КУЙКУМ СӨЗДҮҮ САТИРИК-АКЫН
Акын 1933-жылы 12-октябрда Чүй районуна караштуу Бириккен айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Балалыктын бал татыган доору, өспүрүм курагы алаамат согуш жылдарына туш болду. Балдар бир мезгилде окуп да, колхоз ишине чоң күч катары жардам берип да турушкан. Доорубуздун залкар жазуучусу Ч. Айтматов белгилегендей, бул мезгилдин балдары «согуштун балдары» аталып, аларды согуш тарбиялап, телчиктирди. Айрыкча согуштун акыркы жылдары эл үчүн оор болгону белгилүү. Акын Ж. Алыбаев үчүн да бул жылдар өмүр бою унутулгус болуп жүрөгүндө калды. Ал жөнүндө автор бир ырында мындайча эскерет:
Канынан бөлүп жараткан,
Кайтканда байкуш жан апам.
Жаш жетип араң он бирге,
Жапжалгыз үйдө таң аткан.
«Ала жат мени кошо» – деп,
Армандуу көздөн кан аккан.
Кандуу согуш кимдерди гана арманга салбады, кимдердин жүзүн ысык жаш чайбады?! Улуу Жеңиштин келиши менен элге кадыресе дем-күч пайда болуп, каңырыкты түтөткөн кайгы-муңду жашоонун зор толкуну жеңип, турмуш акырындык менен өз нугуна түшүп жатты. Ж. Алыбаев 1947-жылы айылдык жети жылдык мектепти аяктоо менен келечекке терең ишеним, чоң максат менен кадам шилтеди. Ушул эле жылы окуусун Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары) педагогикалык окуу жайынан улантып, аны 1950-жылы бүтүп чыгат. Калемгер өз турмуш жолун мугалимдик менен Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң сегиз жылдык мектебинен баштаган. Коомдогу болуп жаткан ири өзгөрүштөргө зиректик менен караган жаш мугалим өз билимин өркүндөтүүнү ойлоп, көп өтпөй эле жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине келип кирет. Ушул жерден Ж. Алыбаевдин адабиятка болгон түшүнүгү калыптанып, чыгармачылык шыгы ойгонот. Автордун чыгармачылыгы студенттик мезгилден башталат (1952-жылдан) да, 50-жылдардын экинчи жарымынан тартып ар тараптан активдешет. Муну ошол убактагы мезгилдүү басма сөз беттеринен орун алган чакан көлөмдөгү аңгемелери, ырлары, фельетондору, макалалары, жолдоштук азилдери айгинелеп турат. 1956-жылы КМУну бүтүргөндөн кийин 1965-жылга чейин «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу»), «Чалкан» гезит-журналдарында адабий кызматкер болуп иштейт. Бул жылдар Ж. Алыбаевдин сатирик-акын болушуна түздөн-түз тиешеси бар, өмүрүндөгү эң маанилүү жылдар болуп эсептелет.
Ж. Алыбаевдин сатиралык ырлары 50-жылдардын экинчи жарымында жаңыдан элге таанылып, сатира менен юмордун уюткусу болуп калган «Чалкан» журналына алгачкы чыгармалары жарыялана баштаган. Аны элге таанымал сатирик катары жүзүн ачкан да дал ушул «Чалкан» журналы болгон. Ж. Алыбаевдин чыгармачылык аракети алгач башталганда, кыргыз элинин байыртадан келе жаткан жол-жобосун, сатирадагы эски деп аталып жүргөн улуттук традицияны чанбастан, тескерисинче, мына ушул багытта өз чыйырын баштаган. Муну айтуу менен биз Ж. Алыбаевдин сатиралык алгачкы чыгармалары өзүнөн мурункулардын жолун куру тууроо катары эмес, ошол эле мазмунду, ошол эле идеяны тавтологиялык сүрөттөөгө албастан, андан жаңы форма издөөчүлүк, чыгармачыл алга умтулгандык байкалат.
Мындай сапат ошол мезгилдин чыгармачыл жаштары үчүн мүнөздүү көрүнүш болгон. Ал жөнүндө өз убагында академик жазуучубуз Т. Сыдыкбеков: «Жаштарыбыздын шыкты курчутчу татаал, оор милдеттерди моюнга алабыз дегендери да закондуу, эң туура иш. Ошондуктан алардын ар бири баягы бизчилеп көп кыйналбай, белен темаларга кайрылбай, изденебиз, кыйналабыз, жаңыны табабыз дегендери, арийне, жакшы. Алар ошентишип, изденишип да, ар кими алынча өз темаларын таап, ага өз үндөрүн кошуп да жатышат. Муну кубаттабаска чарабыз да жок» , – деп өз убагында туура баа берген эле. Мына ушул айтылган жакшы алга жылуулар Ж. Алыбаевдин сатираларынан да аздыр-көптүр байкалат. Анын 1956-жылы жарык көргөн чыгармаларынын ичинде «Чалкандын бешик ыры» деген сатиралык ыры да бар. Анын айрым саптары менен таанышып көргөнүбүздө автордун калемине таандык ийгиликтери, кээ бир кемчиликтери байкалат:
Садагасы аксары,
Атаң менен энеңдин
Зарлап жүрүп тапканы.
Алабарман жүрүшүң,
«Ак молдодон» татканы.
Окусун деп атайы
Москвага жиберсе,
Абасы сага «жакпады» ,
Алдей, алдей аксары
Мында автор элдик мотивге негизденүү менен бешик ырынын жаңы мазмундук сапатын жаратат. Ага коомдук-саясий аспектиден карап, бутага алынган объектинин кайра жаңырышы, маданий-нравалык бийиктиктерге жетишине үндөө, чакыруу сезилет. Бул ырдын элге жакындыгы анын кадимки эле бешик ырындай муундук өлчөм, ритмдердин орун алышы болсо, экинчиден, «аксарынын» Москвадан окуудан жолу болбой (абасы жакпай) калышын, карта ойноодон башканы капарына албашы, кошоматчы болуп өсүп үйрөнүшү, бир жерге байыр алып турбаган жалакай, жүүнү бош, бир иштин аягына чыкпаган кайсарлыгы ж. б. у. с. терс сапаттары ирония менен берилип, тымызын кекээр, какшык туюлат. Мындан тышкары автор өз чыгармаларын элдик мотивде, обондук ыргакта жараткан менен ага толук сатиралык боёк, өң-түстү, мазмунду кыска, так берүүгө умтулат. Деги эле акындын сатиралык ырлары көлөмү жагынан кыска, мазмуну нускалуу келет. Мындай сапат жалпы сатиралык чыгармаларга таандык өзгөчөлүк болгондуктан, бул талаптарды автор өз убагында чеберчилик менен өздөштүргөндүгүн байкоого болот. Албетте, чыгармачылыктын алгачкы этабына мүнөздүү айрым кемчилдиктер да байкалат.
Турмушта кезиккен ар кандай тескери көрүнүштөрдү ийине жеткире ашкерелөө максатында сатира көбүнчө чыгармачыл фантазияга, томуктай терс көрүнүштү алдын алуу максатында тоодой кылып көрсөтүү сыяктуу ар кандай ыкмаларды пайдаланат. Алар дайыма автор тарабынан бир максатты көздөп, ошону ишке ашыруу үчүн активдүү каражат катары пайдаланылып, ар бир калемгердин өз чеберчилигине, талантына жараша колдонулат. Мындай сатиралык ыкма Ж. Алыбаевдин чыгармаларынан да кезигет:
Кудай урган ушул итти,
Ичпөөчү эле тамак.
