай кылып кармашканын уккам. Бапа деген алайлык киши эле, ошол киши жанында болгон. Кадырбекти күнөөсү жок эле кармап жок кылып коюшпадыбы. Уругунун бардыгын жок кылышкан. Камчыбектин балдарын жок кылышты. Абдылдабектин балдарын куугунтукташып, андан анча-мынча эле калды. Калгандарынын баарын алып кетишти. Баатырбектин балдарын да алып кетип жок кылышты. Аз эле калды. Баш көтөргөндүн баарын камап коюшту. Абдылдабектен балдар калды», – дейт Сыргак Сооронкулов.
Алымбек датканын демилгеси, каржысы менен Ошто «Ак медресе» деген Чыгыш архитектурасындагы мыкты имарат салынган. ХХ кылымда большевиктер заманында мына ошол тарыхый эстелик жок кылынган. Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов Ак медресени калыбына келтирүү тууралуу өтүнүчүн үнү жеткен жердин баарына айтып, колу жеткен жердин баарына жазып жүрүп бу жалгандан өтүп кетти. Улуу жазуучу Алымбек датка тууралуу тарыхый баянында анын кандай иштерди жасап, алдына койгон милдеттерин кантип жүзөгө ашырганын кенен-кесир баяндап берген.
Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев ыр менен жазган «Курманжан датка» романын окурмандарга тартуулады. Белгилүү режиссер Садык Шер-Нияз «Курманжан датка» фильмин тартты.
Айтылуу династиянын мүчөлөрүнүн башына түшкөн мүшкүл, алардын тагдыры кыргыз элинин Кокон кандыгындагы, орус колониясындагы, совет мезгилиндеги карама-каршылыктуу тарыхы менен үндөш. Кийинки эки кылымдагы кыргыз тарыхы Алымбек датканын урпактарында жашап, мезгилдин эн белгисин өзүндө камтып турат. Аны азыркы мезгил бийиктигинен туруп көркөм ачып, аңдап алуу кийинки муундун милдети.
«БОШКО КЕТКЕН ӨМҮРГӨ БООРУМ АЧЫП КҮЙӨМҮН»
Бөрүбай Кененсариев (Кененсарин) – алгачкы муундагы кыргыз акындарынын бири. Анын ата-теги совет бийлигине жакпай, абагына түшүп, басым-кысымдан тажаганда чыгармачылык ишин таштап, жөн-жай турмуш кечирүүгө өткөн. Ошентип таланттуу кыргыз акындарынын бири көркөм чыгармачылыктан четтеген.
Бөрүнүн эмгеги
Эл бийлеген манаптын тукуму болгону менен Бөрүбай Кененсариев совет бийлигин жактыруу менен тосуп алган, жаңы коомдун жакшылыгы элге тегиз тиерине ишенген. Ошон үчүн ал:
Кыйын ишке ириштим,
Кыйын да болсо кириштим.
Эмгеги деп Бөрүнүн,
Эмгекчи элим билишсин, – деп жазган.
Ыр анын жан дүйнөсүнө жакын, ичте оргуган ойду туюндуруунун ыктуу формасы болгон. Ошол 1920-жылдары эле Бөрүбай Кененсариев кыргыз коомун ичтен ириткен социалдык илдетти – паракорлукту сынга алып, «колунда чанач, толтура кагаз, элден келсе, билгизбей берсе, чын-жалганга карабас» коркунучтуу көрүнүш экенин көрсөтө алган. Кыйын-кыстоо болсо да элиме кызмат кылсам деген тилегин акын көпчүлүк чыгармаларында жарыя кылган.
Башында чыгармачылыкка толук дегидей эркиндик берилип, бара-бара саясий кысым, цензура күчөй баштаган. 1930-жылдары жөнөкөй саптардан деле идеялык ката издөө арбыган. Тап күрөшү көркөм чыгармачылыкка да жайылган. Анын залакасын биринчилерден болуп Бөрүбай Кененсариев тарткан. 1920-жылдары ырларды көп жазган, ал кыргыздын туңгуч гезити «Эркин-Тоонун» жигердүү авторлорунун бири болчу.
Акындын чыгармачылыкка жөндөм-шыгы бала кезинен ойгонуп, катарлаштарына караганда эртерээк билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бала кезинде эле татарча, түркчө, өзбекче гезит-журнал, китептерди окууга жарап калган. Көркөм шык-жөндөмү аны диний билимге чектебей, адабий чыгармачылыкка алып келген. Алгачкы муун кыргыз акын-жазуучуларынын уясына айланып кеткен «Эркин-Тоо» гезити ал кезде эркин, маданий-агартуучулук багытка ыктаган басылма болчу. Замандаштарынын айтуусунда, Бөрүбай Кененсариевдин жазгандарынан идеялык ката издөө Пишпектеги педагогикалык техникумда окуп жүргөн кезинде, окуу жайынын алдында уюшулган айтылуу «Кызыл учкун» адабий ийриминен башталган. Анын манаптын тукуму экендиги, «Боло албайм» ыры саясий жагынан ката экени ушул жерде айгинеленген, ыкластуу жаш акын ийримден чыгарылган. Манаптын тукумунан болуп калганы адабиятка чындап берилген жаш акындын тагдыр жолундагы чоң тоскоолуна айланган. Анын жазгандарынан кадалып саясий ката издегендердин негизги жүйөсү мына ушул жагдайга байланышкан эле. Бөрүбай Кененсариевди жакшы билген замандашы, педагогикалык техникумда чогуу окуган курбусу Зияш Бектеновдун айтканына караганда, ал өзү «солто уруусунун ичиндеги чоң манаптын тукуму» экен.
