КӨК ТЕҢИР
3-БӨЛҮК
Көк Теңирге алып барчу АЙКЫН ЖОЛ – ТОГУЗ ТААТ
Эсиңе түй, момун пенде – Көк Теңирге алып барчу айкын жол: Тогуз–таат ичинде Бир улук , Эки бийик – жетегиндеги отуз–огожо , токсон тооп аркылуу өтөт.
Тогуз таат
Түшүндүрмө: Таат–сыйынуу, ишеним, моюн сунуу . Ар бир пенде Көк Теңирге ишенип, анын кудуретине моюн сунушу, таат кыла жүрүшү милдет. Ошон үчүн биз – Көк Теңирдин пендесибиз, Улук Теңир макулугубуз. Ушуну унутпоо ар пенденин милдети. Тогуз таат дувалары 4-бөлүктөгү Тогуз таат жөлөгү – Отуз Огожо дуваларында баяндалат…
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен!
Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
Тогуз тааттын биринчиси – Бир улук – ал Жараткан Көк Теңир.
Байыркы да, азыркы да түшүнүктө андан ашкан улук жок.
Болбойт да!… Бир гана Көк Теңирге ишенүү, анын кудуретине моюн сунуу ар пенденин мойнундагы карызы. Карыз – төлөм аркылуу акталат… Ал төлөмүң сенин Көк Теңирге болгон таза сезимиң, ак дилден берилген ишенимиң, таза жүрүш-турушуң, адилет жорук-жосунуң менен ченелет…
Түшүндүрмө: Көк Теңир – бирөө, ал бүткүл Аалам ээси, бардык адамдарды, жан-жаныбарларды, тоо-таштарды жараткан, ак таңда Күндү чыгарган, кечте Күндү батырган, түнкү асманга жылдыздар чачып, ажарлуу Ай чыгарган да бир Көк Теңирдин өзү. Ал теңдешсиз, аны көзүң менен көрө албайсың, колуң менен кармай албайсың, аны адам акыл менен гана туйса болот. Көкө Теңир кайталангыс бүтүн нерсе (жалпы кыргыз тектүү Ууз атанын балдары аны – Көк Теңир, Көкө Теңир, Теңир деп атай беришет), аны кандайдыр бир башка түшүнүк менен алмаштырууга же башка бирөөнү Теңирим деп атоого болбойт.
Теңир түшүнүгүн биз биринчи жолу мындан 6000 жыл мурунку Шумерлер жазып калтырган чопо тактайчалардагы жазуудан окуйбуз, ошондой эле Көк Теңир түшүнүгүн биздин эрадан тээ кыйла мурунку түпкү атабыз Ууз каган баянынан (Сөздүн удулу келгенде айта кетели: бул жээңгер, тартынбас, бириктирүүчү, ченде жок баатыр атабызды ушул убакка чейин «Өгүз каган» атап келебиз. Кыргызда каган эмес, катардагы адамды да өгүз киши деп атабайт, ал толук бойдон тескери маанини берет, эч бир ишке жарабаган, тамактан башканы билбеген адамды гана «ал өзүнчө эле эч нерсе менен иши жок жаткан өгүз» деп коёт. Тукум бере албай турган бычылган айгырды ат дейт, бычылган буканы өгүз дейт элибизде. Падыша адамды, бүтүндөй элди башкарган каган кишини кантип «өгүз каган» деп атасын?! Акылга сыйбаган нерсе го дейм. Биздин бул оюбузду мындан миң жыл мурун жашап өткөн Жусуп Баласагын бабабыз да «Түркөйлөр тоюп алса –жаткан өгүз, Себепсиз мөөрөй берет, кыш-пыш семиз» (989-кошсап) деп аныктама берип кеткен. Чындыгында, Оогус (Непреклонный, Кайтпас) же Ууз (Объединяющий, Бириктирүүчү) болушу ыктымал. Түп нускадагы жазууну азыркы тамгага (кириллицага) түшүрүүдө башка тилдүү элдердин котормочу-окумуштуусу тарабынан өз тилине ыңгайлаштыруудан кеткен ката го деп ойлойм. Ошондуктан мен Ууз каган дегенди туура көрдүм) жолуктурабыз. Анда кыргыздардын, деги биз түркпүз дегендердин эң эзелки түпкү тамырын түзгөн, тээ биздин доордон кыйла арыда жаткан улуу мурасы 42 ырдан турган «Ууз каган» баянында «Көк Теңир» түшүнүгү дал ушул түпкү маанисинде туура тогуз жолу кайталанат. Мисалы 6-ырда:
«Жана бир күн бир жерде,
Көк Теңирге сыйынууда эле.
Күүгүм уюду. Көк Теңирден
көгүлжүм нур куюлду» –
делсе, 11-ырдын аягында Уузхан жалпы элине жарлык айтып:
«Теңир буйруп болдум Каганың,
будан ары
Жаа калкан болсун куралың!
Тамга болсун буланың!
Көк бөрү болсун урааның!» –
дейт. Анан ак жолдуу көк бөрүсү:
«Жол берсе Теңир жортоюн,
Жолуңдун таап оңтоюн», –
деп алга бөртөт да, анан 33-ырда:
«Көк Теңири колдоп,
Көк жал бөрүсү жолдоп,
Чынды алды. Таң, Кутту алды.
Андан ооп Шамга аттанды,
Шамын өчүрүп бек шаттанды», –
деп жеңип алган өлкөлөрү тизмеленет да, андан ары дагы кыйла жеңиштери даңазаланып келип аяккы 42-ырында:
«Анан Каган үлүштөп журтун бөлүп
уулдарына,
Айтыптыр: – Канчама ашуу аштым.
Канча жоо менен салгылаштым,
Аргымак минип алкынттым,
Айза сайдым жоо жыктым.
Касым кан жутту.
Досум шаң күттү. Баары бүттү.
Эми өтөр чагым Көк Теңириме.
Ыкыбал,
Кайыр кош! Калың журтуң күтүп ал» , – деп эли-журту, уулдары менен кош айтышат. Көңүлүн актыкка, Көк Теңирге бурат…
Мына ушул эле Көк Теңири түшүнүгү VI–VII кылымдарга таандык Орхон-Энесай (Енисей) жазуу үлгүсүндөгү (руникалык) Култегиндин мүрзөсүнө коюлган эстелик таштагы кичине жана көлөмдүү жазууларда да кеңири чагылдырылган. Ошол Таш эстеликтеги кичине жазуу, көлөмдүү жазуу да Теңирге кайрылуу, Теңирди оозануу менен башталат. Мисалы, кичине жазуу: «Теңиримдей, теңирим болтурган (жараткан) түрк билге каганы бу такка отурдум», – деп башталса, көлөмдүү жазуу: «Үстүдө Көк теңри, астыда кара (күрөң) жер жаралганда, эки арада (экөөнүн ортосунда) киши уулу жаралган. Киши уулуна менин бабам Бумын каган, Эштеми каган кандыкка олтурган» , – деп уланат. Ал эми бул жазууларды тереңдеп изилдеген философ Н. Асанбеков өзүнүн изилдөөсүндө, «…жазуулардын аягына чейин тийиштүү жерлерде Теңир түшүнүгү 14 жолу, анын 10 жолкусунда – «Колдоочу», 3 жолкусунда – «Жазалоочу», 1 жолкусунда – «Тагдыр аныктоочу» жогорку күч катары көрсөтүлгөн. Мындай көрүнүш жалпы Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин 27синде Теңир түшүнүгү 68 жолу кездешип, анын 41инде «колдоочу», 21инде «тагдыр аныктоочу» жана 6сында «жазалоочу» күч маанисинде чагылдырылган , – дейт окумуштуу замандашыбыз. Булар жазма түрүндөгү биздин күнгө жеткен Көк Теңир туурасындагы маалыматтардын алгачкыларынан болуп саналат.
Уузхан баянынан да, Култегинге арналган жазуулардан да биз «кудай» же «алла» деген түшүнүктү жолуктурбайбыз. Баарында Көк Теңир оозго алынат.
Теңири түшүнүгү мындан он кылым мурун жазылган Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанында да Жусуп бабабыз бет ачар сөзүн: «Кудурети күчтүү улуу Теңирге урмат жана даңк, ал улуулардын улуусу, бүткүл Аалам падышасы, жерди-көктү жараткан, кыбыр эткен жан-жаныбарларга жан салган да өзү, тилегендин тилегин берген, бардык каалаганын өтөгөн да өзү, көңүлүнө келгени ишке ашкан, каалаганы кабыл болгон, ойлогону орундалган да бир Теңирдин өзү» деген ыйык сөздөр менен баштап отурат. Дастандагы Күнтууду эликтин Өткүрмүшкө жазган экинчи каты да:
«Теңирим өмүр берди сактап келди,
Эми дагы Байатым жөлөөр мени» (3744-кошсап) –
деп башталат да, дастан андан ары «теңир» түшүнүгүн «жараткан», «эгем» деген түшүнүктөр менен бир катарда, бир мааниде колдонуп жүрүп отурат. Ушул жерден менин баамымда маанилүү көрүнгөн дагы бир көрүнүштү айта кетпесек болбос, «Куттуу билим» дастанынын кол жазмасында (түпнускасында) «алла» же «кудай» деп так жазылган түшүнүк жок, бирде «байат» (Кашкарлык Мамыттын (Маhмуд) атактуу сөздүгүндө «Байат – аргу тилинде Алла Таала деген сөз» — деп түшүндүрөт), бирде «эгем», бирде «Теңир» делинет, мен акыркы оңдоп-түзөөлөрүмдө Жусуп Баласагын бабабыздын түпнускасына кол тийгизүүгө батына албай, кандай жазылса ошол бойдон калтырууну ылайык таптым.
«Миң-сан алкыш кубаттуу Теңириме,
Мээрими оңго-солго тиет күндө». (3898-кошсап)
«Кайда эми байатмын деп жүргөн неме,
Теңир аны чөгөргөн көк деңизге». (4712-кошсап)
«Тапшырсын Ээлик мени Теңириме,
Дуба окуюн атына анын күндө». (4865-кошсап)
«Теңир берсин тилеген тилегиңди,
Дуба кылгын унутпай Ээлик мени». (5489-кошсап)
«Бар тилегим, эми ушул ойлогонум,
Теңирим о дүйнөдө сунсун колун!» (6062-кошсап)
Ушул жана дастандын башка бейттериндеги Теңир түшүнүгүнүн үзгүлтүксүз кайталанып отурушу ошол доордогу (мындан миң жыл мурунку) карапайым элдин гана эмес, коомдун илим-билимдүү катмарынын аң-сезиминде да ушул Теңир түшүнүгүнүн туруктуу орду бар экендигин ишенимдүү далилдеп турат. Ошондон улам Жусуп бабабыз дастандын 1485-кошсабында:
«Теңирим – бардыгына түркүк-негиз,
Жакшылык-жамандыкка эрки тегиз» –
деп айткан окшобойбу.
Ушул ойдун тактыгын Жусуп Баласагындын замандашы, атактуу аалым Мамыт (Маhмуд) Кашкарлыктын айтылуу «Түркий тилдер сөз жыйнагында» («Диван лугат ат-түрк»): «Кулбак түрктөрдүн бир такыбасынын ысымы. Ал Баласагындын тоолоруна көнүмүш таап жашаган. Айтымдарга караганда ал залкар бир кара аскага өз колу менен «Теңри кулы Кулбак» – арапча туюнтканда «Алланын кулу Кулбак» – деп жазып койгон экен» – деген маалыматты калтыргандыгы да биздин кыргыздардын исламдан мурун эле өз ишеними – ТЕҢИРЧИЛИГИ бар экендигин ырастайт. Байыркы Шумерлердин мындан 6000 жыл мурунку чопо тактайчага түшүрүлгөн жазуусундагы (жоктоо ырындагы) «Теңир түшүнүгүнүн кайталанышы да биздин жогорку оюбузга ого бетер далил болуп турат.
Ушуга дагы бир кошумча: 16 жылдан ашык Индияда, бир жыл тибеттик кыргыздардын ичинде жашап келген боордошубуз Жолдошбек Султанов андагы кыргыздар жөнүндө: «Өтө аз сүйлөшөт. Эч качан урушушпайт, «баарыбыз Теңирдин пендесибиз» деп бири-бирин сыйлап жашашат. Тутунган дини жок, болгону колдорун көккө көтөрүп: «Теңирим, берген суу, аба, тооңо рахмат, бизге жакшылыктарды бере көр деп гана сыйынышат» , – деп эскерет. Көрсө, качанкы бир байыркы замандарда, эч кандай диндер чыга электеби, айтор, тээ байыркы замандарда башка элдер менен байланышы жок өз алдынча туруп калышкан Тибеттеги кыргыздар Теңирин да, тилин да аликүнчө унутушпаган экен!..