Далайдын түбүнө жетти,
Таланттуу бир акын
Азыр талаада калды сайлап.
Бир академик
Кабинетинде уктап калыптыр,
Эки таноосунан чыккан жел
Астындагы кагазды айдап.
Жээн, өзүң деле билесиң,
Баягы Канибайдын баласы,
Кейпинен кетип – арбак
Бир оокумда чалкасынан кетет,
Коңуругу түндүк жабууну желпет.
Мында көрсөтүлгөндөй, автордун кырдаалга жараша апыртуулары каармандын образын ачып берүүгө, анын типтүүлүгүн айгинелөөгө чоң роль ойноду. Мындай мисалдарды автордун бардык ыр жыйнактарынан кезиктирүүгө болот. Сатириктин калеминен жаралган чыгармаларын бирден санап айтып олтуруу мүмкүн эмес. Анын «өзүнүкү-жөтөлү», «Сырдыбай сырттан окуучу», «Төлөнбайдын төрт күйөө баласы», «Чымырбай», «Бул ким?» ж. б. ырларын кыргыз сатира жанрынын антологиясына киргизүүгө татыктуу чыгармалар десе болот. Акындын сатира жанрындагы бараандуу эмгеги бир же бир нече жылды ичине камтыган мезгил менен өлчөнбөстөн, ал бүтүндөй сатирик-акындын өмүрү менен таразаланып, бааланууга тийиш. Сатириктер: М. Турсуналиев, А. Кыдыров, Э. Ибраев, М. Борбугулов ж. б. акындардын өз чыгармачылык жолунда башкалар байкабаган майда нерселерди, деталдарды, эпизоддорду жандандырып, чебер мүнөз түзүү менен типтүү образ жаратууга чейин жетишкен сапаттары менен башкалардан айырмаланган. Экинчиден, жогорку аты аталган сатириктердин чыгармалары менен салыштырып карай турган болсок, Ж. Алыбаевдин чыгармалары өзүнүн мазмундуулугу, өзүнчөлүгү (башкаларга окшобогон касиети менен – Б. Б.) , көп жанрлуулугу (айрым чыгармаларын эске албаганда – Б. Б.) көзгө даана тартылат. Ж. Алыбаевдин сатириктик сапаты жалаң эле поэзиядан эмес, прозалык чыгармаларынан, анын ичинде чакан аңгемелеринен да көрүнөт.
Жогорку окуу жайын жаңы бүткөн жаш талапкер Ж. Алыбаев үчүн «Советтик Кыргызстан» гезитине ишке орношуп, ал жерден А. Убукеевге окшогон таасын журналист, таланттуу фельетончулар менен аралашып чогуу иштөө, «Чалкан» сатиралык журналына келгенден кийин да ал жердеги таланттуу сатириктер Мидин менен Райкандын таалим-тарбиясын алуу турмуштук жактан да, чыгармачылык жактан да чоң сабак, экинчи университет болгон. Ж. Алыбаевдин сатирик-фельетончу катары калеминин төшөлүшү да ушул мезгилдерге туура келет. Кыргызстандын төрт бурчун кыдырып, эл арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдү сатира менен юмордун жалынына кармап жазган макалалары, тамсилдери, жанытмалары, фельетондору, мыскыл-тамашалары, жолдоштук азилдери, ырлары да ушуну ырастап тургансыйт жана алар райондук, областтык гезит-журналдардын беттеринен байма-бай орун алып келген. Кыска мезгилдин ичинде автор чоң чыгармачылык бийиктиктерге жетпеген күндө да, анын жан дүйнөсүндө уюп жаткан кандайдыр бир катылуу сырлардын, чыгармачылык ышкысынын күчтүүлүгүн, жаш калемдин куйкум сөз менен күйдүргүгө жакын экендигин окурмандар өз мезгилинде Ж. Алыбаевдин «Гүл жана тикенек» (1963) аттуу ыр жыйнагынан аздыр-көптүр кабардар болушкан. Бул жөнүндө өз убагында профессор К. Артыкбаев акындын чыгармачылыгына мындай баа берген экен: «Ошентип Ж. Алыбаевдин ошол кезде (1963) жарыяланган «Гүл жана тикенек» аттуу кичинекей ырлар жыйнагына кирген сатиралык ырлары анын бул жанрда шилтеген ишенимдүү кадамы катары көрүнгөн. Ал эми автордун 1967-жылы «Келди-кетти» деген ат менен жарыкка чыккан сатиралык жыйнагы анын «жаш акындык» , «жаш жазуучулук» доорду баштан өткөргөн, каламы такшалган сатирик, юморист экендигин айкындап олтурат. Ошол себептүү Ж. Алыбаевге жаш акын эмес – акын, жаш жазуучу эмес – жазуучу катары мамиле жасоо зарылдыгы туулуп, анын ийгиликтери жөнүндө айтканда да жана айрым дооматтарды койгондо да, биз ага чоң жоопкерчилик жүктөлгөн акын, жазуучу катары пикир айтууга тийишпиз» . Жогоруда берилген калыс баага акындын аталган жыйнактары менен таанышып чыккан окурман чын ниети менен кошуларына күмөн саноого болбойт. Окумуштуу мындай алгылыктуу ой-пикирлерин кийинки мезгилдерге чейин улантып келген . Автордун чыгармачылык диапазонуна көз жүгүрткөн адам анын 1970-жылдарга чейинки мезгили өзүнчө сөз кылууну талап кылган, калыптануу мезгили деп, ал эми 70-жылдардан тарта өмүрүнүн акырына чейинки мезгил белгилүү сатирик-акын Ж. Алыбаевдин кыргыз адабиятындагы чыгармачылык ооматы дүркүрөп жүрүп турган доор деп билет.