«Анын бир тууган агасы Жантай революциянын алдында солто уруусун бийлеп турган чоң манаптардын бири. Бөрүнүн алган аялы жумгалдык ири манап Мырзабектин кызы болгон», – дечү Зияш агай.
Бөрүбай Кененсариев 1896-жылы Сары Өзөн Чүйдүн Сокулук аймагындагы Саз деген айылда төрөлгөн. Кийин өзүнүн «Кыскача өмүр баяным» деген чыгармасында ал кантип жана кандайча сабаты ачылганын, атасы Кененсары баласынын эртелеп билим алышына шарт түзгөнүн, сабаты Шабдан Жантаев Уфадан чакырып алган молдодон, Токмоктогу Закир молдодон ачылганын, молдолордон алган билими менен эле Курандын маани-жайын чечмелөөгө жарап калганын эскерген жайы бар. Эртелеп билим алып, атасы алдырткан гезит-журналдарды окуп, атасы каза болгондон кийин бир тууган агасы Жантайдын китептерин, гезит-журналдарын окуп, өз учурунун кыйла эле билимдүү адамдарынын бири болуп калган.
Манаптан чыккан таланттуу акын
Токтолбогон басым-кысымдан, эзүүчү таптын өкүлү катары жектөөдөн тажаган жаш акын кийинчерээк чыгармачылыктан четтеп кеткен. Ошондон улам анын жазгандары 1927-жылы Москвадан чыккан «Кызыл гүл» китебине кирген 19 ырынан тышкары өзүнчө китеп шекилинде деле чыккан эмес, автордун аты көп жылдар бою аталбай унутта калып келген. Мына ушул жагдайга ичи чыкпаган Зияш Бектенов кыргыз акындарынын ичинен «өтө көркөм жана кооз ырларды көп жазган» автор унутта калып кетеби деп, замандаштары тууралуу эскерүүсүндө өкүнүч менен белгилеген.
«Кызыл гүлдөгү» «Боло албайм» деген ыры үчүн Кененсариевге саясий айып тагылып, адабий ийримден эле чыгарылбай, партиялык катаал сынга туш келген. Бөрүбайдын «Кызыл гүл» жыйнагындагы ырлары, Касым Тыныстановдун Москвадан чыккан айтылуу «Касым ырларынын жыйнагы», Сыдык Карачевдин «Эрксиз күндөр» повести, Касымалы Баялиновдун «Ажар» аңгемеси менен ырларында «контрреволюциячыл улутчул бай-манаптык идеология бар» экендиги айтылып, ВКП(б) Кыргыз обкомунун 1932-жылы 7-марттагы отурумунда катуу сынга алынган. Андай сындын арты кандай болору ал кезде элдин баарына дайын болчу. «Эл душманын» ашкерелөө, кой терисин жамынган «манап тукумун» ачыкка чыгаруу айрымдар үчүн эң маанилүү ишке айланып калган эле. Айтса, «бай-манап, бий-болуштун тукуму» деген жаалы катуу айыпка ал кезде кыргыз интеллигенциясынын көбү туш келген. Жаңы заманды жан дили менен тосуп алып, ага аянбай кызмат кылгандардын эмгеги, эли үчүн жасаган аракети мындайда түккө арзыбай заматтын ичинде контрреволюциячыл-улутчул, кайсы бир партия мүчөсү же «эл душманы» болуп чыга келген. Бөрүбай Кененсариевдин этияттанып жер которуп, борбордон алысыраак болушунун себеп-жагдайы ушундай эле.
Жакындап келаткан куугунтуктан алыс болуш аргасын издеп акын Нарын жакка оогон. Анан 1933-жылы Кыргыз обкомунун колдоосу менен пролетар акын Аалы Токомбаевдин акындык чыгармачылыгынын он жылдыгы белгиленген. Мына ушул маданий турмуштагы маанилүү датага карата пролетар акындын тарапкерлери, санаалаштары мактоо ырларын жарыялашкан. Аалы Токомбаевдин каршылашы Касым Тыныстанов да атаандашына куттуктоо жиберген. Ал эми анын тилектештеринин бири Бөрүбай Кененсариев кандай да болсо саясий куугундан кутулуп каламбы деген илгери үмүткө алданып, Балка акынга арнап Владимир Маяковскийдин стилинде саптарды сындырып, узун кулач ыр жазган.
Касым Тыныстановдун тарапкери катары эсептелген акындардын текши баары ал кезде башын ийип экинчи тарапка өтүүгө же чыгармачылыгын токтотуп, адабият жүгүн дымактуу калемдештерине таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бөрүбай Кененсариев чыгармачылыгын өзүнөн кыйла кийин баштап, бирок бийликтин сүймөнчүгүнө айланган кесиптешин аргасыздан мактоого алышын мына ушундай субъективдүү себептерге байланыштуу гана түшүндүрүүгө болот. Айла жок ушундай аракети менен репрессиянын жаалы катуу чалгысынан аман калуунун аргасын издеген. Аалы Токомбаевге арналган ырында жаңы адабият милдетин Бөрүбай Кененсариев мындайча түшүндүргөн:
Калеми ок,
Сөзү жебе.