Булар аздык кылса, Теңирчиликти ишеним катары эң туура баалаган биздин учурдагы таанымал окумуштуубуз Ч. Өмүралиевдин айткандарын да далилге тарта кетейин: ал биз, кыргыздар тууралуу: «Ал эми дүйнаанымыбыз – Теңирчилик» , – деп тактоо киргизет да, андан кийин «Азыркы – Дүйнөлүк Чындык», «Абсолют Акыйкат», Армагеддон, «Алланын элчиси», «Акыркы Пайгамбар», «Кудайга ыкташ квант аалам» делген чындыктарда өзүбүздү текшерип, салыштырып көрүп, анан ошол мерчемде Теңирибизден гана өзүбүзгө ыроолонгон тагдырлуу чындыгыбызды таанышыбыз керек. Бизге түбөлүктүү мугалим жок! Элдин түбөлүктүү мугалими – Көктөгү Эгеси гана, жан ыйыгы – Манасы гана!» деген аныктоосун айтат. Чын эле Көк Теңирден өткөн түбөлүктүү «мугалим» жок да! Буга бир нерсе кошумчалоо кажетсиз го…
Керек болсо дагы да тереңдеп көрөлү. Таанымал окумуштуу А. Лео Оппенхейм: «Вавилонияда Саргон Аккадскийдин мезгилинен тартып (б.з.ч. 2316–2216-жж.) Хаммурапинин учуруна чейин эле адатта падышанын ысмына кудайды жана ар түрлүү сыйынчу буюмдарды билдирген Дигир (бог) («Теңир» деген түшүнүк) детерминативди кошуп жазышчу, – деп жазса, ал эми белгилүү орус окумуштуусу С. В. Киселев: «Түштүк Сибирдин байыркы тарыхы» деген китебинде: «Хакастар… асмандын астрономиялык түндүгү турган точкасына эң жогорку маани беришчү. Дал ушул жерди алар өзгөчө баалап Тигир түндүгү (асмандын түтүн чыкчу тешиги) аташчу» , – деп жазат. Ошого улай эле ал аныктоосун: «…дал ушул ахыбал биринчи кезекте хакастарда, алтайлыктарда, тувалыктарда жана башка Саян-Алтай өлкөлөрүнүн элдеринде Сумер (Шумер го дейм?) аталган тоону өтө ыйык саноону аныктаган» деген баалуу ойлору менен улантат. Бул жерде хакастардын Алтын казык жылдызы турган тушту айтып жаткандыктарын баамдасак болот. Кыргыздар да Алтын казык жылдызын ыйык тутары белгилүү эмеспи. Ушул ойду белгилүү окумуштуу Ч. Өмүралиев: «Асманды караңыз, Кут аккан, Кут Ак жылдызда жатканы не керемет! Тарыхтын кийинки-кийинки кезеңдеринде бирде Темир Казык, кийинче Алтын Казык аталып кеткен Кут жылдыздын аныгы аталышы «Темир» дагы, «Алтын» дагы эмес, Теңир казык» – деп тастыктайт. Чын эле бүтүндөй Ааламды тегеретип байлап турган Алтын казык – Теңир казыгы экенине кантип ынанбайсың! Бул бүтүмгө аный деш кыйын.
Ал эми XX кылымдын белгилүү тарыхчы-археологу Гордон Чайлд «Арийлер» деген китеп жазып, анда: «Арийлер Көкө Теңирге сыйынган» , – деп жазат.
Жогоруда келтирген мисалдардан улам айтарыбыз: кыргыздар тээ биздин доордон кыйла мурун эле, ислам түгүл христианчылыктардан да алда канча арыда Теңирин ооздорунан түшүрүшпөй, жаштарга бата бергенде: «Теңир жалгасын!», «Теңир тилегиңди берсин!», «Теңир колдосун!», бирөөнү жек көрүп каргаса: «Теңир урсун!», «Көк Теңирдин каары урсун!» – дешкен тура.
Тогуз Тааттын экинчиси – ЭКИ БИЙИК
Кыргыздардын Көк Теңирден кийинки эле өтө урматка, сыйга татыган, жанынан да артык көргөн кол жеткис бийик да, ыйык да эки туюму бар: ал АТА ЖУРТУ – Ала-Тоо менен атпай эли – КЫРГЫЗДАРЫ.
Түшүндүрмө: Кыргыздын уул-кыздары үчүн Ата Журту менен өз Элинен бийик эч нерсе жок. Булар ар бир кыргыз төрөлгөндө эле эне сүтү менен кошо оозанган, аба менен кошо дем алган, Ата Журттун агын суусу менен кошо ичкен, алтын топурагы менен кошо кечкен эч өзгөрбөс көөнө түшүнүк. Мындан шек саноо мүмкүн эмес. Ошон үчүн кыргыздар тамыры жерге бекибеген чөптү камгак дейт, эли-жеринен айрылган кишини тирүүлөй арбак дейт.
Чоң казаттарда жоо колунан набыт болгон баатырлардын сөөгүн бөтөн жерге таштабай, этин шылып, сөөгүн жүрөгү менен кошо өз жерине алып келип көмүү кыргыздарда байыртадан келаткан нарк. Аны эч ким бузган эмес. Бул жөнүндө эпостордон, санжыралардан кабардарбыз. Кийинки эле Балбай баатырдын, Курманжан датканын уулу Абдылданын тарыхтары буга далил.
Кыргыздардан ата-тегин сураганда айтылуу «Манас» эпосунда белгиленгендей өзүн: «…атабыз артык шер Манас, калкыбыз атпай көп кыргыз», – деп тааныштырары баарыбызга белгилүү. Буга «Ата Журтум Ала-Тоо» деген сыймыктуу сөздү да кошуп айтышкан. Ата Журту, атпай кыргыз эли үчүн өз жанын аябай өмүрүн кыйышкан азаматтар кыргыздарда четтен чыккан. Элин, жерин сатуу өлүмгө тете делген…
Элге, Жерге айтылчу дуба 9-бөлүктүн Ак бата айдыңында берилген.
Тогуз Тааттын үчүнчүсү – ҮЧ КҮЛҮК
Үч күлүк түшүнүгү – Мезгил, Ой, Жел да кыргыздарда талашсыз бир улук, эки бийик ынанымындай эле өзгөрбөс, туруктуу ишеним.
Түшүндүрмө: Анын бири – МЕЗГИЛ, экинчиси – ОЙ, үчүнчүсү – ЖЕЛ. Чынында эле өтүп жаткан күндү токтотуу мүмкүнбү, ой (кыял) түбүнө жете алабызбы, тынымсыз соккон желди тушоого болобу? Эч мүмкүн эмес да. Ошон үчүн эл түшүнүгүндө булардан өткөн күлүктөр жок. Тээ атам замандан бери эле кыргыздардын даанышман, ойчулдары, ак таңдай акындары:
– Бу дүйнөдө ким күлүк?
– Өтүп жаткан күн күлүк.
Уч-кыйыры жок ой күлүк.
Желип-жорткон жел күлүк! –
деп кан-какшап ырдап келишкен.
Булар эл ишениминдеги эч кынтыксыз, өзгөргүс түшүнүктөр…
Тогуз Тааттын төртүнчүсү – ТӨРТ ЫЙЫК
Кыргыздар үчүн эң ыйык нерселер – СУУ, ОТ, НАН, ТУЗ.
Түшүндүрмө: Кыргыздар байыртадан эле Сууну ыйык тутуп, көлгө түгүл булакка, агын сууга да колун салып же бет чайкаган эмес. Сууну бир идишке сузуп алып, айласы кеткенде калпагына сузуп алып кайра агып кирбегидей аралыкка барып, анан колу-бетин жуушкан. Бул сууну ардактоо, сыйлоо, ыйык тутуу.
От да кыргыз үчүн ыйык. Ошон үчүн кыргыздар коломтого суу төкпөйт. Казан асып, даам-ырыс бышкан коломтого ит-куштун булганч буту түшпөсүн, мал-кел кокус кечип кетпесин деп түнкүсүн казанды коломтого көмкөрүп коёт.
Нан ыйыктыгы да талашсыз. Кыргыздар бир сындырым нан эмес нандын күкүмүн да жерге таштабайт. Жерге түшкөн нанды үйлөп жеп коёт же бут баспай турган жерге аздектеп коюп коюшат.
Туз да кыргыздар үчүн талашсыз төрт ыйыктын бири. «Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз» дешип ата-бабаларыбыз бекеринен айтышпаса керек.
Кыргыз элинде тээ Уузхан заманынан, балким, андан да арыдандыр, келаткан бир салт бар. Айыл ичинен чыккан ууру-кескинин күнөөсүн аныктоо үчүн: «Төбөсү бийик көк урсун, төшү түктүү жер урсун», – деп ушул төрт ыйыктын бирине ушаттырган. Ошондо башы өлүмгө кеткени турса да агын сууну, алоолуу коломтону, ырыс-кешиктүү нанды, даамдуу тузду булгаган кыргыз чыккан эмес.
А кокус уурулугу же башка кылмышы маалым болуп турса да ушул төртөөнүн бирин булгаган адамды «бул сууга сийген жинди турбайбы» дешип эл ичине жолотпой коюшкан. Катардан чыгарып ташташкан. Жанын жеп калп айткан тууганын да кыргыз: «Тузума койдум, туз урсун сени» – деп каргашат эмеспи.
Тогуз Тааттын бешинчиси – ТӨРТ ЫСЫК
Булар сени тапкан – АТА-ЭНЕҢ, сүйүп алган – ЖАРЫҢ, теңирден эңсеп көргөн – БАЛАҢ, маңдай териңди төгүп тапкан – МАЛ-КЕЛИҢ, ОТТУУ ОЧОГУҢ (үй-жайың)…
Түшүндүрмө: 1) Адамга ата-энеден өткөн жакын жок. Сага өмүр берген ошолор. Ата асыл акылын, эне ак сүтүн берип чоңойткон. Сенин кубанчыңа кошо кубанышып, ийгилигиңе кошо сүйүнүшүп, кайгыңды кошо тартышкан да ошолор. Анан ата-энеден ысык, ата-энеден жакын жан болмок беле?!.
«…Уузхан доорундабы же андан да мурунбу, айтор, бир оомал-төкмөл мезгилде кыргыздар эң катаал заманга туш болуп, аргасыз журт которууга мажбур болушат. Ошондо элди кырылып жок болуп кетүү коркунучунан сактоо аракетиндеги эл эгеси жүрүшкө жолтоо болбосун деген ойдо кары-картаңдарды, оору-сыркоолорду, майыптарды журтка калтырып кетүүгө буйрук берип, ал кыйшаюусуз аткарылат. Ошондо бир гана жаш жоокер жанындай көргөн кары атасын таштап кете албай, аны сандыкка салып, эмеректерине кошуп жүктөп алган экен…
Күндөн күн өтүп айга айланат, суусу мол жашыл талаа какыраган чөлгө айланат. Суу таппаган мал-жан суусуз өлүү коркунучуна капталат. Ошондо эл эгеси жоокерлерге кайрылыптыр:
– Ким суу таап элди бөөдө өлүмдөн сактап калса жарым хандык берилет!..
Кечинде көч четинде тамактанып отурушканда атасы уулунан жүрүш жайын сурайт:
– Көчтүн жайы кандай, элдин алы кандай? Эл ичи эмне дейт, хан өзү эмне дейт?…
– Абал оор, ичерге тамчы суу жок. Мал-жан кырылганы калды. Хан болсо ким суу тапса жарым хандык берилет деп жар салды.
– Анда жакшылап угуп ал, таң атканда ханыңа бар. Убада-сөздү бекемдеп ал. Анан байлоодогу ала уйду коё бер. Уй кайсы жерге барып мурдун кумга такаса, ошол жерди казгыла. Суу ошол жерден чыгат.
Эртеси уй жыттаган жерден оргуштап суу чыгып эл-журт өлүмдөн аман калыптыр. Ушундай туңгуюкка жүрүштөгүлөр дагы эки жолу кабылышып, экөөндө тең алиги жаш жоокер жол таап, аман-эсен элди куткарып кеткен экен. Ошондо хан эл алдына жаш жоокерди чакырып:
– Убада күчүндө! Жарым хандык сеники! Эми бизге түшүндүрчү, ушундай татаал түйүндөрдү кантип чече алдың? – деп сурайт.
Жаш жоокер болгонун болгондой айтып берет. Хан өзүнүн калпыс буйругунан жанып, убадасын аткарып жоокерге жарым хандык берет да, алиги абышканы өзүнө кеңешчи кылып алат экен»…
Ошондон эл ичинде «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын сөзүн капка сал», «Кары сөзү – чындыктын көзү» деген сөздөр айтылып калыптыр. «Улууга урмат, кичүүгө сый» деген накыл сөз да ушундан калса керек…
2) Эркекке да, ургаачыга да дагы бир ысык нерсе – теңири кошкон өз жары. Ата-энесине айта албас сырын адам өз жарына айтат. Алгачкы кубанычын киши өз жары менен бөлүшөт. Ошон үчүн жубайлар бири-бирин «теңим» дешет. Өз теңи өзүнүн жарымы дегендик да. Ошол жарымынан айрылган аялды «жесир», эркекти «жесил» дегендери да ошондон го.
3) Андан да ысык нерсе – бул эңсеп көргөн балаң.
Түшүндүрмө: Ата-эне үчүн баланын баары ысык. Кандай бала болсо да ал ата-эненин өз жанынан да артык эмеспи. Бир аския бар:
«…Жай саратанда үйдүн жанындагы дөбөдө камчы өрүп жылаңбаш отурган отуздан ашкан уулун көргөн карыя:
– Балам, башыңа калпак кийип алсаңчы! Күн өтөт! – дейт.
– Өтпөйт, – деп коңк этип коёт уулу.
Дагы бир топ убакыт өткөн соң жылаңбаш отурган уулуна карыя дагы айтат:
– Балам, калпак кийсеңчи, күн өтөт го!
– Өтпөйт-этпейт! – дейт дагы эле уулу камырабай.
Чай кайнам убакыт өткөндө карыя дагы кайрылат:
– Э, балам калпак кийбейсиңби?! Башыңа күн өтөт да..
Уулу дагы да мулжуңдап коёт:
– Э, кайдан, өтпөйт дебедимби!
Ошондон соң атасы небересин ээрчитип короонун тегерегинде ойното берет экен. Аларды көрүп дөбөдө отурган уулу атасына кайрылат дейт:
– Ата, алдагы баланын башына калпагын кийгизип коюңуз. Күн өтүп кетет.
– Өтпөйт, эмнеге өтмөк эле, – дейт карыя..
Дагы бир топ мезгил өткөн соң уулу дагы айтат:
– Ата, баланын башына күн өттү да. Калпагын кийгизип койбойсузбу!?
Ошондо акылман карыя:
– Э, өтпөйт-этпейт эле. Ал кандай күн экен, – менин баламдын башына өтпөй, сенин балаңдын башына өткөн!» – деген тура.