Толкун артынан толкун жаралып, муун артынан муун уланып демекчи, жогоруда белгилеп өткөн улуу муун устаттардын (А. Убукеев жана М. Алыбаев – Б. Б.) таалим-тарбиясы түрткү болуу менен катар деги эле күлкү-тамашага жакын элибиздин таза пейили, шайыр кулк-мүнөзү, кээ бир жолуга калчу күлкүлүү жорук-жосундары шык-дем берген жаш таланттардын өзүнчө тобу адабиятыбыз үчүн түшүмдүү жылдар болгон 60-жылдардын башында келишип, кыргыз сатирасына да жаңы чыгармачыл күчтөр кошулушкан. Алардын айрымдары адабий чөйрөгө кадыресе таанылып, эки-үч китептин ээси болуп калса, айрымдары бул жылдардын биринчи жарымында гана барып тырмак алды жыйнактарын чыгарышкан. Сөз авторлордун кимиси мурун же кийин, болбосо канча китеп чыгаргандыгы жөнүндө эмес, алардын чыгармачылык жөндөмү, адабий түшүнүгү, көркөм-эстетикалык табит-татымы жөнүндө баратат. Бул өңүттөн алып караганда, Ж. Алыбаевдин алгачкы жыйнагы («Гүл жана тикенек») окурман калкы үчүн дурус жөрөлгө катары (өз мезгилине жараша – Б. Б.) кабыл алынган. Жыйнак маани-мазмундук, көркөмдүк жактан аты айтып тургандай оң жана терс, жакшы менен жаман сыяктуу карама-каршы сапаттар автор тарабынан сатиралык маанайда символдоштурулуп берилет. Тактап айтканда, гүл – лириканы, тикенек – сатираны туюндуруу менен бирге турмуштагы ак менен каранын, адал менен арамдын бири-бирине элдешкис жоо экендигин далилдеп, автордун поэзияда жанрдык жактан эки тизгин бир чылбырды эриш-аркак алып жүрүүдө жөндөмүн азыноолак айгинелегенсиген. Буга чейин эле автор «Жаш Ленинчи», «Ленинчил жаш», «Кыргызстан пионери» гезит-журналдарына чакан көлөмдөгү өспүрүмдөргө арналган аңгемелерди жарыялаган. Бул чыгармалар али жогорку көркөмдүк чеберчиликке, адабий- мазмундук сапаттарга өсүп жетпеген болсо да, Ж. Алыбаевдин көркөм чыгармага болгон алгачкы ишенимдүү кадамы, жигердүү аракети катары баалап, түшүнүү керек. Ж. Алыбаевдин чыгармачылык чабыты артып, көркөм-адабий ой өрүшү кеңейип келе жаткандыгын, «жаштык» курактан өтүп, кадыресе кабыргасы катып, калемгерлик каруу-күчкө толгон мезгилин анын кийинки жарык көргөн «Келди-кетти» (1967) жыйнагы ырастайт. Ушул мезгилден тартып анын чыгармачылыгына астейдил мамиле болуп, көбүрөөк көңүл бурулуп дегендей, калыс сындын кашкайган чындык позициясынан туруп кадимки калеми такшалган акын-жазуучу катары ой-пикир айтууга чакырган компотенттүү адабиятчы-адистердин (К. Артыкбаев, К. Иманалиев, К. Асаналиев, К. Даутов ж. б.) материалдары гезит-журналдарда, изилдөө жыйнактарында орун ала баштаган. Ж. Алыбаевдин чыгармаларына түзүлгөн туура адабий-сындык атмосферанын таасиринен уламбы, айтор, автордун көрөңгөлүү чебер калеминен кийинки жылдары көп эле көркөм чыгармалар жаралды. Кантсе да Ж. Алыбаев өзүнүн үчүнчү жарык көргөн «Кыял жана кытыгы» (1970) аттуу сатиралык жыйнагы менен өзүн адабий аренадан чебер сатирик катары көрсөтө алды. Бул жыйнакта жалаң гана сатиралык ырлар орун албастан автордун мурун газета-журналдарга жарыяланган чакан сатиралык аңгемелери да топтолгон. Автор аңгеме жанрын 60-жылдарга чейин эле өспүрүмдөргө арнап жазган чакан чыгармалары менен баштаган. Алар: «Соң-Көлдө» (1956), «Келди-кетти» (1967), «Эненин жүрөгү» (1957), «Менин тапкычтыгым» (1958), «Сырттан окуучу бала» (1959) аңгемелери «Ленинчил жаш», «Жаш ленинчи» гезит-журналдарына жарыяланган. Бул аңгемелердин жазылыш деңгээли ар кыл. Айрым аңгемелерде автор курулай окуя кууп, даяр айтылып жүргөн эпизоддорду баяндап койгон да учурлары кездешет. Айрымдарын өспүрүмдөргө арналган толук кандуу чыгарма деп айтуу да кыйын. Автор мындай аңгемелерин өспүрүмдөргө арнап жазбастан, жөн гана балдардын өзүн чыгармага аралаштырып, андан так жыйынтык чыгара албай калгандай. Негизги каармандарды балдардан алып көрсөтүү менен эле маселе аягына чейин чечиле койбосу жөнүндө өз мезгилинде адабий сында туура пикирлер айтылгандыгы белгилүү . Аталган аңгемелердин аздыр-көптүр тарбиялык мааниси жогорку аталган ойлордон өз таасирин кемитпейт. Ушундай айрым кемчилдиктерин белгилөө менен катар автордун бул жылдардагы туруктуулук менен баштан кечирген изденүүлөрүн байкайбыз. Ж. Алыбаев үчүн бул жылдар бошко кеткен убакыт эмес, өз стилин таап, дараметин сезе билүүгө кеткен убакыт деп билүүгө болот. Жогоруда белгилеп өткөн айрым кемчилдиктер (сюжет куруудагы чаржайыттык, схематизм, композициялык структурасынын жеткилең иштелбегендиги, психологизм маселесиндеги мүчүлүштүктөр) автордун чыгармачылык жактан болгон тажрыйбасынын, билиминин, турмуштук көз карашынын чектелгендиги менен түшүндүрүлөт. Мындан тышкары автор ошол мезгилдеги өз калемдештерин механикалык түрдө туурап калуудан бир эсе качып, бир эсе өз мүмкүнчүлүгүн сатира жанры аркылуу сынап көрүүнү көздөп, адабий жанрдык аралык өткөөл мезгил ичиндеги чыгармачылык чайналууну (сатира жанрына өтүүдөгү – Б. Б.) баштан кечиргендей сезилет. Бул багыттагы аракеттердин жыйынтыгы 60-жылдардан кийинки аңгемелеринен ачык көрүнөт. Ал жылдардагы сатира жанры боюнча жетишкен ийгиликтери жөнүндө Ж. Алыбаев мындай дейт: «Мен азыркы сатира багытындагы чыгармачылыгым үчүн Мидин Алыбаевге карызмын деп айтсам болот. Биринчиден, Мидикем мага мыскыл менен тамашанын коомдогу маанисин, жаратылышын туюнтса, экинчиден, насаатчы катары ырдын жазылыш ыкмасын, техникасын, сөздү ылгоону үйрөттү» . Мына ушундай чыгармачыл багыт алган Ж. Алыбаев өз өмүрүн сатира жанры үчүн арнап, сатирик-акын катары коомдогу өз ордун, максатын мындайча аныктайт:
Жашоону таза тутуш биздин милдет.
Өлкөмө жолобосун тумоо, илдет.
Колума калем берген тууган элим,
Сатирик-дезинфектор болуп жүр деп.
Шыпырып ыпыласты соо турмуштан,
Ооруну арабыздан жоюп жүр деп !