Тап душманды,
Жеңе-жеңе
Эмгекчинин
Болот деп бир арстаны,
Байкаган жок,
Анда эч ким,
Эмгекчинин
Булбулун –
Тап мүдөөсүн
Талыкпастан сайроочу.
Бул Бөрүбай Кененсариевдин каламдаштарына арналган биринчи жана акыркы чыгармасы болуш керек. «Тап күрөшүнүн талыкпас сайроочусу» атыккан Аалы Токомбаев ал кезде саясий маселеге такап, улут адабиятын коммунисттик идеологиялык куралга айлантууга опсуз эмгек өтөп, ошонусу менен башкалардан бийик да, ыйык да болуп, ал эми андан мурда, кийин чыккан бир топ таланттардын аттары аталбай, алардын кыргыз совет адабиятындагы бары-жогу билинбей, кыйла жылдар бою кыргыз совет адабиятынын тарыхы саналуу акын-жазуучулардын саналуу гана чыгармаларынын айланасында сыпатталып келди. Бөрүбай Кененсариев катаал сынга кабылбай, манап тукумунан экени эскерилбей, чыныгы чыгармачылыкка шарт түзүлүп, калемгерлер арасында саясий атаандаштык эмес, эстетикалык баалуулук алдыга коюлса, акындык таланты бар көркү менен баркырап ачыларында шек жок эле.
«Бир кезде Бөрүбай Кененсариев «Эркин-Тоо» гезитинин бетине маани жагынан туруктуу, таланттуу, көркөм ырларды көп жазып жүрүп, кийинчерээк күчөп турган тап күрөшүнүн мезгилинде адабият майданынан негизсиз сүрүлүп калган. Бул авторду кеңирээк изилдесе болот эле, анткени кыргыз совет адабиятынын тарыхын жазуу үчүн да өтө керек», – деп белгилеген Зияш Бектенов.
Аткарылбай калган тилек
1927–28-жылдары Кыргызстандын түндүгүнөн 13 манап алыска Оролго сүргүнгө айдалган. Алардын арасында Бөрүбай Кененсариевдин жакын адамдары да болгон. «Бир тууган агасы Жантай менен кайнатасы Мырзабек Оролго айдалганына байланыштуу Бөрүбай Кененсариев 1928-жылы ГПУнун подвалында сегиз-тогуз ай камалып жатып, «Тобурчак» аттуу бир пьеса жазып чыккан эле. Бөрүнүн ал пьесасы үч-төрт жыл кыргыз драмтеатрынын сахнасына коюлуп жүрдү. Ал ошол кездеги курчуган тап күрөшүнө арналып жазылган мыкты пьеса болучу…
1930-жылдын башында, тап күрөшү курчуп турган кезинде:
Болбойт менин тилегим,
Болбосун анык билемин.
Бошко кеткен өмүргө
Боорум ачып күйөмүн,
Деги эчтеке боло албайм, –
деп, «Бөрүбай Совет заманынан үмүтүн такыр үзүп жатат» деген кине менен жазуучулардын «Кызыл учкунунан» чыгып калган эле.
Ошондон кийин Бөрүбай ыр, аңгеме, жанытма, чалкан жазганын токтоткон да, котормочулук кесипке өткөн болчу», – деп Зияш Бектенов эскерүүсүндө жазган.
Замандаштарынын айтымында, Бөрүбай Кененсариев орусча мыкты билген, терең билимдүү, көркөм адабиятты сүйгөн адам болгон. Оригинал чыгармачылыктан четтегенден кийин ал «Кызыл Кыргызстан» гезитинде, кийинчерээк эс алууга чыкканча Кыргыз телеграф агенттигинде котормочу болуп иштеген. 1964-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) каза болгон.