Баласы карыса да атага бала бойдон калат. Ошонусу үчүн баланы ата-эне «ысыгым, күчүгүм, алтыным» деп эркелетет турбайбы. Эң жаман чыккан баласын да ата-эне: «Ичтен чыккан ийри жылан» дешип эч жамандыкка кыйбайт эмеспи.
4) Дагы бир адамга ысык нерсе – бул өз маңдай териң менен тапкан мал-келиң, өз дүнүйөң, оттуу очогуң.
Түшүндүрмө: Кыргыздар өтө эле өчүгүшкөн каршысынан адатта: «Мынча өчүккүдөй менде эмнең бар? Сенин ата-энеңди же балаңды өлтүрдүм беле? Болбосо аялыңды кордоп, мал-келиңди тартып алдымбы же очогуңду булгап, түндүгүңдү түшүрдүмбү?» – деп сурашкан. Мына ушунун өзү эле адамга Теңир тартуулаган төрт ысыктын ачык дарегин айтып турбайбы. «Үңкүр болсо да үйүм болсун» деген да ушундан улам айтылып калган окшойт.
Тогуз Тааттын алтынчысы – ТӨРТ ТАТТУУ
Адамга эң таттуу нерселер: Алтын өмүр, Аруу үмүт, Ак чындык менен Асыл ынтымак.
Түшүндүрмө: 1) Өмүрдүн таттуулугунда талаш жок.
2) Үмүт да жан чыкканча үзүлбөс таттуу нерсе, бул экөө туурасында бир икая бар: «…Тээ илгери-илгери кайсы бир өткөн заманда, кабары калкты титиреткен каардуу байдын чектен чыккан былыгы элге билинип калыптыр. Элден чогулткан байлыгы кампасына батпаган, калың малы өрөөндү каптаган неме теңирин тааныбай:
– Мага тийишүүгө ким батынат экен?! Толгон байлыгым, тоодой бийлигим турганда мага каршы ким чыгат?! – деп чирениптир.
Ошондо араң чыдап жүргөн эл өрт тийгендей дүрбөп көтөрүлүп кетет да, баягы байдын дүр-дүнүйөсүн, мал-келин бүт талап алып, өзүн орго салып ташташат. Ордо көп жаттыбы, аз жаттыбы, айтор, айсыз караңгы түндөрдүн биринде орго ажал түшүп келет экен:
– Байым, арып-ачып аябай кыйналдың го. Жашоодон тажап деле кетсең керек. Сенин жаныңды алганы келдим, – дейт.
– Кой, – деп чочуп кетет бай. – Менин араң жаткан жанымдын сага кереги канча!? Мыктылардын, байлардын жанын албайсыңбы?..
– Алар колдорундагы көп байлыгынан, амириндеги бийлигинен ажырагандан коркушат. Сенде эч нерсе калган жок да…
– Байлык жок болгон менен жаным бар. Байлык колдун кири, жан деген үмүт гүлү болот, үмүтүмдү өчүрбө!…
– Үмүтүң эмнеде?
– Эртеңки күндө! Эртеңки күндү көрсөм дейм! – дептир бай. Эртеси күн чыкканда күнөөкөрдү ордон чыгарышып дарга асышкан тура. Ошентип байдын жанын ажал эртеси күн чыкканда алган экен…»
Мына жандын, үмүттүн таттуулугу. Бир түн болсо да өлбөсөм дейт тура адам баласы. Бул туурасында Жусуп Баласагын бабабыз:
Өмүр – таттуу, ачуусу – шумпай ажал,
Чалындым жайган торго таппай амал (1170-кошсап) –
деген эмеспи.
3) Дагы бир жомок: «…Сынтыкбай, Кынтыкбай, Тыртыкбай деген үч бечара достор болушуптур. Үчөө тең тоодон куураган дарактардан кыйышып отун чогултушуп, ошону базарга сатып күн көрүшчү экен. Үчөө бир күнү тоодогу бир үңкүрдөн толгон-токой алтын-күмүш, баалуу таштар, башка да дүр-дүнүйө катылган көп байлыкты таап алышат. Анан бирин сайга сууга жиберип коюп калган экөө кеңешишет:
– Үчкө бөлсөк аз болуп калат экен. Биз тигини тоодон кулап кетти деп жайлап салып, бүт байлыкты экиге бөлүп албайлыбы?
Чечим ушундай болот.
Үчүнчүсү сайдан суу алып келгенде эле: «Үңкүрдүн оозунда сенин изиң бар экен, ушуларды бизден жашырып сен катып жүрүпсүң, болбосо мурун эле таап алмакпыз», – дешип беркини күнөөлөп киришет. Эки «досунун» сүрүн көрүп иштин жайын түшүнгөн неме:
– Болуптур, оюңарды түшүнүп турам. Мени өлтүргөнү калган экенсиңер. «Дос» элек, дагы достук кылгыла, силерден бир гана өтүнүчүм бар, – дептир.
– Айт. Өтүнүчүңдү аткарабыз.
– Аяшыңар кош бойлуу эле. Уул көрсө атын Дат, кыз көрсө атын Айымдат койсун.
– Болуптур уул төрөсө атын Дат коёбуз, – дешет да тигини аскадан кулатып өлтүрүшүп, өздөрү аябаган бай болуп жатып калышат. Өлгөн Сынтыкбайдын аялы уул төрөп, алиги эки «дос» атын Дат коюшат. Жылдан жыл өтүп бала чоңоёт. Ошол арада айылды аралап, калыстыгы менен атагы алыска кеткен өлкө ханы өтүп калыптыр. Аңгыча айыл четинен:
– Дат! Ой, Дат! – деген кыйкырык чыгат.
– Билгилечи, дат айткан ким экен? – Хан жигиттерин чаптырат. Жигиттери бир тестиер баланы жетелеп келишет.
– Дат деп ушуну чакырып жатышыптыр.
Хан сурайт экен:
– Сенин атың Датпы? Ким койду эле?
– Кынтыкбай, Тыртыкбай деген байлар коюшуптур…
Хан баланын энесин алдырып баарын сурап алат, анан тиги эки байды суракка алып чындыкка жетет да, аларды чыккыс терең орго салып, бар байлыгын Датка алып берген экен…»
Көрсө Дат – арыз-муң, өтүнүч деген маани тура. Элде: «Айтаар датың барбы?» – деп сурашат го. Аны тиги эки «дос» билишкен эмес экен. Ошондон кийин «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Калптын казаны кайнабайт» деген макал-лакаптар калыптыр. Чындык, акыйкаттык, калыстык, актык мына ушунусу үчүн таттуу да.
4) Мына ушундай таттуулардын дагы бири – ЫНТЫМАК.
Түшүндүрмө: Ынтымак туурасындагы бир баян:
«…Илгери бир айылда жаңыдан баш кошушкан жаш жубайлар болуптур. Бири-бири менен аябай ысык жашашып камыр-жумур экен. Экөөнүн жашоосуна карылар сыймыктанып, жаштар суктанышчу дешет. Анан бир күнү экөөнүн ортосун «көк чычкан» аралап, биринин сөзүн бири укпай, бири эшикте жүрсө, экинчиси үйдөн чыкпай калат. Кантип ымалаштырууну билишпей баланын ата-энеси маң, кокуйдун түйүнүн түшүнө алышпай кошуна-колоңдор таң. Мындай абалдан чыгалышпай эки жаш да араң жан.
Анан жайлоодогу бир түндү экөө акыйлашып отуруп уйкусуз атырышат. Таң үрүл-бүрүлдө күйөөсү сыртка чыкса, кыламык кар жаап, босогодон чыккан бир из сайга түшүп кетиптир. Кайра үйгө кирип, ыр-чыр дагы уланат:
– Эркектин изи экен. Ким келди эле?
– Жок, аялдыкы. Сен айт ким келгенин…
Экөө изди кууп барышса, бир чырканактын түбүнө кириптир. Кайра чыккан из жок. Экөө жарыша кыйкырышат:
– Сен кимсиң? Чык бери!
Үн-сөз жок, ың-жың…
– Чык деп жатпайбызбы. Ким болсоң да чык бери!
Үчүнчү жолу кыйкырышат:
– Чык деп жатабыз! Болбосо өрт коёбуз!
– Чыкпайм.
– Чыга бер. Деги сен кимсиң?
– Мен Ынтымакмын. Силердин үйгө турушка болбой калды. Кеттим эми силердин үйдөн. Силерде ынтымак калган жок, эми келбейм…»
Эки жаш аябай убада берип жатышып, Ынтымакты кетпеске араң көндүрүшөт…»
Ошондон кийин эки жаштын очогу кайра жанып, жашоосу мурдагысындай майкөл, сүткөл болуп оңолуп кеткен экен. Ушундан улам кыргыздар: «Ынтымак бар жерде – ырыс бар», «Ырыс алды – ынтымак» деп калышкан тура. Ынтымак болсо ырыс да болот, байлык да болот, бакыт да конот. Азыр деле аксакалдар түгүл жаш балдар да бир нерсени ынтымакташып тең бөлүшкүсү келишкенде: «Тең жегенди Теңирим сүйүптүр, кел тең бөлүшөлү», – деп калышат эмеспи. Бардык жакшылык өзөгү – ЫНТЫМАК да. Теңирим бизди ынтымагыбыздан айырбасын!…
Тогуз Тааттын жетинчиси – ТӨРТ АЧУУ
Алар: Өлүм, Кесел, Карылык, Жоктук.
Түшүндүрмө: Ачуунун эң катаалы – ӨЛҮМ. Өлүмдөн өткөн жоготуу болбойт. Тирүүлөрдүн өмүрү эптеп өтө берет, өлгөндүн эле өз шору дешет кыргыздар.
Ачуунун дагы бири – КЕСЕЛ. Кесел кимдин колун байлабайт, кимдин бутун тушабайт. Кары кеселдесе – мүшкүл иш, а жаш кеселдесе – өкүнүч да…
Ачуунун үчүнчүсү – КАРЫЛЫК. Ар бир тирүү жанга туш болор айныксыз энчи ушул. Мындан эч ким – байың да, кедейиң да, ханың да, кулуң да кыйгап өтө албайт. Акылың жеткенге – алың жетпейт, оюң жеткенге – колуң жетпейт. Жакшы карысаң ардакталасың, жаман карысаң наалатка каласың.
Төртүнчү ачуу – ЖОКТУК. Жок жолуңду кесет, колуңду бууйт, бутуңду тушайт. Ишиңди илгерилетпейт. Кептен кемтик, сөздөн жөнтүк кылат.
Тогуз Тааттын сегизинчиси – ТӨРТ ДОСУҢ
Алар: Акыл, Билим, Абийир жана Эмгек.
Түшүндүрмө: (1-2) Байыркы бабабыз Жусуп Баласагын мындан миң жыл мурун эле акыл менен билим туурасындагы оюн:
Окугандар акылдуу улук болор,
Билимдүүгө түгөнбөс байлык конор (154-кошсап) –
деген акыл-насаат менен баштайт да анан:
Акылды карызга да бербейт колго,
Акыл – бул Жараткандан тийген олжо. (1682-кошсап)
Адамзат бир акылдан башкаларды,
Үйрөнүп окуу менен билип алды (1683-кошсап), –
деп өз оюн толуктайт. Андан ары бабабыз бул түшүнүктү улам чечмелеп отуруп акырында:
Окуу сага билимди берет экен,
Акыл-эсти кошо албайт анткен менен.
А акыл Теңир өзү сага берген,
Күч алат, тазаланат окуу менен (1827–1828-кошсап) –
деп өз оюн биротоло бекемдейт. Улуу ойчул, даанышман бабабыздын айткандарын чечмелеп отуруунун кажети жок го. Мындан так, мындан даана айтуу мүмкүн эмес. Бир гана кошумча бар: билимдүү деп кимди айтабыз? Мурун кимдерди билимдүү деген, азыр кимдерди билимдүү дейбиз?
Дагы да бабабыз Баласагындын өзүнө кайрылалы:
Кичүүдө адеп, улуунун билими жок,
Акылдуу аз, ааламда наадандар көп (6469-кошсап).
Зыярат жай аз эле, сыйынган көп,
Зыярат жай көбөйдү, сыйынган жок (6477-кошсап) –
дейт ал.
Ойчул бабабыз эмнени айтып жатканы түшүнүктүү го. Ал өз замандаштарынын чөнтөктөрүндөгү дипломдорунун жоктугуна кейип жатпаса керек. Элдик нарк-насилдин, каада-салттын унутулуп баратканына жүрөгү ооруп жатат окшобойбу. Ошол мындан миң жыл мурун да, азыр – бүгүнкү күнү деле адамдын билими чөнтөгүндөгү диплому менен ченелбеген экен. Адамдын абийири, кишилиги, акыйкаттыгы, каада-салтты, нарк-насилди туура сактап, ошого ченеп иш кылгандыгы менен ченелген тура.
Бүгүн деле айыл ичиндеги нарктуу, калыс аксакалды (мейли ал жогорку окуу жайын, а түгүл орто мектепти да бүтпөгөн болсун) билимдүү, жөн билги киши дейбиз го. Колунда үч-төрт жогорку окуу жайын бүткөндүгү тууралуу диплому бар туруп, коомго жат иш кылгандар арабызда азбы? Ошолорду билимдүүлөр деп айта алабызбы? Албетте, жок.
(3-4) Эми ушул эле даанышман бабабыздын абийир, эмгек туурасындагы айткан акылман сөздөрүнө ой токтотолу:
Абийири бар адамдар бийик келет,
Абийирдүү иш эң таза, сүттөй делет.
Жараткан кимге абийир, берсе уят,
Андайга сансыз байлык сыйлык кылат.
Жаман иштен сактаса – абийир сактайт,
Жакшы ишке баштаса – абийир баштайт»
(2006–2008-кошсаптар).