Ж. Алыбаев сатирик акындык кредосун ар тараптан ачып турган бул ыры анын ички сыры жана «сатириктин монологу» катары баалаган айрым сынчы, адабиятчылардын ой- пикирине кошулууга болот. Автор 60-жылдардын 1-жарымында журналисттик ишке активдүү киришип, республиканын түштүк райондорунда узак мезгилдик жүрүштөрдө жүрүү менен көбүнчө «Чалкан» сатиралык журналы жана областтык «Ленин жолу» райондук гезиттерге ар кандай темадагы макала, фельетондорду жарыялады. Сатиралык планда жазылган аңгемелери бул жылдары сейрек болбосо, такыр эле жок санда учурайт. Биздин оюбузча, ушул 5–6 жылдык узакка созулган түйшүктүү жүрүштөрдөн улам авторго көлөмдүү аңгеме жаратууга мүмкүнчүлүк болбогон сыяктуу. 1967-жылдан баштап «Кыргызстан маданияты» жумалыгы уюшулуп, Ж. Алыбаев ага адабий кызматкер болуп орношкондон тартып ушул гезиттин беттеринен сатиралык аңгемелери, ырлары орун ала баштаган. Алардын бири 1966-жылы областтык «Ленин жолу» гезитине биринчи басылып, кийин 1967-жылы ушул эле ат менен айрым өзгөртүүлөр киргизилип «Ала-Тоо» журналынын ¹ 2-санына жарыяланган «Индирбайдын белеги» аңгемеси болуп эсептелет. Ар бир жазуучу-акындын калеминен жаралган мыкты табылгалар, чыгармалар, каармандардын образы элге эрте жетүү менен алар көпчүлүктүн арасында сөзгө алынып, айрымдары ылакап атка айланат. Мындай чыгармалар жана андагы каармандар адабиятыбызда арбын эле учурайт. Мисалы, демократ акын Токтогулдун «Беш каманы», Тоголок Молдонун «Кемчонтою», Т. Сыдыкбековдун «Ыманбайы», Райкандын «Жинди суусу», Мидиндин «Ак чүчү» элдин эсинде кандай орун алып, жашап келе жаткан болсо, кийинки жылдары мындай адабий каармандарга дагы бир жаңы каарман кошулду. Ал сатирик-акын Ж. Алыбаевдин «Индирбайы» болуп эсептелет. Бул адабий карман автор тарабынан көп жанрда, ар кандай фондо, түрдүү абалда сүрөттөлөт.
Индирбайды кайсыл жагынан караган күндө да окурман аны мейли аңгемеден, мейли сатиралык ырдан же фельетондон кезиктирбесин, ачык, даана көрүп, адабий жүзүнөн жаңылбай таанып турат. Себеби Индирбай ошондой элге «таанымал», коомдун ар кандай зыяндуу белгилерин өзүнө топтогон ушундай бир «кокуй» каарман. Автор Индирбайды ар нерсеге алып барып жабыштырып, аны бир эпигондук каарманга айландырбастан, тескерисинче, сатира жанрындагы салтты улап, коомдогу «ылаңдарды» , «ооруларды» Индирбай аркылуу көрсөтүп, алардан арылууну көздөсө, ошол эле учурда мындай ыплас жоруктардын ар бирин өзүнчө сүрөттөө менен бирге турмушка, жашоого карата автор өз позициясын, концепциясын берет. Албетте, булар жок жерден, б. а., курулай фантазия эмес, бул чыныгы турмуштан алынган жана ал позицияга бекем негизделген көз караштардын туундусу болуп эсептелет. Бул жагынан алганда автордун сатиралык диапазону кенен жана темаларга бай.
Тематикалык көп түрдүүлүк – бул сатиранын ички табияты, көркөмдүк диалектикасынан келип чыккан бөтөнчөлүк экендиги жаңы түшүнүк эмес. Мына ошондуктан Ж. Алыбаев сүрөттөгөн каармандар ал мейли аңгемеде, мейли ырда, фельетондо, тамсилде болсун, өтө ар түркүн: тоголок арызчы, мансапкор, ушакчы, аракеч, бузуку, жатып ичер, жан бакты, төрөпейил ж. б. Буларды автор күчкө салбай ишенимдүү түрдө белгилүү бир көркөмдүк системага келтирет. Ошондо бир караганда турмуштагыдай боёк-фон менен ишенимдүү берилген окуялар, фактылар, кырдаалдар сезимге таасир берет да, Индирбайга окшогондордун айрым кылык-жоруктары кадимкидей каныңды кызытат.
Бул аңгемесинде Ж. Алыбаев Индирбайдын айрым кылык-жоруктары аркылуу биздин арабыздагы дагы бир шордуу адамдын элесин бере алган. Андай эркек аты бар күйөө сөрөйдү биздин жалпы элибиз, мезгил өзү токмокко алып, алардын арабыздан орун алышына түп орду менен каршы. Ушул айтылган жагдайлар калемгер тарабынан өтө кылдат, сатиранын туздуу тили менен сүрөттөлгөн. Ал аңгемени окугандар Индирбайдын жөндөмсүздүгүнө ичтеринен кыжыры келсе, бир туруп автор тарабынан ийине жеткире мыскылданганы үчүн табалары кана түшөт. Аңгемеде курч, дене бойду кызыткан конфликт байкалбайт. Болсо да өтө жай, анан калса жалпы чыгарманын ички идеясы аркылуу ачыкка чыгуучу ири масштабдагы мааниси бар коомдук конфликт чыгарманын финалында гана түшүнгөн окурман үчүн дайын болот. Ошондой эле автор катышкан каармандарды да өз ыгы менен коюп, аларга автордук өкүмдүк менен мамиле жасабайт. Негизги окуя Индирбайдын айланасында өтүп, көмөкчү катарында кээ бир жерлерден аялы көрүнө калат. Сатиранын кароолуна негизинен оң каарман болуп көрүнгөн анын аялынын образы үстүрт гана сүрөттөлгөн. Бул жерде биз оң каармандын жүзү толук кандуу образдын даражасында ачылбай калган деген доомат коюудан такыр эле алыспыз. Себеби аялынын образын оң каарман кылып сүрөттөө менен автор өз максатына жете алмак эмес. Тескерисинче, ар тараптан ачылып, бүткүл тулку бою окурмандарга даана тартылып келе жаткан Индирбайдын жүзүн ал оң каарман ар тараптан калкалап, күңгүрттөнтүп, көңүлдүн борборунан алыстатмак. Ушул эле аталган аңгеме 1967-жылы «Ала Тоо» журналынын ¹ 2-санына кээ бир туура эмес, ашыкча өзгөртүүлөр менен жарыяланган. Бул жылкы аңгемеде мурунку вариантында кездешпеген бир чакан эпизод автор тарабынан кошулган. Анын себеби да ошол мезгилдеги сатирадагы оң каарман маселеси болуп, ал жөнүндө ар кандай ой-пикирлер айтылган болчу. Сатиралык чыгармаларда оң каарман үстөмдүк кылыш керек дегендерге С. Михалков бүткүл союздук (мурунку СССРдин убагындагы – Б. Б.) жазуучулардын 2-съездинде мындай деп жооп берген: «Азыр комедияларда сөзсүз оң геройлор башкы орунда болуш керек деген туура эмес түшүнүк жүрөт. А чынында, комедияда айрыкча сатиралык чыгармаларда башкы каарман күлкүгө материал болгон киши гана туруу керек» . Ал эми мындан да тереңдетилген бул багыттагы пикирди өз убагында Н. В. Гоголь да биринчилерден болуп белгилеген экен . Мына ушул сатира жанрындагы аксиомага айланган түшүнүк көп талаш-тартыш пикирлерди жаратып, андай талкуулар ар кандай максатта, ар башка көз карашта чечилип турган. Бул маселеге кыргыз адабиятчылары да кайрылышып, өз убагында «биздин оюбузча, сатиралык чыгармаларда оң каарман үстөмдүк кылышы керек эмес. Эгер катышса оң каармандар, анда алар жардамчы гана, мыскылдоочу гана милдетти аткарат. Мына ошондуктан сатиралык чыгармада оң каармандын үстөмдүк кылышын талап кылуунун өзү сатиранын спецификалык өзгөчөлүгүнө түшүнбөгөндүктү гана айгинелейт» деген пикирлерин билдиришкен. Бул айтылган ой биз сөзгө алган аңгеменин кийинки вариантына туура келет. Мында аялы Индирбайдын белеги үчүн жөн гана ыза болуу сезимине кабылбастан, ошол эле учурда автор тарабынан бул окуяга аялынын мыскылдуу антипатиясы да берилген. Ал эми жогоруда учкай сөз кылып өткөн биринчи вариантта кездешпей, кийинки вариантта (1967) киргизилген эпизод кандай эле? Өз сөзүбүздө айтып өткөндөй, автор оң каарман маселесин мына ушул вариантында (1967) туура эмес чечкен. Тактап айтканда, аялы Индирбайдын «белегин» сурагандардан жашырып, өзү мурун алып койгон кийимди кийип чыгып, эл алдында Индирбайдын зоболосун көтөрүү менен өзүн да бактылуу көрсөтөт. Бул эмне деген жан тартуу деген суроого окурмандар аңгемеден ачык жооп алалбайт. Муну үй-бүлөлүк мамилеге таяган күндө да ал психологиялык жактан иштелбей, ошондой эле аялынын Индирбайга жан тартуусунун себептери ачылбай, ал шарттуу түрдө гана ишке ашып калган. Мында чыныгы турмуштук жагдай көркөм реалдуулукка чейин өсүп чыга албай калгандай. Бирок канчалык аңгемени талдоого алып, оң-терс жактарын айтпайлы, негизги белги – күлкүнү эч ким жокко чыгара албайт. «Ар бир юмор күлкүлүү жана күйүттүү болот», – деп Н. Г. Чернышевский белгилегендей , аталган чыгармада күлкү менен күйүттүн орду ачык эле байкалып турат. Кимдин күйүтү канча да, ким-кимге күлдү, муну окурмандар өзү түшүнөт. Автор аңгеменин аягына чейин Индирбайды бир калыпта кармайт. Башкалар сыяктуу аны дароо оңолтуп да жибербейт. Автордо андай камылга да байкалбайт.