Бөрүбай Кененсариев өзү билген, өзү айныксыз ишенген нерсе тууралуу оюн жашырбай ачык айткан. Улут деген бийик атка жамынып, жооптуу кызматты жакшы аткарыштын ордуна салтанат-шаңга көңүл буруп, жашоо-турмушун шапар тебүүгө арнап койгон айрым ишмерлерди акын «Кыргыз азаматтарына!» деген ырында катуу сынга алган. Жооптуу кызматты жыргалга, шайыр-шатманга алмаштырып ийген аткаминерлер социализм заманында деле көп болчу. Тебетейди шапкеге алмаштырган менен эле адам баласы өзгөрүп, мойнуна «маданият ычкырын» – галстукту тагып алса эле пенде баласы акылдуу болуп кетпейт экен. Мажилисте өзүн башкалардан бийик койсо эле ал улуттук маанидеги ишмер болуп калбайт тура. Андай кекирейген аткаминер эч качан «эл кайгысын» эстебейт, аны түшүнө да албайт. Тилекке каршы, кызматтык милдетин унуткан ушундайлар көбүнчө жамы журтка камкор, көпчүлүктүн көөнүнө толгон, улутуна кызмат кылган азамат катары көрүнгүсү келишет, кызматында чалкалап, сөөлөт күтүп, ой-санаасын күнүмдүк жыргал гана ээлеп калат. 1930-жылдары мыктылардын ордуна капыс келип калган кокуйлар заман баатырлары болуп калган. Андайларды Бөрүбай Кененсариев бир эсе өкүнүч, экинчи жагынан шылдың менен белгилеген. Оюнда таң-тамашадан, ичкиликтен, кыз-келиндерден башка эч нерсе жок амалпараздардын ал кезде иши жүрүшүп турган. Улут деп күйгөндөр четтен камалып, жок кылынып, бийликти ушундайлар ээлей баштаган. Акын бекеринен «эл кайгысы» деп баса белгилеп аткан жери жок. Ал мансапкорлорду ойлонтпойт, баш көтөргөндүн баарын жок кылып, кызматына чиренген кокуйлар «эл душмандарынын» ордуна кызматтарды ээлеп, күндүк өмүрүнүн түштүгүнө жорго минүү жоругуна жол ачылган болчу.
МОЛДО БАГЫШТЫН ЧАҢ БАСКАН МУРАСЫ
Жазгыч акын Молдо Багыштын тагдыры совет бийлиги тушунда оорлошкон, бир топ жылы абакта өткөн.
Акын совет заманынын адатта ачык айтылбаган экинчи жагын – миллиондогон адамдардын азап-шоруна айланган абак турмушун көргөн. Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин унутулган адабияттын таланттуу өкүлүнүн сакталып калган айрым чыгармалары жарыялана баштады.
Кайнаганын кастыгы
Молдо Багыш Сарыбай уулу 1888-жылы Аксынын Авлетим айылында туулган. Өчөшкөнсүп төрөлгөндөн үч ай өтпөй энесинен, үч жылдан кийин атасынан ажырап, туугандарынын колунда чоңойгон.
Анткен менен каргадай кезинде катаал тагдырга туш келишинин эсесине табият ага ченебеген акындык талант, эртелеп билим алуу шыбагасын буйруган экен. Айтылуу Молдо Асандын үйүндө жүрүп сабатын ачып, арабча кат таанып, чыгармаларын кагазга түшүрө баштаган. Аксыда ал кезде дагы бир жазгыч акын Жеңижок – Өтө акындын даңкы чыгып турган. Молдо Багыш Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, казактын айтылуу акыны Жамбыл менен айтышып, эл арасында аттын кашкасындай таанымал акындардын бири болгон. Совет бийлиги бекем орун-очок алып, эл арасын бай-манап, жарды-жалчы деп экиге бөлүп, тап душмандарын катуу кысмакка алып турган 1930-жылдары камакка алынып, сүргүнгө айдалган. 1937-жылы Аксыдагы Кичи-Акжол айылында каза болгон. Сүргүнгө айдалып, абакка салынган акындын чыгармалары совет бийлигинин тушунда жарыкка чыкпай, атын атоого тыюу салынган. Бул иш совет бийлиги тарых тактысынан шыпырылып түшкөнчө уланды.
1998-жылы Молдо Багыштын «Абак дептери» өзүнчө китеп болуп чыккан. Китептин түзүүчүсү, айтылуу илимпоз Омор Соороновдун айтымында:
«Молдо Багыш чоң ырчы, жазма акындардын алдыңкы өкүлдөрү Молдо Кылыч, Молдо Нияздар сындуу улуу акындардын катарында турчу чоң акын. Өз убагында элге жетпей, кийин китептери таралбай калгандыктан билинбей калган. Мага анын кол жазмаларын Малабек деген жээни Баяс Турал экөө алып келишкен. Ошону көчүрүп, китеп кылып чыгарганбыз. Тагдыры аябай оор, эки аялы каза болуп калган экен. Анан өзү сүйүп алган аялынын агасы карындашын башка бирөөгө бермек болуп жүргөн окшойт. Ал карындашы Молдо Багышка тийип кеткенден кийин күйөө баласынын артынан түшүп: «Басмачыларга ок-дары, мылтык сатып берип атат» – деп Молдо Багышты түрмөгө отургуздурган экен. Түрмөдө жүрүп жазганы араб тамгасындагы чоң дептер экен, ошону алып келишти. Ошол дептерде аялы экөө айтышып жазган казалдары, аялына жазган каттары бар. Түрмөгө түшүп адилетсиздикке туш келгенин, туугандарынын жамандыгын, дагы башка арманын жазган. Мына жакында мамлекеттик тил боюнча чыгып аткан китептердин арасында Молдо Багыштын китеби да чыкты. Ниязалы молдо, Өмөр молдо, Молдо Багыш – ушулардын чыгармалары биригип, бир том болуп чыкты. Китептин нускасы аз, «чыкты» деген аты болуп калды. Мага китептин бири тийген. Молдо Багыштын китебин даярдап жатканыбызда ага тиешеси жок айтыштар, башка тексттер да кирип кеткен экен. Алардын бир тобун алып таштагам. Мына кийинкиси былтыр чыкты, ушул элге жетсе жакшы болмок, жетпей атат».