Абийир дегенде биз акыйкаттыкты, чынчылдыкты, калыстыкты, токтоолукту, сабырдуулукту, мыйзамды так сактоону, ак жүрүүнү түшүнөбүз. А мындай сапаттар ар бир жакшы адамдарды жандаган касиеттер да, жакшы адамдардын жан досу да. Андай достуу киши ар кандай калпыс иштен алыс, ар иште калыс болот…
Токтоолук, сабырдуулук туурасында эл ичинде мындай дагы бир болмуш айтылат:
«Бир айылда Көктөм, Өктөм аттуу эки сулуу кыздар бар экен. Экөө тең айылдагы Калыс деген акылдуу, токтоо жигитти жакшы көрүшөт. Жигит да биринен бири өткөн сулуу эки кыздын кимисине үйлөнөрүн билбейт. Ошол арада жигитке бир аксакал киши кеңеш берет экен:
– Башыңды оорутпай эки кыздын колдоруна бирдей суу толтурулган эки чайнек бер. Экөө бир маалда отко коюшсун. Анан экөөнүн кимисинин чайнеги мурун кайнаса ошого үйлөнө бер.
Калыс ошону эп көрүп, эки кыз чайнектерин бир маалда отко коюшат. Көктөм токтоолук кылып камырабай от жага берет. Өктөм болсо кайнап кетпеди бекен деп чайнекти улам ачып карап турат. Сабырдуу кыз Көктөмдүн чайнеги биринчи кайнап Калыс ошол кызга үйлөнүптүр. Өктөм чайнекти улам ачып буусун чыгара бергендиктен чайнеги кеч кайнап, сүйгөнүнө жетпей калыптыр».
Ошондон кийин эл ичинде: «Сабырдын түбү – сары алтын» деген кеп калган экен.
Акылман Жусуп Баласагын бабабыз дагы айтат:
Бир нерсеге көп эмгек калсаң жумшап,
Ошол нерсе сүйкүмдүү, сага кымбат.
(2839-кошсап)
Жашоо эмес, өмүрдө оор эмгек,
Эмгексиз өткөн өмүр текке кетмек.
(2841-кошсап)
Өмүр өтсө кайгырбайт адам өзү,
Бошко кеткен өмүрүң өкүнүчтүү.
(2842-кошсап)
Мына эмгектин баа-баркы, асыл наркы. Ушул төртөө менен дос болгон, ушул төртөөнү пир туткан киши эч качан кем болбойт. Аны Көк Теңир колдоп, үзүлгөнү уланып, тосулганы бүтөлүп турат. Жакшылык жолу улана берет. Байыртадан бабаларыбыз ушуга үйрөтүшкөн. Сен да, Теңир пендеси, уул-кыздарыңа үйрөтө жүр…
Тогуз Тааттын тогузунчусу – ТӨРТ КАСЫҢ
Алар: Жалкоолук, Ач көздүк, Уурулук, Кошоматчылык.
Түшүндүрмө: 1) жалкоолук – адамдагы эң чоң кемчилик.
Элибиз айтат: Жалкоону – кашаңдык, шалаакылык, ыкшоолук коштоп жүрөт.
Кашаңдын иши арыбайт, жалкоонун өзү жарыбайт.
Жалкоого иш да жок, татытып ичээрге туз да жок.
Жалкоодо шылтоо көп.
Жалкоолук – акылсыздыктын белгиси, акылсыздык – жалкоонун чын жүзү.
Ыкшоо адам – мунжудан жаман, колунан иш чыкпайт, айткан акылды укпайт.
Шалаакы адам – уйкучу. Көп уктаган көп ырыскыдан куру калат.
2) Ач көздүк – ач көз дүнүйөкор келет, көрүнгөндүн дүнүйөсүнө көз арта берет.
Ач көздүн өзү тойсо да көзү тойбойт.
Ач көздүн ичи тар, ичи тарга кең дүйнө да тар көрүнөт.
Ач көз менен сараң бир тууган, суу куйсаң да ажырашпайт.
Ач көздүк – уурулукту жаратат, уурулук – кутумдукту таратат.
3) Уурулук: уурунун жолу кууш, кең дүйнөгө батпай турат.
Ууру койдум дебейт, соргок тойдум дебейт.
Уурунун атасы – ич тардык, энеси – ач көздүк, жолдошу – түн.
4) Кошоматчылык: кошоматчынын жүзү экөө – бири күлүп турат, бири ыйлап турат.
Кошоматчынын көксөгөнү – мансап, издегени – жан пайдасы, жасаганы – жамандык.
– Булардан алыс бол, – дейт Көк Теңир. Буларга жакындагандар Теңирдин каарына калат, калың элден каргыш табат…
Теңир дагы айтат:
Төрт касыңдан тышкары дагы ар пенденин ар бир кадамын өз абийир сотуна салып таразалап, ар бир аракетин туура жасап, адамкерчиликтен тайбай жүрүүгө өзүн өзү тарбиялап, жосунсуз жоруктардан алыстап качып, ак жолго басып жүрө турган тогуз кемчилиги бар, ар бир пенде аларды билип алганы жөн. Алар:
Кайдыгерлик – бул айланадагы, коомдогу болуп жаткан өзгөрүштөрдөн алыс болуп эртеңки, келечекки эл турмушуна, өз турмушуна кош көңүл кароо.
Чечкинсиздик – бул коомдогу абалга же жакын адамдарынын кыйчалыш тагдырына үмүтсүз карап, аларга кол кабыш кылуудан алыс болууга аракет кылуу.
Сараңдык – бул адам баласы чалдыккан оор кесепет, сараң адам жакынына да жарым тыйын чыгарбайт. Өз напсисин жеңип, чечкиндүү кадам таштаган адам гана мындай кеселинен арыла алат.
Өзүмчүлдүк – бул пас адамдын жосунсуз жоругу. Андан аны өз абийир соту гана куткара алат.
Ич тардык – бул адамдагы жеке жат жосун, бирөөнүн же кошуна-колоңдорунун ийгилигин көрө албагандык, ич күйдүлүк. Мындай адамды кыргыздар: «Ичине таруу айланбаган киши» – деп коёт.
Билимсиздик – бул өз элиңдин тутунган нарк-насилинен, каада-салтынан, үрп-адатынан алыстагандык, адашкандык, элибиздин тутунуп келген калыс, ак жолунан тайгандык.
Абийирсиздик – бул жалпы элдин, кошуна-колоңдоруңдун көйгөйүнөн өз кызыкчылыгыңды жогору коюп, абийир сотун аттап кетүү. Аны элден жашырсаң да – өзүңдөн жашыра албайсың.
Ээрчимелик – бул эрки жоктук, өз жолун таба албай бирөөлөрдүн жолуна түшкөндүк, бөтөн жолду ээрчип, чоочун жолго баш ургандык.
Адашкандык – бул кайда багыт аларын билбей башы маң болгондук же билип-билбей өз ата-бабаларынын жолунан тайгандык, башка элдердин жолуна түшүп кеткендик. Муну ата-бабалар арбактарына кыянатчылык, чыккынчылык катары бааласа да болот. Бул Теңир жолунан тайгандыкка тете келет.
Ушунун баары кишиликке кас, тескери касиеттер. Бул кемчиликтерден арылуунун ачкычы сенин өз колуңда. Ата-баба жолунан адашпа, Көк Теңир пендеси!…
4-БӨЛҮК
Тогуз Таат жөлөгү – Отуз Огожо
Түшүндүрмө: Огожо мааниси – тирек (подпорка). Отуз Огожо – тогуз тааттын тиреги. Огожо дуваларын эсиңе тутуп, учуру менен Уңгу дувага кошуп же өзүнчө деле кайталай жүрсөң Көк Теңир сенден жөлөгүн аябайт. Кыйшайсаң – таяйт, жыгылсаң – жөлөйт.
Бир Улук Огожо дувасы – Улук Теңир.
1. Бир Улук Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Эгем, өкүмү зор Көкө Теңир, өзүңдөн жашоо – тирлик, өлүм – өмүр. Өзүңдөн көктө Күн, Ай, сансыз жылдыз, өзүңдөн таңкы жарык, кечки иңир…
Өзүңдөн өмүр алып жаралганбыз, баарыбыз: миң-сан маклук, жандуу-жансыз. Эсирип кээде чеки кетсек дагы, эркиңден эч убакта чыгалбайбыз.
Баарыбыз амириңе моюн сундук, Теңир – зор, Теңир – күчтүү, Теңир – улук. Жакының, колдоочуң да Улуу Теңир, биз билген, биз тутунган улуу Чындык!
Дал ушул зор Чындыкка моюн сундук, Көк Теңир бир өзүңө бизден кулдук! Элге да, Жерге да, тоого да, түзгө да, талаага да, мээримиңди аяба баарыбызга.
Элге-жерге кут төгө көр,
Тилегендин тилегин бер.
Эл аман, эл ичинде биз аман бололук, О-мий-ин!
Түшүндүрмө: Бир Улук Огожо дуваны өз алдынча да, алгачкы уңгу дува-айтымга кошуп да айта берсе болот. Ар пенде Теңирден сураар тилектерин таза пейилден кошуп айтса, Көк Теңир тилегендин тилегин берет. Теңир ак дилден сурансаң, абийириң таза болсо – тилегиңди кабыл кылат.
О, пенде, пейлиңди тазалап, жолуңду ачып ал…
Кыска өмүрдө көңүлүңдү кирдетпе, Теңир пендеси!…
Эки бийик Огожо дувалары – Ата Журт, бир боор Эл.
2 (1) Бийик – Ата Журт Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир!
Ыйык Жерим, Ата Журтум балаңмын мен, өзүңдөн өлгөндө да бөлүнбөгөн. Өзүңө тамган болчу киндик каным, өз койнуңа кошулам чыкса жаным.
Жашоого керегимди сенден алам, издесем керегимди сенден табам. Бир сенсиң жүрөктөгү бийик сезим, сен гана бар жүгүмдү көтөрөсүң.
О, Көк Теңир!
Жерибизге береке бер.
Ата Журтка камкордук көр.
Куюндаган желден сакта.
Кургуйлаган селден сакта.
Басып кирген жоодон сакта,
Балаасы көп доодон сакта.
Жер аман болсун,
Жер үстүндө эл аман болсун!
Эл ичинде биз аман бололук.
Омийин!
Түшүндүрмө: Эки бийиктин бири – Тууган жер Огожо дувасы үчүн күн мезгили жок. Күндүз да, түндө да, таңда да, кечте да айта берсе болот. Улук дувадан кийин кошуп айтса да сообу артык келет.
Киндик каның тамган жерден ыйык жер жок. Тууган Жердин топурагы – алтын! Сен кайда жүрбө, кайда барба – баары бир төрөлгөн Жердин деми, жылуулугу жадыңдан чыкпайт, элеси сени менен туруп, сени менен уктайт.
Жерин сүйбөгөн эр болбойт, жерин сүйгөн кем болбойт.
Эл Жерди багат, Жер элди багат!
Бар байлыкты Жер берет, бапасын эл көрөт.
Тууган жер сезими – Туудан бийик!
2 (2) Бийик – Эл Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир! Ата Журт, тууган элим, кубатым-күчүм менин. Эл барда кулачым кең, тууган эл жүзүм менин!
Жүзүм жарык болсун. Элиме бакыт-кут консун!
Эл ичи бөксөрбөсүн.
Көк Теңир – улук.
Теңир жараткан эл – бийик.
Элден нарк-насил кетпесин!
Каада-салт байырлап, ынтымактын дарагы көктөсүн.
Эрден өткөн бар, элден өткөн жок. Эл ыйык да, эл бийик да.
О, тууган эл!
Канат-куйругуң узарып, кулачың кеңисин, кырманыңа дан
батпай, малга толсун өрүшүң!
Эл аман болсун, эл ичинде биз аман бололук!
Омийин!
Түшүндүрмө: Көк Теңир алгачында Ааламды, андан соң Жерди, андан кийин Жер үстүнө элди, калган сансыз макулуктарды жараткан. Түбү чексиз көк асман астында, төшү түктүү кара жер үстүндө жашаган Адам – Теңирдин сүймөнчүгү. Ошондон адамга акыл-эс, аң-сезим, айтарга тил берген. Адам үчүн кам көргөн. Көк Теңир үчүн өзү жараткан бардык эл бирдей, бирин жакын, башкаларын чоочун көрбөйт. Биринин тилин меники, башкалардыкын бөтөн дебейт. Ар бир элге өзүнчө жай, өзүнчө тил берген. Ар бир элдин тилеген-тилегин ошол өзү берген тилде, өзү ыроологон нарк-насилде кабыл алат. Ар бир элдин уул-кызы Көк Теңир жараткан элдин кулуну болуп төрөлүп, ошол эл болуп жашап, чын дүйнөгө өткөндө ошол элдин ырым-жырымы, салт-санаасы менен узайт. Башкача болгону адашуу, бөтөн жолго түшүү, Көк Теңир алдында күнөөгө батканга тете болуп калат. Бөтөн жол Теңир жолун танганга барабар.
Элим деген пенде эл огожосун унутпайт. Ар мезгилде, ар кандай шартта оозунан түшүрбөй айта жүрөт. Бирөө кайтыш болсо– «бир боорум» деп өкүрөт, бирөө эл-жер үчүн эрдик жасап атак-даңк алса «боордошум» деп сүйүнөт.
Көк Теңир жараткан Жер, жер үстүн байырлаган Эл бийик.
Эл тамыры – Жер менен,
Эр тамыры – Эл менен.
Баарын берген – Теңир.
Баарынан баалуусу – Өмүр.
Теңир пендеси – Адам төрөлөт, жетилет, өлөт. А адамзат жолу чексиз. Эл өмүрү – Теңир берген белектир, Көк Теңирди да, Жерди да, жерди байырлаган Элди да, сага өмүр берген ата-энеңди да сыйлоону көкүрөгүңөн кетирбей, жадыңдан өчүрбөй жүр…
Теңир пендеси–сенин башкы милдеттериңдин бири ушудур…
3. Үч күлүк Огожо дувалары: Мезгил, Ой, Жел.