«Майрам улантыла берди. Индирбайдын ооруган жери басылып:
– Кана, Булдурбай, жаман кемпирлердин көлөкөсүндө жүрсөк болду. Алып жибер, – деп тост көтөртүп жатты».
Чыгарманын финалында бул сүйлөм аркылуу Индирбайдын жаңылыштыгы ашкереленгенден кийин дагы ал ошол мурунку эле боюнча калгандыгын байкоо кыйынга турбайт. Сатиралык чыгармаларда курч конфликт орун алышы шарт. Бирок айрым бир кыска аңгемелерде каармандардын ортосундагы курч конфликт даана сезилбей, жалаң гана терс образ ачылып, анын зыяндуу жактары ашкереленет. Ал эми сатирадагы оң образдын орду деген маселе Ж. Алыбаев тарабынан кээде жаңылыш чечилишке ээ болушу бул бир эле ушул авторго таандык кемчилдик болбостон, ошол мезгилдеги адабияттаануу илимибиздин өсүү-өнүгүү темпи менен да түшүндүрүлөт.
Ж. Алыбаевдин чыныгы сүрөткерлик жөндөмү дагы анын сатираларынан көрүнүү менен бирге, көзгө анчалык байкалбаган, турмушта биз майда нерсе деп көп көңүл бурбай жүргөн деталдарды сергектик менен сезип көрөт жана аны өзүндөй сүрөттөөгө умтулат. Мындай чыныгы турмуштук алкактан алынып, ишенимдүү сүрөттөлгөн сатиралык аңгемелеринин катарына «Келип-кетти» аттуу чыгармасын киргизүүгө болот. Аңгеменин өзөгүн Касым Кайпалаковичтин иш стили, кол астындагыларга болгон мамилеси түзөт. Чакан аңгеме аркылуу автор ошол мезгилдеги саясий- социалдык абалды, жетекчи сөрөйлөрдүн кылык-жоругун, коомго болгон мамилесин таамай ачып бере алган. Ж. Алыбаев аталган аңгемеси аркылуу коомдогу алга жылууга бөгөт болгон элементтер, айрыкча айыл жерлеринде, райондук, чарбалык жетекчилердин туура эмес иш стилинен улам кадрларга болгон мамиле ачык көрүнүп, мындан жарым кылымдан ашык мезгил мурда пайда болуп, тамырын кенен жайган сенек доордун башталышын көрсөтүүгө умтулган. Натыйжада, бүгүнкү күндө дагы андай келип-кетме, оозу менен орок оруп, машак терген жетекчилерден арылбаган мезгилде аңгеме алар үчүн кадам сайын капкан болуп, актуалдуулугун кемитпестен жашай берет. Демек, бүгүнкү күндө кыргыз адабиятындагы сатира жөнүндө сөз болгондо Р. Шүкүрбеков менен М. Алыбаевдердин ысымын кандай атаган болсок, ошондой эле ишенич менен үркөрдөй болгон чыгармачыл топтун ичинен Ж. Алыбаевдин да атын атоону анын сатиралык ырлары, аңгемелери, фельетондору, пародиялары, достук азилдери, тамсилдери ырастап турат. Ырас, айрым чыгармалары («Сокур ичеги», «Имамдын дарысы», «Бизди кыштак күтөт», «Кездешүү», «Жез чакча») аздыр-көптүр кемчилдиктерден да куру эмес. Кургак баяндоого, шаблондуулукка автор жогорку аңгемелеринде орун берген. Ушул себептен айрым чыгармасын (Мисалы, «Индирбайдын белеги») оңдоого, кошумча эпизод киргизип же ашыкча сезилген жерлерин алып салууга жетишкен. Булардын баары автор тарабынан оң каарман (сатиралык чыгармалардагы) маселесинин башы дурус ачылбагандыктан улам болгон. Мындай талаштуу, чечилбеген теориялык маселе адабияттаануу илиминде бир эле Ж. Алыбаев эмес, көп калемгерлерге тар жол, тайкы түшүнүк пайда кылган. Бул жөнүндө айрым изилдөөчү-адабиятчыларыбыз мындай дейт: «Сатиранын бул өзгөчөлүгүн түшүнбөгөндөр: «Сатиралык чыгармаларда оң каарман үстөмдүк кылбайт» дегендерге баш ийишип, биздин кээ бир сатириктерибиз өздөрүнүн сатиралык чыгармаларындагы геройлорду «кыйнап», аңгеменин аягында аргасыздан оңолуп кетүүсүнө жетишти. Албетте, чыгармадагы терс каармандын оңолуп кетиши окурманды кубандырат. Бирок ал каарман кантип оңолду? Анын оңолуусундагы ички психологиялык күрөшү көрсөтүлбөй көмүскөдө калып, аңгеменин аягында терс герой ишенимсиз шарт этип оңолуп чыга келет» . Демек, мындай каармандар оңолгон күндө да окурманга эч кандай таасири болбой тургандыгы айдан ачык болуп олтурат. Ушул жерден сатирадагы оң каарман маселеси жөнүндө сөз бара жатканда айрым бир ой-пикирлерди айта кетүү зарылчылыгы туулат. Биздин оюбузча, жогорку айтылган изилдөөчүлөрдүн да көз карашында бул маселеге толук баа берилбегендей. Бир эле автор бир эмгегинде оң каарман керек десе, кайра башка бир эмгегинде анын кереги жок деп белгилешет. Ал эми орус интеллигенциясынын ири өкүлдөрү (Гоголь Н. В. , Михалков. С.) сатира жанрында оң каармандын болушу дегеле зарыл эмес деп көрсөтүшөт. Мына ушул маселеге сатира изилдөөчү Х. Бапаев да аралашып, оң образды бирде анчалык кереги жок десе, бирде керек деген ойлорду айткан: «Демек, мындан биз төмөнкүдөй жыйынтыкка келебиз: сатиралык чыгармаларда оң образ болуусу керек, бирок өтө зарыл эмес. Сатирада оң каарманды катыштырабы же катыштырбайбы, ал автордун өз иши» . Ал эми ушул оюн изилдөөчү 70-жылдары минтип тактайт: «Бирок биз муну менен сатиралык чыгармада оң образ такыр эле четтеп калышы керек деген пикирди айткыбыз келбейт. Жазуучу чыгармасынын негизине терс пейилдүү, кыңыр-кыйшыктуу