«Бир кезеги келгенде, кимдер бийлик кылбаган?»
Молдо Багыш ойчул акын катары заман, доор, жашоо-турмуш, анан албетте, башкаруучу бийлик жайында ой жүгүрткөн. Өтөр-кетер дүйнөнү, анын так ортосундагы пенде баласын курчап турган көрүнүштөр менен кубулуштарды, коом түзүлүшүн, бийлик табиятын акын кандай түшүнгөн?
Бир кезеги келгенде,
Кимдер бийлик кылбаган?
Доорду сүрүп жыргаган.
Бир кезеги келгенде,
Мурастаган бийлик жок.
Басып алган байлык жок,
Кайра баштан куураган!
Акын бийликтин адам акылына тийгизчү таасирине кызыгып, чоң жоопкерчиликти ким кандай түшүнөрүн элдик түшүнүк, көз караштан чыгып баалаган. Совет бийлиги кыргыз жергесине бекем таканчык ала элегинде мурдагы аткаминерлердин кызматынан пайдаланып, бирок кийинчерээк аларды коомдук иштен биротоло четтетип, жат элемент деп эсептеп, тап душманы, эл душманы катары жок кылган. Бийлик жоопкерчилиги жарды-жалчы, кедей-кембагалдардын энчисине тийген. Жогортон түшкөн буйрукту эч кыйшаюусуз аткарган, борбордоштурулган бийликтин айныксыз аткаруучулары ошондо чыккан. Аны акын мындайча сүрөттөгөн:
Байлык, бийлик дегениң
Акылсызды көптүрөт,
Албууттантып сөктүрөт.
Абийирин антип төктүрөт,
Акыры түбү чөктүрөт.
Мунун каршысында турган азчылык, жооптуу кызматка татыктуу инсан кандай болушу керек? Акын ошол сейрек талантка эгедер инсанды тарых менен тагдырында эмнелер күтөрүн так, конкрет сүрөттөйт.
Акылдууга келгенде,
Акылдууну көптүрбөйт,
Албууттантып сөктүрбөйт,
Акыры түбү чөктүрбөйт.
Ишинде болбойт чатагы,
Изинде калат атагы.
ХХ кылым кыргыз элине жалаң Үркүн алааматын гана алып келбестен, жаңы турмушка жол ачкан. Жаңы турмуш көчмөн кыргыз элине оголе оорго турары, жаңы заман башталып-башталбай улуттун катары суйдаң интеллигенциясынын көбү атылып, сүргүнгө айдалып жок болору, калганын Улуу Ата Мекендик согуш жайпап кетери кылым башында кимдин оюна келиптир?!
«Кайгысыздын карды ток»
Молдо Багыш кедей калкына кенен мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, «кедеймин» деп башты жерге салып үңкүйбөстөн караңгылык кермесинен чыгып, окуу аркылуу жарык турмушка жетүүнү табыштаган. Билим алып, илимге аралашкан калк гана караңгылыктан кутулуп, жарык заманга жетерин ырастаган. А бирок өзгөчө үмүт арткан Кеңеш бийлигинин өкүмү күчөп, элдин турмушу начарлагандын үстүнө начарлап баратканы Молдо Багыштын көңүлүн кайт кылган.
«Карга өлсө кайгы жок,
Кайгысыздын карды ток,
Кайгысыз пенде калган жок» –
деп Кеңеш бийлиги алып келген армандарды айта берсе артынан чуурулуп кептер чыга берерин өкүнүч менен белгилеген. «Кеңештүү журттан түңүлүп, Азапты мындай тарткан жок» – деп, макталган коомдун жашоосу улам татаалдашып баратканын ачык айткан. Негизи эле совет мезгилинин карапайым калк үчүн экономикалык эркиндик мезгили «жаңы экономикалык саясат» кези болчу. Андан кийин жалаң зордук-зомбулук, куугун-сүргүн бирде басаңдап, бирде күчөп, системаны аягына чейин коштоп келди. Молдо Багыштын реалдуу абалды ташка тамга баскандай так чагылдырган канаттуу саптары эл арасында калып, аңыз кылып айтылган.
Молдо Багыштын жердеши белгилүү акын, илимпоз Баяс Туралдын ырасташынча, айылда анын ырларын билген кишилер көп болчу.
«Изилденип, китептери чыкканга чейин эле биз бала кезде Молдо Багыш деген чоң акын өткөнүн айылда укчубуз. Өзү малчы, кошуна Ороз деген абам бар эле. Ошол киши кез-кезде Молдо Багыштын чыгармаларынан үзүндүлөрдү айтып калчу. Атын укканыбыз менен өзүн билчү эмеспиз. Анткени ал кезде молдолордун чыгармаларын окутуп, жайылтканга заман каршы болчу. Ошентип чоңойдук, кийин депутат болуп менин досум Малабек Токтоболот анын чыгармаларын издей баштады. Малабек – Молдо Багыштын жээни. Молдо Багыштан төрт кыз калган. Ошонун ортончуларынан тараган урпак. Таятасынын чыгармаларын изилдеп, чогултуп, китеп кылып чыгартты. Акындан бир дептер калган экен, «Абак дептери» деген. Биздин Абдымомун Калбаев деген акын, журналист агабыз бар. Ушул киши кол жазманы таап, сактап жүргөн экен. Малабек экөөбүз барып алып келгенбиз. Негизги тексти ошол. Андан кийин Малабек сураштырып жүрүп Талас жактан Сабиркандын текстин, дагы башка чыгармаларын тапты.