3 (1) Огожо Мезгил дувасы – Ырайымдуу, кечиримдүү боорукер, Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, Убакыт-мезгил деген, карматпас күлүк белем. Теңирдин эрки менен, жарышып жашап келем.
О, Теңир!
Мезгилди күлүк кылдың,
Күлүктү кууган үмүт кылдың.
Бардыгын кынап койгон,
Күчүңө кулдук урдум.
О, Көк Теңир,
Убакыт учкул экен,
Куусаң да жеткирбеген.
Өзүңө тооп кылып,
Өмүрдү өтөп келем!
Убакыт уча берсин, эл-жерим өсүп-өнсүн.
Теңирим жалпы элге акыйкат, теңдик берсин.
Омийин!…
Түшүндүрмө: Мезгил – күлүк. Мезгил – чексиз. Көк Теңир мезгилди ошондой жараткан. Тоссоң – карматпайт, куусаң – жеткирбейт, токтосоң – туруп турбайт, качсаң – жаныңдан калбайт. Өз жолун уланта берет… Мезгил жолу узак, түбөлүктүү. Мезгилди ченеп болбойт…
Мезгил дувасы үчүн атайын убакыт берилбеген. Аны ар бир пенде ыңгайы келгенде айта берсе болот.
Көк Теңир ар пенденин бардык учурдагы тилегин эске алат. Адал тилегин кабыл кылат. Арам тилек пендесин Теңир өзүнөн алыстатат. Андай пенденин тилеги кабыл болбойт.
Пейилиңер ак, тилегиңер таза болсун. Көк Теңир тилегиңерди кабыл кылсын, момун пенделер!…
3 (2) Огожо Ой дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, мен пендең Теңир деген, медер тутуп өзүңдү жашап келем. Ой бердиң, ой жорууга акыл бердиң, ошондон бир өзүңө көңүл бөлдүм.
Билемин, мага берген оюң күлүк,
Ой түбүнө жетпедим кууп жүрүп…
Мен ойду кууп келем,
ой мени кууп жүрөт.
Ой артынан ой келет.
Оң жол нугун ой берет.
О, Көк Теңир бер көмөк,
Ойго батсам бол жөлөк.
Эрте туруп мен бүгүн,
Жаман ойдон алыстап,
Жакшы ойду ээрчийин,
О, Жараткан,
Омийин!
Түшүндүрмө: Ой – Көк Теңирдин адамга берген ажырагыс энчиси. Ойсуз адам болбойт. Ой Теңирдин пендесин ак жолго жетелейт, ара жолдо бөпөлөйт.
Ой – адамдын жандоочусу. Андан бөлүнө албайсың. Бассаң – жолуңда, турсаң – катарыңда, жатсаң – жаныңда. Ой менен акылдын жолу бир.
Ою таза, жүрөгү ак адамдын жолу – ачык, колу – таза, жашоосу – жарык, максаты – анык, тапканы – адал.
Ою жаман адамдын жолу – тар, колу – кир, тапканы – арам. Андайларга Көк Теңирден колдоо болбойт…
Адамдын башка макулуктардан айырмасы – анын ойлоно алгандыгында. Оюңду акка буруп, жолуңду тазарта жүр, көрпенде!..
Ар кадамың үчүн жооп берчү кезек келерин унутпа…
3 (3) Огожо Жел дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, пендем деп кам көрдүң, дем алганга жел бердиң. Желсиз кантип күн көрдүм.
Желиңден дем алам,
Энчимден жеп алам,
Теңирди туу тутуп,
Дилимде карманам.
Бороонсуз жел болсун,
Боорукер эл болсун.
Ынтымак дос болуп,
Көк Теңирим дем болсун!
Жериме тынчтык орносун, элимде бүлүк болбосун.
Таатым – дилимде, огожом – оозумда, тобоом – тилимде болсун,
Омийин!
Түшүндүрмө: Огожо Жел дувасы күндүн ар маалында айтыла берет. Жел батыштан келет, жел чыгыштан келет. Бороонсуз жел мээримдүү болот, мээримдүү желди Теңирим берет. Жел аба делет.
Аба менен адам да, жан-жаныбарлар да дем алып, бак-дарактар, ар түркүн гүлдөр, чөптөр жутат.
Адамдар Теңирге ыраазычылыгын айтып, гүлдөр-чөптөр атыр жыттарын аңкытат. Көк Теңирдин кудуретин даңктап желге термелишет.
Бак ичиндеги канаттуулар Теңирди даңктап сайрашат.
Теңирдин кудуретине моюн сунуу ар пенденин милдети…
Теңир – көрөгөч, Теңирди көрбөйт, Теңирди билбейт дебе. Дайыма Теңирге пейилиң түз болсун… Пейли ак адамдын ишин Көк Теңир так кылат, оң жолго бурат…
4. Төрт ыйык Огожо дувалары – Суу, От, Нан, Туз.
4 (1) Ыйык Суу Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, сен берген сууң ыйык, жүз чайкаймын суу менен эрте туруп… Суусунумду кандырам ичкен сайын, жашоо-күнүм жакшырып, көңүл тынып…
О, Көк Теңир, суу жараттың тирүүлөргө, ичсин деп жан-жаныбар баары мүлдө. Сууну мен нан, туз, отко тете көрөм, ыйыктыгын урматтап, сыйлайм күндө.
Суу – өмүр, сууну берген өзүң – Теңир, суу сыйлаган зор болот – билген жөндүр. Суу жеткен жер – гүл болот, билем аны, суусуз жашоо токтолот – билет баары.
Суу ташыса кыян жүрөт – жаалы күчтүү, ал апааттан, О, Теңир, сакта бизди.
Бой бербеген селден сакта!
Бороон-чапкын желден сакта!
Жанга баткан жалаадан сакта!
Баш бербеген балаадан сакта!
Омийин!
Түшүндүрмө: Ыйык суу Огожо дувасы эртеби-кечпи кол жууп, жүз чайкаганда, агылган сууну байкаганда, чайнектин суусу кайнаганда, булактын суусун ичкенде, арыктан аттап өткөндө, дайранын суусун кечкенде, дабырап жамгыр төккөндө айтыла берчү ачык, жандуу айтым.
Ыйык суу дува-айтымы так, шыдыр айтууну талап кылбайт. Ар бир Теңир пендеси көңүлүндөгү ой-тилегин, каалоосун өз билгениндей үн чыгарып да, ичинен кайрып да айта берсе болот. Эң башкысы, ар бир айткан каалооң ак дилден, таза көңүлдөн чыккандай болсун.
Көк Теңир баарын угат… Жүрөктөн чыккан бардык тилекти кабыл кылат. Көк Теңирге сыйынып дува кылууда тилдин тактыгы эмес – дилдин актыгы керек.
Көк Теңир ичи-иши таза пендесинин тилегин кабылдайт.
Ак дилден айтылса, күнөөсүн кечирет…
4 (2) Ыйык От Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер, Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, от бердиң жылынганга, отто – күч, отто – жарык, кубат анда. От менен биздин жашоо бирге жүрөт, от үчүн урмат айтам Жаратканга!
Билемин, от менен өрт өзөгү бир, өрт кетсе, баары күйүп бүтөт өмүр. От болсун жашоо берген, өрт болбосун, өрттөн сакта эл-жерди Улуу Теңир?!
Оту өчпөсүн аш бышкан кемегемдин, дасторкону кең болсун тууган элдин. Төрт тарабы төп болуп Ата Журтум, көтөргөн Кызыл Туусу көкөлөсүн!
О, Көк Теңир!
Жалындаган өрттөн сакта!
Жан күйгүзгөн кектен сакта!
Эл-жерден жик кетпесин!
Эшик-төрдөн кут кетпесин!
Эл аман болсун, эл ичинде биз аман бололук.
Омийин!
Түшүндүрмө: Ыйык От Огожо дувасы да эртели-кеч ыңгайы келген сайын айтыла бере турган ачык айтым. Бул айтымга да чек коюлбайт, бир белгилүү убакыт берилбейт.
Очокко отун саларда, тулгага казан асып, от жагарда, бышкан ашты тулгадан аларда, очокту өчүрүп уйкуга жатарда да айтыла бере турган жалпыга бирдей ачык айтым. Бул айтымды көбүнчө аял кишилер көбүрөөк айтышат. Анткени очок отуна ошолор жакын.
4 (3) Ыйык Нан Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү боорукер, Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, ооз тийген нанымды бир өзүңө багыштайм, бүгүн-эртең келчү күндү бир өзүңө табыштайм. Эл ырысы кемибесин, Эге болуп колдо өзүң.
Өзүң берген ырыскы нан,
баарыбызга ыйык абдан.
Нансыз өмүр жок.
Нан болсо, пейлим ток.
Береке арбын болсун.
Дасторкон нанга толсун!
Ырыскыбыз кемибесин,
Эл-журтубуз өсүп-өнсүн.
Омийин!
Түшүндүрмө: Ыйык Нан Огожо дувасы дасторкон алдыга жайылган сайын, тамактан алгач ооз тиерде айтыла турган туруктуу айтым. Бул айтымды дасторкондогулардын эң аксакалы айтат. Айтып жаткан адам Көк Теңирге деген каалоо-тилегин кошумчалап айта берсе болот.
Кыска же узактыгына чектөө жок.
Жалаң аял кишилер отурган дасторкондо Огожо ыйык Нан дува айтымы жашы улуу байбиченин айтаар укугуна кирет.
Көк Теңирден сураган тилегиңер кабыл болсун, Теңирдин момун пенделери!…
4 (4) Ыйык Туз Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Көк Теңир, тамагыма туз кошуп даам бердиң, ал энчиңдин үзүрүн көрүп келдим. Күндө да, түндө дагы кыйшаюусуз, өзүңдүн ак жолуңа муюп көндүм.
Ичер суу, татар тузум кемитпегин, бир сенин ыйык жолуң көксөгөнүм. Жолум түз, пейилимди ак кыла көр, тилегим, максатым да ушул менин.
О, Көк Теңир, сен Жараткан, сен Эгемсиң, Эгеме – Теңириме берилгемин.
Пендеңе камкордук көр,
Ичер суу, татар тузум кемибесин,
Тууган эл, урук-тукум өсүп-өнсүн.
Көк Теңирим тилегендин тилегин берсин!
Омийин!…
Түшүндүрмө: Тамактын даамы туз. Туз Жараткандын макулуктарына берген ырыскысынын бири. Ыйык туз огожо дувасы көбүнчө казандагы ашка туз саларда казан башында же алдыга келген даамды оозго аларда дасторкон үстүндө айтылат.
Тузсуз тамакты сыркоо ичет.
Тузду адам да, мал да, жан-жаныбарлардын баары татат.
Туз сөөктү бекемдеп, ашказанга азык берет…
Ошондуктан кыргыздар «Алысты жакын кылган – кыз, тамакты даамдуу кылган – туз» дешет.
5. Төрт ысык Огожо дувасы – сени тапкан Ата-Энең, сүйүп алган Жарың, Теңир берген Уул-кызың жана маңдай териң менен тапкан менчик – Оттуу очок, Мал-мүлкүң.
5 (1) Ата-Эне Огожо дувасы: (Уул айтат) Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, улук Жаратканым, урмат саган, күнүмдүк өмүр-жашоо сенден алам. Андан соң жанга ысык атам-энем, экөөнүн баскан жолун улап келем.
Атам менен эл таанып, жер тааныдым, энем менен адамдык таалим алдым. Экөөнөн нарк-насилге, каада-салтка, үрп-адатка үйрөнүп толук кандым.
Ата-энемди аман кыл,
Элге бардар заман кыл.
Камкордукка алайын,
Урмат кылып багайын.
Атам-энем таалайым!
Омийин!
(Кыз айтат) Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, улук Жаратканым, урмат саган, күнүмдүк өмүр-жашоо сенден алам. Андан соң жанга ысык атам-энем, экөөнүн баскан жолун улап келем.
Ата акылы – жадымда,
Эне акылы – эсимде.
Эл учугун уламай,
Энелик милдет – өзүмдө.
Ата-энемди аман кыл,
Элге бардар заман кыл.
Уул-кыздар төрөйүн,
Кызмат кылып урматтап,
Карызымды төлөйүн,
Мээримимди төгөйүн.
Омийин!
Түшүндүрмө: Ата-эне дувалары жалпыга жарыя айтылчу тилек эмес. Ал ар бир уул-кыздын көкүрөгүндөгү ата-энесине болгон ыраазылыгы, сыйы, урматы. Атанын акылына, эненин мээримине ширелген ички сезими.
Ар бир уул-кыз өз сезимин ичинен кайталап айта берсе болот.
Сый-урмат сөздөн эмес, иштен, мамиледен сезилсин.
Ата-энеге камкордук сөздөн эмес, иштен көрүнсүн.
Көк Теңир баарын көрүп-билип турат.
Уул менен кызга өз балдарынан ошондой мамилени энчи кылат.
Ата-энени сый-урматтан калтырбагыла, Көк Теңир пенделери…
5 (2) Сүйгөн Жар Огожо дувасы (эркек да, аял да айта берет):
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, өзүмө көңүл арткан жарды бердиң, жанаша өмүрүмдү сүрүп келдим. Жараткан, өзүң берген ырайымдан, мончоктой уул менен кыздар көрдүм.
Уул-кызга өмүр бер,
Келечегин кенен көр.
Ден соолук болсун жарымда,
Дем болуп жүрсүн жанымда.
Жолдош болсун абийири,
Узун болсун өмүрү,
Чөкпөй жүрсүн көңүлү,
Омийин!…
Түшүндүрмө: Сүйгөн Жар дувасы эркекке да, ургаачыга да бирдей.