кишилерди койсо да, алар менен күрөш алып баруучу оң образ да керек» . Мына ушундай адабияттаануу илиминдеги такталбаган маселелер окурмандар менен өзгөчө сатирик акындарды, жазуучуларды ара жолго салып, ар кандай калпыстыкка кириптер кылышы мүмкүн. Негизинен, сатиралык чыгармаларда оң образ өзүн кашкайтып көрсөтүүсү зарыл эмес. Коомдогу тескери көрүнүштөр жер-жебесине жете шылдыңдалып, бети ачылып турган чакта, ага карама-каршы оң образды жаратуу орунсуз болмок. Мындай шартта оң образды ар бир окурман өзү жан дүйнөсүндө жаратууга милдеттүү. Күлкү белгилүү өлчөмдө оң образдын милдетин өтөйт. Улуттук адабияттаануу илими жана адабий сынынын мындай орчундуу маселелерди так чечип, таасын анализ берүүгө чама-чаркы жетише элек мезгилдеги жалпыга таандык айрым кемчилдиктер Ж. Алыбаевдин чыгармачылык жүзүнө көлөкө түшүрө албайт. Ал кемчилдиктер калемгердин кийинки жылдардагы жаралган чыгармаларында чеберчилик менен оңдолуп, улам өйдөлөп олтурган. Анын калеминен жаралган сатиралык ыр же аңгеме болсун, өзүнүн кыскалыгы, мазмуну, жазылыш принциби жагынан көбүнчө фельетон жанрына жакындап кетет. Ал эми ырлары аркылуу көркөм адабияттын бардык жанрына мүнөздүү болгон сюжеттик жана композициялык элементтер болбосо да, алардын айрымдарын чебер, өз ордун таба колдонуу аркылуу бүгүнкү күндүн адамдарына таандык мүнөздү, жүрүш-турушту ачып берет:
Бирөө бар
Жыйналышта акыл айткан:
«Жашасын», «Алгала!» – деп
Көбүк чачкан.
Кокустан
Эл башына мүшкүл түшсө,
«Култ» этип
Ийинине кире качкан.
Дүрмөттөп сатиранын замбирегин,
Жаманбы,
Ошондойду жалпайта атсаң! –
деген сыяктуу оозу менен опурулуп, иш жүзүндө «култ» этип башын каткан «момолойлордун» жүзүн ачып, сатиранын «замбирегине» кармаган чыгармалары жаралды. Ушул ырынан эле автордун тилинин жатыктыгы, таамайлыгы («Жаманбы ошондойду жалпайта атсаң!»), элестүүлүгү («Кокустан эл башына мүшкүл түшсө, «култ» этип ийинине кире качкан») жана мүнөз түзүү чеберчилиги таасын көрүнүп турат. Автор өз чыгармаларында, айрыкча сатираларында турмуштук майда деталдардан проблемалуу ой толгоолорду, маселелерди коёт.
Карагатка,
Кара алчага окшогон,
Караганда
Жүрөк сокпой токтогон.
Көздөр кайда
Кыздар даңкын чыгарган,
Көздөр кайда
Акын мактап боздогон?!
Биле албайсың
Кара көзбү, кой көзбү,
Карап досум,
Көз алдыңан өткөзчү:
Жашыл, кызыл, сары,
Күрөң айнекчен,
Жалаң гана
Көрүп калдык төрт көздү! («Көз жана сөз»)
Мында сөз бир эле кимдин кандай көз айнек тагынгандыгында эмес, ошол ар түрдүү көз айнектер аркылуу көрүнгөн (албетте, бурмаланып, булганган) айлана-чөйрө, адамдык сапат, жүрүш-туруш, улутка таандык асыл белги сыяктуу көйгөйлүү маселелер автор тарабынан сатиранын тили менен курч коюлат. Айрым сатиралык ырларында конфликт жаратуучу жана зор мааниге ээ болуп турган орундуу күлкү өз ордун таппай, автордун ээлеген позициясын чыгармадан так сезүү кыйынга турган жасалма күлкү, схемалуулук да орун алып кеткен учурлар кездешет. Автор өз чыгармаларында сындалып жаткан терс көрүнүштөрдү, белчебизден баткан кайдыгерликти жана бүтүндөй коомдук системадан орун алган «ооруну» конкреттештирип окурман алдына тартат жана бул чыгармасы аркылуу сатирик «дезинфекторлук» ордун аныктап, бекемдейт:
Эмесе, туугандар,
Элдин ичи турбайбы кенен:
Мына ушунун баары
Бирге жашайт биз менен.
Ооруса – доктору белен,
Соосунда бизди жегени жеген.
Билип туруп айтпайбыз.
Көрүп туруп какпайбыз.
Мунун аты –
Кайдыгерлик деген. («Билип туруп айтпайбыз»)
Автор мындай ырлары аркылуу эл турмушундагы көйгөйлүү маселе болуп келе жаткан кайдыгерликти да өз ордунан козгоп, аны элдин алдына алып чыгып, жүзүн элге таанытат. Сатирик- акындын мындай ырлары бутага дал тийүү менен коомдук турмушта өз функциясын жоготпойт.
Айрым адамдар айтып жүргөндөй, анын лирикалык ырларын сатираларынан төмөн санап, ат үстүнөн мамиле кылуу туура эмес болор эле. Анда биз күзгүнүн бир гана жагын көргөн сымал Ж. Алыбаевди бир тарабынан гана көрмөкпүз. Калемгердин Адамдык жүзү, кулк-мүнөзү, пенделик тагдыры лирикалык ырларынан көрүнүп, ал ырлар авторду сатирик-акын катары данискелеп, толуктап тургансыйт. Мактоо катарында эмес, түшүнгөн адамга сөздүн түз маанисинен алып айтканда, Ж. Алыбаевдин лирикалык ырларында да башкалар сыяктуу эле жакшы табылгалар, поэтикалык изденүүлөр, көркөмдүгү жана тематикалуулугу менен образдуулугу, ойдун тактыгы жана сыр жашырбас ачыктыгы менен окурман көңүлүн бурган сапаттар да жок эмес. Албетте, айрым ырларындагы учураган жетишпегендиктерди эске албай коюуга болбойт. Акындын өмүрүндөгү эсте калган, өйдө-ылдый турмушунун айрым учурларын, балалык чагын, Ата Журтка болгон мамилесин бир ырынан мындайча көрөбүз:
Эл ичи уя турбайбы,
Эр жетип көңүл жай кылган.