Кыргыздын бир топ кыштоолору Наманген тарапта калды. Сабиркан ошол жактагы кыпчак уруусунун кызы экен. Молдо Багыш кийин жагында ошого үйлөнгөн. Андан бир бала калган. Кийин сураштырып отуруп ал баланы да табышты. Ушинтип чогултуп өмүр баянын, чыгармаларын чыгарды. Быйыл акындын 130 жылдыгы болот. Малабек дагы чыгармалары табылып, аларды толуктап чыгарып койгону жатканы тууралуу жакында кеп уктум.
Мечит-Сай деген жерибиз бар. Ошол жерде мечит ачып, балдарды окуткан деп айтып жүрүшөт. Совет бийлиги келгенден кийин эскиче окуткандарды кубалап, «эскинин калдыгы» деп куугунтукташкан. Ошондой учурда атайын мечитин өрттөп, «аны өзү жасаган» деп жалган жалаа менен сүргүнгө айдашкан. Алымкул Үсөнбаев жаш кезинде Аксыга келип, Молдо Багышка жолуккан. Бул жерде таластыктар менен таяке-жээн болуп катнаш мыкты болгон. «Экөөнү беттештирип айтыштырмак болушканда бир-эки куплет ырынан кийин: «Бул кишинин касиети чоң экен деп аттан түшүп учурашып, айтышпай койгон» – деп айтып жүрүшөт. Бүгүнкү күндө жоголгондон калганы «Абак дептери» деп жарыяланып чыкты».
Молдо Багыш «Бузулду го заманың», «Кандай болот бул заман?», «Түрмөдөгү бул казал» жана башка ырларында коом өзгөрүлүп, жаңы заман келгени менен коомдук аң-сезимди бекем чырмап алган жосундар жоголбой жатканын, жарыя кылынган ураан-токтомдорго карабай, күндөлүк турмуш баштагы агымында калкып баратканын жаап-жашырбай ачыкка чыгарган.
Акыйкат кылбайт жакшылар
Акты менен караны
Ала берет параны.
Шул себептен калайык
Журтка берди балааны.
Эл арасында жаңылыкка умтулуу көрүнбөй, шатыра-шатман күн кечирүү, ыксыз оюн-зооктон колу бошобой, баары баштагы калыбында өзгөрүүсүз өтүп жатканын акын өкүнүч менен белгилеген. Караламан калк арасынан жаңыга умтулганы билинбей, илим-билимден сыртта калганы, бейчеки убакыт кечирип жатканы акынды кыжалат кылганы мынабу саптарынан көрүнүп турат:
Байкап турсам, агайын
Бозону ичип мас болуп,
Карылары жаш болуп,
Катындары баш болуп,
Бир-бирине кас болуп…
Кылым алмашып, заман оошкону менен, уруулук-көчмөн учурдун «чапанын» чече албай жаткан улутташтарына ичи чыкпаган акын ачуу чындыкты айтууга мажбур болгон. Бул жагынан Молдо Багыш өз мезгилинен кыйла алдыга озуп кеткен ойчул инсан деп айтсак деле жарашат.
КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТТЫН КӨҢҮЛҮН КАЛТЫРГАН ЫДЫК
Шарип Көкөнов – алгачкы муундагы кыргыз жазуучуларынын бири. Чыгармачылык баралы келип турганда куугунтукка кабылып, абактан чыккандан кийин кара жанынын кайгайы менен болуп, көркөм чыгармачылыкка кайрылган эмес.
Алгачкы саамалыктар
Кыйла жылдар бою кыргыз совет адабиятынын баштоочулары катары Аалы Токомбаев баш болгон үркөрдөй жазуучулардын аты аталып, ага чейин басма бетинде бир да чыгарма жарыяланбагандай, Улуу өктөбүрдүн шарапаты менен 1924-жылдын 7-ноябрынан тартып жазма адабиятыбыздын алгачкы үлгүсү «Эркин тоо» гезитине жарыяланып, ошондон тамыр алып көктөп, бутактап чыккандай сыпатталчу. Улуттук көркөм сөз өнөрүнүн социализм заманына чейин, анын алгачкы жылдары чыккан чыгармалар, кыргыз совет адабиятынын башында турган жаш жазуучулардын бир тобу тууралуу маалыматтар 1970-жылдардан бери азыноолак айтылып, социализм тарыхый тактыдан кулап түшкөндөн кийин айкын-ачык жарыялана баштады. Адабият тарыхынын кыйла жылдар эске алынбай, үстүртөн сыпатталып келген 1920–1930-жылдары ушу азыр деле толук изилденип, так илимий баасын ала элек.