Ар бир эркектин да, аялдын да эң жакын адамы сүйгөн жары. Ошондон кыргыздар аялды адамдын ички органдарын калкалап сактап жүргөн кабыргага теңешет. Анткени аялдар өз үйүнүн жылуулугун, уул-кыздарынын келечегин, үйдүн тазалыгын, үй-бүлөнүн бекемдигин, деги бардыгын ар кандай кырсыктардан сактап жүрүшөт. Ошондон кыргыздар өз ара үй-бүлөгө тиешелүү кандайдыр бир маселе жаралганда: «Кабыргаң менен кеңештиң беле?» – деп сурашат. Бул аялың менен акылдаштың беле дегендик, кыргыз коомундагы аялдын ордунун маанилүү экендигинин далили. Аял да, эркек да Теңир пендеси, аялды эркектин кабыргасынан (кайсы кабыргадан: сүбөдөнбү, майлуу же кара кабыргаларданбы, оң, сол ныптадагы кабыргалар деле өз орундарында го?) жаралган дегендик – калпыс түшүнүк, аял кишини басынтуу болуп калат.
Бул дува күндүз да, түндө да, таңда да, кечте да өз теңине карата айтыла берет. Бул айтымды үн чыгарып жалпыга жарыя айтпайт. Ичтен кайталоо жетиштүү.
Көк Теңир угуп-билип турат. Ак пейилден айтылган тилекти кабыл кылат.
5 (3) Уул-кыз Огожо дувасы (Ата-эне айтат):
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, ыраазымын мээримиңе, миң мертебе кайталайм алкышымды ар бир күндө. Тилеген тилегимди түгөл бердиң, Эл катары эсирбей жашап келдим. Өмүрдө өбөк-жөлөк боло турган, очор-бачар уул менен кыздар көрдүм.
Балдарымды намыстуу кыл,
Кыздарымды абийирдүү кыл.
Улууларды урмат кылсын,
Кичүүлөрдү сыйлап турсун.
Өз элинен бөлүнбөсүн,
Өзүм дебей – элим десин,
Калың калктын камын жесин!
Омийин!…
Түшүндүрмө: Уул-кыз Огожо дувасы – ар бир ата-эненин оозундагы дайыма айтыла келген, ар кимдин ичинен чыккан сезимине, ар кимдин Теңир оозуна сала берген сөзүнө жараша ар кандай кошумчаларга кабылып, узун-кыска болуп, өзгөрүүгө дуушар боло берчү жандуу айтым.
Бул айтым үчүн да мерчемделген убакыт жок. Ата-эне уулун же кызын көргөндө, болбосо уулунун же кызынын жакшы иш-аракетин көзү чалганда, эл оозунан колдоо укканда ыраазылык билдирүү иретинде айтыла берет.
Көк Теңир уул-кыздарыбызга абийир берип, дайыма жакшылык жолуна буруп жүрсүн. Нарк-насил, каада-салтты толук билсин.
Карын эмес, калк камын ойлоп жүрсүн!.. Калк учугун улай берсин!..
5 (4) Оттуу очок, мал-мүлк Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, мээримиңден түндүгүм ачык болду, береке, ырыс-кешик үйгө толду. Казанымда толтура даам кайнап, Эшик-төрүм күлкү-шаң базар болду.
Очогумдун оту өчпөдү,
Тулгамдан казаным түшпөдү.
Короомдон төрт түлүк кетпеди.
Багымда бакыттын дарагы көктөдү.
Ыраазымын энчиңе мага берген, кулдук урам өзүңө ак пейилден. Суранарым ушуну кут кыла көр, пендеңин өтүнгөнүн өтөп, тилеген тилегин бер, Омийин!
Түшүндүрмө: Оттуу очок, мал-мүлк Огожо дубасы – ар бир пенде эрте таңда, кечинде төрдө отуруп Көк Теңирге багыштап айта бере турган өтмө айтым.
Муну ар пенде өзүнчө, өз шартына жараша айтат. Колунда барлар болгонун кут кылсын дешсе, колунда жоктор тилегин айтат. Көк Теңир ак пейил пендесинин тилегин кабыл кылат.
Көк Теңирдин кудурети күчтүү. Барды жок кылган да өзү, жокту бар кылган да өзү.
Пейили түз, дили ак адамдын каалаганы кабыл болуп, тилеген тилеги орундалат. Көк Теңирден үмүтүңдү үзбө, момун пенде!…
6 . Төрт таттуу Огожо дувалары: Өмүр, Үмүт, Чындык, Ынтымак.
6 (1) Өмүр Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, пендем деп өмүр берген, жакшылыктын бардыгын сенден көргөм. Күнөө кылсам жашоодо кокус билбей, кечире көр, күнөөкөр менмин пендең.
Баарынан өмүр таттуу – билем аны, жашаар күндү узак кыл – сурайм дагы… Өлгөнчө ой-дилимди таза кармап, өтөйүн өмүрүмдү өзүңө арнап…
Өзүңө тооп кылам,
Өмүр бер узагынан…
Алыс кыл азырынча,
Ажалдын тузагынан…
Дилимде–Көкө Теңир,
Тилегеним–узак өмүр…
Омийин!..
Түшүндүрмө: Өмүр Огожо дувасы – күндүн бардык убагында айтыла берчү эркин айтым. Ар пенденин ой-тилегине, сөз коруна, өмүр жолуна жараша кошумчаланып айтыла берет. Өмүр Огожо айтымы катып калган өзгөрүлбөс айтым эмес, бардык айтымдардагыдай эле чеги жок калыпка салынбаган эркин, жандуу айтым.
Көк Теңир пенделерине өмүр берсин!.. Тилеген тилегин кабыл кылсын!..
6 (2) Үмүт Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Жараткан, кудурети күчтүү Теңир, пендем деп бир кулуңа бердиң өмүр. Өчпөгөн учкул үмүт кошо бердиң, үмүтүмдү кубалап жашап келдим.
Өчүрбө үмүтүмдү жетелеген, Көк Теңирди туу туткан пендең элем. Таза болсун үмүтүм, тилегим да, ак жашоону Эгемден сурап келем.
О, Көк Теңир,
Улайын өмүр көчүн,
Татаар тузум кемибесин,
Алдыга үмүт коштоп,
Ак жолго жетелесин,
Теңир жолун тутам өзүм,
Омийин!…
Түшүндүрмө: Үмүт Огожо дувасы – ар пенденин тилегине, үмүтүнө жараша узун да, кыска да боло турган Күндүн ар мезгилинде ар пенденин каалоосу менен айтыла берчү эркин айтым.
Үмүттүн чеги жок. Үмтөтүү күнөө эмес, үмүттү өчүрүү күнөө.
Үмүт пендени бардык учурда коштоп жүрөт.
Үмүтү жоктун – келечеги жок. Пенденин үмүтү үзүлбөсүн!
Көк Теңир абийирдүү пенденин үмүтүн алдыга сүрөп турат.
Үмүтүңдү өчүрбө, Жараткандын пендеси.
6 (3) Чындык Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, бир өзүңө башымды ием, пендеңмин, пенделигим танбай жүрөм. Дагы бир танбас нерсем – ал ак Чындык, чындык үчүн суу кечип, отко күйөм.
Чындык барбы – көңүл ток, абийирим ак,
Чындык турса ачылат бардык тарап…
О, Көк Теңир, ак чындыктын курманымын,
Карманганым, тутканым – ушул талап!…
О, Көк Теңир,
Чындыктын жолун ачкын,
Чындыктан ар бир пендең ырыс тапсын.
Дилимди Теңирге арнайын,
Чындыктан танбайын…
Абийирим ак жолго,
Баштасын ар дайым,
Теңирдин бары – чындык,
Теңирдин жолу – чындык,
Чындыкты тутка кылдык!…
Чындыкка бекем турдук…
Омийин!…
Түшүндүрмө: Чындык Огожо дувасы – шартка жараша кандайдыр бир талаш-тартыш жараткан маселени чечүү алдында же ошол маселе чындыкка таянып чечилген соң айтылчу огожо айтым.
Чындык Огожо дува — айтымын адатта топтун аксакал адамы жарыя айтат. Отургандар жалпы бата кылышат. Бул чындыктан тайбаска ант берген менен барабар.
Бата тартылган соң чындык жолунан кайтууга болбойт. Андай адам Көк Теңирдин каарына калат. Бул жашоодо жолу кесилип, о дүйнөдө тозокко кабылат.
Чындык Көк Теңирдин оң колу – аны кармангандар бакыт табат.
Чындык менен калыстык – бир куржундун эки көзү.
Бир жак көзү кемиген куржун ооп калат. Андай учурда адамдан Адилеттик качып, чындык чыркырап күйүп кетет…
Чындык түнөгөн жай – жүрөк, жүрөгүң таза болсун, Жараткандын пендеси…
6 (4) Ынтымак Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, эгеси бүт Ааламдын, Сен берген каада-салтты карманамын. Ар иште абийир сотун ыйык тутуп, Өзүңө өмүрүмдү арнагамын!
О, Көк Теңир, элге ынтымак, ырыскы бер,
Бардар турмуш өтөсүн бардык элдер.
Элимдин каалаганын кабыл кылып,
Тилеген тилегине жеткизе көр.
Төрүбүзгө кут конуп,
Босогобузда ынтымактын дарагы бүрдөсүн.
Асылым тууган жериме,
Ак пейил жоомарт элиме,
Бөөдө кырсык кирбесин.
Ата Журтум гүлдөсүн!
Омийин!..
Түшүндүрмө: Ынтымак Огожо дувасы – ар бир үй-бүлөнүн ээси, мейли аксакал атасыбы, мейли ак элечек энесиби же жаңы кошулган жаш жубайларбы, кимиси болсо да өз очогуна, элине-жерине деген тилегин, көксөгөн оюн айта бере турган эркин айтым.
Бул дувага да чектөө жок. Ар ким сөз байлыгына, тилеген тилегине карата кошумчалап айта берет.
Ак дилден айтылган тилек орундалат.
Тилегиңер кабыл болсун, пенделер…
7. Төрт Ачуу Огожо дувалары: Өлүм, Кесел, Карылык, Жоктук.
7 (1) Өлүм алдындагы тазалануу дувасы (ыйман окуу, окутуу):
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, мен пендең Теңир деген, Теңир атын урматтап жашап келем. Ичер суум түгөнүп, өмүр бүтүп, беттешип, каршы келдим өлүм менен.
Өлүм ак, акка моюн сундум эми,
Кол сунуп колдой көргүн бир пендеңи.
Теңир деп жашап келдим,
Теңир деп күн өткөрдүм,
Абийирди бийик туттум,
Ак жолдон тайбай жүрдүм.
Өлүмгө моюн сунам,
өзүңдөн сурап турам,
Кол сунуп колдой көргүн,
Бейиштен орун бергин,
Омийин!
Түшүндүрмө: Өлүм алдындагы тазалануу дувасы – ар бир Теңир пендесинин өлүм алдындагы келтирчү дувасы, жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө тазаланып кирүүгө койгон акыркы кадамы. Арабда «ыйман окуу», орусчада «читать отходную» делинет. Ушул жерден байыркы Мисирдеги (Египеттеги) өлүм алдындагы тазалануу дувасын келтире кетейин, бул Мисирдеги байыркы жазуудагы накыл булактан алынган, Күндү кудай туткан мисирликтердин өлүм алдындагы келме-дувасы: «О, асмандагы ажайып жарык! Мага түбөлүктүү жайга кирүүгө, жогорку чын дүйнөдөгүлөрдүн арбактары (көлөкөлөрү) менен аралашып, алар менен бирге сен энең Нут менен бириккендеги таңкы жана кечки жарыгыңды көрүүгө рахым кылыңыз. Анан сен өз жүзүңдү батышка бурганда, уйкуга батып бараткан тоо артындагы жашоону даңктоо үчүн менин колдорум асманга сунулсун…» Бул Фараон Рамсес XIIнин атасынын акыркы өлүм алдындагы Күнгө карата келтирген дувасы. Мындагы дува менен азыркы расымдагы окшоштук талашсыз го.
Көк Теңир пендеси, акыл-эси барында тазалануу дуваны ушинтип өзү айткан, үн чыгарып же ичинен кайталаса да болот, а кокус, тазалануу дувасын өлүм алдындагы адамдын тилден калып, айтууга чамасы келбей калганда, аны ошол арадагы башка жакын туугандары же кары адамдардын бири да айта берсе болот. Тазалануу дувасы кесел кишинин ахыбалына жараша кыскартылып, аяккы төрт-беш айтымдарын кайталоо менен да чектелиши мүмкүн. Теңир түшүнөт, туят, кабыл алат. Болгону дуваны биринчи жак менен эмес, үчүнчү жак менен, о дүйнө өткөн адам үчүн өз атынан айтуусу абзел.
Мисалы, О, Көк Теңир, пендең эле Теңир деген, Теңир атын кайталап жашап келген. Ичер суусу түгөнүп, өмүр бүтүп, беттешип, каршы келди өлүм менен.
Өлүм ак, акка моюн сунду эми, кол сунуп колдой көргүн бир пендеңи.
Теңир деп жашап келди,
Теңир деп күн өткөрдү,
Абийирди бийик тутуп,
Ак жолдон тайбай жүрдү.
Пендең ысмы «…(уулу, кызы)…»,
Ажал келип өлүмгө моюн сунду.
Кол сунуп колдой көргүн,
Бейиштен орун бергин,
Омий-ин! –
деп айтып анан арам сууга ала берсе болот делет.