Тил албай кетсем кээ жылы,
Тизгиним тартып бар кылган.
Жан бирге бүткөн Ата Журт,
Жашоомду бүгүн шар кылган.
Эне өлсө, кошо өлбөдүм
Ата өлдү, ырас мөгдөдүм.
Баарынан кымбат Ата Журт,
Айнысам сүйөп, жөлөдүң.
Кылымдар бою картайбас,
Кымбатты сендей көрбөдүм.
Ырда баяндалып жаткандай, оомал-төкмөл жашоодо адам болуп жаралган соң жаза басууларга, адашууларга көрпенде бул жалганда кириптер болот окшобойбузбу… Бири кем дүйнө демекчи, акындын акындыгы, адамдык жеке тагдыры да ушуну ырастап тургансыйт… «Ата-энесиз бала жетим, Ата Журтсуз эл жетим» экендигин акын өз өмүрүндө эрте туюп, Мекен алдындагы акындык парзын терең сезип, бир ырында мындай дейт:
Мүнөзүм кырс, кыял менен кармашам,
Жакшы сөздүн жакасына жармашам.
Заманымдын обонуна татырлык,
Ыр жазбасам, ага кантип жанашам.
Кыргыз элим соолбогон мөл булак,
Кайнап турган бир өзүнчө арашан.
Бересем көп башымдагы ак чачтан.
Эзел бүтпөйт элим менден аласаң.
Акындын эмгек темасындагы ырлары 1956–57-жылдардан баштап жарык көрөт. Ошол ырларынан эле автордун калеми жөндүү тарта баштагандыгын байкоого болот. Муну кийин 1967-жылы жарыкка чыккан «Гүл жана тикенек» ырлар жыйнагы да ырастайт. Эмгек темасындагы алгачкы ырларында мурунку элдик уйкашка (7–8 муун) салынып жазылгандыгына карабастан, автордун поэтикалык сүрөттөөсү, образдуулугу, тилинин жатыктыгы окурманга дайын сезилип турат. Улам мезгил өткөн сайын акындын калеми да такшалып олтурган. Муну кийинки жылдары жазылган акындын эмгек темасындагы ырлары ырастайт. Акын «Ажыгул неге капалуу» деген ырында чабандык турмуштун ар кыл жагдайларын Ажыгулдун күндөлүк кулк-мүнөзүнөн улам төмөнкүдөй ачып берет:
Алыска кеткен атагы,
Ажыгул неге капалуу.
Бүркөлсө жаанчыл булуттай,
Бүт үй-бүлө жазалуу.
Кымыздан даам татпады,
Кыңкайып үйдө жатпады.
Эртеси көрсөм жайдары,
Эрте аткан таңдай майдагы.
Беш карта тартат алдыма
Эр болсоң эми жеңгин деп… –
деген сыяктуу ыр саптарында кезиккен поэтикалык баяндоо, сүрөттөөлөр менен чабандын көңүлүнүн тынч эмес экендигин, ар дайым баштан түйшүк арылбастыгын, үй-бүлөсүндө жайчылык убак аз боло тургандыгын көрсөтүү менен акын ырдын кийинки саптарында өз оюн төмөнкүдөй жыйынтыктайт:
Алыска кеткен атагы,
Ажыгул неге капалуу?
Жоругун анын өзгөрткөн
Көрсө,
Жоголгон козу азабы.
Аталган ырында акын мурун айтылып жүргөн даяр, калыпка салынган ойдон алыс болуп, ошол эле эмгек темасы автор тарабынан өзүнчө ыкма менен сүрөттөлгөн. Мындай ырларда куру кыйкырык, жалган ураанга жамынуучулук жокко эсе. Демек, чабандын баккан малы чыгашасыз болсо, анын эмгегинин талаага кетпестигин, көңүлү дайым жайдары болорлугун, ийгилик ачкычы эмгек экендигин ар бир окурман оңой эле түшүнөт. Мындай мүнөз акындын башка эмгек темасындагы ырларына да таандык. Акындын мөлү Алыкул кезегинде малярды: «Бул дүйнөнүн жер үстүндө каймагы» – деп ырдаса, акын Ж. Алыбаев шахтерго бир ырында төмөнкүдөй баа берет:
Буурул кылып булуттарды таң атат,
Бүгүн шахтер канча бакыт жаратат!
Эй, туугандар, таазим кылып өткүлө
Бу дүйнөнүн сулуу адамы баратат!
Акындын мындай поэтикалык салыштыруулары жалаң гана эмгек темасынан көрүнбөстөн, пейзаждык сүрөттөөлөрдөн жана Ата Журт темасындагы ырларынан да жолугат:
Ала-Тоону алп десек жамбаштаган,
Аппак мөңгү калпагын алмашпаган,
Эки көлдү көз дейли жоодураган,
Карагайлар – сакалы шоодураган,
Көк арчалар – муруту чыйратылган,
Нарын, Чүй – эки колу сыйлап турган.
Мындай салыштыруулар элестүүлүгү менен окурмандын эсинде калат. Ата Журт темасына арналып жазылган акындын «Кара-Көл» аттуу ыры белгилүү акын М. Алыбаевдин айтылуу «Соң-Көл» аттуу ырына муундук структурасы, баяндоо ыкмасы, тилдик өзгөчөлүгү жагынан өтө эле жакын турат:
Кара-Көл сууң кантип чыксын эстен,
Боржоктоп жан-жагына жалын сепкен.
Аттиң ай, жанымда жок жалгыз чанач,
«Мүрөк» – деп балдарыма алып кетсем…
Ичимен муну ойлодум мен кетерде,
Кайрылып да боломбу ушул жерде?
Жакшы кал меңге окшогон сулуу көлүм,
Меңге окшоп эстелигиң калар менде…
Кайсы бир өлчөмдө эки акындын айтылган ырларындагы автордук позиция да окшошуп турат. Ал эми таасирдүүлүгү жана көркөмдүгү, маани-мазмуну жагынан М. Алыбаевдин «Соң-Көлү» кыргыз поэзиясында бийик баага арзыйт. Ж. Алыбаевдин чыгармачылыгындагы мындай төп келүүлөр өз устаты М. Алыбаевдин таасири катары, мыйзамченемдүү көрүнүш сыяктуу кабыл алынышы жөндүү деп ойлойбуз. Чындыгында, Ж. Алыбаевдин аты аталган чыгармасы да толук оригиналдуулукка ээ. Кыргыз поэзиясында айыл кечтерин чоң кумарлануу менен жазбаган кыргыз акыны кем эле чыгар. Ж. Алыбаев да бир ырын ушул темага арнап жазган. Ыр акындын китептеринде эки ат менен басылган. Бири «Колхоз кечи» деп 1963-жылы жарык көргөн алгачкы жыйнагынан орун алса, бири жөн эле «Кеч» деп аталып, 1975-жылы жарык көргөн «Тунук булак» жыйнагынан жолугат. Ыр эки жыйнакта тең өзгөрүүгө учурабайт жана өмүрдүн бир үзүмүн сүрөттөөдө элестүүлүгү, жөнөкөйлүгү жана философиялуулугу жагынан акындын башка ырларындай эле дурус чыккан деп айтуу ашыктык кылбайт. Биздин оюбузча, ырдын кийинки аталышы («Кеч») кеңири масштабдуулугу жагынан текстине төп келип, көп нерсени өзүнө сыйдырып тургансыйт.