Ошондон ушу кезге чейин көпчүлүк кыргыз окурмандарына Жумадыл Түлөкабылов, Орозакун Лепесов (Элебесов болуш керек), Зина Лепесова, Байсерке Калпаков, Исамүдүн Кудайбергенов, Мадабай Байчериков, Абдысамат Акунбаев, Иманалы Максүтов, К. Баязыков, К. Мажиковдун жана башка авторлордун аты белгисиз. Булардын айрымдарынын артында калтырган адабий мурасы гезит-журналдарда, жыйнактарда калып кетти, калгандары айрым бир изилдөө, эскерүүлөрдө гана аты аталбаса, унутта калып баратат.
Шарип Көкөновдун, Бөрүбай Кененсариевдин, Сатыбалды Нааматовдун, Касым Тыныстановдун, Сыдык Карачевдин жаш кезинде жазгандары жарыяланып, айрымдарынын аты коюлуп, канча жылдар катылып келген адабий мурасы окурманга жетти. Тарыхтын ушинтип кечигип болсо да акыйкатты калыбына келтирип койчу калыстыгы болот экен.
Шарип Көкөнов тууралуу маалыматтар аябай эле аз. 1884-жылы Чүйдүн Ысык-Атасында төрөлгөнү, 1951-жылы сүзөктөгөн дарттан оңоло албай көз жумганы, кезинде айтылуу «Эркин тоо» гезитин жетектегени, ал жерде жаштарга арналган «Тоо жаштары» гезит тиркемесин чыгарганы, 1928-жылдан тартып ал кадимки «Ленинчил жаш» гезити катары өзүнчө басылмага айланганы, мезгилдүү басма сөздө арбын жарыяланганы белгилүү. Шарип Көкөнов журналисттик кызматынан тышкары, катарлаштарынан кем калбаган мыкты акын, кара сөзчү, драматург катары таанылып, 1920–30-жылдары активдеги авторлордун катарына кошулуп калган. Жазуучу өз учуру үчүн актуалдуу темаларды, социализмдин кыргыз жерине жайылышын чагылдырып, жаңы коом турмуштун бардык тарабында ийгиликтерге жетишип, жеңиш менен ийгиликтүү баратканын жар салуудан тажаган эмес.
«Жели сонун советтин»
Арадан көп өтпөй, социалисттик турмуш жарчысына айып коюлуп, камакка алынган. Азыр эми коюлган күнөөсү таң калуудан башкага жарабас, а бирок Шарип Көкөновго «Касым Тыныстановдун тарапкери, анын аракетин колдогон, буржуазиячыл улутчулдардын, «эл душманы» болуп кеткен тыныстановчулардын жазгандарын жарыялаган» деген күнөө коюшкан. Ошол кезде «Касым Тыныстановдун шакирти, жактоочусу» деп кыргыздын кыйла инсандары түрмөгө кесилип, куугунтукка алынган. Шарип Көкөнов ошондой тагдырга туш келген.
Шарип Көкөновдун бир да чыгармасынан социализм идеясына кайчы келген, кайсы бир жеринде контекст арасына билгизбей илип салган жат идеяны табыш мүмкүн эмес. Автор социализмдин кыргыз жерине алып келген жаңылыгын «ЖамБулак айылы саясы окууга бет бурду», «Эмгекчи көзүн ачты» сындуу макалаларында козгогон. Жаңы коом менен кошо келген өзгөрүүлөрдү Шарип Көкөнов жалаң эле кабар, макала, жанытма, фельетон кыйытмаларында эмес, көркөм чыгармаларында да чагылдырган. Бул ыңгайда анын 1934-жылы чыккан «Жеңиш жемиши» китебин бөлүп көрсөтсө жарашат. Саны жана сапаты жагынан Шарип Көкөновдун ошол кездеги жазгандары катары суйдаң кыргыз жазуучуларынын биринен да көркөмдүк деңгээли жагынан төмөн турбайт.
Ал эми Шарип Көкөновдун драмачылык өнөрү өзгөчө көңүл бурууга, талдоого татыктуу. 1930-жылдардагы калемгерлер арасынан Шарип Көкөнов Касым Тыныстановдун демилгеси менен башталган айтылуу «Академия кечелеринин» авторлорунун бири болгон. Өткөн заман менен жаңы коомдун айырмасын көрүүчүлөргө түшүнүктүү тилде баяндап берчү «Академия кечелерине» Шарип Көкөнов «Ак Мөөр», «Акчоро ханым» пьесалары менен катышкан.
Касым Тыныстанов кыргыз маданий турмушундагы жаңылыктарга жакын болчу. «Академия кечелеринин» алдына койгон максаты деле айкын-ачык эле. Кыргыз көрүүчүлөрүнө эски феодалдык турмуштун азап-тозогун, феодалдык коомдун калдыктары менен соода капитализми жаңыдан баш бага баштаган орус колониалдык доорун сүрөттөп, анан социализмдин Ала-Тоо жериндеги шаң-салтанатын даңктоо жаңы долбоордун негизги максаты болчу. А бирок андан опсуз чоң идеялык каталарды таап, эски заманды жеберине жеткире сындаган чыгармадан «эскини көксөө, даңктоо» деген опсуз чоң айыпты таап чыгышкан.