7 (2) Сөөктү үйүнөн чыгаргандагы Жаназа (Жан , аза ) дувасы:
Жаназаны алып баруучунун алгы сөзү: Кана, Көк Теңир пенделери! Бери жакындап, катарга тургула. Мына бүгүн дагы бир боордошубузду чын дүйнөгө узатып жатабыз. Теңир пендесинин энчиси ушул, жалган дүйнөгө жылаңач ыйлап келип, чын дүйнөгө ушинтип бала-бакырабызды, тууган-туушкандарыбызды, куда-досторубузду ыйлатып кайра жылаңач кетебиз. Өмүр бою жанын карч уруп, каржилигин казык кылып жыйнаган дүнүйөсү, тапкан мал-кели жалган дүйнөнүн мүлкү. Аларды чын дүйнөгө алып кете албайсың. Алар ар пенденин артында калат. Түбөлүктүү Теңир жолу ушундай! Теңиримдин бул жолунан эч ким буйтап кете албайт. Хан болобу, кул болобу, байбы-кедейби, эркекпи-аялбы – ар бир пенденин өмүр жолу ушул. Ушул жолдо пейилин Теңирине ак тутуп, Жараткандын жолунан чыкпай жүрүү ар бир пенденин мойнундагы парзы. Аны ак, так өтөө ар бир адамдын өмүр жолундагы ыйык милдети. Ыйык милдет ар бирибиздин жүрөктөрүбүздөн орун алсын.
Кана, эми Жаназа жолуна түшө берели…
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин!
О, Жараткан Көк Теңир!
О, Жараткан Көк Теңир!
О, Жараткан Көк Теңир!
Ар пендеге жашаарга бердиң өмүр.
Билебиз берген өмүр бизге карыз,
Ак өтөө ал өмүрдү бизге парыз.
(баланча уулу, кызы – ысмын атайт) пендең Теңир деп өмүр сүрдү,
Жашады аша чаппай пендең өңдүү.
Өмүрүн Теңирине арнап келди,
Өзүңдүн мээримиңден өсүп-өндү.
Мына эми,
Пендеңин чымын жаны аза болду,
Мына эми,
Пендеңин чымын жаны аза болду,
Мына эми,
Пендеңин чымын жаны аза болду.
Мээрим төгүп,
Бейишиңден орун бер сунуп колду.
– (Тургандарга үч жолу кайрылат) Теңир пенделери ………..(уулу, кызы)……. (ысмын атайт) кандай жан эле? (Үч жолу сурайт).
– Жакшы киши эле (жаназага тургандар айтат),
– Кимдин маркумда аласасы бар? (Үч жолу сурайт).
– Жок.
– Кимдин бересеси бар? (Үч жолу сурайт).
– Жок.
Аласа-бересесин уул-кыздары такташат.
Мына эми момун пендең жолу таза,
Мына эми момун пендең болду аза.
Жашоодо ак дил, калыс өмүр сүрдү,
О, Жараткан Көк Теңир,
О, Жараткан Көк Теңир,
О, Жараткан Көк Теңир!
Пендең жаны өз тууруна барып конду.
Пендеңдин жаназасы кабыл болсун,
Бейишиңден бере көр жайлуу орун.
Пендеңдин жаткан жайы БЕЙИШ болсун!
Омийин!
Түшүндүрмө: Жаназаны (Жаны азаны) сөөктү өз үйүнөн акыркы жолу чыгарып кывыланы (исламга чейинки, азыркы учурдагы деле кыргыз тектүү түрк элдеринин байыркы дүйнө таанымында кывыла батыш тарап) баштантып коюп, сөөктүн жакындарынын аксакал адамы же айылдын салтты-наркты билген, сөөк узатууну өткөрүп жүргөн, тажрыйбалуу жөн билги карыясы өткөрөт. Жаназага (жаны аза болду–бул нукура кыргыз сөзү – жаны азапка, суракка түштү, жаны көккө учуп кетти дегендик, араптарда «Тажия же Тасия» делет, мындан 6000 жыл мурунку Шумерлер калтырган чопо тактайчадагы жоктоо ырынын 20-сабында да «Улуу Теңир – Ра жанына аны тайылуу асар (асар, асманга көтөрөөр» делинип даана берилген) сөөктүн эң жакын адамдары, куда-сөөктөрү, достору, курбалдаш адамдары турушат. Жаны аза айтуунун башталышында жаназа айткан киши адам баласынын түбөлүктүү эместигин, төрөлгөн-өлөрүн, турган-жыгыларын, баскан чалынарын айтып, маркумдун жашоо өмүрүндөгү алгылыктуу учурларын, ак жашап түз жүргөнүн, жетим-жесирлерге, мискен-тоскондорго кайрымдуу болгондугун санап өтсө да болот. Бирөөдөн аласасы болсо балдары аларын, бересеси болсо балдары берээрин айтуу да абзел. Жаназада айтылган тилектер Көк Теңирге жетет. Жаназа айтылып, жакын туугандары, бала-бакыралары бата кылып коштошкондон кийин сөөк көрүстөнгө чыгарылып кетет. Көрүстөнгө жалаң эркек адамдар барышат. Аял кишилер үйдө, аза күтүшкөн аял кишилердин, келин-кыздарынын жанында калышат.
Сөөктү жайына жашырып кайткан адамдар өлүк чыккан үйгө өкүрүп түшүшүп, маркумду акыркы жолу үн чыгарып жоктошот. Сөөк чыккан үйдө маркумга дува багышташып, сөөк ээлерине көңүл айтышат.
7 (3) Өлүм Огожо дувасы (көрүстөндө айтылат):
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, бир пендең шумкар болду, жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө өтүп, түбөлүк өз тууруна келип конду. Кокус билбей кетирген күнөөлөрүн кечиргин, бейишиңе берип жолду.
Теңир деген бир момун пендең эле, кеңдик кылып кечиргин кылса күнөө. Эл ичинде ак жүрүп жашап келди, кыпындай кир жугузбай жүрөгүнө.
Артында уул-кызы, жары калды, агайын, куда-сөөк баары калды. Ыйлайбыз, пендечилик, кайгырабыз, Теңирим, буйругуңа айла барбы?!
О, Көк Теңир, маркумга бейишин бер, боорукер бол, калтырбай кам көрө көр. Кол жайып, дуба кылып тилеп турат, үмүт артып үйрүлүп чогулган эл.
Пендең ысмы ______________(уулу, кызы) _________делет, Бейишиңе жол ачкын колдоп-жөлөп… Аласа-бересеси калган болсо, артында уул-кыз бар – төлөп берет.
Пендеңдин жаткан жайы күнөс болсун,
арбагында элине тирек болсун.
Жаткан жери жайлуу болсун,
Топурагы торко болсун.
Татыктуу уулу (кызы) эле ушул элдин,
Маркумга бейишин бергин.
Шумкардан калган түлөк бар,
Тулпардан калган туяк бар!
Жар болуп улуу Жараткан,
Аман-соо болсун ушулар!
Көк Теңир, маркумдун калган өмүрүн балдарына берсин!
Көрбөй калган жакшылыктарын бала-бакырасы, ини-карындаштары, тууган-туушкандары, кол жайып турган ушул жамы журт көрсүн.
Омийин!…
7 (4) (Маркум жайына берилген көрүстөндө жаткан бардык маркумдарга багышталып айтылат): Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, жай кылдың маркумдарга ушул жерди, мынакей да бир пендең мында келди. Маркумдарга ушул жай конуш болсун, маркумдар жаткан жайы бейиш болсун.
Жайында жаткандардын бейишин бер,
Ушуну сурап турат чогулган эл,
Өтүнүчүн элдердин кабыл кылып,
Маркумдарды бейишке чыгара көр,
Өлүм ак да, акка башты иебиз,
Эрте-кечпи баарыбыз,
Ушул жерге киребиз,
Көк Теңирдин кудуретин,
Биз пендебиз–билебиз.
Арбактар ыраазы болсун,
Арабыз уул-кызга толсун,
Ата Журттан бардар заман,
Ар дайым кеткис болсун,
Үзүлбөйт үмүт өзү,
Улансын өмүр көчү.
Омийин!..
Түшүндүрмө: Өлүм Огожо дувасынын биринчиси маркумду жайына коюп топурак сала баштаганда айтылып баштайт. Кайталап үч жолу айтса да болот. Өлүм Огожо дувасына да чек жок, кошумчасы-алымчасы боло бере турган жандуу дува. Аны айтууда айтып жаткан аксакал адамдын такшалган жөндөмүнө жараша маркумдун эл үчүн жасаган эмгегин кошуп узартып айтса до болот.
Өлүм Огожо дувасынын экинчиси маркум жерге жашырылып, эл туруп кете берерде, ошол көрүстөндө жатышкан бардык маркумдарга багышталып айтылат. Жалпы маркумдарга жакшы тилектерин билдирип, алардын арбактарынан азыркы муундарга көмөк, жакшылык тилейт.
Бул дува да кошумча-алымчага учурай бере турган жандуу дува. Калыпка салынган чек жок. Ошол көрүстөндө жаткан элге-журтка белгилүү инсандардын арбагына кайрылып айтылса да ашыкбаш болбойт.
Азыр биз маркумду түбөлүк жайына узатарда үч туюмду бириктирип жүрөбүз: а) Теңирчиликти эки күн кармап, мал-кел союп элге тамак берип, анан үчүнчү күнү жерге коёбуз, бул биздин элдик наркыбызга, жаратылышыбыздын шартына да туура келет. Элибиз көчмөн, жерибиз тоолуу болгондуктан тууган-туушкандар, куда-сөөктөр, дос-курбулар өздөрүнө тиешелүү ар кайсы өрөөндөрдө жашашкан, ошол замат кабар жеткирүү, алардын сөөктү коюуга үлгүрүшү кыйынчылык жараткан, эрте келгендери кийинкилерин күтүүгө аргасыз болушкан, аларды ачка кармоо салтта жок иш эле, ошондуктан маркумду эки күн өткөрүп жерге беришкен, аны эркектер өкүрүп, аял кишилер кошок кошуп ыйлап узатышкан. Ошондуктан кыргыздар «Өмүрдүн көркү – сый, өлүктүн көркү – ый» дешет, маркумду узатууда топурак салбай калуу орду толгус кенемте болгон. Азыркы учурда биз кыргыз болуп төрөлүп, орус болуп жашап, чын дүйнөгө көбүнчө арабча узап жатабыз: мисалы, жаназага туруп куран окуйбуз, аягын кыргызчалап коёбуз, жерге коёр алдында коммунисттик түшүнүктү колдонуп митинг уюштурабыз, шашылыш, маркумду түнөтпөй, үйдөн кан чыгарбай (мал-кел сойбой) жерге койгон учурлар да бар.
Ушуну өз Теңирчилигибиз менен, кыргызча эле ашыкбаш түйшүк кылбай узатуу жөндүр… Ата-бабалардын жолун жолдоп, Улуу Теңирдин ишенимин колдоп жүрөлү.
Маркумдардын арбактары баарыңарды колдоп жүрсүн, Теңир пенделери!
Көк Теңир тилеген тилегиңерди берсин…
7 (5) Маркумдун кыркында, ашында айтылчу дува:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, кудуреттүү Жараткан, бир өзүңдөн караңгы түн, аткан таң. Бир өзүңдөн бейишиң да тозогуң, бир өзүңдөн мээримиң да азабың.
Бир өзүңдү улугум деп жүрөбүз, бир өзүңдү боорукер деп билебиз. Бир өзүңдөң ырайымың, жазаң да, бир өзүңдөң мээрим табат күнөөсүз.
Момун пендең (………. уулу, кызы) ………. тапшырганбыз жайына, Теңир деген пендең эле дайыма. Өмүрүндө Теңирине ак жүрдү, Жакшылыгын аяган жок баарына.
Дос-тууганды алыс-жакын дебеди,
Тең карады, колун сунуп жөлөдү.
Бей-бечара, жетим-жесир калганга,
Жардам берип жакшылыкка бөлөдү.
Эми мына чын дүйнөдөн жай тапты,
Бейишин бер, пендең эле ардактуу…
Эч бир жанга жамандыкты кылбады,
Улууну да, кичүүнү да сыйлады,
Алысты да, жакынды да кыйбады…
Ак жүрүүнүн үлгүсү эле сыйдагы.
Аза күтүп жоктоп турат айылы,
Болсо күнөө кээде билбей жасаган,
Кечирип кой, эгер болсо айыбы…
Биз билебиз-билет баары,
……….. аттуу (атабыз, энебиз, акебиз, апабыз, эжебиз,
агабыз, инибиз, кызыбыз)
Теңир деген ак адам.
Бейишин бер пендеңин,
Улуу-кичүү сурап турат бүт элиң,
Арбагында элине жөлөк болсун,
Жашабай калган өмүрүн балдарына берсин,
Жакшылыкты жамы журт көрсүн,
Журтубузга бакыт, тынчтык келсин,
Омийин!…
Түшүндүрмө: Маркум кайтыш болуп, жерге берилгенден кийин жакын туугандарынын ичинде анын жетилиги, кырк күн өткөн соң кыркылыгы жана бир жылга чамалаганда жалпы алыскы-жакынкы туугандарга кабарлап ашы өткөрүлөт. Элге алынган атактуу адамдын ашында ар кандай оюн-зооктор: ат чабыш, жорго салыш, балбан күрөш, эр эңиш ж. б. өткөрүлүшү мүмкүн. Ал аш берген кишинин коомдогу абалына жараша болот.
Жетилигинде да, кыркылыгында да, андан кийин аш бергенде да Улуу Көк Теңирге кайрылып маркум үчүн дува айтылат. Жараткандан маркум үчүн бейишин беришин суранат, калган урук-тукумун, бала-бакырасын, жоро-жолдошторун арбагында колдоп жүрүшүн өтүнөт. Алдыдагы даамдардын сообу маркумга тийсин дешет.
Бул дува да шартка, маркумдун абалына жараша өзгөрүп турган жандуу айтым. Айтып жаткан адамдын жөндөмүнө жараша кошумчаланып айтыла берет.
7 (6) Кесел Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, бүт Ааламдын эгеси, мен кулуңмун – кеселдеген бир өзү. Кеселимден жатып калдым төшөктө, Мен кулуңмун – баштан ашкан күнөөсү.
О, Көк Теңир, кокус-билбей кетирген,
Күнөөм болсо ырайым кыл, кечиргин.