Акындын лирикаларындагы дагы бир сапат – сатира менен юмор коштолуп, чыгармага кошумча үн, көркөм өң-түс берип тургандыгы. Ж. Алыбаевдин айрым лирикаларында орун алган мындай сапаттарды айрым жолдоштор: «Сатиралык сөздү лирикага, лириканын сөзүн сатирага аралаштырып жиберет» деген тыянак чыгарышып, томуктай нерсени тоого айлантып, жалпы чыгармачылыгына көлөкө түшүрүүгө аракеттенишип, бир беткей карашкандар да болгон . Акындын «Алым-сабак», «Карайып чачым баратат», «Мидинге» ж. б. ырлары куйкумдуу сөздөрдөн куралып, жумшак юмор сезилип турат.
Бир жүрдүк ага-инидей бирге басып,
Айткандай, фамилиябыз окшош эле.
Ырым да окшошсо деп жүрөм жазып,
Сен болсо закымдаган көлдө кеме.
Кантсе да карегимде негативиң,
Кайыр кош, өрдөк тумшук кайран неме! («Мидинге»)
Акындын сүйүү лирикаларында да устаты М. Алыбаевдин калемине таандык өзгөчөлүктөр байкалат. Буга 60-жылдарга чейин эле жазылып, ушул күнгө чейин өз маанисин, кабылдоосун жоготпой эл арасында ырдалып келе жаткан обондуу ырдын («Алтын балалык») төрт сабы күбө:
Коштошордо коомай кармап колумду,
«Сагынба» – деп санга бөлдүң оюмду.
Жаштык күндүн эстелиги өзүң деп,
Карап турдум караан үзгөн жолуңду.
(«Карап турдум жолуңду» // «Ала-Тоо». – 1957. – ¹ 9. – 93-б.)
Бул белгилүү ырдын түпкү аты автор тарабынан башка болгондугун көпчүлүк угуучулар билишпейт. Акындын ырлары өзү сыяктуу жөнөкөй жана түшүнүүгө жеңил. Негизинен, ырларынын (лирикаларынын) басымдуу көпчүлүгү традициялуу муун өлчөм жана рифмалык бирдиктерден турат. Акыркы жылдары Ж. Алыбаев адабият майданындагы өтөгөн эмгеги жөнүндө ооз көптүрүп жар салбастан, өзүн өтө жупуну кармап:
Карысам да, жаш кыялга чөмүлөм,
Али алысмын адабият төрүнөн.
Бир рота акындардын ичинде,
Ефрейтор болгон өңдүү көрүнөм, –
деп ырдаса, бир ырында:
Азбы, көппү бергеним, кечирип кой,
Азды көп деп бакырып айткан жокмун –
деп Адамдык, акындык бийик маданиятын аныктап, өзүн акындар арасында ефрейтор катары эсептеп (ефрейтор наамы менен дүйнө элин титиреткен инсандар болгону белгилүү – Б. Б.), бирок орустун улуу аскер теоретиги Суворов айткандай («Генерал болууну самабаган солдат – солдат эмес») ар дайым чыгармачылык кыймылдын, изденүүлөрдүн, алга умтулуулардын данакери катары жашап өткөн. Бул өмүрдө кимдер жаңылып, кимдер жаза баспаган. Өз кемчилдигин сезип, аны оңдой билген адам – Адам.
Акын сыяктуу өз айыбын өзү сезип, адам баласында сейрек кездешүүчү ачыктык менен кечирим суроо мындай турсун, бул күндө көрүнүп турган кашкайган чындыкка чычалап, кеп жебеген адат кулач жайды. Ж. Алыбаевдеги адамдык сапат анын пенделик, акындык, атуулдук (граждандык) ыйманын аныктап, бүгүнкү күндө эл алдында жүзү жарык экендигин далилдеп олтурат.
Чындыгында, сатирик-акын Ж. Алыбаевдин калеминен көп жанрдагы чыгармалар жаралган. Акын 60-жылдардан кийин бир топ поэмаларды элге тартуулаган. Алар: «Эки чемпион» (1963), «Адам жана Ажал» (1972), «Замандаш» (1972), «Чоро үйүн кантип тапты?» (1976), «Жашоо максаты» (1979), «Кыйкырык» (1988) ж. б. Булардын көбү балдарга жана өспүрүмдөргө арналган. Бул поэмалардын айрымында сөз маанилерин туура колдонбогондук, көркөм салыштыруудагы традициялуу ыкма, уйкаштыкка умтулгандык сыяктуу кемчилдиктерден тышкары жакшы жетишкендиктери да жок эмес. 1979-жылы жарык көргөн «Жашоо максаты» поэмасындагы кыргыздын залкар дарыгери, академик И. К. Ахунбаевдин образын жаратууга шилтенген кадамдар жана акындын эркин ыр формасындагы биринчи поэмасы катары кабыл алынган. Поэмада интонация образды ачып берүүгө жана поэманын ийгиликтүү чыгышына таасирин тийгизген.
Адамдарда ыймандуулук, аруулук сапаттардын жоголуп бара жатышын Ж. Алыбаев өзүнүн «Кыйкырык» (1988) поэмасында сүрөтчү Аслан, Кара Инген жана Сосо маймыл аркылуу курч сюжеттик планда бере алган. Жер-суунун тазалыгын сактоо үчүн, биринчиден, адамдар өзү ар тараптан таза болуш керек деген идея айтылат. Карыган чактагы Кара Ингендин тагдыры менен соолуп бараткан Ысык-Көлдүн тагдыры үндөшүп турат. Көлдү булгоо акыры келип адамзатка алаамат алып келерин сүрөтчү Аслан менен Кара Ингендин ортосундагы кайгылуу окуя аркылуу автор жалпы журтка «кыйкырык» салып, эскертип жаткандай. Ал эми Асландын Сосону үй турмушка аралаштырып, адамдын жашоосуна көндүрө албашы – жаратылыштын мыйзамын зордоо же колдонулган натыйжасыз иш-чаралар аркылуу өзгөртүүгө болбостугун, адам жашоосу менен жаратылыш мыйзамы бирдей окшоштукта, жансыз фотосүрөт эмес экендигин, ар бир тирүү жандын өзүнө ылайык Мекен-жайы болорун, ансыз жашай албастыгын көрсөтөт. Поэманын башкы ийгилик идеясы да ушунда болуп эсептелет. Ж. Алыбаев мындан тышкары алтымыштан ашык фельетон, макалалардын, достук азилдердин, жанытма-какшыктардын, тамсилдердин жана он төрт ыр жыйнактын автору болгон. Бул китептер Ж. Алыбаевди кыргыз элине кеңири таанытып, шылдырап аккан мөлтүр булак башаттан жаралып, андан «өзүнчө бир кайнап турган арашанга» айланган инсан катары көрсөтөт.