Шарип Көкөнов ошол кездеги бир топ эл шайырларын, атап айтканда, Карамолдо Орозовду, Мураталы Күрөңкөевди, Молдобасан Мусулманкуловду, Алымкул Үсөнбаевди, Калык Акыевди мына ушул ишке тартууга аракет кылган. Аларга театр өнөрүнүн сырларын үйрөтүп, аны акындар поэзиясына, элдик музыкага жакындатууга бел байлаган. Улуу таланттарга театр актерунун өнөр сырын үйрөтүп, аларды ири маданий долбоорго кошкусу келген.
Булардан тышкары Шарип Көкөнов «Болот капкан жана шум түлкү» пьесасын, «Тап жолунда» драмасын жазган. Драмада кыргыз жериндеги өзгөрүүлөр, эскинин жаңыга жол бербей каршылык көрсөтүүсү, тап күрөшүнүн кандай жүрүп жатканы көрсөтүлгөн. Чыгарма үч бөлүктөн туруп, 19 каарман катышат. Шарип Көкөновдун «Тап жолунда» драмасы Ташкен шаарында 1928-жылдын декабрында бүткөнүн белгилеген.
Драмада Алымкул деген бай билим алган баласын эмдигиче болушка катчы болууга жарабай жатканын айтып, элдин балдары жакшы кызматтарды ээлеп иштеп атканына нааразы болот. Атасынын айтканына Сыйдаалы деле макул, жакшы эле аракет кылганына карабай, кедейлер аны «байдын баласы» деп кызматка жолотпой жатышканына билимдүү жаш жигит нааразы.
Драманын финалында кедейлердин арасына кирип алган тап душмандардын бети ачылып, жашырган мүлкү билинип, баары камакка алынат. Көрсө, мурдагы бай-манаптар ар кандай жолдор менен кедейлердин арасына кирип кетишкен экен. Чыгармада алар мурдагы кадырын, таасирин сактап калыш үчүн болгон аракетин жасап жатышканы баяндалат, каршы тарап андайга жол бербей бекем турушу керек экендиги эскертилет. Көркөм чыгармага караганда идеологиялык үгүт-насаатка кыйла жакын мындай чыгармалар социализм жаңыдан канат жайып жаткан кезде көп жазылган.
Шарип Көкөнов совет бийлигине, анын жүргүзгөн саясатына айныксыз ишенгени үчүн:
Тукабадай кулпунган,
Бели сонун советтин.
Белден соккон атыр жел,
Жели сонун советтин, –
деп жазбагандыр. Кедей-кембагал, жарды-жалчыга жылуу ырай менен карап, алардын таламын талашып, буга чейин дегеле кезикпеген колунда жок адамдарга бийлик тизгинин берип, алардын жапырт сабатын ачууга киришкен системаны ким эле жаман көрсүн? Мына ушул ыкчам жаңылануу менен кошо келген тап күрөшү, опсуз өлүү дүйнөнү ээлеп алган бай-манаптарды, бий-болуштарды камакка алып, көбүн жер котортуп айдап жиберишин деле айрымдар жактыруу менен кабыл алган. Анткен менен андай өкүмзордук бара-бара кедей катарынан чыккан, билим алып жаңы заманга аянбай кызмат кылгандарга ооп, аларды «эл душманы» катары камап, атып-асып жок кыла башташы ансыз да зордук-зомбулуктан жүрөкзаада болуп калган көпчүлүктүн үшүн алып, баары бири экинчисинен чочулап, коом коркунучка батып калган. «Биздин адабияттын жүрөгү ошол отузунчу жылдары түшкөн экен, ойлосом», – деп жазган кийин белгилүү акын Төлөн Шамшиев. «Эл душмандарын» издеп табуу, жок кылуу, сүргүнгө айдоо, абакка отургузуу бирде күчөп, кайта басаңдап, совет мамлекетинин күнү бүткөнгө чейин улантылып келди. Шарип Көкөнов советтик сурактын кандай болгонун «Эмгек жортуулчулары» повестинде минтип сүрөттөп берген:
«Суракта душмандардын биринин сөзү бирине каршы келип, биринин мойнуна албаган күнөөсүн экинчисинин сөзү ырастагандай болуп олтурду. Маселе ачык болгондуктан сурактын тартиби ылдам, шыр өтүп жатты. Бирок жүз чамалуу ревалүтса душмандарын бир күндө сурап бүтүрүүгө мүмкүндүк болбоду. Ушул тартип менен суралып олтуруп, эртеси кечке чейин созулду».
Колхоз түзүлүшүнө тымызын каршы чыккандар акыры бети ачылып, катаал жазага кириптер болуп, ал эми аны курууга жан-дилин берген эмгекчилер мамлекеттик сый-урматка бөлөнүп, кубанган колхозчулар пахта планын толтуруп, ага улай шахтага барып көмүр казып алууга жардамга жөнөшөт. «Эмгек жортуулчулары» 1932-жылы жазылган. Жазуучу ошол кезде эле «революция душмандары, троцкийчилер совет бийлигине карата душмандык аракеттерин токтотпой, каршылык көрсөтүп жатканын, бирок ага карабастан сталиндик колхозчулар жеңиштерге жетип жатышканын» көрсөткөн. Повесттин финалында түшүм майрамын белгилеген колхозчулар чоң жыйын куруп, колхоз душмандарын жеңип, сталиндик багытты бекем карманган Кылычтын жеңишке жетиши, анын жолун жолдоочулар арбып баратканы белгиленген.