Сакайта көр жакалаган кеселден,
Ак жолуңдан чыкчу эмесмин, өтүндүм…
Тилегимди эки кылба,
Муңдуулардын муңун тыңда.
Көрөр күнүм дагы болсо,
Көп кыйнабай айыктыр да.
Амириңден чыкпай жүрөр,
Ар убакта ордун билер,
Сыркоологон пендең менмин,
Кеселимден сакайта көргүн,
Омийин!..
Түшүндүрмө: Кесел Огожо дувасы – кеселдеп жаткан Теңир пендеси ичинен кайталай турган купуя айтым. Муну оорукчандын жакын туугандары, уул-кыздары көргөнү келгенде да ичтеринен же үн чыгарып, ден соолук тилеп кошумчалап айта бере турган ортоктош жандуу айтым.
Бул дувага да чектөө жок. Кесел адам күндүн ар маалында кайталап айта бере турган айтым,ооруп жаткан адамды көргөнү келгендер да өз алдыларынча сыркоого ден соолук тилеп алымча-кошумчасы менен айта беришет.
Көк Теңир тилегиңди кабыл кылып, оору-сыркоодон алыс кылсын, Теңиримдин пендеси…
7 (7) Карылык Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, жаш бердиң өзүң билип, жашап келем жолуңдан чыкпай жүрүп… Башта чачым агарды ак куу болуп, өмүр сүрдүм эл менен ойноп-күлүп…
Өстүрдүм уул-кызды эл катары, бар болсо көрөр күнүм али дагы, Уулдан урмат көрүп, кыздан кызмат көрүп, татайын жашоо даамын алдыдагы.
Алыс кыл оору-сыркоо ар пендеңден, чексиз сыйды өзүңдөн көрүп келем, алдыда канча болсо өмүр-күнүм, ак жолуңдан адашпай өмүр сүрөм.
Жамандыкты көрбөйүн карыганда, пендеңе жакшылыкты арбын камда.
Уул-кыздын төрүндө болуп,
Неберелер тиземе конуп…
Бака-шака базар болсун,
Баскан жерим сыйга толуп,
Омийин!…
Түшүндүрмө: Ар бир кары адам – ал эркекпи же аял кишиби, Көк Теңирге урмат кылып, Теңирге багыштап күн сайын сыйына жүрүшү абзел. Теңирден бардык жакшылыкты тилеп, пейилин Теңир жолуна түздөй жүрсө, ал пенденин тилеген тилеги кабыл болот.
Карысы бардын – ырысы бар.
Өмүр берген да, ырыс-кешик берген да Көк Теңирдин өзү.
Теңирге тооп кылып жүрүүнү унутпа, момун пенде…
7 (8) Жоктук Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир боорукер, ырайымдуу, энчиңден куру кылба мендей жанды. Ак жолуңду айныксыз тутуп келем, жокчулук буту-колду матап алды.
Жокчулук – колумду байлады.
Жокчулук – бутумду тушады.
Жокчулук – сөзүмдү кемитти.
Жокчулук – өзүмдү кемитти.
О, Көк Теңир, ашыкты сурабайын, эл катары күн көрүп жүрсөм дайым. Балдарым, үй-бүлөмдү тың багайын, Көк Теңирдин ак жолун карманайын…
Байлык дебейм баштан ашкан,
Кемчил кылба ырыс-куттан…
Бергениңди аз дебейин,
Элим менен тең көрөйүн,
Ашык тапсам тең бөлөйүн,
О, Көк Теңир,
эл-журт менен бир жүрөйүн,
Омийин!..
Түшүндүрмө: Жоктук Огожо дувасы – колунда жок кедейдин, иши жүрбөй турган бардык Теңирдин пенделеринин Жаратканга кайрылып жакшылык, өзү каалаган тилегиндеги ырыс-кешикти сурана турган өтүнүч айтым. Ак пейилден, таза көңүлдөн кайрылган тилекти Көк Теңир кабыл кылат.
Пейил-ойду таза тут, Теңирдин пендеси…
8. Төрт досуң: Акыл-эс, Билим, Абиир жана Эмгек.
8 (1) Акыл-эс Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, адам кылып жаратып акыл бердиң, берген Акыл пайдасын көрүп келдим. Теңиримдин жолуна элди үндөп, билгенимди элиме кайра бердим.
Билем, акыл Теңирден тийген энчи, өрчүтүү, өркүндөтүү адам эрки. Акылды алтынга да теңеп болбойт, акылдууну Теңирим өзү колдойт.
Акылды билсе болот сөздөн-иштен, аңкоо билбейт тамагын күндө ичкен.
Акыл менен кармайсың Теңир жолун,
Акыл менен узарат сенин колуң…
Өмүрдү, акылды да Теңир берди,
Ал энчи арам ишке коробосун,
Акыл-эс кем болбосун,
Көк Теңирим өзү колдосун,
Омийин!…
Түшүндүрмө: Акыл-эс Огожо дувасы – чогулган топтобу же үйдөбү, ар бир кары адамдын жалпы элге, жаштарга карата айта бере турган жолдомо айтым.
Көбүнчө аксакал адам жаш уулдарга, кары байбиче келин-кыздарга дайыма айта келген каалоо-тилек:
Акылдуу бол, билим ал уул-кызым,
Күлүк мезгил кур бекер агылбасын.
Кары сөзүн капка сал, акылыңа түйүп ал.
Карынын сөзү – акылдын көзү.
Уккан сөз талаага кетпесин, уюган акыл бүр алып көктөсүн!
Көк Теңирдин сөзү – көп акылдын өзү.
8 (2) Билим Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, сен Эгемсиң өмүр берген, өзүңдөн өлбөс акыл кошо келген. Адам уулу акылды өркүндөтөт, ар дайым окуу менен, билим менен.
Билим алуу ар адамга парыз болот, билимсиз бул өмүргө карыз болот. Акылга окуу менен билим кошуп, аз өмүрдү пайдалуу ишке корот.
О, жаштар, билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. Теңир колдоп адамга көңүл бөлдү, акылга билим кошуп гүлдөт жерди. Ар дайым ак пейилден эмгектенип, алдыга сүрөгүлө тууган элди!
Акылың күлүк болсун,
Билимиң бийик болсун.
Ой-максат орундалып,
Кампаңар данга толсун.
Өрүшүң малга толуп,
Өмүрүң узун болсун!
Омийин!..
Түшүндүрмө: Билим Огожо дувасы да жаштарга, келечекки муундарга айтылчу кары адамдардын оозунан чыккан тилек айтым. Бул айтымды карылар жаш улан-кызды окууга же бир жакка кызматка узатарда, болбосо жаш бөбөккө ат коюп же отургузганда айтыла турган ак көңүлдөн чыккан каалоо.
Бул дува да кошумча-алымчаланып бардык ылайыгы келген жерде айтыла берет. Ар дайым акылыңар жөлөк, билимиңер көмөк болсун, пенделер…
8 (3) Абийир Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, о, Улук Жаратканым, жараттың Жер жүзүнө жандын баарын. Бир гана адамдарга абийир берип, кур кылдың бул энчиден калгандарын…
«Жакшылыкка баштаса – абийир баштайт,
Жамандыктан сактаса – абийир сактайт».
Адамды абийиринен ажыратпа,
Абийир кетсе – ар кырсык элди каптайт.
Күн – нуру менен жылуу,
Адам – абийири менен сулуу.
Ар-намысым колдооч болсун,
Абийирим жолдош болсун.
Теңирим тирек болуп,
Туурума бакыт консун.
Омийин!
Түшүндүрмө: Абийир Огожо дувасы – Көк Теңирдин ар пендесинин күндө багымдат айтымдан кийин кайталай турган айтым. Ар бир пенде эртең менен Көк Теңирден күн сайын абийир тилеп баштаса, ал пенденин жашоосу – жарык, көрөр күнү – ачык, жолу – жолдуу, казаны – майлуу, жан дүйнөсү жайлуу болот.
Күн сайын Көк Теңирден абийир тилөө ар пендеге милдет. Көк Теңир сени абийириңден айырбасын, момун пенде…
8 (4) Эмгек Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
Көк Теңирим боорукер, ырайымдуу, пендеге ак эмгекти энчи кылды. Эмгек менен телчигип адам уулу, эмгек менен дос болуп бирге турду.
Эмгек досу адамдын ажырагыс, эмгек менен бир жатып, бир турабыз. Эмгектенсек чөлдү да гүлзар кылып, казынаны алтынга толтурабыз.
Эмгек гана адамды адам кылат, эмгектенсе мунжу да тоого чыгат. Эмгектен, о пендеси Теңиримдин, аракетти ак эмгек колдоп турат.
Ак эмгек ар бир иште колдооч болсун,
Ак эмгек ар бир күндө жолдош болсун.
Ак эмгекти аркала адам уулу,
Ансыз мокоп ар дайым кор болосуң.
Көк Теңир эмгек берсин,
Көңүлдөр көкөлөсүн…
Ак эмгек досум болуп,
Алдыга жетелесин.
Омийин!
Түшүндүрмө: Эмгек Огожо дувасы – ар бир пенденин күн сайынкы таңда – багымдат айтымы менен Абийир Огожо айтымынан кийин бир жумушту аткарууга ниет кылганда өзүнчө кайталанып айтыла бере турган айтым. Мында ар бир пенде өзүнө Теңирден ак эмгек, анан анын майнабын сурайт. Ошого аракет кылат, ак жүрүп, ак эмгек өтөөгө умтулат.
Көк Теңир андай адамдардын тилегин берет, каалаганын кабыл кылат. Теңириңди унутпа, пенде!…
9. Төрт касың: Жалкоолук, Ач көздүк, Уурулук, Кошоматчылык.
9 (1) Жалкоолук Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, ак эмгекти жолдош кылдым, жалкоолукту пендеңден алыс кылгын. Бүгүн да күнү кечке эмгектенип, таңында жарык менен эрте турдум.
Эмгек досум болсун,
Жалкоолук касым болсун.
Жокчулук үйдөн кетсин,
Молчулук төргө өтсүн.
Көкө Теңир көмөк болуп,
Көксөгөнгө колум жетсин!
Омийин!…
Түшүндүрмө: Жалкоолук Огожо дувасы – Көк Теңирге ак жүзүн бурган ар пенденин эмгек кылар алдындагы жалкоолукту өзүнөн кууп, ак эмгекке жүз бурардагы оозго алчу айтымы. Ак эмгектин үзүрүн көрүү, даамын татуу Теңир пендесинин тилеги. Андай тилек ак пейилден айтылса, Көк Теңир ал пендесинин тилегин кабыл кылат.
Тилегиңер таза болсун, пенделер…
9 (2) Ач көздүк Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир,
пендем деп бергениңе топук кылам,
ашык берсең мискинге берип турам.
Өзүң берген энчиге ыраазымын,
өзгөлөрдүн энчисин эмне кылам?
Суранам: ач көздүктөн алыс кылгын,
ач көздөр жек көрүнүп болот шылдың.
Бир өзүңө табындым Көкө Теңир,
кокус-билбей кээде мен жаза бассам,
адаштырбай ак жолго буруп тургун,
ач көздүктөн арылууну максат кылдым,
Омийин!
Түшүндүрмө: Ач көздүк Огожо дувасы ак жолдон адашпаган Көк Теңир пендесинин күн сайынкы айтылчу дубасы. Пендеңди ак жолдон адаштырба, Көк Теңир!…
Дили ак пендеңдин тилегин кабыл кыл…
9 (3) Уурулук Огожо дувасы:
Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, жолдош кыл абииримди, абиирсиздик алпарат ишке түрлүү. Уурулук жаман иштин – эң жаманы, Көк Теңирдин пендеси кылбайт аны.
Ууру кылуу – чоң күнөө, баары билсин, ар адам ууру кылбай таза жүрсүн. Адамдар, уурулукка барбагыла, адашпай ак жолуңдан Теңир үчүн.
Уурулук – кыянаттык,
Теңирди тааныбастык.
Уурулук – бул шерменде,
Андайга барба, пенде…
Ак жолдон алыс кетпе,
Адашып баратканда,
О, пенде, Теңирди эсте,
Теңирди эсте!
Омийин!
Түшүндүрмө: Уурулук Огожо дувасы – топтун ичиндеги аксакал адамдын жаштарга карата айта турган акыл-насаат айтым. Аны жаштарга да, жалпы элге да карата айта берсе болот.
Уурулукка каршы туруу жалпы журттун иши.
Эч качан уурулук кылбайт, Көк Теңирди карманган киши.
Уурулуктан алыс болгула, пенделер…
9 (4) Кошоматчылык Огожо дувасы: Ырайымдуу, кечиримдүү, боорукер Көк Теңирдин аты менен! Жараткандын пенделериме деген мээрими арта берсин.
О, Көк Теңир, жараткан пендем десең, ак жолдон адаштырбай жүрсөң экен. Түшүнөм, сен Теңирсиң – Жараткансың, жаратман кубатыңа кулдук этем.
Кошоматтык – билемин бул да күнөө,
Кор кылбачы пендеңди бирөөлөргө.
Күн бүтүп кара жерге киргенимче,
Кошоматчы болоюн бир Теңирге!
О, Көк Теңир, өз пендеңди колдой көр,
Бирөөгө күнүм түшпөсүн,
Бирөөнүн карызы өтпөсүн,
Бирөөгө карызым кетпесин.
Өмүрдө жүрөйүнчү,
Туу тутуп бир өзүңдү!
Омийин!..
Түшүндүрмө: Кошоматчылык Огожо дувасы да ар пенденин ичинен кайталай бере турган дайымкы айтым. Теңирдин ар пендеси кошоматчылыктан алыс болгону жөн. Ошондо Теңир анын жолун ачып, каалаганын кабыл кылат.
Тилеген тилегиңе, көксөгөн максатыңа жет, Теңирдин пендеси…
(Уландысы бар)
